Halloween party ideas 2015

1.Жолдошум мен келгенде эле оорукчан болчу экен. Кийин кайненем, баламдын оорусуна сен себеп болдуң деп айта баштады. Талак сурасам болобу, мен күнөөкөр болдумбу? (Бул суроо кыскартылды. Бирок устаз толугу менен окуду)

Жооп: Урматтуу бир тууганым! Бул жерде сенин күнөөң жок. Эч кандай кыжалат болбо! Сен да адам сыяктуу жашоого, бактылуу болууга укуктуусуң. Эмне үчүн башка бирөө оорулуу болсо сен да оорулуу болушуң керек? Ушунча кылганыңа ыраазы болсо болмок. Сенин күйөөңдөй мамиле кылбаса, талак сураганга укугуң бар. Ал психикасына доо кеткен инсан катары, сага да зыян жеткирип коюусу ыктымал эмеспи? Ата-энеңе баарын айтып бер! Алар сага жакшылык гана каалашат. Кудай Таалам бактылуулук насип этсин.

  1. Аял киши гусул алганда чачын толук жууйбу же масх тартып койсо болобу?

Жооп: Эгерде, шариаттык иш болгондо, аялдын чачы өрүлүү болсо, ошол бойдон гусул алганга чейин чачынын өрүмү жазылбаса, анда гусул алган учурда аял киши башынын терисине толук суу жеткирип, калган чачына суу жеткирбей койсо жарай берет. Жөн гана сыртынан масх тартып, сылап коёт.

  1. Жолдошум каза болгон, ортодо балабыз жок. Каза болгондо талагы түшөт деп уктум. Акыретте акыркы никедеги жолдошу менен болот дейт, ушул туурабы? Жолдошум “аял кишинин башы бош болбош керек” деп айтчу. Башка менен турмуш кургум келбейт. Башым бош, турмушка чыкпай өтсөм күнөө эмеспи?

Жооп: Күйөөсү өлгөн аял төрт ай, он күндөн кийин башы толук ачылып, бошойт. Башкага турмушка чыга алат. А эгер, боюнда болсо, төрөөрү менен башы ачылат. Бирден ашык турмушка чыккан аялзаты, акыретте кулк-мүнөзү эң жакшысы менен бирге болот.

Жалгыздык жалгыз Жаратканга гана жарашкандыктан, пенделери колдон келишинче никелүү болгону жакшыраак. Бирок, милдеттүү эмес. Көңүлүңүз тартпаса, же мойнуңуз жар бербесе, жалгыз жашаганыңыз деле макул. Ылайыгы чыгып калса, ойлонуп көрсөңүз, андан бетер жакшы болот.

  1. Устаз, Москвага качан келесиз? Бизге да зыярат кылып кетиңиз. Москва, аты белгисиз!

Жооп: Москвага 23-январда келем, насип болсо. Мен келген жерге келип, өзүңөрдү зыярат кылдыртып кеткиле, макулбу?!

  1. Көз тийүү (Кирене кирүү) боюнча айтып бересизби. Анын белгилери кандай? Адамды киренелөө туурабы?

Жооп: Көз тийүү акыйкат. Пайгамбарыбыз алайхис салам бул жөнүндө өз хадисинде айткан. Кирене кирүү да көз тийүүнүн бир формасы. Колунда эми бар адамдар киренелеп койсо жакшы болот. Динге каршы келбейт. Киренелөө – кирене кирген адамдын жакшы болуп кетүүсүн Кудайдан тилеп, дуба кылып, колу менен адамды сылагылап, жоюп-укалоо. Пайгамбарыбыз алайхис салам да Айша энекебиз ооруп калган учурда, колун башына коюп, дуба айтып дем салып берген. Мааниси, кирене жойгондордун тилектерине үндөшөт.

  1. Мен көп жылдан бери ыйман жолундамын, Жолдошума да ыйманына карап, турмушка чыккам. Жолдошум намаз окуйт, орозо кармайт, мен тааныгандан бери жамаатта. Азыр 4 балабыз бар. Жолдошум классташтары менен Whatsappтан группа ачып алып, күндө жазышып турат. Классташтарынын көбү кыздар. Жазында 20 жылдыкка чогулганы жатышат. Ушу маселе боюнча кеңири жооп берип коёсузбу? Ушул кылганы туурабы?

Жооп: Сиздин кызганганыңыз туура! Аял кишилер менен жөн эле сүйлөшө берүү туура эмес. Сиз да эркек классташтарыңыз, группалаштарыңыз менен ошентип сүйлөшсөңүз, эмне дейт болду экен? Ошондой эле, анын классташтарынын да күйөөлөрү бар. Мусулман эркек аялзат менен достошпойт. Алар менен шариаттын чегинде гана мамиледе болот. Аларга урмат-сый көрсөтөт.

