Halloween party ideas 2015

1-январь: Кытайдагы жаңы жылдык тыгындан 36 адам каза болду

Өтүп бараткан 2015-жылда дүйнөдө кандай окуялар болду? Мындай суроого токтоло турган болсок, жаңы 2015-жылдын 1-январында эле Кытайда 36 адамдын өлүмү катталды. Болгондо да Шанхай шаарындагы жаңы-жылды тосуу кезиндеги тыгындан улам 36 адам мерт болсо, 46 адам жараланган.

7-январь: Париждеги “Шарли Эбдо” окуясы 

“Шарли Эбдо” буга чейин Мухаммед пайгамбардын карикатурасы тартып, анын айынан 7-январда журналдын Париждеги кеңсесине кол салуу болуп, 12 адам каза болгон. Бул окуя дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруп, Европа лидерлери да бул окуядан соң Франциянын баш калаасында жөө жүрүш уюштурган. Теракты уюштурган бир туугандар эки күндөн кийин, кармоо учурунда каза болгон.

23-январь: Сауд королу Абдуллах каза болду

Сауд Аравия королу Абдуллах бин Абдулазиз борбор калаа Эр-Риядда дарыланып жаткан ооруканада бул дүйнө менен коштошту. Анын тактысына 79 жаштагы бир тууганы мураскор Салман бин Абдулазиз отурду. Маркум королду акыркы сапарга узатуу зыйнатына дүйнөлүк лидерлердин баары келип катышкан. Маркум Абдуллах бин Абдулазизтин сөөгү жалпы көрүстөнгө көптүн бири катары коюлду, бирок аын көмүү жашыруун жүргүзүлдү.

4-февраль: Тайванда учак шаар ичиндеги дарыяга кулады

Тайванда учак шаар ичиндеги дарыяга кулап, анда 26 адам каза болду. Учак TransAsia аба жолдору компаниясына таандык болгон.

11-февраль: Качкындар кемеси чөктү

Деңиз аркылуу Ливиядан Италияга жол тарткан качкындардын кемеси чөгүп, 300дөн ашык адамдын өмүрүн алды. Мындай окуялар жыл аягына чейин кайталанып турду десек да жаңылыштык болбойт.

25-февраль: Кар көчкү 128 адамдын өмүрүн алды

Ооганстандын түндүк-чыгышындагы Пенчшир провинциясында кар көчкү түшүп, жыйынтыгында 128 адам каза болду.

26-февраль: Жихадчы Жон

“Жихадчы Жон” лакабы менен белгилүү “Ислам мамлекетинин” согушкеринин аты-жөнү такталды. Ал Англия жараны жана Мухаммед Емвази экени жарыяланды.

28-февраль: Орус оппозиционери өлтүрүлдү

Орусиялык оппозиционер 28-февралдан 1-мартка караган түнү Москванын так борборунда киши колдуу болуп каза тапты. Анын өлүмүнө протест кылуу үчүн 17 миң киши Москванын көчөлөрүндө жүрүшкө чыкты.

7-март: Боко Харам “Ислам мамлекетине” ант берди

Нигериядагы террордук топ “Ислам мамлекети” террордук тобуна кошулганын жар салышты. Алар “ИМ” халифи Аль-Багдадиге кызмат кылууга ант беришти.

16-март: 10 күн ММКга көрүнбөгөн Путин Атамбаев менен жолукту

10 күндөй дайынсыз болгон, Орусия президенти Владимир Путин 16-мартта биринчи ирээт коомчулукка чыккан. Анда Путин Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев менен Санкт-Петербургда жолугушкан.

22-март: Атамбаевдин Европага сапары 

Президент Алмазбек Атамбаев 22-марттан 1-апрелге чейин Европа мамлекеттерин кыдырды. Австрия, Франция, Швейцария, Бельгия, Германияда расмий сапар менен болуп, алардын башчылары менен жолугушту.

24-март: Францияда учак кырсыгы 

Германиялык Lufthansa компаниясына таандык Germanwings авиа компаниясынын учагы 150 киши менен кырсыктап, бирөө да тирүү калган эмес. Учакты 27 жаштагы Андреас Любиц атайылап кыйратканы кийинчерээк маалым болгон.

