Halloween party ideas 2015
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


“Кыз кезинде баары жакшы, жаман аял кайдан чыгат” демекчи, башында баары сонун башталгандай болот. Анан эле ортодогу мамиле солгундап отуруп аягы үй-бүлөнүн экиге ажырашы менен бүтөт. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, көпчүлүк ажырашууларга аялдар күнөөлүү экен. Төмөнкү турмуштук жөнөкөй эрежелерди жадыңызга сактап алып жашооңузда колдоно жүрсөңүз, балким, ажырашуулардын саны бир азга
болсо да азаяр.

  1. Аялдын сырткы келбетине көңүл бурбашы. Сиздин 90-60-90 келбеттүү, ай десе аркы жок, күн десе көркү жок укмуш сулуу периште болушуңуздун бул жерде кажети жок. Жолдошуңуз сизди тандап сизге үйлөндүбү, демек, сиз анын табитине туура келесиз. Эми сиздин милдет – аны сырткы келбетиңиз менен иренжитип албоо. Сиздин таралбаган чачыңыз, ичине кир толгон тырмактарыңыз, качан болсо кир халатыңыз менен жүдөп жүрүшүңүз күйөөңүздүн сизге болгон кызыгуусун азайткандан азайтып отурат. Ошол эле учурда жасалма тырмак менен кирпик, бетиңизге коюлган ашыкча упа да эркектерге жакпайт. Болгону өзүңүздү таза, тыкан алып жүрүп, табигый сулуулугуңузду сактаганга аракет кылыңыз.
  2. Аялдын ашканадан алыстыгы. Ар бир эркек даамдуу тамактанганды жакшы көрөт. Эгерде сиз “ашкана мен үчүн эмес” деп эсептесеңиз, жолдошуңузга даамдуу тамак жасап бергенден эринсеңиз, жолдошуңуз тамакты жакшы жасаган башка аялды издей баштайт. Сизди эртеден кечке ашканада болууга эч ким мажбурлабайт. Болгону бир нече даамдуу тамактардын даярдоо жолун үйрөнүп алып, аларды кезеги менен жасап берип жолдошуңуздун көңүлүн алыңыз.

  3. 3. Аялдын күйөөсүнө кайдыгер болушу. Эгер жолдошуңуз сиз үчүн кымбат болсо, анын досуна айланыңыз. Жумушуна, жумуштан тышкары эмне менен алек болуп жатканына кызыгыңыз. Бул жаатта аны колдоңуз, керек жерде кеңеш бериңиз, аны менен бирге кубанып, кайгырчу жерде кайгыра билиңиз. Бирок аны кайра тарбиялайм деп убара болбоңуз, жолдошуңуз кандай болсо, ошондой кабыл алууга үйрөнүңүз. Эркектерге таптакыр жакпаган нерсе – анын кемчилигин баса белгилеп, достору же дагы башка эркектер менен салыштыра берүү. Тескерисинче, сиз үчүн ал эң акылдуу, эң сулуу, эң күчтүү экенин тажабай кайталай берсеңиз, жолдошуңузга бул майдай жагат да, сизден бир кадам эч жакка кетпейт
  4. Эркектин эркиндигинин чектелиши. Үй-бүлөлүк жашоо –түрмө эмес. Ар бир адамдын жеке өзүнө таандык эркиндиги болууга тийиш. Жолдошуңуздун ар бир кадамын көзөмөлдөгөнгө аракет кылбаңыз. Ар күнү кечинде анын телефонун чукулап текшерип, почтасына уурданып киргенди адат кылбаңыз. Туугандары, достору менен катышуусуна чек койбоңуз. Мына ушундай катуу көзөмөлгө туш болгон эркек сизден суурулуп чыгып, эркиндикте жашоону эңсеп калат.
  5. Аялдын ишкерлиги. Эгерде ал альфонс эле болбосо, көпчүлүк эркектерди бизнес-ледилер чочутат. Карьераңызды жасаңыз, бизнес менен алек болуңуз, сизге эч ким чек койбойт. Бир гана үйгө келгенде кадимки аял экендигиңизди унутпаңыз. Кандай гана эркек болбосун, ал үйдө кожоюн, башчы болууну каалайт. А жумуштагы адатыңызды кармап үйгө келгенде күйөөңүздү башкара берсеңиз, ал сизден бат эле тажап кетет. Анан да өзүн керексиз сезген эркектин таарынычы менен иренжүүсү бара-бара ажырашууга жеткирет. Муну менен катар аялынын өзүнөн көп акча тапканы да эркекте ыңгайсыздыкты жаратат.
  6. Аялдын даттана берүүсү. Даттанган аялды бир дагы эркектин жини сүйбөйт. Күйөөңүз жумуштан келери менен кабагыңызды карыш салып маселелерди айта баштасаңыз, дароо эле анын маанайын түшүрөсүз. Сиздин мындай тажатма даттанууларыңызды уккусу келбеген жолдошуңуз үйдөн качып кеч келүүнү адат кылат, анан бара-бара таптакыр алыстап кетет.
  7. Аялдын ашыкча талапчылдыгы. Күйөөңүз сизге эч нерсе карыз эмес. Андан эч нерседен кем кылбай багуусун талап кылып өзүңүздүн кол куушуруп отура бергениңиз туура эмес. Эгерде ал адамды сүйсөңүз, жаркын келечек үчүн чогуу аракет кылышыңыздар керек. Кыялдарыңыздын баарын жалгыз иш жүзүнө ашырууга караганда ага биротоло сизден кутулуу жеңилирээк сезилет.
М. К
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Мусулмандар арасында тили эле мусулманмын деп жүрөгү күнөө жасап жүргөндөр жок деп айтканга болбостур. Бул тууралу коомдон көп эле кайрылуулар болуп жатпайбы. Мисалга алсак: Намаз окуйт, ширк кылып,бакшы,мазарларга барат,

Намаз окуйт,зына кылат, Намаз окуйт аялын, балдарын сөгүп сабайт,Намаз окуйт ушак,гыйбат,жалган айтат, Намаз окуйт өзүн, көзүн,оозун тыйбайт,Намаз окуйт таразадан ,соодада алдайт, Намаз окуйт зордук зыяан келтирүүчү иштерди кылат.Намаз окуйт арак ичет, Намаз окуйт жүрөгү дүйнө кызыкчылыгы,байлык,мансаптын артынан чуркайт. Мындай инсандарды кандай деп атасак туура болот,мусулманбы? Же чала мусулманбы? Же такыр мусулман эмес деп айтуу керекби? Булар Аллахтын бир парзын аткаргандай болгону менен чоң күнөөлөрдү кылып жатат, Исламда мындай иштер харам амалдарына кирет,бул амалга катуу тыюу салынган, бул амалды Аллах Тааладан коркуп кылбаган адам сооптуу болуп,ал эми кылган адам чоң күнөөкөр болот. Мындайларды Аллах өзү билет эмне кыларын, алардын жүрөгүндө эмне болуп жатканын.

«Аллах жашыруун жана көрүнө эмне иш жасап жатканыңарды билип турат». (16:19)….

Анткени мындай инсандар тили намаз окуганы менен жүрөгү ойгоно элек, Аллах деген улуу Затты жүрөгүнө киргизе элек болот. Намазды эми парз экен окуп койу керек эл катары мусулманмын го деп,же уятко эч болбосо ошону аткарып жүрөйүн башкасын кылбасам деп, эл көрсүн дейби иши кылып окуйт да. Ал өзүн эле алдабастан Аллахты да алдаганын биле гана .Ушундай инсандарга Пайгамбарыбыз хадисинде мындай деп келген..

Абу Хуройра ( Ага Аллах ыраазы болсун) риваятында Пайгамбарыбыз صلى الله عليه وسلم айтты: « Банкрот адам ким экенин билесиңерби? » анан айтышты: «Банкрот адам деп анда Эч кандай Акчасы жок Жана Эч кандай буюму жок адам» анан Пайгамбарыбыз صلى الله عليه وسلم айтты: « Банкрот адам кыямат күнү намазы менен орозосу менен Жана зекети менен келет жанада ошол эле убакта бирөөнү сөгүп койот. Жана бирөөнү жардамсыз таштап койот. Жана бирөөнүн акысын жеп койот. Жана бирөөнүн канын төгүп койот.Жана бирөөнү уруп койот, анан буга жакшылыктарын берет ,тигиге жакшылыктарын берет ,эгер баарынын акыларын берип бүткөнгө чейин жакшылыктары түгөнүп калса анда алардын күнөөлөрү ал адамга жүктөлөт ,андан кийин тозоко ыргытылат»…

«Эгер аны жаман тагдыр кармаса, чыдамсыздык кылат. Жакшы (тагдыр) кармаса кызганчаак болуп калат. Намаз окуучулар гана андай эмес ». (70:20’21’22)…

Анткени, намаз окуучулар жакшылыкта да,жамандыкта да орточо абалда болот,жакшылык болгондо ыраазычылык билдирет,жамандык болгондо сабырдуу болот.

Чындыгында намазды жүрөгү менен окуган инсан жогортогу иштерди эч качан кылбайт, ал билет күнөө экенин Аллах алдындан жооп бере турган күн келээрин.

Мындай окушка, көрүнүшкө эмне себеп болуп жатат?
Себеби ыймандын алсыздыгы,илимдин аздгы, диндин ичиндеги мыйзамдарды билбегендиги ,сабырдын жоктугунан,нафсине баш ийип эркине күчү жетпегендиген болуп жатат.
Ошон үчүн биринчи ыйман келтирүүдөн баштоо,жан дүйнөбүз,жүрөгүбүздү руханий жактан даярдообуз керек.

Ыймандын 7 парзны бекем карману керек.

1. Аллах Тааланын бардыгына жана жалгыздыгына ишенүү

2. Аллах Тааланын периштелерине

3. Аллах Тааланын китептерине

4. Аллах Тааланын пайгамбарларына

5. Акырет күнүнө

6. Тагдырга; жакшылык жана жамандык Аллахтан экендигине ишенүү

7. Өлгөндөн кийин кайра тирилүүгө ишенүү.

Ушулар биздин тилибизде эле эмес жүргөбүздө болсо андай иштерди жасамак эмесбиз.

Эгерде биз Аллах Тааламдын барлыгына,бирлигине ишенгенибизде,ширк,бакшы, мазарларга барып сыйынбайт болчуубуз..
Эгерде Аллах Тааламдын периштелерине,китептерине,пайгамбарларына иншенгенибизде,Аллахтын мыйзамдарын,Пайгамбардын сүннөттөрүн бекем карманып, кылба дегенин кылбай, кыл дегенин кылып моюн сунуп жашамакпыз..
Эгерде биз башыбызга келеген кыйынчылыктар,кайгы -капа,кырсыктар, кубаныч, бактылуулук,жакшылыктар баарын Алладан деп тагдырга ишенгенибизде, баарына көппөй,жогуна чөкпөй сабыр ,үмүт менен дуба кылып жашамакпыз..
Эгерде биз Акырет,өлүмдөн кийин тирилүүгө ишенгенибизде, жүрөгүбүздү күнөөлөрдөн сактап,Аллахтан коркуп жашамакпыз..

« Эй, ыйман келтиргендер! Аллага чын жүрөктөн ыйман тообо кылгыла ». (66:8)..

«….барыңар Аллага тообо кылгыла ийгиликке жетээрсиңер ». (24:31)…

Эгер билсек адамдын бактысы ыймандуулукта. Анткени ыймандуу адам жакшылкка шүгүр кылат, кыйынчылыкка сабыр кылат,өзүн күнөөлөрдөн сактайт,Аллахтын кыл дегенин кылып,кылба дегенине моюн сунат. А эгер күнөө кылса Алладан күнөөлөрүн кечирүүсүн сурайт.

Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салават саламдары болсун) айтты: «Ыймандуу адамдын абалы ушунчалык таң калаарлык. Чындыгында анын бардык кылган иши жакшылык. Мындай (артыкчылык) ыймандуу гана адамга берилген . Эгерда ага сүйүнчү жетсе Аллахка шүгүр кылат,бул ал үчүн жакшылык. А эгер кыйынчылык кабылса ага сабыр кылат, бул да ал үчүн жакшылык ». (Сахих Муслим) .. А мындай татыктуулук ыймандуу гана адамга берилген..

Эч бир адам: «Мен күнөөдөн тазамын »деп айта албайт, биз инсандар унутчаак,тез адашып,тез ката кылуучуларданбыз,ар бир адам билип -билбестен күнөө кылат. Бирок жүрөгүндө ыйманы бар адам башкалардан өзгөчөлүгү -күнөө кылса өкүнүп Аллага кайтат,тообо кылат. Бул дүйнөгө бардык инсандар сыноо үчүн жаралган. Бирок адамдардын ыймануу күчтүүсү ,эрктүүсү гана күнөөгө туруштук берет. Ал эми күнөөкөр адам-эрксиз, алсыз адам ,өз эркин башкара албайт,өзүн күнөөдөн тыяалбайт. Ал күнөөгө баткансайын жашоосу артка кетип, ырыскысы кемип,жан дүйнөсү тарыйт.
Ошондуктан кел мусулман бир тууганым, Аллахтын барлыгына, өкүмдөрүнө кайдыгерликте карабай чын жүрөктөн,чын ыклас менен аткаралы. Бул жарыктыкта адам деген толтура, а адам болуп жашгандар аз санда. Адамдын адам болуусуна ыйман керек, сабыр керек. Илимге да,ийгиликке да,бактылуулука да,кыйынчылык, кайгы -капага да жашообуздун тынчтыгына да эң негизгиси Сабыр,Сабыр Сабыр керек.
Маймун ибну Махран айтат: «Бардык иштин арты сабырдуулук менен бүткөндөн башка жакшы нерсе жок».
Умар ибнул -Хатаб (Ага Аллах ыраазы болсун) айтат: “Сабырдуулукта эң жакшы жашоо бар экенин сездик “.
Дагы бир сөзундө: “Эң жакшы жашоо сабырдуулукта. Эгер сабырдуулук эркектерде болгондо анда алар жоомарт болмок “.
Али ибну Абу Талип (Ага Аллах ыраазы болсун) айтат: “Денеде баштын ролу кандай болсо, ыйманда да сабырдын ролу ошондой болот. Эгер башты кесип салса дене өлөт “. Деп айтканда соң Али (Ага Аллах ыраазы болсун) үнүн катуу көтөрүп: “Сабыры жоктун ыйманы жок “.

Мына туугандар чынынгы мусулман болуу үчүн ыйманга кошо сабыр кылууну үйрөнүү керек. Аз болсо да илим алуу керек,ыймандуулук артат, өзгөчө Исламий китептерди көп -көп окуганда. Эң башкысы окуп эле койбой,амал кылууда кеп. Аалым,устаздардын ауидо,видеолорун көп -көп көрү керек. Азыркы заманда шылтоо жок ,интернет деген чеги жок кермет дүйнөсү бар, чынында аны туура пайдаланса, каалаган инсан ыйманын бекемдөө үчүн баарын тапса болот.Куран окугуң келсе кыргызчасы,арапчасы,хадистер да толтура, болгону биздин калообузда. Бир хадис,же бир аятты жаттап ошого амал кылсаң ушул да илимдин мөмөсү. Өзүбүздүн эле группаны айталы, күндө келген ауидо,видео,динний макалалар ошого көңүл койуп, маанисине ой жүгүрткөн болсок ,жүрөгүбүзгө жайгаштырган болсок күнөөлөрдөн,адашуулардан алыс болмокпуз. Амал кыл бир тууганым бир хадис, аят уксаңда бул сенин жеңишиң,бакытың болот…Аллах Таалам күнөө кылгандарды кечирип,Өзү туура жолго салсын,ыймансыздардын жүрөгүнө ыйман нурун толтурсун,адашкандарга хидаят берсин ,кыйынчылыкка,кайгы -капа, оору сыноосундарга сабыр жеңилдик берсин,кылган амалдарыбызга берекесин берсин,күнөөлөрдөн өзү сактасын Омииин!!! …


January 19, 2016 at 12:56PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Баткен облустук мусулмандар казыяты райондук жана шаардык хатибияттар менен биргеликте аймактардагы жергиликтүү жашоочулардын демилгеси менен чогултулган 80 миң сомдук акчалай жардамды 2015-жылдын 17-ноябрында Ош облусундагы 7-баллдык зилзаладан жабыркаган үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү максатында, КР Өкмөтү тарабынан ачылган счетко которуп беришти. Бул туурасында облустук казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.
Буга чейин Кызыл-Кыя хатибияты 20 миң сомдук күнүмдүк турмуш тиричилигине керектүү азык-түлүк жардам көрсөткөн.
Эскерте кетсек, 2015-жылдын 17-ноябрында Ош облусунда 7 баллга жеткен жер титирөө катталып, андан 400гө жакын турак жай жараксыз абалга келген.


