Halloween party ideas 2015

Бул аптада Ички иштер министрлигинин 10-бөлүмүнүн башчылары өздөрүн «дааватчы» деп аташкан мусулмандар коомго коркунуч жаратышы мүмкүн деп айтып чыгышты. Дааватчылар ким, алардын кандай оң жана терс жактары бар деген суроо менен Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын муфтийинин орун басары Замир Ракиевге кайрылдык

Коомдогу кандайдыр бир топту коомдон, керек болсо дүйнө тарыхынан ажыратып кароо туура эмес. Силердин гезитиңерде Азамат Борончиев деген агай кыргызга мыйзам тууралуу айтсаң сөзсүз «мунун кыргызча жолу жокпу» деп сурайт деп, мунун себебин да жакшы түшүндүргөн. Көрсө, биздин мыйзамдар элибиздин каада-салтынан алыс, ар кимден көчүрүп алынган экен. Ошондуктан кыргыз элине чоочун көрүнөт турбайбы.

Дүйнөдөгү мусулманчылыкты карасаң да ушуга окшош эле маселе. Мусулмандар жашаган азыркы мамлекеттин дээрлик баарысы акыркы эки кылым бою башкалардын колониясы болгон. Кийин боштондук кыймылы аркылуу эгемендик алышканы менен учурдагы мыйзамдары мурунку колониалдык мыйзамдардын негизинде куралган. Ошентип кыргыздарга окшоп эле аларга да өз мыйзамдары чоочун сезилет.

Эмне үчүн чоочун сыяктуу дейм? Себеби коомдогу башка адамдар сыяктуу эле мусулмандар да өз мамлекетинин Конституциясы менен мыйзамдарынын бетин ачып окуп көргөн эмес. Окуса да түшүнбөйт. Кээ бири окуй да албайт. Мен Конституциябызды окуп чыккам. Анда динибизге карама-каршы келген эч нерсе жок. Кыргыз болгон соң, ага баш ийүүнүн үлгүсү болушубуз керек.

Бул илдеттен кантип кутулуш керек? Биз бала кезде коом таануу деген сабак бар эле. Китептери бар болчу. Менин оюмча мындай сабактар кайра бардык окуу жайларга киргизилүүсү керек. Диний окуу жайларга да керек. Анда коом тууралуу жалпы түшүнүк берилген соң, Конституциябыз баш болгон негизги мыйзамдар тууралуу жакшы түшүнүк берилүүсү зарыл. Өз мамлекетинин эли кабыл алган Конституцияны өзүмдүкү деп кабыл албаган адам радикал болот да.

Демек радикалдуулук мусулмандардын гана көйгөйү эмес. Өз мыйзамына баш ийбей, «кыргызча» жол издегендердин жалпы көйгөйү. Болгону мусулман болобу же башка түшүнүктөгү жаран болобу, мыйзамга баш ийбеген адамдын коомдук жашоого таасири канчалык артса, ошончолук коркунучтуу болушу мүмкүн.

http://saresep.kg/


December 13, 2015 at 08:10AM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.