26-март: Йеменде согуш башталды 

26-январда Йеменде граждандык согуш башталган. Анда бийликти өлкөдөгү хуситтер басып алган. Ал эми өкмөткө көмөк көрсөтүү үчүн Сауд Арабия жетектеген эл аралык коалиция жардамга кол сунуп, хуситтер ээлеген аймакка аскердик жортуул баштаган.

2-апрель: Иран менен “алтылык” ортосундагы ядролук келишим

Тегеран менен P5+1 өлкөлөрү ортосунда Ирандын ядролук программасы боюнча көп жылга созулган сүйлөшүү жыйынтыкталып, келишимге жетишилген. Бул дүйнөлүк айдыңда тарыхий окуя катары бааланган.

25-апрель: Непалдагы жер титирөө

Непалдагы 7,9 баллдык жер титирөөдөн 7 миңге чукул жаран каза болду. Ошондой эле Гималай тоосундагы кар көчкүдөн да жүздүн тегерегинде адам каза болду.

9-май: Улуу Жеңиштин 70 жылдыгы

Москвада Улуу Жеңиштин 70 жылдыгы расмий белгиленди. Ага дүйнөлүк лидерлер келип, Кыргызстандын президенти да бул иш-чарада Путинге жакын жерде отуруп, сыйлуу конок болду. Юбилейдик мааракеге КМШ өлкөлөрүнөн да согуш ардагерлери барып катышты.

21-май: Сириядагы Пальмира шаарын жихадчылар ээлеп алды

Пальмира шаары ЮНЕСКОнун тарыхый мурастар тизмесинде болгон. Андагы эң байыркы эстеликтер да жок кылынган.

31-май: Индияда ысыктан 2300дөй адам өлдү

Индиянын түштүк штаттарында 2300 адам ысыктан көз жумду. Абанын эң жогорку температурасы 47 градуска чейин жетип, дээрлик бир жумага созулду.

14-июнь: Тбилисини суу каптады

Грузиянын борбору Тбилисиде 14-июнга караган түнү катуу сел кетип, дээрлик шаардын баардык жерин каптады. Тилсиз жоодон каза болгондордун саны 12ге жеткен. 3 саат катуу жааган жамгырдан улам кеткен сел, шаардын борбордук зоопаркына да зыян келтирип, жырткыч жаныбарлар баары көчөгө чыгып кетишкен.

6-июль: Грециядагы кризис жана ыйлаган пенсионер

Интернетте аргасыздыктан ыйлап жаткан грециялык пенсионер тууралуу сүрөт бир канча адамдарды ойго салды. 77 жаштагы пенсионер жубайынын 120 евролук пенсиясын алуу үчүн Салоники шаарындагы бир канча банктын эшигин каккылаган. Бирок натыйжасыз болгон. Бул окуя Грециянын чыныгы жүзүн көрсөттү,- деп жазган айрым Твиттер колдонуучулары. Греция карыздан улам кризиске учурап, банктар 6 күнгө ишмердүүлүгүн токтотушкан. Бул чара дефолтко түшпөөгө жардам берет деп түшүндүргөн, грек өкмөтү.
30-июль: Талибан лидери өлдү

Ооган чалгындоо кызматынын өкүлү Хасиб Сыддыки, Талибан лидери Омар 2013-жылы апрель айында Пакистандын Карачи шаарындагы ооруканалардын биринде өлгөнүн билдирди. Ошондой эле, ал бул билдирүү расмий болуп саналат деп кошумчаланды.

12-август: Кыргызстан ЕАЭБке мүчө болду

12-августта Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин толук кандуу мүчөсү болду. Бул күнү Евразия экономикалык комиссиясы Кыргыз Республикасын Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү катары каттады.

31-август: Европадагы миграция кризисинин башталышы

Евробиримдик аймагына кирген качкындардан улам, бир канча шаарларда өзгөчө кырдаал жарыяланды.

