Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком кыргызстан. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Өзүм Виржиня штатынын чакан шаарынан болом. Үй-бүлөм – өтө диндар адамдар. Шаарыбызда баары христиан динин тутунушат. Баарыбыз чогуу чиркөөгө барып сыйынат элек. Мен ислам тууралуу алгач сентябрдагы террактан кийин уккам. Анда 5-класста окучумун. Ошондо, эсимде, класска директор кирип келип, Нью-Йоркто эмне болгонун айтып берген. Мен анда директорубуздун айткандарынан көп нерселерди түшүнгөн жокмун. Бирок күн сайын мусулмандар тууралуу өтө негативдүү сөздөрдү уга баштадым. Шаарыбыздагылардын баары июнь окуясы тууралуу сөз кылышып, телевизордон террористерди тынбай көрсөтүп жатышты. Мен эчтеке түшүнгөн жокмун. Биздин мектепте диндер тууралуу сабак болбогондуктан, ислам мага карангы бир токойдой эле. Андыктан, интернеттен ислам тууралуу маалыматтарды издей баштадым. Интернет мага “ислам бул – терроризм, мусулмандар өз өлкөлөрүнөн чыкпашы керек” деген маалыматтарды чыгарып жатты. Исламга байланышкан нерселердин баары – негатив эле. Менин ошондо бул дин тууралуу кыпындай да маалыматым болбогонуна карабай, интернеттеги айтылгандардын баары чындык экенине ишенген жокмун. Мунун баарын элдердин коркунучу жана маалыматтын жоктугунан келип чыккан жагдай катары түшүндүм. Адамдардын коркунучу бүтүндөй динге жек көрүүчүлүк катары атылып чыккан эле.

10 жылдан соң жогорку окуу жайына тапшырып жатканда араб тилин үйрөнгүм келди. Мен арабдар менен канчалык көп пикир алышсам, мусулмандар тууралуу маалымат алам деп ойлогом. Көрсө, ошондо мен да стереотиптүү ой жүгүрткөн экенмин. Анткени, анда исламды Жакынкы Чыгыш элдеринин гана дини деп ойлоптурмун. Окуу маалында түрдүү өлкөлөрдөн мусулман досторум пайда болду. Мен аларды суроолор менен жаадырып кирчүмүн. Ошентип, ислам тууралуу ойлорум кеңейе баштады. Андан соң, мусулман өлкөлөрүнө болгон саякатым башталды. Алгач Египет, андан соң Палестина, Тынчтык Корпусу программасы менен ыктыярчы катары Иорданияга 2 жылга сапар алдым. Бул 2 жыл – жашоомдогу керемет убакыт болду. Мен Иорданиянын түштүк бөлүгүндөгү Карак шаарында өтө мээримдүү бир үй-бүлөдө жашадым. Биздин үйдүн ашканасынан Өлүк деңизге керемет көрүнүш ачылчу. Ал жакта жогорку класстагы кыздарга англис тилинен сабак берип жүрдүм. Мен бактылуу элем. Бирок сирия конфликтинин башында бардык ыктыярчыларды эвакуациялай башташты. Биз кетүүгө мажбур болдук. Бардык тааныштарым менен коштошууга 3 гана күнүм бар эле. Алардын баары менин эң жакын адамдарыма айланган. Коштошуу учуру мага эң эле оор болду. Баарынан кыйыны эмне үчүн кетип жатканымды түшүндүрүү эле. Анткени мен Иорданияда өзүмдү толук коопсуз сезчүмүн. Бирок биздин уюмду көндүрүү мүмкүн эмес эле. Мен штатка кайтып келгенимде маанайым чөгүп, Иорданияны катуу сагындым.

null

Кыргызстан? Ал кайда жайгашкан? Аны кантип туура айтуу керек?

Америкада, практикамды башка өлкөдө улантууга болорун айтышты. Анан мага “Кыргызстанга барасың” дешкенде, оюмда 2 гана суроо турду: “Бул өлкө кайда жайгашкан? Аны кантип туура айтуу керек?”. Көп ойлонбой эле Кыргызстанга барууга макулдук бердим. 3 жумадан соң Бишкекке учтум. Бул жакка келгенимде биздин группаны мейманканага жайгаштырышты. Кийинки күнү бизди Ивановка айылына алгачкы тренингди өтүүгө алып келишти. Ал жактан мен биринчи жолу Кыргызстандын маданияты менен тааныша баштадым. Бизге күнүмдүк турмушта колдонулчу кыргызча сөздөрдү үйрөтө башташты. Андан соң, мени кыргыз үй-бүлөм күтүп турган Сокулукка жиберишти. Ошентип, менин Кыргызстандагы жашоом башталды.

Кыргызстандан азандын үнүн угарым менен ыйлап жибердим

Кыргызстандагы алгачкы айларда кыйынчылыктар, албетте, болду. Мен Иорданияны абдан сагынып жаттым. Эсимде, Бишкекке келгендеги алгачкы күнү мен өзүмдүн номеримен балконго чыгып, шаардын көрүнүшүн карадым. Советтик типтеги имараттардын ичинен мечитти көрдүм да, жүрөгүмдө тынчтык сезими пайда болду. Анткени, мечит мага Иорданияны эске салды. А Иорданияда мечиттер абдан көп эле. Мен айылга барып, өзүмдүн жаңы үй-бүлөм менен таанышкан кезде арабызда тилдик кыйынчылыктар болду. Чайга отурганыбызда биз жөн гана бири-бирибизди карап жылмайчубуз. Ошондо мен өз бөлмөмө кирип, азандын унүн уккан кезде бугумду чыгара ыйлап жибердим. Азандын үнүн мен Иорданияда жүргөн кезде өтө жакшы көрүп калгам. Денемди майда калтырак басып өттү. Азыр мен ишеничтүү түрдө Кыргызстанды жакшы көрөрүмдү айта алам. Бул жер менин үйүмө айланды. Башында, Кыргызстанды Иордания менен салыштырып, окшоштуктарды издей берчүмүн.

null

Мени менен орусча сүйлөшүштү

Кыргызстанга келерим менен кыргыз тилин үйрөнө баштадым. Үйрөнүү процесси мага өтө деле оор болгон жок, «ү», «ѳ» жана «ы» тыбыштарын айтууда гана кыйынчылыктар жаралды. Өзүмдү кыргызча эркин сүйлөйм деп айтпайм, бирок оюмду билдиргенге дараметим жетет. Ал эми орус тилин үйрөнүүгө аракет деле кылган жокмун. Анткени, ал мага өтө оор келди. Бирок, эмнегедир мени менен баары орусча сүйлөшүп жатышты. Мен аларга кыргызча сүйлөп жатканыма карабай, алар мага орусча жооп берип жатышты.

Кыргызстанда арак ичкен мусулмандарды көргөндө абдан таң калдым

Менин мусулмандар менен болгон тыгыз байланышым Иорданияда өткөн. Ал жакта элдер шариятты бекем карманышат. Мен жоолук салынбаган жалгыз кыз элем. Ошондуктан, дайыма жабык кийинип, көп боенбогонго аракеттенчүмүн. Иорданияда арак ичкен адамды өтө чанда кезиктиресиң. Эгерде айылда кимдир- бирөө спирт ичимдиктерин сатып алса, бул өтө чоң уят иш катары саналчу. Ал эми Кыргызстанда баары башкача экен. Мен бул жактан өзүн мусулман санаган, бирок жоолук салынбаган кыздарды көрдүм. Өзүн мусулман эсептеген айрым адамдар 2-3 стакан аракты жөн эле ичип кое турган экен, жөн гана ичип эмес, башкаларды да ичүүгө кыйнаганы таң калтырат. Өзүм спирт ичимдиктерин ичпегендиктен, алардын кыйноолорун көтөрүү кыйын болду. Бул кырдаалдан чыгуу үчүн “аракка аллергиям бар” деп кутулуп жаттым. Таң каларлыгы, алар чочконун этин арам деп эсептешип, жешпегени болду. Болбосо, арак менен чочконун эти исламда бирдей арам категориясына кирет. Башында бул көрүнүштөргө катуу таң калдым. Анткени, жадагалса, Америкадагы мусулман досторум да арак ичишчү эмес. Кыргызстандын тарыхы менен таанышкан соң гана бул көрүнүштөрдү туура талдай баштадым. Ислам дини качан, кандай шартта кирген, Советтер союзунун таасири сыяктуу факторлор кыргызстандыктарга чоң таасир эткенин түшүндүм. Кыргызстанда дин көбүрөөк- этникалык түшүнүккө ээ. Элдер өздөрүн алардын ата-бабалары мусулман болгону үчүн гана мусулманмын деп эсептешет. Бул нерсе менин кыргызстандыктардын диний идентификациясынын калыптанышын изилдөөгө болгон кызыгуумду арттырды. Бул жерде түрдүү эпоха, маданият, салт, идеологиянын тарыхы аралашкан экен.

Кыргызстан- менин жан дүйнөмдүн күзгүсү

Мен христиан үй-бүлөсүндө чоңойгом. Балалыгымда чиркөгө барып, жекшемби күндөрү балдарга Библиядан сабак берип, чиркөө хорунда ырдачумун. Бирок азыр үйдө болбогондуктан, чиркөөгө барбайм. Албетте, Кудайга ишенем, кээде сыйынам. Болгону чоңойгон сайын Библияга критикалык көз карашта карап, көп суроолорду бере баштадым. Мен өзүмдү учурда христиан кызы эсептебейм. Башка диндерге ачыгыраак болуп, ислам, иудаизм, буддизмди изилдөөгө аракет кылып жүрөм. Мен диндердин баарын баалайм, анткени алардын баары бир принципке негизделген: сый-урмат, өз ара жардам жана башка.

Диндерди изилдөө – мен үчүн абдан кызык. Элдер бир нерсеге катуу ишенүү сезимин кантип иштеп чыгышарын билгим келет. Мен өзүм 1991-жылы төрөлгөм. Кыргызстан да өзүнүн көз карандысыздыгын ушул жылы алган. Кээде мен “Кыргызстан экөөбүз абдан окшошпуз” деп ойлоп кетем. Анткени, өз эркиндигибиздин үстүнөн ой жүгүртүү, көз караштардын калыптануусунда бир этапты баштан кечирип жатабыз.

null

Кыргызстан тууралуу көп нерсе жазгым келет

Мен Кыргызстан тууралуу көбүрөөк жазгым келет. Башында бул өлкөгө келеримди уккан досторум абдан чочулашкан эле. Эмнеге деп сураганымда, алар: “Бул “стан” өлкөлөрү”,- деп айтышкан (КыргызСтан, ПакиСтан, АфганиСтан ж.б.). Мен аларга “стан”- “жер” дегенди түшүндүрөрүн айтып бердим. “Мисалы, England (Улуу Британия) өлкөсүнөн анын мүчөсү “land”- “жер” болгону үчүн эле коркот белеңер?” деп сурадым. Кыргызстан деле ошол сыяктуу. Мен элдер Кыргызстан жана ислам тууралуу көбүрөөк билүүсүн каалайм. Ата-энем Кыргызстандагы 2-ата-энем менен таанышышты. Ата-энем айылыбыздан кээде гана чыгышкандыктан, чыгышса да бул Европа өлкөлөрү, өзүлөрүнүкүндөй көз караштагы адамдар менен гана сүйлөшүшөт. Андыктан, алардын да мусулмандар тууралуу стереотиптери көп эле. Эми ата-энемдин ойлору акырындан өзгөрүп келе жатат. Жадагалса, атам жазында Кыргызстанга келүүнү пландоодо.

