Halloween party ideas 2015

Бардык алкыш-мактоо жана шүгүрчүлүк ааламдардын жалгыз ээси Аллах Таалага болсун! Аллах кимди туура жолго баштаса, аны эч ким адаштыра албайт жана Аллах кимди адаштырса, аны эч ким туура жолго багыттай албайт. Күбөлүк берем Аллахтын барлыгына жана бирлигине күбөлүк берем Мухаммад Анын кулу жана акыркы пайгамбары экендигине.

Урматтуу мусулман бир тууган, Аллах Таала адам баласын жараткандан соң төрт тарабың кыбыла, башың бош деп таштап койбостон бизге жашоо эрежесин көрсөткөн Ыйык Кураанды түшүрдү. Андыктан бул жалганда адашпастан туура жашап акыретке, Аллахтын астына жарык жүз менен баруу үчүн Кураан жөнүндө кенээн маалыматка ээ болуп, аны башкаларга үйрөтүү ар бир мусулмандын милдети.

1- Кураан деген эмне?
2- Кураан деген сөз эмне деген маанини түшүндүрөт?
3- Кураан бир гана өлүктөр үчүн гана окуулуучу нерсеби же мүрзөдө эле окуулуучу нерсеби?
4- Кураан жин, шайтандан сактануу үчүн гана үйдүн төрүнө илип койуучу китеппи?
5- Кураан же орууларга дем салуу үчүн гана колдонулуучу нерсеби?
6- Кураан же бир гана молдолор гана окуй турган китеппи?
7- Кураан кооз үн (кыраат) менен гана окуп элдерди таң калтыруучу нерсеби?
8- Кураан эскилердин жомогубу?
9- Кураан же катардагы жазуучулардын китебиндей эле китеппи?
Айтоор ж.б.у.с. Кураанга байланыштуу көптөгөн суроолорго туура жооп алууну кааласаңыз анда бүгүнкү Ыйык Кураанга байланыштуу темага кунт койуп көңүл буруңуз.

Кураан – араб тилинде «Кара’а» сөзүнөн алынып, «Оку!» же «Окула турган ыйык китеп» деген маанини түшүндүрөт.
Кураан Аллах Тааланын муужизалуу сөзү. Ал Аллах Тааланын эң акыркы китеби. Аллах Таала башка кээ бир пайгамбарларга китеп түшүргөндөй эле Мухаммадга (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) жана анын үммөтүнө Кураанды түшүргөн.
Мисалы: Мусага (Ага Аллахтын саламы болсун) Таврат аттуу китеп, Даудка (Ага Аллахтын саламы болсун) Забур аттуу китеп, Исага (Ага Аллахтын саламы болсун) Инжил аттуу китеп түшүрүлгөн.

Пайгамбарыбыз Мухаммаддын (С.А.В.) пайгамбарлык милдети 23 жыл болсо, Кураан да 23жыл ичинде Жабраил (Ага Аллахтын саламы болсун) периште аркылуу ар кандай окуйаларга, абалдарга, ж.б. себептерге байланыштуу түшүп турган. Маселен Пайгамбарга (С.А.В.) ачык даават кылууга буйрук болгондо Ал Сафа дөбөсүнө чыгып Мекке элин чакыра баштады. Анткени аларда ушундай салт бар эле кандайдыр бир жаңылык болсо ушул жерге келип элди чакырып кабар беришер эле. Меккеликтер Сафа тоосуна бат эле жыйналышты. Пайгамбар (С.А.В.) баарына тегиз бир карап алгандан кийин «Эй Мекке эли мен силерге тээтиги тоонун ары жагында чоң душман келе жатат десем мага ишенесиңерби?». Бул суроого баардык Меккеликтер бир ооздон – Ооба эй Мухаммад сен биздин эң эле ишенимдүү жигиттерибизденсиң – дешет. Анда Пайгамбар (С.А.В.) – андай болсо менин чынчыл экенидигиме ишенет экенсиңер мен силерге Аллах тарабынан жиберилген элчимин, силерди бир Кудайга ибадат кылууга чакырамын – деди. Келген элдин баары таң кала эч нерсе деп айталбастан туруп калышты. Бир аздан кийин Абу Лахаб: «Эй Мухаммад сенин колуң куруп калгыр сен бизди бул жерге ушул максатта жыйнадыңбы?! деп катуу ачууланып, ызы-чуу салып элди таратып жиберди. Бул окуйа болуп өткөндөн кийин Аллах Тааладан Масад (Эшилген жип) сүрөөсү түшкөн. Бул сүрөөдө Аллах Таала Пайгамбарды (С.А.В.) жемелеген Абу Лахабти – Сенин колуң кургасын Кыйамат күнү сенин мал-мүлкүңда, бала-бакыраңда сени тозоктон сактап кала албайт деген мазмунда айттар түшөт.