9-сентябрь: Качкынды тээп жыккан венгриялык журналист

Венгрия менен Сербия чегинде полициядан качып жаткан качкындарды чалып жыгып, тепкен венгриялык журналисттин аракети интернетте катуу талкууга алынды. Ал ортодо журналист өзү иштеген телеканалдан кызматтан алынганы кабарланды.

11-сентябрь: Меккедеги кырсык

Каабада кеңейтүү иштеринде колдонулуп жаткан жүк көтөргүч кран кулап кетип, ажылык ибадатына барган адамдар каза тапкан. Кран шамалдын таасиринен кулаган, анын кесепетинен кеминде 107 киши каза таап, 154 киши жаракат алган.

16-сентябрь: БУУнун 70-юбилейдик сессиясы

Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык Ассамблеясынын 70-сессиясы Нью-Йоркто өз ишин баштады. Расмий ачылыш БУУнун расмий сайтынан түз алып көрсөтүлгөн. Жыйында Башкы Ассамблеянын алдыдагы жакынкы жылдарда 150дөн ашык маселени кароо пландалган. Анын арасында коопсуздук, маданий баалуулуктарды сактоо, жакырчылыкты жоюу жана аялдардын абалын жакшыртуу маселелери алдыңкы планга чыккан.

24-сентябрь: Ажылыктагы тыгын

Мекке шаарындагы зыяратчылар таш ыргытуу жөрөлгөсүн жасоо учурунда түртүшүү пайда болуп, натыйжада миңдеген адамдар тебелендиде калган. Бул окуя ажылык тарыхында акыркы 15 жылдагы эң трагедиялуу окуялардын бири болду. Анда миңге чукул адамдын өмүрү кыйылды.

30-сентябрь: Палестина желеги БУУда желбиреди

Палестина менен Ватикандын желеги БУУнун башкы штабынын астында желбиремей болду. Ага ылайык, БУУнун байкоочу өлкөлөрүнүн бири Палестинанын желегинин желбирешине 119 өлкө макулдук берсе, 8 өлкө каршы чыккан. Ал эми 45 өлкө добуш берүүдөн баш тартышкан.

30-сентябрь: Орусия аскерлери Сирияга киргизилмей болду 

Орусиянын Федерациялык кеңеши аскерлердин чет өлкөдөгү согуштук аракеттерге жиберилүүсүнө уруксаат берди. Бул боюнча президент Путин, Сирияга аскер жиберүү боюнча федерациялык кеңешке буга чейин кайрылган болчу.
Орусияга Сириянын президенти Башар Асад кайрылган. Орусиянын аскерлеринин чет өлкөдө согушка катышуусу тууралуу чечимге ылайык, бир гана аба күчтөрү Сирияга жиберилет. Ал эми кургактагы аскерлердин жиберилүүсүнө уруксаат берилген жок.

5-октябрь: Нобель жумалыгы башталды

Стокгольмдо Нобель жумалыгы башталды. Салт боюнча биринчи кезекте физиология жана медицина жаатындагы лауреаттын атын жарыялашты.
Маалыматка ылайык, Нобель сыйлыгы физика, химия, адабият, экономика жана дүйнөдө тынчтыкты орнотуу жаатында көрүнүктүү иш жасагандарга берилет. Алардын арасынан тынчтык сыйлыгы эң престиждүү деп саналат.

20-октябрь: Асад Москвага расмий сапар менен келди

Бул күнү кечинде Москвага Сириянын президенти Башар Асад келди. Орусия прзиденти Владимир Путин менен жолугушуусу Кремлде болуп өттү. Асад менен Путиндин жолугушуусу тар жана кеңири форматта өткөн. Кеңири чөйрөдөгү жолугушууда Орусиянын жогорку кызматтагы чиновниктери да катышкан. Анда Сирия кризиси жана андагы аскерий операциялар тууралуу талкууланган.

31-октябрь: Орусия учагы Египетте кыйрады

31-октябрда Орусиянын «Когалымавиа» жүргүнчү ташыган Airbus 321 учагы “Шарм эш-Шейх – Санкт-Петербург” каттамы дайынсыз жоголуп, Египеттен Синай жарым аралынан аталган учактын сыныктары табылган. Анда 217 адамдан бирөө да тирүү калган эмес.

