Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком Мусулмандар. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Өзбекстандын борбору Ташкентте чоң мечиттерге үн күчөткүч менен азан чакырууга уруксат берилди.

Azon.uz сайты Анжиян жана Фергана облустарында да имамдар үн күчөткүч менен азан чакыра баштаганын билдирди.

Өткөн аптада Өзбекстандын муфтияты үн күчөткүч аркылуу азан чакырууга уруксат берүү өтүнүчү менен президент Шавкат Мирзиёевге кайрылганы белгилүү болгон. Президентке жөнөтүлгөн кайрылууда аялдарга хижаб кийүүгө уруксат берүү жана мектептерде дин таануу сабагын уюштуруу өтүнүчү да айтылган.

Өзбекстанда элди намазга чакырууга расмий түрдө тыюу салынган эмес. Бирок мурдагы президент Ислам Каримовдун тушунда жазылбаган чектөөлөр болгон.

Запись Өзбекстан: Мечиттерге үн күчөткүч менен азан чакырууга уруксат берилди. впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Ушул мезгилге чейин дүйнө диндеринин эң ирилеринин бири болгон ислам дининин Борбордук Азияда, анын ичинде Кыргызстанда таралыш тарыхын изилдөө алгылыктуу жүргөн эмес. Окуу китептериндеги ислам жана башка диний ишенимдер жөнүндөгү тийешелүү параграфтарды эске албаганда, XVIII-XX кылымдардагы тарыхнаамада ислам дининин Кыргызстанда таралышы боюнча атайын максаттуу изилдөө жок. Сөз кылынып жаткан проблема боюнча Кыргызстандын эгемендүү мезгилинде кыскача, үстүртөн болсо да иликтөөлөр пайда болуп, Бишкекте, алардын жыйынтыктары Ошто жана Жалал-Абадда болуп өткөн конференцияларда чагылдырылды1, массалык маалымат каражаттарында исламдын жайылыш жараянына арналган серептик макалалар жарыяланды2. Бул жаатта электрондук маалымат каражаттарында чагылдырылган бир катар материалдарды да айта кетсе болот3.  Ислам тарыхы боюнча олуттуу изилдөөлөрдүн жана Түркстандын, Кыргызстандын тарыхындагы маанилүү саясий жана руханий окуялардын фактыларына таянып, Кыргызстанда Ислам дининин таралуу жана бекемделүү жараянын эки чоң доорго бөлүүгө болот. Ар бир доорду өз алдынча дагы этаптарга бөлүүгө мүмкүн.  Биринчи доорду “Исламдын таралуу доору” деп атоо туура. Ал доор бүтүндөй миң жылды өз кучагына алып, биздин замандын VIII – XVIII кылымдарын камтыйт.

1.Кыргызстандын аймагында ислам дининин таралышынын алгачкы этабы (VII-X кк.);
2.Кыргызстандын чөлкөмүндө исламдын мамлекеттик дин катары таанылуу этабы (966-1137-жж.);
3.XII-XVI кылымдардагы саясий окуялардын таасирине байланыштуу ислам дининин таасиринин солгундоо этабы;
4.Ислам дининин кыргыздардын арасында таралышынын күчөө этабы (XVI-XVIII кк.)
XVIII кылымдан ушул күнгө чейин созулган кийинки доорду “Исламдын бекемделүү доору” деп атап, аны да төмөнкү 4 этапка бөлүү максатка ылйыктуу.

1.Кокон хандыгы мезгилинде исламдын Кыргызстандын аймактарында бекемделүү этабы (1711-1876);
2.Орусиянын колониалдык системасынын алкагында ислам дининин Кыргызстандагы абалы (XIX к. экинчи жарымынан XX кылымдын 20-жылдарына чейин);
3.Советтик-тоталитардык режимдин мезгилиндеги ислам дининин Кыргызстандагы абалы (1917 – 1991-кк.);
4.Ислам дининин Кыргызстандын эгемендик мезгилиндеги өнүгүшү жана анын биротоло бекемделиши (1991-жылдан ушул күнгө чейин).
Бир макаланын ичинде аталган эки доорду жана алардын төрттөн этаптарын баяндап чыгууга мүмкүн эмес. Ошондуктан бул биринчи макалабызда Кыргызстандын аймагында ислам дининин таралышынын алгачкы этабынын (VII-X кк.) бир бөлүгүн гана баяндайбыз.

а) Сафед-Булан Кыргызстанда исламдын таралышындагы алгачкы борбор
Биздин замандын VII кылымына чейин Кыргызстандын аймагында Борбордук Азиянын башка чөлкөмдөрүндөй эле отпарастык (зороастризм) менен бутпарастык (буддизм), несториандык (христиандык диндин чыгыш багыты) менен манихейлик, теңирчилик сыяктуу түрдүү диний ишенимдер өкүм сүрүп турган. Алардын таасири кайсыл чөлкөмдө күчтүү болсо, ошол жерлерде алардын сыйынуучу жайлары курулуп, айланасында жашаган тургундар ошол динге сыйынышчу. Диний ишенимдердин көп түрдүүлүгүнүн натыйжасында Жети-Суу аймагында жана Кыргызстандын чөлкөмүндө диний архитектуралык курулуштар (теңирчилик храмдары, бутпарастык монастрлар, несториандык чиркөөлөр, отпарастык-маздеисттик наустар, капищалар), сыйынуучу мазар-жайлар көп учурайт 4.

Мындай жайлардын калдыктары Кыргызстандын аймактарындагы археологиялык эстеликтерде камтылып, алар жөнүндөгү маалыматтар кытай, араб жана европалык булактарда кеңири айтылат. Тарыхый маалыматтарга караганда жогор жакта аталган диний ишенимди алып жүрүүчүлөрдүн ортосунда кээде айыгышкан күрөштөр болуп турган. Бирок, ал диний ишенимдердин эч бири ислам дини келгенге чейин жергиликтүү тургундардын негизги бөлүгүн камтыган үстөмдүк кылуучу ишенимге айланган эмес. Алардын ичинен биздин заманга чейинки мезгилдерде эле калыптанып, калдыктары жаңы доорго чейин жеткен теңирчилик (Теңир кудай) көчмөн түрктөрдө, энесайлык кыргыздарда зор ролго ээ болгондугун айта кетүү ашыктык кылбайт5.

Кыргызстандын аймагынын ислам таасирине активдүү кириши биздин замандын VIII кылымынын ортосунан башталса да, бул дүйнөлүк ири дин менен биздин ата-бабаларыбыздын алгачкы таанышуусу жүз жыл мурун илгереекте – б.а.VII кылымдын орто ченинде эле болгондугу тарыхтан маалым болду. Бул окуя азыркы Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Аксы жана Ала-Бука райондорунун чегарасында жайгашкан “Соот-Булан (Сафед-Булан)” деген кыштактын эзелки тарыхы менен байланыштуу.

Аталган жерде байыркы замандарда отурукташкан тургундары бар чоң кыштак болбосо да, арабдар келгенге чейин эле жергиликтүүлөрдүн маанилүү турак-жайы болгондугун Сафед-Буландын этегиндеги археологиялык казуулардан табылган чопо идиштер далилдеп турат6.  Эл оозундагы уламыштарда бул жердин эзелки аты Долоно шаар7.
Бирок бул турак-жай кичине болгон менен, анын тегереги өнүккөн шаар-кыштактардын системасынан турган. 22-25 чакырым түштүк-батышында Касан шаары (байыркы Давань мамлекетинде Гуйшуань деп аталган – К.Т.), 15-20 чакырым түндүгүрөөк жагында Керван (Кербен – азыркы Аксы районунун борбору – К.Т.) жана Унгар (Кербендин түштүк атрабында Ун-Кар деген тоочо бар – К.Т.), Ранжит (Кербендин түштүк-чыгышында азыркы Кош-Дөбө айлында жайгашкан эрте орто кылымдагы шаар-калдык 8 – К.Т.) орношкон. Өзбекстандын Наманган шаарынан түндүккө карай жайгашкан Аксыкент, Уйчу, Заркент, Чартак сыяктуу шаарлардан жана жогор жакта аталган шаар-кыштактардан турган бул өрөөн байыркы кезде эле Аксы деп аталчу.

Кытай тарыхый булактарына караганда Фергана биздин замандын VI-VII кылымдарында “Полона”, кийинчереек “Пахоньна”, “Бохань” же “Фей-хань” деп аталыптыр9. Фергананын башчысы самаркандык кайсы бир уруудан болгон экен. Аты белгисиз, бирок кытай булактарында бул башчынын титулу Алица деп аталган. Алица 605-жылы Кытай императоруна элчи жиберген деген маалымат бар10.  Изилдөөлөрдүн тастыктоосу боюнча 754-жылы Ферганада 6 ири шаар жана 100дөй кыштактар (бекемделген турак-жайлар) болгон. Борбор шаары кытайча Сигянь деп аталып, ал Ахсыкет шаары деп божомолдонот11.

Кытай булагы “Таншунун” маалыматы боюнча 629-жылдан баштап Фергананы Батыш-Түрк каганатынын ханзаадалары ээлей башташкан. 629-жылы жергиликтүү башкаруучу Циби батыш-түрк ханзаадасы Кань Мохедо тарабынан өлтүрүлүп, кийинчерээк Фергананы Ашина түрктөрүнүн ханзаадасы Шуни ээлеген. Андан кийин бул жерди Шунинин уулу Йебочжи башкарган. Болжол менен 658-59-жж. Фергананын башкаруучусу болуп Цибинин агасынын уулу Аляошань дайындалат. Ал мезгилде Фергана Тань империясына вассалдык көз карандылыкта болуп, салык төлөп турган жана ошол жылдары Фергананы императордун жардыгы менен Хюсюнь деп атап, резинденция катары Касан шаарын эсептешкен12. Ал кезде Касан шаарынын башчысы Ахшид13, көчмөндөр жашаган Унгар округунун башчысы Керван-бас деген адамдар экен14. Уламыштарда Ахшид Керван-бастан көз каранды башкаруучу болуп, ага кызын аялдыкка бергендиги жөнүндө маалымат бар15.

Жергиликтүү мифологиялык, араб булактарынын жана кийинки изилдөөлөрдүн маалыматтарына таянсак Аксы чөлкөмүнө арабдардын биринчи жолу келиши Араб халифатынын16 алгачкы “туура жолдогу халифтеринин” үчүнчү халифи Осмон (644-656) менен төртүнчү халифи Алинин (656—661) мезгилинде болгон. Бул жөнүндө араб булактары да учкай айтып кетишет. Мисалы, 1230-жылы Иленин боюндагы Алмалык шаарында төрөлгөн, кийин Баласагында, Кашкарда жашаган окумуштуу жана акын Джемаль Каршинин17 “Мулхакот Ас-Сурох” деген китебинде “Халиф Осмондун кезинде Мухаммед бен-Джерирдин кол башчылыгында Испид-Булан деген жерге мусулман жоокерлери жиберилип, пайгамбардын жолдоштору болушкан (сахабилер жана табеиндер) 2700 жоокери “динсиздер” менен кармашууда шейит кетишти” деген сөзүн В.В.Бартоль өз эмгегинде келтирет18. Ушундай эле уламышты орус ориенталисти Н.Н.Щербина-Крамаренко 1896-жылы Ферганадан уккан19. Ушул мазмундагы, бирок, анча-мынча гана айырмасы бар уламыштар жөнүндө башка окумуштуулар жана изилдөөчүлөр да белгилеп кетишет20.