Мен саякатымдан элдер түрдүү улут, дин, маданиятка ээ экенине карабай аларды көп нерсе бириктирип турарын түшүндүм. Биз арабызды бөлгөн эмес, тескерисинче, бириктирген нерселерди издешибиз керек.

Запись Америкалык журналист: Кыргызстандан азандын үнүн угуп, ыйлап жибердим впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Ушул мезгилге чейин дүйнө диндеринин эң ирилеринин бири болгон ислам дининин Борбордук Азияда, анын ичинде Кыргызстанда таралыш тарыхын изилдөө алгылыктуу жүргөн эмес. Окуу китептериндеги ислам жана башка диний ишенимдер жөнүндөгү тийешелүү параграфтарды эске албаганда, XVIII-XX кылымдардагы тарыхнаамада ислам дининин Кыргызстанда таралышы боюнча атайын максаттуу изилдөө жок. Сөз кылынып жаткан проблема боюнча Кыргызстандын эгемендүү мезгилинде кыскача, үстүртөн болсо да иликтөөлөр пайда болуп, Бишкекте, алардын жыйынтыктары Ошто жана Жалал-Абадда болуп өткөн конференцияларда чагылдырылды1, массалык маалымат каражаттарында исламдын жайылыш жараянына арналган серептик макалалар жарыяланды2. Бул жаатта электрондук маалымат каражаттарында чагылдырылган бир катар материалдарды да айта кетсе болот3.  Ислам тарыхы боюнча олуттуу изилдөөлөрдүн жана Түркстандын, Кыргызстандын тарыхындагы маанилүү саясий жана руханий окуялардын фактыларына таянып, Кыргызстанда Ислам дининин таралуу жана бекемделүү жараянын эки чоң доорго бөлүүгө болот. Ар бир доорду өз алдынча дагы этаптарга бөлүүгө мүмкүн.  Биринчи доорду “Исламдын таралуу доору” деп атоо туура. Ал доор бүтүндөй миң жылды өз кучагына алып, биздин замандын VIII – XVIII кылымдарын камтыйт.

1.Кыргызстандын аймагында ислам дининин таралышынын алгачкы этабы (VII-X кк.);
2.Кыргызстандын чөлкөмүндө исламдын мамлекеттик дин катары таанылуу этабы (966-1137-жж.);
3.XII-XVI кылымдардагы саясий окуялардын таасирине байланыштуу ислам дининин таасиринин солгундоо этабы;
4.Ислам дининин кыргыздардын арасында таралышынын күчөө этабы (XVI-XVIII кк.)
XVIII кылымдан ушул күнгө чейин созулган кийинки доорду “Исламдын бекемделүү доору” деп атап, аны да төмөнкү 4 этапка бөлүү максатка ылйыктуу.

1.Кокон хандыгы мезгилинде исламдын Кыргызстандын аймактарында бекемделүү этабы (1711-1876);
2.Орусиянын колониалдык системасынын алкагында ислам дининин Кыргызстандагы абалы (XIX к. экинчи жарымынан XX кылымдын 20-жылдарына чейин);
3.Советтик-тоталитардык режимдин мезгилиндеги ислам дининин Кыргызстандагы абалы (1917 – 1991-кк.);
4.Ислам дининин Кыргызстандын эгемендик мезгилиндеги өнүгүшү жана анын биротоло бекемделиши (1991-жылдан ушул күнгө чейин).
Бир макаланын ичинде аталган эки доорду жана алардын төрттөн этаптарын баяндап чыгууга мүмкүн эмес. Ошондуктан бул биринчи макалабызда Кыргызстандын аймагында ислам дининин таралышынын алгачкы этабынын (VII-X кк.) бир бөлүгүн гана баяндайбыз.

а) Сафед-Булан Кыргызстанда исламдын таралышындагы алгачкы борбор
Биздин замандын VII кылымына чейин Кыргызстандын аймагында Борбордук Азиянын башка чөлкөмдөрүндөй эле отпарастык (зороастризм) менен бутпарастык (буддизм), несториандык (христиандык диндин чыгыш багыты) менен манихейлик, теңирчилик сыяктуу түрдүү диний ишенимдер өкүм сүрүп турган. Алардын таасири кайсыл чөлкөмдө күчтүү болсо, ошол жерлерде алардын сыйынуучу жайлары курулуп, айланасында жашаган тургундар ошол динге сыйынышчу. Диний ишенимдердин көп түрдүүлүгүнүн натыйжасында Жети-Суу аймагында жана Кыргызстандын чөлкөмүндө диний архитектуралык курулуштар (теңирчилик храмдары, бутпарастык монастрлар, несториандык чиркөөлөр, отпарастык-маздеисттик наустар, капищалар), сыйынуучу мазар-жайлар көп учурайт 4.

Мындай жайлардын калдыктары Кыргызстандын аймактарындагы археологиялык эстеликтерде камтылып, алар жөнүндөгү маалыматтар кытай, араб жана европалык булактарда кеңири айтылат. Тарыхый маалыматтарга караганда жогор жакта аталган диний ишенимди алып жүрүүчүлөрдүн ортосунда кээде айыгышкан күрөштөр болуп турган. Бирок, ал диний ишенимдердин эч бири ислам дини келгенге чейин жергиликтүү тургундардын негизги бөлүгүн камтыган үстөмдүк кылуучу ишенимге айланган эмес. Алардын ичинен биздин заманга чейинки мезгилдерде эле калыптанып, калдыктары жаңы доорго чейин жеткен теңирчилик (Теңир кудай) көчмөн түрктөрдө, энесайлык кыргыздарда зор ролго ээ болгондугун айта кетүү ашыктык кылбайт5.

Кыргызстандын аймагынын ислам таасирине активдүү кириши биздин замандын VIII кылымынын ортосунан башталса да, бул дүйнөлүк ири дин менен биздин ата-бабаларыбыздын алгачкы таанышуусу жүз жыл мурун илгереекте – б.а.VII кылымдын орто ченинде эле болгондугу тарыхтан маалым болду. Бул окуя азыркы Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Аксы жана Ала-Бука райондорунун чегарасында жайгашкан “Соот-Булан (Сафед-Булан)” деген кыштактын эзелки тарыхы менен байланыштуу.

Аталган жерде байыркы замандарда отурукташкан тургундары бар чоң кыштак болбосо да, арабдар келгенге чейин эле жергиликтүүлөрдүн маанилүү турак-жайы болгондугун Сафед-Буландын этегиндеги археологиялык казуулардан табылган чопо идиштер далилдеп турат6.  Эл оозундагы уламыштарда бул жердин эзелки аты Долоно шаар7.
Бирок бул турак-жай кичине болгон менен, анын тегереги өнүккөн шаар-кыштактардын системасынан турган. 22-25 чакырым түштүк-батышында Касан шаары (байыркы Давань мамлекетинде Гуйшуань деп аталган – К.Т.), 15-20 чакырым түндүгүрөөк жагында Керван (Кербен – азыркы Аксы районунун борбору – К.Т.) жана Унгар (Кербендин түштүк атрабында Ун-Кар деген тоочо бар – К.Т.), Ранжит (Кербендин түштүк-чыгышында азыркы Кош-Дөбө айлында жайгашкан эрте орто кылымдагы шаар-калдык 8 – К.Т.) орношкон. Өзбекстандын Наманган шаарынан түндүккө карай жайгашкан Аксыкент, Уйчу, Заркент, Чартак сыяктуу шаарлардан жана жогор жакта аталган шаар-кыштактардан турган бул өрөөн байыркы кезде эле Аксы деп аталчу.

Кытай тарыхый булактарына караганда Фергана биздин замандын VI-VII кылымдарында “Полона”, кийинчереек “Пахоньна”, “Бохань” же “Фей-хань” деп аталыптыр9. Фергананын башчысы самаркандык кайсы бир уруудан болгон экен. Аты белгисиз, бирок кытай булактарында бул башчынын титулу Алица деп аталган. Алица 605-жылы Кытай императоруна элчи жиберген деген маалымат бар10.  Изилдөөлөрдүн тастыктоосу боюнча 754-жылы Ферганада 6 ири шаар жана 100дөй кыштактар (бекемделген турак-жайлар) болгон. Борбор шаары кытайча Сигянь деп аталып, ал Ахсыкет шаары деп божомолдонот11.

Кытай булагы “Таншунун” маалыматы боюнча 629-жылдан баштап Фергананы Батыш-Түрк каганатынын ханзаадалары ээлей башташкан. 629-жылы жергиликтүү башкаруучу Циби батыш-түрк ханзаадасы Кань Мохедо тарабынан өлтүрүлүп, кийинчерээк Фергананы Ашина түрктөрүнүн ханзаадасы Шуни ээлеген. Андан кийин бул жерди Шунинин уулу Йебочжи башкарган. Болжол менен 658-59-жж. Фергананын башкаруучусу болуп Цибинин агасынын уулу Аляошань дайындалат. Ал мезгилде Фергана Тань империясына вассалдык көз карандылыкта болуп, салык төлөп турган жана ошол жылдары Фергананы императордун жардыгы менен Хюсюнь деп атап, резинденция катары Касан шаарын эсептешкен12. Ал кезде Касан шаарынын башчысы Ахшид13, көчмөндөр жашаган Унгар округунун башчысы Керван-бас деген адамдар экен14. Уламыштарда Ахшид Керван-бастан көз каранды башкаруучу болуп, ага кызын аялдыкка бергендиги жөнүндө маалымат бар15.

Жергиликтүү мифологиялык, араб булактарынын жана кийинки изилдөөлөрдүн маалыматтарына таянсак Аксы чөлкөмүнө арабдардын биринчи жолу келиши Араб халифатынын16 алгачкы “туура жолдогу халифтеринин” үчүнчү халифи Осмон (644-656) менен төртүнчү халифи Алинин (656—661) мезгилинде болгон. Бул жөнүндө араб булактары да учкай айтып кетишет. Мисалы, 1230-жылы Иленин боюндагы Алмалык шаарында төрөлгөн, кийин Баласагында, Кашкарда жашаган окумуштуу жана акын Джемаль Каршинин17 “Мулхакот Ас-Сурох” деген китебинде “Халиф Осмондун кезинде Мухаммед бен-Джерирдин кол башчылыгында Испид-Булан деген жерге мусулман жоокерлери жиберилип, пайгамбардын жолдоштору болушкан (сахабилер жана табеиндер) 2700 жоокери “динсиздер” менен кармашууда шейит кетишти” деген сөзүн В.В.Бартоль өз эмгегинде келтирет18. Ушундай эле уламышты орус ориенталисти Н.Н.Щербина-Крамаренко 1896-жылы Ферганадан уккан19. Ушул мазмундагы, бирок, анча-мынча гана айырмасы бар уламыштар жөнүндө башка окумуштуулар жана изилдөөчүлөр да белгилеп кетишет20.