13-ноябрь: Париждеги ири теракт

Париждин борборундагы кандуу окуялар 7 жерде ишке ашкан. Полициянын айтымында куралчандар алгачкы кол салууларын Bataclan концерттик залына жакын жердеги кафеде баштаган. Куралчандардын экинчи тобу ошол эле убакта шаардын башка жеринде ок атып баштаган жана футболдук мелдеш өтүп жаткан стадиондо жардыруу болгон. Ошондой эле Биш, Республика, Шарон проспектилеринде да элдерге карата ок атышкан. Анда кеминде 130дай киши мерт болду.

15-ноябрь: Анталияда “чоң жыйырманын” саммити

Анталиядагы G20 саммитинде бул жылы экономикалык жаатта алгач ирет 7 жаңы маселе каралды. Тактап айтканда саммиттин аягында кабыл алынган документте алгач ирет интернет сөзү колдонулду. Интернеттин экономикага тийгизген таасири жана анын келечеги талкууланды. G20 1999-жылдан бери бар болгону менен, интернеттин экономикадагы орду бул ирет кызуу талкууланды. Жаштар жумушсуздугу, энергияны табигый булактардан алуу маселелери да козголду.

24-ноябрь: Орусия-Түркия мамилесине доо кетти

Орусиянын Су-24 учагы 24-ноябрда Түркиянын аба мейкиндигин бузуп өттү деген жүйөө менен атып түшүрүлгөн. Окуя Сирия-Түркия чек арасында болуп, Түркия тарап орусиялык учакка 5 ирет эскертүү бергенин айтышууда. Ал эми аскердик учактагы эки пилот парашют менен секирип кетишкен. Алардын бирөөсү каза болуп, экинчисин сириялык аскерлер куткарып калышкан. Мындан улам эки өлкө ортосундагы саясий кризис башталды.

2-декабрь: Цукербергдин кайрымдуулугу

30-ноябрда кыздуу болгон Facebook компаниясынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг кызынын төрөлүшүнүн урматына компаниянын 99% акциясын кайрымдуулукка жумшаарын билдирди. Жаш миллиардер Цукерберг менен жубайы Присцилла Чанга тийиштүү болгон акциялардын учурдагы баасы 45 млрд. долларды чапчыйт.

Кызынын төрөлгөнү тууралуу жазган ачык катында Цукерберг акциялар этабы менен кайрымдуулукка жумшалаарын жазган. Алдыдагы 3 жылда компаниянын 1 млрд долларлык акциясын сатып, кайрымдуулукка берет. Калган акциялар да акырындык менен сатылат. Марк менен анын жубайы 2009-жылдан бери жаш балдарга багытталган кайрымдуулук фондун иштетип келишет. Chan Zuckerberg Initiative кайрымдуулук уюму “дүйнөдөгү бардык жаш балдарга бирдей шарт түзүү” негизинде иш алып барып, көпчүлүк учурда билим берүү жана жаш балдар арасындагы оорулар менен күрөшүүгө акча сарптайт.

4-декабрь: Саакашвили Грузия жарандыгынан ажыратылды

Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвилини Грузия жарандыгынан ажыратышты. Бул боюнча өлкө президенти Георгий Маргвелашвили кол койду.

Михаил Саакашвилини Украина президенти Порошенко Одессанын губернаторлугуна дайындаган. Ал бул кызматка келүү үчүн Украинанын жарандыгын алды. Ал эми Порошенко менен Саакашвили студенттик кездердеги достордон экени да жалпыга маалым.

8-декабрь: Трамптын мусулмандар боюнча билдирүүсү

Республикачылардын партиясынан чыккан АКШ президенттигине талапкер Дональд Трамп АКШга мусулмандарды киргизбөөнү сунуштады. Саясатчы өзүнүн Твиттер баракчасында, мамлекеттин коопсуздугу боюнча баяндама жарыялады. Миллиардердин пикиринде АКШга кирип жаткан мусулмандар, америкалыктарга карата өч алуу сезими жогору жана душмандык маанайда.

