Halloween party ideas 2015
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш



Адатка айланган адал азыктардын көргөзмөсү быйыл да эшигин кенен ачып, кардарлар менен өндүрүүчүлөрдү табыштырды. Жарманке Куран окуу менен башталып, андан соң Адал (халал) индустриясын өнүктүрүү борборунун негиздөөчүсү Мыктыбек Арстанбек адал азыктар жана кантип азыктарды тандоо керектиги тууралуу баяндама жасады.

Жарманкеде 40тан ашуун компаниялар өздөрүнүн азыктарын сатыкка чыгарышты. Андан сырткары "Дил-Азык" жана "Триллионеры" басмаканаларынын китептери, чыгыш товарлар, жоолуктар сатылууда.

Иш-чаранын алкагында "Бактылуулук формуласы" демилгелүү жаштары да тамак-аш кайрымдуулук жарманкесин өткөрүп жатышат. Кайрымдуулук жарманкесинде сатыктан түшкөн каражат аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, майыптарга жумшалмакчы.


Жума намазынан кийин жарманкенин экинчи бөлүгү башталды. "Дета-Элис" диагностикалык борборунун жетекчиси Аида өзүнүн борбору тууралуу айтып берди.

Андан кийин "Умма" журналынын өкүлү "Личная мотивация" деген темада лекция өттү.
Эл бул жарманкелерге соода гана эмес, өндүрүшчүлөрдөн азыктары тууралуу маалымат  алууга да келип жатышат. Акыркы учурда бул жарманкелерди байма-бай өткөрүп туруу муктаждыгы байкалып тургандай болду.


Көптөгөн иш-чаралардын катарында адал азыктарын өндүргөндөр менен керектөөчүлөрдүн ортосун жакындаткан адал азыктардын жарманкесин жыл сайын өткөрүлүп келет.

Жарманке 25-сентябрга чейин уланмакчы.
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

✍ Намаз Исламдын беш шартынын экинчиси экенин эстен чыгарбоо керек. Бардык ибадаттар анын ичине топтолгон. Бул өзгөчөлүгүнөн улам жалгыз өзү гана мусулманчылык дегенге жаткан. Адамды Аллаху тааланын сүйүсүүнө жеткире турган иштердин биринчиси болгон. Пайгамбарлардын (алейхи ва алейхимуссалавату васаллам) эң улугу Мухаммед алейхиссаламга Мираж түнүндө берилген Аллаху тааланы көз менен көрүү (руйет) ниматы жерге түшкөндөн кийин дүнүйөнүн шарттарына ылайык кылынып жалгыз намазда берилген. Ошондуктан, 
*«Намаз - момундардын Миражы»*деп айтылган. Бир хадиси шарифте айтылат: 
*«Адамдын Аллаху таалага эң жакын болгон убагы намазда тургандагы убагы».* Ошол улуу Пайгамбардын Мираждагы көрүү (руйет) мурасы Анын жолунда, дал изинде жүргөн улуу заттарга бул дүйнөдө жалгыз намазда гана насип болууда. Ооба, бул дүйнөдө Аллаху тааланы көрүү мүмкүн эмес. Дүйнө мындай чоң нерсеге ыңгайлуу болуп жаратылган эмес. Бирок, Ага баш ийген улуу заттарга намаз окуп жатканда руйеттен бир нерселер насип болууда. Эгер намаз буюрулбаганда миңдеген ашык болгон кулдун сүйүктүүсүнүн сулуу жамалындагы көшөгөнү ким ачар эле? Ашыктар машукту (сүйгөнүн) кантип табар эле?

_Намаз - кайгылуу жандарга лаззат берүүчү._

_Намаз - ооругандардын ырахат берүүчүсү._

_Жандын азыгы – намаз._

_Жүрөктүн шифаасы – намаз._

Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) :
 «Эй Билал!Мени *ырахкатка бөлө!»*деп азан айтууну буюрган хадиси шариф муну айгинелейт. 
*«Намаз жүрөгүмдүн шаңы, көзүмдүн нуру»* хадиси шарифи да бул арзууну көрсөтүп турат.

Абу Хурайра (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) мындай дегенин кабарлайт:
*«Менин кулумдун Мага жакындоо үчүн жасаган бардык амалдардын ичинен Мага эң сүйкүмдүүсү -Мен ага парз кылган амалдар. Ошондуктан Менин кулум Мага жакындоо үчүн буйруландан да артыкча (напил амалдар) аткаруу менен Мен аны сүйүп калганыма чейин Мага жакындап жүрүп олтурат. Ошентип, качан Мен аны, сүйүп калган соң,Мен анын угаарына кулак,(жалаң жакшы сөздөрдү) көрөөрүнө көз (жалаң жакшылыктарды көрүүсүнө) кармарына кол (жалаң жакшылык иштерин кылууга) басарына бут (жалаң жакшылыктын артынан чуркаган) бут боломун. Менден ал (эмне гана болбосун сураса) ,Мен ага сөзсүз беремин жана эгер ал Менден коргоомду сурап (дубалар менен) кайрылса ,Мен аны сөзсүз коргоймун! »*(Бухарий)
Аллахтын сүйкүмдүү пендеси болуу мусулман үчүн табылгыс бакыттыр! Парз карыз дегендей биз мусулмандар үчүн буйрук сөзсүз аткаруубуз керек.  Мусулмандын мусулман экенин далили, намазың менен башкалардан айырмаланып турасың. Эгер билсек дүйнөнү асманда караганда,  мусулманмын дегендердин нуру жер бетинде жаркыраган жылдыздардай көрүнүп турат. Дүйнө эмне үчүн бузулбай,жер жарылбай,күн, ай кулабай турат,анткенин дүйнөнү жаңырткан уккулуктуу азаныбыз,тазалыкты,жамандыктан коргой турган намазбыз,акыйкат жолун көрсөткөн Куран китебиз,адамзаттын асылы,бул ааламдын кыяматка чейин өчпөгөн нуру ,мусулмандардын жок болбой жашоосуна,өзүнүн асыл хадистерин калтырып, жакшы жашоого үлгү болгон Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммед (саллаллоху алейхи саллам)  быздын нуру менен. Ошон үчүн мусулман болгонубуздан кийин, атыбызга затыбызга жарашкандардан болуп Аллахтын буйруктарына бекем бололу!

