Halloween party ideas 2015

1.Урматтуу Чубак ажы! Мен сиздерге кээде капа болуп кетем! Эмне үчүн дайыма ата-эненин укугун айтып, балдардын укугу боюнча даават кылбайсыздар? Же балдар эч кандай укукка ээ эмеспи?! Ата-эне бир баланы, же бир кызды көрсөтүп туруп, ушуга үйлөнөсүң десе, алардын көңүлүн кыйбай, өзүңө жакпаган адамга үйлөнүүгө мажбур болуш керекпи? Москва, аты белгисиз.

 Жооп: Ардактуу агайыным! Акыркы учурда балдардын эмес, ата-энелердин укугу көп бузулуп жаткандыктан, ошол эле учурда балдардын ата-энеге кайрымсыз болуп баратканынан улам, ата-энелерди угуу жөнүндө көп айтып жатканыбыз чындык.

Эми сенин маселеңе келе турган болсок, ата-энең айткан кызга үйлөнбөй коюуга укугуң бар. Бирок, ата-энең тапкан кызды карап көрүүгө жана ал жөнүндө пикирленүүгө эмне үчүн болбосун. Анткени сен сыяктуу жаш балдар акылы менен сүйбөй, сезими менен жакшы көрүп, жыйынтыгында бактысыз үй-бүлөлөр, ажырашуулар көп болуп жатпайбы. Тең-теңи менен, тезек кабы менен деген накыл кеп бекеринен эмес.

Көп учурда ата-энелерибиз биз үчүн бизге караганда кыйла эсе мээримдүүрөөк жана алардын турмуштагы тажрыйбасы да кенен. Алардын балдарына жакшылык гана каалаганынан кымындай да шектенүүнүн кажети жок. Ата балага сынчы деген кептин төркүнү, баланы ата-энесинен жакшыраак эч ким билбейт деген мааниге келип такалат. Сен өзүңдү аларчалык билбешиң мүмкүн.

Менин айткан кебим сага тузу жок сорподой туюлар, а бирок, жылдар жылга жылбышып, аталык макамга жеткен учуруңда ушул сөздөрүмдү аргасыздан эстейсиң.

Акырында дагы бир ирет айтарым, ата-энең сени мажбурлап үйлөнтүп коюуга укугу жок. Сен баш тартууга укуктуусуң.

2. Быйыл орозодо оң колум толугу менен ысык жармага күйүп калган. Бирок, мен орозомду улантып кармай бердим. Эми менин оозум ачылдыбы, же кайра ошол күндү тутуп беремби? Балыкчы. Жамал.

Жооп: Оозуңуз ачылган жок. Ачылбагандан кийин аны кайрадан кармоонун зарылчылыгы жок. Кудай Таалам орозоңузду кабыл кылсын!

3. Мен 3 жылдан бери Москвада ресторанда бармен болуп, арак, пиво куюп иштейм. Акыркы күндөрү такыр ушул иште иштегим келбей калды. Башка иш табыш кыйын болгондуктан айласыздан иштеп жүрөм. Ушул ишим канчалык деңгээлде күнөө, не кылсам болот? Москва. Жаңыл.

Жооп: Ишиң арам, тапканың да адал эмес. Колуңан келсе, башка жумуш тап дагы, ошол жакка оодарылып кет, боорум! Кудайым адал оокаттан айрыбасын баарыбызды!

4. Лөлүлөр үйлөрдү кыдырып, силердин үйдү дубалатып кетиптир, бир нерселерди таштап кетиптир деп айтышат. Аларга ишенсе болобу? Талас, Адилет.

Жооп: Жок, берекем! Лөлүлөргө ишенүүнүн кажети жок. Колуңдан келсе бир азыраак жардамыңды берип, жолуна сал. Негизи жардамды да таанып-билген жардыларга бергениң жакшыраак болот. Садага-кайрымдуулук адамга келе турган балээлерди кайтарат. Өмүрдү узартып, ырыскыны кеңейтет. Адамдын ден-соолугу жакшырып, дубалары кабыл болуусуна өбөлгө.

5. Адамды дубалатып койсо канчалык зыяны бар? Дубаны кантип кайтартса болот? Аты белгисиз.

