Halloween party ideas 2015

Азирети Айша айтты, мен Расул Алла (ﷺ)дан: Я Расул Алла (ﷺ), кыямат күнүндө дос- досту, бал- чака, ата- эне бири- бирин тааныйбы?- деп сурадым. Расул Алла (Аллахтын саламы жана салаты болсун) айтты: баары тааныйт, бири- биринен ал- жайын сурашат. Алар үч жерде бирин- бири тааныбайт:
1- тараза башында күнөөм оор болобу же жеңил болобу деп, таразаны карайт;
2- амал дептерин берерде оң жагыман келеби же сол жагымдан келеби деп, ошого алагды болот;
3- чаяндар тозоктун жапа- тырмак кыйкырып, биз Алла- Таалага жана Расул Алла (ﷺ)га ишенбеген адамдарды азаптоого издеп чыктык дейт, ошондо коркунучтан бири- бирин тааныбайт.

Абдылда ибн Аббас айтты: Мен Расул Алла (ﷺ)дан тозоктун жайын сурадым. Тозоктун сыпатын, анын кыйын азабын тил менен айтып жеткизүү мүмкүн эмес. Бирок мен сага аздап айтайын деп айтты. Срат көпүрөсүн- тозоктун үстүнө тартат. Чыгуу 1000 жылдык, үстү тегиздиги 1000 жылдык, түшүү 1000 жылдык- баары 3000 жылдык.
Тозоктун 7 түрү бар:
1- синде имандан сурайт;
2- синде намаз, орозодон сурайт;
3- сүндө зекет, үшүрдөн сурайт;
4- сүндө ата- эне акысы, коңшу акысынан сурайт. Эгер баарына жооп берсең боштондук аласын, жооп бере албасаң тозокко жиберет.
Я Расулл Алла, ал кезде эл каякта болот? Эл ал кезде Срат (кыяматтын көпүрөсү) үстүндө болот. Алла- Таала жерди мистей кылат, күнгө кубат берет, жер оттой кызыйт. Тозокту жердин үстүнө коёт. Кыямат күнүнүн узундугу, бир күнү бул дүйнөнүн 50 миң жылындай болот. Алла- Таала жерди, асманды жаратып ошондон кийин, Исрапил деген бир периште жаратып, колуна Сур берип, ошол Сурду оозуңа салып тур деп амир кылат.
Расул Алла (Аллахтын саламы жана салаты болсун) айтты: Сур деген бир чоң зат, анын тегерегинде жер жүзүндө канча адам болсо анда ошончо адамдын санындай тешиги бар. Алла ошол Сурду эки ирет үйлө дейт.
1- үйлөгөндө жамы калк өлөт.
Андан кийин Алла жааганга: “Жерге жаа”,- деп амир берет.
Ошондо жаандын ар тамчысы жумурткадай болуп жаайт. Суу тоодон он төрт кез жогору ашып көтөрүлөт. Ошондон кийин 40 жыл чамасында ал суу топурак менен аралашат. Андан кийин Исрапилге Алланын буйругу берилет. Исрапилди Сурду үйлө дейт. Ошондо Исрапил Сурга үйлөгөндө ар бир көөдөндүн жаны сурдан боштондукка чыгып, жердеги денесине келип кирет. Ар бир адам уйкудан ойгонгондой болуп, кайра жаралып, жылаңач ордунан турат.
Расул Алла (Аллахтын саламы жана салаты болсун) айтты: ошондо эң биринчи мени тургузат жана 4 мухарраб периштенин бирине буюруп, мага жаннаттан кийим алдырып кийгизет. Ошондо мен Жебирейилден сураймын, бул кай күн деп. Жебирейил айтат, бул кыямат күнү деп. Кыямат күнү ошондой оор, машактуу болор. Мисалы, 70 ирет жан бергендей. Мындан кийин жамы элдин ортосуна тараза курар. Ал таразанын чоңдугу ушундай- бир башына 7 кат көк, 7 кат жердин бардык адамын салса толбос. Муну көрүп, эл зорлугуна таң калар.
Расул Алла (Аллахтын саламы жана салаты болсун) айтты: Ошол кыямат күнү жамы тирүү жанды бешке бөлөт.