Намаздардын бардыгында пайда болгон лазаттан напсибиз үчүн эч кандай үлүш жок. Адам бул даамды татып жатканда напси онтоп, кыйкырып аткан болот. Йа, Рабби! Бул кандай гана бийик даража! Биз сыяктуу рухтары ооруга чалдыккан жандар үчүн бул сөздөрдү угуу чоң нимат, чыныгы саадат.

Бул дүйнөдө намаздын мартабасы, даражасы да акыретте Аллаху тааланы көрүү даражасындай экенин жакшы билип коюңуз. Бул дүйнөдө адамдын Аллаху таалага эң жакын болгон мезгили - намаз окуп жаткандагы мезгили. Акыреттеги Аллаху таалага эң жакын болгон мезгил руйет, б.а., Аллаху тааланы көрүү мезгили. Дүйнөдөгү бардык ибадаттар адамды намаз окуй ала турган абалга жеткирүү үчүн. Асыл максат – намаз окуу. Саадат-и Абадиййага жана чексиз ниматтарга жетүү жалгыз намаз окуу менен колго тиет.

Абу Катада бин Риби’и (разиялооху анху)дан риваят: “Пайгамбар (с.а.в.) айтты: *«Аллах Таала айтат: “Мен сенин беш убакыт намазды парз кылдым. Ким анын убактысына бекем болуп, Менин алдыма келсе аны бейишке киргизем. Ал эми ким намазга бекем турбаса, эч кандай убадам жок (кааласам кечирем же азап берем)»* (Абу Дауд).

Абдулло бин Курт (разиялооху анху) дан риваят: “Пайгамбар (с.а.в.) айтты: *«Кыяматта пендеден эң биринчи (анын) намазы тууралуу суралат. Эгер намазы жакшы болсо, калган амалдары жакшы болот, эгер намазы жаман болсо, калган амалдары да жаман болот»* (Табарони, Таргиб).

_Ошондуктан бир тууганым! Аллахтын ырайымына,мээрмине, сүйүүсүнө бөлөнүп ,түбөлүк бейишин,  жакшы жашоону кааласаңыз, келечекте жакшы күйө -жубайың ,үй -бүлөң тынчтыкта,ынтымакта,балдарыңыз сизди уккан, сый -урматта, туура, таза жолдо болуусун каласаңыз намазга бекем болуңуз! Намаз тарбиянын эң зор табылгыс куралы!_

Насиба Абдуллаева
‍‍‍ «БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ »

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

✍ Жаратканым эмне үчүн Куран китебин биринчи *«Оку! »*-деп түшүрдү.  Анткени адам баласы китеп окуу менен адам болуп жашап келет. Китеп окубаган сабатсыз,жан дүйнөсү тар,тактап айтканда токойдо жашаган жапайы адам сыяктуу болот. Эмне ак? Эмне кара? Эмне адал? Эмне арам? Эмне туура? Эмне ката? Барын китеп окуу аркылуу билебиз.   Дегиеле жашообуздагы бардык жетишкендик,ийгиликтер,чоң таанымал инсандар,окмуштуулар ,аалымдар ошол биздин китеп окуубуз аркылуу жетишип келебиз.

  ❓Чындыгында эле бир жолу болсо да кызыгып көрдүңүз беле?Кураан китеби кандай китеп? Эмнелер жазылган? Кимдин сөзү? Кайдан келген? -деп. Канчасы окуп,канчасы жаттап,канчасы үйрөнүп жатканы сиз үчүн кызык болбодубу?
Ойлоп көрүңүзчү башка китептерди, гезит -журналдарды,интернет -сайттардан канча түрүн окуп жаткандырсыз.  А Куранга келгенде аны бир гана илимдүү адамдар,атайын окуу жайдагылар,мүмкүнчүлүгү барлар окушат деп ойлошуңуз мүмкүнда э...
Же болбосо менде убактым жок,ишим бар,үй -түйшүгү ,бала -чака багуу керек деп шылтоо айтасыз. Бирок ушундай азыркы өнүккөн заманда илим алуу мүмкүнчүлүгү толтура, андан да зор мүмкүнчүлүк бул биздин мамлекетте динибиз эркин ,эч бир тосколдуктар жок.  Мындай неаматты пайдаланып албасак бир күн ушул күндөргө да жооп бере турган күн келет.

*Куран окуу кыйын деп ойлойсузбу?*

Жок андай эмес кадимки эле биздин: * А -Б -В тамгаларыбыз деген сыяктуу:  ا -Алиф,ب -Ба, ت -Та -деп " Ата -атка та ка как" дегендей  тамгаларды бирине -бирин кошуп олтуруп,өзүңүз окуган А,узу,бисмиллах,фатиха сүрөөлөрүн жазылышын,окулушун оңой эле үйрөнүп алсаңыз болот.
*«Ким бир эле аятты жаттаса,100рекет нафил намаздан жакшыраак!»*

  Мен сизге бул -Ыйык, Улуук болгон Куран китебин жашообузга маанилүү канчалык керек экенин,сиз элестете албаган сооп -жакшылыктар  жетишиңиз тууралуу айтып берейин.
Эгерде сиз бир эле *«ا»* алиф тамгасын үйрөнгөн болсоңуз сизге *«он »*сооп жазылат,а эки же үч тамга үйрөнсөңүз *«жыйырма,отуз »*сооп жазылат.  Эми элестетип көрүңүз бардык тамганы жаттап,кошуп окуганды үйрөнсөңүз канчалаган сооптор жазылат.