Жооп: Дубалатылган адамга терс дубанын, сыйкырдын зыяны тиет. Терс дубаны-сыйкырды ыймандуу адам жасабайт. Аны ыймансыз, кесепеттүү, бактысыз жана алдамчы адамдар жасайт жана жасатат. Тескери дуба тийбөөсү үчүн дайыма даараттуу болуп, сактануучу дубаларды окуп жүрүү кажет. “Мусулмандын чеби”, “Мусулмандын коргону”, “ Маснун дубалар” сыяктуу китепчелерде сактануу дубалары кенен баяндалган. Намазга бекем адамга андай нерселердин таасири тийбейт.

6. Биз Ислам мамлекети эмеспиз. Шариатыбызда эркек менен аялдын бир жерде иштөөсүнө, окуусуна болобу?

 Жооп: Мусулман пенде жашап жаткан өлкө кандай гана өлкө болбосун, ал колунан келишинче мусулманчылыктын шарттарын аткарууга аракеттенүүсү керек.

 Ислам мамлекети эмес өлкөдө жашаган адамдарга Ислам өкүмдөрүн аткаруу милдеттүү болбой калса, анда ар ким каалаганын кыла бербейби? Нике, адал-арам маселеси кайда калат?

Динибизде акыл-эс кирип калган балдар менен кыздардын аралашып окуусуна тыюу салынат. Анткени, аралашып окуудан көп проблемалар пайда болууда. Ошол жерден бири-бирине көнүп, эки башка жыныстын аралашып кетүүсүнө шарттар түзүлүүдө. Абийирдин сакталуусу сыяктуу маселелер тебелендиде калууда.

Намахрам эркек менен аял киши жалгыз бир бөлмөдө калып иштөөгө да тыюу салынат. Колдон келишинче айрым-айрым канааларда иштөөгө шарт түзүш керек. Албетте, мен бул маселени мусулмандарга гана айтып жатам. Мусулман эместерге тиешеси жок. Алар эмне кылса өздөрү билет, өтүктөрүн төрүнө илет.

7. Ачык көзү ачыктык кылса күнөө, бирок жашыруун кылса болот да ээ? Кайсы негиздерге таянып аларды каапыр дейсиздер? Бишкек, Болот.

Жооп: Көзү ачыктардын каапырлыгы анык. Ачык кылса да, жашыруун кылса да ал чоң күнөөлөрдөн болот. Тообо кылбаса, аткарган көзү ачыктыгынан кайтпай өлсө, кыяматта тозокто түбөлүкө калат. Кудай Тааламдын илимине таандык болгон кайып илиминен сүйлөгөндүгү үчүн каапыр дейбиз. Анткени, кайып илимин билүү жалгыз Кудай Таалама гана таандык. Ал эле эмес, аларга ишенгендер да каапыр болот. Бул туурасында “Аалам сырларыбы, же шайтандын ырларыбы?” аттуу макалабызда кеңири баяндаганбыз. Таап окуңуз.

 8. Устаз, төрт рекет парз намаздын акыркы эки рекетинде кошумча сүрө кошуп койсо сажда сахви кылынабы? Аты белгисиз.

 Жооп: Менин билишимче, намазда кайсы бир ички парзды (рукунду) кечиктирип койсо, сажда сахви ваажып болот. Парз намаздардын үчүнчү жана төртүнчү рекеттеринде фатиха сүрөөсү жалгыз эле окулат, аны окуу сүннөт. Ага зам сүрөө кошуп коюу менен рукууь амалы кечигип калат. Жыйынтыгында рукун кечигип жатат. Аллах билүүчүрөөк.

 9. Бир тууган менен мамилени үзсө, жаза кандай, устаз? Каракол, Фархад.

 Жооп: Бир тууган менен мамилени үзгөн адамдан Кудай Таалам да мамилесин үзөт. Ал пендеге ырайым нурун азайтат деген маани келет. Ал адамдан Кудайдын бере турган берекеси качат.

 10. Балам аябай тентек болуп жатат. Жакшы да айтам, алдап-соолап, жаман да айтып түшүндүрөм, эч болбой жатат. Аз-аздан таалим өтүп тарбияланабы десем, өткөзбөйт. Бала бакчага барат. Кичине балдар менен ойноп алаксыйбы десек, тетири кетип жатат. Беш жашта. Кеңешиңизди бериңизчи, устаз? Аты белгисиз.