Өзбекстандын окумуштуулары акыркы жылдары Сафед-Буланга кызыгуу менен мамиле кылууда. Ошол максатта Шах Хаким Халис тарабынан 1811-жылы жазылган “Сафед Булон қиссаси” (Повесть о Сафед Булане) деген эмгегин азыркы өзбек тилине ылайыктап 1994-жылы басып чыгарышты21. Өзбек окумуштуусу, теги Соотбуландык (Сафед-Буландык) Турсунбай Набиев менен элдик изилдөөчү Мархаматтык Махмуд Хасанийдин пикири боюнча “Сафед-Булон киссаси” орто кылымдарда эле араб тилинде ыр түрүндө жазылган чыгарма экен. Илимде ал чыгарма “Сафед-Булан тарихи”, “Сафед-Булон киссаси” жана “Газотномаи Шох Жарир” деген аттар менен белгилүү болгон. Кийин аны Хужандий деген адам перс тилине, андан Намангандык бир аты белгисиз адам өзбек тилине которуп, бир топ өзгөртүү менен ыр түрүндөгү поэма кылып жараткан. Бул кол жазма XX кылымдын башында Шах Хаким Халис аттуу өзбек окумуштуунун колуна тийип калат да ал Сафед-Буландыктардын жана башкалардын маалыматтарына таянуу менен 1911-жылы өзбек тилинде китеп кылып жарыялаган22.

Чыгарманын кол жазмасынын бири «Ғазот-нома-йи Шоҳ Жарир» деген ат менен Өзбекстандын Бувайдин районунун тургуну О.Шерматов аттуу адамдын жеке топтомунда сакталып турат23. Сөз кылынып жаткан чыгарманын ичинде камтылган окуялар жөнүндө жергиликтүү нарративдик булактарды изилдеген алгачкы өзбек аалымы Исхаккан Жунайдулла кожо уулунун (Ибрат) 1916-жылы жазылган ”Тарих-и Фаргона” деген китебинде да айтылат. Анда ал өз пикирлерин “Таърихи Шох Жарир” деген эски китепке таянып берет24.

Сереп кылынган эмгектерге жана акыркы мезгилдеги изилдөөлөргө25 таянсак, окуянын кыскача таржымалы төмөнкүдөй болгон.

Фергана чөлкөмүнө, тагыраак айтканда анын түштүк-батыш өңүрүнө арабдардан биринчи болуп Каъб ул Ахбор деген кол башчы келген экен. Ал бир нече кагылышуулардан кийин кайтып кетиптир. Арадан бир нече жыл өткөндөн кийин үчүнчү халиф Осмондун мезгилинде Араб халифаты Ферганага “тынчтык чалгын” максаты менен ошол кездеги болочок халиф Азрети Аалынын жээни Мухаммад ибн-Абдуллох Жарирди (Айрым эмгектерде ал “сахиб Мухаммед Хазрет шах-и Джарир, пайгамбардын небереси” деп берилет26) 20 миң кол менен аттантат. Мухаммад Жарир чү дегенде эле Ферганага келген эмес. Бир нече жылдардан кийин ган ал Аалынын халифтик кылган жылдары (656-661) Самаркандан 12 миң кол менен чыгып, Ферганага кирген. Мухаммад Жарир бул жерде Кува чөлкөмүнүн башчысы Хушдод, Аксыкенттин башчысы Хурмуз, Касан шаарынын башчысы Ахшид (Ихшид) жана Унгар (Ун-Кар) чөлкөмүнүн башчысы Керван-Бас менен бир нече кагылышууларды өткөрөт. Мухаммад Жарир жеңишке ээ болуп, Касан шаарына жакын чыңдалган оорук куруп, бир аз убакыт туруп калат. Унгардын башчысы Керван-Бас кызы Бүбү Убайданы Мухаммад Жарирге турмушка чыгарып, алар тынчтык келишимин түзүшөт.

Бирок, бир нече ай бою камоонун натыйжасында Касан шаарын багындырган арабдар басып алуу максатынан кайтпай Керван-Бастын ээлигине карай жөнөп, азыркы Сафед-Булан турган жерге өргүү алышат. Ошол күндөрү Бүбү Убайда төркүлөп келип, атасы Керван-Бас менен Ихшид жума намаз күнү арабдарды кыруу жөнүндө жашыруун бүтүмү бар экендигин угуп калат да, аны күйөөсү Мухаммад Жарирге кабарлайт27. Бирок, бул кабарга анча маани бербеген Жарир өргүүсүн улантып, жума намазды бузбоону чечет. Мусулман жоокерлери жума намазга жыгылышканда аларды аңдып турган Керван-Бастын жоокерлери капыстан чабуул коюп, натыйжада 2772 араб жоокери өлүмгө учурайт. Алардын ичинен сахабалардын, (пайгамбарыбыз салаллаху алайхи вассаламды көргөндөрдүн) табейиндердин, (сахабаларды көргөндөрдүн) баштары алынган. Жалпысынан бул жерде эки тараптан тең миңдеген адамдар курман болушкан. Аман калган араб жоокерлери Керван-Бастын соккусуна туруштук бере албай, Касанга карай качышат. Бирок, Касандын башчысы Ахшид Керван-Баска тилектеш болгондуктан арабдарды шаарга киргизбей коёт.

Кыргындан калган азыраак жоокерлери жана аялы Бүбү Убайданы алып, Мухаммад Жарир өз мекенине кайтат. Тарыхый булактарда арабдар жолдо Аксыкент шаарынын жанына токтоп, Нарын дайрасына жарааттарын, кан болгон кийим-кечелерин жууп, бир аз убакыт өргүү алган делет. Ошондуктан бул жерде азыркыга чейин Жомашуй деген кичинекей кыштак бар. Тажик тилинде “жомашуй” “ич кийимдерди жууп-тазалоо” деген маанини берет экен28. Андан ары Мухаммад Жарирдин калган-каткан кошууну Аравияга кайтып кетет.

Керван-Бас менен Ахшид жеңишти майрамдап, баштары кесилген денелерди көмдүрбөөгө буйрук беришет. Мухаммад Жарирдин аскер башчыларынын биринин Бу Билон (Боболон) аттуу кара түстүү (негритянка) күңү Касан шаарында калып калган эле. Ал кыргындан кийин кожоюнунун башын издеп, бирок, буйруктан коркпой, кесилген 2772 баштын баарын жууп, бир жерге чогултуп көмгөн дешет. Араб жоокерлеринин кесилген баштары көмүлгөн жер алгач “Каллахана” деп атала баштап, кийинчерээк бул жалпы мүрзө катары куран окула турган, зыярат кылуучу жай катары эсептелип калгандыктан Кыргын-Мечит деген атка конгон29. Ал эми жоокерлердин денелери андан 300 метрдей алыстыкта жерге жашырылып, ал жер “Шейиттер Кабыры” деп аталып калган.

Керван-Бас Бу Билонду өлүм жазасына тартууга буйрук берет, бирок, Касан шаарынын тургундарынын суранычына байланыштуу тирүү калтырылган делет. Өлгөндөрдүн башын көөмп, сооп кылгандыгына байланыштуу негритянка Бу Билон агарып кеткен экен да, Сафед (ак) Билон деп аталып калат30. Бирок, эртеби-кечпи өлүм жазасынан корккон кыз тез эле жарык дүйнө менен кош айтышып, сөөгү Каллахананын жанына коюлган делет. Кийинки жылдары бул жер жалпысынан “Сафед-Булан күмбөзү” деп аталып калган экен.

Мухаммед Жарир Арабстанга кайтып келген мезгилде халифатта ич-ара араздашуу (фитна – атуулдук согуштар) жүрүп жатыптыр. Муавийлердин колунан Али ибн Абу Талиб мечитте намаз окуп жаткан жеринде хариджит Фанатик Ибн Мулджам (“туура жолдогу халифтерге каршы турган клан муавийлердин даярдаган террорчулары) тарабынан өлтүрүлүптүр31. Ошол эле хариджиттер Мединага кайтып келген Мухаммад Жарирди да уу берип өлтүрүшкөн делет. Арадан аз убакыт өтпөй Мединада Мухаммад Жарирдин аялы, Керван-Бастын кызы Бүбү Убайда Фазл аттуу уул көрөт. Фазл эресеге жеткенге чейин атасынын тарыхын укпай жүрөт. 40 жашка чыккандан кийин гана апасы болгон окуяларды ага айтып берет. Фазл таятасы Керван-Бастан өлгөн араб жоокерлеринин кунун алыш үчүн чоң аскер топтоп, Ферганага жортуул уюштурат. Уулу менен кошо жөнөгөн Бүбү Убайда Ферганага жетип, азыркы Кокон шаарынын атрабында өлгөн делинет. Азыркы учурга чейин бул жерде Бувайда деген кыштак бар32.

Фазл уюштурган жүрүш ийгиликтүү аяктап, ал Фергананын Аксы өрөөнүн кайрадан мусулман динине караткан экен. Уламыштарда жана тарыхый булактардагы маалыматтарга караганда Фазл Касан шаарында туруп, шах титулу менен 16 жыл бул жерди башкарыптыр. Кийин ал Касанда өлүп, сөөгү Каллахананын жанына коюлат. Кийинчерээк көрүстөндүн үстүнө Шах Фазлга арналып “Шах Фазл” деп тарыхта аталып калган чоң мавзолей курулган экен. Акырындап, бул мазар Фергана өрөөнүндөгү ыйык мазарлардын бирине айланып, тегерегине кыштак куралып, анын аты азыр Сафед-Булан аталып келет33.

Бул тарыхый уламыш 2006-ж. 5-7-сентябрь күндөрү бүткүл дүйнөлүк ислам лигасынын катышуусу жана демөөрчүлүгү менен Бишкекте өткөн «Орто Азия мусулмандары жана алардын дүйнөлүк цивилизацияга кошкон салымы» аттуу эл аралык конференцияда да чагылдырылган34. Аталган Эл аралык конференциянын катышуучусу, Меккедеги Ум аль-Кура медресесинин окутуучусу, доктор Фавваз Бен Али Дхастын докладында мындай тарыхый фактылар келтирилет. Анын пикири боюнча тарыхчы окумуштуу Али аль-Барддын эскерүүлөрүнө караганда, азыркы Кыргызстандын аймагындагы Испид-Булан (Сафед-Булан) деген жерге 2700 шейиттин денеси коюлган, анын ичинде сахабалар менен табейиндердин болгондугу жана алар Халиф Усман ибн Аьффан розияллаху анху, тарабынан жөнөтүлгөндүгү тарыхта белгилүү35.

Демек, араб дин таратуучуларынын Кыргызстандын Аксы аймагына Араб халифатынын алгачкы жылдары эле келиши, Ислам дини менен кыргызстандыктардын байланышы эрте орто кылымдык доордо эле болгондугу эл аралык денгээлде тастыкталып олтурат. Жогорудагы далил мурдатан эл оозунда айтылып келсе да, бул далилдер эми гана расмий түрдө конференцияларда тастыкталгандыгы чоң илимий жаңылык жана олуттуу тарыхый мааниге ээ. Демек, Сафед-Булан Кыргызстандын чөлкөмдөрүндө ислам дининин таралуусунун бирден-бир башаты катары “ыйык жай” эсептелип, анын руханий мааниси зор36.

Б) Орто Азияга жана Кыргызстандын аймагына ислам дининин таралышынын согуштук жол менен өнүгүшү

Кыргызстандын чөлкөмдөрүнө Исламдын активдүү таралыш жараяны Хорасан акими Муслим ибн-Кутейбанын 709, 711-жылы Мавереннагрга жасаган ири жортуулунан башталат37. 3-4 жыл ичинде ал Согдияны, Хорезмди жана Тохаристандын көпчүлүк бөлүгүн караткан. Орто Азияны мусулманчылыкка киргизүүдө Муслим ибн-Кутейбанын ролу араб тарыхнаамасында жогору бааланат. Ал Бухара калкын үч жолу ислам динине киргизип, эски отпарастык жана бутпарастык ишенимдердин идолдорун талкалаттырып, китептерди өрттөттүргөн, мурунку диндердин храмдарын жок кылдырган38. 715-жылы Кутейба Араб халифатынын жаңы халифи Сулейманга каршы козголоң уюштуруп, бирок, өзүнүн эле карамагындагы адамдардын колунан каза тапкан. Араб халифатынын саясий, экономикалык саясатына каршы Мавереннагрда бир нече көтөрүлүштөр чыгып, ислам динин жергиликтүү калкка кабыл алдыруу кыйындыкка турган.