Пайгамбар (С.А.В.) *«Үйүңөрдү мүрзөгө айлантып албагыла! Кураан окуу менен нурлантып тургула. Кайсыл үйдө Кураан көп окулса, ал үйдүн куту артат анын ээсине жакшылык жаайт. Жердегилерге асмандагы жылдыздар кандайча кооз көрүнсө, асмандагыларга да ал үй ошондой кооз көрүнөт»*

Кураан канчалык туура окулса ар бир тамгасына 10сооп берилет.
Анкени Пайгамбар (С.А.В.) айткан:
” أنا لاَ أقُولُ الم حَرْفٌ بَلْ أقُولُ ألْفُ حَرْفٌ, وَلاَمُ حَرْفٌ, وَمِيمُ حَرْفٌ “َ
*«Мен Алиф, Лаам, Миим ди бир тамга деп айтпаймын Алиф бир тамга, Лаам бир тамга, Миим бир тамга»* деген.

Ар бир адам ыклас менен Кураан окуса, ага сооп болот. Ал эми, бул окуу зирек жүрөк менен, маанилерине түшүнүү менен болсо, анда сообу он эседен жети жүз эсеге чейин көбөйөт.
Пайгамбар (С.А.В.) дын сахабалары ар күн сайын белгилүү өлчөмдө Кураан окууну адат кылышкан эле.

Пайгамбар (С.А.В.) акыркы хутбасында мусулмандарга мындайча насаат айткан:
” تَرَكْتُ فِيْكُمْ أمْرَيْنِ لَنْ تَضِلُّوا مَا تَمَسَّكْتُمْ بِهِما كِتَابَ اللهِ وَسُنَّتِى”
*«Мен силерге эки нерсени таштап баратамын эгерде бул эки нерсени бекем кармасаңар эч качан адашпайсыңар. Ал эки нерсенин биринчиси Кураан экинчиси Сүннөтүм»*

Кураан окуулуучу жана үйрөтүүчү жерлерге ашыгуу.
Анкени Пайгамбар (С.А.В.) айткан:
*«Бир коом Аллахтын үйлөрүнөн болгон бир жерге жыйналышса, бир-бирлерине Кураан үйрөтүшсө ал жерге Аллахтын рахмат түшүп, периштелер аларды ороп, ал жер бейкутчулук ичинде болуп, Аллах аларды өзүнүн улуу ордунда периштелерге айтып сыймыктанат»*- деген.
Дегиеле Курандын касиеттерин, соопторун канчалык улуу,даражалуу экенин сөз менен айтып түгөтө албайсың. Куран окулган үй -бүлөөгө нур жаап,тынчтык, бей -куттук орноп,жашооңузга үй -бүлөөңүздөгү чыр -чатактар а,келишпестик,сабырсыздык азайусуна,кыйынчылыктар жеңилдешине,оорусаңыз шыпа болусуна себеп болот . Башка китептер сиз үчүн бул дүйнөндө пайда берсе,а Куран бул дүйнө,кабырда,акыретиңизге түбөлүк жакшылыгын ,жыргалчылыгын тартуулайт. Башка китепти көп окусаңыз үч төрт жолу кайталап окуйсуз тажап ташап атасыз,а Куран китебинин сөздөрү эгер сиздин жүргүңүзгө орун алган болсо, күн сайын, же өмүрүңүз өткөнчө кайталасаңызда тажабайсыз,канча көп окуган сайын жан дүйнөңүз тынчтыка бөлөнүп, башкалардан айрылмаланып,өзүнчө ырахат аласыз.Куран бул -Аллахтын Затынан чыккан керемет улуу нерсе.
*«Кимдин жүрөгүндө Куран болсо ,аны тозоктун оту эч качан күйгүзбөйт!*...
  Дагы эле ойлонуп олтурасызбы? Ойлонбостон бүгүндөн баштап Куран окууга жолдорун издеп шашылыңыз! Бүл күндөр,мүмкүнчүлүктөр дайым эле боло бербейт пайдаланып калыңыз!

*Эң өкүнүч бул -мусулман болуп бир жолу болсо да Жараткандын Куранын окубагандык!*