Дагы бир мисал ала турган болсок Пайгамбарга (С.А.В.) мушриктер келип «Эй Мухаммад! Сенин Аллахың кандай? Аны бизге сыпаттап берчи?» дешет. Ошол учурда Аллахтын жалгыздыгын, Ал эчкимден төрөлбөгөн, эч кимди төрөбөгөн Ал эч нерсеге муктаж эмес экендигин байандаган Ихлас сүрөөсү түшөт.

Кураан Пайгамбарыбыздын доорунда азыркыдай бир китеп болуп тартиптештирилген эмес. Себеби, Ага мүмкүнчүлүк болгон эмес. Кураан толук түшүп бүтө элек болчу. Ага зарылдыкта да жок болчу. Анткени сахабаларга Кураандан бир нерсе түшүнүксүз болсо, пайгамбарыбыздан сурашат эле.

Азирети Абу Бакрдын (Андан Аллах ыраазы болсун) доорунда Йамама согушунда көптөгөн Кураан жаттаган каарылар шейит болгон. Мына ушул окуйадан кийин Азирети Умар (Андан Аллах ыраазы болсун) Абу Бакрге Кураанды бир китеп кылып тартиптештирүү зарыл экендигин сунуш кылат. Абу Бакр (Р.А.) анын сунушун колдоп, Зайд бин Саабиттин (Р.А.) жетекчилигинде бир топ түзүп, Кураанды жыйнап бир китеп кылуу тапшырмасын берет. Кураан баракчаларын “Китеп” абалына келтирүү комиссийасы ар бир айаттын жана сүрөнүн Азирети Пайгамбарыбыз (С.А.В.) тарабынан жаздырылгандыгын жана Кураан текстинин акыркы кыраатта болгон формасында такталышын жана бул темада эки күбөнүн угуусун негиз катарында кабылдаган. Өтө кылдаттык менен иштелип иретке келтирилген Кураан баракчаларынын бардыгын комиссийа башчысы Зайд халифа Азирети Абу Бакирге тапшырган. Азирети Абу Бакир бул ыйык аманатты тирүү кезинде өзүнөн кийин халифалыкка келе турган Азирети Умарга тапшырган. Азирети Умар болсо, өзүнөн кийин халифалыкка кимдин келери белгилүү болбогондуктан Аны өзүнүн кызы тактап айтканда Пайгамбарыбыздын аялы Азирети Хафсага тапшырган. Мына ошол Азирети Хафсага өткөн бул Кураан нускасы, Азербайжан жана Арменийаны каратып алууга чыккан Ирактык жана Сирийалык жоокерлердин арасындагы кыраат талаш-тартышынын пайда болгонунан улам, Азирети Осмон доорунда кайрадан Зайд бин Сабиттин жетекчилигинде Абдуллах бин Зубайр, Саид бин ал-Ас жана Абдуррахман бин ал-Харис сыйактуу кишилерден түзүлгөн бир комиссийа тарабынан, курайш дийалектиси негиз алынып, бир канча нускада көбөйтүлүп жазылган. Көбөйтүлгөн Кураан нускалары Мекке, Мадина, Куфа жана Басра аймактарына бирден жиберилген. Негизги түп нуска кайрадан Азирети Хафсага тапшырылган. Көбөйтүлгөн бул расмий жазма нускалардан башка Кураан текстин камтыган бардык баракчалары Азирети Осмон доорунда отко ташталуусу буйрулган.