January 19, 2016 at 10:11AM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Жумушсуз калган Мухаметзяновдордун үй-бүлөсү “Бинго-шоу” лотереясынан миллион доллар утуп алган.

2001-жылы Уфа шаарында жумушсуз калган Мухаметзяновдордун үй-бүлөсү “Бинго-шоу” лотереясынан миллион доллар утуп алган. Бул утуштан кийин үй-бүлө көзү ачылбай арак иче берип, эми каражаттан эч нерсе калган эмес.

“Миллион доллар эски курс менен алганда 28 миллион россия рубли болчу”,-деп жазат бул тууралуу “Комсомольская правда”.

Акчалуу болгондон кийин жубайлар шаардын борборунан турак үй, анан эки уулуна деп эки квартира, Россиялык өндүрүштөн чыккан эки унаа алышкан.

Акчаны оңго солго чачышып, алгачкы кездерде акча сурап келгендердин эч кимисинен аябай карызга беришкен, көп сандаган туугандарына жана досторуна гараж, унаа жана башка арзан эмес буюмдарды алып беришкен.

Үйдүн кожойкеси Надежда Мухаметзянова бир нече жыл мурда көз жумган. Учурда жесир калган Рустем Мухаметзянов эки чоң уулу менен бир чакан үйдө, арзыбаган пенсия алып жашап жатат.

Бул байлыктан болгону эки уулуна сатып берген эки квартира калган экен, аларды азыр ижарга берген үй-бүлөдөгү үч эркек эч жерге иштебей арак ичип жатышканын кошуналары тастыкташкан.

URL: http://ift.tt/2386q0D


January 17, 2016 at 07:44PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Жумушсуз калган Мухаметзяновдордун үй-бүлөсү “Бинго-шоу” лотереясынан миллион доллар утуп алган.

2001-жылы Уфа шаарында жумушсуз калган Мухаметзяновдордун үй-бүлөсү “Бинго-шоу” лотереясынан миллион доллар утуп алган. Бул утуштан кийин үй-бүлө көзү ачылбай арак иче берип, эми каражаттан эч нерсе калган эмес.

“Миллион доллар эски курс менен алганда 28 миллион россия рубли болчу”,-деп жазат бул тууралуу “Комсомольская правда”.

Акчалуу болгондон кийин жубайлар шаардын борборунан турак үй, анан эки уулуна деп эки квартира, Россиялык өндүрүштөн чыккан эки унаа алышкан.

Акчаны оңго солго чачышып, алгачкы кездерде акча сурап келгендердин эч кимисинен аябай карызга беришкен, көп сандаган туугандарына жана досторуна гараж, унаа жана башка арзан эмес буюмдарды алып беришкен.

Үйдүн кожойкеси Надежда Мухаметзянова бир нече жыл мурда көз жумган. Учурда жесир калган Рустем Мухаметзянов эки чоң уулу менен бир чакан үйдө, арзыбаган пенсия алып жашап жатат.

Бул байлыктан болгону эки уулуна сатып берген эки квартира калган экен, аларды азыр ижарга берген үй-бүлөдөгү үч эркек эч жерге иштебей арак ичип жатышканын кошуналары тастыкташкан.

URL: http://ift.tt/2386q0D


January 17, 2016 at 07:43PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бүгүн Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин өкүлдөрү, Кыргызстан ислам университетинин мугалимдери жана казыят кызматкерлери КРнын Өкмөттүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңин Разаков менен жолугушушту. Бул тууралуу Баткен облустук мусулмандар казыятынын басма сөз кызматынан кабарлады.

Өкмөт өкүлү менен болгон жолугушуунун алкагында Абдишүкүр ажы Нарматов аалымдар кеңешинин өкүлдөрүнүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын максатын айтып, Жеңиш Разаковдун жана ал жетектеген аппараттын жамаатынын иштерине ийгиликтерди каалап, белектерин тапшырды.

«Жолугушу КР Өкмөт өкүлүнүн сунушу менен уюштурулуп, бир катар маселелер жана аймактагы диний кырдаал талкууланды»,-деди облустук казыяттын басма сөз кызматынан


January 17, 2016 at 05:31PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин өкүлдөрү жана Кыргызстан ислам университетинин мугалимдери кечээ Баткен шаарындагы Кызыл-Жол айылынын “Тегирмен башы-2” мечиттинде жергиликтүү жашоочулар менен жолгушту. Бул тууралуу казыяттын маалымат кызматы маалымдады.
Иш сапары менен келишкен конокторду жергиликтүү тургундарга Баткен облусунун казысынын орун басары Кожояров Каразак ажы тааныштырып, алардын келишкен максаттарын айтты.
Кызыл-Жол айылынын жашоочулары менен болгон жолугушууда аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары Тажидин ажы Байтейитов Кызыл-Жол айылында бир да ичкилик сатуучу дүкөндөрдүн жок экендигин айтып, өзүнүн кубанычы менен тең бөлүштү. Ал эми аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары, КИУнун проректору Марс Ибраев дин аалымдарынын Баткен облусна болгон иш сапарынын максатын айтып, карапайым калкка ислам дининин баалуулуктарын туура түшүндүрүп, тыюу салынган агымдардын азгырыктарынан оолак болууга чакырып жатышкандыгын баса белгиледи.
Жолугушууда Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин төрагасы, КИУнун ректору Нарматов Абдишүкүр ажы “Ыйман жолу”, “Арактын зыяны” темасында маселе айтып, өзгөрүүнү, оңолууну ар бир адам өзүнөн баштоосу керек экендигин айтып өттү.
«Аалымдардын келишин уккан карапайым калк мечитке батпай, ар кимиси өздөрүнүн суроолорун берип калууга далалат кылып жатышты. Жолгушуу учурунда жергиликтүү жашоочулар өздөрүнүн сууроолоруна аалымдардан жогорку деңгээлдгеги жоопторду алышты»,-деди казыяттын басма сөз кызматынан.

 


January 17, 2016 at 10:13AM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бүгүн аалымдар кеңешинин өкүлдөрү Баткен облусунун Лейлек районундагы Жаны-Жер айыл өкмөтүнө караштуу Тажикстан Республикасы менен чектешкен “60 жылдык” айылындагы “Фуркон” атындагы мечитинде жергиликтүү жашоочулары менен жолгушту. Бул тууралуу Баткен облустук мусулмандар казыятынын басма сөз кызматы билдирди

.
“60 жылдык” айылындагы эл менен болгон жолугушуу учурунда аалымдар кеңешинин төрагасы Нарматов Абдишүкүр ажы “Ислам дининин негизги максаты”, “Ата эне”, “Ынтымак” темасынын алкагында лекция окуп, калкты ынтымактуу болууга чакырды.
«Эгер адамдар бөлүнүп-жарылса алардын күч-кубаты жана биримдиги кетет. Бөлүнүп-жарылуу инсан менен жиндердин шайтандарына сүйүнүч. Себеби, алар акыйкат ээлеринин биримдигин каалашпайт. Анткени алар күч биримдикте экенин жакшы билишет. Ислам дини бизди дайыма биримдикке, ынтымакка чакырат»,-деди Нарматов Абдишүкүр ажы.
Эл менен болгон жолугушуунун алкагында аалымдар кеңешинин төрагасы калкты ар дайым биримдиктүү болуп, улут, уруу аралык ынтымакка чакырды.


January 17, 2016 at 09:23AM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бүгүн Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин өкүлдөрү Баткен болусунун Лейлек районунун Аксуу айылындагы маданият үйүндө жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуп, экстремизм, терроризмдин алдын алуу жана улуттар арасындагы ынтымакты бекемдөө боюнча пикир алышты. Бул туурасында облустук казыяттын басма сөз кызматы кабарлады

Жолугушуга Кыргызстан мусулмандарынын аалымадар кеңешинин төрагасы, КИУнун ректору Нарматов Абдишүкүр ажы жана төраганын орун басары Марс Ибраев, Баткен облусун мусулмандар казысы Султанмуратов Пазыл ажы, БОИИБнын 10-бөлүмүн өкүлү Аскар Жунусович менен казыят, жергиликтүү тургундар, жаштар катышышты.

Аксуу маданият үйүндөгү жолугушууда аалымдар кеңешинин төрагасы Нарматов Абдишүкүр ажы “Ыймандуулук”, “Экстремизм жана тероризмге динибизде орун жок” жана “Улуттар арасындагы биримдик” туурасындагы лекция окуп, бир катар түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен элди мамлекетибиздин эртеңки келечеги үчүн биримдиктүү жана сабырдуу болууга чакырды.


January 15, 2016 at 11:02AM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Лейлекте Кыргызстан ислам университетинин окутуучусу, араб тили боюнча мугалим болуп эмгектенген маркум Мухаммед Исанын жаркын элесине арналып курулган мечиттин ачылыш салтанаты болуп, ага Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин өкүлдөрү катышышты. Бул туурасында Баткен облустук мусулмандар казыятынын басма сөз кызматынан кабарлады

Мечиттин ачылыш маареке Баткен облусунун Лейлек районундагы Аксуу айыл өкмөтүнө караштуу Чойунчу айылында өтүп, иш чарага аалымадар кеңешинин төрагасы, КИУнун ректору Абдишүкүр ажы Нарматов, аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басарлары Марс Ибраев, Тажидин ажы Байтейитов, Баткен облусун мусулмандар казысы Пазыл ажы Султанмуратов, бүткүл дүйнөлүк жаштар ассаблеясынын төрагасынын орун басары Мухаммед Маазы, Лейлек районунун акиминин милдетин аткаруучу Жамалидин Эшанкулов жана казыят өкүлдөрү, аймактагы баш имам хатибдер менен ар тараптан келишкен коноктор, жергиликтүү тургундар катышышты.

«Мечит адамдын адеп ахлагын, кулк мүнөзүн оңдоп, тарбия алуучу жай. Мечитке келген жарандар бай же кедей экендигине, түсүнө, улутуна карабастан бирдей болуп саналат. Ошондуктан мечит элдин ынтымагын, улуттар арасындагы биримдикти бекемдей турган жай катары болуусу керек»,-деди Абдишүкүр ажы Нарматов.
Ал эми Баткен облусунун мусулмандар казысы жергиликтүү тургундарды мечиттин ачылышы менен куттуктап, мечит амал менен көрктү болоорун айтып, ар дайым мечитти жандандырып турууга чакырды.
Мечиттин ачылышына келишкен коноктор демөөрчүлөргө ыраазычылыгын билдирүү менен бул мечит ынтымакты бекемдеп, жакшылыкты үйрөнүп, жамандыктан арылуучу жай болуусуна тилектеш экендиктерин билдиришти.

 


January 15, 2016 at 10:58AM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Аалымдар кеңешин өкүлдөрү Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Исфана шаарындагы “Абдулло ибн Аббас медресесин зыярат кылышты. Бул тууралуу Баткен облустук мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.
Бул күнү аалымдар кеңешинин өкүлдөрү аталган медресесинин абалы менен таанышып, мугалимдер үчүн жыйын өткөрдү. Жыйында келечек муунду тарбияоонун маанилүүлүгү айтылып, студенттерге туура тарбия берүү, Ханафий мазхабын жайылтууну күчөтү зарыл экендиги айтылды. Медресе мүдүрү Мухаммедали Мукарамов зыяратка келишкен аалымдар кеңешинин өкүлдөрүнүн эмгек жамаатына медресенин атынан терең ыраазычылыгын билдирип, өзүнүн белектерин тапшырды.


January 15, 2016 at 10:54AM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Аллах Тааламдын биз пенделерге берген чексиз нээматтары,ырыскылары бизге берилген мүмкүнчүлүк. Сага ушундай керемет мүмкүнчүлүк берилген, бирок сен билсең гана?!
Сага мүмкүнчүлүк берилген каалаган жериңе басып бара аласың,каалага убакта чуркап,каалаганда бийлеп баса аласың!
Сага мүмкүнчүлүк берилген каалаган жумушуңду кылып,каалаган тамагыңды жасап,өзүңдүн мүктаждыктарыңды жасай аласың!
Сага мүмкүнчүлүк берилген ,бул ааламдын кооздугун көрөсуң,жаңырып турган добушту ,сени чакырса ,сага сүйлөсө кеичиликсиз угасың!
«Аллах силеди көрүнгөн -көрүнбөгөн нээматтарына бөлөп таштады ». (31:20)..
«Эми, Роббиңердин кайсы нээматын жалганга чыгара аласың ».(55;13)..
Булар сенин тышкы мүмкүнчүлүктөрүң, а ички мүмкүнчүлүгүңдү карап көрчү?
Сен мүмкүнчүлүк бар, тынбай согуп турган кемтиксиз жүрөгүң, тамак-ашыңды каалагнча жесең да ал кылган боор,өтүң,ашказаның, бүт зыян,сууларыңды иштеп заара кылып чыгарган бөйрөгүң бар!
«Силердин өзүңөрдө да (ар түрдүү укмуштар) бар экендигин карабайсыңарбы? ». (51:21)..
А сен берилген мүмкүнчүлүктөргө шүгүр келтирип Аллахка мактоо айтып жатасыңбы?
Аллахка ыйман келтирип, парздарына,мыйзамдарына моюн сунуп, беш убак намазыңды окуп жатасыңбы?
Бир жылда келүүчү орозону кармап,садака,зекетиңди берип жатасыңбы?
Жок албетте?! Эгер билсең чоң нээматта жашап жатасың ,бирок аны билбейсиң. Бирок өзүңдү кайгы капада жашап жатам деп ойлойсуң,күнүмдүк жашоонун кыйынчылыгын тоодой көрөсүң,кылайын десем ишим ,башкалардай ийгилигим жок, жашоо бир келет ойноп күлсөм ,бактым жок дейсиң,,алдыңда ыссык наның турат,муздак сууң бар,бейпил уйкуң болуп жатат,күлүп жайнаган ден -соолугуң бар ,жоготкон нерселериңди ойлоп, эч жашооңо ыраазы болбойсуң.
Мумкүнчүлүктөрдү айтсаң түрү көп бул ден -соолугуңдун гана мумкүнчүлүгү. Ден -соолук болсо жашооңдо кандай кырдал болбосун жеңсе болот,болгону ыйманың,аракетиң,максатың болсун. Айланаңа көз чаптырып жакшылап ойлонуп карачы,сенде бар нерселер башкаларда жок. Өзүңдү мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга салыштырчы,же болбосо бир күн,ордуна койуп көрчү? Ошондо билээр белең жашоо кадырын,Аллахка шүгүр кылууну.
Алар кааласа да каалаган жерине баса албайт,каалаган нерсесине колун сунса да жете албайт,кааласада бул жашоонун кооздугун, жарыктыкты көрө албайт, кааласа да дүйнөдө эмнелер болуп жатат,эч бир дабыш,жаңырыкты,сөзүн уга албайт,кааласа да ичиндегисин бакырып, айта турганын айта албайт, анткени алар үчүн мумкүнчүлүк чектелүү,бирөөгө муктаж ,бирөөнүн жардамысыз жашай албайт,бирөөгө көз каранды инсандар! Алардын жашоосу түгөнүп калган жок го,же баары өлүп алган жок го, тескерисинче жашоосуна ыраазы Жаратканга шүгүр айтып көптөгөн бийиктиктерди багындырууда. Өзүбүздүн эле тумар кайрымдуулук борборундагы жаштарга караң, Америкалык колу -буту жок миллионер жигитти айтсак, колу -буту жок пешенеси саждеде,жүрөгү ыйманга толгон,үмүтүн Жаратканга байлап сабыр, шүгүр менен жашап жүргөн инсандарыбызга караң!
«Ошолорго (келген мусийбаттарга сабыр кылуучуларга) Роббиси тарабынан мактоо (жакшылык) бар. Жана ошолор гана туура жолго түшкөндөр ». (2:157)..
Алар каалайт бирок жолдор тосук,үмүт кылат бирок жолдор узун,ойлонуп максат кылат бирок анын түбүнө жетүү кыйын. Бирок алар барлыгы менен жашоосундагы кыйынчылыктарды жеңүүдөө Жаратканга моюун сунуп жашоодо.А сенде мүмкүнчүлүк бар,жолуң ачык, бирок көрүп турган көзүң көр жашоонун жакшылыктарын,туура жолун көрө албайт,угуп турган кулагың тосук,,Жараткандын сөзүн эмес, ушак ,гыйбаттарды гана уккусу келет,сүйлөгөн тилиң Аллахтын зикирин эмес, дүйнө сөзү менен алек,басып турган бутуң ,колуң аксак,туура жол,жакшылыктарга чуркай албайт,кыла албайт. Керек болсо өз денең өзүңө ээ эмес,андай инсандар өлүк сыяктуудур,эң байкуш бэчарадыр.
«Алар -өлүктөр. Тирүү эмес. Ошондуктан алар качан тирилишээрин да билишпейт» . (16:21)..
Эми ойлонуп көрчү жашоодо ким -ким экенин!
Жашооңдо банкрот болдуң,бир аз байлыгыңды жоготтуң баары түгөнгөндөй бакырып ыйладың,а бир жолу жаратканды эстеп көң жаш төктүң бекен,каалаганча той кафелерде ырдадың,бийледиң,а бир жолу пешенеңди саждеге койдуң бекен,тапкан акчаңды туура эмес жолдо иштетип,ысырап кылуудасың,а бир жолу жетим, муктаждарга жардам колуң сундуң бекен. Бир күн келет Жараткан бергенинин эсебин алат,сен үчүн бүт мүчөлөрүң жооп берет ошондо эме дээр экенсиң!
«Биз инсанды түйшүккө жараттык ».(90:4)..
«Биз адамды бир тамчы аралашма суйуктуктан жараттык,аны сыноо үчүн».(76;2)..
Кел тууганым убакыт тар,өлүм жакын,бул дүйнө сыноо,кеч боло электе,убактыңды,ден -соолугуңду пайдасыз иштерге коротпой,”колдо бар алтынды “туура пайдаланып, жашооңдун кыйынчылыгына чөкпөй,барына көппөй,сабыр кылуу менен ыраазы болуп Жараткан менен бирге бол!!!