_Насиба Абдуллаева_

‍‍‍ _«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»_

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


СУРОО: Жигитим намаз окуйт. Бир күнү мага телефондон «Никебизди кыйдырып албайлыбы?» дейт. Эмне деп жооп берээримди билбей калдым. 
ЖООП: «Жок. Качан үйлөнө турган күн келип, той болгондо нике кыйдырабыз. Ага чейин сүйлөш-көнгө да болбойт» деп жооп бер. Сен да намаз оку.
СУРОО: Намаз окуйм, жоолукчанмын. Атыр, боёно турган каражаттарды сатсам шариятка туура келеби? Башка ишим жок. Эски сүрө, дубалар жазылган кагаз бар. Аларды ыргытып, күйгүзүп жиберсек кандай болот? “Рисале- и-Нур” жыйнагындагы китептерди окуса болобу? Намаз окуп жатып пикирим чачыла берет. Эмне кылсам болот? 
ЖООП: Косметиканы сатканды шарият тыйбайт. Ар бир аял өзүнчө косметикага ээ болуусу милдеттүү. Күйөөсүнө атыр-упа коюп жасануусу керек болот. Сиз сатпасаңыз алар аны кайсы жерден сатып алышат эле... Эски сүрөө-дубаларды таза жерге коюп өрттөп жиберсеңиз жакшы болот. Мисалы, тандырга күйгүзүп жиберсеңиз болот. “Риса-ле –и –нур” жыйнагындагы китептерди окусаңыз болот. Бирок, андан башка китептерди окуса тап-такыр болбойт деген пикирден оолак болуу керек. 
Намаз окугандан мурун ниетти бир жерге топтоп алып киришүү ылаазым. Инсандыкка таандык кээ бир жумуштарын бүтүрүп кирүү керек. Мисалы, дааратканага баргысы келип турган болбосун, же өтө ысык, же өтө суук жайда намаз окубасын. Намаздан кийин «Аүуузу биллаахи минаш шайтоонир рожиим» деген дубаны айтып сол далысынан арта үч мертебе түкүрсүн.
СУРОО: Түш жөнүндө Исламда эмнелер айтылат? Түшүңдө көптөн бери көрбөгөн адамдарды көрсө, эртеси эле ошолорду көрүп каласың. Түштү жоруган кандай болот? 
ЖООП: Түштү дайыма жакшылыкка гана жоруу керек. Эптеп жоруй албай турган адамга айтуунун зарылдыгы жок. Түштөр сүйүнчү сыяктуу болушат. Мисалы, сиздин түшүңүздө кимге жолуга тургандыгыңыз көрүнөт экен. Бул жакшы нерсе, ошол көрө турган адамга бересеңиз болсо камдап алсаңыз, оңой кутуласыз. Көбүнесе, адам көп ойлонсо, ойлонгон нерсеси түшкө кирет. Ачка тооктун түшүнө таруу кирет.
СУРОО: Базарда иштейбиз. Орус аял каша сатат, жесе болобу? Балдарга жаныбарлардын сүрөтү бар кийимди кийгизсек болобу? Мечитте отурганда бутун кыбыла жакка сунуп отуруп алышат, болобу? Укол алганда спирт кийимге тийип калса эч нерсе болбойбу? 
ЖООП: Кашасына малдын майын кошпосо, бышырганда чочконун этинен жасалган тамак бышырган казанга бышырбаса, жегенге жарай берет. Теке болсо да сүт берсин. 
Жаш балдарга оюнчуктардын сүрөтү тартылган кийимдерди кийгизсе болот. Бирок, чыныгы жаныбардын адис сүрөтчүгө тарттырган сүрөтүн кийгизүүгө болбойт. Периштелерди кубалайт. Мисалы, азыр кээ бир футболкаларга атактуулардын сүрөттөрүн тартып алып кийип жүрүшпөйбү?! 
Мечитте олтурганда, же мечиттен тышкары жерде бутту кыбыла тарапка сунуп олтуруу адепсиздик болот. А бирок, атайын максаттуу эмес, кокустан буту кыбыла тарапка сунулуп калса зыяны тийбейт. Ошондой эле, олтуруп намаз окуй турган адамдар, бутун сунуп гана олтура турган болсо, ал учурда кыбыла тарапка бутун сунуп окуганга уруксат берилет. Эгерде бир адам, кыбыла тарапты мазактоо максатында, мусулман-дардын урматтуу эсептелген тарапка урматсыздык көрсөтүү максатында кыбылага бутун сунуп олтурса, же кыбыланы карап түкүрсө, жаман ниети үчүн ыймандан чыгып кетет. 
СУРОО: Мечитке намазга бирөө майкачан келип окуп жатыптыр. Биз айтсак, «бул аврат эмес го» дейт. 
ЖООП: Туура айтат. Аврат эмес. Эртең үйлөнүү той кылганда, өзү үйлөнгөндө да аврат эмес деп майкечен келсин. Президент конокко чакырса да аврет эмес деп майкечен барсын... Аврат дегенден сырткары кийим кийүүнүн сүннөттөрү, адептери деген нерсе бар да, кокуй... Тузу жок, катыгы жок кара жарма ичкендей болуп, кантип ушундай болсун. Намазды жеңи узун, башына баш кийим кийип, кененирээк кийим менен окуйт.
СУРОО: Аялымдын чачы түшүп жатат, кыркса болобу? Узуну 50 сантиметрдей. 
ЖООП: Кырккандан башка жолу жок болсо, кыркса макул. Колунан келишинче кыркпаганга аракет кылсын. Аял кишинин чачы эң кыска дегенде мүрүсүнөн болуусу керек. Такыр болбосо, таз кылып алганга деле уруксат берилет, айласы куруса...
СУРОО: Өзүнөн чоң аялга үйлөнүү сүннөт болбосо, анан күнөө да болбойбу?