1- бөлүк сураксыз тозокко барат (шайтан, ага иликкендер);
2- бөлүк сураксыз жаннатка барат (булар периштелер);
3- бөлүк сурак алышат, булар перилер;
4- бөлүк жок боло тургандар, булар жаныбарлар;
5- бөлүк сурак алышат. Адам перзенттери.

Расул Алла (Аллахтын саламы жана салаты болсун) дагы айтты: Кыямат күнү адам баласы 4 нерсе суралмайынча ордунан эч бир козголо албайт.
1- өмүрүңдү сурайт. Эй пенде, өмүрүңдө эмне иштедиң?
2- эй пенде, мен сага адал дүнүйө бердим, ошону кайда жумшадың?
3- эй пенде, мен сага акыл, билим бердим, сен эмне амал жасадың?
4- мен сага дене бердим, ошол денеңи ал дүйнөдө кайсы ишке буюрдуң?

Кааб ибни Акбар айтты: “Азирети Исхак, азирети Ибраимдин баласы. Ошол күндө Ибраим өз уулу Исхакты тааныбай, эй Алла, Исхакты эмне кылсаң кыл, мени оор кылба деп сурайт. Ошол кезде ар бир пайгамбар ар кайсысы өзүнүн жеке башын сурайт. Мына ошондой адамдар ошол абалда болгондо биздин алыбыз не болот? Эгер пенде ошону билсе эч качан Алланы унутпаган болор эле, дайым Алладан коркуп таат ибадат этер эле. Тынбай ыйлап тилек тилер эле”.

Расул Алла (Аллахтын саламы жана салаты болсун) жана айтты: “Кимде ким чын ниети менен таат ибадат өтөсө, ошол пенде күнөө жасабас, кыяматтын кыл көпүрөсүнөн чагылгандай өтүп жаннатка барат. Эгер тобосуз дүйнөдөн өтсө, анда ал адамды кыл көпүрөсү койсо, буту тайып, токтобой тозокко түшөт”.

Расул Алла (Аллахтын саламы жана салаты болсун) айтты: “Тозоктун белгиси, тозоку адамга оттон кепич кийгизет. Кепичин кийгенде мээси кайнайт”.

Имам Алкыма айтты: “Мен Расул Алла (ﷺ)дан уктум, кыямат күнү пенденин күнөө менен сообун таразага салып өлчөйт, сообу бир аз жетпеген пенде Алладан: “Я Алла мага уруксат бер, мен ата- энеме, ини- карындашыма, дос, бала- чакама барып сооп сурап апкелейин” ,- дейт. Алла уруксат берет. Ал пенде өзүнүн ата- энеси, тууган- туушканы, бала- чакасына барып, мага бир аз сооп керек болуп турат, кимиң бересиң дегенде, булар биз сени тааныбайбыз, сен кимсиң? Өзүбүздүн жагдайыбыз не болору белгисиз деп, сооп бербей жиберишет. Ал бечара үмүт үзүп, тараза башына келип жер карап турат. Алла- Таала: “Не иштеп келдиң, сооп таптыңбы?” – дейт. Ал бечара: “Я Алла, өзүң ракым этип жалгабасаң, менин эч бир айлам жок, таппай келдим”,- деп жооп берет. Ошол убакта Алла: “Эй пенде, сен менин рахман экенимди билесиң ал дүйнөдө неге мени эскерип мага жакын дос болууга аракет жасап амал кылбадың? Үй- ичиңи, бала- чакаңды урматтап, алар менен болдуң?”- дейт. Ошондо пенде бечара эч бир жооп таппай турат. Алла ракым этсе кечтим күнөөңдү, жаннатка бар деп, же болбосо күнөөкөрсүң тозокко бар деп өкүм кылат.