Ал мезгилде Кыргызстандын аймагында саясий күрөш, так-талаштар жүрүп жаткан эле. Истемин кагандын урпактары болгон Батыш-Түрк каганаты алсырап, анын акыркы күчтүү каганы Ышбаранын (651-657) Тан (Кытай) империясынын Орто Азияга болгон аскерий экспансиясы менен кармашта жеңилип калгандан кийин легендарлуу ашина уруусунун урпактары болгон көк түрктөр өз ара араздаша баштаган болучу. Анын үстүнө Чыгыштан Тибет мамлекети күч алып, анын экспедициялык корпустары Жети-Сууга чейин кирип келишкен. Уламдан улам бытырандылыкка баш урган Батыш-Түрк каганатынын “он аймагы өтө алсырап”39 ашина династиясынын батыш салаасынан чыккан кагандардын жыйырма үчүнчүсү Кулан шаарында (Казахстандын азыркы Луговая шаарчасы) өлтүрүлгөн40. Көп жылдарга созулган саясий күрөштөр “он ок бодун (он уруу эл – К.Т.)” элинин “Дулу” конфедерациясындагы төргөштөрдүн бирикмесинин жеңиши менен аяктап, 704-жылы Жети-Сууда Төргөш каганаты түзүлгөн41.

Төргөштөр хара жана сары төргөштөр болуп эки топтон турган. Жашаган аймактары Чүй жана Иле дарыяларынын бойлору болуп, алар VII кылымдын акырынан баштап, Тан империясына каршы кармаштарга катышуу менен тарыхый аренага чыга баштаган болучу. Төргөш кагандыгынын негиздөөчүсү жана биринчи каганы сары төргөштөрдүн башчысы Үч-Элик каган (704-706) болгон. Жаңы мамлекеттин чектери түштүк-батышынан Сыр-Дарыясынын ортоңку агымы, түндүк-чыгышы Эртиш (Иртыш) дарыясынын жогорку агымы болуп эсептелген жана борбору Суяб шаары (Чүй өрөөнү – К.Т.) болгон. Чыгыш Түркстан да каганаттын курамына кирген. Өлкө 20 аймакка (округ) бөлүнүп, ар бир аймактан 7 миң аскер чыгарууга мүмкүн эле. 706-711-жылдары каганатты Сакал каган бийледи. Анын мезгилинде төргөштөргө чыгыштан жана түштүк чыгыштан Тан империясы, түндүк-чыгыштан көк түрктөрдүн Экинчи түрк каганаты (682-744), ал эми түштүк-батыштан Араб халифаты менен бирдей күрөшүүгө туура келген.

710-жылы негизги коркунуч болгон Экинчи түрк каганатына каршы “үчтүктөрдүн коалициясы” түзүлгөн. Бул коалицияга Кыргыз каганаты (VI к.аягы-X к.), Төргөш каганаты (704-766), Тан империясы (618-907) кирип, аны түзүүгө демилгечи Кыргыз каганы Барс-бек Инанчу Алп-Тегин болгон42. Бирок, коалиция 711-жылы талкаланып калат. Ошол жылы Барс-бек да, Сакал каган да көктүрктөрдүн кол башчылары Тону-Көк менен Күлтегиндин колунан каза табышкан. Кийинки жылдары хара-төргөштөр күч алып, эми алар мамлекетти кайра тикелөөгө аракет кыла баштады. 716-739-жылдары Төргөш каганатынын каганы хара-төргөштөрдөн чыккан таланттуу кол башчы Чабыш-чор Сулук болуп калган. Хара-төргөштөр мамлекеттин ядросун түзүп, кийинчерээк азыркы кыргыз элинин курамына кирип кетишкендигин айта кетүү абзел.

Чабыш-чор Сулуктун тышкы саясаты эки фронтто күрөш жүргүзүү болучу: негизги багыты түштүк-батыштан мамлекеттин чегараларына жакындап келе жаткан арабдарга каршы туруу, экинчиси Тан империясы менен күрөш. Сулук алгач чыгыш коркунучун нейтралдаштырууну чечти. 717-жылы Тан империясынын борборуна элчи жиберип, кытай коркунучун азайткан. Чыгыш Түркстанда туруп, Тан империясынын колдоосу менен бийлик талашкан Батыш түрк каганынын ашина династиясынын бир урпагынын кызын аялдыкка алган. Сулуктун дагы бир аялы Экинчи Чыгыш-түрк каганы Бильге кагандын (716-734) кызы эле. Ал эми анын үчүнчү аялы – Тибет падышасынын кызы болуп калган. Сулук өзүнүн кызын Бильге кагандын уулуна берген. Ошентип ал чыгыш тарапта ийгиликтүү дипломатиялык мамиле түзүп, бардык аскердик мүмкүнчүлүктөрдү арабдарга каршы күрөшүүгө багыттаган. Бул анын кыраакы дипломат жана таланттуу кол башчы экендигин тастыктаган фактылар эле43.

720-жылдан баштап Чабыш-чор Сулук “он ог бодун”, Чач (Шаш-Ташкенттин эски аты), Фергана жана согдалыктарды (Самарканддын айланасындагы тургундар) бириктирип антиарабдык коалиция түзгөн жана бир нече ийгиликтүү жортуулдарды уюштурган44. Натыйжада 728-жылы арабдар Согданы таштап чыгып кетишкен. Кийинки жылдары Араб халифаты аскерлерди күчтөндүрүп, кайрадан Мавереннагрга басып кирген, бирок алардын жортуулу ийгиликке жеткен эмес. 731-жылы Хорасанда араб башкаруучуларынын ортосундагы араздашуулардын негизинде Харис ибн-Сурейдж аттуу кол башчынын жетекчилигинде Омеяддардын (Араб халифатынын ошол мезгилдеги башкаруучу династиясы – 661-750) бийлигине каршы кыймыл башталат. Харис ибн-Сурейдж Чабыш-чор Сулук менен мамиле түзүп, андан колдоо алууга аракеттенет. Бул окуянын натыйжасы 735-жылга чейинки араб-төргөш ортосундагы салыштырмалуу тынч саясаттын орношу болучу.

Халифаттын аскерлери Сурейджди талкалоого келген мезгилде Чабыш-чор Сулук 734-жылы Чүйдөн Хорасанга чейин тездик менен аскерий жүрүш уюштуруп, арабдарды түштүккө сүрүүгө жетишкен. Мунун өзү Араб халифатына Төргөш каганаты тарабынан түзүлгөн реалдуу коркунуч болучу. Мындай коркунуч араздашкан араб кол башчыларын биригүүгө түрттү. Бирок, ал мезгилде атактуу кол башчы Чабыш-чор Сулуктун мекенинде аны көрө албагандар тарабынан кутумдук козголоң уюштурулуп жаткан эле. Сары төргөштөр бул династиялык кармашта жеңип чыгышты жана 739-жылы Сулукту өлтүрүп тынышты45. Бул окуя арабдардын Орто Азияга багытталган аскерий экспансиясынын күч алуусуна жана Төргөш каганатынын алсырап, Жети-Сууда түзүлгөн кырдаалдан пайдаланган жаңы саясий күч – карлуктардын тарыхый аренага чыгышына өбөлгө түзгөн.

Араб экспансиясына каршы турган коалиция кыйраган соң, 10-12 жыл ичинде Орто Азияны ислам динине киргизүү кампаниясы бир топ ийгиликтүү жүрдү. Натыйжада кайрадан арабдарга Мавереннагр, Хорезм, Фергана, Чач каратылган. Мунун өзү Борбордук Азияда ислам динин орнотуу жараянынын бекем пайдубалын түзө алган.

В) Талас салгылашуусу жана анын мааниси

Араб халифатынын Орто Азиядагы саясий-экономикалык, өзгөчө диний таасиринин жылдан-жылга күч алып бара жатышы жана мусулман аскеринин ийгиликтүү чабуулдары Тан империясына (Кытай) геосаясаттык олуттуу коркунучту пайда кылган. Бай жана өнүккөн регион эсептелген Тураниянын кайсыл бир бөлүгүн ээлеп алуу – Тан императорлорунун мурунтан келе жаткан максаты эле. Бул максатты ишке ашырууга 552-жылдан баштап түзүлгөн күчтүү Түрк каганаты, андан кийинки Чыгыш жана Батыш түрк каганаттары, Экинчи Чыгыш-Түрк (көк түрк) каганаты, Жети-Суудагы Төргөш каганаты негизги тоскоолдор болуп келген. VIII кылымдын ортосундагы Орто Азиядагы жана Жети-Суудагы эл аралык кырдаал, Төргөш кагандыгынын алсырап, карлук уруу бирикмеси менен атаандашып жатышы Тан империясынын алдына Түркстанга жортуул уюштурууга эң оңтойлуу кырдаал түзүп берген. Анын үстүнө Орто Азиянын басымдуу бөлүгүн ээлеген арабдар бул мезгилде Жети-Суунун чегине келип калган болучу. Бул кырдаалда Тан империясы Гао Сяньчжи46 баштаган чоң аскерди Жети-Сууга карай жортуулга аттандырды. Кытай армиясы көп тоскоолдуктарга учурабай 748-жылы Суябды талкалап, кийинки жылы Чачтын (Ташкенттин) башкаруучусун туткундап, өлтүрүп салышкан. Ал эми 751-жылы болсо Тан армиясынын айрым отряддары Талас өрөөнүнө чейин басып кирген.

Ал мезгилде арабдар Мавереннагрдагы көтөрүлүштөрдү негизинен талкалап бүткөн эле. Ошондуктан, Араб Халифаты чыгыштан каптап келе жаткан Тан империясынын экспансиясына каршы турууну чечти. Анын үстүнө Тараз (азыркы Шымкент) шаарында кытайлардын авангарды менен согушуп жаткан арабдардын азганакай отрядынын башчысы Саид ибн-Хумейд, ошондой эле Чачтын Тан аскерлери тарабынан өлтүрүлгөн башчысынын уулу Хорасандын акими Абу Муслимден жардам сурап, расмий кайрылышкан болучу. Натыйжада Абу Муслим өзүнүн кол алдындагы таланттуу аскер башчылардын бири Зияд ибн-Салихтин башчылыгында ири кошуунду Таласка жиберген. Бул окуя Суябдан Гао Сяньчжинин 100 миң солдаттан турган армиясын Таласка жөнөөгө мажбур кылды47.