ЖООП: Күнөө болбойт, чырагым. Кайра жакшы болот. Ачынып калсаң жаап турат. Көчөдөн капа болуп келсең сооротуп турат. Анан бир аз улгайганда сага жаш, өзүңө тең аял алып берет. 
СУРОО: Жакшы көргөн адамым боору ооруп көз жумду. Өлөөрүн бир ай мурда өзү уккан экен. Жашоодон чарчадым деп ооруканага барбай ар кандай дарыларды ичип жүрдү. Арак ичпей дарыланса, дем салдырып, өзүн караганда өлбөйт беле деп катуу өкүнүп ыйлайм. Көз жумаардын алдында дарыгерлер «Эртерээк алып келсеңер беш жыл жашамак»,- дешиптир. Аракет кылып чуркасак аман калмак беле деп эзиле берчү болдум. Өзүмдү күнөөлөйм, же тагдырбы, же ажал жетет деген чынбы? 
ЖООП: Тагдыр. Анын жашоосунда эмне болуусу жазылган болсо, ошол нерсе ишке ашты. 
Өзүңүздү кыйноонун кереги жок. Намаз, Куран окуп, сообун багыштасаңыз жакшы болот. Жакшы көргөнүңүздү далилдеңиз. Маркумдар сиздин өкүнгөнүңүзгө, ыйлагандыгыңызга муктаж эмес. Алар сооптуу амалдарга муктаж.
СУРОО: Түшүмө Пайгамбарлар көп кирет. Аттарын да айтып өздөрүн тааныштырат. Бирөөлөргө жорутсам «көзүң ачылат» дейт. Сизден жооп күтөм. 
ЖООП: Көзүң ачылат дегени күрөккө турбаган сөз. Пайгамбарлар түшүңө кирсе, Кудайдын бергени ошол. Намаздарыңды үзбөй оку. Жоолук салын. Анан калса, Пайгамбармын деп сени алдап деле коюусу мүмкүн. Пайгамбарлардын кебете-кепширлери жөнүндө китептерди окуп аларды таанып ал. Айрыкча, Мухаммед (алайхис салам) турпатын таанып алсаң, ошого окшотуп тааныйсың. Шайтан Пайгамбарлардын кебетесине кире албайт. Эгер так тааныган болсоң, анда чындап эле пайгамбарлар кирген болот.
СУРОО: Мен бир келинге убактылуу нике окутуп алсам болобу? Бирок, мен башка кызга үйлөнөм. 
ЖООП: Башка кызың дагы сага чейин бирөө менен жашап жүргөнүнө ыраазысыңбы? Убактылуу нике деген жок шариятта. Жөн эле сойкулук деген болот ал “убактылуу никең”... Анан калса ошол башка бирөө менен жатып жүргөн кыздын атасынын колунан алып кетесиң. Эч кимге айтпай паркка барып, бир бомжго нике кыйдырып жашай берген таптакыр туура эмес.
СУРОО: Контейнерде 2 ай мурун бирөө бир нерсе таштап коюптур. Ким таштаганын билбейм. Сатып акчасын ошол кишинин атынан садака берейин десем болбойт дешти. Эмне кылсам болот? 
ЖООП: Сактап коё бер. Сактоо кыйын болуп баратса, же бузулуп-эскирип баратса, ошол нерсени медреселерге алып барып, ошол кишинин атынан садака кылып берип кой. Бирок, күндөрдүн бир күнүндө ал киши келип, калтырган нерсесин талап кылса төлөп бергениңиз макул болот. Соопко каласыз.
СУРОО: Бир айылда эки мечитте азан айтса боло береби? Суурдун, кашкулактын этин жесе болобу? Себеби алар чөп жешет. 
ЖООП: Бир эмес он мечитте азан айтсын, жараша берет. Суур менен кашкулак экөөнүн бирин чычкандардын этин жейт деп укканым бар. Жалаң чөп менен гана азыктангандар адал болуп эсептелет. Бир гана чочко, доңуз жалаң чөп менен гана азыктангандыгына карабастан арам болот.
СУРОО: Кайнежем пайыздап акча берет. Ошол акчадан бизге карызга берет. Биз үчүн арам эмеспи? 
ЖООП: Колуңардан келсе башкалардан алгыла. Жок болсо, алсаңар бир жөн. Ар кимдин күнөөсү өзүнө. Бирөөнүн күнөөсүн башка бирөө көтөрбөйт.
СУРОО: Үйүбүз жоктугуна байланыштуу күйөөм төрөгөнүмө каршы. 2 кызыбыз бар. Чоңоюп калышты. Жашым өтүп жатат. “Пландап балалуу болуу керек,” - деп уруктугун да түшүрбөй келет. Ушул туурабы? 
ЖООП: Кайсы бир деңгээлде пландаган туура болот. Бирок, уруктугун түшүрбөгөнү сиздин укукту тебелегендик болуп саналат. Аны сиздин уруксат менен гана сыртка түшүрүүгө укуктуу болот. Үйлүү дагы болосуңар. Үйлүү болгон убакта анын, же сиздин төрөгөнгө мүмкүнчүлүк калбай калса эмне болот? Ошондуктан, демилгени колго алыңыз. Балким төрөлө турган балаңардын маңдайына жазылгандыр, силердин жалпыңардын үйүңөр. Бешиктеги баланын бек болоорун ким билет...
СУРОО: Мен билген бир адам бар, 5 убак намаз окуйт, ислам тууралуу илими да өзүнө жетиштүү. Жубайы намаз окубайт экен. Эми ошол адам аялын, балдарын таштап намаз окуган аял алган. Никеде берген убадасы ысык-суугуна чыдайм дегендей, же анын балдарынын шариятка болгон көз карашы келечекте кандай болот? 