10-декабрь: Тажик президент “Улуттун лидери” аталды

Тажикстан парламенти президент Рахмонду расмий түрдө “Улуттун лидери” деп жарыялады.

Тажик парламентинин төмөнкү палатасында каралып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, президентке “Улуттун лидери” деген макам расмий түрдө берилсе, анда анын кол тийбестиги өмүрүнүн аягына чейин сакталат. Мындан сырткары ал сот жана башка бардык жоопкерчиликтен бошотулуп, президент кезинде турган кезде жасаган иштери үчүн ага бийликтен кеткенден кийин да эч кандай иш козголбойт.
12-декабрь: Сауд Аравияда алгач ирет аялдардан депутат шайланды

Сауд Аравиянын тарыхында алгачкы ирет аялдардын шайлоочу жана шайлануучу болуп катышып жаткан шайлоо жыйынтыкталды. Маалыматтарга ылайык, Жеддадан эки, Меккеден бир аялдын шаардык кеңештин мүчөсү болгондугу айтылды.

12-декабрь: Климат боюнча саммит

Париждеги климат боюнча жыйын жыйынтыкталып, анда атайын резолюция кабыл алынды. Бул иш-чарага дүйнөнүн 120дан ашуун лидерлери катышышкан.

14-декабрь: Мусулман өлкөлөрдүн аскердик альянсы

Сауд Аравия өкмөтү терроризмге каршы күрөшүүчү жаңы альянс түзүлгөнүн жарыялады. Анда 34 мусулман өлкөлөрү биригишкен. Бул альянс 72 саат ичинде түзүлгөн.

Терроризмге каршы күрөшүүчү жаңы биримдиктин күчтөрүнүн башкы штабы Эр-Риядка жайгашаары айтылган. Бул альянска Сауд Аравия, Түркия, Иордания, Бириккен Араб Эмираттары, Пакистан, Бангладеш, Бахрейн, Бенин, Того, Тунис, Жибути, Сенегал, Судан, Сьерра-Леоне, Сомали, Габон, Гвинея, Палестина, Катар, Кот-д’Ивуар, Куеайт, Ливан, Ливия, Мали, Мальдив Республикасы, Малайзия, Египет, Маракко, Мавритания, Нигер, Нигерия жана Йемен мүчөлүк кылат.

21-декабрь: Футбол чиновниктеринин чыры

ФИФАнын экс-президенти Йозеф Блаттер жана УЕФА президенти Мишель Платини 8 жылга футболдук иш-чаралардан четтетилди. Буга ФИФАнын этика комитети чечим кабыл алды.

ФИФА этика комитетинин кабыл алган чечимине ылайык, Блаттер футболдун этикасын бузуп, өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөгөн. Анткени буга чейин Блаттер УЕФА президенти Платининин банктык эсебине 2 млн. франк акчаны мыйзамсыз которгону тастыкталган. Ошондой эле булар ФИФАнын тегерегиндеги коррупциялык чырга катыштыгы бар деп айыпталган.

22-декабрь: Мунай баасы 2004-жылдагы көрсөткүчкө түштү

Дүйнөлүк биржаларда мунайдын баасы дагы арзандады. Brent мунайынын баасы Лондондун ICE Futures биржасында 1,34%га кыскарды. Учурда мунайдын бир баррели 36 доллар 24 центти түзүүдө. Бул көрсөткүч 2004-жылдагы көрсөткүч менен бирдей болду. Анткени 2004-жылдын июнунда мунайдын баасы, 36,17 болчу.

24-декабрь: Атамбаев Түркияга сын айтты

Президент Атамбаев жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйында, Орусия-Түркия ортосундагы учак кризиси тууралуу билдирүү жасап, “Учактын атып түшүрүлүшү ката болгон. Бул тууралу Путин менен сүйлөшкөнбүз. Атып түшүрүү чечими туура эмес “,-деген пикирин айткан.

Орозгүл Арстанова
http://maralfm.kg/

December 29, 2015 at 09:38AM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.