Ошентип, 751-жылдын июль айында Талас суусунун боюндагы Атлах шаарынын жанында 48 эки зор армиянын 4 күндүк тарыхый салгылашуусу болуп өткөн. Салгылашуунун тагдырын төртүнчү күнү кытайлардын тылынан капыстан сокку урган карлуктар чечти. Натыйжада Тан империясынын армиясынын таш-талканы чыгып, алардан 50 миң жоокер каза таап, 20 миңи колго түшкөн49. Тарыхый маалыматтарга караганда чачыла качкан кытай жоокерлеринин азыраак гана бөлүгү Ысык-Көл ойдуңунан ары өтө алган, көбү тоо-таштын арасында өлгөн делет. Кыргыз элиндеги “кытай, кытай кырылгыр, кырк дөбөгө жыйылгыр” деген тарыхый макал мүмкүн ошол окуяны чагылдырып тургандыр…

751-жылы болгон Талас салгылашуусунун тарыхый мааниси зор. Биринчиден, салгылашуунун жыйынтыгы Тан (Кытай) империясынын Кыргызстандын аймактарына болгон саясий экспансиясын миң жылга чейин токтоткон50. Экинчиден, Араб Халифатынын да аскерий жортуулдары токтоп, ушул окуядан кийинки жылдары түрк элдерин ислам динине киргизүү жараяны негизинен тынчтык-миссионердик жолго түшкөн51. Кыргыз элинин “мусулманчылыкты тажиктер менен сарттар (өзбектер) кылычтын мизи менен, ал эми кыргыздар өз макулдугу менен алган” деген ылакап сөздүн кайсыл бир деңгээлде чындыгы бар экендигин кийинки кылымдардагы окуялар ырастап турат. Үчүнчүдөн, бул окуя бүтүндөй Орто Азия элдеринин кийинки тагдырына Ислам цивилизациясынын андан ары өнүгүшүнө жол ачып берди. Эми, 120-130 жыл мурун калыптана баштаган араб цивилизациясынын өнүгүшү саясий-согуштук мүнөздөн социалдык-маданий жана руханий багытка трансформациялана баштады. Чынында эле Хорасанды, Мавереннагрды, Фергананы жана Чачты каратуу негизинен араб жоокерлери тарабынан шаарларды, айыл-кыштактарды талап-тоноо, жергиликтүү тургундарды кулдукка алуу, каратылган аймактарга чоң суммадагы алык-салыктарды салуу, административдик-аскерий түзүмдөрдү уюштуруу менен коштолсо, эми Кыргызстандын жана Казахстандын аймактары Араб халифатына административдик бирдик катары кирбестен, ислам динине өтүүчү субьект катары гана эсептелип калган. Ошону менен бирге араб цивилизациясынын руханий баалуулуктары жаңы кыртышка сиңип, андан ары өнүгүүгө багыт алган.
(уландысы бар)

Запись Ислам дининин Кыргызстанда таралыш тарыхынан… впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Урматтуу мусулман бир туугандар, агалар, достор.

Аллах Таалам кезектеги бир ааз болсо да ыйман сөздөрүн бири бирбизге эскертүүнү насип этиптир.. Диндин себебинен күндө жакшы сөздөрдү угабыз..

Диндин себебинен, ыймандын себебинен адам баласы бактылуу боло алат. Дин болбогондо ушул учур кайдан болсун? Сиздер тааныбайсыздар, биз сиздерди..

Бирок жүрөктөрдө де жүрөктүн тереңинде бир туугандык сезимдер бар. Диндин себебинен бири-бирибиз менен ыйман сөздөрүн сүйлөшүп жатабыз. Дин сиз менен бизди байланыштырып, бири-бирибизди бириктирип жатат. Дин болбосо, сылыктык болбосо, чынчылдык болбосо, кичи пейилдик болбосо, жөнөкөйлүк болбосо, адилеттүүлүк болбосо, кечиримдүүлүк болбосо адамгерчилик болбосо өзүбүз биринчи бузулуп, бүт үммөт бузулуп, бүт аалам бузулмак…

Дин бизге жөнөкөй бол, сылык бол, сылык сүйлө, чынчыл бол, кечиримдүү бол, кичи пейил бол, адилеттүү бол, сабырдуу бол деп насаат айтып жатпайбы .. Эгер дин болбогондо, ыйман болбогондо адам баласы азыр ушунчалык бузулат эле дин келе электеги Мекке Мединанын эли бузулгандай. Мекке Медина дин келгенден кийин ыйман ал коомду канча өзгөрттү ээ..

Бүт үммөткө жол башчы болушту. Бул дин менен ким жашаса заалымдын балдарынан аалымдар чыгат .. Ким таштаса аалымдын балдарынан заалым чыгат . Дүйнөгө эң таанымал адам динге келсе ал динди гүлдөтүп жибербейт . Дин ал адамды гүлдөтөт. Биз ойлойбуз ушул таанымал адам эле, дин менен жашап динди гүлдөттү деп..

Дин ыйман эч нерсеге муктаж эмес, гүлдөтүүгө да муктаж эмес толлук. Ал адам дин менен жашаганы үчүн дин анын даражасын бийик кылды. Караңыздар, ааламга таанымал аалымдар бар. Эгерде дин болбогондо аларды эч ким таанымак эмес, дин болгону үчүн, бир ааз ыйман менен жашаганы үчүн Аллаах алардын даражасын көтөрүп койгон, алар динди эмес Дин аларды гүлдөткөн. Түшүнүктүү болуп жатабы? Ар бир адамды – ыйман бактылуукылат . Бактылуулук бир гана кооз үй эмес. Бактылуулукбир гана кооз унаа эмес. Бактылуулук узак жашоодо дагы эмес . Бактылуулук сулуукелишкен эки жаштын нике менен жашоосунда дагы эмес .. Бактылуулук акча, мал – мүлктө дагы эмес. Бала-чака, үй -жайда дагы эмес .. Бул нерсенин баары болгону неъмат .

Аллахтын берген жакшылыгы. Чыныгы бактылуулук бул Жаратканды таануу. Чыгыгы бактылуулук баардык амалдарды Аллах үчүн аткаруу .. Кээде Аллах үчүн эмес пенделер үчүн жылмаюуга туура келет . Ресторан, кафеге кирсең официант жылмайып келет, бактылуулуктун сүрөтүн көрсөтүүгө аракет кылат . Анткени аны кожоюн талап кылат. Кээде адамдарды жалгандан эле, же жашообуздан алып күлдүрүүгөаракет кылган тамашачылар бар .. Бактылуулук тартуулайбыз деп ойлошот . Анткени биз күлгөн адамды гана бактылуулукдеп түшүнүп, ыйлаган адамды бактысыз экен деп түшүнүп калганбыз. Менин айтайын дегеним урматтуу мусулман бир туугандарым сиздин бул дүйнөдө тирүү жүргөнүңүз бир бактылуулук . Сиздин бар экениңиз бир бактылуулук. Ыйман менен Аллахты таанып жашоо, Пайгамбарды таанып жашоо, өкүмдөрүнө амал кылып жашоонун аты чыныгы бактылуулук! Шайтан сизге пикир салат. Эгер намаз окусаң бети-башыңды жаап, сакал коюп узуун кийинишиң керек … Толгон токой васваса азгыруулары. Замандан артта каласың дейт .

Туурабы туура эмеспи ? Биз дин менен жашабайбыз. Биз демократияны тандап аялдардын укугун эркектики менен бирдей кылабыз. Эркектер кылган укукту бизда кылууга акыбыз бар, көчөдө жүрүүгө да акыбыз бар деп чыгышты. Ооба ал кез дагы келди. Эркектин укугу менен аялдардын укуктары бирдей болду. Динде аялын арабага олтургузуп кышында жылуу, жайында салкын араба менен, жамгыр суукка карабастан аялына кам көрөт эле. Аялы ага ыраазы болуп жашаган. Бүгүн динди таштап туруп эркек аял укугун бирдей кылып, аялдар иштеп жүрөт . Аялдар машине айдап жүрөт .. Жана эркектер арабага чыгып аялдар арабаны тартып калды, мына эркек аялдын укугунун теңдигинин акыбети ! Биз эми капа болбойлу ! Ошондуктан туугандар Аллах Таалам эркектердин мойнуна эмнелерди жүктөгөн болсо ага амал кылсак, аялдарга эмнелерди жүктөсө амал кылсак жашоодо жеңилчилик болот . Дүйнө 21 чи эмес 22 кылымдын даражасында бүгүнкү күндө өнүксө да Дин эң идеальный жашоо бойдон калат . Дин эч качан артта калбайт, бүт аалам айда жашаса дагы дин эң идеальный жашоо бойдон калат . Эң үлкөн жазуучулар, дүйнөнү калеми менен багындырган атактуулар том-том китеп басып чыгарса дагы бир бетинин бир сүйлөмүндө “энеге жакшылык кыл!” деген сөздү таппайсыз.. Эң күчтүү корольдуктар жазып чыккан мыйзамдардын биринде да “Жылмай, атаны нааразы кылба” дегенди таба албайсыз, туурабы туура эмеспи ? Каанча китеп, каанча гезит окубайлы жетимдин башын сыла деген сөздү кезиктирбейбиз. А дин аны бизге үйрөтүп жатпайбы..

Намаздарыбыз каза болуп жатат эч кайгыруу жокко жүрөктө.. 1000 сом чөнтөктөн түшүп калсынчы, 2000 рубль түшүп калсынчы жүрөктөр антарылып демиң кысылып териң куюлуп кетет . Намазыбыз каза болсо 100 сом жоготкончо да кайгырбайбыз, капа болуп өкүнбөйбүз ! 10 сом садака берүү ушунчалык кыйын өзүмө керек деп бекитебиз..)))

Анткени сиз биз дүйнө үчүн өтө көп мээнет кылдык машыктык . Бул дүйнө убактылуу гана.. Дүйнө убактылуу гана – деген создү укпасак деле ар бирибизге маалым . Төрөлгөндөр өлүп жатат, чыккан күн батып жатат, өскөн бак-дарактар чирип жоголуп баратканы дүйнөнүн дагы убактысы бүтөөрү чын экенинин далили. Беш убак намазды өз убагында окуу каанча кыйын ээ. Садака берүү, зекет берүү, сага жамандык жасагандарды кечирип салуу каанча кыйын))) Баарыбызда текебердик бар, напсини жеңүү эң кыйын иш, мына ушул чыныгы жихад ! Жихад ушул туугандар .. Каанча ыйман сөзүн уксак деле ыймандуу болууга аракет жасабагандарды көрүп таң каласың. Анткени, кабыр акыйкат болуп турса, махшар айныгыс чындык, бейиш тозок хак болуп турганын билип туруп дүйнө менен жашоодобуз.. Анын артынан чуркап баратабыз.. Кээде кыямат тезирээк эле болсо бекен – деп тилегиң келет. Ыймансыз болсун ыймандуу болсун, еврей болсун атеист болсун баардык адамдын балдары Аллах Тааланын астында коркконунан бүжүрөйүп калганын көрөт элең. Ыймандуулар бир тууган – деген аятты кабыл алгыбыз келбейт . Мусулман болуп туруп улутка бөлүнүү сезими пайда болду.

Ким улуттарга бөлүнсө ал бизден эмес ..

Мейли бул дүйнөдө ар бир мамлекеттин картасы ар башка көрүнүштөдүр . Бирок жердин астында ар бир адамдын картасы, жаткан кабыры окшош туура эмес болсо айтыңыздар ?

☆ Мен кичинекей кезимде көп адамдын сааты жок эле бирок көп нерселерге жетишкенин көрөт элем. Азыр баарынын сааты бар бирок убактысы жок.

☆ Мен эч нерсеге жетишпей жатамын деп кайгырба. Анткени баардык улуу инсандардын бир күндүк убактысы да сеникиндей 24 сааттан ашкан эмес.

☆ Аллах Таала сага ушунча жыл өмүр берди сен бир секундда “Аллах улуу” деген сөздү айта албайсыңбы ?

☆ Бүгүн акыркы күнүбүздүр балким ….

Келгиле достор акыретибиз үчүн убакыт ажыратайлы, жашообузду ыйман менен жашап өткөрөйлү.

Аллах Таалам өзүң бизге жетиштүүсүң, шайтандын, напсинин, душмандарыбыздын жамандыгынан бизди сактагын. Күнөөлөрүбүздү кечирип, сүйүктүү кулдарыңдын арасына бизди да кошкун ..

Эскертүү бизден жыйынтык сизден береке Алладан!

Али Маматов атайын formula.kg сайты үчүн
“БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ”

Запись Дүйнөгө эң таанымал адам динге келсе ал динди гүлдөтүп жибербейт. Дин ал адамды гүлдөтөт впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Мьянмада мусулмандарды бутага алган кол салуулардан көз жумгандардын саны бир жуманын ичинде 400гө жетти.

Улутчул буддисттер, мусулмандардын айылдарын өрттөп жатышат.