Өзбекстандын окумуштуулары акыркы жылдары Сафед-Буланга кызыгуу менен мамиле кылууда. Ошол максатта Шах Хаким Халис тарабынан 1811-жылы жазылган “Сафед Булон қиссаси” (Повесть о Сафед Булане) деген эмгегин азыркы өзбек тилине ылайыктап 1994-жылы басып чыгарышты21. Өзбек окумуштуусу, теги Соотбуландык (Сафед-Буландык) Турсунбай Набиев менен элдик изилдөөчү Мархаматтык Махмуд Хасанийдин пикири боюнча “Сафед-Булон киссаси” орто кылымдарда эле араб тилинде ыр түрүндө жазылган чыгарма экен. Илимде ал чыгарма “Сафед-Булан тарихи”, “Сафед-Булон киссаси” жана “Газотномаи Шох Жарир” деген аттар менен белгилүү болгон. Кийин аны Хужандий деген адам перс тилине, андан Намангандык бир аты белгисиз адам өзбек тилине которуп, бир топ өзгөртүү менен ыр түрүндөгү поэма кылып жараткан. Бул кол жазма XX кылымдын башында Шах Хаким Халис аттуу өзбек окумуштуунун колуна тийип калат да ал Сафед-Буландыктардын жана башкалардын маалыматтарына таянуу менен 1911-жылы өзбек тилинде китеп кылып жарыялаган22.

Чыгарманын кол жазмасынын бири «Ғазот-нома-йи Шоҳ Жарир» деген ат менен Өзбекстандын Бувайдин районунун тургуну О.Шерматов аттуу адамдын жеке топтомунда сакталып турат23. Сөз кылынып жаткан чыгарманын ичинде камтылган окуялар жөнүндө жергиликтүү нарративдик булактарды изилдеген алгачкы өзбек аалымы Исхаккан Жунайдулла кожо уулунун (Ибрат) 1916-жылы жазылган ”Тарих-и Фаргона” деген китебинде да айтылат. Анда ал өз пикирлерин “Таърихи Шох Жарир” деген эски китепке таянып берет24.

Сереп кылынган эмгектерге жана акыркы мезгилдеги изилдөөлөргө25 таянсак, окуянын кыскача таржымалы төмөнкүдөй болгон.

Фергана чөлкөмүнө, тагыраак айтканда анын түштүк-батыш өңүрүнө арабдардан биринчи болуп Каъб ул Ахбор деген кол башчы келген экен. Ал бир нече кагылышуулардан кийин кайтып кетиптир. Арадан бир нече жыл өткөндөн кийин үчүнчү халиф Осмондун мезгилинде Араб халифаты Ферганага “тынчтык чалгын” максаты менен ошол кездеги болочок халиф Азрети Аалынын жээни Мухаммад ибн-Абдуллох Жарирди (Айрым эмгектерде ал “сахиб Мухаммед Хазрет шах-и Джарир, пайгамбардын небереси” деп берилет26) 20 миң кол менен аттантат. Мухаммад Жарир чү дегенде эле Ферганага келген эмес. Бир нече жылдардан кийин ган ал Аалынын халифтик кылган жылдары (656-661) Самаркандан 12 миң кол менен чыгып, Ферганага кирген. Мухаммад Жарир бул жерде Кува чөлкөмүнүн башчысы Хушдод, Аксыкенттин башчысы Хурмуз, Касан шаарынын башчысы Ахшид (Ихшид) жана Унгар (Ун-Кар) чөлкөмүнүн башчысы Керван-Бас менен бир нече кагылышууларды өткөрөт. Мухаммад Жарир жеңишке ээ болуп, Касан шаарына жакын чыңдалган оорук куруп, бир аз убакыт туруп калат. Унгардын башчысы Керван-Бас кызы Бүбү Убайданы Мухаммад Жарирге турмушка чыгарып, алар тынчтык келишимин түзүшөт.

Бирок, бир нече ай бою камоонун натыйжасында Касан шаарын багындырган арабдар басып алуу максатынан кайтпай Керван-Бастын ээлигине карай жөнөп, азыркы Сафед-Булан турган жерге өргүү алышат. Ошол күндөрү Бүбү Убайда төркүлөп келип, атасы Керван-Бас менен Ихшид жума намаз күнү арабдарды кыруу жөнүндө жашыруун бүтүмү бар экендигин угуп калат да, аны күйөөсү Мухаммад Жарирге кабарлайт27. Бирок, бул кабарга анча маани бербеген Жарир өргүүсүн улантып, жума намазды бузбоону чечет. Мусулман жоокерлери жума намазга жыгылышканда аларды аңдып турган Керван-Бастын жоокерлери капыстан чабуул коюп, натыйжада 2772 араб жоокери өлүмгө учурайт. Алардын ичинен сахабалардын, (пайгамбарыбыз салаллаху алайхи вассаламды көргөндөрдүн) табейиндердин, (сахабаларды көргөндөрдүн) баштары алынган. Жалпысынан бул жерде эки тараптан тең миңдеген адамдар курман болушкан. Аман калган араб жоокерлери Керван-Бастын соккусуна туруштук бере албай, Касанга карай качышат. Бирок, Касандын башчысы Ахшид Керван-Баска тилектеш болгондуктан арабдарды шаарга киргизбей коёт.

Кыргындан калган азыраак жоокерлери жана аялы Бүбү Убайданы алып, Мухаммад Жарир өз мекенине кайтат. Тарыхый булактарда арабдар жолдо Аксыкент шаарынын жанына токтоп, Нарын дайрасына жарааттарын, кан болгон кийим-кечелерин жууп, бир аз убакыт өргүү алган делет. Ошондуктан бул жерде азыркыга чейин Жомашуй деген кичинекей кыштак бар. Тажик тилинде “жомашуй” “ич кийимдерди жууп-тазалоо” деген маанини берет экен28. Андан ары Мухаммад Жарирдин калган-каткан кошууну Аравияга кайтып кетет.

Керван-Бас менен Ахшид жеңишти майрамдап, баштары кесилген денелерди көмдүрбөөгө буйрук беришет. Мухаммад Жарирдин аскер башчыларынын биринин Бу Билон (Боболон) аттуу кара түстүү (негритянка) күңү Касан шаарында калып калган эле. Ал кыргындан кийин кожоюнунун башын издеп, бирок, буйруктан коркпой, кесилген 2772 баштын баарын жууп, бир жерге чогултуп көмгөн дешет. Араб жоокерлеринин кесилген баштары көмүлгөн жер алгач “Каллахана” деп атала баштап, кийинчерээк бул жалпы мүрзө катары куран окула турган, зыярат кылуучу жай катары эсептелип калгандыктан Кыргын-Мечит деген атка конгон29. Ал эми жоокерлердин денелери андан 300 метрдей алыстыкта жерге жашырылып, ал жер “Шейиттер Кабыры” деп аталып калган.

Керван-Бас Бу Билонду өлүм жазасына тартууга буйрук берет, бирок, Касан шаарынын тургундарынын суранычына байланыштуу тирүү калтырылган делет. Өлгөндөрдүн башын көөмп, сооп кылгандыгына байланыштуу негритянка Бу Билон агарып кеткен экен да, Сафед (ак) Билон деп аталып калат30. Бирок, эртеби-кечпи өлүм жазасынан корккон кыз тез эле жарык дүйнө менен кош айтышып, сөөгү Каллахананын жанына коюлган делет. Кийинки жылдары бул жер жалпысынан “Сафед-Булан күмбөзү” деп аталып калган экен.

Мухаммед Жарир Арабстанга кайтып келген мезгилде халифатта ич-ара араздашуу (фитна – атуулдук согуштар) жүрүп жатыптыр. Муавийлердин колунан Али ибн Абу Талиб мечитте намаз окуп жаткан жеринде хариджит Фанатик Ибн Мулджам (“туура жолдогу халифтерге каршы турган клан муавийлердин даярдаган террорчулары) тарабынан өлтүрүлүптүр31. Ошол эле хариджиттер Мединага кайтып келген Мухаммад Жарирди да уу берип өлтүрүшкөн делет. Арадан аз убакыт өтпөй Мединада Мухаммад Жарирдин аялы, Керван-Бастын кызы Бүбү Убайда Фазл аттуу уул көрөт. Фазл эресеге жеткенге чейин атасынын тарыхын укпай жүрөт. 40 жашка чыккандан кийин гана апасы болгон окуяларды ага айтып берет. Фазл таятасы Керван-Бастан өлгөн араб жоокерлеринин кунун алыш үчүн чоң аскер топтоп, Ферганага жортуул уюштурат. Уулу менен кошо жөнөгөн Бүбү Убайда Ферганага жетип, азыркы Кокон шаарынын атрабында өлгөн делинет. Азыркы учурга чейин бул жерде Бувайда деген кыштак бар32.

Фазл уюштурган жүрүш ийгиликтүү аяктап, ал Фергананын Аксы өрөөнүн кайрадан мусулман динине караткан экен. Уламыштарда жана тарыхый булактардагы маалыматтарга караганда Фазл Касан шаарында туруп, шах титулу менен 16 жыл бул жерди башкарыптыр. Кийин ал Касанда өлүп, сөөгү Каллахананын жанына коюлат. Кийинчерээк көрүстөндүн үстүнө Шах Фазлга арналып “Шах Фазл” деп тарыхта аталып калган чоң мавзолей курулган экен. Акырындап, бул мазар Фергана өрөөнүндөгү ыйык мазарлардын бирине айланып, тегерегине кыштак куралып, анын аты азыр Сафед-Булан аталып келет33.

Бул тарыхый уламыш 2006-ж. 5-7-сентябрь күндөрү бүткүл дүйнөлүк ислам лигасынын катышуусу жана демөөрчүлүгү менен Бишкекте өткөн «Орто Азия мусулмандары жана алардын дүйнөлүк цивилизацияга кошкон салымы» аттуу эл аралык конференцияда да чагылдырылган34. Аталган Эл аралык конференциянын катышуучусу, Меккедеги Ум аль-Кура медресесинин окутуучусу, доктор Фавваз Бен Али Дхастын докладында мындай тарыхый фактылар келтирилет. Анын пикири боюнча тарыхчы окумуштуу Али аль-Барддын эскерүүлөрүнө караганда, азыркы Кыргызстандын аймагындагы Испид-Булан (Сафед-Булан) деген жерге 2700 шейиттин денеси коюлган, анын ичинде сахабалар менен табейиндердин болгондугу жана алар Халиф Усман ибн Аьффан розияллаху анху, тарабынан жөнөтүлгөндүгү тарыхта белгилүү35.

Демек, араб дин таратуучуларынын Кыргызстандын Аксы аймагына Араб халифатынын алгачкы жылдары эле келиши, Ислам дини менен кыргызстандыктардын байланышы эрте орто кылымдык доордо эле болгондугу эл аралык денгээлде тастыкталып олтурат. Жогорудагы далил мурдатан эл оозунда айтылып келсе да, бул далилдер эми гана расмий түрдө конференцияларда тастыкталгандыгы чоң илимий жаңылык жана олуттуу тарыхый мааниге ээ. Демек, Сафед-Булан Кыргызстандын чөлкөмдөрүндө ислам дининин таралуусунун бирден-бир башаты катары “ыйык жай” эсептелип, анын руханий мааниси зор36.

