Halloween party ideas 2015

Өткөн 2015-жыл ичи коомчулук, эл-журтубуз алдында пайдалуу, кубанычтуу, сыймыктуу иштерди жасап, массалык маалымат каражаттарында, эл оозунда көп кеп болгон ар кайсы тармактарда иштеген инсандарыбызды INTER.KG маалыматтык порталы ар кандай номинациялар менен “Жылдын мыктысы” атап, мындан аркы иштерине стимул катары, атын атасаң куту сүйүнөт дегендей, жылуу сөздөр менен бирге дипломдор менен сыйлоо жана ар бир номинация ээсинин жыл ичи аткарган иштерине, өмүр таржымалдарына учкай болсо да токтолуп, окурмандар менен дагы бир ирет тааныштыруу сериясын баштайт. 

Анда эмесе, кеттик! Биз менен бирге болуңуздар!

Жыл ичи коомчулукту идеологиялык багытта адеп-ахлакка, ыймандуулукка чакырып, эл-журтубуздун тынчтыгы үчүн жана тарбиялык акыл-насааттары менен өлкөбүзгө абдан чоң, баа менен өлчөнгүс кошкон зор салымы, салттуу динди жайылтууда жасаган эбегейсиз эмгеги үчүн аалым ЧУБАК ажы ЖАЛИЛОВ “INTER.KG” маалыматтык порталы тарабынан “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ АДАМЫ” деп табылды.

Порталдын эсеби боюнча, эгерде, аалым Чубак ажы Жалиловдун ар жумада 3 күн өтчү диний жана турмуштук-тарбиялык багыттагы сабак, баяндарын, ошондой эле, суроо-жооп насааттар убактыларын чаксак, өткөн 2015-жыл ичи эле 52 аптада 156 жолу сабак өткөн(мындай сабактарды 2012-жылдан тартып Бишкек шаарындагы жана өлкөбүздүн ар кайсы мечиттеринде өтүп келет – ред.) Мындан тышкары бир нече жылдан бери “Тамчы” гезитинин окурмандарынын ар кайсы багыттагы суроолоруна жооп берчү салтын бул жылы да улап, жыл ортосунан тартып “Саресеп” гезитинин окурмандырынын суроолоруна да ар апта сайын жоопторду жазып келди.

О.э. “Аят”, өлкөдөгү эң көп нускалуу “Супер инфо” гезиттерине мезгил-мезгили менен маанилүү, коом үчүн зор тарбиялык багытта макалалары жарыкка чыгып турду. Ал эми муфтий кезинен бери Улуттук телерадиокомпаниянын алдындагы “Биринчи Радио” жана “Манас жаңырыгы” телекомпаниясынын эфирлери аркылуу ар апта сайын өтүп келген сабактар, угарман-көрөрмандардын берген суроолоруна жооптор сериалдарын 2015-жылы да улантып, эл алкоосуна татыды. Жыл ичи Кыргызстандын көптөгөн аймактарын кыдырып, турмуштук жана диний сабактарды өтүү менен бирге алыскы айылдардагы карапайым адамдар менен баарлашып, алардын ар кандай суроолоруна пайдалуу жоопторду берип келди. Ушундай эле максаттар менен айына бир ирет Жалал-Абад, Өзгөн, Көк-Жаңгак шаарларындагы, Базар-Коргон районундагы  мечиттерге каттап турду. Өлкөбүздүн түштүк аймагында популярдуу саналган Жалал-Абад шаарындагы “7 – каналдын” түз эфири аркылуу ай сайын 1,5 сааттан коомчулукка чыгып, көрөрмандардын суроолоруна жооп берип, көрөрмандардын ыраазычылыктарын алууга жетишти. Сентябрь айынан баштап өлкөбүздө угармандары көп “Марал” радиосунун  “Жекшембиде 7де” теледолбоору алкагында “Сизден суроо-аалымдан жооп” рубрикасы менен коомчулукка чыга баштады. Ошондой эле “Аян ТВ” каналынан да ар жуманын шаршемби күндөрү бир сааттык түз эфирди алып барат. Ар ишембиде “Кыргыз молдолору” көрсөтүүсүн даярдап, мусулман журтчулугуна тартуулайт. КМШ аймагынын жаӊы тарыхында биринчи ирет Хадис Академиясын негиздеп, демөөрчүлөр жана катардагы кайрымдуу инсандардын көмөгү менен аталган Академиянын 3 кабаттуу, баардык шарттары бар, заманбап имараттын курулушу аяктоо баскычына келди.

Дүйнө мусулмандары чөйрөсүндө кеңири белгилүү доктор Мууса Шарифти Кыргызстанга чакыртып, Бишкек, ОШ  шаарларынын жана Чүй,  Ош, Жалал-Абад, Баткен областарынын бир нече аймактарынын тургундарына атайын семинарларды өткөрүү менен бирге, 2015-жылы абдан актуалдуу болгон ИШИМ (ИГИЛ) деген балакет боюнча коомчулукка кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чоң салым кошту.