Мусулмандар болсо үйлөрүн таштап өз жандарын куткаруу үчүн качып кетүүгө аргасыз. Жакындарынан кабар ала албагандар жана кыйноого дуушар болгондор көз жаштарын төгүүдө.

Аракандык мусулмандардын Бангладешке качуулары да уланып жатат.

Бангладешке жеткендер кыргын салууну айтып беришүүдө.

Бангладеш-Мьянма чек арасындагы дарыяда кемелердин чөгүшүнөн сөөктөр сууга калкып калды.

Эки күндүн ичинде 40 чакты киши сууга чөгүп көз жумду.

Элге жык-жыйма толгон кемелер каршы тарапка өтүүгө аракет кылууда.

Аракандык мусулмандар, эл аралык коомчулуктун аларга кулак салбаганын, бир гана Түркия, Англия жана Малайзиянын үнүн бийик чыгарганын айтып жатышат.

Запись Мьянмада мусулмандарга кыргын салынып жатат впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Мьянмадагы Аракан штатында  күн ичинде аскер күчтөрүнүн жасаган дембе дем соккуларынын айынан 2-3 миңдей мусулман каза таап, 100 миңден ашууну үй-жайын таштап качууга аргасыз болушту.

Yenicag.Ru булагы: бул туурасындагы кабарды “Анадолу” агенттигине мусулман-рохинья Европа кеңешинин басма сөз катчысы Анита Шуг билдиргенин жазды.

Анын айтуусунда, 2012-жылдагыга жана былтыркы октябрь айына салыштырганда соңку күндөрү аскерлер мусулмандарды кыруу багытында аеосуз кылмыштарды жасап жиберишти.

“Мурда мынчалык жырткычтык болгон эмес эле. Араканда чындап келгенде мусулмандарды  тукум курут кылуу аракети жүрүп жатат. Ратхедаунг шаарчасына жакын жайгашкан Саугпар кыштагындагы мусулмандарды  аеосуз кырышып, анын кесепетинен 1000деген адам каза тапты, арасынан бир гана балакай тирүү калыптыр”,-дейт Шуг.

Жергиликтүү активисттердин жана маалымат булактарынын кабарлоосунда кыргынды уюштуруунун артында Мьянма армиясы турат. Азыркы учурда Аракадагы үй жайын, короо-сарайын таштап чыгып кеткен 2 миңге жакын мусулман адамдар Мьянма менен Бангладештин чек ара тилкесинен ары өтө албай турушат, себеби Дакка бийлиги чек араны жабуу чечимин кабыл алган.

Анаукпьин жана Няунгпьинги кыштактары болсо буддисттердин курчоосунда калганы айтылууда.

Жергиликтүү тургундар Мьянма бийликтерине кайрылуу жолдошуп, болуп өткөн окуяларда алардын күнөөсү жоктугун билдиришип, курчоодон бошотуп, жогорудагы кыштактардан аларды башка тынч жактарга алып чыгып кетүүнү суранышкан. А бирок алардын суранычына жооп кылган жан жок. Так маалыматтарды айта албайм, бирок билишимче курчалган айылдарда жүздөгөн адамдар калышты, аларды абалы өтө кооптуу”,-деп билдирет Шуг.


Түркиянын вице-премьери Бекир Боздагдын  билдирүүсүндө,  Анкара Мьянмадагы мусулмандардын кыргынга учурашын өтө катуу айыптап, аны “тукум курут кылуу аракети” деп баалап жатат.

Түркия  Мьянмадагы мусулман жашоочулардын зордук-зомбулукка, өлтүрүүгө кабылып жатканына аябай тынчсызданат.  Бириккен Улуттар уюму жана эл аралык коомчулук бул мусулмандарды тукум курут кылгысы келген бейбаш аракеттер коштолгон бул окуяларга кайдыгер болбоого тийиш”,-дейт Боздаг.

ISLAMLIFE.KG

Запись Үч күн ичинде Мянмада 2-3 миңдей киши өлтүрүлдү впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Ислам дининде эски салт боюнча мусулман балага, төрөлгөндөн бир аптадан кийин чыныгы мусулман ысымы ыйгарылшы керек.
Ата-энеге өз ымыркайына бир нече ат коюуга уруксат берилет, бирок бирөөнө эле токтолуу сунушталат, Мухаммад Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам) ушундай кылган.
Бала үчүн кооз жана жагымдуу ысымды тандоо менен, анын маанисин терең билүү керек, анткени дал ысым баланын андан кийинки тагдырына таасир берет деп айтылат.
Эркек балдардын мусулманча ысымдары
Абдулла – Кудайдын кулу.
Абдульфатах – Ачуучунун кулу.
Агзам – беделдүү, залкар.
Азат – эркин.
Акрам – асыл, нурлуу, жакшы мүнөздүү.
Али – бийик, көтөрүңкү.
Амин – ишенимдүү, чынчыл, коргоочу.
Амир – башкаруучу, буйрук берүүчү.
Бахир – көздүн жоосун алуучу, жаркылдоочу.
Башаар – жакшы кабарды жеткирүүчү.
Басыль – эр жүрөк.
Билаль – биринчи муэдзиндин (мусулмандарды дуба кылууга чакырган мечит кызматкери) ысымы.
Галиб – жеңүүчү.
Гаяз – жардамчы.
Гафур – кечирүүчү, боорукер.
Дамир – ынсап, акыл-эс дегенди түшүндүрөт.
Даниль – Кудайдын белеги, Кудайга жакын.
Жамиль – сулуу.
Жамал – төө сыяктуу чыдамкай, байымдуу.
Зайдулла – Аллахтын белеги.
Закир – Жаратканды эстөөчү, мактоочу.
Замир – ар-намыстуу адам.
Зиннур – жаркылдаган, нурлуу.
Зиннат – даңазалуу, кооздолгон, жакшы.
Забир – күчтүү, катуу, чыдамкай.
Замиль – дос, жолдош.
Зафар – жеңүүчү, максатына жетүүчү.
Зульфир – басымдуулук маани.
Ибрагим – Ибрахим пайгамбардын ысымы.
Идрис – аракетчил, тырышчаак.
Икрам – кадырлоо, урматтоо, сыйлоо.
Кадир – күчтүү, кудуреттүү.
Кари – окугуч, Куранды билүүчү.
Кафиль – кайтуучу.
Лябиб – акылдуу, тарбиялуу.
Мансур – жеңиштүү, жеңишке умтулгандык.
Махмуд – мактоого татырлык, кадырлуу.
Музаффар – эркек жеңүүчү-жоокер.
Муслим – Жаратканга баш ийүүчү.
Райян – бейиштин дарбазаларынын аталышы.
Рамиз – жакшылыктарды билдирген белги.
Рахман – боорукер, кечиримдүү.
Садык – чынчыл, ак ниеттүү.
Самат – жетекчи.
Саттар – кечиримдүү, коргоочу.
Сулейман – аманчылыкта жана жакшылыкта жашоочу.
Табрис – байлык, намыс, улуулук.
Фаиз – жеңүүчү.
Фаиль – жакшы белги берүүчү.
Фаяз – бай, кең пейил.
Халик – жандандыруучу, жарыктандыруучу.
Харун – өжөр, өзүнүкүн бербеген.
Шакир – бар нерсесине каниет кылган, ыраазы болгон.
Шамиль – ар тараптуу, баарына жетишкен адам.
Шукран – ыраазы болгон деген мааниде.
Ясин – Курандын 36-сүрөсүнүн аталышы.
http://ift.tt/2ix7k8S

Запись Эркек балдардын мусулманча ысымдары впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Канаданын Квебек шаарында алгачкы ирет мусулмандар көмүлчү көрүстөн ачылат. Бул туурасында шаардын мэри Режи Лабом билдирди.

Канада аймагынын борборунда мусулман адамдар өтө жыш жашагандыгына карабастан көп мезгил бою мында мусулмандар жакындарын көмчү жай жок.

Гөрүстөн күз айында өлкөнүн түштүк-батышында Квебек-сити тараптагы Сент-Аполинер аймагында ачылганы жатат.   Квебек мечитинде 29-январда зөөкүр-кылмышкердин аткан огунан каза болгон мусулмандардын жаркын элесинин урматына гөрүстөнгө өзүнчө ат бериле турган болду.

Запись Канаданын Квебек шаарында мусулман гөрүстөнү ачылат впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Буга чейин православ динин карманып келген Казакстандык мушкер Василий Жиров ислам динин кабыл алды. Бул туурасында Facebook  “Профи бокс”  баракчасында жазылды.

“Эгемендүү Казакстандын бокс боюнча биринчи олмпиадалык чемпиону, Вэл Баркер кубогунун ээси, профессионалдар арасында IBF версиясы боюнча биринчи оор салмак категориясында олимпиадалык чемпион  Василий (Балхаш жолборсу) Жиров бүгүн “Нур Астана “ мечитинде исламды расмий кабыл алды”-деп жазылат маалыматта.

Бул окуяга күбө болгондордун айтымында Василий Жиров намазга келген адамдар менен катарлаш туруп чогуу намаз окуган. Намаздан соң момун мусулмандар аны арапалыкка, майрамдык сый тамакка чакырышкан.
Буга чейин православ динин карманып келген Казакстандык мушкер Василий Жиров ислам динин кабыл алды. Бул туурасында Facebook  “Профи бокс”  баракчасында жазылды.

“Эгемендүү Казакстандын бокс боюнча биринчи олмпиадалык чемпиону, Вэл Баркер кубогунун ээси, профессионалдар арасында IBF версиясы боюнча биринчи оор салмак категориясында олимпиадалык чемпион  Василий (Балхаш жолборсу) Жиров бүгүн “Нур Астана “ мечитинде исламды расмий кабыл алды”-деп жазылат маалыматта.

Бул окуяга күбө болгондордун айтымында Василий Жиров намазга келген адамдар менен катарлаш туруп чогуу намаз окуган. Намаздан соң момун мусулмандар аны арапалыкка, майрамдык сый тамакка чакырышкан.

ISLAMLIFE.KG

Запись Атактуу мушкер Василий Жиров исламды кабыл алды впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Мен түшкөн учак дүйнөдөгү эң заманбап аба майдандарынын бири – Инчхон аэропортуна конгондо денем рахатка курчалып, жыргалга балкый түштүм. Германиянын жараны катары өлкөмдөн сыртка чыгып, башка алыс мамлекетке сапарга келгеним үчүн гана эмес, ушул сапарымда кандайдыр керемет жаңылыктар, мен укпаган,билбеген нерселер болот деген таризде толкунданып жаттым окшойт.


Өзүм мусулманмын. Алдын ала тактаган маалыматтарым боюнча, Америкалык Пью иликтөө борбору иликтеп көргөндө,  протестантизмдин бир агымы болгон евангел христиандары Түштүк Кореяда басымдуулук кылат экен, өлкөнүн калкынын 46%ы эч бир динди карманбагандар. Мына ушундай өлкөдө беш апта болуу үчүн келип олтурам.  Корей жарым аралында мусулмандар азганактай эле экенин укканымда бул мамлекет тууралуу жана андагы маданият жөнүндө мүмкүн болушунча көп маалыматтарды билүү ышкым күчөп кирди. Корей тилин алгачкы ирет угуп, хангыль арибиндеги корей тамгаларын көргөнүмдө ушул тилде сүйлөөнү үйрөнгүм келгендигин даана түшүндүм. 


Сүрөт: Сеулдагы Борбордук мечит 

Корей тилин чөп башылап жаңыдан гана үйрөнүп баштасам да, корей улуттук көйнөгүн кийип турган аялдан Инчхондон Сеулга кантип барууну корейче сураганымда ал сөзүмдү түшүндү бейм, баарын жайбаракат айтып берди. Чет тилди өздөштүргөн ал ийилигиме кубанып бүтө электе, дагы бир жашамал корей кишиге учурап (анын үч баласы бар экен) Итэвондогу мейманкананын дарек-жайын сураганда ал да эмне айтканымды түшүнүп жолду көргөзүп койгондо төбөм тим эле көккө жетти. Айтор, метрого түшүп, кечке жуук мейманкананы таап келдим.