Кураан 30 жүз болсо алар негизинен 3 бөлүктөн турат.
1-Тавхит (ишеним) жөнүндө. Мисалы : Аллах, Бейиш, Тозок, Эсеп кысап, ж.б
у.с. нерселер байандалат.
2-Өкүмдөр (Мыйзамдар) жөнүндө Намаз, зекет, уурулак, зынакорлок, нике,
талак ж.б.у.с. нерселер байандалат.
3-Окуялар (Куранда 25 пайгамбардын аты аталып кээбиринин окуйалары кыскача байандалган).Мисалы: Адам, Муса, Иса, Ибрахим, Юсуф, Сулайман, Нух, Лут (Аларга Аллахтын саламы болсун) ж.б.у.с.
Куранда 114 сүрө, 6220 айат бар.
Сүрөөлөр ар кандай аталышта. Маселен: Бакара, Ниса, Жума, Йусуф, ж.б.
Сүрөөлөр негизинен 2 ге бөлүнөт: Маккий жана Маданий болуп. Меккеде түшкөн сүрөөлөр Маккий деп аталып алардын саны 86 болгон. Ал эми Мадинада түшкөн сүрөөлөр Маданий деп аталып алардын саны 28 болгон.

Кураандын услубундай (методикасындай) дүйнө жүзүндө методика жок.
Кураан чындыгын да Аллах Тааланын сөзү экендигинде көптөгөн далилдер бар.
Өткөн ар бир коомдо, ар бир доордо бир нерсе өнүккөн.
Маселен Мусанын (А.С.) доорунда сыйкырчылык, Иса (А.С.) доорунда медицина ал эми Мухаммаддын (С.А.В.) доорунда Балага (кызыл тилдүүлүк) илими айабай өнүккөн болчу.

Сахабалардан бирөөсү Кураандан болгон эң кыска «Кавсар» сүрөөсүн Ыйык Каабага илип койот. Эртеси күнү ага күбө болгон адамдар – бул инсандын сөзү эмес – деп акыйкатты тан алышкан.
Кураан баарын алсыз калтырат. Ошондуктан Балага илими чегине жеткен, өнүккөн учурда аны жеңе албаган азыркы дин душмандарынын Кураанга болгон терс аракеттери пайдасыз экендиги ар бир акылы бар адамга айдан ачык. Дагы бир далил Аллах Тааладан түшкөн баардык китептердин асыл нускасы калган эмес. Ал эми Кураан дүйнөдөгү эң көп тилге которулганына карабастан бир да тамгасы өзгөрүлбөстөн колубузда сакталуу. Анткени Аллах Таала Кураанды Кыйаматка чейин сакталуусуна сөз берген.

” إنَّا نَحْنُ نَزَّلْنَا الذِّكْرَ وَ إنَّالَهُ لَحَفِظُونَ ”
«Албетте6 бул эскертмени (кураанды) Биз Өзүбүз түшүрдүк жана эч шек күмөнсүз аны Өзүбүз сактоочубуз» (Хижр 9)

20-21-к. да эле бул Ыйык китепти жок кылуу үчүн Мусулмандардын колунан биротоло алуу үчүн канчалаган аракеттер (Анти Исламский идеалогийа) болду. Канчалаган Ыйык Кураандарды өрттөштү, дарыйаларга чөктүрүштү, кабырларга көмүштү бирок жыйынтыгында сан миңдеген Кураан нускалары пайда болду. Бул эле эмес көкүрөгүндө жат алган бул илахий китеп үчүн өмүрлөрүн арнап ага амал кылып жашаган, милиондогон мусулмандарды түрмөлөргө камап, өлтүрүп жок кылышты. Кийин эмне болду билесиздерби? Башка милиондогон улук заттар колдорунда, тилдеринде, бир да тамгасын өзгөртпөстөн Ыйык Кураан кайрадан пайда болду. Аллах Таала ал аракеттер жөнүндө мындайча айтат:
” يُرِيْدُونَ لِيُطْفِؤُا نُورَ اللهِ بِأفْوَاهِهِمْ وَاللهُ مُتِمُّ نُورِهِ وَلَوْ كَرِهَ الْكَافِرُونَ ”
«Алар Аллахтын нурун (тактап айтканда, Исламды) ооздору (пайдасыз сөздөрү) менен өчүрмөкчү болушат. Аллах болсо, каапырлар каалашпаса да, Өз нурун (динин ) толо (ар тарапка) жайуучу». (Саф 8)