Б) Орто Азияга жана Кыргызстандын аймагына ислам дининин таралышынын согуштук жол менен өнүгүшү

Кыргызстандын чөлкөмдөрүнө Исламдын активдүү таралыш жараяны Хорасан акими Муслим ибн-Кутейбанын 709, 711-жылы Мавереннагрга жасаган ири жортуулунан башталат37. 3-4 жыл ичинде ал Согдияны, Хорезмди жана Тохаристандын көпчүлүк бөлүгүн караткан. Орто Азияны мусулманчылыкка киргизүүдө Муслим ибн-Кутейбанын ролу араб тарыхнаамасында жогору бааланат. Ал Бухара калкын үч жолу ислам динине киргизип, эски отпарастык жана бутпарастык ишенимдердин идолдорун талкалаттырып, китептерди өрттөттүргөн, мурунку диндердин храмдарын жок кылдырган38. 715-жылы Кутейба Араб халифатынын жаңы халифи Сулейманга каршы козголоң уюштуруп, бирок, өзүнүн эле карамагындагы адамдардын колунан каза тапкан. Араб халифатынын саясий, экономикалык саясатына каршы Мавереннагрда бир нече көтөрүлүштөр чыгып, ислам динин жергиликтүү калкка кабыл алдыруу кыйындыкка турган.

Ал мезгилде Кыргызстандын аймагында саясий күрөш, так-талаштар жүрүп жаткан эле. Истемин кагандын урпактары болгон Батыш-Түрк каганаты алсырап, анын акыркы күчтүү каганы Ышбаранын (651-657) Тан (Кытай) империясынын Орто Азияга болгон аскерий экспансиясы менен кармашта жеңилип калгандан кийин легендарлуу ашина уруусунун урпактары болгон көк түрктөр өз ара араздаша баштаган болучу. Анын үстүнө Чыгыштан Тибет мамлекети күч алып, анын экспедициялык корпустары Жети-Сууга чейин кирип келишкен. Уламдан улам бытырандылыкка баш урган Батыш-Түрк каганатынын “он аймагы өтө алсырап”39 ашина династиясынын батыш салаасынан чыккан кагандардын жыйырма үчүнчүсү Кулан шаарында (Казахстандын азыркы Луговая шаарчасы) өлтүрүлгөн40. Көп жылдарга созулган саясий күрөштөр “он ок бодун (он уруу эл – К.Т.)” элинин “Дулу” конфедерациясындагы төргөштөрдүн бирикмесинин жеңиши менен аяктап, 704-жылы Жети-Сууда Төргөш каганаты түзүлгөн41.

Төргөштөр хара жана сары төргөштөр болуп эки топтон турган. Жашаган аймактары Чүй жана Иле дарыяларынын бойлору болуп, алар VII кылымдын акырынан баштап, Тан империясына каршы кармаштарга катышуу менен тарыхый аренага чыга баштаган болучу. Төргөш кагандыгынын негиздөөчүсү жана биринчи каганы сары төргөштөрдүн башчысы Үч-Элик каган (704-706) болгон. Жаңы мамлекеттин чектери түштүк-батышынан Сыр-Дарыясынын ортоңку агымы, түндүк-чыгышы Эртиш (Иртыш) дарыясынын жогорку агымы болуп эсептелген жана борбору Суяб шаары (Чүй өрөөнү – К.Т.) болгон. Чыгыш Түркстан да каганаттын курамына кирген. Өлкө 20 аймакка (округ) бөлүнүп, ар бир аймактан 7 миң аскер чыгарууга мүмкүн эле. 706-711-жылдары каганатты Сакал каган бийледи. Анын мезгилинде төргөштөргө чыгыштан жана түштүк чыгыштан Тан империясы, түндүк-чыгыштан көк түрктөрдүн Экинчи түрк каганаты (682-744), ал эми түштүк-батыштан Араб халифаты менен бирдей күрөшүүгө туура келген.

710-жылы негизги коркунуч болгон Экинчи түрк каганатына каршы “үчтүктөрдүн коалициясы” түзүлгөн. Бул коалицияга Кыргыз каганаты (VI к.аягы-X к.), Төргөш каганаты (704-766), Тан империясы (618-907) кирип, аны түзүүгө демилгечи Кыргыз каганы Барс-бек Инанчу Алп-Тегин болгон42. Бирок, коалиция 711-жылы талкаланып калат. Ошол жылы Барс-бек да, Сакал каган да көктүрктөрдүн кол башчылары Тону-Көк менен Күлтегиндин колунан каза табышкан. Кийинки жылдары хара-төргөштөр күч алып, эми алар мамлекетти кайра тикелөөгө аракет кыла баштады. 716-739-жылдары Төргөш каганатынын каганы хара-төргөштөрдөн чыккан таланттуу кол башчы Чабыш-чор Сулук болуп калган. Хара-төргөштөр мамлекеттин ядросун түзүп, кийинчерээк азыркы кыргыз элинин курамына кирип кетишкендигин айта кетүү абзел.

Чабыш-чор Сулуктун тышкы саясаты эки фронтто күрөш жүргүзүү болучу: негизги багыты түштүк-батыштан мамлекеттин чегараларына жакындап келе жаткан арабдарга каршы туруу, экинчиси Тан империясы менен күрөш. Сулук алгач чыгыш коркунучун нейтралдаштырууну чечти. 717-жылы Тан империясынын борборуна элчи жиберип, кытай коркунучун азайткан. Чыгыш Түркстанда туруп, Тан империясынын колдоосу менен бийлик талашкан Батыш түрк каганынын ашина династиясынын бир урпагынын кызын аялдыкка алган. Сулуктун дагы бир аялы Экинчи Чыгыш-түрк каганы Бильге кагандын (716-734) кызы эле. Ал эми анын үчүнчү аялы – Тибет падышасынын кызы болуп калган. Сулук өзүнүн кызын Бильге кагандын уулуна берген. Ошентип ал чыгыш тарапта ийгиликтүү дипломатиялык мамиле түзүп, бардык аскердик мүмкүнчүлүктөрдү арабдарга каршы күрөшүүгө багыттаган. Бул анын кыраакы дипломат жана таланттуу кол башчы экендигин тастыктаган фактылар эле43.

720-жылдан баштап Чабыш-чор Сулук “он ог бодун”, Чач (Шаш-Ташкенттин эски аты), Фергана жана согдалыктарды (Самарканддын айланасындагы тургундар) бириктирип антиарабдык коалиция түзгөн жана бир нече ийгиликтүү жортуулдарды уюштурган44. Натыйжада 728-жылы арабдар Согданы таштап чыгып кетишкен. Кийинки жылдары Араб халифаты аскерлерди күчтөндүрүп, кайрадан Мавереннагрга басып кирген, бирок алардын жортуулу ийгиликке жеткен эмес. 731-жылы Хорасанда араб башкаруучуларынын ортосундагы араздашуулардын негизинде Харис ибн-Сурейдж аттуу кол башчынын жетекчилигинде Омеяддардын (Араб халифатынын ошол мезгилдеги башкаруучу династиясы – 661-750) бийлигине каршы кыймыл башталат. Харис ибн-Сурейдж Чабыш-чор Сулук менен мамиле түзүп, андан колдоо алууга аракеттенет. Бул окуянын натыйжасы 735-жылга чейинки араб-төргөш ортосундагы салыштырмалуу тынч саясаттын орношу болучу.

Халифаттын аскерлери Сурейджди талкалоого келген мезгилде Чабыш-чор Сулук 734-жылы Чүйдөн Хорасанга чейин тездик менен аскерий жүрүш уюштуруп, арабдарды түштүккө сүрүүгө жетишкен. Мунун өзү Араб халифатына Төргөш каганаты тарабынан түзүлгөн реалдуу коркунуч болучу. Мындай коркунуч араздашкан араб кол башчыларын биригүүгө түрттү. Бирок, ал мезгилде атактуу кол башчы Чабыш-чор Сулуктун мекенинде аны көрө албагандар тарабынан кутумдук козголоң уюштурулуп жаткан эле. Сары төргөштөр бул династиялык кармашта жеңип чыгышты жана 739-жылы Сулукту өлтүрүп тынышты45. Бул окуя арабдардын Орто Азияга багытталган аскерий экспансиясынын күч алуусуна жана Төргөш каганатынын алсырап, Жети-Сууда түзүлгөн кырдаалдан пайдаланган жаңы саясий күч – карлуктардын тарыхый аренага чыгышына өбөлгө түзгөн.

Араб экспансиясына каршы турган коалиция кыйраган соң, 10-12 жыл ичинде Орто Азияны ислам динине киргизүү кампаниясы бир топ ийгиликтүү жүрдү. Натыйжада кайрадан арабдарга Мавереннагр, Хорезм, Фергана, Чач каратылган. Мунун өзү Борбордук Азияда ислам динин орнотуу жараянынын бекем пайдубалын түзө алган.

В) Талас салгылашуусу жана анын мааниси

Араб халифатынын Орто Азиядагы саясий-экономикалык, өзгөчө диний таасиринин жылдан-жылга күч алып бара жатышы жана мусулман аскеринин ийгиликтүү чабуулдары Тан империясына (Кытай) геосаясаттык олуттуу коркунучту пайда кылган. Бай жана өнүккөн регион эсептелген Тураниянын кайсыл бир бөлүгүн ээлеп алуу – Тан императорлорунун мурунтан келе жаткан максаты эле. Бул максатты ишке ашырууга 552-жылдан баштап түзүлгөн күчтүү Түрк каганаты, андан кийинки Чыгыш жана Батыш түрк каганаттары, Экинчи Чыгыш-Түрк (көк түрк) каганаты, Жети-Суудагы Төргөш каганаты негизги тоскоолдор болуп келген. VIII кылымдын ортосундагы Орто Азиядагы жана Жети-Суудагы эл аралык кырдаал, Төргөш кагандыгынын алсырап, карлук уруу бирикмеси менен атаандашып жатышы Тан империясынын алдына Түркстанга жортуул уюштурууга эң оңтойлуу кырдаал түзүп берген. Анын үстүнө Орто Азиянын басымдуу бөлүгүн ээлеген арабдар бул мезгилде Жети-Суунун чегине келип калган болучу. Бул кырдаалда Тан империясы Гао Сяньчжи46 баштаган чоң аскерди Жети-Сууга карай жортуулга аттандырды. Кытай армиясы көп тоскоолдуктарга учурабай 748-жылы Суябды талкалап, кийинки жылы Чачтын (Ташкенттин) башкаруучусун туткундап, өлтүрүп салышкан. Ал эми 751-жылы болсо Тан армиясынын айрым отряддары Талас өрөөнүнө чейин басып кирген.

Ал мезгилде арабдар Мавереннагрдагы көтөрүлүштөрдү негизинен талкалап бүткөн эле. Ошондуктан, Араб Халифаты чыгыштан каптап келе жаткан Тан империясынын экспансиясына каршы турууну чечти. Анын үстүнө Тараз (азыркы Шымкент) шаарында кытайлардын авангарды менен согушуп жаткан арабдардын азганакай отрядынын башчысы Саид ибн-Хумейд, ошондой эле Чачтын Тан аскерлери тарабынан өлтүрүлгөн башчысынын уулу Хорасандын акими Абу Муслимден жардам сурап, расмий кайрылышкан болучу. Натыйжада Абу Муслим өзүнүн кол алдындагы таланттуу аскер башчылардын бири Зияд ибн-Салихтин башчылыгында ири кошуунду Таласка жиберген. Бул окуя Суябдан Гао Сяньчжинин 100 миң солдаттан турган армиясын Таласка жөнөөгө мажбур кылды47.