January 14, 2016 at 01:06PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Кыргыз Республикасынын призденттинин алдындагы “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкарасы тарабынан уюштурулган кезектеги имамдардын билимин жогорулутуу курсу аяктады. Бул туурасында Баткен казыяттынынын басма сөз кызматы кабарлады.
2-январдан 13-январга чейин өткөрүлгөн окуу курсун ийгиликтүү аяктаган имамдар бүгүн атайын сертификаттарга ээ болушту. Окуу курсун жыйынтыктоо жана сертификат тапшыруу аземине Баткен облусунун мусулмандар казысы Султанмуратов Пазыл ажы, “Ыйман” маданиятты өнүктүрүү фонду жетекчиси Нуржигит Кадырбеков, ОшМУнун ректору, ОшМУнун теология факултетинин деканы Самаган Мурзаибраимов катышты.
Аталган окуу курсун ийгиликтүү бүтүргөн имамдарга сертификат тапшырып жатып Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов окуу курсунун уюштуруучуларына терең ыраазычылыгын билдирди. Ар тараптуу предметтерди камтыган семинарда ар бир лектор өз сабагынын соңунда тест түрүндө экзамен алышкан. Мына ушул экзамендин жыйынтыгына жараша жана имамдардын катышуусун эске алып сертификат берилет. Ал эми кээ бир себептерге байланыштуу курсту аягына чейин уланта албагандарга сертификат берилбейт.Негизинен алганда Баткен облусунун имамдары курска активдүү катышты деди аталган окуу курсунун уюштуруучусу Муртаза Жолдошов. Ал эми Сүлүктү шаарынын баш имам хатби Жолдошов Муса ажынын айтымында окуу курсу имамдар үчүн абдан пайдалуу болгон.
«Уюштуруучуларга ыраазычылыгыбызды айтабыз. Ошондой эле мындай курстарды тез-тез өткөрүп туруу керек»,- дейт Жолдошов Муса ажы

 


January 14, 2016 at 09:42AM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Баткен облусунун Лейлек районундагы Аксуу айыл өкмөтүнө караштуу Чойунчу айылына Египеттин жараны, Кыргызстан ислам университетинин окутуучусу, араб тили боюнча мугалим Мухаммед Исанын жаркын элесинин урматына курулуп жаткан мечит ишке кирүү алдында турат. Бул туурасында казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.
Мечит бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамлблеясынын каржылык колдоосу менен курулуп, заманбап салынган. Ал эми Лейлек районунун баш имам хатиби Намазбаев Медербек ажынын айтымында мечиттин ишмердүүлүгүнө тиешелүү документтери толугу менен бүткөрүлгөн.
КИУнун мугалими Мухаммед Исанын жаркын элесинин урматына курулган мечиттин ачылышы үстүбүздөгү жылдын 14-январында болоору белгиленип, ага Кыргызстан мусулмандарынын аалымадар кеңешинин төрагасы, КИУнун ректору Нарматов Абдишүкүр ажы, бүткүл дүйнөлүк жаштар ассаблеясынан жана бир катар коноктордун келишээри күтүлүүдө.
Эскерте кетсек, 2015-жылдын августь айында Мухаммед Иса үй-бүлөсү менен Ала-Арча тоосуна эс алууга чыкканда кырсыкка кабылышып, каза табышкан.


January 13, 2016 at 11:52AM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин төрагасы, Кыргызстан ислам университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов жана аалымдар кеңешинин мүчөлөрү 14-17-январга чейин иш сапары менен Баткен облусунда болушат. Бул туурасында казыяттын басма сөз кызаты кабарлады.

Учурда Баткен облустук казыяты тарабынан уюштуруу иштери жүргүзүлүп, жолугуша турган жайлар даярдалууда. Алгач 14-январь күнү Лейлек районунун Аксуу айыл өкмөтүндөгү мечиттин ачылыш аземине катышышат. Андан кийин 15-январда Исфана шаарынын борбордук мечиттинде жума баянын кылышып, Кулунду айылында шам баянын өтүшөт. Ошондой эле 16-январь 10:00-12:00 Жаны-Жер айыл өкмөтүнүн Аштык айылынын жергиликтүү жашоочулары менен жолугушат. 17-январь күнү Баткен шаарынын брорбордук “Нуьмани” мечиттиндеги жамаат менен жолугуаары күтүлүүдө


January 13, 2016 at 11:32AM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

“Ыйман жан дүйнө азыгы” программасынын бул чыгарылышында “Муфтияттын ишмердүүлүгү” тууралуу кеп курдук. Студиябыздын коногу КМДБнын азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев.

2015-жылы 818 иш чара өткөрдүк

-“Өткөн 2015-жыл муфтият үчүн жемиштүү жылдардан болду. Анткени биз бир кыйла реформаларга жетиштик. Медреселердеги билим жагынан, бирдиктүү программаларды жүргүзүү иретинде, мечиттерде имамдарыбызга даярдап берүүдө, имамдардын билим деңгээлин жогорулатууга жана республикалын бардык жерлеринде семинарларды өткөргөнгө жетиштик. Ажылыкты да ачык-айкын адилеттүүлүктүн жолунда ийгиликтүү өткөргөнгө жетиштик десем жаңылышпайм. Экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүүдө муфтият, казыят, аалымдарыбыз менен биргеликте 818 иш чара уюштурдук. Ханафий мазхабды жайылтууда көптөгөн семинарларды өткөрдүк. Анан эң чоң 2015-жылы эл аралык 17 мамлекеттин катышуусунда экстремизим жана терроризмди алдын алууга карата симпиозиум өткөрдүк”.

Муфтият кризис менен күрөшөт

– “2016-жылга карата алдын ала кризиске байланыштуу ысырапкерчиликке каршы күрөшүү, аны токтотуу жана каниеттүүлүккө, жалкоолуктан мээнеткечтикке чакыруу боюнча ушундай хутбаларды имамдарга даярдап атабыз. Негизгиси экстремизм менен терроризмге каршы күрөшүү башкы иштерибиздин бири. Мына жихад деп айтып атат, хижрат деп чакырып атат, мусулман каафир мушрик деген сөздөр кетип атат. Мына муфтият тарабынан январь ичи экстремизм менен терроризмге каршы күрөшүү боюнча брошюра чыгат. Муну биз имамдарыбызга жана кызыктарларга бекер таркатып беребиз. Өткөн жылы Мекеде бардык аалымдар чогулуп Сириядагы абалга баа берүү боюнча чоң жыйын болгон. Беш күндүк конференциянын аягында резолюция кабыл алынды. Андан кийин биз муфтият өткөрдүк”.

Имамдардан отчет алабыз

– “Ислам дини бул мээримдүүлүктүн, боорукерликтин, адамдын канын сакташ үчүн, укуктарды коргош үчүн жиберилген Алла Тааланын акыркы дини. Ушуну туура баалап – билишибиз керек. Биздин быйылкы планыбызда бул ар бир имамдын мойнунда жоопкерчилик кылып, айына отчет талап кылып атабыз. Элге түшүндүрүү боюнча. Күч менен токтото албайбыз. Бул идеология согушу. Бул согуш курал менен согушуудан күчтүү согуш. Өзүн өзү жардырып атканды кандай деп баалайбыз? Өзүн өзү өлтүргөндү Пайгамбарыбыз с.а.в өтө чоң күнөө деген. Аалымдарыбыз жаназасы окулабы, окулбайбы деген талаш-тартыштарга чейин барган”.

Дааватта кемчилдик жок

– “Дааватка адам чыкканда өзүн өзү оңдош үчүн чыгат. Угармандардын баарынан суранат элем. Алланын жолуна чыккан адам өзүн оңдош үчүн, ички дүйнөсүн агартыш үчүн, билимин өстүрүш үчүн даваатка чыгат. Анткени ошол чыккан адамда албетте үйрөнөм деп чыкса, үйрөнүп аткан учурда кемчиликтер кетет. Ошону давааттын кемчилиги деп эмес, даваатка чыккан адамдын кемчилдиги катары баа берсек бул адилеттүү ынсаптуу болот эле. Бардык Пайгамбарлар даваат кылган. Ар бир дин өзүнө даваат кылат. Ансыз дин болбойт. Баардыгы өзүнө чакырат. Даваат бул чакыруу деген сөз. Биз дагы мусулманчылыкка, ыймандуулукка, ынтымактуулукка чакырабыз. Ошондуктан даават боюнча кандай маселе болбосун муфтиятка кайрылыңыздар”.

Бардык муфтийлерге ыраазычылык билдирем

– “Биринчиден бизге чейин иштеп кеткен муфтийлердин баардыгына өтө терең ыраазычылыкты билдирем. Мен келип эле реформа жасап жибердим дегенден өтө узакмын. Анткени алар фундаментти курбаса дубал каяка курулат эле. Муфтияттык бул мансапка отуруу эмес, бул аманат жоопкерчилик деп баалайм. Союз мезгилинде Кыргызстанда казы деп аталат эле. Анда Орто Азияда бир эле муфтий болот эле. Ал Ташкентте. Эгемендүүлүктөн кийин эң биринчи болуп Кимсанбай ажыке келди. Андан кийин Абдысатар дамла, Мураталы ажы, Чубак ажы, Рахматулло ажы. Баардыгы абдан жакшы иштеп кетишти. Ар бир адамда кемчилдик бар. Бирок ошол кемчиликтерди түздөөдө аракет кылып, мурдагыларга караганда жакшыртып, кийинки келе тургандарга шарттарды мүмкүнчүлүктөрдү түзүп беришибиз керек”.

http://maralfm.kg/


January 12, 2016 at 11:52AM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

2015-жылы Кыргызстанда диний чөйрөдө кандай окуялар, бурулуштар болду? Ушул жана башка суроолордун тегерегинде Кыргызстандын мурдагы муфтийи, аалым Чубак ажы Жалилов “Азаттык” радиосуна маек куруп берди.

“Азаттык”: Чубак ажы, узап бараткан 2015-жылга сереп салып, диний чөйрөдө кандай ийгилик жана өксүктөр болду деп айта аласыз?

Чубак ажы: 2015-жыл диний чөйрөдө өтө бурганактуу жыл болду.Даават боюнча месле көтөрүлүп, аларга айрым кишилерде терс маанай жаралганын, Сирияга “жихадга” деп азгырылгандар улам көбөйгөнүн, ошондой эле “Ислам мамлекети” деген топтун динге туура келбеген жоруктарын айтсак, демек бул жыл оңой болбоду. Кээ бир депутаттарыбыз намазканаларды сындаганы коомчулукта ызы-чуу жаратты. Андай сын айткандарды да түшүнүү менен кабыл алдык, бала мүнөзүнөн улам сүйлөп коюшу мүмкүн.

“Азаттык”: Диний агартуучулукка кандай баа бересиз? Жыл башында бул жаатта сын-пикирлер көбөйгөн эле.

Чубак ажы: Былтыркыга караганда жеке өзүмдүн диний ишмердигим да, жалпысынан диний агартуу боюнча аткарылган иштер да жемиштүү болду. Менин демилгем жана башкалардын жардамы менен Сауд Арабиядан профессорлорду, диний ишмерлерди чакырып, молдокелерибизге салттуу исламдын жол-жоболорун үйрөттүк. “Ислам мамлекети” тобунун багыты туура эместигин түшүндүрдүк. Азирети муфтийибиздин аракети менен имамдардын жоопкерчилиги күчөтүлүп, жаңыча иштөө ыкмалары кирди.

Азаттык”: 2016-жылдан кандай өзгөрүүлөрдү күтүп жатасыз же кандай божомолдоруңуз бар?

Чубак ажы: Жаңы жылда диний агартуучулук жаатында заманбап таалим берүү күчөйт деп үмүт кылып жатам. 2015-жылы “Ыйман” фондунун жардамы менен имамдарды окутуу өнөктүгү жүрдү. Муну менен адамдар арасында салттуу дин менен радикал агымдардын айырмасы тууралуу түшүнүк бериле баштады. Динге болгон көз карашты калыптандыруу үчүн заманбап таалим берүү аябай зарыл. Бул иш 2016-жылы максаттуу ишке ашышын каалайм.

“Азаттык”: Радикал көз караштагылар менен салттуу диний багытты кармангандар аралашып, коомчулукта түшүнүксүз ойлор да жаралганынан кабарыңыз болсо керек. Бул маселени чечүүнүн кандай жолдорун сунуштайсыз?

Чубак ажы: Ооба, аралашып кеткенин туура айттыңыз. Белгилүү дин аалымдары адамдарга жеткиликтүү усулда, жалпак тилде ак менен каранын айырмасын түшүндүрүп бериши зарыл болуп турат. Радикал көз караштагылар менен диалогго барышыбыз керек. Азыр диалог жок болуп атпайбы. Ошол радикал исламчылар менен түзмө-түз сүйлөшүүгө эч кандай аянтча түзүлгөн эмес. Алар бети-башын чүмбөттөп өз билгенин жасап жүрөт. Өздөрү келбейт биз менен сүйлөшкөнгө. Биз барышыбыз керек. Ортодо сүйлөшүүлөрдү өткөрсөк, радикалдашуу азаят. Алар ошол сүйлөшүүлөрдөн тыянак чыгаргыдай болушу керек. Сырттан бири-бирибизди жек көрө берүүдөн пайда жок. 2016-жылы ушул жаатта алгылыктуу иштер болот деп ишенем. Бул үчүн Мусулмандардын дин башкармалыгы аракет көрүп, ага жалпыга маалымдоо каражаттары да жардам берүүсү кажет.