ЖООП: Намаз окубаган аял менен жашоо кандай оор экенин элестете да албасаңыз керек. Аял турмушка чыккандан кийин күйөөсүнө ыңгайлашып жашоосу керек. Айрыкча мусулманчылык жашоосунда. Эмнеге намаз окубайт? Эмнеге ачык-чачык кийинет? Эркек ачык жүргөн аялзатын аялым деп ээрчиткенден намыстанат. Никеде берген убадасын аял деле аткарган эмес турбайбы? Никеде аял өзүн багыштайт, бул багыштаган эмес турбайбы? Керек болсо, күйөөсү жакшы көргөн тамакты жакшы көргөнгө аракет кылса, үй-бүлөдө бакыт орнойт. Балдары эмне дейт дейсиз. «Балам, балалуу болгондо билээрсиң» деген кеп бар, балдары да баралына келгенде түшүнөт. Алар да жашоонун даамын татышат. Атасын түшүнөт. 
СУРОО: Биз менен чогуу иштеген христиан дининдеги киши каза болду. Бир аз акча чогултуп, барып көмүшүп, чай ичип отуруп келдик. Барса болот беле? 
ЖООП: Туура эле кылгансыңар. Эгерде тирүү кезинде даават кылсаңар, мындан да жакшыраак болмок...
СУРОО: Намаз бүтүп калса, кечигип калсам, коомат айтпай эле окуймунбу?
ЖООП: Ооба, кооматы жок окусаң боло берет. Сен үчүн мечитте айтылган коомат жетиштүү.
СУРОО: Кээде 4000 сомдук товарды 10000, же 12 000 сомдон сатып жиберебиз. Негизи шариятта канча кошконго уруксат? 
ЖООП: Базардын баасын билбеген, элеттен келген адамга ашкере кошуп саткан болбойт. Анын баёолугун пайдаланба. Аны менен байып кетпейсиң. Анча кошсоң дагы өзүң бил. Уятың менен абийриң ченеп берсин.
СУРОО: Эки жолу 3 күндүк дааватка чыктым. 40 күндүк дааватка чыксаң сен үчүн тозок арам, 4 айлык дааватка чыксаң, Кыяматта сенден сурак болбойт дешти. Ошентсем бейишке шуулдаган бойдон киремби? 
ЖООП: Ошентип айтса дагы болот бекен?.. Бейишке шуулдаган бойдон кириш үчүн көп эмгек керек болоор.
СУРОО: Аялын «каалаганыңа тийип, каалаган жагыңда жүрө бер, көңүлүмдү калтырдың» деген сөздөр менен коркутса, талак түшүп калабы? 
ЖООП: Талак түшпөйт. “Жаман иттин аты бөрүбасар” дегендей, сенин дагы коркутканың жаман экен. Кудай сакта! Ошентип да коркутабы?!
СУРОО: Күйөөм 8 жыл мурун каза болгон. Турмушка чыкканым жок. Күнөө болуп саналабы? 
ЖООП: Күйөөсү жок жаман жолго түшүп кетчүдөй болуп турсаң, күнөө болоор. Антпесең, күнөө болбойт. Бирок колоктоп бой жүрбөй, ылайыктуу бирөөгө баш байлап алсаң, эки бакыр бир тукур болуп, жакшы эле болот. 
СУРОО: «Ак куу - аял, шумкар – эркек» дегендер чыкты. Алар адамдын тагдырын ыр түрүндө айтып, Түркистанга сыйынганга алып барат экен. Бул шариятка туура келеби? 
ЖООП: Шариатка туура келбейт. Ширкти кабаттап ишке ашырышат. Кудай сактасын. Ордо ачкандары, тагдырды айткандарынын баардыгы туура эмес. 
СУРОО: Менин атам орус динине өтүп кеткен. Өзүм болсо хижап кийип, намаз окуйм. Жигитим да динге берилген муслим. “Мага турмушка чыкканда орус динине өткөн атаң менен катташпайсың” деген. Аял күйөөсүнө баш ийиши керек да. Бул туурабы?
ЖООП: Жигитиңдин айтканы туура эмес. Ал канчалык акмак болсо дагы сенин атаң. Аны менен катташууң керек болот. Балким, сенин жана келечектеги жолдошуңдун жакшы мамилесинин натыйжасында Аллах Таала ага хидаят, туура жолду насип кылаар. Аял күйөөсүнө баш ийүүсү керек болот. Бирок күйөөсүнүн талаптары шарияттын чегинен чыкпай турган болсо. Ата-эне мусулман эмес болсо дагы шариятыбыз катташууга буйруйт. Бирок башка диндеги ата-эне зыян жеткире турган болсо, абайлаганы эп. Кудайым бактылуу кылсын. Жигитиң менен үйлөнгөнгө чейин эми сүйлөшпө. 
СУРОО: Базардагы цыгандар арча түтөтүп жүрүшпөйбү, ширк деп айтса болобу? Менин көз карашым боюнча, алар соодасы жакшы болсун деп акча таап жүрүшөт. Аларга садака берсе болобу? 
ЖООП: Аларды лөлүлөр деп айтабыз. Арча түтөткөндүн эч кандай ширки деле жок. Жакшы жыттан шайтан-шабырлар качат. Анан калса, ал лөлүлөрдүн негизги максаты акча табуу эле. Андан 
башка максаты деле жок. Садаканы өзүң билген жардыларга бергениң жакшы.
СУРОО: Бажыканага түшкөн товарларды адамдар арзандатып сатышат. Биз аны алсак шариятка туура келеби? 
ЖООП: Туура келбейт. Анткени туура эмес, чалагайым жазылган мыйзамдардын натыйжасында көп адамдардын көз жашын төгүп, мажбурлап зордоп тартылып буюм-тайымдар. Башка бирөөнүн 
көз жашына бакыт куруп болбойт. Аны алган арам! Арам! Арам!
СУРОО: Жолдошум мени менен таанышпай эле ала качып кеткен. Никеде молдокенин суроолоруна менин ордума жеңем жооп берип отурган. Мен ыйлап жооп бере алган эмесмин. Нике жеңеме  түштүбү? Кайра окутуш керекпи? 
ЖООП: Сенин макулдугуң жок кыйылган нике жараксыз болот.  Нике жеңеңе да кыйылган эмес. Кайрадан кыйдырганыңар макул.
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