Ошентип, 751-жылдын июль айында Талас суусунун боюндагы Атлах шаарынын жанында 48 эки зор армиянын 4 күндүк тарыхый салгылашуусу болуп өткөн. Салгылашуунун тагдырын төртүнчү күнү кытайлардын тылынан капыстан сокку урган карлуктар чечти. Натыйжада Тан империясынын армиясынын таш-талканы чыгып, алардан 50 миң жоокер каза таап, 20 миңи колго түшкөн49. Тарыхый маалыматтарга караганда чачыла качкан кытай жоокерлеринин азыраак гана бөлүгү Ысык-Көл ойдуңунан ары өтө алган, көбү тоо-таштын арасында өлгөн делет. Кыргыз элиндеги “кытай, кытай кырылгыр, кырк дөбөгө жыйылгыр” деген тарыхый макал мүмкүн ошол окуяны чагылдырып тургандыр…

751-жылы болгон Талас салгылашуусунун тарыхый мааниси зор. Биринчиден, салгылашуунун жыйынтыгы Тан (Кытай) империясынын Кыргызстандын аймактарына болгон саясий экспансиясын миң жылга чейин токтоткон50. Экинчиден, Араб Халифатынын да аскерий жортуулдары токтоп, ушул окуядан кийинки жылдары түрк элдерин ислам динине киргизүү жараяны негизинен тынчтык-миссионердик жолго түшкөн51. Кыргыз элинин “мусулманчылыкты тажиктер менен сарттар (өзбектер) кылычтын мизи менен, ал эми кыргыздар өз макулдугу менен алган” деген ылакап сөздүн кайсыл бир деңгээлде чындыгы бар экендигин кийинки кылымдардагы окуялар ырастап турат. Үчүнчүдөн, бул окуя бүтүндөй Орто Азия элдеринин кийинки тагдырына Ислам цивилизациясынын андан ары өнүгүшүнө жол ачып берди. Эми, 120-130 жыл мурун калыптана баштаган араб цивилизациясынын өнүгүшү саясий-согуштук мүнөздөн социалдык-маданий жана руханий багытка трансформациялана баштады. Чынында эле Хорасанды, Мавереннагрды, Фергананы жана Чачты каратуу негизинен араб жоокерлери тарабынан шаарларды, айыл-кыштактарды талап-тоноо, жергиликтүү тургундарды кулдукка алуу, каратылган аймактарга чоң суммадагы алык-салыктарды салуу, административдик-аскерий түзүмдөрдү уюштуруу менен коштолсо, эми Кыргызстандын жана Казахстандын аймактары Араб халифатына административдик бирдик катары кирбестен, ислам динине өтүүчү субьект катары гана эсептелип калган. Ошону менен бирге араб цивилизациясынын руханий баалуулуктары жаңы кыртышка сиңип, андан ары өнүгүүгө багыт алган.
(уландысы бар)

Запись Ислам дининин Кыргызстанда таралыш тарыхынан… впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Кезектеги фото-баянда КМШ аймагындагы (мурунку СССР) өлкөлөрдүн борбор калааларындагы (же өлкөдөгү ири мечиттер) мечиттер чагылдырылган.

1. АРМЕНИЯ.  Еревандагы  Көк мечит
1766-жылы Эриван хандыгынын түрк ханы Гуйсейнали-хан Каджар, Ереван калаасынын сардары (губернатору) 7 миң м.кв аянтка армян-иран достугунун урматына Көк мечитти курууга буюрат. Еревандагы Көк мечит Армениянын борбор шаарындагы жана Кавказ чөлкөмүндөгү эң ири мечиттердин бири. Мурда бул мечит Эриван хандыгынын тушундагы 8 эң көлөмдүү мечиттердин биринин катарында эле. Адегенде төрт мунаралуу бул мечит  ар жылы бүлгүнгө учурап, үч мунарасы кыйрап, бүгүнкү күндө бир чоң жана үч майда мунарачалары калды.  Мурдагы борбордук базардын жанандагы Маштоц проспектисинин жананды жайгашкан Көк мечит Экинчи дүйнөлүк согуштан соң Ереванда\ын тарых жана табият музейи катары оңдолуп тургузулуп, ал музейде археологиялык, тарыхый, мадания экспонаттар, кийинчерээк планетарий  тураар эле.  1995-жылдан тартып Ирандын колдоосу менен Көк мечит – мечит катары калыбына келтирилген. Учурда Көк мечит- Армениядагы иран коодоштугунун маданий борбору.

2. Беларусия.   МИНСКтеги мечит
Минскидеги мечит ажайып кооз.   Тарыхка көз чаптыра турган бослок, Минск ар убак  ар кыл маданияттарды, диндерди айкалыштырган көп улуттуу шаар болуп келген. Мисалы, мурун борбор калаанын түндүк-батышында мусулмандар отурукташчу. 16-кылымдын акырында азыркы Юбилейная мейманканасы турган жерде өлкөдө алгачкы мечит жыгачтан курулуп мусулмандар ал жерде 19-кылымдын акырына чейин келип сыйынып турчу жай болгон. 20-кылымдын башында ал мечиттин ордуна византия стилинде таш метериалдарынан чон мунаралуу мечит курулат. Ал мечит кооз, архитектуралык жактан  көркөм болгондуктан ал кездеги открыткалардын көбүндө ушул ошол мечиттин сүрөтүн көрүүгө мүмкүн эле. Тилекке каршы мечит биздин күнгө чейин сакталбады, согуштан кийин советтик бийлик аны талкалаган. Минскидеги жаңы мечит Игнатенко жана Грибаедов көчөлөрүнүн тушуна, эски татар гөрүстөнүнүн жанына курулган. Булу мечиттин ичине 2000 киши батат.

3. Грузия. Тбилисидеги Жума мечити
Сунниттер менен шииттер бирге сыйына берген дүйнөдөгү бирден бир мечит. Тбилисидеги Жума мечити 20-кылымдын башында курулган. Бул мечитти курууда ошол заманда жашаган үч бир туугандын тиешеси бар, алар оболу үчөө тең бирден мечит курууну көздөшүп, бирок курулушу аягына чыкпай калыптыр. Мечит Мейдан деп аталган райондо жайгашкан, ал аймакта азербайжандар көр олтурукташчу, бирок кийинчерээк алардын саны кыйла азайып кетти.  Анын айланасында үйлөр өтө көп болгондуктан мечит деле анча байкалбайт.  Грузияда мурунтан эле бүт диндерге толеранттуу мамиле кылынып келген. Мисалы Давид падыша чиркөөгө баруу менен бирге мусулман мечитине да барып турган. Ошондой эле мусулмандар жыш жашаган жерлерде чочко союуга тыюу салган. Учурда мусулмандардын мечити, Католиктердин чиркөөсү, Православ чиркөөсү жана Синагогалар бир бири менен катар жайгашкан.

4. Украина.  Киевдеги Ар-Рахма мечити
Киевдеги Ар-Рахма мечити өлкөдөгү эң кооз имараттардын бири. Мечитке мусулмандар гана эмес, туристтер да кызыгып көп катташып, жергиликтүү тургундар да ичине кирип архитектуралык көркөмдүүлүгү менен таанышышат.

5. Азербайжан. Гейдар мечити
Азербайжандын мурунку президенти Гейдар Алиевдин урматына салынган бул мечиттин жалпы аянты 12 миң м.квадратты ээлейт. Мечиттин өзүнүн аянты 4200 м.квадрат. сырты Ширван-Абшерон архитектурасына мүнөздүү кооздукта жасалгаланып, төрт мунаранын ар бири 95 метрден.  Негизги мунарасынын узундугу 55 метр, экинчи мунарасы 35 метрди түзөт.

6. Латвия. Ригадагы мечит
Кайра куруу убагында салынган эң эски имараттардын бири. Аны мечит деп деле атоо кыйын, жергиликтүүлөр бул имаретты ислам мадания борбору деп аташат. Бул аймакта илгери татар мусулмандары жашап келгендигине карабастан Ригада мечит курууга анча көңул бурулбайт.  Латвияда болжол менен 12 мин мусулман жашайт. Бйиликтер мусулмандарга көңүл кош мамиле жасашкандыктанбы, Прибалтикада кадимки биз көрүп жүргөндөгүдөй занкайган чоң мечиттер жок, тек гана катардагы бир имараттардын бириндей имараттарга мусулмандар маал маал  чогулуп турушат. Ригадагы бул мечит, сыйынуучу жай эмес, кадимки бир офистей эле көрүнөт.

7. Литва. Каунастагы мечит
Прибалтикадагы санынын көптүгү жагынан экинчи орунда турган мусулмандар Литвада турушат.  Учурда бул мамлекетте ар кандай эсептөөлөргө караганда 7 миң мусулман жашайт, алар негизинен этникалык татарлар. Мусулмандар такай барып турчу 5 мечит бар, алардын эң көркөмдүүсү 1933-жылы курулган Каунастагы мечит.

8. Эстония. Жападан жалгыз бир мечит
Эстонияда мусулмандардын саны эң аз.  Эстония Орусия империясынын курамына кирген 1721-жылдан тартып бул аймакка алгачкы мусулмандар келип жашай башташкан. Ал мусулман муундун бала-чака, неберелери азыр такыр эле сейрек калды.  Азыркы мусулмандар – Прибалтика мамлекеттери СССРдин курамына киргенде келип жашай башташкан мусулмандарды урпактары.  2011-жылдагы калктын себин алууда Эстон республикасында 1500 мусулман бар экени такталган. Айрымдар бул сан так эместиигин айтышып, өлкөдө 10 дон 20 миңге чейин мусулман жашаарын айтышат. Учурда Эстон жергесинде бир гана мечит бар.

9. Молдова. Байкалбаган мечит
Молдовадагы жападан жалгыз мечит борбордон кыйла алыс жакта, борбордун түндүк-батышындагы өнөр жай ишканалары жыш райондо  жайгашкан.  Молдавияда мусулман калкынын саны 3-15 миң деп болжолдонот. Алар негизинен татарлар (буджац татарлары, дунай татарлары) . Өлкөнүн күч структуралары мусулмандардын ишмердигинин активдешине өтө саксынуу менен мамиле кылышат.  2005-жылы  Молдавиянын Дин башкармалыгынын башчысы Талгат Машаев ислам динин каттоодон расмий өткөрүү сунушу менен кайрылганына карабастан, а турсун ОБСЕ миссиясынын суранычына карабастан каттоодон өткөрүшкөн эмес.  2011-жылдын 14-мартында өлкөнүн Адилет министрлиги  Молдова Республикасынынын Ислам лигасын расмий каттоодон өткөргөн.

10. Орусия.  Маскөөдөгү эң ири борбордук мечит
Маскөөдөгү бул мечит 2015-жылдын 23-сентябрьда Курман Айт күнү расмий ачылган. Мечитке 10 миң киши батат, бул  мурдагы мечитке караганда 20 эсе көп.

11. Өзбекстан. Ташкенттеги  “Минор” мечити
Ташкенттеги Минор мечити 2014-жылдын 1-октябрында Курман Айт күнүн утурлай ачылган. Ичине 2 400 дөн ашуун кишини батыра алчу Өзбекстандагы эң чон мечиттин аянты 11 гектарды ээлейт.