Азаттык


January 10, 2016 at 03:20PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Баткен облустук мусулмандар казыятына караштуу Кызыл-Кыя шаардык хатибияты коомчулукту жакшылыкка үндөп, жамандыктан кайтаруу жана элибизге туура диний маалыматтарды жеткирүү максатында жергиликтүү “ЮТС” телеканалы менен жети жылдан бери кызматташып келет. Аптанын жума күндөрү “Дин жана Инсан” телеберүүсү эфирге чыгарылат. Телеберүү аркылуу коомчулукту ыймандуулукка, адептүүлүккө, биримдик, тынчтыкка чакырган ошондой эле Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы жана облустук казыят тарабынан берилген буйрукка ылайык темалардын алкагында баяндар айтылып келет.
“Улуттардын арасында биримдикти, тынчтыкты, сакттоодо жана ар кандай терс көрүнүштөрдү алдын алууда жалпыга маалымадоо каражаттарынын орду чоң. Мына ошондуктан жети жылдан бери “ЮТС” телеканалы менен тыгыз кызматташып келебиз, 2016-жылдан тарта “ЮТС” телеканалы жана облустук казыяттын маалымат кызматы менен биргеликте жаңы пландарды ишке ашыруу максатыбыз бар”,- дейт Кызыл-Кыя шаарынын баш имам хатиби Мукаддас ажы Кожониязов.
“ЮТС” телеканалында “Дин жана Инсан” теберүүсүн эфирге даярдаган Азат Айткуловдун айтымында бул программа ал телеканалга кызмат ордуна келгенге чейин эле эфирге чагылдырылып келген. Албетте коомчулук күтүп көргөн маанилүү, пайдалуу телеберүү деп эсептейм,- дейт өз сөзүндө.
Ал эми “Дин жана Инсан” телеберүүсүнөн сырткары Кызыл-Кыя шаардык хатибиятынын жаңылыктарын коомчулуктун көнүлүнө жеткирүүдө ЮТС телеканалы жакындан кызматташып келет.

Маалымат: Баткен облустук мусулмандар казыятынын маалымат кызматы

 


January 09, 2016 at 01:35PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Оо, аялдар жамаатты карагыла,
Жакшы-жаман амалдарды байкагыла.
Оозуңарды жаман сөздөн тыя албай,
Күйөөңөрдүн каргышына калбагыла!

Силер барда үйдүн ичи шаңга толот,
Силер барда үй-бүлөбүз жарык болот.
Шаңга бөлөп, жарык кылып жүрсөңөр,
Жакшы амалдын акырети Бейиш болот.

Бирок билгин, аял заты бур көңүлдү!
Каргабагын, жаман көрбө күйөөңдү!
Жарым жаның, үй-бүлөңдүн башчысына,
Күлүп карап, жылытып кой жүрөгүңдү!

Күйөөң иштен чарчап келген убакта,
Тосуп алгын, жаркыраган маанайда,
Кабак бүркөп түшүрбөгүн маанайын,
Күлүп-жайнап тосуп алгын ар дайым!

Сен күйөөңө Жараткандан аманатсын,
Муз жүрөктү ээритип, жылытаарсын.
Жаман болсо, туура жолго баштоочу,
Жаманды да, жакшы адам кыларсың!

Намаз окуп, жакшы амалдар жасабасаң,
Күйөөң келсе , оозуңду ачып, каргап турсаң,
Билип койгун намаздарын кабыл болбойт,
Кеч болсо да ыраазылыгын ала албасаң!

Бар нерсеге ыраазы болуп турбасаңар,
Дүйнөбүздөй дүнүйөгө тойбойсуңар!
Намаз окуп жүрбөсөңөр таза жолдо,
Анда силер ыйман даамын татпайсыңар!

”Кетип калды, ал аялга, бул аялга,
Жыргатпады эмне кылды балдарына?”
-дейсиң дагы, жүрөгүңдү муздатасын,
Эмне кылдың, дэги өзү жолдошуңа?!

Мындай келген хадисинде Пайгамбардын:
“Көпчүлүгү тозокто” дейт аялдардын.
Таң калыша сахаабалар сураганда,
Айтып берди аялдардын каргаганын!

Аялына жаман сүйлөп, таарынтпаса,
Күйөөсүнүн бир жаманын байкап калса,
”Өмүр бою бир жакшылык көрбөдүм”-дейт,
Акырети тозок болот , чанып жатса!

Көп баланы төрөп берүү милдетин,
Жолдошуңа ар дайым сен башыңды ийгин,
Капа болуп, урушса да жолдошуң,
Сөзүн угуп,сыйлап, ага күлүп киргин.

Динчил аял күйөөсүнүн билет баркын .
Дин аялды күйөөсунө кылат жакын,
Жакшы-жаман күндөргө да сабыр кылып,
Бактылуусу, татыктуусу болот анын!

Оо, Аялдар! Болбосоңор шарияттын өкүмүндө!
Анда ыйлап , бактым жок деп сен өкүнбө!
Чын бакытты издеп көргүн Исламдан,
Мына ошондо өкүнбөйсүң сен өмүрдө!

Азгырылба жаман жолдо жүрбөгүн!
Тообо кылгын, шайтан жолго түшпөгүн!
Азгырылып, сен шайтандын торуна!
Ажал жетсе, тозок отто күйбөгүн!

Автор: БүбүМарьям Ибрагимова.
© БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ


January 09, 2016 at 11:54AM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

-Баш кошконубузга 6 жыл болду. Балалуу болбодук. Догдурга барсак, күйөөмдүн проценти аз экен. Билдирбей башкадан төрөп алсам күнөө болобу? Жалал-Абад, Айжамал

-Бул кечирилгич күнөөлөрдөн болуп эсептелет. Андай кылбаңыз. Бала зынадан төрөлүп калып, баланын тагдырына балта чабат. Алла Таала кимге кааласа бала берет, кааласа эгиз кылып берет, бербей да коюшу мүмкүн. Тагдырга бой сунууга туура келет. Кудайдан сураныңыздар. Медициналык жактан текшерилип, айыгуунун аракетин кылыңыздар.

-Каза болгон орозону сөзсүз кармаш керекпи? Мен намаз, орозону 33 жаштан баштадым. Азыр жашым 47де. Балагатка 15 жашымда жеттим. Канча жыл орозо кармашым керек, эсептеп бериңизчи. 077891…

-Орозо, намаз биздин акыретке чейинки карызыбыз. Аткарып калышыбыз керек. 18 жылдын орозосун кармап беришиңиз керек экен. Каалаган убакта тутуп берсеңиз болот.

-Каза намазын окуп бүтмөйүнчө сүннөт, нафил намаздар кабыл болбойт деген чынбы? 077891…

-Кабыл болот же болбойт деген түшүнүк жок. Биринчи каза намаздарды окугандан кийин нафил намаздарды окусаңыз болот. Себеби нафил ыктыярдуу, карыз намазды окуу милдет.

-Дауд а.с.дын орозосун кармаганга ниет кылдым. Сообу кандай? Же биринчи кармабай калган орозолорумдан кутулайынбы? 

-Биринчи карыз орозолоруңузду тутуп берсеңиз жакшы болот. Дауд алейхисалам бир күн орозо кармап, бир күн орозо кармабай жүргөн адам болгон. Мунун сообу чоң.

-Киоскам бир жылда 3-4 жолу тонолду. Жанындагы мекемени кайтарган күзөтчү балдар тоногонун сезип турам. Милиция таба албайбыз деп койду. Мен балдарга барып бир ооз эскертейин, болбосо Аллахка дуба кылайын. 077891…

-Туура эле кыласыз. Кудайга жакпаган иш, мындай жаман иштен кайткыла дегендей эскертүү айтып коюңуз. Болбосо Кудайга салыңыз.

-Китепти карап намаз окуса бузулабы? Каза намазды кантип чогуу окуйт?

-Тезирээк жаттаганга аракет кылуу керек. Улам жаттаганын кошуп окуп турса болот. Намаздар качантан бери каза болгонун билбей калган болсоңуз каза намазды окуп баштаган күндү жазып коюп, күн сайын бир күндүк намаздын казасын толук бүтүрүп, ар бир намазда “эң алгачкы намаздын казасын окуганга ниет кылдым” деп окулат. Чогултуп окуп койсоңуз да болот.

-Жашым 48де. Жолдошум мага намазга жыгылганга уруксат бербей жатат. Өзү күндө даарат алат, ниет коёт. Мен болсо күндө зикир чалам. Сизди сыйлаган Шайыр

-Алла Тааланын ибадатынан тыйганга эч кимдин акысы жок. Күйөөңүздөн сурабай эле окуй берсеңиз болот. Ал тосо турган болсо кыяматта эки адамдын күнөөсүнө жооп берип калат. Китептерди алып окуп, тезирээк намаздарды баштаңыздар.

-Сүрөткө түшсө акыретте катуу жоопко тартылат деп укканмын. Бул сөздү пайгамбарыбыздын сүннөтү менен жашаган устазымдан укканмын. Телевизор дагы көрбөйт. Мусулман пенде биринчи акыретке даярданышы керек го. 077059…

-Пайгамбарыбыздын сүннөттөрүнө баш ийип жашоону Алла Таала баарыбызга насип кылсын. Зарылчылык болгондо сүрөткө түшсө болот. Ал эми адамдын сүрөтүн колдо тартууга хадисте тыюу салынган.

-Жолдошум каза болгонуна 7 жыл болду. Ошондон бери бир адам менен байланышта болуп жүрөм. Никебиз жок. Анын аялы, балдары бар. Канткенде күнөөлүү болбой калабыз? Гуля

-Бул зына эсептелет. Чоң күнөө. Тездик менен Кудайдан кечирим сурап, мындай жолго барбаңыздар. Мүмкүн болсо нике кыйдырып алыңыздар.

-4 жылдан бери апам ооруйт. Бир бөйрөгү жок. Быйыл тынбай дары, укол алып жатат. Бирөөлөр бакшыларга караткыла дешет. Молдолорго окутсак болобу? 077387…

-Бакшыларга таптакыр жолобогула! Кудайдан калбаңыздар. Күндө берип жаткан дары-дармегин колдоно бериңиздер. Молдолорго дем салдырып койсоңуздар болот. Бул пайда болот, эч зыяны жок.

-Менин курбу кыздарым жахаба деген уюмга кирип кетишкен. Аларга туура эмес экенин айтсам, мага Насип сүрөсүндө адашкандар (мусулмандарды) Тоорат, Инжилге кайрылгыла деп жазылган деди. Мен аны Кураны-керимден таппадым. Кандай жардам берсек болот? Жахаба жөнүндө маалымат бере аласызбы? 077771…

-Бул адамдар ойлоп тапкан дин. Буга ишенгендер каапыр болот. Кудайга салып коюңуз, Кудай өзү ыйман берсин. Негизинен алар дин издегендер эмес, акча талап кылгандар. Баргандарга акча төлөйт, тамак, ун, буудай берет. Аларга түшүндүрүүнүн аракетин кылбай эле коюңуз.

-Мен аялыма үч талак бердим. Кайра жарашуу үчүн аялым бир киши менен жатышы керекпи? 055225…

-Бир киши менен жатышы керек эмес, башка киши менен толук кандуу никеге турушу керек. Эгер аны менен да турмушу тайкы болуп, ажырашып кетсе, арадан 3 ай өткөн болсо, анан экөөңөр кайрадан нике кыйдырып жарашып алышыңар мүмкүн. Жөн эле бирөө менен жатып чыга калып, кыска убакыттын ичинде кайра күйөөсүнө келип ала тургандай оңой нерсе эмес. 3 талак алган аялдын күйөөсү менен жашаганга укугу калбай калат.

-Намаз окуганда оюм кыздарда болуп калат. Ошондо намазым бузулбайбы? 055225…

-Намаз окуганда кыздарды ойлоо туура эмес. Мындай намаз кемчилик менен намаз деп эсептелиши мүмкүн. Намазды Кудай үчүн, берилип окуш керек. Алла мени көрүп турат, угуп турат деген сезим менен окуш керек.

-Күйөөсүнүн, туугандарынын жаман жактарын айтса күнөө болобу? +770516…

-Ушактаган болсо, күнөө болот. Негизи адамдардын кемчиликтерин өзүнө айтып эле оңдогон жакшы.

-Шам намаздын казасы куптанга чейинби же андан кийин окулабы? Тойчу

-Каза намаздын убактысы белгиленген эмес. Макүрү эмес убакыттардан башка убакта окуй берсе болот.

-Намаз окуп бүткөндөн кийин жер бетиндеги пенденин баарына тынчтык, ж.б. тилеп, акырында өзүнө сурайбы? Душманды эмне деш керек? +770516…

-Баардык мусулмандарга жакшылык тилеп, анан өзүнө да тилесе – бул дубанын адеби болуп эсептелет. Душманга ыйман тилеш керек. Душмандан бизди коргогун деп тилеш керек.

-Өзбекстан жараны болуп Ислам институтунда окуса болобу? Эгер болсо жардам бере аласызбы? 

-Кыргызстан Ислам университетине кайрылып көрсөңүздөр болот. Алардын шарттарын өздөрүнөн кеңири сурап аласыз.

-Куйкаланып союлган кой, эчкинин эти арам болобу? 077226…

-Эгерде башында “Бисмиллахи аллоху акбар!” деп бычак тартып, сойгон болсо адал болот. Ал эми ушинтип союлган жандыкты куйкалап бышырганга карата көрсөтмө жок. Таппай жатам.

-Намаз окубай, орозо тутпай каза болсо 5-10 жыл болсо да каза болгонуна фидия бериш керекпи? Жылына канча берет? +770516…

-Картайып, оорулуу болуп калган карыялар кармай албай калган орозолоруна фидия беришет. Ал эми жаш болуп туруп орозону каза кылган болсо казасын кармап берет.

-Аср намазын шам намаздын убактысы келгенче окусак болобу? Рангүл

-Аср намазын күн батып кеткенге чейин окуп алса боло берет.

-Шариятта процентке акча алуу болбойт дешет. Мен үйүмдү ипотекага алгам. Ал кандай? 077880…

-Ипотеканын да шарттарын карап көрүш керек. Берген акчаны үстөгү (проценти) менен алса арам болуп калат. Кайсы бир буюмду сатып карызга бир канча жылга бөлүп берген болсо дурус болот.

-Мусулман айынын календарын түшүндүрүп бериңизчи. 077047…

-Айдын чыгуусу жана батуусу боюнча эсептелет. Ай календары боюнча биринчи түн келет. Ай 29 күн же 30 күн болот. 28 же 31 болбойт.

-Исламда кыз-жигит болуп жүрүү жок экен. А менин жигитим бар. Аны менен кучакташып, өбүшкөм. Күнөөмдү кантип жууйм? 055891…

-Мындан кийин кыз-жигит болуп жүрбөңүз. Нике кыйдырып алгыла. Намаз окуңуз, Кудайдан кечирим сураңыз. Кайра андай жолго барбаңыз. Иншаллах Кудай кечирет.

-Кызымдын аты Тахмина. Өзгөрт, мааниси жок деп айтып жатышат. Тынчсызданып жатам. +770286…

-Аттын мааниси жаман болбосо өзгөртүүнүн кажети жок.