Амир Момун айтты: Мен бир күнү Расул Алла (ﷺ)нын жанына бардым. Расул ыйлап отурган экен. Мен: я Расул, сиз неге ыйлап отурасыз деп сурадым. Ия Момун, мен миражга барганда бир ишти көргөн элем, ошол эсиме түшүп ыйлап отурам деди. Мен ал кандай иш деп сурасам Расул айтты, Алла мага миражды насип этти, мен миражга бардым, анда Алланын амири менен мага жаннат, тозокту көрсөт деп Жебирейил периштеге буйруду. Жебирейил мени тозокко апкелди. Анда Алаа Таала жараткан өтө зор бир периште оттон жасаган тактын үстүндө, алдындагы чокмор, оозунан дем ордуна от жалын чыгып отурган экен, мен коркуп аны айбатына таат кыла албай Жебирейилден сурадым. Я бурадарым Жебирейил, бул ким деп, анда Жебирейил айтты: я Мухаммед, бул тозоктун баш периштеси. Мен салам бердим, ал саламды албады. ошондо Жебирейил, эй тозок ээси Малик, бул акырдын пайгамбары Мухаммед деп тааныштырганда салам алып урмат көрсөттү. Мен ал периштеден тозоктун баш- аягы канча де сураганымда ал периште аны мен билбейм, Алла билет деп жооп берди. Мен ага тозокту көрсөт десем, я Мухаммед тозокту көрүүгө сага уруксат жок деген жоопту алып дым болдум. Ошондо Жебирейил келип, эй Малик тозок, бул күнү Мухаммед не айтса аткар деди. Ошондон кийин Малик мага тозокту көрсөттү. Мен анда түрдүү- түрдүү азаптарды көрдүм. Ошол көргөн тозокто бир жылан бар, анын 30 миң башы бар. Ар башында 30 миң ооз бар. Ар оозунда 1000 халка, ар халкада бир чынжыр бекитилген. Ар чынжырды бир периште кармайт. Мен, я Малик, бул тозокто канча алыстыктагы жерден күйдүрөт деп сурадым. Анда периште, я Мухаммед, бул тозок кыяматка чейин миң жылдык жердеги караны ак кылат, акты кара кылат деп жооп берди.
Малик жана да айтты: Бул тозок жети бөлүк, 
1- жаганнам
2- лази
3- хатмет
4- жахим
5- сагир
6- сакыр
7- хавие
Ошол сөздү уккандан кийин: Я Малик, ар кимиси кимдердин жайы, мекени деп сурадым. Ошондо Малик айтты:
1- мунапыктардын жайы
2- нуктун жайы
3- шайтандан жайы
4- кудайсыздардын жайы
5- текеберлик кылуучулардын жайы
6- яхудийлердин жайы
7- Мухаммед пайгамбардын үмөтүнүн жайы.
Алар күнөө сагира, күнөө кабира жасап тургандар. Тобосуз өлгөндөр.

Расул Алла (Аллахтын саламы жана салаты болсун) айтты: О Малик тозоктогу ушул үмөттөрүмдү көрөйүн дедим эле. Малик көрсөткүсү келбеди. Ошондо Алладан буйрук келди. Эй, Малик досум, Мухаммед эмне айтса кабыл кыл деди. Андан кийин Малик бардык тозокту аралатып көрсөттү. Малик айтты: Эй Мухаммед бул жаханнамда үч миң оттон казык (башкача айтканда тоо) бар, ар казыктын чоңдугу үч миңдик жылдык жол, ар тоодун миң бөлүгү бар. Бир бөлүгүндө жети жүз миң шаар. Ар шаардында оттон жети жүз миң көчө бар. Ар көчөдө жети жүз миң сарай бар оттон. Ар сарайда 700 бөлүк бар оттон. Ар бөлүгүндө 700 миң үй бар оттон. Ар үйдө 700 миң сандык бар оттон. Ар сандыкта 700 миң түрлүү- түрлүү оор азап бар. Ошол азаптын Алла- Таала өзү сактасын, оомийн, я раббил аламин.

1. Расул Алла (Аллахтын саламы жана салаты болсун) жана айтты. Бир бөлөк элди көрдүм, жылан- чаян мойнуна оролуп азаптап турат. Мен я Малик, булар ким?- деп сурадым. Малик: я Расул, булар малын зекет, эгининен үшүр бербегендер деди.

