Halloween party ideas 2015

Адам напсисин жакшы көрөт, жана көп учурда анын каалагандарын аткарат. Ал эми напси болсо, макталууну, мактанууну каалайт жана ошол эле учурда күнөөлөрдү өз мойнуна алгысы келбейт. Жакшы иш болсо напси “мен кылдым” дейт, жаман бир нерсе болсо мойнуна албайт. Студенттердин, экзаменде жогорку балл алса, “мен алдым”, төмөн балл алып калса “мугалим ошончо балл берди” – дегени сыяктуу. Напси дайыма, өзүн таза, күнөөсүз көрсөткүсү келет.

Биз адамдарда “кемчиликсиз”- деген түшүнүк бар. Ал да болсо кемчиликсиз болгон Аллахтын субхан  экенин түшүнүшүбүз үчүн берилген. Бирок биздин напсибиз бул түшүнүктү өзүнө карата колдонот. Бир туура эмес нерсе болсо, ага сөзсүз түрдө шылтоо же себеп табат. Мисалы:  Намаз окумакмын, жумушума туура келбейт, хиджап киймекмин, ата-энем каршы. Ушундай себептер менен напси өзүн тынчтандырып, адам да аны угуп кала берет. Бирок бул себептер бизди куткара албайт!!!

Ошол эле учурда, азыркы мезгилде беш убак намаз окуган адамга “укмуш бир адам” катары каралып калды. Бирок динибиз беш убак намаз менен эле чектелбейт! Бул ситуацияда болсо напси башкачараак иштей баштайт. “ Мен беш убак намаз окуйм, окубай күнөөгө батып жүргөндөр канча” – деп напси өзүнүн башка азгырыктарына жетише баштайт. Намаз окуп, шариатты түшүнгөн кыз- жигиттер болсо, “ Биз намаз окуган адамдарбыз, Аллах кечиримдүү, биз телефондо эле сүйлөшөбүз, а башкалар жолугуп сүйлөшүп, күнөө кылып жатышпайбы, алардын жанында биздин жасаганыбыз күнөө деп деле эсептелбей калат”. Бул сыяктуу актануулар, напсинин өзүн күнөөсүз көрсөтүүгө болгон аракеттери. Жана дагы чоң-чоң күнөөкөрлөрдүн жанында менин күнөөм деңиздин тамчысындай эле, алар тозокко түшсө, аларга салыштырылып туруп мен бейишке кирем го, деген жаңылыш ой. Тозокто адамдын санына байланыштуу бир лимит, чек жок, аны унутпаш керек. Өзүбүздү бул темада, бизден ылдыйкылар менен эмес жогоркулар менен салыштырышыбыз керек. Ал намаз окубайт, мен жок дегенде намаз окуйм, жоолук салынбасам да, деп эмес, ал жумасына бир же күнүгө теххежутка турат, бир айда бир куранды хатым( баш аяк окуп чыгат) кылат, а менчи?- деп, ушул өңүттөн карообуз керек.

Напсибиз “мен жасадым”, “менин шарапатым менен”, “ийгиликтерди мен багындырдым”,  мен, мен…- деген нерсени аябай жакшы көрөт. Ошондой эле напси өзүн эркин, эч нерседен көз каранды эместей сезет. Бирок биздин “мен, мен” болушубуз, башкача айтканда, бар болушубуз Аллахтан көз каранды, Аллахтын колунда. Бул “мен жасадым, мен жетиштим”- деген нерселер эң башта ырчылар болуу менен бирге, дээрлик ар бир адамда бар.

“Заман  өзгөрдү, азыр элдин баары эле ушундай”. “Элдин баары эле ачык жүрбөйбү, сен болсо хиджап кийбесең да жабык кийинип жүрөсүң”- бул сөздөр башкалардан көп угулган жана напсинин да ал ойго кошулган сөздөр. Бирок бир нерсени унутпаш керек! Өлүм өзгөргөн жок.  Тилекке каршы, коомго аябай байланган, андан ажырап чыга албаган бир коомчулукпуз. “Элдин баары эле ушундай”. Бирок унутпайлы, бирөөнүн күнөөсүн бирөө тартпайт! “ Элдин баары” биз менен кабырга чейин эле бирге болот!

Демек жыйынтык…  Напсибизди кантип таптаза, күнөөсүз кылбай коё алабыз?

  • Кылган күнөөбүздү мойнубузга алабыз. Ооба күнөөлүүмүн –дейбиз.
  • Напсини жеңүү жалгыз эле күнөө кылбоо эмес, кылган күнөөсүн мойнуна алуу дагы болуп саналат.
  • Намаз окуй албайм, анын да маанилүү себеби бар( ишим, окуум) дебестен, намаз окубайм дешиңиз керек. Анткени чындык ошо. Анын үстүнө намаз окуу адам үчүн, сиз ойлогончолук кыйынга турбайт.

Биз менен тынымсыз чогуу жүргөн бир напсибиз жана тынымсыз бизди азгырууга далалаттанган шайтан бар. Аларды жеңип, Аллахка жетиштирүүчү жолдо, кыйшаюусуз, түз жүрө билүү бизден көп нерсени талап кылат. Такыба, напсине баш ийбегендер үчүн бул жеңил, ал эми кээ бирөөлөр үчүн оор, дагы бирөөлөр үчүн мүмкүн эместей сезилиши мүмкүн. Акыретибизди куткаруу, же напсинин кулу болуу, чечим өзүбүздө!

Перизат Мусабек кызы,

“БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ”


December 08, 2015 at 12:42AM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.