Инжил болсо азыркы күндө 70 тен ашуун тилдерге которулган бирок, түп нускасы жок. Ал эми Кураан 15к. өтсө да Пайгамбар Мухаммадка (С.А.В.) кандай түшкөн болсо дал ошондой колубузда сакталууда.

Деги Куран эмне үчүн түшкөн? Анын максаты эмне? Бул тууралуу Аллах Таала мындай дейт:
الم* ذلِكَ الْكِتابُ لا رَيْبَ فِيْهِ هُدًى لِلْمُتَّقِينَ*
«Алиф, Лаам, Миим. …. Бул китепке (тактап айтканда Кураандын чындык экенинде ) эч кандай шек күмөн жок. Ал такыба кишилер үчүн хидайат – туура жол ….» (Бакара 1-2)
Кураан бардык адамзатты туура жолго баштоо үчүн, караңгылыктан ыйман нуруна, илимсиздиктен илимге жана адамдарды эки дүйнөдө бактылуулука алпаруу үчүн түшүрүлгөн.

Кураан ар заманга жараша тафсирлене берет. Ар бир жетиштүү илимге ээ болгон аалымдар өздөрүнүн илимине жараша Кураанды тафсирлешет.
Кыйамат күнүнө дейре анын ачылышы улана берет.

Кураандын көптөгөн аттары (сыпаттары) бар. Алар:
1. Кураан
2. Фуркан
3. Китааб
4. Танзиил
5. Зикир ж.б.

Кураан мутаватыр жолу аркылуу бизге жеткен.
Пайгамбар (С.А.В.) Кураан айаттары түшкөн учурда унутуп калбаш үчүн ичинен кайра-кайра кайталайт эле. Бирок вахий түшүп жаткан учурда кайталабай эле көңүл буруп тургун жана Кураанды сенин көкүрөгүңө жат кылуу биздин иш деген мааниде айат түшөт. Ушул окуйадан кийин Пайгамбар (С.А.В.) вахий түшүп жатканда кунт койуп гана тураар эле жана ал айаттар көкүрөгүндө жат болуп калчу.
Аллахтын элчиси Ал аманатты бизге жеткирүүдө өтө кылдаттык менен аракет кылган. Сахабаларга жаттатып жана жаздырып койот эле.
Ал эми Инжил Иса (А.С.) өлгөндөн кийин бир канча жылдан кийин жазылган.
Пайгамбар (С.А.В.) мындай дейт:
«Эй Мухаммаддын эли (үммөттөрү) Аллах Таала бул Кураанды Жабраил (А.С.) аркылуу вахый кылып турду силердин колуңардагы бул китеп кимге жеткен болсо арабтарга, ажамдарга болсун мына ошол менин эскертүүм».

Кураан бүт адамзатына керек болгон баардык нерсени өз ичине камтыган. Маселен: Ибадат, тавхит, Аллах Таала менен болгон мамиле, инсандардын өз ара мамилеси, башка диндегилер менен кандай мамиле кылуу керек, үй-бүлө менен болгон мамиле, жаратылыш менен кандай мамиле кылуу зарыл, адеп-ахлак, бул дүйнөдө кандай жашап өтүү керек? соода-сатык, кылмышкерге кандай жаза берүү, бейиш-тозок, кыйамат, эсеп-кысап ж.б.у.с.