Итэвон – Сеулдагы мусулмандар жашоосунун бир үзүмү

Итэвон – Сеулдагы бүт мусулмандардын баары жашаган район деп койсок болчудай, Сеул шаарында негизинен болжол менен 150 миң мусулман жашайт. Алардын үчтөн бири – этникалык корейлер. Бул аймакта күжүлдөп ары-бери жүргөн жаштарды көп көрүүгө болот, анткени аталган аймакта Сеулдун Борбордук мечити жайгашкан. Мечит алгач 1976-жылы расмий ачылыптыр. Итэвондо көптөгөн адал (халал) ресторандар, дүкөндөр бар. Алардын арасында мээрбан мусулман үй бүлөсүнө тийиштүү “Ид халал” деп аталган корей ресторанын белгилей кетүүгө болот.


Сүрөт: Ола Бора Сон

Учурда Кореяда 15 мечит болсо, Сеулдагы Борбордук мечит алардын бири. Андан тышкары, коомдук жайларда – аэропорттордо, окуу жайларда, соода борборлорунда – мусулмандар үчүн атайын чакан намазканалар бар, андай сыйынуучу жайлардын саны өлкөдө 60 ка жакын.

Ола Бора Сон деген корей кыз араб тилинен сабак берет, мусулман эместер андан ислам тууралуу көп сурашат. Мечитте жергиликтүү мусулман коомундагылар менен жолугуу үчүн конференц-залда турганыбызда  ал кыз менен бир аз убакыт сүйлөшүүгө үлгүрдүм. Так ошол баарлашууда ислам дини эч бир маданиятка, улутка тиешелүү эмес экенин даана сездим. Ал кыз ары мусулман, ары корей кызы болуп турганы – мындай таң калаарлык аралашуу корейлердин өзү үчүн же чет өлкөлүктөр үчүн бир кызыктай туюлаар,.. а мен корей көйнөгү – ханбокту кийип мусулман болуп турган кызды көргөнүмдө исламдын улут, маданият тандабастыгына анчалык таң калганым деле жок.


Сүрөт: Чхандоккун сарайынын жанында ханбок кийип турган эки кыз

Ханбок – корейлердин хижабы

Жакында эле сыналгыдан бир жаш корей кызы “ханбок кийгенде кандайдыр абийир, намыт күтүп калаарын, так ушул кийимди кийүү менен өзүн жарашыктуу, салабаттуу сезээрин” айтканын көрүп уктум эле.

Жарашыктуу, салабаттуу кийинүүгө ислам дини да чакырат эмеспи. А турсун мурда корей аялдары башын чанот деп аталган жоолук менен оронуп жүргөнүн уккан эместирсиз?  Бул кадимки эле мусулман аялдары башына салып жүргөн хижаб мисалындай. Бир учурларда ханбок кийими такыр унутула жаздап, корейлер батыштын модалуу кийимдерине качырып калышты эле, бирок соңку кездерде сырттан келген туристтер үчүн да, корейлердин өзү үчүн деле ханбок кадырлуу кийимге айланып барат.

Ханбок кийимин ижарага алып, корей достору, курбулары менен тарыхый сарайда, мисалы Кенбоккун же Чхандоккунга барып сүрөткө түшүп, саякаттоо эмки учурда туристтердин жан дили менен жасачу иши болуп калды.  Ханбок кийинип алган туристти көрсө көптөгөн туристтик жайларда акы албай турган жакшы адат пайда болду. Бүгүнкү күндө корей модельерлери бул улуттук кийимге башкача түс, көрк берип, баасын да анча кымбат эмес кылып иштеп чыга башташты.


Сүрөт: Ханбоктун заманбап үлгүсү

Корей маданияты жана ислам

Дүйнөдөгү белдүү маалымат каражаттары исламды бурмалап “террорчулардын дини” катары көргөзүү далалаты күчөп турган маалда, корей мусулмандары баскан-турганы, башкаларга жасаган мамилеси аркылуу адамдардын исламга болгон көз карашын жакшы жакка өзгөртүүгө шарт түзүшүүдө.

Менин сүйүктүү сүрөтчүлөрүмдүн бири, учурда Бириккен араб эмираттарында жашаган, мусулманчылыкты кабылдаган Кореялык аял Муна Хемин Пэ (Muna Hyunmin Bae) өз колунан жаралган не бир керемет сүрөттөр менен корей маданияты канчалык денгээлде исламга жакын жана тыгыз экенин далилдеп келет.


Сүрөт: Кореялык мусулман айым, сүрөтчү Муна Хёнмин Пэ (Muna Hyunmin Bae)​

Маалымат булагы:    автор Карим Джордан (Karim Jordan)
                                     About Islam

Которгон: ISLAMLIFE.KG 

Запись Корей мусулмандары – маданият менен диндин суктанаарлык айкалышуусу впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Германиянын Келн шаарында Борбордук мечит ачылды. ( DITIB-Zentralmoschee Köln, Merkez-Cami). Мечит осмон-архитектуралык стилинде курулду. Мечиттин үстүнкү кээ бир бөлүктөрү айнектүү дизайн менен кооздолуп, эки тарабында эки 55 метрлик кооз мунара турат.

Айнектен курулган бул өзгөчө мечиттин чийими  архитектор Паль Бемге таандык. 

Мечитке келген адам анын ажайыптыгын, адамды өзүнө тартып турган таасирин дароо байкайт.

Мындан тышкары аталган комплекстин жан жакасында  ресторан,холл, дүкөндөр иштеп  кайсы
гана динди кармабасын бардык адамдарга мечиттин короосу  дайыма ачык болот.

Келндеги Борбордук мечит Германиядагы гана эмес, бүтүндөй Европадагы эң ажайып,
адаттан тыш бөлөк стилде курулган имараттардан бири болуп калды.

Мечиттин аянты 4500 м.кв түзүп, ичинде 2 миңден, 4 миңге кишини сыйдыра алат.

Булак:  Islam Life

Запись Германия. Келн. Жаңы ажайып мечит курулду. впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

       Бул дүйнөдө мусулман пендесин эмнеге окшоткум келет,эч соолубаган,курубаган жашылданып турган дарака,ал дарак адеп менен жашылданган,тамыры ыйман менен бекемделеген,мөмөсү имлим менен жетилген,эч ким андан зыян тартпайт,таттулугунан ырахаат, жытынан сергип дем алат деп айтаар элем.  Тээ ааламга көз чаптырып карасаң, мусулмандай бактылуу инсанды таба албайсың. Анын мусулман болуп жаралып калганы эле өзү чоң бакыт билгенге. Сиз билесизби бул аалам эмне үчүн бузулбай,эмне үчүн жер жарылбай,эмне үчүн асман оонабай,эмне үчүн күн күйүп кетпей,эмне үчүн деңиздер дүйнөнү каптап кетпей турат!?  Анткени  бул ааламга Аллах Таалам мусулман деген өзгөчө пенделеринин үрөөнүн дүйнөнүн ар жактарына сепкен. Ошол асыл,таза инсандар бар үчүн бул аалам бузулбай,жер жутуп жибербей,деңиз чөктүрбөй турат. Биз мусулман болуп жаралганыбызга чексиз шүгүр кылуубуз керек, биздин башкалардан айырмабыз мусулман  Бейиш кооз, түбөлүктүү,жыргал,бакыттын жайына жаралган. Адашкандар, каапырлар түбөлүк Тозок отко жаралган. Бирок мусулман болуп тили башка,дили башка, багыты башка болуп адашып жүргөндөр канча.  Мусулмандардын башкадардан айырмасын Алланын Элчиси (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) мындай деп айткан: « Момундар -бири -бирине жасаган өз -ара сүйүүсү,ырайымдуулугу жана боорукерлги менен (бир) денеге окшош: анын бир мүчөсү ооруп калса,бүткүл денеси ысытмалап,уйкусу качып, сыздайт ». (Бухарий,Муслим) .  Чындыгында мусулман пендеси өзү үчүн жашабайт,өзүгө каалаган жакшылыктын баарын башка бир туугандарына да каалайт. Бейишке бир өзү эмес башкаларды да ээрчитип барууна үндөйт.  Абу Муса (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) мындай дегенин кабарлайт: «Чындыгында, мусулмандар бирин-бири (сүйөп -таяп) күчтүү кылып турган имарат сыяктуу "-ушунтип айткан ал (аны көрсөтүү үчүн) манжаларын бири -бирине бириктирди ». (Бухарий; Муслим) .

    Мусулман бир тууганын айыбын жашыруу.

     Ата -бабаларыбыз«Жаңылбас жаак,мүдүрүлбөс туяк болбойт», «катасыз кул болбойт »-деп нускалаган . Муну менен адамдын канчалык аракет кылбасын ,туура эмес иштерди кылып койору айтылган. " Эч качан түз жолдомун деп ойлобо,түз жол кээде баткак,кээде тайгак,кээде чуңкур болуусу мүмкүн "дегендей инсан адашып турат. Маанилүү болгону -жаңылбаганга аракет кылуу болуп саналат. Бирок,адамдардын айрым каталары үчүн аны айыптап,аны башкаларга айтып же жарыя кылуу туура эмес.
.. Ыйык куранда: «Бири -бириңерди аңдыбагыла жана бири -бириңердин артынан гыйбат кылбагыла ....»(Хужрат: 12) ..

«Бирок жумшактык кылып,байкамаксан болуп, аларды кечирсеңер, Аллах кечиримдүү,Боорукер »(Тагаанбуун: 14) аяттары менен, диндеш бир тууганыбыздын кемчиликтерин издебөөнү,көргөн болсок жарыя кылбастан жана кечирүүнү буйурган.
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) бир хадисинде: «Ким бир тууганынын бир кемчилигин жашырса, анын кеичилигин  Аллах Таала дагы  дүйнөдө жана акыретте жашырат » -деп буйурган.  (Муслим).. 

Ибн Умар (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) мындай дегенин кабарлайт : «Мусулман -мусулманга (бир) тууганына ага зулумдук кылбайт  жана башкалардын ага зулумдук кылуусуна жол берип таштап койбойт.  Ким (диндеш) тууганына ал кыйналып турганына жардам берсе, ал өзү жардамга муктаж болуп турганда ага да Аллах (жардам берет) . Ким мусулманды кайгыдан куткарса, Аллах аны да Кыямат Күндүн бир кайгысынан куткарат, ким мусулмандын айыбын жапса ,Аллах да анын (айыбын) Кыямат күнү жабат! ». (Бухарий: Муслим)

Заман өнүккөн сайын,адамдар өзгөрүп бирине -бири карабай,ар ким өз камын ойлоп калган заманга айланды. Тууган -тууганды кабар алуу,сурап койу,кыйналса жардам берүү, колун сунуу, муктаждыктарды ортодо чечүү деген күн сайын жоголуп кетүүдө. Бээчара жыгылса ага күлгөн,бай той берсе тааныбаса да коштоп кубаттаган,бирөө мүдурүлсө сырын элге жайган, ушакчы, гыйбатчы жакшыны заматта жаман кылып куру тоомат менен жер менен жексен,жаманды акча менен заматта  суудан таза жакшы адамга айланткан, зордун заманы кордун көз жашына айланды. Өкүнчтүүсү ушул көрүнүш мусулмандар арасында болуп жатканы жан кейитет.
Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) мусулмандын абалы кандай болоорун мындай деп айтканы бар: «Бири -бириңерди ичи тардык кылбагыла, (соодалашсаңар) бааны ыгы жок көтөрбөгүлө, бири -бириңерди жек көрүүдөн баш тарткыла,бири -бириңерге артыңарды салбагыла,бири -бириңердин соодаңарды бузбагыла,бир туугандай ынтымакта болгула, О, Аллахтын кулдары ! Анткени мусулман мусулманга бир тууган,ошондуктан эч бир мусулман башка бир мусулманга зулумдук кылбасын,жек көрүү менен мамиле кылбасын, жардамсыз калтырбасын, -такыбалык мына бул жерде катылуу! "- Ушинткен Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) өз көөдөнүн үч жолу (сөөмөйү менен сайып) көрсөттү да, анан минтип айтты: «Өзүнүн Исламдагы бир тууганын.жек көргөн адам, анын өзүнүн жаман экендигине жетишерлик (далил) ,(анткени) ар бир мусулмандын жаны,мүлкү жана абийири башка мусулман үчүн кол тийгис ! »(Муслим) .