12. Түркмөнстан. “Түркмөнбашы Рухы” мечити
Түркмөнстандагы башкы мечит Ашхабаддан 15 км алыстыкта жайгашкан маркум президент Сапармурад Ниязовдун туулуп өскөн мекени Кыпчай аймагына  курулган. Мечитти курууга атайын франсуз архиткеторлору, курулушчулары чакырылып ак мрамордон курулган бул мечитке мамлекеттик казынадан 100 миллион доллар сапталган.  Мечиттин жалпы аянты 18 миң метр кв. Мечиттин шыбынын бийиктиги 55 метр, төрт мунаранын бийиктиги 80 метрден.

13. Казакстан. Нур-Астана мечити
Астана калаасындагы Нур-Астана мечити 2005-жылдын 22-мартында ачылган. Өлкөдөгу эң кооз архитектуралык ажайып имараттардын бирине айланган.  Мечиттин ичинде Каабаны жапкан кара материалдын , Кисванын фрагментинин үзүмү жана Сауд Аравиясынын королунун басманаканасынан чыккан Ыйык Куран бар.  Нур-Астана мечитинин долбоорун ливан архитектору Чарльз Хафиз түзүп, түркиялык “Пасинер” курулуш компаниясынын курулушчулары куруп, долбоорду Катар өлкөсү каржылаган.  Мечиттин ичине 5 миңге жакын адам сыят.

14. Тажикстан. Келечектеги мечит
Тажикстанда мечиттердин саны  бир топ.  Дүйшөмбү калаасындагы курулуп жаткан Борбордук Азиядагы эң чоң мечиттин жерпайын түптөө иши 2009-жылы башталып, алгачкы ташты президент Эмомали Рахмон койгон. Бул мечитке каражатты Катар мамлекети бөлүүдө.  Мечиттин курулушунда тажик улутунун жана дүйнөлүк архитектуранын үлгүлөрү айкалыштырылмакчы. Төрт мунаранын ар бири 75 метрди түзүп, 47 метрдик башкы мунара мечитке көрк берип турат.  Жети жарым гектар аянтты ээлеген мечиттин короосунда намаз окуучу аянттар, китепкана, жыйын өтүүчү жай, жана конок тосуучу жайлар, ислам университети курулуу пландалган.  Мечит толугу менен 2018-жылы бүткөрүлмөкчү.

15. Кыргызстан. Борбор азиядагы эн чон мечит
Кыргызстандын борбору Бишкекте  Борбор азиядагы эн ири мечиттин курулушу бүтүү алдында турат. Курулуш иштери Түркиялык (TDV) Диний фондусу тарабынан каржыланган. Осман доорундагы архитектуранын стилинде салынган бул мечиттин курулушу 2012-жылы башталган.  Мечиттин жалпы аянты 7,5 мин кв.метрди түзөт.  Мечиттин ичкерки жагында 6 миң киши намаз окуй алат. Сырт тарабын, мечиттин айланасындагы короосун эске алганда бул мечиттин ичине жана сыртка жалпысы болуп  20 миң адам сыят. Мечитте 500 автоунаага ылайыкталган унаа токтотуучу орун бар. Мындан тышкары, Куран окуу үчүн атайын бөлмөлөр, конференц-зал, ашкана, фонтан орун алган.  Мечит сыртынан Анкарадагы Кожатөпе мечитине куюп койгондой окшош. Курулуштун жоопкер башчысы Муса Демиржинин айтуусунда, курулуш иштери дээрлик аяктап калды, болгону көрктөндүрүү иштери гана калды.

IslamLife

Запись КМШ өлкөлөрүндөгү ири мечиттер впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Ислам дининин атын колдонуп эле, капкара  болуп чүмкөнгөндөрдү сындады. Анын айтымында, салттуу эмес диний агымдардын мындай кийимдерине тыюу салуу зарыл.

Буга чейин Кыргызстанда да жеке ишкер тарабынан “Кайран элим, кайда баратабыз” деген жазуу менен кошо кара жамынган кыздардын сүрөттөрү борбордук көчөлөргө илинип, коомчулукта талкуу жараткан. Андан кийин эле өлкө башчы Алмазбек Атамбаев да бул аракетти туура деп баалап, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында илинип турган. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы да жарандарды улуттук баалуулуктарды да сактоого чакырып, кара кийбөөнү насаат катары айтып келишкен. Аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары Марс Ибраев Кыргызстан бир эле Орто Азияда эмес, мурдагы Совет өлкөлөрүнүн арасында да дин тутуу эркиндиги жагынан алдыда экенин айтат. Ошол эле учурда Кыргызстан жарандарды тыюу жолу менен эмес түшүндүрүү аркылуу коркунучтардан оолак кармоо жолунда экенин белгиледи.

-Казакстанда болгон диний кырдаалдар биздин өлкөдө боло элек. Бул өлкө башчыбыздын маселеге демократиялуу, коомдук нормалар менен карагандыгынан. Ошол үчүн сырткы көрүнүш, сакал жана кийимдерден тыюу аркылуу диндин туруктуулугу жолго салынып калат деген туура эмес деп ойлойм. Бул жердеги маселе калкка түшүндүрүп, аларга дин эркиндигин бергенде. Дин эркиндиги дегенибиз, диний түшүнүктөрдү мектептен баштап жогорку окуу жайларга чейин адеп-ахлакты кенен жаюу болуп саналат.

Ошондой эле коңшу өлкөнүн таасири болуп-болбосу убакыттын өтөрү менен белгилүү болорун кошумчалап өттү. Казакстан менен Кыргызстандагы диний кырдаал такыр башкача. Биздин өлкөдө бийлик тарабынан дин кармангандарга эч кандай кысым же репрессия жок. Казакстанда динди орточо кармангандар менен радикализмге малынгандар бирдей саналат. Буларды айткан диний изилдөөчү Аман Салиев алар  сакал коюп эле кара кийинип алса, коркунуч туудура тургандай кабылданат дейт.

-Кандай кийинүү же өзүн алып жүрүү бул ар бир адамдын өз эрки. Эгерде башкаларга зыяны тийбей турган болсо, сакал коюп, кара кийингенге эмнеге болбосун? Мындай тыюулар биздин өлкөдө жок. Бирок Казакстан менен Өзбекстанда кеңири тараган. Бул жерде маселе кийимде эмес. Адамдардын сабаттуулугунда турат.

Казакстандын бул аракети улуттук баалуулуктарды сактоого багытталганын өлкө башчысы өз сөзүндө айткан. Журналист Бейшенбек Бекешов кыргыздын ата-бабасы сакал коюп келгенин айтып, бул улуттук баалуулукка жана маданиятка каршы келбейт дейт. Ошондой эле сакал коюуну чектөөнү маңкуртчулук катары кабыл алганын жашырбайт. Кыргыз эле жамандыкта кара кийгенин эске салып, азыркы учурда дин тутунган кыздардын арасында андай кийингендер чанда кездешерин белгилейт.

-Сакал коюп-койбоо – ар бир жарандын өзүнүн маселеси. Бул биздин ата-бабалардан келаткан иш. Каалагандар коюп, каалабагандар алып жатат. Аны койгондордун баарын террористке теңегени туура эмес. Ал эми кара кийимди болсо кыргыз жамандыкта кийген.

Сөзүн улай, улуттук баалуулуктарга жана маданиятка каршы келген тоскоолдуктарды жоюу керек болсо, анда кыска кийинген кыздардан баштоо керек деген пикирин айтып өттү.

http://maralfm.kg

Запись Кыргызстан дин эркиндиги боюнча мурдагы Совет өлкөлөрүнөн алдыда впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

2015-жылы Кыргызстанда диний чөйрөдө кандай окуялар, бурулуштар болду? Ушул жана башка суроолордун тегерегинде Кыргызстандын мурдагы муфтийи, аалым Чубак ажы Жалилов “Азаттык” радиосуна маек куруп берди.

“Азаттык”: Чубак ажы, узап бараткан 2015-жылга сереп салып, диний чөйрөдө кандай ийгилик жана өксүктөр болду деп айта аласыз?

Чубак ажы: 2015-жыл диний чөйрөдө өтө бурганактуу жыл болду.Даават боюнча месле көтөрүлүп, аларга айрым кишилерде терс маанай жаралганын, Сирияга “жихадга” деп азгырылгандар улам көбөйгөнүн, ошондой эле “Ислам мамлекети” деген топтун динге туура келбеген жоруктарын айтсак, демек бул жыл оңой болбоду. Кээ бир депутаттарыбыз намазканаларды сындаганы коомчулукта ызы-чуу жаратты. Андай сын айткандарды да түшүнүү менен кабыл алдык, бала мүнөзүнөн улам сүйлөп коюшу мүмкүн.

“Азаттык”: Диний агартуучулукка кандай баа бересиз? Жыл башында бул жаатта сын-пикирлер көбөйгөн эле.

Чубак ажы: Былтыркыга караганда жеке өзүмдүн диний ишмердигим да, жалпысынан диний агартуу боюнча аткарылган иштер да жемиштүү болду. Менин демилгем жана башкалардын жардамы менен Сауд Арабиядан профессорлорду, диний ишмерлерди чакырып, молдокелерибизге салттуу исламдын жол-жоболорун үйрөттүк. “Ислам мамлекети” тобунун багыты туура эместигин түшүндүрдүк. Азирети муфтийибиздин аракети менен имамдардын жоопкерчилиги күчөтүлүп, жаңыча иштөө ыкмалары кирди.

Азаттык”: 2016-жылдан кандай өзгөрүүлөрдү күтүп жатасыз же кандай божомолдоруңуз бар?

Чубак ажы: Жаңы жылда диний агартуучулук жаатында заманбап таалим берүү күчөйт деп үмүт кылып жатам. 2015-жылы “Ыйман” фондунун жардамы менен имамдарды окутуу өнөктүгү жүрдү. Муну менен адамдар арасында салттуу дин менен радикал агымдардын айырмасы тууралуу түшүнүк бериле баштады. Динге болгон көз карашты калыптандыруу үчүн заманбап таалим берүү аябай зарыл. Бул иш 2016-жылы максаттуу ишке ашышын каалайм.

“Азаттык”: Радикал көз караштагылар менен салттуу диний багытты кармангандар аралашып, коомчулукта түшүнүксүз ойлор да жаралганынан кабарыңыз болсо керек. Бул маселени чечүүнүн кандай жолдорун сунуштайсыз?

Чубак ажы: Ооба, аралашып кеткенин туура айттыңыз. Белгилүү дин аалымдары адамдарга жеткиликтүү усулда, жалпак тилде ак менен каранын айырмасын түшүндүрүп бериши зарыл болуп турат. Радикал көз караштагылар менен диалогго барышыбыз керек. Азыр диалог жок болуп атпайбы. Ошол радикал исламчылар менен түзмө-түз сүйлөшүүгө эч кандай аянтча түзүлгөн эмес. Алар бети-башын чүмбөттөп өз билгенин жасап жүрөт. Өздөрү келбейт биз менен сүйлөшкөнгө. Биз барышыбыз керек. Ортодо сүйлөшүүлөрдү өткөрсөк, радикалдашуу азаят. Алар ошол сүйлөшүүлөрдөн тыянак чыгаргыдай болушу керек. Сырттан бири-бирибизди жек көрө берүүдөн пайда жок. 2016-жылы ушул жаатта алгылыктуу иштер болот деп ишенем. Бул үчүн Мусулмандардын дин башкармалыгы аракет көрүп, ага жалпыга маалымдоо каражаттары да жардам берүүсү кажет.

