Halloween party ideas 2015

Баткен облустук мусулмандар казыятынын фатва бөлүм башчысы Кадырбердиев Абибилла ажы Кыргызстан мусулмандар дин башкармасынын окуу бөлүм башчысы кызматына которулгандыгына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна Баткен облусунун мусулмандар казысы Султанмуратов Пазыл ажынын буйругуна ылайык Абдиравшан Дүйшөев казыяттын фатва бөлүм башчысы кызматына дайындалды. Бул туурасында Баткен облустук мусулмандар казыятынын басма сөз кызматы кабарлады.

Дүйшөев Абдиравшан Ганыевич 1973-жылы 13-июлда Лейлек районунун Кулунду айылында туулган. 1980-жылы “Коммунизм” орто мектебинин босогосун аттап, 1990-жылы орто мектепти аяктаган. 1991-1995–жылдары Баткен районундагы Карабак айылындагы мечитте жергиликтүү молдолордон билим алган. 1995-жылы Ош облусундагы “Абдужапар” атындагы ислам институтуна тапшырып, 2005-жылы ийгиликтүү аяктаган.

2001-жылы туулуп-өскөн Кулунду айылындагы мечитте имама хатиб, 2002-жылдан 2005-жылдары Кулундудагы Таир медресесинде мугалим, 2005-жылы Исфана шаарындагы “Абдулла ибн Аббас” ислам институтунун окуу бөлүмүнүн башчысы, 2006-2012-жылдары аталган институтта мүдүр, 2013-жылы КМДБнын уламалар кенешинин мүчөсү болгон. 2014-жылы Лейлек районунун баш имам хатибинин орун басары кызматтарын аркалаган.

Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.


December 31, 2015 at 01:01PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.