-Жолдошум акыркы убакта аябай өзгөрүп кетти. Түндөп-күндөп эле достору менен ичип жоголуп кетет. Келгенде сурасам уруш чыгат. Эртеси да бири-бирин чакырышып, улантышат. Досторунун аялдары мага “сенин күйөөң балдарды саунага алып барып жүрөт экен” дешти. Ажырашып балдарымды жетим кылгым келбейт. Бирок ар кандай сөздөрдү угуп жүрөгүм ооруйт. Үй-бүлөмдү сактай аламбы же ажырашканыбыз оңбу? Ажырашсам балдарымдын убалы кимге? Канткенде күйөөмдүн жүрөгүнө ыйман кирет? Намаз окубайсызбы десем, убагы келгенде окуйм деп коёт. 077886…

-Дароо эле ажырашып кеткенге шашпаңыз. Туугандарына, дин кызматкерлерине кайрылып, кеңешип, ыйманга чакырганга аракет кылып көрүңүздөр. Алла ыйман берсин.

-Кыз киши башка эркек менен “Ассалому алейкум!” деп учурашса болобу? 077869…

-Болот.

-9 жашымдан бери намаз окуйм. Азыр 16дамын. Мага ылайык каякта, кандай медреселер бар? 077963…

-Ислам университетинде аялдар үчүн окуулар өтүлөт, Манас аба майданы жакта 20-хутор медресеси бар, Ошто да бар. Окууну бүтсөңүз, кабыл алуу мезгилинде тапшырып көрүңүз.

-Үйдө жалгыз мен намаз окуйм. Жолдошум, апам, атам такыр намазга жыгылышпайт. Жүрөк менен Кудай деш керек деп айтышат. Менин да ыйманым качып, көп каза кылчу болдум. Турмушка чыкканыма 6 жыл болот. Башымдан жоолук түшпөйт. Чачым аябай түшүп жатат. Атамдын көзүнчө үйдөн жоолукту чечсем болобу? Мен чач тарач болуп иштейм. Бул сооппу же күнөөбү? Жолдошумдун чачын мен алам. Болобу? Дааватка чыккым келет. Жолдошумду кыйнап алып чыксам кайын журтум жаман көрөт деп корком. Мажбурласам болобу? Айзада

-Намазды каза кылбаңыз, Алла хидаят берсин деп тилек кылыңыз. Атаңыздын көзүнчө жоолукту артка алып салынып алсаңыз болот. Чач тарач болсо болот. Күйөөңүздүн чачын алсаңыз болот. Албетте, дааватка чыксаңыз жакшы. Бирок, аны мажбурлоо жолу менен эмес, кызыктыруу жолу менен көндүрүңүз.

-Мага кайнагам аялы экөө аябай өч болуп, элге ушак таратышат. Кайнагам аялына болушуп, ата-энесин сөгүп тилдейт. Ушуга тескери дубалар барбы? Тажадык. 

-Шариятта эч кандай тескери дуба жок. Пайгамбарыбыздын хадистеринде “ким сага жамандык кылган болсо сен ага жакшылык кылгын” дейт. Кыргызда да “таш менен урганды аш менен ур” дейт. Жакшылык кыла бериңиз.

-3 рекет витир намазында Кунут дубасынын ордуна Куль дубасын окусам болобу? Жаттай албай жатам. 077116…

-Витир намазын Кунут дубасы менен окуш керек. Анын мааниси ушунда. Боло берет деп коюу шарияттын тартибин одоно бузгандык болуп калат. Жаттаганга аракет кылыңыз.

-Көп имамдар жооп бере алышпайт. Бизге Алла жөнөткөн Куран китеп улукпу же Алла берген ырыскы нан улукпу? 055115…

-Бул туура эмес суроо. Муну суроо кылып молдокелерге узатып келишет. Ар бир нерсе өз алдынча ыйык. Нанды Кудай ырыскы кылып берген, ошон үчүн ыйык. Куранды бизге атайын жашообузга көрсөтмө кылып, эреже кылып түшүргөн. Ошол жагынан ыйык болуп эсептелет. Дагы бир жагы, Куран макулук эмес, нан макулук. Нан Алла жараткан нерсе болсо, Куран Алланын затынан ажырап чыккан нерсе, макулук эмес. Ушул жагынан салыштырганда Куран улук болуп чыгат. Албетте, Куран китептин кагазы, сырты, сыя жазуулары макулук. Ал эми Курандын заты макулук эмес. Кайсыныкы улук деп сурагандын ордуна Курандын, нандын акыйкаты кандай, даражасы кандай деп сураса туурараак болот.

“Тамчы”


January 08, 2016 at 05:35PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


Жума күнү гусул кылуу (жуунуп тазалануу) керек, анткени пайгамбарыбыз (ﷺ); “Эгерде кимиңер жумага келчү болсоңор, гусул кылгыла”,- деп айткан. (Имам Бухарий жана Имам Муслим риваяты)
Уламалар жума күнкү гусулдун ваажиб же мустахаб экендигине түрдүүчө пикирлерди билдирип бирок, көпчүлүгү анын мустахаб экендигин айтышкан.
“Кахф” сүрөсүн окуу да мустахаб, пайгамбарыбыз (ﷺ); “Ким жума күнү “Кахф” сүрөсүн окуса, ал эки жума ортосунда ага нурдан да жарык болот”,- деп айткан. (Имам Хааким риваяты)
Хутба окулган учурдагы ваажиб болчу амалдар:
Сүйлөбөстөн унчукпай туруу.
Хутбада айтылган насааттарды баамдоого кызыгуу жана ал насааттардан пайдаланып, аларга амал кылууга ниет кылуу.
Сүйүктүү пайгамбарыбыз (ﷺ); “Жума күнү имам хутба окуп жаткан учурда өз шеригиңе “жым олтур”,- деп койсоң, анда ошол күнкү соопторуңду текке кетирген болосун”,- деп айтты. (Имам Бухарий жана Имам Муслим риваяты)

January 08, 2016 at 07:00AM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


"Ушул катты 20,10 адамга жиберсең, эртеси көрөсүн, жакшы нерсе болот, сөзсүз жибергин", деген каттар акыркы кезде социалдык тармактарда көп таралууда. Көпчүлүк адамдар ушундай каттарга ишенип, таратпасам жамандыка учурап калбайын, деген ишеним менен таратып жатышат. Кээ бирлери бактылуу болгум келет, тааныштарыма жиберип коёюнчу, эртеси кандай кубаныч күтөт болду экен мени, деп зээрикпестен жиберишет.

ДЭЭГЕЛЕ УШУНДАЙ КАТТАРГА ИШЕНСЕ БОЛОБУ❓

✅ Аллахка ыйман келтирип, Пайгамбар (ﷺ)ды элчи, деп күбөлүк берген инсан- мусулман бүт нерсе Аллахтын буйругу менен болооруна, жакшылык жамандык Аллах кааламайынча болбойт экендигине шексиз ишениш керек.

Ыйык Курани Каримде айтылат:
"... Мен озумо, Аллахтын каалоосу болмоюнча пайда да, зыян да алып келе албаймын. Эгер мен кайыпты билгенимде, чындыгында, озумо жакшылыктан кобойтмокмун. Жамандык мага тиймек эмес. Мен, чындыгында, ыйман келтирген элдер учун (Тозокту) эскертуучу жана (Бейишти) суйунчулоочумун...." (Аъраф сүрөсү: 188 аят)
♦ Жөнөкөй бир кат адамдын тагдырына пайда жана зыян алып келүүсү болбогон эле нерсе. Эгерде ушул нерсе чын болгондо, анда канчалаган кыйналып жүргөн адамдар үйлөрүндө олтуруп телефондон тааныштарына кат жиберип олтура беришмек.

⛔ Ушундай каттарга толук ишенүү менен адамдардын ыйманы зыянга учурап, ширкке кирип кетиши ыктымал.
Аллах каалабаса, ал адам миң жолу катты жиберсе да, бактылуу болбойт.

Ушул кат аркылуу, өзүмү зыянга учурата алам, деген түшүнүк ширкке алып барат ( Аллахка шерик кошуу).
Аллахтан гана болуучу жакшылык ,жамандыктарды башка нерселерден болот, деп коркуу- ширк болуп эсептелет. (Мисалы : алдынан өткөн мышыктан, чака кармаган адамдан ж.б.у.с.

☝ШИРК ЭҢ ЧОҢ КҮНӨӨЛӨРДҮН БИРИ.

Аллах Таала Куранда айтат:
"Аллах (ишенимде жана ибадатта) Өзүнө шерик кошкондорду кечирбейт, андан башкасын өзү каалаган пендеси үчүн кечирет". (Мааида: 72-аят)
❌Эгерде башка адамдарга жиберип коюп, ал адамдар ишенип алып, башкаларга таратып, алар да ишене турган болсо, биринчи жиберген адамга күнөөсү жазыла берет.

💬 Абу Хурайра (р.а) риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз (ﷺ) айткан:
"Туура жолго чакыруучу аны ээрчигендердей соопко ээ болуп, бирок алардын (б.а. ээрчигендердин) өздөрүнүн сообу кымынчалык да азайтылбайт. Ал эми адашууга чакыргандардын күнөөсү аны ээрчигендердин күнөөсүнчөлүк болуп, бирок алардын (ээрчигендердин) өздөрүнүн күнөөсү кымынчалык да кемитилбейт". (Муслим)
❌ Бул каттарда жалган маалыматтар да камтылган болот.
Көптөгөн улуу, белгилүү инсандар ушул катты жиберишип, ийгиликке жетишти, деген маалымат таралууда. Же Пайгамбарыбыз (ﷺ) айтты мынча адамга тарат, деп.

Пайгамбарыбыз (ﷺ) айтпаган сөздү, аны айтты, деп жазуу- чоң күнөө.
💬 Абу Хурайра (р.а.) риваят кылган хадисте келет Пайгамбарыбыз (ﷺ)
"Кимде ким атайын менин атымдан жалган айтса, тозоктон өзүнө орун камдай берсин".(Бухари. Муслим)

МЫНДАЙ КАТТАР КЕЛСЕ ЭМНЕ КЫЛЫШ КЕРЕК❔

Эгерде ушундай катты бирөө жиберсе, ал адамга эскертүү бериш керек, мындай каттарга ишенүү ,таратуу болбойт экендигин айтып.

📌 Кээ бир каттарда чыныгы болгон окуялар, маанилүү, пазилеттүү, жакшылыка үндөгөн маалыматтар да жазылышы мүмкүн, бирок аягына мынча адамга жибер, бир сааттын ичинде жакшылык болоорун көрөсүн, деп жазылган болсо, анда ошол "10 адамга жибер ", деген жерин өчүрүп, пайдалуу маалыматтын өзүн гана жиберсе болот (мынча адамга жибер дебестен).

✅ Эгерде билбестиктен жиберип жүргөн болсоңуздар мурда, тообо кылып (Аллахтан кечирим сурап), башка жибербегенге аракет кылыш керек.

☝ Ошондуктан урматтуу мусулман бир туугандар, убакытты кетирип, өзүңүзгө, жакындарыңызга пайда алып келбей, ыйманга зыян алып келүүчү нерсени таратпай, ишеничтүү, так маалыматтарды гана жибериңиздер!!!

© БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Нике молдонун мажбурлоосу менен эмес, баш кошкон эки жаштын ыктыярдуу түрдөгү макулдугу болгон учурда, алардын бул чечимине эки тараптан тең күбөлөр катышканда гана кыйылат. Ал эми дин кызматкери же башка нике кыйган адам баш кошкон жаштардын мындай чечимин шарятка ылайыктап, никелүү кылып коёт. Ошондуктан нике кыйган адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу туура эмес болуп калат. Мындай мыйзамды кабыл алуудан мурда аны коомдук талкууга коюп, маселенин оош-кыйыш жактарын жана коомдук абалды тактап алуу зарыл. Мындай пикирин “Кабар” агенттигине Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Фатва бөлүмүмнүн адиси Токтогазы уулу Бактыяр билдирди.

“Айрым депутаттар сунуш кылып жаткан никеге байланыштуу мыйзамды кабыл алуудан мурда аны коомдук талкуудан өткөрүү керек.
Ал эми айрым дин кызматкерлери акча үчүн 16 жаштагы жаштардын никесин кыйып жатат деген доомат да негизсиз. Той ээлери же баш кошкондор көңүлүнөн чыгарган ыраазычылыгын билдирет. Нике кыйылганда анча, мынча акча алат деген шарт жок”,- деди ал.
Айрым массалык маалымат каражаттарында КРнын ЖК депутаты Э. Жумалиева тарабынан сунушталып жаткан баш кошкондор расмий түрдө каттоодон (ЗАГС) өтпөй туруп нике кыйылбаш керектиги тууралуу мыйзам долбоору кызуу талкууланууда.

Эл өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча, азыр баш кошкондордун 13%ын 16-17 жашка чейинки кыздар түзөт жана алардын арасында ажырашуулар көп болуп жатат. Аталган мыйзам долбоору боюнча жашы 18ге толо электерге нике кыйган молдолорду 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жагы да каралган.

http://kabar.kg


January 07, 2016 at 09:41AM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Биз тамшанып ичкен Кока-Кола суусундугунун ден-соолукка зыян экендигин билип, бирок андан баш тарта албай келебиз. Баарынан да анын курамында кургатылган коңуздардан алынган боёк бар экенинин көпчүлүгү биле бербесе керек.   Биз бүгүн сөз кылчу аталган  суусундукту күнүмдүк турмушуңузда  тазалоочу каражат катары дагы колдонсоңуз болот. Анда   кененирээк сөз төмөндө.

 Кока-Кола кантип пайда болгон? 

Американын Джоржия штатындагы Атланта шаарында жашаган Джон Пембертон аттуу фармацевт 1886-жылы 8-майда өз алдынча өзгөчө сироп жасаган. Сироп даяр болгондон кийин өзүнүн эсепчисин  чакырып, жаңы ачылыш менен тең бөлүшкөн. Алгач муну фермер ойлоп таап, кийин ал рецепти Джон Ститке 250 долларга саткан деген уламыштар да бар. “Кока-Кола” деп жаңы суусундуктун аталышын эсепчи Пембертона — Фрэнк Робинсон ойлоп тапкан.  Сироп алгач таттуу жана коюу болгон. Алар заматта анын эмнеден жасалышын кагаз бетине түшүрүп коюшкан. Даяр болгон сиропту “Джейкобс” аттуу дарыканасына алып барышканда, алар сиропту газдалган суу менен аралаштырышкан. Алгач суусундукту көңүл чөккөндөргө каршы дары катары пайдаланышып, ал тургай кээ бири бул сиропту импотенциядан да айыктырат деген ишенимде болушкан. Күнүнө тогуз стакан Кока-Коладан өтүп олтуруп, дүйнө жүзүнө кеңири тарала баштаган. Кока-Кола жана көптөгөн ошол сымал суусундуктарды чыгарган ишканалардын түпкү штабы – Израиль өлкөсүндө экенин көпчүлүк биле бербесе керек.

Кока-Кола тамыры акырындык менен кенен жайылып  1894-жылы атайын бөтөлкөлөргө куюлуп сатыла баштаган.

1902-жылы АКШда «Кока-Кола» болуп көрбөгөндөй киреше таап, эң белгилүү суусундукка айланган.

Ал эми 1980-жылы  Кока-Коланы  Москва шаарындагы олимпиада оюндарында атайын ичүүчү суусундук катары көрүшкөн.

Кока-Коланын курамында эмне бар?

лолоАнын 90% газдалган суудан, кум шекерден, фосфор кислотасынан, кофеинден, кола жаңгагынан турса, 1% табышмактуу “Мерхандиз-7″аттуу химикалык зат болгон. Анын эмнеден турган зат экендигин, ошол жерде иштеген 10 киши гана билген. 1902- жылдан тартып, коом суусундуктун курамында кокаиндин бар экендигин түшүнгөн соң, заматта массалык – маалымат каражаттарында Кока -Кола компаниясын каралаган сөздөр жаай баштаган. Ал эми 1903- жылдан тартып коланы кургатылган жалбырактан жасай башташкан. Анткени, анын курамында наркотик жок болчу.