Жооп: Беш жаштагы бала шоктонбогондо, отуз беш жаштагы киши шоктонмок беле? Жигит болсо шок болсун, шок болбосо жок болсун! Балага жаман айтуунун кереги жок. Колдон келишинче ак-караны ажыратып айтып берүүгө аракет кылганыңыз ийги. Бала балалыгын толук албаса, кийин чоңойгондо ошол жаш баладай болуп ойногусу келе берет. Карап көрсөңүз, ошол балалыгын толук албагандар чоңойгондон кийин деле машиненин түрүн алмаштырганга кызыгышат, дайыма жаңы кийим кийишет, айтор балалыктын синдромдору кала берет. Андыктан, балаңыздын балалыгын уурдабаңыз.

11. Устаз, чүкө ойносо болобу? Атам чүкөдө жин бар дейт. Бул нерсенин канчалык деңгээлде чындыгы бар? Кара- Кулжа, Курманбек.

Жооп: Сөөктөр жиндердин тамагы болуп эсептелгендиктен, анда жин бар деп айтылса керек. Сөөктөрдү булгап, аны менен дааратканада тазаланганда жиндердин ачуусу келет. Ал эми аларды булгабаган учурда алардын ачуусу деле келбейт. Андыктан аларды пайдаланса болот. Бирок, чүкөнү төлгө кылып салуу дурус эмес. Төлгө салуу шариатыбызда жок. Ордо оюну сыяктууларды ойносо боло берет.

12. Жолдошум мага талак бергем дейт. Бирок мен уккан эмесмин. Үч балабыз бар. Балдарга да карабай кетип жатат. Жолдошумду жакшы көрөм. Эмне кылсам болот, устаз? Аты белгисиз.

Жооп: Күйөө берген талакты аялы укпаса да түшө берет. А бирок, айтылган талактын так түшкөндүгүн билүү үчүн илимдүүлөргө айтып тактатып алуу керек. Жолдошуңузду жакшы көрсөңүз, жакшы көргөнүңүздү далилдеп, анын көңүлүн табуунун аракетинде болуңуз. Намаз окуп, дуба кылсаңыз түштөгүнүн ишке ашуусу Кудайыма кыйын эмес.

13. 23 жаштагы жигит атасынан суранбай дааватка чыкса болобу? Аты белгисиз.

Жооп: Чыкса боло берет. Анткени ал бойго жеткен чоң адам.

14. Сиңдим 1-күйөөсү менен ажырашкандан 10 жылдан кийин күйөөгө чыкты. 9 ай жашагандан кийин жолдошу героин менен кармалып 16 жылга кесилди. Сиңдим жообун сурап алса болобу? Аты белгисиз.

Жооп: Ооба, сурап алса болот. Мындай учурда ага жол берилет. Эч бир себепсиз талак сурагандыгы үчүн күнөөкөр болгон аялдардын катарына кошулбайт сиздин сиңдиңиз.

15. Аллахым сизден ыраазы болсун! Телефондон “сага үч талак” деп жазып жиберсе эмне болот? Бишкек, Айзада.

Жооп: Антип жазып жиберген болсо, ошол жазуу ошол бойдон жетип барат. Эгер эркектин талак берүү ниети бар болсо, жазган талагы түшөт. А эгер ажырашууга ниети жок болсо, анда жазуунун өзү мааниге ээ эмес. Анткени кат менен жазылган талак толук эмес түрдө жазылган учурда эркектин ниетине муктаж.

16. Моргдо иштегендерге кандай дейсиз? Маркумдарды союп, жашыруун иштегендери күнөөбү? Медиктер кандай кесип тандаганы туура? Рахмат! Ош, Дастан.

Жооп: Өлүкканада деле бирөө иштеш керек болбойбу? Андыктан иштесе боло берет. Болгону алардын авреттерине көз салбай, аларды улкуп-жулкубай, жакшы мамиле кылуу керек. Маркумду эч бир себепсиз соё берүү күнөө. Арам. Медиктер өздөрүнө жаккан адистигин тандай бергени макул. Аялдарды караганга аялдардын, эркектерди караганга эркектердин окуганы максатка ылайыктуу.

17.Психиатр врачтар жин жөнүндө билишпейт. Молдо окуганы менен пайда жок дешет. Псих больницаларда жин киргендер көп деп ойлоймун. Биз медикпиз, бирок ошол жин чыгаруучу илимди канча жылда, кантип өздөштүрсөк болот? Ош, Дастан.

Жооп: Жыргал каары сыяктуу жинайдаар молдокелерге шакирт болуп түшсөң, үч жылда Куран жаттап бүтсөң, анан дагы бир жылдай кайда-эрежесин үйрөнсөң, өздөштүрүп аласың. Бул эми стандарт убакыт. Зээниңе жараша мындан да тезирээк болуу ыктымалы бар.

