Halloween party ideas 2015


Британияда жаңы төрөлгөн уулуна Мухаммед деп ат койгондор көбөйгөнүн Independent гезити жазды. 2015-жылы Англия менен Уэлстеги эң популярдуу эркек балдардын ысымдары Оливер, Жэк, Гарри деп табылган. Алардан кийинки орунду Мухаммед деген ысым ээлейт экен. Ал эми кыздарына Амелия, Оливия жана Эмили деген ысымды бергендер көп. Британиянын статистикалык кызматы Мухаммед атын коюу бул өлкөдө 1924-жылы башталганын маалымдады. Ошол жылдан тарта ал эң көп коюлган 100 ысымдын катарына кирген. Буга Англия менен Уэлсте мусулмандар көбөйүп, калктын беш пайызын түзүүсү жана Мухаммед Али, Мухаммед Фарах сыяктуу дүйнөгө таанымал спортчулардын чыгуусу себеп болгон. Британиядагы Араб борборунун мугалими Ибрахим Османдын айтымында, мусулман пайгамбарынын ысымын баласына ыйгаргысы келгендер дүйнөдө абдан көп.

"Азаттык"

Отправить комментарий

Технологии Blogger.