Halloween party ideas 2015

“Ыйман жан дүйнө азыгы” программасынын бул чыгарылышында “Тынчтык Пайгамбары Мухаммед с.а.в”” тууралуу кеп курдук. Студиябыздын коногу И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин телогия кафедрасынын ага-окутуучусу Жумадыл Маматжанов.

Ислам “тынчтык” дегенди билдирет. Исламдын маӊызы менен руху мына ушунда. Тилекке каршы, бардык илимдерди камтып, аны түшүнүүгө ачкыч болгон тынчтыктын динин бүгүн Батыштагылар Исламды тынчтыктын эмес, согуш, баскынчылык, хаос жана бүлгүнчүлүктүн дини катары түшүнүшкөндүгү шылдыӊ сыяктуу болууда. Ислам тек гана наамы менен тынчтыктын дини болбостон, өзүнүн бардык таалимдери боюнча да тынчтыктын дини жана аны ишке ашырууда. Эгерде сөзмө-сөз которсок, “Ислам” деген сөздүн экинчи мааниси – “баш ийүү”. Ошентип, “тынчтык»”жана “баш ийүү” деген сөздөр Исламды толук сүрөттөп берет.

“Тынчтык” – мусулмандын башка адамдарга болгон мамилесине, ошондой эле Исламда тапкан чоӊ бейпилдигине байланыштуу. “Баш ийүү” мусулмандын Кудайга болгон мамилесин билдирет. Кыскача айтканда, диндин бүткүл философиясын ушул бир эле сөз камтыйт. Ислам дининдеги белгилеп кетчү кызыктуу жагдай: ар бир чыныгы дин өзүнүн Кудайдан экенин көрсөтүп туруу үчүн ушул эки зарыл шартка ээ болушу керек. Ислам боюнча бир жагынан бардык диндер адамды өзүнүн Жаратуучусуна кайта алып келүүгө, экинчи жагынан башка адамдар менен үлгүлүү, жагымдуу байланышты түзүүгө аракеттенген.

“Пайгамбарыбыз хадисинде “мусулман деген бул башка мусулмандар колунан жана тилинен зыян тартпаган болсо, ошол киши чыныгы мусулман болуп саналат” деген. Ошондуктан Ислам дини тынчтыкка моюн сунуу деген маанини билдирет. Момун мусулман ислам динин кабыл алгандан кийин эң биринчи тынчтык деген нерсени бекем карманышыбыз керек”.

“Пайгамбарыбыздын Мадинадагы жашоосун алып карасак, канчалык согушпасын, албетте ал убактагы согуштар коргонуу максатында болгон. Согуш учурунда дагы Пайгамбарыбыз тынчтыкты үндөөчү, тынчтыкка чакыруучу элчи экенин билебиз. Ошондуктан биз бүгүнкү күндө Пайгамбарыбыздын өмүр баянын билишибиз керек. Өмүр баянын окуп билбегендиктен адамдар айрым учурларда дүйнөдөгү ар кандай ызы-чуу иштерге аралашып кетип жатат”.

“Ислам дининде эч качан жөн тынч жаткан адамдар менен согушкула деген нерсе жок. Экинчи жагынан ислам согушууга үндөбөйт. Пайгамбарыбыз Жалгыз Кудайга ишенүүгө чакыргандыгы үчүн мушриктер Пайгамбарыбыз с.а.в өлтүрөбүз дегенге чейин барышты. Мекке шаарында өмүрүнө коркунуч келген учурлар көп кездешет. Бирок ошолорго карабай Пайгамбарыбыз с.а.в душманына бир дагы жолу кол көтөргөн эмес. Мунун башкы бир себеби Пайгамбарыбыз тынчтыкты орнотуучу катары келген элчи экендигинин далил десе болот”.

Илгиз Жамалбеков,
http://maralfm.kg/

December 12, 2015 at 10:46AM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.