Halloween party ideas 2015

Адамдардын барган сайын социалдык тармактарды көп колдонуусу, кийинкиде аны депрессияга кабылтат. Бул тууралуу Анадолу агенттигинде атайын макала жарыяланды.

Социалдык тармактаррга жипсиз байлануу адамдын “эго” сезимин арттырып, психологиялык абалын акырындык менен кыйратат. Бул боюнча психиатрист Кемал Саяр: “Facebook, Twitter, Instagram сыяктуу социалдык бөлүшүү тармактарына убакыттын көп коротулушу, адамдардын күнүмдүк жашоосунан артта калтырат. Мисалы кеч жатып, ишке кечигүү, жумуштардын баарын жасоого убакыттын жетпей калуусуна булардын таасири өтө чоң”,-деп билдирет.

Мындан сырткары социалдык тармактар “убакыттын уурусу” катары адамдарды кыска ойлонууга үндөйт. Анткени жумушту бат-баттан бүтүрүп, кайрадан виртуалдык ааламга кайтуу үчүн адамдар жасаган иштерине көп маани бербей калат. Бул узак убакыттуу керектөөнүн ордун, кыска убакытка өзүн алаксытуу басып жатканын далилдейт.

Профессор Саярдын айтымында, социалдык тармактар бара бара көндүмгө айланып, бул спирттик ичимдиктер, тамекинин көз карандылыгынан да оор болот. Мисал катары социалдык тармактарга көз каранды болуп калган адам, келечегин туура эмес пландап алуусу мүмкүн. Ошондой эле интернет жана медиадан узагыраак болуп калса, психологиялык кыжалаттануу башталат.

Ал эми социалдык тармактагы фото жана видеолор да адамды депрессияга учуратат. Бирок эң кызыгы социалдык тармактарга көз каранды болуп калган адам чындыкты моюнга алуудан коркот же четке кагат. Мисалы анын чөйрөсүндөгүлөр анын көз каранды болуп баратканын айтса, ачууланып баштайт. Мындай абал ошол адамдын көз каранды болуп баратканынын алгачкы симптомдору.

http://www.maralfm.kg/


December 15, 2015 at 10:46AM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.