Бирок, кокаиндин таасири ашыкча болгондуктан, анын ордун башка химикаттар ээлеген. Мындай  ден-соолукка пайдасыз суюктукта 0,33 миллилитринде максималдуу күнүмдүк канттын дозалары бар. Башкача айтканда  1 литрине 30 кашык шекер кошулат. Кээ бир адамдар бул суусундукту ичкен соң дагы талап кылып калышат да, бир күндѳ бир канча литр ичишет, анан денелери ѳзгѳрѳ баштайт. Канттан башка Кoкa-Кoлaнын ичине боёк колери (Е 150), кармазин (азорубин) (Е 122), ортофосфор кислотасы (Е 338), кофеин, жыт берүүчү заттар кошулат. Башка заттарды айтышпайт жана жазылбайт. Кoкa-Кoлaны ичкенден кийин кѳңүл айлантаары талашсыз.  Бирок фосфор кислотасы ага  жол бербейт. 20 мүнөттөн кийин канча инсулин кѳп түшѳт. Кийин боор кантты майга айлантат. Бир саат ѳткѳндѳн соң, фосфор кислотасы метаболизмди күчѳтѳт. Ажатканага киргенде Кoкa-Кoлa адамдын сѳѳктѳрүнѳн бүт кальцийди, магний, цинк, натрий менен сууну жууп, алып чыгат. Бул керектүү кальцийлер жок болгондон кийин адам чарчап, уйкусу келе баштайт. Мына ошентип организм Кoкa-Кoлaны дагы талап кылат.

Медицинада 

Америкалык журналист Рич Бахлер илимий фактылар жана эксперименттер менен Кока- Коланын ден-соолукка зыян экендигин даңазалаган. Абдан газдалган суусундуктарды, тактап айтканда: Кока-Кола, Спрайт, Фанта жана башка дагы   ичеги- карыны ооруган адамдарга колдонууга врачтар катуу тыюу салган. Анткени, анын курамында фосфор кислотасы бар, ал организмди кальцийдин жетишсиздигине алып келет да, ашказандын зилин көбөйтөт. Ашказанда жара пайда болуп, гастрит же зарна болот.  Анын курамында газ, боёк химикаттар болгондуктан, ден-соолукка абдан зыян. Ошондой эле коланы көп ичкен эркек импотенттикке, аял тукумсуздукка кабылаарын медиктер далилдешкен.

“Кока – Кола”  жөнүндө кызыктар

coca-colaБул компания менен Турциядагы ишкананын жетекчилери суусундукта эмненин курамы бар, кантип жасалаарын такып сурашкан. Эки ишкананын талаш- тартышы үч жылга жакын созулуп, жыйынтыгында “Кока – Кола” компаниясы салт боюнча сактап келген сырын ачууга аргасыз болушкан. Көрсө көрүнгөндү кызыктырган суусундукка ар кандай боёктордон тышкары курт-кумурскалардын да кошулмасы бар экен. Мындан тышкары “Пепси – Кола” суусундугу тууралуу да ушундай маалыматтар кеңири тараган, ал тургай Пепси кантип даярдалаарын компаниянын ичинен эки адам гана билишет. Кошинелдин боёгу такыр эле зыянсыз, коланы боёгондон тышкары кармин менен ар кандай таттуу азык-түлүктөрдү боёгонго колдонушат. “Бул кармин боёгу ден-соолукка такыр зыяны жок” дешет компаниянын жетекчилери. Ошентсе да бул белгилүү суусундуктун даражасы күндөн-күнгө төмөндөп бара жатканын эч ким тана албаса керек. Ал эми Кока-Кола суусундугуна бир кесим чийки этти салып койсо, аны 3-4 саатта эле иритип жиберишине ашпоздор күбө болушкан.

Эгерде Кока-Кола чыгарылган күндөн баштап чогултуп, жер шарында жашаган ар бир адамга таратып чыкса, бир адамга 767 бөтөлкө туура келет.

Эгер ушул күнгө чейин чыгарылганын Кока-Коланы атайын бассейнге куйса, узундугу 33 километрди, тереңдиги 180 метрди түзөт. Бир эле учурда бул бассейинге 512 миллион адам батат.

Кока-Кола деген эң чоң логотип Чилинин Арика шаарында жайгашкан. Белгинин бийиктиги 40 метр, туурасы 122 метр.

Бир секундда дүйнө жүзү боюнча 8000 стакан кола ичилет.

Коланы дүйнө жүзү боюнча эң көп колдонгон өлкө – Мексика менен Исландия.

Бир банка колада 140-150 килокалорий бар, бул 10 чай кашык кумшекерге барабар.

АКШнын көпчүлүк штатында МАИ кызматкерлери жанына дайыма эки-үч бөтөлкө кола суусундугун алып жүрөт. Анткени, кола канды жакшы кетиргендиктен, автокырсык болгондо канды дароо кола менен жууп салышат.

Кока- кола эмнеге пайдалуу?загружено (3)

Кока-Коланы тазалоочу каражат катары колдонушат. Муну буга чейин деле угуп жүрсөңүз керек. Кока- Кола ал авто унаа лардын моторлорун, трубкаларды, раковинаны, унитаздарды жана идиш- аяктарды тазалоого жакшы жардам берет.

  - Эгерде раковинаны тазалайм десеңиз, коланын бир литрин куюп бир саат коюп коюңуз да, андан кийин жууп салыңыз.
Кока-коланын курамындагы фосфор кислотасы Ее рН ге барабар. Эгерде тырмагыңызды сүртсөңүз, 4 күндөн кийин жумшара түшөт.
Дестибюторлор жыйырма жылдан бери жүк ташуучу машинанын моторун Кока-Кола менен тазалап келишет.
Дат баскан вольтту Кока-Кола менен тазалашат.
Карарып кеткен саатыңызды, кола менен сүртсөңүз агарып калганын байкайсыз.  Ошондой эле америкалыктар абдан кир болгон кийимдерди кир жуугуч машинага айна менен бирге коланы куюп жууп тазалашат экен.

Булак:Каганат


January 06, 2016 at 04:16PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Башкаларды сындагандан көрө аларды түшүнгөнгө аракет кылалы. Алардын каалоолоруна конок берели. өз ара түшүнүүчүлүк, жагымдуу маанай, адамдык мамиле курулай сындан алда канча пайдалуу. «Билүү – бул кечирүү». Доктор Жоннсон «жадагалса, Жараткан Кудай дагы адам о дүйнөгө кеткенге чейин жазалабай тургандыгын» баса белгилеген. Түркөй адамдар гана башкаларды айыптоону өнөр катары ташып жүрүшөт. Ал эми балдарды ыксыз жекирүү – адамдыгы жолго коюлбаган башы кара, буту айрынын иши. Чыныгы ата – өрнөктүү ата экендигин унутпасак!.. (Дейл Карнеги)

Сөзүмө кулак сал, уулум! Буларды сен мемиреп терең уйкуда жаткан кезде айтып жатам. Болпойгон колдоруңду жаагыңа коюп, жыбылжып тердеп турасың. Бөлмөңө бир ууру сыяктуу байкатпай кирип келдим. Бир канча мүнөт мурда китепканада гезит окуп отуруп, өз айбандыгымды байкап, кайгым кара тумандап, дем алдырбай муунткан бир толкун сыяктуу жандүйнөмдү арбап алды. Бир күнөөкөр өңдүү сенин жаныңа келдим. Эмнелерди гана ойлонбодум дейсиң, уулум?

Эртең менен эртелеп эле сага ачууландым… Мектепке баруу үчүн кийинип жатканыңда, сени жүйөөсүз себептер менен урушуп кемсинттим. Анткени, бетиңди чала аарчыптырсың. Бут кийимдериңдин кир болгонун көрг өнүмдө, катуу жекирип тазалаттырдым. Буюмдарыңдын жерде чачылып жатканын көргөнүмдө, каным кайнап, сага кыйкырдым. Тамактанып атканда, күкүмдөрдү түшүрүп, чайды төгүп алгандыгың үчүн жана дагы бир жекирдим. Ансайын сенин мага ызаланып, жандүйнөңдүн куурулуп аткандыгын уруп ойнободум. Мен шашылып жумушка баратканда, сен досторуң менен ойноп жүрүптүрсүң. Мага карап: «Жакшы барыңыз, атаке!» – деп кол булгаладың. Мен болсо кабагымды чытып, ооз ачканга да жарабадым.

Кечкисин үйдөгү маанай дагы эле супсак эле. үйгө келатсам, досторуң менен чуркап ойноп жүрүптүрсүң. Бутуңдагы кымбат баалуу байпагыңдын жыртылганын көрүп, досторуңдун алдында аябай кемсинттим, жемеледим.

Ойлончу уулум, буларды сага атакең айтып жатат. Эстедиңби? Андан кийин башыңды жерге салып, сабак даярдоочу бөлмөңө жөнөдүң. Көздөрүңдүн жалыны өчүп, өңүң купкуу эле. Артыңдан кирип, сени теше тиктегенимде, сен чыгып кетүүгө шашылдың. «Эмне болду, токтогун?!» – деп кыйкырдым. Эч нерсе айтпастан, жаныма келип мойнумдан кучактап, өөп, ыйлап жибердиң. өпкөң көөп ыйлап, эшикти көздөй чуркап чыгып кеттиң. Колумда турган китебиң жерге түшүп кеткенин да байкабай калыптырмын. Мага эмне болду?.. Сенин кемчиликтериң гана көзүмө көрүнөт. Атайылап издегендеймин… Ата сөрөй катары мен сени сүйбөгөндүгүмдөн эмес, өтө эле көп нерсе күткөндүгүмдөн ошондой болуп жаткандыгын байкадым. Мен сени өз доорумдун талаптарына ылайык көрүп атканымды эми гана байкадым. Көрсө, сенин дооруңдун талабы таптакыр башка турбайбы?! Болбосо, сенин жакшы жактарың абдан көп. Жүрөгүң таза. Менин сага кыйкырганыма карабай, келип кучактап өпкөнүң мунун далили. Бул түнү мен буга чейин кетирген акмакчылыктарымды сезип, төшөгүңдүн жанында тизе бүгүп, уялып отурам. Буларды сен ойгоо кезде айтып түшүндүрө албайм. Бирок, эртең ден баштап татыктуу, сен сыймыктанган, өрнөгү менен тарбиялаган, жароокер ата болууга ниеттенип, өзүмө сөз бердим. Сени менен жакшы нерселер жөнүндө сүйлөшүп, ойноп, кубансаң кубанам. Оозумдан жаман сөздөр чыгарда, тилимди тиштейм. Сенин жаш бала экениң, улууларды көрүп калыптана тургандыгың анык эмеспи… Кечээ эле апакеңдин боорунда жаткан наристе элең. Башыңды ага жөлөп, мемиреп уктаган мезгилдериң көз алдымда.

Сейитбек Идирисов


January 06, 2016 at 10:33AM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

1.Жолдошум мен келгенде эле оорукчан болчу экен. Кийин кайненем, баламдын оорусуна сен себеп болдуң деп айта баштады. Талак сурасам болобу, мен күнөөкөр болдумбу? (Бул суроо кыскартылды. Бирок устаз толугу менен окуду)

Жооп: Урматтуу бир тууганым! Бул жерде сенин күнөөң жок. Эч кандай кыжалат болбо! Сен да адам сыяктуу жашоого, бактылуу болууга укуктуусуң. Эмне үчүн башка бирөө оорулуу болсо сен да оорулуу болушуң керек? Ушунча кылганыңа ыраазы болсо болмок. Сенин күйөөңдөй мамиле кылбаса, талак сураганга укугуң бар. Ал психикасына доо кеткен инсан катары, сага да зыян жеткирип коюусу ыктымал эмеспи? Ата-энеңе баарын айтып бер! Алар сага жакшылык гана каалашат. Кудай Таалам бактылуулук насип этсин.

  1. Аял киши гусул алганда чачын толук жууйбу же масх тартып койсо болобу?

Жооп: Эгерде, шариаттык иш болгондо, аялдын чачы өрүлүү болсо, ошол бойдон гусул алганга чейин чачынын өрүмү жазылбаса, анда гусул алган учурда аял киши башынын терисине толук суу жеткирип, калган чачына суу жеткирбей койсо жарай берет. Жөн гана сыртынан масх тартып, сылап коёт.

  1. Жолдошум каза болгон, ортодо балабыз жок. Каза болгондо талагы түшөт деп уктум. Акыретте акыркы никедеги жолдошу менен болот дейт, ушул туурабы? Жолдошум “аял кишинин башы бош болбош керек” деп айтчу. Башка менен турмуш кургум келбейт. Башым бош, турмушка чыкпай өтсөм күнөө эмеспи?

Жооп: Күйөөсү өлгөн аял төрт ай, он күндөн кийин башы толук ачылып, бошойт. Башкага турмушка чыга алат. А эгер, боюнда болсо, төрөөрү менен башы ачылат. Бирден ашык турмушка чыккан аялзаты, акыретте кулк-мүнөзү эң жакшысы менен бирге болот.

Жалгыздык жалгыз Жаратканга гана жарашкандыктан, пенделери колдон келишинче никелүү болгону жакшыраак. Бирок, милдеттүү эмес. Көңүлүңүз тартпаса, же мойнуңуз жар бербесе, жалгыз жашаганыңыз деле макул. Ылайыгы чыгып калса, ойлонуп көрсөңүз, андан бетер жакшы болот.

  1. Устаз, Москвага качан келесиз? Бизге да зыярат кылып кетиңиз. Москва, аты белгисиз!

Жооп: Москвага 23-январда келем, насип болсо. Мен келген жерге келип, өзүңөрдү зыярат кылдыртып кеткиле, макулбу?!

  1. Көз тийүү (Кирене кирүү) боюнча айтып бересизби. Анын белгилери кандай? Адамды киренелөө туурабы?

Жооп: Көз тийүү акыйкат. Пайгамбарыбыз алайхис салам бул жөнүндө өз хадисинде айткан. Кирене кирүү да көз тийүүнүн бир формасы. Колунда эми бар адамдар киренелеп койсо жакшы болот. Динге каршы келбейт. Киренелөө – кирене кирген адамдын жакшы болуп кетүүсүн Кудайдан тилеп, дуба кылып, колу менен адамды сылагылап, жоюп-укалоо. Пайгамбарыбыз алайхис салам да Айша энекебиз ооруп калган учурда, колун башына коюп, дуба айтып дем салып берген. Мааниси, кирене жойгондордун тилектерине үндөшөт.

  1. Мен көп жылдан бери ыйман жолундамын, Жолдошума да ыйманына карап, турмушка чыккам. Жолдошум намаз окуйт, орозо кармайт, мен тааныгандан бери жамаатта. Азыр 4 балабыз бар. Жолдошум классташтары менен Whatsappтан группа ачып алып, күндө жазышып турат. Классташтарынын көбү кыздар. Жазында 20 жылдыкка чогулганы жатышат. Ушу маселе боюнча кеңири жооп берип коёсузбу? Ушул кылганы туурабы?

Жооп: Сиздин кызганганыңыз туура! Аял кишилер менен жөн эле сүйлөшө берүү туура эмес. Сиз да эркек классташтарыңыз, группалаштарыңыз менен ошентип сүйлөшсөңүз, эмне дейт болду экен? Ошондой эле, анын классташтарынын да күйөөлөрү бар. Мусулман эркек аялзат менен достошпойт. Алар менен шариаттын чегинде гана мамиледе болот. Аларга урмат-сый көрсөтөт.

  1. Бала төрөлгөнүнө 40 күн болгондо, кыркын чыгарган салтыбыз бар го, 40 токоч, 40 кашык сууга жуунтуу сыяктуу. Ошолор шариатыбызга туура келеби?

Жооп: Баланын кыркын чыгаруу деген сөз жок шариатта. Ошол баланы төрөгөн аялдын кыркын чыгаруу деген бар. Ныфас мөөнөтү бүткөндөн кийин, гусул алып жуунат. Ныфас мөөнөтүнүн эң көбү – кырк күн.