Мусулмандар арасында бири-бирине болгон акысы тууралу Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) мындай деп айткан: «Мусулмандар бири -биринде алты түрдүү акысы болот: 
1. Жолуккан кезде саламдаш,
2. Чакырганына жооп бер,
3. Кеңеш сураса туура кеңеш айт.
4. Эгер ал чүчкүрсө, Аллахты мактаса (Алхамдулиллах) деп айтса. Сен ага жакшылык каала " Аллах сага ырайым кылсын! "(Йархаму -ка -Ллаах!)  деп жооп берүү керек.
5. Эгер ал ооруп калса, аны зыярат кыл,
6. А эгер көз жумса, аны (акыркы сапарга) узат ». (Бухарий; Муслим) .

       Абу Хурайра (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) мындай дегенин кабарлайт: «Кимде -ким бул дүйнөнүн бир кайгысынан мусулманды куткарса, Аллах аны Кыямат Күнүдун бир кайнысынан куткарат; ким (карыздуу мусулман)адамдын абалын жеңилдетсе,Аллах да анын бул дүйнөдөгү жанат акыреттеги абалын жеңилдетет; ким (мусулмандын) айыбын жапса ,Аллах да анын (айыбын) бул дүйнөдө жана акыретте жабат. Пенде бир тууганына жардам бергенин токтотмоюнча Аллах да ага жардам берүүсүн токтотпойт. Аллахтын илимин издеп кандайдыр бир жакка сапарга чыккан адамга Аллах бейиштин жолун жеңилдетип койот. Адамдар Аллахтын Китебин окуп -үйрөнүп, жаттап -зикир кылуу үчүн Аллахтын үйлөрүнүн бирине чогулушкан кезде, аларга сөзсүз Аллахтан бейпилдик түшүп,аларды мээрим ороп,аларды периштелер курчап алышат жана аларды Аллах Өзүнүн алдындагылардын арасында эстейт, ал эми (Аллахты мечитте зикир кылуудан) кимди өз иши кармап калган болсо, анын тектилуугү ага (Сират көпүрөсүнөн) алга жылууга  жардам бере албайт! ». (Муслим)

Карап көрсөңүз мусулман пендесинин абалы кандай суктанаарлык,бул сөздөр кимдер үчүн кызыксыз болушу мүмкүн, чыныгы мусулмандар үчүн Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун)калтырган осуяттары туура жолго багыт алуудур. Мусулмандын бир багыты бар ал Бейишке кирүү,Бейишке кандай киребиз Аллах ыраазылыгына жетсе, Аллах ыраазылыгына кандай жетебиз, кыйынчылыкка сабыр,жакшылыктарга шүкүр кылуу менендир. Аллахым бардык мусулман пенделерине, мусулман кылып жараткан соң, мусулман бойдон,жүрөгүндө ыйманы,тилинде келмеси менен ойубуз куранда  башыбыз саждада өтүүнү насип кылсын!

Насиба Абдуллаева.

©"Бактылуулук Формуласы ".

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

1-январь: Кытайдагы жаңы жылдык тыгындан 36 адам каза болду

Өтүп бараткан 2015-жылда дүйнөдө кандай окуялар болду? Мындай суроого токтоло турган болсок, жаңы 2015-жылдын 1-январында эле Кытайда 36 адамдын өлүмү катталды. Болгондо да Шанхай шаарындагы жаңы-жылды тосуу кезиндеги тыгындан улам 36 адам мерт болсо, 46 адам жараланган.

7-январь: Париждеги “Шарли Эбдо” окуясы 

“Шарли Эбдо” буга чейин Мухаммед пайгамбардын карикатурасы тартып, анын айынан 7-январда журналдын Париждеги кеңсесине кол салуу болуп, 12 адам каза болгон. Бул окуя дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруп, Европа лидерлери да бул окуядан соң Франциянын баш калаасында жөө жүрүш уюштурган. Теракты уюштурган бир туугандар эки күндөн кийин, кармоо учурунда каза болгон.

23-январь: Сауд королу Абдуллах каза болду

Сауд Аравия королу Абдуллах бин Абдулазиз борбор калаа Эр-Риядда дарыланып жаткан ооруканада бул дүйнө менен коштошту. Анын тактысына 79 жаштагы бир тууганы мураскор Салман бин Абдулазиз отурду. Маркум королду акыркы сапарга узатуу зыйнатына дүйнөлүк лидерлердин баары келип катышкан. Маркум Абдуллах бин Абдулазизтин сөөгү жалпы көрүстөнгө көптүн бири катары коюлду, бирок аын көмүү жашыруун жүргүзүлдү.

4-февраль: Тайванда учак шаар ичиндеги дарыяга кулады

Тайванда учак шаар ичиндеги дарыяга кулап, анда 26 адам каза болду. Учак TransAsia аба жолдору компаниясына таандык болгон.

11-февраль: Качкындар кемеси чөктү

Деңиз аркылуу Ливиядан Италияга жол тарткан качкындардын кемеси чөгүп, 300дөн ашык адамдын өмүрүн алды. Мындай окуялар жыл аягына чейин кайталанып турду десек да жаңылыштык болбойт.

25-февраль: Кар көчкү 128 адамдын өмүрүн алды

Ооганстандын түндүк-чыгышындагы Пенчшир провинциясында кар көчкү түшүп, жыйынтыгында 128 адам каза болду.

26-февраль: Жихадчы Жон

“Жихадчы Жон” лакабы менен белгилүү “Ислам мамлекетинин” согушкеринин аты-жөнү такталды. Ал Англия жараны жана Мухаммед Емвази экени жарыяланды.

28-февраль: Орус оппозиционери өлтүрүлдү

Орусиялык оппозиционер 28-февралдан 1-мартка караган түнү Москванын так борборунда киши колдуу болуп каза тапты. Анын өлүмүнө протест кылуу үчүн 17 миң киши Москванын көчөлөрүндө жүрүшкө чыкты.

7-март: Боко Харам “Ислам мамлекетине” ант берди

Нигериядагы террордук топ “Ислам мамлекети” террордук тобуна кошулганын жар салышты. Алар “ИМ” халифи Аль-Багдадиге кызмат кылууга ант беришти.

16-март: 10 күн ММКга көрүнбөгөн Путин Атамбаев менен жолукту

10 күндөй дайынсыз болгон, Орусия президенти Владимир Путин 16-мартта биринчи ирээт коомчулукка чыккан. Анда Путин Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев менен Санкт-Петербургда жолугушкан.

22-март: Атамбаевдин Европага сапары 

Президент Алмазбек Атамбаев 22-марттан 1-апрелге чейин Европа мамлекеттерин кыдырды. Австрия, Франция, Швейцария, Бельгия, Германияда расмий сапар менен болуп, алардын башчылары менен жолугушту.

24-март: Францияда учак кырсыгы 

Германиялык Lufthansa компаниясына таандык Germanwings авиа компаниясынын учагы 150 киши менен кырсыктап, бирөө да тирүү калган эмес. Учакты 27 жаштагы Андреас Любиц атайылап кыйратканы кийинчерээк маалым болгон.

26-март: Йеменде согуш башталды 

26-январда Йеменде граждандык согуш башталган. Анда бийликти өлкөдөгү хуситтер басып алган. Ал эми өкмөткө көмөк көрсөтүү үчүн Сауд Арабия жетектеген эл аралык коалиция жардамга кол сунуп, хуситтер ээлеген аймакка аскердик жортуул баштаган.

2-апрель: Иран менен “алтылык” ортосундагы ядролук келишим

Тегеран менен P5+1 өлкөлөрү ортосунда Ирандын ядролук программасы боюнча көп жылга созулган сүйлөшүү жыйынтыкталып, келишимге жетишилген. Бул дүйнөлүк айдыңда тарыхий окуя катары бааланган.

25-апрель: Непалдагы жер титирөө

Непалдагы 7,9 баллдык жер титирөөдөн 7 миңге чукул жаран каза болду. Ошондой эле Гималай тоосундагы кар көчкүдөн да жүздүн тегерегинде адам каза болду.

9-май: Улуу Жеңиштин 70 жылдыгы

Москвада Улуу Жеңиштин 70 жылдыгы расмий белгиленди. Ага дүйнөлүк лидерлер келип, Кыргызстандын президенти да бул иш-чарада Путинге жакын жерде отуруп, сыйлуу конок болду. Юбилейдик мааракеге КМШ өлкөлөрүнөн да согуш ардагерлери барып катышты.

21-май: Сириядагы Пальмира шаарын жихадчылар ээлеп алды

Пальмира шаары ЮНЕСКОнун тарыхый мурастар тизмесинде болгон. Андагы эң байыркы эстеликтер да жок кылынган.

31-май: Индияда ысыктан 2300дөй адам өлдү

Индиянын түштүк штаттарында 2300 адам ысыктан көз жумду. Абанын эң жогорку температурасы 47 градуска чейин жетип, дээрлик бир жумага созулду.

14-июнь: Тбилисини суу каптады

Грузиянын борбору Тбилисиде 14-июнга караган түнү катуу сел кетип, дээрлик шаардын баардык жерин каптады. Тилсиз жоодон каза болгондордун саны 12ге жеткен. 3 саат катуу жааган жамгырдан улам кеткен сел, шаардын борбордук зоопаркына да зыян келтирип, жырткыч жаныбарлар баары көчөгө чыгып кетишкен.

6-июль: Грециядагы кризис жана ыйлаган пенсионер

Интернетте аргасыздыктан ыйлап жаткан грециялык пенсионер тууралуу сүрөт бир канча адамдарды ойго салды. 77 жаштагы пенсионер жубайынын 120 евролук пенсиясын алуу үчүн Салоники шаарындагы бир канча банктын эшигин каккылаган. Бирок натыйжасыз болгон. Бул окуя Грециянын чыныгы жүзүн көрсөттү,- деп жазган айрым Твиттер колдонуучулары. Греция карыздан улам кризиске учурап, банктар 6 күнгө ишмердүүлүгүн токтотушкан. Бул чара дефолтко түшпөөгө жардам берет деп түшүндүргөн, грек өкмөтү.
30-июль: Талибан лидери өлдү

Ооган чалгындоо кызматынын өкүлү Хасиб Сыддыки, Талибан лидери Омар 2013-жылы апрель айында Пакистандын Карачи шаарындагы ооруканалардын биринде өлгөнүн билдирди. Ошондой эле, ал бул билдирүү расмий болуп саналат деп кошумчаланды.

12-август: Кыргызстан ЕАЭБке мүчө болду

12-августта Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин толук кандуу мүчөсү болду. Бул күнү Евразия экономикалык комиссиясы Кыргыз Республикасын Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү катары каттады.

31-август: Европадагы миграция кризисинин башталышы

Евробиримдик аймагына кирген качкындардан улам, бир канча шаарларда өзгөчө кырдаал жарыяланды.

9-сентябрь: Качкынды тээп жыккан венгриялык журналист

Венгрия менен Сербия чегинде полициядан качып жаткан качкындарды чалып жыгып, тепкен венгриялык журналисттин аракети интернетте катуу талкууга алынды. Ал ортодо журналист өзү иштеген телеканалдан кызматтан алынганы кабарланды.