Азаттык


January 10, 2016 at 03:20PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

22-декабрь. Кыргызстандын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдардын тизмесин жарыялады.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын соттору төмөнкү экстремисттик жана террористтик уюмдардын мамлекеттин аймагында иш алып баруусуна тыюу салган.
1.»Аль-Каида» — 2006-жылдын 15-сентябрында Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечиминин негизинде тыюу салынган.
2. «Талибан Кыймылы» — 2006-жылдын 15-сентябрында Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечиминин негизинде тыюу салынган.
3. «Чыгыш Түркстандагы Ислам кыймылы» – 2003-жылдын 20-августунда Жогорку соттун токтомунун негизинде тыюу салынган.
4. «Курдск элдик конгресси» («Конгра-Гель») — 2008-жылдын 11-июнунда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечиминин негизинде тыюу салынган.
5. » Чыгыш Түркстанды бошотуу уюшум» — 2003-жылдын 20-августунда Жогорку соттун токтомунун негизинде тыюу салынган.
6. «Хизб ут-Тахрир-аль-Ислами» — 2003-жылдын 20-августунда Жогорку соттун токтомунун негизинде тыюу салынган.
7. «Группа джихада» («Исламс джихадынын союзу») — 2008-жылдын 11-июнунда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечиминин негизинде тыюу салынган.
8. «Түркестандын ислам партиясы» (Өзбекстандын ислам кыймылы) — 2003-жылдын 20-августунда Жогорку соттун токтомунун негизинде тыюу салынган.
9. «Чиркөө бирикмеси» 2012-жылдын 22-февралында Свердлов райондук сотунун чечиминин негизинде тыюу салынган.
10. «Жайшуль Махди» — 2012-жылдын 24-октябрында Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечиминин негизинде тыюу салынган.
11. «Джундь-аль Халифат» (Джунд-аль Халифат) — 2012-жылдын 24-октябрында Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечиминин негизинде тыюу салынган.
12. «Ансаруллох» (Ансарул Аллах) — 2012-жылдын 24-октябрында Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечиминин негизинде тыюу салынган.
13. «Ат-Такфир Валь-Хиджра» (Ат-Такфир вал-Хиджра) 2012-жылдын 24-октябрында Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечиминин негизинде тыюу салынган.
14. «Акромия» — 2014-жылдын 14-мартында Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечиминин негизинде тыюу салынган.
15. А. Тихомировдун үгүт материалдары жана үгүт ишмердиги – 2014-жылдын 14-мартында Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен тыюу салынган.
16. «Ислам мамлекети» — 2015-жылдын 13-февралында Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен тыюу салынган.
17. «Джабхат ан-Нусра» — 2015-жылдын 23-июнунда Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен тыюу салынган.
18. «Катибат аль-Имам аль-Бухари» (Батальон Имама Бухари) – 2015-жылдын 13-майында Ош шаардык сотунун чечими менен тыюу салынган.
19. «Жаннат Ошиклари» — 2015-жылдын 13-майында Ош шаардык сотунун чечими менен тыюу салынган.

http://www.vb.kg


December 25, 2015 at 11:23PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин орусиялык учак Су-24 учагы тууралуу Түркиянын кечирим суроосу керек деген пикири, түркиялык басылмалардын сынына кабылды. Ошондой эле, социалдык тармактарда да президенттин бул билдирүүсүнө ар кандай сын-пикирлер айтылууда.

Milliyet: Кыргызстан лидеринен күтүүсүз билдирүү

Түркиянын Миллиет басылмасы, Атамбаевдин бул билдирүүсүн күтүлбөгөн жерден айтылды деп жазды. Ошондой эле алар Атамбаев менен Түркия президенти Эрдогандын «ага-ини» сыяктуу жакын мамилесине токтолуп, бул билдирүү Путин менен Атамбаевдин жеке жолугушуусунан соң айтылганына басым жасалган.

Yeni Akit: Кыргыз лидери Путинге жанашты

Атамбаевдин Түркия-Орусия мамилеси боюнча билдирүүсү Эрдоганды “ага” деп жүргөн кезиндеги мамилеге карама-каршы келүүдө. Эрдоган президенттик шайлоодо жеңип, калк алдына чыкканда Атамбаев кошо чыгып, бир катар жылуу пикирлерин айткан болчу. Бирок учак кризисинде Орусияны жандап, Путиндин сөзүн кайталады.

Эрдоган ар дайым жардам колун сунуп келген эле

Атамбаевдин Путин менен жолугушуусунан соң, мындай билдирүү жасаганы шек жаратпай койбойт. Бирок Түркия менен Кыргызстандын мамилеси ушул кезге чейин аябай жакын болуп келген. Айрыкча Атамбаев бийликке келгенден тарта Эрдоган менен өзгөчө боордош катары саясий да, жекече да кызматташтыктар бар болчу.

Мисалы, Эрдоган өкмөт башчы болуп турган кезде бир канча жолу Кыргызстанга иш сапар менен келген. Эң маанилүүсү президент Атамбаевдин өтүнүчү менен эки өлкө ортосундагы карыздарды Түркия тарап кечкен.

Түркия Кыргызстандын 51 млн доллар карызын кечкен

Тактап айтканда, Түркия өкмөтү Кыргызстандын 51 миллион долларлык карызын 2011-жылы сентябрда кечкен. Буга Кыргызстандын ошол кездеги оор экономикалык абалы себеп болгонун жазат Йени Акит басылмасы.

Карызды кечүү боюнча документтерге Түркиянын ошол кездеги өкмөт башчысы Эрдоган жана Кыргызстан парламентинин ошол кездеги спикери Ахматбек Келдибеков Анкарада кол койгон.

Мындай ири суммадагы карыз кечилген соң, Атамбаев билдирүү жасап, “Эрдоган агабыз бизге жардам колун сунганы үчүн ыраазычылык”,-деп айтканын да түркиялык басылмалар мисал келтирип өткөн.

Социалдык тармактардагы билдирүүлөр

Ал эми президент Атамбаевдин Түркия-Орусия кризиси боюнча билдирүүсү карапайым түркиялык жарандардын да талкуусуна алынды. Твиттер, Фейсбук социалдык тармактарындагы бир топ колдонуучулар бул билдирүүнү калпыстык деп баалады.

Ал эми айрымдары боордошторубуз Эрдоганды «артынан бычактады» дешсе, дагы башкасы бул билдирүү орусиялык пропаганда экенин, бул маалыматка ишенбестигин айткан.

Кыргызстандын Түркияга болгон карызы 90 млн доллар

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын тышкы карызы 3,6 миллиард долларды түзөт. Алардын эң көбүн коңшу өлкө Кытайдан алынган. Тактап айтканда, Кыргызстан Кытайга 1 млрд 113 миллион доллар карызы бар. Ал эми андан кийинки сапта, Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Япония, Орусия жана Түркия турат. Түркия мамлекети Кыргызстанга ири көлөмдөгү карыз жана грант берип келгендердин тизмесинде. Учурда Кыргызстан Түркиядан 90 млн карызы бар. 

Эки өлкөнүн экономикалык алакасы

Кыргызстан менен Түркиянын экономикалык алакасына токтоло турган болсок, Соода өнөр жай палатасынын маалыматы боюнча үстүбүздөгү жылдын январь-июль айларында Кыргызстан-Түркия соода алмашуусунун жалпы көлөмү 130,4 млн. долларды түзгөн. Кыргызстандан Түркияга товар экспорттоо бул аралыкта 30,6 млн. доллар, ал эми Түркиядан импорт 99,7 млн. доллар болгон.

Бирок бул көрсөткүч ЕАЭБке кирген соң 22% азайган. Буга чейин эки өлкө ортосундагы соода көлөмү мындан да жогору болуп келген.

Маалым болгондой, кечээ Атамбаев жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйында, учак кризиси тууралуу билдирүү жасап, “Учактын атып түшүрүлүшү ката болгон. Бул тууралу Путин менен сүйлөшкөнбүз. Атып түшүрүү чечими туура эмес “,-деген пикирин айткан.

Ошондой эле, “Албетте, Орусия учагын атып түшүрүү такыр туура эмес болгон. Биринчиден, Орусия өз учагы Түркиянын чек арасынан өткөн деген маалыматты жокко чыгарып келатат. Чек арадан өткөн учурда да 25 жылдан ашуун убакыттан бери калыптанып келаткан орус-түрк мамилесине ошол 17 секундда сокку уруу чоң жаңылыштык болду. Түрк тарап да бир сыйра ойлонуп, өз күнөөсүн мойнуна алат деп ойлойм. Бул Кыргызстан үчүн да өкүнүчтүү болду. Бул окуядан эки өлкө тең жабыркайт. Мен өзүмдүн оюмду Путин менен да, Эрдоган менен да сүйлөшкөндө айттым”, - деди президент Атамбаев.

Атамбаев ошондой эле, эгер эки мамлекет мамилесин жөнгө салса мен кубанычта болом. Бул эки тарапка тең пайдасыз. Түрк тарап азыр кандайдыр бир кадамдарды жасаш керек, деген пикирин да кыстарып өткөн. 

http://maralfm.kg


December 25, 2015 at 01:08PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Жаңы жыл майрамына карата коюлган балатылардын эң бийиги Ош шаарында болсо, эң кыскасы Баткен шаарына коюлду.

Жаңы жыл майрамына бардык жакта камылга кызуу жүрүүдө. Майрамдын негизги символу болгон балатынын бийиктиги жана шаарды жасалгалоо үчүн кайсы калаа канча каражат жумшаганын бул жактан окуңуздар.

Ош шаары

Быйыл Ош шаарынын борбордук аянтына коюлган балатынын узундугу 29 метрди түзөт. Ош шаарына коюлган балаты Кыргызстандагы эң узун балаты. Шаардагы жаңы жылдык иш чараларды өткөрүүгө – административдик имараттарды кооздоого, борбордук аянтта шаардыктар үчүн муз аянтчасын курууга 1,5 миллион сом которулганын вице-мэр Замирбек Аскаров билдирди. Бөлүнгөн бул каражаттын ичине балатыларды орнотуу да кирген. Ал былтыр Ош шаарына коюлган балатынын узундугу 28 метр болгонун кошумчалады.

© АЙША КАМИЛОВА

ОШ ШААРЫНЫН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫСЫ

Жалал-Абад шаары

Жалал-Абад шаарынын чок ортосуна орнотулган 18 метрлик балатынын баасы 30 миң сом. Шаардык бюджеттен жаңы жылга карата шаарды жасалгалоого жалпысынан 450 миң сом бөлүнгөн. Калаа боюнча үч балаты коюлган.

© ЭСЕН ШИШКАРАЕВ

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫСЫ

Каракол шаары

Каракол шаарынын борбордук аянтына быйыл 19 метрлик балаты орнотулду. Аны 24 миң 400 сомго алып келишкен. Шаарды жаңы жылга карата кооздоого жергиликтүү бюджеттен 130 миң сом бөлүнгөн. Ал эми жаңы жылдык иш-чараны өткөрүүгө 60 миң сом каралган.