18. Аллахым сизге эки дүйнө бактысын берсин! Мен намаз окуганыма бир жыл болуп калды. Аллахыма ыраазымын мени туура жолго салганына. Жашым 28де. Жоолукчан, ыймандуу, Жаратуучубуздан корккон кызга үйлөнгүм келет. Бирок апам каршы. Сен заманга жараша окуган, чокуган кызга үйлөнөсүң деп айтат. Чынында, апамды мурда көп капа кылчумун. Ошондуктан азыр апамдын сөзүн аттап кете албай же өзүм жакшы көргөн кызга үйлөнө албай жатам. Эмне кылсам болот? Аты белгисиз.

Жооп: Жоолук салынганды современный эмес деп ким сага айтканын билбейм, бирок так билгеним, ал адашыптыр. Жоолук салынып окууну да окуган, жылаңачтар билгенден да көбүрөөк билген сарамжалдуу саркеч кийинген мусулман кыздарыбыз көп. Апаңды капа кылба, өзүңө жакканга үйлөн. Диндүүсүн кармасаң, береке табасың, берекем!

19. Жолдошум мага “жообуңду бердим” деп үч жолу айткан. Бирок азыр жашап жатабыз. Кандай болот? Аты белгисиз.

Жооп: Талак ниетинде айткан болсо бир талак боин түшкөн болот. Боинге боин жабышпайт. Кайрадан нике жаңыртуу керек. Ниетинде ажырашуу жок болуп, жөн эле айткан болсо, бир да талак түшпөйт. Киная-кыйытма талактар ниетке байланыштуу болот.

20. 5 маал намаз окуйм. Кээде кечиктирип, каза кылып окуйм. Окуганда ар нерселер оюма келе берет. Намазымды окусамбы же токтотсомбу? Аты белгисиз.

Жооп: Окуганыңды токтотпо! Намаз парз. Жашоо үчүн күрөш дегендей эле, бейиш үчүн шайтан менен күрөшүү. Намазды кунт коюп окууга аракет кылуу да өз алдынча жихад.

21. Үй-бүлөөсү бар туруп, башка аялга кетип калган эркектерге кандай чара колдонуу керек? Мамлекет тарабынан же хадис, куран негизинде болобу? Аты белгисиз.

Жооп: Бакпаса мал кетет, карабаса катын кетет деген кеп бар. Жөн жерден кетип калбаса керек го. Күйөөңө көңүл бурбай, өзүңчө төшөк салып балдарың менен жатып алсаң, ага жаккан тамак жасабай, иштен келсе үтүрөйүп тосуп алсаң, ал кетпегенде ким кетмек эле. Ал төшөккө чакырганда келбесең, төркүнүңдүн акчасына чиренип, аны тоготпосоң, анда кетип кала берет.

22. 13 жыл жакшы жашоодон кийин жолдошум экөөбүздүн ортобузда түшүнбөстүк пайда болду. Ортодо 5 бала бар. Түшүнбөстүктү жоюу үмүттө экинчи ирет нике окутса болобу. Бирок мага талак берген жок. Башка жубанга көзү түшүп калыптыр. Аны тим эле айга теңейт. Аны менен жолугушуусуна тоскоол болсом, мени шүмшүккө теңейт. Кандай кылсам болот? Аты белгисиз.

Жооп: Тиги жубанды никелеп алсын… Никеси жок арам болот.

23. Назыр орозону ниет кылсаң, аны үзбөй тутуп берүү керекпи же үзүп-үзүп тута берсең болобу? Алай, Максат.

Жооп: Эгерде “бир нече күндү удаама-удаа кармап беремин”, же “бир ай орозо кармап беремин” десе, анда айткан сөзүн аткаруусу ваажып болот. Удаама-удаа кармап берүүсү милдеттүү. Бир ай орозосу жаңы чыккан айдын башталышы менен башталып, анын чыгуусу менен бүтөт. Айдын башталышынан баштабай, орто жеринен баштай турган болсо, анда отуз күндү толук кармап берет. Болбосо, каффаарат төлөөсү зарыл.

Удаама-удаа, же бир ай дебей, жөн гана отуз күн кармап беремин десе, анда отуз күндүн эсебин толтурса эле эсеп болот.

 http://saresep.kg


December 25, 2015 at 01:25PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.