Кураан Аллах Тааланын сөзү экендигине көптөгөн далилдер бар.
• Биринчиден Анын көп экендигине карабастан жатталуусу;
• Кураандын касиеттүүлүгү; Анткени аны угуу менен эле мусулман болгондор бар.
Бир күнү Умар, Пайгамбарыбызды (С.А.В.) өлтүрүп эле кутулайын деген ой менен үйүнөн чыкты. Жолдо сахабалардын бирине жолугуп калды. Колуна кылычын кармап, ачуулана бараткан Умарга таң калган сахаба:
– Оо, Умар. Шашып кайда баратасың? – деп сурап калды.
– Мухаммады өлтүргөнү, – деди Умар камырабастан. Анын көрүнүшүнөн чындап эле ушундай жаман ишке барып жүрбөсүн деп коркуп кеткен сахаба эмне айтаарын билбей калды.
– Эй, бир аз койо тур, – деди ал оюна бир нерсе келе калганына сүйүнүп кетип. – Сен Мухаммадды өлтөргөндөн мурун, өзүңдүн карындашыңды бир карабайсыңбы? Ал эчак эле Мухаммаддын динине кирип алган.
Умар дароо бурулду да карындашынын үйүнө жөнөдү. Бул учурда карындашы Фатима күйөөсү менен, Хаббааб аттуу сахабадан Кураан айаттарын үйрөнүп отурган. Эшик катуу кагылганда, анын Умар экендигин дароо билишти. Хаббааб жашынып калды. Күйөө баласы Куран айаттары жазылган баракты жашырды. Фатима болсо титиреген колдору менен эшикти ачты. Эшик ачылар замат үн-сөз жок эле карындашын жаактан ары чаап жиберди. Анан күйөө баласын чапты. Ага болушканы чуркап келген карындашын катуу уруп жыгыта койду. Ага да болбогон Фатима ордунан кайра туруп, мурдунан агып кеткен канына да көңүл бурбастан: «Эгерде чындык сенин эмес биздин динибизде болсо эмне кыласың» деп кыйкырды. Өмүрүндө оозунан катуу сөз чыкпаган карындашынын мындай чечкиндүүлүгүнө таң калган Умар бир аз жоошуй түштү. Анан карындашынын колунан жерге түшүп калган Кураан айаттары жазылган баракты алып окумакчы болду. Бирок, карындашы анын колунан жулуп алып:
– Сен ыплас адамсың! – деди. – Муну окуу үчүн даарат алып жуунуп кел.
Умар акырын басып чыгып кетти. Бир убакта ал жуунуп-тазаланып кайра келди да баракты алып окуй баштады: «То ха. Сага Кураанды машакат тартууң үчүн түшүргөн жокпуз. Бирок, Аллахтан корккон адамга насаат үчүн түшүрдүк. (Кураандын) түшүрүлүүсү – жер менен бийик асмандардын Жаратуучусунан. Ал – Мээримдүү». (Тоха, 1-4-аяттар).
Айаттарды окуган соң, Аллах анын жүрөгүн жумшартты. Умар, Пайгамбарыбыздын кайда экенин сурады. Бул учурда Пайгамбарыбыз (С.А.В.) сахабаларына дин үйрөтүп Аркамдын үйүндө отурган. Аркам он алты жаштагы жигит эле. Мусулмандар Исламдын үчүнчү жылынан алтынчы жылына чейин анын үйүнө чогулуп, дин иштерин сүйлөшүп турушчу. Анткени, анын үйү туугандарынын үйлөрүнүн ортосунда болчу. Каапырлар ага зыйан жеткире албайт эле. Ошондой эле Аркам жаш жигит болгондуктан анын үйүнө мусулмандар чогулат деп эч ким ойлоочу эмес.
Умардын, Пайгамбарыбызга (С.А.В.) жамандык кылбасына көзү жеткен күйөө баласы Аркамдын үйүндө экендигин айтты. Умар, Аркамдын үйүнө келип эшигин какты. Үйдөгүлөр коркуп кетишти.
– Эгер ал Аллахтын элчисине жаман ойу болсо, мен аны менен өзүм сүйлөшөм – деп Хамза ордунан ыргып турду. Пайгамбарыбыз (С.А.В.) – Ага тийбегиле, кире берсин – деди. Умар эч кимге көңүл бурбастан Пайгамбарыбыздын (С.А.В.) жанына келди. Пайгамбарыбыз (С.А.В.) аны сүйлөтпөстөн жакасынан катуу кысып ылдый көздөй силкип калды. Тизеси менен жерге кагыла түшкөн Умардын көздөрү алайа түштү.
– Умар! Сенин токтоло турган мезгилиң келди го – деди Пайгамбарыбыз (С.А.В.) өктөм үнү менен. Пайгамбарыбызга (С.А.В.) жалт караган Умар:
– Күбөлүк беремин бир Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок жана күбөлүк беремин сен анын элчисисиң – деп динге кирди. Үйдөгүлөр бир ооздон «Аллаху Акбар» деп такбир айтышты. Алардын кубанычына көңүл бурбаган Умар, Пайгамбарыбызга (С.А.В.) кайрылып:
– Оо, Аллахтын элчиси. Биз тирүү болсок да өлүү болсок да биздин жолубуз чындыкпы? – деп сурады.
– Ооба, – деди Аллахтын элчиси (С.А.В.)
– Анда эмне үчүн жашынып отурабыз, тургула мечитке кеттик, – деди да, сырты көздөй жөнөдү Умар (Р.А.). Мусулмандар эки сап болуп тизилип, бир сабын Хамза экинчисин Умар баштап, Пайгамбарыбызды (С.А.В.) ортого алып мечитке келишти. Аларды көргөн Курайштар буга чейин болуп көрбөгөндөй кайгыга батышты. Пайгамбарыбыз (С.А.В.) Умарга карап:
– Сен Фааруксуң (ак менен караны ажыратучу), Аллах сени менен чындык жана жалганды ажыратты – деди.