☝�� *Анда көңүл буруңуз ..*

*"Оо, Ибрахим, кара чечекей сүйүктүү уулуңду курмандыкка чал!.."*

Бүт дене-бойду дүркүрөткөн, көктөн келген бул буйрук мээримдүү пайгамбар жана боорукер ата, Азирети Ибрахим алейхиссаламга берилди. Бир канча жыл мурда "уулдуу болсом, аны Кудай үчүн курмандыкка чалам" деген убадасы эми минтип түш аркылуу эскертилип, аны орундатуу талап кылынган эле...
"Ибрахим", ысымынын төркүнү болгон "Абун рахим" деген сөз айкашынан белгилүү болгондой, "өтө мээримдүү, боорукер ата" дегенди туюндурат. Ал өтө сезимтал болгондуктан, Алла Таала аны "Ибрахим чындыгында өтө кең пейил, сезимтал, кечиримдүү, алпейим жана өзүн Кудайга арнаган киши" деп сыпаттайт. Дайыма ыйлап-сыздаган, көз жашы жамгырдай төгүлгөн, өтө боорукер, сүйүүсү жана мээрими чексиз элчиге "Уулуң Исмаилди курмандыкка чал!.." деген буйрук берилүүдө.
Жүз жылдык өмүрүн көптөгөн кыйынчылыктар менен өткөргөн, "таухиддин" ЖАРЧЫСЫ, "ширк" түркүктөрүн арты-артынан кулаткан ЭЛЧИ. Өзүнөн кийин адамдарга жол көрсөтүүчү кайырдуу орун басар, көз кареги болуп бере турган бир перзент каалаган ПАЙГАМБАР. Аны абдан зарыга күткөн. Акырында, улгайып, чач-сакалы куудай агарган кезинде, ал эңсеген наристе жарык дүйнөгө келген. Бирок, бүт жашоосунун МӨМӨСҮН, адамзат жашоосуна жарык чача турган "Акыркы куттуу пайгамбардын" касиеттүү ҮРӨНҮН Кудай үчүн курмандыкка чалышы керек эле. Бүт ааламдын көңүлүн бурган МЭЭРИМДҮҮ АТА менен жаңы ачылган бүчүр сыяктуу НАРИСТЕ...
Исмаилдин жарык дүйнөгө келишин атасы жүз жылдап күткөн эле. Ал дагы атасы эч ойлобогон убакта жашоонун астанасын аттап, Ибрахимге чексиз кубаныч, тунук сүйүү, терең үмүт тартуулап, сүйкүмдүү, касиеттүү көчөт болуп чыга келди.
"Оо, Ибрахим! Бычакты уулуңдун тамагына алып бар жана аны өз колуң менен курмандыкка чал!."
Аллахтын сүйүктүү досу бул кабардын каары менен, балким, жашоосунда биринчи ирет коркуп, титиреп жаткандыр... Анткени, чүргөктөгү наристеси менен сүйүктүү жубайы Ажарды учу-кыйыры билинбеген суусуз ээн талаа, эрме чөлгө жалгыз таштаган кезде дагы, алоолонгон отко ыргытылган кезде дагы мынчалык коркуп, титиребесе керек эле. Ибрахим! тандоо мүмкүнчүлүң бар, кайсынысын тандайсың? Туткунга түшүүнүбү же кутулуунубу? Аң-сезимдүүлүктүбү же пенделик каалоонубу? Жакындыктыбы же ыраактыктыбы? Аталыктыбы же пайгамбарлыктыбы? Аталык мээримдиби же пайгамбарлык салабаттуулуктубу? Исмаилдиби же Жаратканыңдыбы?

Бирөөн танда, Ибрахим!..

Жан-дүйнөңдүн ырахаты, бир бооруң, кызыгууңдун, таң калууңдун, табитиңдин жеткен чеги, жашоодогу шылтооң, сени бул дүйнөлүк жашоого байлаган жана бул жакта сени кармаган бардык нерсең Исмаил эмеспи... Мына ошол уулуңду кой сыяктуу кармап, жерге жаткыр... жаткыр да, тамагынан, күрөө тамырынан муузда...