  1. Арак кошулган коланы байкабай ичип алса эмне болот, күнөө болбойбу? Ысык -Көл, Нурсултан.

Жоок: Адашкандын айбы жок, кайтып үйрүн тапкан соң…

  1. Кошунам экөөбүз бири-бирибизди түшүнө албай урушуп кеттик. Жаман сөздөрү менен көңүлүмдү катуу оорутту. Күйөөмө айтсам, өзүң күнөөлүүсүң деп урушат. Кыйын учурда мени колдобойт. Биздин 3 балабыз бар. Кээде буулугуп ыйлайм. Кеңешиңизди бериңиз, устаз?

Жооп: Жакшы күйөөң бар экен. Антпесе, сен элдин баары менен урушуп кетип жүрбө?! Сени менен чогуу жашап, бир жаздыкка баш койгону сени колдогону болот. Эри бар аял эмнеге буулугуп ыйлаш керек? Сен каткырып күл. Жыргап жаша. Намазды калтырбай оку. Эриңди сүй. Сүйбөсөң да сүй. Сүйүү менен жашоо – бактылуу жашоо.

  1. Мен Москвада ОМОНдо иштейм. Бизге ар кандай буйруктар келет. Аларды аткарсак, күнөөсү кимге болот. Кээде барып урушту токтотсок, кээде атып салабыз дегендей. Москва, Муси.

Жооп: Урушту токтоткон туура. Атып салууга келгенде карап көр. Алар мусулман эмес мамлекет болгондон кийин, кээде жөндөн-жөн эле мусулмандарды ата берүүсү да мүмкүн. Ал учурда огуңду бошко ат.

  1. Мен намаздын рекеттерин жакшы билбейм. Алмаштырып, адашып окуп алам. Күнөө болбойбу? Мен көп күнөө кылгам, ал күнөөлөрүмдөн кандай кутулсам болот? Москва, Муси.

Жооп: Алмаштырып, адашып окуп алганың күнөө эмес, атайылап жасап жатпагандан кийин. Акырындык менен оңдой бер! Күнөөлөргө тооба кыл. Адамдардын көңүлүн оорутсаң, же акысына кирип кеткен болсоң, алардын алдынан өт, кечирим сура!

  1. Никаб кийүү аял кишиге парзбы? Кийбесе күнөө болобу? Кененирээк түшүндүрүп бересизби? Москва, Алтынбек.

Жооп: Никаб кийүү сүннөт болуп эсептелет. Кийбесе күнөөкөр болбойт. Никаб кийүү адатка айланган жерлерде кийинүү сүннөт болот. Никаб – аялдын көзүнөн башка жерин жаба турган жүзгө тартылчу көшөгө.

13.Эркек киши имам матруди акыйдасын карманса,аялы салафи акыйдасында болсо, эркек киши Алла астында жооп береби? Москва, Исраил.

Жооп: Аялына туура акыйданы үйрөтүү эркекке милдеттүү. Ошол туурасындагы жакшы китептерди аялына алып берүү керек. Туура эмес акыйдадагы жамааттардын сабактарына баруусуна тыюу салуу зарыл.

  1. Келинчегим экөөбуз жашаганыбызга 3ай болгон. Мен жумушта кезде, апасы менен урушуп, өлөм деп коркутуптур. Урушуп койсом, үйдөн качып башка бала менен кетип калыптыр. Эртеси таптык. Кайра жашайлы деп, кечирим сурап жатат. Эмне кылышымды билбей жатам, устаз. Токмок, Жоомарт.

Жооп: Кабыргаң менен кеңеш. Кокус аны менен жашай турган болсоң, ал тиги менен чогуу болгон болсо, бир айыз мөөнөт өткөнгө чейин, аны менен төшөктө чогуу болгонго болбойт. Бир айыз болгондон кийин, боюнда жоктугу аныкталса, кайра чогуу жашаганга болот. Эгерде тигинден боюна болуп калса, аны төрөгөндөн кийин гана чогуу жашоого болот.

  1. Мен азыркы учурда бир баланы өзүм тарбиялап жатам. Жалгыз бой жүргөнүм үчүн 2-аялдыкка колумду сурагандар болуп жатат. Никеге турганда ата энеге айтпай эле, аялына билдирбей алам дейт. Мен күнөөкөр болбоймунбу? Үй-бүлөсүн бузуп тиейин деген максатым жок.

Жооп: Аялына билдиргиси келбей жатса, демек, аялынан корккон эркек экен. Ошол эркек, кыңыр иш кырк жылдан кийин билинет деп, эртең билинип калса, сизди коргоого даярбы деген суроо туулат. Ата-энеге айтып никеге турсаңыз кадырлуу болосуз. Болбосо, ойноштой болуп жашыруун жашагандан жадап бүтөсүз. Көлөкөңүздөн коркуп, коёндой болуп жашайсыз!

  1. Биз үй-бүлөбүз менен Москвада турабыз. Кайнежем 4 баланын апасы. Жолдошу жол кырсыгынан каза тапкан. Өзү дин жолуна түшүп, жоолук салынып жашайт. Бир күнү дин жолунда жүргөн өзү курактуу мырза менен таанышып, экинчи жолугушууда никеге турат. Ата-энесине да айтпайт. Ал аялы менен ажырашкам деген экен, бирок, ажырашпаптыр. Бир жума жашагандан кийин “даватка кеттим” деп кеткен бойдон дайыны жок. Эжебиз кош бойлуу болуп калыптыр. Алдырайын деп акыреттеги сурактан коркот. Ичи чыга баштаганда бизге келди. 4 баласын бир туугандарынын, инисинин жардамы менен араң багат. Туула турган бөбөктү эмне кылыш керек? Айылга барайын десе шерменде болот. Эч ким көргөн да, билген да эмес. Азыр ал үчүн бала багуу аябай оор. Ошого карабай, ушул жерде багып, карайм дейт. Баланы төрөп, атасын таап берип койсо болобу, же эмне кылыш керек? Азыр 7 айдан өтүп калды. Москва, аты белгисиз.

Жооп: Ооба, атасын таап, баласын чапанынын өңүрүнө салып берсин! Же айылдагы эркектин ата-энесине алып барсын. Ошолор багууга милдеттүү. Кокустан ачкадан өлсө, баланын атасы күнөөкөр болот.

  1. Бала багып алганда аны эмизбесе, бала ошол үйгө наамахрам болуп калабы? Кененирээк маалымат берип коюңузчу?

Жооп: Ооба, ал бала ошол үйгө наамахрам болуп калат. Бирок, баккандыгы үчүн эбегейсиз соопторго ээ боло беришет. Бала чоңойгондо баккан энеси да анын алдында жоолукчан жүрүүгө милдеттүү болот.

18.Тоок эти боюнча суроо. Москвада бир цехте Биссмиллахир арохманир рохим, Аллаху акбар деп бир баскычты басуу менен бир канча тооктун жаны чыгарылат. Ошолорду адал деп сатып жатышат. Кэ бир адамдар ар бир тоокко Бисмилани айтып сойсоң гана адал болот дейт. Москва, Руслан.

Жооп: Бул маселеде жообум азырынча жок. Болгондо айтайын.

 

  1. Үй-бүлөбүз мене Орусияда турабыз. Эки балабыз бар. Ай сайын квартирага акча төлөйбүз. Кредит арам экенин билебиз. Өзүбүз намаз окуйбуз. Мен хижжап кием. Тапкан ырыскыларыбыз адал болсун деп аракет кылып жашап келебиз. Бир канча жылдан кийин үй өзүбүзгө калат экен деп ипотекага үй алдык. Тапкандарыбыз арам болуп калбайбы?Москва, Жазгул.

 

Жооп: Силердин шартта, силердин кылганыңар туура. Тапканыңар арам болбойт.  Залкар аалым Мустафа Заркаанын бул туурасында фатвасы бар.

  1. Чогуу иштегендер менен пикир алышып, жакындан таанышып, жакшы сөздөрдөн сүйлөп, адал тамактар менен, ичимдиксиз жаңы жыл тосуп олтурсак болобу? Бишкек, Эдил.

Жооп: Болбойт. Жаңы жыл тосуу мусулмандарга туура келбейт.

  1. Үйдөгүлөр мен каалаган кызды алып бербей койду. Мен болсо кызды ала качып үйлөнүп алгам. Аны менен жашаганыма 9 ай болду. 2 ай жашагандан кийин аябай көңүлүм калып калды. Таза эмес кыз экен. Мен ага “сени менен жашабайм” деп айтып салгам. Бул талак болуп эсептелеби? Бишкек, Миргазы.

Жооп: Ал сөзүңө талак түшпөйт. Эч качанды эч качан айтпа. Алган ээри жарашса, кара катын ак болот. Баккан ээси жарашса, күйпүл күчүк сак болот.

  1. Орусияда иштеген мусулмандар банктан процентке акча алып иштетсе болобу?

Жооп: Болот. Төлөөгө кудурети жетерин билип алса болот. Анткени ханафий мазхабы боюнча дааруль харбтагы (мусулман эмес өлкө) мусулман менен харбийдин ортосунда рибаа жүрбөйт.

http://saresep.kg/


January 05, 2016 at 11:05PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Үй-бүлөө, ата, эне, балалуу, чакалуу болуу ар бир эле инсандын бирден бир тилеги болсо керек. Аллах Таалам бул табиятта барын жуп-жуп кылып, өнүп-өнүгүүсүнө өбөлгө түзүп койду. Үй-бүлөнү биринчи мамлекет айтсак туура болот эле. Анткени үй-бүлөөдө тарбия мыйзамы катуу болсо, жакшы келечек муундарды тарбияланып чыкмак. Биздин балдарбыз жакшы тарбияланса гана, окууларын ийгиликтүү бүтүп, эл ишине жараган инсандардан болуп чыккандар көп болмок. “Баланы жашынан катынды башынан”деген макалыбыз эң туура айтылган.

 Тарбияны кандай берсе туура болот?

Тарбия биринчи ата-энеден башталат, ата-эненин тарбиясы кандай?  Аларга көз каранды “алма-алманын астына түшөт”, “Энесин көрүп кызын ал” дегендей алар кандай болсо балдар ошого карап тарбия алышат. Эгер балаңыз, кызыңыз сизди укпай, жаман жолдорго түшүп жатабы? Анда сиз өзүңүзгө караңыз, өзүңүздөн издеңиз катаны, үй-бүлөдө эмнелер болуп жатат? Эрди-катын ортосунда эмнелер болуп жатат? Балаңызга жакшы сөздөрдү айтып же болбосо бир көйгөйү тууралу сурап жатасызбы? Ал кимдер менен жүрөт, убагында тамактанып, убагында уктап, убагында окуусуна барып жатабы? Эмнелер менен алек, эмнелерге кызыгат? Билүү керек. Үй-бүлөдө тарбиянын жоопкерчилиги биринчи атага байланыштуу. “Ата сырткы тон, эне ички тон  “, атадан бала коркуу керек, коркутуу десе бир жолу эле уруп-согу дегендик эмес, туура жолду, туура максатты түшүндүрүп, өзүнүн үй-бүлөөлүк мыйзамы болуш керек, ушундай кылсаң туура болот, мындай кылса туура болбойт деген тыюулары менен тарбиялаш керек. Эң негизгиси ыймандан баштоо керек тарбияны, адеп-ахлак, сый-урмат, жакшылык кылуу, ата-эне, туугандар, улууларды сыйлоо, жоопкерчиликке бекем болуу ушуларды көп айтып үйрөтүү керек.  А эне балга өз мээрими менен руханий жактан, жакшы сөздөрү, жакшы тамагы, таза кийим-кечесине кароо менен тарбиясын берсе болот. Мына ушунда  гана мөмөңүздүн жемишин алган болот элеңиз.  Баланын жакшысы, ыймандуусу, ийгиликтүүсү эл ичинде алкышка татыктуу болуусу-бул ата-энеге байланыштуу. . . .

Баланы тарбиялоодо дагы бир айтыла турган кеп,  ата баланы урушкан учурда эне эч качан болушпоо керек, анткени бала энесине таянып алат. Эч качан баланы эркелетпөө керек, айтканын кыла бересе ал чоңойгондо укпай билгенин кылып, эч нерсенин кадырына жетпей  ата-эненин шору болот. Кыздын эркеси кайын-журтуна батпас болот, уулдун эркеси  өз башыңа түшкөн таш болот. Мындай көрүнүштөр жашообузда көп кездешет, биздин жашообуздан алынган баласын эрке өстүргөн үй-бүлөө тууралу аз да болсо айтып өтүүнү туура таптым. . .

Бир ата-эненин бир уулу болот. Жалгыз уул деп айтканын кылып, бир да урушпай, каалаганы алып берип чоңойтушат. Бала чоңоюп жогорку окуу жайга да тапшырат, бирок баар жок ушул жерден башталат жашоодо кыйналып көрбөгөн жан окууну да окуп жалчытпайт. Окуусун акча менен бүтүрүп берет байкуш ата-эне. Үйдө андан өткөн бекерчи жок ата-энесин тапканын ичип, кийип каалаган жерине барып ичкенде ичип, чеккенде чегип кээ бир күндөрү үйүнө да келбеген күндөр болот. Мындан ахвалга түшкөн баласын ата-эне үйлөнтүп коюну туура көрдү.  Жакшы кызга үйлөнтүп да коюшту бирок баягы эле үйрөнгөн адат калабы болуп жаш эле ичип, ичкени аз келип аялында сабай баштады, ата-энени такыр укпайт, анткени атанда энеден да коркпойт ошентип тарбия алган. Эмне кылмак бэчара жаш келин тагдыр деп көз жумуп жүрүп эки балалуу болгонунда сезбей калды, таяк жей берип башы ооруй турган болду, бул көрүнүшкө күбө болгон жаш балдарын айтпай эле коёолу, а эне кан басымы көтөрүлө турган болуп, атанын болсо эл ичинде баш көтөрүп жүргөнгө болбой калды.  Эххх, ата-эне балам, балам деп олтуруп ушулбу алганың ыракмат! Эмне болду жашы отузга чыгып чыкпай аракечке айланды аялыда акырында чыдабай кетип калды, бул күйүткө чыдабай байкуш эне өлүп да калды, бирок наадан бала тообосуна кайттыбы жок дагы эле ошо, атасын кыйнап акчасын алат, толоң кылат. Буга чыдабаган ата өз калоосу менен каарылар үйүнө кетип калат, көп өтпөй ата да көз жумду. А акмак бала кайда жүргөнүн эч ким билбейт, бомж болуп кеттиби же өлүп калдыбы эч кимдин кабары жок. Мына бир үй-бүлөө жок болду, буга эмне себеп бул жагына өзүңүздөр сарсеп салып көрүңүздөр?

Мындай үй-бүлөлөр толтура бул бир чети гана. . .

Жакшы үй-бүлө куру үчүн, жакшы тарбия берүү үчүн, өзүбүздүн динбиз акыйкаттуу, адилетүү, таза Ислам дини менен жашоого чакырат элем.  Ислам дини өтө жеңил, туура дин анын ичиндеги мыйзамдар менен жашап тарбиялансак бизде эч кандай адашуу, ажырашуу, бээ баштык, бузулган кыздарыбыз, аракеч балдарыбыз, дубасыз чалдарыбыз болмок эмес. Ыймандуу атадан-энеден жакшы балдар тарбияланып чыгат, бул чындык, “ыймандуу үй-бүлөгө Аллахтын нуру толор, ыймансыз үй-бүлөөгө Аллахтын каары толор”,   “ыймандууну жакшылык, ийгилик, коштоп жүрөт, ыймансызды жамандык, балээ, шайтан колоп жүрөр “. Дин менен жашоодо ыймандын эң негизгилери болгон  сабырдуулук деген бар, биз дин мыйзамында жашасак жашообузда кандай көйгөй, кыйынчылык болбосун, барына шүгүр, жогуна сабыр кылып жашаганды үйрөнөбүз. Бул да балдарга таасирин берет, үйдөн эмнени көрсө бала ошого мюн сунуп, келечекте да өзү ошондой жол менен жүрүп жакшы ийгиликтерге жетишет. Дигиэле адамдын жакшы-жаман болуусу ыйманына жараша болот.

