Halloween party ideas 2015

Түркиянын президенти Эрдоган Фейсбук компаниясынын негиздөөчүсү Марк Цукербергдин мусулмандар боюнча билдирүүсүнө колдоо билдирип чыкты.

Түркия президенти Фейсбук социалдык тармагындагы өзүнүн жеке баракчасында атайын билдирүү жасап, Цукербергдин айтканына кошулаарын жана ал өтө маанилүү болгонун, Ислам дини тынчтыктын дин экенин айтты. Ал: “Мен кайсы жерде болбосун Ислам дини тынчтыктын дини деп айтып келем. Тынчтык дини болгон Исламды жамынган арам ойлуулар эң биринчи мусулмандарды кырып жок кылууда. “Ислам мамлекети”, “Боко Харам”, “Аль-Каида” “Аш-Шабаб” деп аталган тероррдук уюмдар Исламдын атына ар түрдүү оюндарды уюштурууда. Мусулмандар террорист болгон эмес. Террористтер да мусулман боло албайт”,-деп билдирген.

Кечээ, дүйнөдөгү эң жаш миллиардерлердин сап башында турган Марк: “Мен биздин өлкөдөгү жана жалпы дүйнөдөгү мусулмандарга колдоо көрсөтөм. Париж терактынан соң, мусулмандарга жасалган басымды түшүнүп турам. Алар башкалардын күнөөсү үчүн жооп берип калуусунан коркуп жатат. Кандайдыр бир коомчулукка карата кысымга каршы турууну мага, менин ата-энем үйрөткөн. Анткени бүгүн башка бир коом кабылган кысымга, бир күн сен да туш болосуң дешкен”,-деп билдирген.

Ошондой эле, ал мусулмандардын укугу үчүн күрөшө тургандыгын, “Facebook мусулмандар үчүн бардык мүмкүнчүлүктү сунаарын, ишенимине карап бөлбөй турганын, баарыбыз бир болуп, бир-бирибиздин жакшылыктарыбызды гана көрүп баштаганда дүйнөнү сактап калууга мүмкүн” экендигин кошумчалаган.

Маалым болгондой, АКШ президенттигине талапкер миллиардер Трамп коопсуздук үчүн мусулмандарды АКШга киргизбей коюуну сунуштаган эле. Анын бул пикири сынга кабылып, дүйнөгө белгилүү Amazon сайтынын ээси Трампты бул сөзү үчүн космоско учуруп жиберүүнү сунуштаган.

12358517_944430502305983_1020256007_n_1

http://maralfm.kg/


December 11, 2015 at 11:56PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.