2. Дагы бир коомду көрдүм, мойнуна оттон боо салып колу- бутун от аркан менен байлап азап берип жаткан. Андан кийин, я Малик, булар ким?- деп сурадым. Малик булар сүткорлор деп айтты.

3. Дагы бир жамаатты көрдүм, өз этин өзү жулуп жеп турган. Я Малик, булар ким?- деп сурадым. Малик айтты, булар жалган дүйнөдөушак айтып, зыян кылып, тобосуз дүйнөдөн кайткандар.

4. Дагы бир коом көрдүм, тозоктун ичинде эки оттун ортосунда бутунда оттон кепич, башында оттон тажы, үстүндө оттон кийим. Я Малик, булар ким?- десем. Булар жалган дүйнөдө эки аял алып, экөөбүнө тең карабай, бирин артык, бирин кем көргөндөр.

5. Дагы бир жамаатты тозокто от найза менен уруп азаптап жаткан экен. Бул кандай жамаат?- деп дагы сурадым. Ошондо Малик айтты, булар дүйнөдө күнөө ишти жасап, эл ичинде жасабагандай болуп жүргөн, тобо кылбай өлгөндөр. Эми биз аларга казык кагып, азап берип жатабыз.

6. Дагы бир жамаат көрдүм, тили салактап салбырап турат. Я Малик, булар ким?- деп сурадым. Малик айтты, булар аялын, балдарын себепсиз уруп, себепсиз сөккөндөр.

7. Жана бир аялды көрдүм. Эмчегинен асып коюптур. Мен бул ким?- деп сурадым. Бул күйөөсүнөн уруксатсыз башка бирөөнүн баласын эмизген аял эле деди.

8. Дагы бир аялды көрдүм. Чачынан асып коюптур. Мээси шарактап кайнап турду. Бул ким деп сурадым. Бул күйөөсүнүн көңүлүн оорутуп, беймаани сөз айткан аял эле.

9. Бир аялды көрдүм, өз этин өзү жулуп жеп турат. Бул жалган дүйнөдө өзүн боёнуп, менменсинип, асыл буюм тагынып, жат адамдарга өзүн көрсөткөн аял деди Малик.

10. Жана бир жамаат аялдарды көрдүм. От аркандар менен буту- колу байланган, жылан- чаян соруп этин жеп, катуу азап берип чыңыртып жатат. Бул эмне болгон аялдар деп сурадым. Булар дааратты туура албагандар деди.

11. Дагы бир аялды көрдүм, оттон жасаган табытка салып коюптур. Бүт денеси күйүп турат бул кандай аял деп сурадым. Бул аял ойноштон бала тууп, ал баланын атасын жашырып, бөлөк бирөөгө телиген аял деди.

12. Бир аялды көрдүм, бутунан асып, башын төмөн каратып от дандырга салып коюптур. Малик айтты: Я Мухаммед бул аял күнөөлүү адамдарга ээрчип бир айылдан экинчи айылга барган аял деди.

13. Жана бир аялды көрдүм, ит сүрөтүнө болур турду. Ал аялдын от ичинен өтүп оозунан чыгып турат. Малик айтты: Бул ойноштон бала боюнча бүтүп, аны түшүрүп, же тууп анан өлтүргөн аял деди.

14. Жана бир аялды көрдүм, тилин аркасынан чыгарып койгон, от болуп жанып туру. Малик айтты: Булар дүйнөдө калп ант ичкендер деди.

Муну угуп азирети Айша, Фатима ыйлашты: О Расул, адамдар бул иштен кандайча кутулат”- деп. Раслу айтты, мен бул ишти баян кылдым, сиздер өзүңүздөр шайтан азгырып иштесеңиздер, тобо кылып, экинчи иштебеңиздер. Өкүнүңүздөр, тобо кылыңыздар. Алла- Таалага ушул иштерден сактап, тобобузду кабыл кылып, өзү рахым этсин, Оомийн, я раббил аламиин.


December 02, 2015 at 09:55AM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.