• Арадан 15кылым өткөндүгүнө карабастан эч өзгөрбөстөн сакталуусу;

Куран окуунун пазилеттери

Кураан – Аллах Тааланын сөзү болгондуктан, анын башка сөздөрдөн улуулугу Аллах Тааланын башка макулуктардан улуулугу сыяктуу. Ал эми аны окуу тил сүйлөгөн сөздөрдүн эң жакшысы. Кураан окуунун, окутуунун жана кыраат кылуунун көптөгөн пазилеттери бар.

 Аны окуу жана окутуу сооптуу иш. Пайгамбар (С.А.В.) айтат:
«Силердин эң жакшыңар – Кураанды окугандар жана окуткандар».
«Кураан жаттаган адамга (Бейишке түшкөндө) Окуганыңдын даражасынча (Бейиштин бийик даражаларына) көтөрүл! Аны дүйнөдө кыраат менен окугандай оку! Сенин ордуң окуган акыркы айатыңдын алдында (өтө бийикте) болот!» деп айтылат.

 Баласы Кураан үйрөнгөн адамдын сообу:
Пайгамбар (С.А.В.) мындай дейт: «Ким Кураан окуса, үйрөнсө жана аны менен амал кылса, кыйаматта ата-энесине нурдан болгон таж кийдирет. Анын нуру күндүн нурундай жаркын! Жана ата-энесине дүйнө байлыктарынын бардыгынан кымбат эки кийим кийгизилет. Алар (таң калып! «булар эмене үчүн?» деп сурашканда, «балаңар Кураанды толук жаттаганы үчүн» деп айтылат.

 Кураан акыретте жаттаган адамды шапаат кылат.
Пайгамбар (С.А.В.) айтат:

” اقْرَءُوا الْقُرْآنَ فَإ نَّهُ يَأتِي يَوْمَ الْقِيَامَةِ شَفِيعًا لأصْحَابِهِ ”
«Кураан окугула! Анткени ал кыямат күнү жаттаган адамына шапаатчы болот».