Эх, чиркин дүйнө, перзент сүйүүсү... Ата мээрими...
Өзөктү өрттөгөн мындан да өткөн оор сыноо болушу мүмкүнбү?.. Таш жүрөктү да элжиретип, көздөн жаш кылгырткан көз ирмем...
Ибрахимде түшүн айта тургандай дарман калбады. Жүрөгүнүн сыздаганын туюндурган дем да түгөндү. "Мен сени курмандыкка чалууга буйрулдум" деп айтууну ойлоонун өзү кандай кыйын!
"Исмаил, жаным уулум!" - деп, андан аркы сөзүн айта албай, деми кысылып, буулугуп барып токтоп калат. Бир аз туруп, кайраттанып, кайрадан уулуна күңгүрөнөт. Бирок, бул мүмкүн эмес... Акырында жүрөгүн Аллахка тапшырып, тиштенип туруп, өтө тездик менен: "Уулум, түшүмдө сени мууздап жатканымды көрдүм, сен буга эмне дейсиң?!" - деп ооз ачканга батылдык кылды. Жагдайды толук түшүнгөн Исмаил эч токтолбостон атасынын сүйкүмдүү жүзүнө жылуу карап, назик жүрөгүнө жаны күйүп, аны жубатып: "Атаке! Эч ойлонбо, кайгыга да чөкпө, Жараткандын буйругун орундатууда шек-күмөнгө түшпө. Кудайга өзүңдү тапшыр, Сага Аллах тарабынан кандай буйрук келген болсо, аны толук аткар. Кудай буюрса, менин кандай сабырдуу, кандай чыдамдуу экенимди көрөсүң!" дейт.
Мына, жанын Кудай жолуна берүү үчүн башын ийе алган жигит деп ушуну айт!...
Итаат кылуудагы назиктикти түшүнгөн жана Жараткан үчүн жанын курмандыкка чала алган, "Кудайдын жалгыздыгына" чын дилден ишенип, Анын улуулугуна таазим кылган жигит...
Кудайга баш ийүүдө Исмаил өтө сылык жана өтө ыктуу турат, 12 жаштагы жаш бала эмес, "өтө сабырдуу бир курмандык". Аталык мээрим менен жүрөгү элжиреп соккон Халил, оболу, Кудайга болгон ашыктыктын рухка берген күчүн колдонуп, өз ичинде өзүн өлтүрүп, өзүнүн жан тамырын кесүүгө аракет кылат. Көөдөнүндөгү "мендигин" жеңген кезде гана, көңүлү толугу менен Аллахка толот.
Экөө тең Жараткандын буйругуна кайыл болушат. Ибрахим сүйүүктүү уулун жерге жаткырып, баласы жан таслими учурунда кыйналбашы үчүн өтө тездик менен жеңил мууздашы керек эле. Ошондуктан, колундагы бычагын кайрак ташка кайра-кайра бүлөп, ташты чапканда, таш экиге бөлүнөт... Бирок, таң калыштуусу - ташты экиге бөлгөн бычак өтө жумшак тамакты кесе албайт.... Албетте...
Албетте, бычак кеспейт... Ошол кезде "Кудайдын буйругун аткара албай калам го" деп, тулку-боюн калтырак баскан Ибрахимге бир кой жөнөтүлөт да, сүйүнүчтүү кабар берилет: "Оо, Ибрахим! Сен көргөн түшүңдү чындыкка айланттың, талапты орундаттың, милдетиңди аткардың. Аллах Исмаилдин ордуна курмандыкка чалсын деп мынабу койду жөнөттү. Биз жакшыларды, жакшылык ээлерин мына ушундайча сыйлайбыз!".
Ооба, Алла Таала эч качан Исмаил(дер)дин каны төгүлүшүн каалабайт. Анын курмандыкка эч качан муктаждыгы болбойт. Курмандык чалуунун негизги максаты алардын эти жана каны да эмес. Бардык жерде, бардык мезгилде "жан", адамдардын руханий жана материалдык муктаждыктары - эң негизги маселе. Мээримдүү жана Боорукер Аллах Ибрахимге "Исмаилди курмандыкка чал!" деген буйрук берди. Ал Кудайдын буйругуна толук моюн сунуу менен чексиз улуулукка жетти. Ибрахимдин урпактарынан дагы эт жана кан эмес, ниеттеринде аруулук жана такыбаалык талап кылынды.
Эй бул доордун Ибрахими..., Кудайдын канчалаган кылымдар мурун "Курмандык чал!" деген буйругу бүгүн Сага да тиешелүү. Сенин Исмаилиң ким же эмне экенин билесиңби? Чынында эле, Ал ким же эмне? Мартабаңбы, намысыңбы, аброюңбу, карьераңбы, жубайыңбы? Же акчаңбы, үй-жайыңбы, бакчаңбы, түшүнүгүңбү, кесибиңби, жаштыгыңбы, сулуулугуңбу? Же напсиңби, өзүмчүлдүгүңбү, текеберлигиңби?..
Ойлончу, Ибрахим үчүн Исмаил ким эле? Кыйынчылык, ыйлап-сыздоо менен өткөргөн өмүрүнүн МӨМӨСҮ, муң-зарга толгон бир кылымдын СЫЙЛЫГЫ, кыйынчылыктуу жашоонун ЖЕМИШИ, улгайган бир атанын КУБАНЫЧЫ, жүз жылдан кийин келе турган МАДИНА ГҮЛҮНҮН БҮЧҮРҮ, пайгамбар болуу менен сыймыкка бөлөп, өзүнө кызмат кыла турган БАЛАСЫ. Ибрахимдин "Исмаили" анын уулу эле. Ал уулун курмандыкка чалды. Сенин Исмаилиң, балким, өзүң, балким, үй-бүлөң, кесибиң, байлыгың, намысың... Исмаил атындагы сүйүүң, жаның, тамак-ашың, маянаң...
Кел эми, негизсиз шылтоолор, шек-күмөн, аныктамалар жана корутундулар менен алек болбо. Жоопкерчиликтен качпа, өзүңдү жооптуу сез. Напсиңди, өз жаныңды курмандыкка чалууга рухуңду даярда. Бардык Исмаилдерди сактап калууга белсен, "Исмаилдердин ордуна мени курмандыкка чал" дегин.
Эй напсим, кел, сен дагы күткөн нерселериңди, дүйнөлүк талаптарыңды жана Жаратканга алып барбаган, Аны эстетпеген тоскоолдуктарды жеңип, бардык нерсеңди курмандыкка чал. Азирети Ибрахим милдетиндеги жоопкерчиликти аталык мээриминен жогору койду, сен дагы "эл үчүн, Кудай үчүн кызмат кылуу" түшүнүгүн бардык эңсеген нерселериңдин алдына кой, каалоолоруңду идеяларыңдын курмандыгына бер. Болбосо, сенден суранарым: кайрымдуулук, Анын жолунда курмандык болуу тууралуу сөз кылба...

▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒
facebook.com/Formulasy
ok.ru/formulasy
vk.com/formulasy
instagram.com/formulasy
youtube.com/FormulaKG
plus.google.com/ FormulaKG
formulasy.blogspot.com
⚡ WhatsApp: +996700334493

© БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

Технологии Blogger.