Halloween party ideas 2015

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин орусиялык учак Су-24 учагы тууралуу Түркиянын кечирим суроосу керек деген пикири, түркиялык басылмалардын сынына кабылды. Ошондой эле, социалдык тармактарда да президенттин бул билдирүүсүнө ар кандай сын-пикирлер айтылууда.

Milliyet: Кыргызстан лидеринен күтүүсүз билдирүү

Түркиянын Миллиет басылмасы, Атамбаевдин бул билдирүүсүн күтүлбөгөн жерден айтылды деп жазды. Ошондой эле алар Атамбаев менен Түркия президенти Эрдогандын «ага-ини» сыяктуу жакын мамилесине токтолуп, бул билдирүү Путин менен Атамбаевдин жеке жолугушуусунан соң айтылганына басым жасалган.

Yeni Akit: Кыргыз лидери Путинге жанашты

Атамбаевдин Түркия-Орусия мамилеси боюнча билдирүүсү Эрдоганды “ага” деп жүргөн кезиндеги мамилеге карама-каршы келүүдө. Эрдоган президенттик шайлоодо жеңип, калк алдына чыкканда Атамбаев кошо чыгып, бир катар жылуу пикирлерин айткан болчу. Бирок учак кризисинде Орусияны жандап, Путиндин сөзүн кайталады.

Эрдоган ар дайым жардам колун сунуп келген эле

Атамбаевдин Путин менен жолугушуусунан соң, мындай билдирүү жасаганы шек жаратпай койбойт. Бирок Түркия менен Кыргызстандын мамилеси ушул кезге чейин аябай жакын болуп келген. Айрыкча Атамбаев бийликке келгенден тарта Эрдоган менен өзгөчө боордош катары саясий да, жекече да кызматташтыктар бар болчу.

Мисалы, Эрдоган өкмөт башчы болуп турган кезде бир канча жолу Кыргызстанга иш сапар менен келген. Эң маанилүүсү президент Атамбаевдин өтүнүчү менен эки өлкө ортосундагы карыздарды Түркия тарап кечкен.

Түркия Кыргызстандын 51 млн доллар карызын кечкен

Тактап айтканда, Түркия өкмөтү Кыргызстандын 51 миллион долларлык карызын 2011-жылы сентябрда кечкен. Буга Кыргызстандын ошол кездеги оор экономикалык абалы себеп болгонун жазат Йени Акит басылмасы.

Карызды кечүү боюнча документтерге Түркиянын ошол кездеги өкмөт башчысы Эрдоган жана Кыргызстан парламентинин ошол кездеги спикери Ахматбек Келдибеков Анкарада кол койгон.

Мындай ири суммадагы карыз кечилген соң, Атамбаев билдирүү жасап, “Эрдоган агабыз бизге жардам колун сунганы үчүн ыраазычылык”,-деп айтканын да түркиялык басылмалар мисал келтирип өткөн.

Социалдык тармактардагы билдирүүлөр

Ал эми президент Атамбаевдин Түркия-Орусия кризиси боюнча билдирүүсү карапайым түркиялык жарандардын да талкуусуна алынды. Твиттер, Фейсбук социалдык тармактарындагы бир топ колдонуучулар бул билдирүүнү калпыстык деп баалады.

Ал эми айрымдары боордошторубуз Эрдоганды «артынан бычактады» дешсе, дагы башкасы бул билдирүү орусиялык пропаганда экенин, бул маалыматка ишенбестигин айткан.

Кыргызстандын Түркияга болгон карызы 90 млн доллар

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын тышкы карызы 3,6 миллиард долларды түзөт. Алардын эң көбүн коңшу өлкө Кытайдан алынган. Тактап айтканда, Кыргызстан Кытайга 1 млрд 113 миллион доллар карызы бар. Ал эми андан кийинки сапта, Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Япония, Орусия жана Түркия турат. Түркия мамлекети Кыргызстанга ири көлөмдөгү карыз жана грант берип келгендердин тизмесинде. Учурда Кыргызстан Түркиядан 90 млн карызы бар. 

Эки өлкөнүн экономикалык алакасы

Кыргызстан менен Түркиянын экономикалык алакасына токтоло турган болсок, Соода өнөр жай палатасынын маалыматы боюнча үстүбүздөгү жылдын январь-июль айларында Кыргызстан-Түркия соода алмашуусунун жалпы көлөмү 130,4 млн. долларды түзгөн. Кыргызстандан Түркияга товар экспорттоо бул аралыкта 30,6 млн. доллар, ал эми Түркиядан импорт 99,7 млн. доллар болгон.

Бирок бул көрсөткүч ЕАЭБке кирген соң 22% азайган. Буга чейин эки өлкө ортосундагы соода көлөмү мындан да жогору болуп келген.

Маалым болгондой, кечээ Атамбаев жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйында, учак кризиси тууралуу билдирүү жасап, “Учактын атып түшүрүлүшү ката болгон. Бул тууралу Путин менен сүйлөшкөнбүз. Атып түшүрүү чечими туура эмес “,-деген пикирин айткан.

Ошондой эле, “Албетте, Орусия учагын атып түшүрүү такыр туура эмес болгон. Биринчиден, Орусия өз учагы Түркиянын чек арасынан өткөн деген маалыматты жокко чыгарып келатат. Чек арадан өткөн учурда да 25 жылдан ашуун убакыттан бери калыптанып келаткан орус-түрк мамилесине ошол 17 секундда сокку уруу чоң жаңылыштык болду. Түрк тарап да бир сыйра ойлонуп, өз күнөөсүн мойнуна алат деп ойлойм. Бул Кыргызстан үчүн да өкүнүчтүү болду. Бул окуядан эки өлкө тең жабыркайт. Мен өзүмдүн оюмду Путин менен да, Эрдоган менен да сүйлөшкөндө айттым”, - деди президент Атамбаев.

Атамбаев ошондой эле, эгер эки мамлекет мамилесин жөнгө салса мен кубанычта болом. Бул эки тарапка тең пайдасыз. Түрк тарап азыр кандайдыр бир кадамдарды жасаш керек, деген пикирин да кыстарып өткөн. 

http://maralfm.kg


December 25, 2015 at 01:08PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.