Кураанды окуудан алдың төмөнкү адептерди сактоо керек:

 Кураан китебин жана Кураан айаттары жазылган баракчалар менен
ылайыксыз жерге кирүүдөн сактануу; м: мончо, ажаткана, даараткана ж.б.

 Кураанды толук абалда окуу; м: гусул, даарат (оозду таза жууп) жана кыблага жүздөнүп отуруп.
” لا يَمَسُّهُ إلاَّ الْمُتطهَّرُونَ”
“Аны (кураанды)жалгыз даараттуу таза кишилер гана кармайт” (Вакеа 79)

 Кураан окуудан алдың истиьаза айтуу;
” فإذا قَرَاْتَ الْقُرْانَ فاسْتَعِذْ بِاللهِ مِنَ الشَّيْطَانِ الرَّجِيم”

 Кураан окуп жатканда кунт койуп, ой жүгүртүп, маанилерин жана сырларын түшүнүүгө аракет кылуу;
” أَفَلاَ يَتَدَبَّرُونَ الْقُرْانَ أمْ عَلىَ قُلُوبٍ أقْفَالُهَا ”
“Эмне үчүн алар Кураан тууралуу ой жүгүртүшпөйт? Же алардын жүрөктөрүндө кулпулары барбы? (чындыкты кабыл албас кылып жабылып калганбы)”

 Кураанды туура, шашпай, даана-даана окуу;
” أوْزِدْ عَلَيْهِ وَرَتِّلِ الْقُرْآنَ تَرْتِيْلاً ”
«Ага кошуп, кооз үн менен (тажвид эрежеси менен ) Куран оку!»

 Убада (Бейиш убада кылынган) айаттар келгенде Аллахтан ошону суроо. Ал эми (Тозоктон коркутулган) айаттар келген кезде, Аллахтан коргоо тилөө.
 Аны сөз менен бөлбөй окуу. Өтө зарыл сөз болсо гана токтотсо болот.

 Тутканак менен ооруган адамдар аны окубай туруу;

 Базарларда жана башка ызы-чуу жерлерде окубаган жакшы;

 Каарылар өтө бийик добуш менен окуп, бири-бирине тоскоол болушу да дурус эмес;

 Кураанды ачык таштабоо жана үстүнө бир нерсе койбоо.

 Куранды дайыма окуп туруу керек. Анткени ал биздин жашоо эрежебиз.
Маселен телефондун жанында ар дайым (спровочник) турат. Эмне үчүн анкени биз ага дайыма муктажбыз. Ал эми Кураанга андан да көбүрөөк муктажбыз.
Аллах Таала да бекеринен беш маал намазга Кураанды кошпосо керек.

Пайгамбар (С.А.В.) айткан: «Кураанды дайыма окуп кайталап тургула, анткени Ал эстен чыгып кетет жана бош калган төөдөй качып кетет»

Уламалар айткан: «Кураан жаттап каары болгон адамдардын кабырда денеси чирибейт».

Пайгамбар (С.А.В.) «Үйүңөрдү мүрзөгө айлантып албагыла! Кураан окуу менен нурлантып тургула. Кайсыл үйдө Кураан көп окулса, ал үйдүн куту артат анын ээсине жакшылык жаайт. Жердегилерге асмандагы жылдыздар кандайча кооз көрүнсө, асмандагыларга да ал үй ошондой кооз көрүнөт».

 Кураан окуганда кооз үн менен окуу;
Алишер Навайи күндөрдүн биринде шаар көчөлөрүнүн биринде баражатса бир адам өтө жагымсыз үн менен Кураан окуп жаткан. Алишер Навайи анын жанына келип: – эмне окуп жатасың? дейт. Көрүп туруп сураганына ачууланган жанагы киши: – Көрбөй жатасыңбы эмне окуп жатканымды дейт. Анда Алишер Навайи ага акырын сылык-сыпалык менен – урматтуу мусулман бир тууганым сен Кураанды үйгө кирип окугун анткени мындай окууда элдерди Кураандан качырып койууң мүмкүн – деп насаат кылган экен.