11-сентябрь: Меккедеги кырсык

Каабада кеңейтүү иштеринде колдонулуп жаткан жүк көтөргүч кран кулап кетип, ажылык ибадатына барган адамдар каза тапкан. Кран шамалдын таасиринен кулаган, анын кесепетинен кеминде 107 киши каза таап, 154 киши жаракат алган.

16-сентябрь: БУУнун 70-юбилейдик сессиясы

Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык Ассамблеясынын 70-сессиясы Нью-Йоркто өз ишин баштады. Расмий ачылыш БУУнун расмий сайтынан түз алып көрсөтүлгөн. Жыйында Башкы Ассамблеянын алдыдагы жакынкы жылдарда 150дөн ашык маселени кароо пландалган. Анын арасында коопсуздук, маданий баалуулуктарды сактоо, жакырчылыкты жоюу жана аялдардын абалын жакшыртуу маселелери алдыңкы планга чыккан.

24-сентябрь: Ажылыктагы тыгын

Мекке шаарындагы зыяратчылар таш ыргытуу жөрөлгөсүн жасоо учурунда түртүшүү пайда болуп, натыйжада миңдеген адамдар тебелендиде калган. Бул окуя ажылык тарыхында акыркы 15 жылдагы эң трагедиялуу окуялардын бири болду. Анда миңге чукул адамдын өмүрү кыйылды.

30-сентябрь: Палестина желеги БУУда желбиреди

Палестина менен Ватикандын желеги БУУнун башкы штабынын астында желбиремей болду. Ага ылайык, БУУнун байкоочу өлкөлөрүнүн бири Палестинанын желегинин желбирешине 119 өлкө макулдук берсе, 8 өлкө каршы чыккан. Ал эми 45 өлкө добуш берүүдөн баш тартышкан.

30-сентябрь: Орусия аскерлери Сирияга киргизилмей болду 

Орусиянын Федерациялык кеңеши аскерлердин чет өлкөдөгү согуштук аракеттерге жиберилүүсүнө уруксаат берди. Бул боюнча президент Путин, Сирияга аскер жиберүү боюнча федерациялык кеңешке буга чейин кайрылган болчу.
Орусияга Сириянын президенти Башар Асад кайрылган. Орусиянын аскерлеринин чет өлкөдө согушка катышуусу тууралуу чечимге ылайык, бир гана аба күчтөрү Сирияга жиберилет. Ал эми кургактагы аскерлердин жиберилүүсүнө уруксаат берилген жок.

5-октябрь: Нобель жумалыгы башталды

Стокгольмдо Нобель жумалыгы башталды. Салт боюнча биринчи кезекте физиология жана медицина жаатындагы лауреаттын атын жарыялашты.
Маалыматка ылайык, Нобель сыйлыгы физика, химия, адабият, экономика жана дүйнөдө тынчтыкты орнотуу жаатында көрүнүктүү иш жасагандарга берилет. Алардын арасынан тынчтык сыйлыгы эң престиждүү деп саналат.

20-октябрь: Асад Москвага расмий сапар менен келди

Бул күнү кечинде Москвага Сириянын президенти Башар Асад келди. Орусия прзиденти Владимир Путин менен жолугушуусу Кремлде болуп өттү. Асад менен Путиндин жолугушуусу тар жана кеңири форматта өткөн. Кеңири чөйрөдөгү жолугушууда Орусиянын жогорку кызматтагы чиновниктери да катышкан. Анда Сирия кризиси жана андагы аскерий операциялар тууралуу талкууланган.

31-октябрь: Орусия учагы Египетте кыйрады

31-октябрда Орусиянын «Когалымавиа» жүргүнчү ташыган Airbus 321 учагы “Шарм эш-Шейх – Санкт-Петербург” каттамы дайынсыз жоголуп, Египеттен Синай жарым аралынан аталган учактын сыныктары табылган. Анда 217 адамдан бирөө да тирүү калган эмес.

13-ноябрь: Париждеги ири теракт

Париждин борборундагы кандуу окуялар 7 жерде ишке ашкан. Полициянын айтымында куралчандар алгачкы кол салууларын Bataclan концерттик залына жакын жердеги кафеде баштаган. Куралчандардын экинчи тобу ошол эле убакта шаардын башка жеринде ок атып баштаган жана футболдук мелдеш өтүп жаткан стадиондо жардыруу болгон. Ошондой эле Биш, Республика, Шарон проспектилеринде да элдерге карата ок атышкан. Анда кеминде 130дай киши мерт болду.

15-ноябрь: Анталияда “чоң жыйырманын” саммити

Анталиядагы G20 саммитинде бул жылы экономикалык жаатта алгач ирет 7 жаңы маселе каралды. Тактап айтканда саммиттин аягында кабыл алынган документте алгач ирет интернет сөзү колдонулду. Интернеттин экономикага тийгизген таасири жана анын келечеги талкууланды. G20 1999-жылдан бери бар болгону менен, интернеттин экономикадагы орду бул ирет кызуу талкууланды. Жаштар жумушсуздугу, энергияны табигый булактардан алуу маселелери да козголду.

24-ноябрь: Орусия-Түркия мамилесине доо кетти

Орусиянын Су-24 учагы 24-ноябрда Түркиянын аба мейкиндигин бузуп өттү деген жүйөө менен атып түшүрүлгөн. Окуя Сирия-Түркия чек арасында болуп, Түркия тарап орусиялык учакка 5 ирет эскертүү бергенин айтышууда. Ал эми аскердик учактагы эки пилот парашют менен секирип кетишкен. Алардын бирөөсү каза болуп, экинчисин сириялык аскерлер куткарып калышкан. Мындан улам эки өлкө ортосундагы саясий кризис башталды.

2-декабрь: Цукербергдин кайрымдуулугу

30-ноябрда кыздуу болгон Facebook компаниясынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг кызынын төрөлүшүнүн урматына компаниянын 99% акциясын кайрымдуулукка жумшаарын билдирди. Жаш миллиардер Цукерберг менен жубайы Присцилла Чанга тийиштүү болгон акциялардын учурдагы баасы 45 млрд. долларды чапчыйт.

Кызынын төрөлгөнү тууралуу жазган ачык катында Цукерберг акциялар этабы менен кайрымдуулукка жумшалаарын жазган. Алдыдагы 3 жылда компаниянын 1 млрд долларлык акциясын сатып, кайрымдуулукка берет. Калган акциялар да акырындык менен сатылат. Марк менен анын жубайы 2009-жылдан бери жаш балдарга багытталган кайрымдуулук фондун иштетип келишет. Chan Zuckerberg Initiative кайрымдуулук уюму “дүйнөдөгү бардык жаш балдарга бирдей шарт түзүү” негизинде иш алып барып, көпчүлүк учурда билим берүү жана жаш балдар арасындагы оорулар менен күрөшүүгө акча сарптайт.

4-декабрь: Саакашвили Грузия жарандыгынан ажыратылды

Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвилини Грузия жарандыгынан ажыратышты. Бул боюнча өлкө президенти Георгий Маргвелашвили кол койду.

Михаил Саакашвилини Украина президенти Порошенко Одессанын губернаторлугуна дайындаган. Ал бул кызматка келүү үчүн Украинанын жарандыгын алды. Ал эми Порошенко менен Саакашвили студенттик кездердеги достордон экени да жалпыга маалым.

8-декабрь: Трамптын мусулмандар боюнча билдирүүсү

Республикачылардын партиясынан чыккан АКШ президенттигине талапкер Дональд Трамп АКШга мусулмандарды киргизбөөнү сунуштады. Саясатчы өзүнүн Твиттер баракчасында, мамлекеттин коопсуздугу боюнча баяндама жарыялады. Миллиардердин пикиринде АКШга кирип жаткан мусулмандар, америкалыктарга карата өч алуу сезими жогору жана душмандык маанайда.

10-декабрь: Тажик президент “Улуттун лидери” аталды

Тажикстан парламенти президент Рахмонду расмий түрдө “Улуттун лидери” деп жарыялады.

Тажик парламентинин төмөнкү палатасында каралып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, президентке “Улуттун лидери” деген макам расмий түрдө берилсе, анда анын кол тийбестиги өмүрүнүн аягына чейин сакталат. Мындан сырткары ал сот жана башка бардык жоопкерчиликтен бошотулуп, президент кезинде турган кезде жасаган иштери үчүн ага бийликтен кеткенден кийин да эч кандай иш козголбойт.
12-декабрь: Сауд Аравияда алгач ирет аялдардан депутат шайланды

Сауд Аравиянын тарыхында алгачкы ирет аялдардын шайлоочу жана шайлануучу болуп катышып жаткан шайлоо жыйынтыкталды. Маалыматтарга ылайык, Жеддадан эки, Меккеден бир аялдын шаардык кеңештин мүчөсү болгондугу айтылды.

12-декабрь: Климат боюнча саммит

Париждеги климат боюнча жыйын жыйынтыкталып, анда атайын резолюция кабыл алынды. Бул иш-чарага дүйнөнүн 120дан ашуун лидерлери катышышкан.

14-декабрь: Мусулман өлкөлөрдүн аскердик альянсы

Сауд Аравия өкмөтү терроризмге каршы күрөшүүчү жаңы альянс түзүлгөнүн жарыялады. Анда 34 мусулман өлкөлөрү биригишкен. Бул альянс 72 саат ичинде түзүлгөн.

Терроризмге каршы күрөшүүчү жаңы биримдиктин күчтөрүнүн башкы штабы Эр-Риядка жайгашаары айтылган. Бул альянска Сауд Аравия, Түркия, Иордания, Бириккен Араб Эмираттары, Пакистан, Бангладеш, Бахрейн, Бенин, Того, Тунис, Жибути, Сенегал, Судан, Сьерра-Леоне, Сомали, Габон, Гвинея, Палестина, Катар, Кот-д’Ивуар, Куеайт, Ливан, Ливия, Мали, Мальдив Республикасы, Малайзия, Египет, Маракко, Мавритания, Нигер, Нигерия жана Йемен мүчөлүк кылат.

21-декабрь: Футбол чиновниктеринин чыры

ФИФАнын экс-президенти Йозеф Блаттер жана УЕФА президенти Мишель Платини 8 жылга футболдук иш-чаралардан четтетилди. Буга ФИФАнын этика комитети чечим кабыл алды.

ФИФА этика комитетинин кабыл алган чечимине ылайык, Блаттер футболдун этикасын бузуп, өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөгөн. Анткени буга чейин Блаттер УЕФА президенти Платининин банктык эсебине 2 млн. франк акчаны мыйзамсыз которгону тастыкталган. Ошондой эле булар ФИФАнын тегерегиндеги коррупциялык чырга катыштыгы бар деп айыпталган.

22-декабрь: Мунай баасы 2004-жылдагы көрсөткүчкө түштү

Дүйнөлүк биржаларда мунайдын баасы дагы арзандады. Brent мунайынын баасы Лондондун ICE Futures биржасында 1,34%га кыскарды. Учурда мунайдын бир баррели 36 доллар 24 центти түзүүдө. Бул көрсөткүч 2004-жылдагы көрсөткүч менен бирдей болду. Анткени 2004-жылдын июнунда мунайдын баасы, 36,17 болчу.

24-декабрь: Атамбаев Түркияга сын айтты

Президент Атамбаев жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйында, Орусия-Түркия ортосундагы учак кризиси тууралуу билдирүү жасап, “Учактын атып түшүрүлүшү ката болгон. Бул тууралу Путин менен сүйлөшкөнбүз. Атып түшүрүү чечими туура эмес “,-деген пикирин айткан.

Орозгүл Арстанова
http://maralfm.kg/

December 29, 2015 at 09:38AM
Технологии Blogger.