Үй-бүлөнүн жакшы болуусуна Пайгамбарыбыздын үй-бүлөсүнөн, сахабаларга берген тарбиясынан үлгү алып жашообуз керек. Анкени Пайгамбарыбыз Аллах Тааламдын тарбиясын менен алган инсан, бул биз үчүн сыймык жана туура жол. Пайгамбарыбыз башына кандай гана кыйын күндөр түшпөдү баарына сабыр кылды, сахабалары менен кеңешип кыйнчылыктарды, кайгылуу күндөрдү бирге өткөзүп, аягында жеңишке жетти.

Ар бир үй-бүлөдө ыйман болсо коом өзгөрөт, коом өзгөрсө мамлекет оңолот,  мамлекеттин өзгөрүүсү жаштардын колунда жана  ийгилигинде. . .

Насиба Абдуллаева,


January 05, 2016 at 03:16PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

“Ыйман жан дүйнө азыгы” программасынын бул чыгарылышында “Ыйман жана ишеним” тууралуу кеп курдук. Студиябыздын коногу дин аалымы Молдо Сабыр Досбоол уулу болду.

Акыйда маселеси мусулманга суудай керек

– Ишеним жана ыйман деги эле барып “акыйдага” такалат. Кишинин ишеними да бир нерсеге байланып турбаса өзүнчө башаламан кетип калат же каалаган кишисин ээрчип кетет. Ошон үчүн акт бул байланган деген мааниде келет. Акыйда маселеси мусулманга өтө зарыл, суудай керек илимдердин бири. Жаратканга болгон көз карашы жана Жараткандын ким экендиги жөнүндөгү маалыматты акыйда деп айтат. Өзгөчө Кудай жөнүндө ар түрдүү маселелер болсо акыйда болуп эсептелет. Акыйда түшүнүгү өтө терең маселе. Муну “илмуль кальам” деп да коёт. Бул жалаң ой-пикир, акыл жана сөзгө байланышкан. Акыл-эстин, сөздүн күчү менен башка бир адашкандарды жыга билсе ошону акыйда деп айтат.

Пайгамбарыбыздын доорунда акыйда маселе болгон эмес

– Пайгамбарыбыздын жана сахабалардын доорун алтын доор деп айтабыз. Ошол учурда акыйда жөнүндөгү талаш-тартыш маселелер деги эле ал учурда көтөрүлгөн эмес. Себеби кандай маселе болбосун заматта чечилип турган. Аларга каршы сүйлөгөңдөр кара киши деп эсептелген. Акыйда тууралуу Пайгамбарыбыз мужиза хадистеринин биринде “менин үммөттөрүм 73кө бөлүнөт. Анын 72си адашкандар. Бир бөлүгү гана бейишке кирет” деген. Пайгамбарыбыздын көзү өткөндөн кийин таба-табеиндердин заманында акыйда маселеси өтө опурталдуу талаш-тартышка айланып, башка исламдын душмандары да өз ойлорун киргизишкенге аракет кылышкан.

Акыйда боюнча бир тайпа гана туура

– 73 тайпанын бирөөсү туура деп айтып кеткенден кийинки уламалар жана аалымдар мына ушул бир тайпа жөнүндө изилдеп, кайсыл ушул дегенде Пайгамбарыбыз өзү адегенде айтып кеткен. Мен жана менин сахабаларым жүргөн жол деп. Демек бир туура жол ошол. Алардын көзү өткөндөн кийин ар түрдүү өзгөрүүгө жол ачылат дагы, муну нукура ошол жолду сактап калыш үчүн биринчи кезекте Абу Ханифа аракет кылган. Ал биринчилерден болуп акыйда китебин жазып, андан кийин анын шакирттери жылдан жылга азыркы күнгө чейин эмгегин улантып келе жатышат.

Аалымдардын милдети…

– Өкүнүчтүүсү бул пенде. Исламда сөз эркиндиги бар. Ислам эч качан бирөөнүн оюна, бирөөнүн сөзүнө чек койбойт. Ошондуктан өкүнүчтүүсү биздин заман эмес, ошол эле сахабалардын дооруна жакын таба-табеиндерди көргөн кишилердин арасында ар түрдүү пикирлер чыккан. Аны биз кабыл алабыз. Бул сырткы душмандардын аракети деп. Бирок туура эмес кирип калган ой-пикирди, көз карашты алып таштоо андан тазалаш аалымдардын милдети болгон. Ошондуктан аалымдар аракет кылып иль-муль акыйданы түзүшкөн. Ким ушуда түз жүрсө ахли сүнна аль жамаа, эгер андан кыйшайып кеткен болсо анда башка тайпага колушат деп билебиз.

Автор: Илгиз Жамалбеков

January 04, 2016 at 02:59PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бүгүн аалымдар кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов Ноокат районундагы «Имам Тирмизий» медресесинде уюштурулган мавлид кечесине катышты.
Иш чараганын алкагында аалымдар кеңешинин төрагасы сахабалардын пайгамбарыбызга (ﷺ) болгон сүйүүсү туурасында маселе айтып, анын өрнөктүү өмүр жолунан бир топ маселелирди айтты. Ошондой эле мавлид кечесиндеги катышуучуларды пайгамбарыбызды (ﷺ) чын жүрөктөн сүйүп жашоого чакырды.
«Имам Тирмизий» медресесинде уюштурулган мавлид кечесине окуу жайдын студенттери жана Ноокат районунун аксакалдары катышышты.
Муну менен катар аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары Тажидин ажы Байтейитов пайгамбарыбыздын (ﷺ) жалпы үммөт үчүн жасаган баа жеткис эмгектеринен айтып, мекенибизге жана эли журтубузга тынчтыкты тилеп өттү.


January 04, 2016 at 09:02AM

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Өткөн 2015-жыл ичи коомчулук, эл-журтубуз алдында пайдалуу, кубанычтуу, сыймыктуу иштерди жасап, массалык маалымат каражаттарында, эл оозунда көп кеп болгон ар кайсы тармактарда иштеген инсандарыбызды INTER.KG маалыматтык порталы ар кандай номинациялар менен “Жылдын мыктысы” атап, мындан аркы иштерине стимул катары, атын атасаң куту сүйүнөт дегендей, жылуу сөздөр менен бирге дипломдор менен сыйлоо жана ар бир номинация ээсинин жыл ичи аткарган иштерине, өмүр таржымалдарына учкай болсо да токтолуп, окурмандар менен дагы бир ирет тааныштыруу сериясын баштайт. 

Анда эмесе, кеттик! Биз менен бирге болуңуздар!

Жыл ичи коомчулукту идеологиялык багытта адеп-ахлакка, ыймандуулукка чакырып, эл-журтубуздун тынчтыгы үчүн жана тарбиялык акыл-насааттары менен өлкөбүзгө абдан чоң, баа менен өлчөнгүс кошкон зор салымы, салттуу динди жайылтууда жасаган эбегейсиз эмгеги үчүн аалым ЧУБАК ажы ЖАЛИЛОВ “INTER.KG” маалыматтык порталы тарабынан “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ АДАМЫ” деп табылды.

Порталдын эсеби боюнча, эгерде, аалым Чубак ажы Жалиловдун ар жумада 3 күн өтчү диний жана турмуштук-тарбиялык багыттагы сабак, баяндарын, ошондой эле, суроо-жооп насааттар убактыларын чаксак, өткөн 2015-жыл ичи эле 52 аптада 156 жолу сабак өткөн(мындай сабактарды 2012-жылдан тартып Бишкек шаарындагы жана өлкөбүздүн ар кайсы мечиттеринде өтүп келет – ред.) Мындан тышкары бир нече жылдан бери “Тамчы” гезитинин окурмандарынын ар кайсы багыттагы суроолоруна жооп берчү салтын бул жылы да улап, жыл ортосунан тартып “Саресеп” гезитинин окурмандырынын суроолоруна да ар апта сайын жоопторду жазып келди.

О.э. “Аят”, өлкөдөгү эң көп нускалуу “Супер инфо” гезиттерине мезгил-мезгили менен маанилүү, коом үчүн зор тарбиялык багытта макалалары жарыкка чыгып турду. Ал эми муфтий кезинен бери Улуттук телерадиокомпаниянын алдындагы “Биринчи Радио” жана “Манас жаңырыгы” телекомпаниясынын эфирлери аркылуу ар апта сайын өтүп келген сабактар, угарман-көрөрмандардын берген суроолоруна жооптор сериалдарын 2015-жылы да улантып, эл алкоосуна татыды. Жыл ичи Кыргызстандын көптөгөн аймактарын кыдырып, турмуштук жана диний сабактарды өтүү менен бирге алыскы айылдардагы карапайым адамдар менен баарлашып, алардын ар кандай суроолоруна пайдалуу жоопторду берип келди. Ушундай эле максаттар менен айына бир ирет Жалал-Абад, Өзгөн, Көк-Жаңгак шаарларындагы, Базар-Коргон районундагы  мечиттерге каттап турду. Өлкөбүздүн түштүк аймагында популярдуу саналган Жалал-Абад шаарындагы “7 – каналдын” түз эфири аркылуу ай сайын 1,5 сааттан коомчулукка чыгып, көрөрмандардын суроолоруна жооп берип, көрөрмандардын ыраазычылыктарын алууга жетишти. Сентябрь айынан баштап өлкөбүздө угармандары көп “Марал” радиосунун  “Жекшембиде 7де” теледолбоору алкагында “Сизден суроо-аалымдан жооп” рубрикасы менен коомчулукка чыга баштады. Ошондой эле “Аян ТВ” каналынан да ар жуманын шаршемби күндөрү бир сааттык түз эфирди алып барат. Ар ишембиде “Кыргыз молдолору” көрсөтүүсүн даярдап, мусулман журтчулугуна тартуулайт. КМШ аймагынын жаӊы тарыхында биринчи ирет Хадис Академиясын негиздеп, демөөрчүлөр жана катардагы кайрымдуу инсандардын көмөгү менен аталган Академиянын 3 кабаттуу, баардык шарттары бар, заманбап имараттын курулушу аяктоо баскычына келди.

Дүйнө мусулмандары чөйрөсүндө кеңири белгилүү доктор Мууса Шарифти Кыргызстанга чакыртып, Бишкек, ОШ  шаарларынын жана Чүй,  Ош, Жалал-Абад, Баткен областарынын бир нече аймактарынын тургундарына атайын семинарларды өткөрүү менен бирге, 2015-жылы абдан актуалдуу болгон ИШИМ (ИГИЛ) деген балакет боюнча коомчулукка кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чоң салым кошту.

Чубак ажы Жалиловдун бул жана башка жасаган эмгектери “Насаат Медиа” видео порталы, INTER.KG маалыматтык порталы аркылуу интернеттин социалдык тармактарына жана дүйнөдөгү эң популярдуу Уoutube видеоканалы менен ааламга кеңири тарады.

Жыл ичи мындай жасаган эмгектери аркылуу инсандык кадыр-баркы, аброю эл арасында мурункудан да артты.

1451670228_zhalilov 1451670274_chubak-azhy-3 1451670264_chubak-azhy 1451670286_chubak-azhy-1 1451670227_chubak-azhy-4 1451670240_chubak-azhy-5

 

Маалымат үчүн:

Жалилов Чубак ажы Тажибаевич 1975-жылдын 21- январында Жалал-Абад областына караштуу Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында билимдүү адамдардын үй- бүлөсүндө туулган. Атасы Жалилов Тажибай математика мугалими, апасы Сакыева Гүлжамал аңглис тили сабагы боюнча мугалим. Үй-бүлөдө алты бир туугандын экинчиси. Ош областындагы Өзгөн районунун күйөө баласы.Уруусу – Мундуз.

1992-1996-жылдары Азирети Умар атындагы Кыргызстан Ислам университетинде, 2000-2002-жылдары Сауд Аравиядагы «Умм аль-Куро» эл аралык университетинин алдындагы араб тили институтунда, 2002-2006-жылдары аталган университетте фикх (шариат мыйзамдары, укук) илими боюнча жогорку билим алган. Орто мектепти алтын медаль менен, ал эми жогорку окуу жайларды кызыл диплом менен бүтүргөн. Бир туугандары да жогорку окуу жайларын кызыл дипломдор менен аякташкан.

Үй-бүлөлүү, 3 уул, 2 кыздын камкор атасы. Эне тилинде жана орус, араб тилдеринде эркин сүйлөйт.

Эмгек жолун 1995-1998-жылдары Кыргыз улуттук университетинин чыгыш таануу факультетинде араб тили сабагынан мугалим болуу менен баштаган.

2005-2007-жылдары Бүткүл Дүйнөлүк Ислам Лигасынын Орто Азия боюнча эксперти, 2008-2010-жылдары Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында фатва(чечим) бөлүмүнүн жетекчиси, ушул эле жылдары Азирети Умар атындагы Кыргызстан Ислам университетинде окутуучу болуп эмгектенген.

2010-2012-жылдары Кыргызстандын Азирети муфтийи кызматын аркалаган.

Муфтий болуп иштеп турганда коррупцияга каршы бир топ  реформаларды жасаган. Бул эмгек мамлекет тарабынан жогору бааланып, Кыргыз Өкмөтүнүн Ардак Грамотасы менен сыйланган.

Мисалы: Ажылыкта болуп жаткан коррупцияга каршы 3 бөгөт коюлган:

1.Кыргыз Ислам тарыхында биринчи жолу баардык зыяратчылардын ажылыкка түз авиакаттам менен учуп барып келүүсү (бул ажылардын коопсуздугу).

  1. Акча каражаты банк аркылуу алынып, ар бир тыйын каякка кетээри такталды, ошонун негизинде эле авиакомпаниядан мамлекетке 10 миллион сом киреше кирди. Муфтияттын кассасына 2010-жылы 280 миң АКШ доллары, 2011-жылы 460 миң АКШ доллары түштү.

Муфтий кызматынан өз каалоосу менен кетээрде муфтияттын бюджети 290 миң АКШ доллары менен калган.

  1. Квоталар областтан районго, райондон ар бир Айыл өкмөтүнө калктын санына жараша бөлүнүп, муфтияттын ички жана сырткы сайтында тизме түзүлүп, областтарда жыл бою туруктуу иштеген штабдар ачылып, менеджерлер иштей баштаган эле. Тилекке каршы, азыр ал система токтоп, иштебей калды.

Андан сырткары диний билим берүү тармагын жана КМДБнын, Уламалар кеңешинин, Муфтийдин, казылардын, Баш имам хатибдердин билимдерин, милдеттерин, жоопкерчиликтерин шариатка жана мыйзамга туура келе тургандай кылып реформалоодо бир топ салым кошту.

Фикх (шариат мыйзамдары, укук), араб тилинин грамматикасы, тафсир (Куран аяттарына түшүндүрмө берүү жана комментарийлөө), хадис терминологиясы жана хадис таануу илимдери боюнча окутууга, чечим (фатва)  чыгарууга уруксааты бар документтердин (ижааза) ээси.

Чубак ажынын өзгөчөлүгү деп 3 кабат үйдү ээлеген өздүк китепканасы бар экендигин айтууга болот. Ислам динине тиешелүү баардык китептер бар.

Китеп окуп, маселенин чечимин издегенди, анализдегенди жактырат жана убактысынын көп бөлүгүн ушул ишке арнайт. Учурда  негизги вазыйпасы болгон ислам динин коомчулукка жеткирүү иши менен алек. Эркектер жана  аялдар жамааттары үчүн окууларды уюштуруп, макалалары  “Аят”, “Тамчы”, “Супер инфо” гезиттерине жарыяланып турат жана үналгы, сыналгыда атайын берүүлөргө такай катышып келүүдө. Социалдык  тармактарда да жигердүү иш алып барат.

Эки китептин автору.

INTER.KG


January 03, 2016 at 09:08AM
Технологии Blogger.