 Кураан окулуп жатканда сүйлөшпөстөн ага кулак салуу, көңүл буруу.
” وَإذَا قُرِئَ الْقُرْانَ فَاسْتَمِعُوالَهُ وَأنْصِتُوا لَعَلَّكُمْ تُرْحَمُونَ ”

 Билген, түшүнгөн айаттарды башкаларга айтып берүү керек. Эгер жакшы билбесе же түшүнбөсө анда айтпаганы дурус.

 Кураан окулбай турган учурда бийик жана таза жерге койуу. Анткени ким Кураанды урматтаса албетте ал Аллахты урматтаган болот.

 Кураанды окуп үйрөнгөндөн кийин аны башкаларга үйрөтүү керек. Пайгамбар (С.А.В.) бир осуйатында айткан:
” خَيْرُكُمْ مَنْ تَعَلَّمَ الْقُرْآنَ وَعَلَّمَهُ ”
«Силердин жакшыңар Кураанды үйрөнүп, Аны башкаларга үйрөткөндөр»

” لا يُؤمِنُ أحَدُكُمْ حَتَّى يُحِبَّ لأِخِيهِ مَا يُحِبُّ لِنَفْسِهِ “َ
«Силердин ыйманыңар толук болбойт, өзүнө жакшы көргөн нерсени башка бир тууганына ыраа көрмөйүнчө».

 Кураан окуулуучу жана үйрөтүүчү жерлерге ашыгуу.
Анкени Пайгамбар (С.А.В.) айткан:
«Бир коом Аллахтын үйлөрүнөн болгон бир жерге жыйналышса, бир-бирлерине Кураан үйрөтүшсө ал жерге Аллахтын рахмат түшүп, периштелер аларды ороп, ал жер бейкутчулук ичинде болуп, Аллах аларды өзүнүн улуу ордунда периштелерге айтып сыймыктанат»- деген.

 Кураан канчалык туура окулса ар бир тамгасына 10сооп берилет.
Анкени Пайгамбар (С.А.В.) айткан:
” أنا لاَ أقُولُ الم حَرْفٌ بَلْ أقُولُ ألْفُ حَرْفٌ, وَلاَمُ حَرْفٌ, وَمِيمُ حَرْفٌ “َ
«Мен Алиф, Лаам, Миим ди бир тамга деп айтпаймын Алиф бир тамга, Лаам бир тамга, Миим бир тамга» деген.

Ар бир адам ыклас менен Кураан окуса, ага сооп болот. Ал эми, бул окуу зирек жүрөк менен, маанилерине түшүнүү менен болсо, анда сообу он эседен жети жүз эсеге чейин көбөйөт.
Пайгамбар (С.А.В.) дын сахабалары ар күн сайын белгилүү өлчөмдө Кураан окууну адат кылышкан эле.

Пайгамбар (С.А.В.) акыркы хутбасында мусулмандарга мындайча насаат айткан:
” تَرَكْتُ فِيْكُمْ أمْرَيْنِ لَنْ تَضِلُّوا مَا تَمَسَّكْتُمْ بِهِما كِتَابَ اللهِ وَسُنَّتِى”
«Мен силерге эки нерсени таштап баратамын эгерде бул эки нерсени бекем кармасаңар эч качан адашпайсыңар. Ал эки нерсенин биринчиси Кураан экинчиси Сүннөтүм».

Урматтуу мусулман бир тууган, Аллах Таала биз үчүн жашоо эрежеси кылып берген, бизди бул дүйнө жана акыретте бактылуулука жетектей турган ыйык Кураанды кандай көрүнүштө болсо да – кыраат мененби, сабак алуу мененби, ага амал кылуу мененби же ооруларга дем салуу мененби иши кылып аны ар дайым окуйлу, ага жакын бололу. Пайгамбардын сүннөтүн бекем кармап, Аллах Таалага татыктуу кул, пайгамбарга сүйүктүү үммөт бололу.

КМДБнын фатва бөлүмү


December 13, 2015 at 05:53PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.