© АЗАМАТ АЙТБАЕВ

КАРАКОЛ ШААРЫНЫН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫСЫ

Нарын шаары

Нарын шаарына коюлган жаңы жылдын негизги символу болгон балатынын бийиктиги 20 метрди түзөт. Ошондой эле, шаардын “Ала-Тоо” стадионунда муз аянтчасы ачылып, ал жакка 15 метрлик балаты орнотулган. Эки балатыны 30 миң сомго Нарын облусунун Кайыңды аймагынан алып келишкен.

© SPUTNIK

НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫСЫ

Токмок шаары

Чүй облусунун борбору Токмок шаарына орнотулган негизги балатынын бийиктиги 13 метр. Жалпысынан Токмок шаарына мэрия төрт балаты орнотту. Аларды 47 миң сомго алышкан. Негизги балатыны кооздоого болжол менен 30 миң сомдун айланасында каражат корогон. Ал эми жаңы жылга карата майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө (ичине балаты, шаарды кооздоо, майрамдык салюттар да кирет) 400 миң сом каралган.

Талас шаары

Талас шаарындагы Атай Огонбаев атындагы музыкалык мектептин алдына 12 метрлик балаты орнотулду. Балаты турган жерди жана анын чет жакасын кооздоо үчүн 100 миң сом бөлүнгөнүн шаардык мэриядан билдиришти. Ал эми майрамдык иш-чаралар калаанын маданият бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан уюштурулат.

© ЭЛЬМИРА СУЙУТБЕКОВА

ТАЛАС ШААРЫНЫН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫСЫ

Баткен шаары

Баткендин борборуна 10 метрлик балаты орнотулган. Мэриядан билдиришкендей, жаңы жылдык иш-чараларды өткөрүүгө жалпысынан 100 миң сом каралган. Анын ичине балатыны кооздоо, жаңы жылдык көрнөк-жарнактарды илүү жана майрамдык концерт боло турчу сахнаны жасалгалоо кирген.

© ДИЛЯ ПАРПИЕВА

БАТКЕН ШААРЫНЫН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫСЫ

Балыкчы шаары

Балыкчы шаарына быйыл 10,5 метрлик балаты коюлду. Мэриянын маалыматы боюнча шаарды жаңы жылга карата кооздоого жалпысынан 106 миң сом которулган. Бул каражаттын ичине шаардын башкы балатысын шөкөттөө, административдик имараттарды кооздоо да кирет. Балаты 25-декабрда күйгүзүлөт.

© АЗАМАТ АЙТБАЕВ

БАЛЫКЧЫ ШААРЫНЫН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫСЫ

Бишкек шаары

Борбор калаага бийиктиги 25 метр болгон жасалма балаты коюлду. Аны Кытайдан белек кылганын мэриядан билдиришкен. Өлкөнүн негизги балатысын кооздоо үчүн 475 миң сомго оюнчуктар алынган. Ал эми майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө жана шаарды кооздоого кеткен каражаттар учурда такталып жатканын билдиришти. Борбор шаарда ири беш балаты орнотулду.

© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ

БИШКЕК ШААРЫНЫН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫСЫ

Эгер өлкө аймагындагы балатылардын бийиктигине карап рейтинг түзө турган болсок, биринчи орунда Ош шаары (29 метр), андан кийин Бишкек (25 метр) жана үчүнчү орунда 20 метр бийиктиктеги балатысы менен Нарын шаары турат. Андан кийинки орундар Каракол (19 метр), Жалал-Абад (18 метр), Токмок (13 метр), Талас (12 метр), Балыкчы (10,5) жана Баткен (10 метр) шаарларына тийди.

Sputnik Кыргызстан


December 24, 2015 at 01:54AM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Бириккен Араб Эмираттарынын Президенти шейх Халиф бин Зайед аль-Нахайянды Бириккен Араб Эмираттарынын жарыяланган күнү менен куттуктады. “Салттуу достукка жана өз ара пайдалуу кызматташууга негизделген кыргыз-эмират мамилелери элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн кыйшаюусуз өнүгүп, чыңдала берет деп ишенем”,- деп белгиленет мамлекет башчынын куттуктоосунда.

Президенттик аппараттан билдиришкендей, Алмазбек Атамбаев Бириккен Араб Эмираттарынын Президентине чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык, эмират элине тынчтык жана өсүп-өнүгүү каалады.

http://super.kg


December 02, 2015 at 11:01AM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Мекен – бул ар бир адамдын туулуп-өскөн жери жана жашаган турагы. Окуган мектеп университеттерибиз, иштеп жаткан мекеме-ишканалырыбыз, кыскасы, бардык нерселерибиз ушул туулуп-өскөн топурактын үстүнө курулган.

Ата-бабаларыбыз дүйнөнүн эң сонун жана берекелүү жерлерин мекен катары тандап, бизге аманат кылып таштап кетишкен. Бул аманатты коргоо – динибиздин өкүмү, аны сүйүү, коргоо, ага кызмат кылуу – ар бир жарандын мойнундагы ыйык милдет.
Ата-бабаларыбыз кыргыз жерин мекендеп, жашап келишкен. Сырттан келген душмандар элибизди катуу чаап, талап-тоноп, чилдей кылып туш тарапка таратканда, Манас сыяктуу аталарыбыз бөлөк элге, айрыкча душмандарга тебелеп-тепсетпестен, чачылган элин жыйып, кайрадан Ала-Тообузга көчүрүп келип, элижерин ички жана сырткы душмандардан коргоп келишкен.
Ата-бабаларыбыз мекенибиздин баалуу жер-суусун душмандарга тепсетпеш үчүн баатырларча салгылашкан, эч ойлонбой жанын беришкен. Жерибиздин ар бир тилкеси шейиттердин канына сугарылган мекенибиздин эч нерсеге алмаштыргыс баасын абдан жакшы билишибиз керек.
Дилибиздин, тилибиздин, ыйманыбыздын жана артыбызда өсүп келаткан алтын муундун камын ойлоп, өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшүнө, келечегине аз болсо да жардам берип, салымыбызды кошуубуз зарыл. Мекенди сүйүү аны коргоо менен эле чектелбейт, ошол эле убакта Мекенибиздин бутуна бекем турушуна салым кошууну, улутубуздун ар тараптан жогорулашы үчүн иштөөнү да талап кылат.
Мекенин сүйгөн адам жер айдайт, жолдорду салат, токой-жайыттарын коргойт, ыр-дастандарда макталган, асман тиреген тоолордун жанында завод-фабрикаларды курат. Ушундайча бир убакта руханий жана материалдык жогорулоону камсыздайт. Эл-журтун сүйгөн атуул улутка кызмат кылууну шарапаттуу милдет катары кабыл алат. Ошондуктан, кыргыз элинде “Эр жигит ардуу болсо, эли-журту алдуу болот” деп айтылат.
Ата-бабаларыбыздын көздүн карегиндей сактап келген аманатына, мурастарына кыянаттык кылбайлы. Алардын баскан жолдорун, тарыхын таанып, каада-салт жана үрп-адаттарынын жакшы жактарын, ыймандуулук сыяктуу жакшы сапаттарын жашообузга сиңирип жашасак, баатырларча өмүр сүргөн ата-бабаларыбыздын руханий санжырасын татыктуу уланткан болор элек. Өз тарыхын билбеген, аны сыйлабаган элдин келечеги жок дегендей, элибиздин тарыхын унутпайлы, Ата Журтубуз үчүн, эне тилибиз үчүн ата-бабаларыбыздын башынан өткөргөн кыйын күндөрүн эстей жүрөлү.
Мекенди сүйүү үй-бүлөдөн башталат. Үй-бүлөдө жакшы тарбия алып, ыймандуу болсок, анда биз ар бир кадамыбызды туура жолдо шилтегенге аракет кылмакпыз. Сүйүктүү пайгамбарыбыз (с.а.в.): “Адамдардын эң жакшысы – башка адамдарга пайдалуу болгону”, – деген. Ыймандуулук адамды ууру кылбаш керек, талап-тонобош керек, бирөөнүн жерин тартып алып, акысын жебеш керек, ушак айтпаш керек, улууга урмат, кичүүгө ызаат кылыш керек, Мекенди коргоп, аны сүйүш керек деген сыяктуу эң жакшы иштерге үндөйт. Демек, биз ыймандуу болуунун аркасы менен адамга жана Ата Мекенге кандай мамиле кылыштын жолун үйрөнөбүз десек жаңылышпайбыз. Дал ушул ыймандуулугубуздун нугундагы динибиз кубаттаган иш-аракеттер менен Мекенибизди сүйгөнүбүздү чагылдыра алабыз жана башка элдерге үлгү болуп, эл-журтубузду сүйдүрө алабыз.
Биздин мекенибизди жетимиштен ашуун улуттун өкүлдөрү турак кылып жашап келишет. Биз, кыргыздар, кең пейил, меймандос, ыймандуу эл болгондуктан, башка улуттар менен ынтымакташып, бир ата-эненин, бир үй-бүлөнүн балдарындай жашап келүүдөбүз. Элибиз башка адамдардын да укугун тебелеп-тепсебей, аларга айкөлдүк менен мамиле жасашат. Тил маселесин эле карап көрсөк жетиштүү болор. Ошондуктан, Кыргыз мамлекетинин ар бир жараны, кыргыздар өзүбүз баш болуп, мейли орус болобу, мейли казак болобу, мейли түрк болобу, мейли дунганбы, мейли өзүбекпи, кимибиз гана болбойлу кыргыз жергесинде ар бирибиз баш калкалап, күн көрүп жашап жаткандан кийин Мекенибиздин чыккынчысы болбойлу. Куттуу кыргыз журтунда “сен минттиң, мен тигинттим” деп жөөлөшүп бөлүнүп-жарылбай, туулгандан моюнубузга парз болгон атуулдук парзыбызды аткаруубуз зарыл. Мекенибиздин тагдырына эмне үчүн биз кайдыгер болушубуз керек? Кайдыгер болууга биздин кандай акыбыз бар? Кайдыгерликтин айынан биз өзүбүздү гана ойлоп, Мекенди сүйүү экинчи планда калып жатпайбы. Жакшы адам белгиси – Эл камы үчүн күйүнөт. Жаман адам белгиси – Өз камы үчүн жүгүрөт, – деп акын Токтогул Сатылганов ырдагандай, ар бирибиз өз көмөчүбүзгө күл тартуудан алыс бололу. “Өздөн чыккан жат жаман, өзөктөн чыккан өрт жаман”, – дейт элибиз. Жеке кызыкчылыгыбызды коргоп, өз жаныбызды сактап, напсибиздин кулу болуп, душманыбызга жан тартып, элибизди кыйынчылыкта таштап, ач-жылаңач калтырып, жарандарыбызды бирибирине тукуруп, арам иштерге түртүп, өз элибизди сатып кеткендерден болуп калбайлы. Демек, Мекенди сүйүү, ага кызмат кылуу, Мекеним дегенде жанын берүүгө даяр болуп аны коргоо – ар бир мекендешибиздин улуттук ж. б. өзгөчөлүктөрүнө карабай, жогорку деңгээлде өтөлүшү зарыл болгон ыйык милдетибиз экенин унутпасак.

http://asylsoz.kg

The post Мекенди сүйүү ыймандан! appeared first on FORMULA.KG.


September 13, 2015 at 09:49PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Эгемендүүлүк күнүнө карата

The post Мекенибиз – биздин жүзүбүз! appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.


August 31, 2015 at 10:19AM
Технологии Blogger.