  1. Бала төрөлгөнүнө 40 күн болгондо, кыркын чыгарган салтыбыз бар го, 40 токоч, 40 кашык сууга жуунтуу сыяктуу. Ошолор шариатыбызга туура келеби?

Жооп: Баланын кыркын чыгаруу деген сөз жок шариатта. Ошол баланы төрөгөн аялдын кыркын чыгаруу деген бар. Ныфас мөөнөтү бүткөндөн кийин, гусул алып жуунат. Ныфас мөөнөтүнүн эң көбү – кырк күн.

  1. Арак кошулган коланы байкабай ичип алса эмне болот, күнөө болбойбу? Ысык -Көл, Нурсултан.

Жоок: Адашкандын айбы жок, кайтып үйрүн тапкан соң…

  1. Кошунам экөөбүз бири-бирибизди түшүнө албай урушуп кеттик. Жаман сөздөрү менен көңүлүмдү катуу оорутту. Күйөөмө айтсам, өзүң күнөөлүүсүң деп урушат. Кыйын учурда мени колдобойт. Биздин 3 балабыз бар. Кээде буулугуп ыйлайм. Кеңешиңизди бериңиз, устаз?

Жооп: Жакшы күйөөң бар экен. Антпесе, сен элдин баары менен урушуп кетип жүрбө?! Сени менен чогуу жашап, бир жаздыкка баш койгону сени колдогону болот. Эри бар аял эмнеге буулугуп ыйлаш керек? Сен каткырып күл. Жыргап жаша. Намазды калтырбай оку. Эриңди сүй. Сүйбөсөң да сүй. Сүйүү менен жашоо – бактылуу жашоо.

  1. Мен Москвада ОМОНдо иштейм. Бизге ар кандай буйруктар келет. Аларды аткарсак, күнөөсү кимге болот. Кээде барып урушту токтотсок, кээде атып салабыз дегендей. Москва, Муси.

Жооп: Урушту токтоткон туура. Атып салууга келгенде карап көр. Алар мусулман эмес мамлекет болгондон кийин, кээде жөндөн-жөн эле мусулмандарды ата берүүсү да мүмкүн. Ал учурда огуңду бошко ат.

  1. Мен намаздын рекеттерин жакшы билбейм. Алмаштырып, адашып окуп алам. Күнөө болбойбу? Мен көп күнөө кылгам, ал күнөөлөрүмдөн кандай кутулсам болот? Москва, Муси.

Жооп: Алмаштырып, адашып окуп алганың күнөө эмес, атайылап жасап жатпагандан кийин. Акырындык менен оңдой бер! Күнөөлөргө тооба кыл. Адамдардын көңүлүн оорутсаң, же акысына кирип кеткен болсоң, алардын алдынан өт, кечирим сура!

  1. Никаб кийүү аял кишиге парзбы? Кийбесе күнөө болобу? Кененирээк түшүндүрүп бересизби? Москва, Алтынбек.

Жооп: Никаб кийүү сүннөт болуп эсептелет. Кийбесе күнөөкөр болбойт. Никаб кийүү адатка айланган жерлерде кийинүү сүннөт болот. Никаб – аялдын көзүнөн башка жерин жаба турган жүзгө тартылчу көшөгө.

13.Эркек киши имам матруди акыйдасын карманса,аялы салафи акыйдасында болсо, эркек киши Алла астында жооп береби? Москва, Исраил.

Жооп: Аялына туура акыйданы үйрөтүү эркекке милдеттүү. Ошол туурасындагы жакшы китептерди аялына алып берүү керек. Туура эмес акыйдадагы жамааттардын сабактарына баруусуна тыюу салуу зарыл.

  1. Келинчегим экөөбуз жашаганыбызга 3ай болгон. Мен жумушта кезде, апасы менен урушуп, өлөм деп коркутуптур. Урушуп койсом, үйдөн качып башка бала менен кетип калыптыр. Эртеси таптык. Кайра жашайлы деп, кечирим сурап жатат. Эмне кылышымды билбей жатам, устаз. Токмок, Жоомарт.

Жооп: Кабыргаң менен кеңеш. Кокус аны менен жашай турган болсоң, ал тиги менен чогуу болгон болсо, бир айыз мөөнөт өткөнгө чейин, аны менен төшөктө чогуу болгонго болбойт. Бир айыз болгондон кийин, боюнда жоктугу аныкталса, кайра чогуу жашаганга болот. Эгерде тигинден боюна болуп калса, аны төрөгөндөн кийин гана чогуу жашоого болот.

  1. Мен азыркы учурда бир баланы өзүм тарбиялап жатам. Жалгыз бой жүргөнүм үчүн 2-аялдыкка колумду сурагандар болуп жатат. Никеге турганда ата энеге айтпай эле, аялына билдирбей алам дейт. Мен күнөөкөр болбоймунбу? Үй-бүлөсүн бузуп тиейин деген максатым жок.

Жооп: Аялына билдиргиси келбей жатса, демек, аялынан корккон эркек экен. Ошол эркек, кыңыр иш кырк жылдан кийин билинет деп, эртең билинип калса, сизди коргоого даярбы деген суроо туулат. Ата-энеге айтып никеге турсаңыз кадырлуу болосуз. Болбосо, ойноштой болуп жашыруун жашагандан жадап бүтөсүз. Көлөкөңүздөн коркуп, коёндой болуп жашайсыз!

  1. Биз үй-бүлөбүз менен Москвада турабыз. Кайнежем 4 баланын апасы. Жолдошу жол кырсыгынан каза тапкан. Өзү дин жолуна түшүп, жоолук салынып жашайт. Бир күнү дин жолунда жүргөн өзү курактуу мырза менен таанышып, экинчи жолугушууда никеге турат. Ата-энесине да айтпайт. Ал аялы менен ажырашкам деген экен, бирок, ажырашпаптыр. Бир жума жашагандан кийин “даватка кеттим” деп кеткен бойдон дайыны жок. Эжебиз кош бойлуу болуп калыптыр. Алдырайын деп акыреттеги сурактан коркот. Ичи чыга баштаганда бизге келди. 4 баласын бир туугандарынын, инисинин жардамы менен араң багат. Туула турган бөбөктү эмне кылыш керек? Айылга барайын десе шерменде болот. Эч ким көргөн да, билген да эмес. Азыр ал үчүн бала багуу аябай оор. Ошого карабай, ушул жерде багып, карайм дейт. Баланы төрөп, атасын таап берип койсо болобу, же эмне кылыш керек? Азыр 7 айдан өтүп калды. Москва, аты белгисиз.

Жооп: Ооба, атасын таап, баласын чапанынын өңүрүнө салып берсин! Же айылдагы эркектин ата-энесине алып барсын. Ошолор багууга милдеттүү. Кокустан ачкадан өлсө, баланын атасы күнөөкөр болот.

  1. Бала багып алганда аны эмизбесе, бала ошол үйгө наамахрам болуп калабы? Кененирээк маалымат берип коюңузчу?

Жооп: Ооба, ал бала ошол үйгө наамахрам болуп калат. Бирок, баккандыгы үчүн эбегейсиз соопторго ээ боло беришет. Бала чоңойгондо баккан энеси да анын алдында жоолукчан жүрүүгө милдеттүү болот.

18.Тоок эти боюнча суроо. Москвада бир цехте Биссмиллахир арохманир рохим, Аллаху акбар деп бир баскычты басуу менен бир канча тооктун жаны чыгарылат. Ошолорду адал деп сатып жатышат. Кэ бир адамдар ар бир тоокко Бисмилани айтып сойсоң гана адал болот дейт. Москва, Руслан.

Жооп: Бул маселеде жообум азырынча жок. Болгондо айтайын.

 

  1. Үй-бүлөбүз мене Орусияда турабыз. Эки балабыз бар. Ай сайын квартирага акча төлөйбүз. Кредит арам экенин билебиз. Өзүбүз намаз окуйбуз. Мен хижжап кием. Тапкан ырыскыларыбыз адал болсун деп аракет кылып жашап келебиз. Бир канча жылдан кийин үй өзүбүзгө калат экен деп ипотекага үй алдык. Тапкандарыбыз арам болуп калбайбы?Москва, Жазгул.

 

Жооп: Силердин шартта, силердин кылганыңар туура. Тапканыңар арам болбойт.  Залкар аалым Мустафа Заркаанын бул туурасында фатвасы бар.

  1. Чогуу иштегендер менен пикир алышып, жакындан таанышып, жакшы сөздөрдөн сүйлөп, адал тамактар менен, ичимдиксиз жаңы жыл тосуп олтурсак болобу? Бишкек, Эдил.

Жооп: Болбойт. Жаңы жыл тосуу мусулмандарга туура келбейт.

  1. Үйдөгүлөр мен каалаган кызды алып бербей койду. Мен болсо кызды ала качып үйлөнүп алгам. Аны менен жашаганыма 9 ай болду. 2 ай жашагандан кийин аябай көңүлүм калып калды. Таза эмес кыз экен. Мен ага “сени менен жашабайм” деп айтып салгам. Бул талак болуп эсептелеби? Бишкек, Миргазы.

Жооп: Ал сөзүңө талак түшпөйт. Эч качанды эч качан айтпа. Алган ээри жарашса, кара катын ак болот. Баккан ээси жарашса, күйпүл күчүк сак болот.

  1. Орусияда иштеген мусулмандар банктан процентке акча алып иштетсе болобу?

Жооп: Болот. Төлөөгө кудурети жетерин билип алса болот. Анткени ханафий мазхабы боюнча дааруль харбтагы (мусулман эмес өлкө) мусулман менен харбийдин ортосунда рибаа жүрбөйт.

http://saresep.kg/


January 05, 2016 at 11:05PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.