Чубак ажы Жалиловдун бул жана башка жасаган эмгектери “Насаат Медиа” видео порталы, INTER.KG маалыматтык порталы аркылуу интернеттин социалдык тармактарына жана дүйнөдөгү эң популярдуу Уoutube видеоканалы менен ааламга кеңири тарады.

Жыл ичи мындай жасаган эмгектери аркылуу инсандык кадыр-баркы, аброю эл арасында мурункудан да артты.

1451670228_zhalilov 1451670274_chubak-azhy-3 1451670264_chubak-azhy 1451670286_chubak-azhy-1 1451670227_chubak-azhy-4 1451670240_chubak-azhy-5

 

Маалымат үчүн:

Жалилов Чубак ажы Тажибаевич 1975-жылдын 21- январында Жалал-Абад областына караштуу Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында билимдүү адамдардын үй- бүлөсүндө туулган. Атасы Жалилов Тажибай математика мугалими, апасы Сакыева Гүлжамал аңглис тили сабагы боюнча мугалим. Үй-бүлөдө алты бир туугандын экинчиси. Ош областындагы Өзгөн районунун күйөө баласы.Уруусу – Мундуз.

1992-1996-жылдары Азирети Умар атындагы Кыргызстан Ислам университетинде, 2000-2002-жылдары Сауд Аравиядагы «Умм аль-Куро» эл аралык университетинин алдындагы араб тили институтунда, 2002-2006-жылдары аталган университетте фикх (шариат мыйзамдары, укук) илими боюнча жогорку билим алган. Орто мектепти алтын медаль менен, ал эми жогорку окуу жайларды кызыл диплом менен бүтүргөн. Бир туугандары да жогорку окуу жайларын кызыл дипломдор менен аякташкан.

Үй-бүлөлүү, 3 уул, 2 кыздын камкор атасы. Эне тилинде жана орус, араб тилдеринде эркин сүйлөйт.

Эмгек жолун 1995-1998-жылдары Кыргыз улуттук университетинин чыгыш таануу факультетинде араб тили сабагынан мугалим болуу менен баштаган.

2005-2007-жылдары Бүткүл Дүйнөлүк Ислам Лигасынын Орто Азия боюнча эксперти, 2008-2010-жылдары Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында фатва(чечим) бөлүмүнүн жетекчиси, ушул эле жылдары Азирети Умар атындагы Кыргызстан Ислам университетинде окутуучу болуп эмгектенген.

2010-2012-жылдары Кыргызстандын Азирети муфтийи кызматын аркалаган.

Муфтий болуп иштеп турганда коррупцияга каршы бир топ  реформаларды жасаган. Бул эмгек мамлекет тарабынан жогору бааланып, Кыргыз Өкмөтүнүн Ардак Грамотасы менен сыйланган.

Мисалы: Ажылыкта болуп жаткан коррупцияга каршы 3 бөгөт коюлган:

1.Кыргыз Ислам тарыхында биринчи жолу баардык зыяратчылардын ажылыкка түз авиакаттам менен учуп барып келүүсү (бул ажылардын коопсуздугу).

  1. Акча каражаты банк аркылуу алынып, ар бир тыйын каякка кетээри такталды, ошонун негизинде эле авиакомпаниядан мамлекетке 10 миллион сом киреше кирди. Муфтияттын кассасына 2010-жылы 280 миң АКШ доллары, 2011-жылы 460 миң АКШ доллары түштү.

Муфтий кызматынан өз каалоосу менен кетээрде муфтияттын бюджети 290 миң АКШ доллары менен калган.

  1. Квоталар областтан районго, райондон ар бир Айыл өкмөтүнө калктын санына жараша бөлүнүп, муфтияттын ички жана сырткы сайтында тизме түзүлүп, областтарда жыл бою туруктуу иштеген штабдар ачылып, менеджерлер иштей баштаган эле. Тилекке каршы, азыр ал система токтоп, иштебей калды.

Андан сырткары диний билим берүү тармагын жана КМДБнын, Уламалар кеңешинин, Муфтийдин, казылардын, Баш имам хатибдердин билимдерин, милдеттерин, жоопкерчиликтерин шариатка жана мыйзамга туура келе тургандай кылып реформалоодо бир топ салым кошту.

Фикх (шариат мыйзамдары, укук), араб тилинин грамматикасы, тафсир (Куран аяттарына түшүндүрмө берүү жана комментарийлөө), хадис терминологиясы жана хадис таануу илимдери боюнча окутууга, чечим (фатва)  чыгарууга уруксааты бар документтердин (ижааза) ээси.

Чубак ажынын өзгөчөлүгү деп 3 кабат үйдү ээлеген өздүк китепканасы бар экендигин айтууга болот. Ислам динине тиешелүү баардык китептер бар.

Китеп окуп, маселенин чечимин издегенди, анализдегенди жактырат жана убактысынын көп бөлүгүн ушул ишке арнайт. Учурда  негизги вазыйпасы болгон ислам динин коомчулукка жеткирүү иши менен алек. Эркектер жана  аялдар жамааттары үчүн окууларды уюштуруп, макалалары  “Аят”, “Тамчы”, “Супер инфо” гезиттерине жарыяланып турат жана үналгы, сыналгыда атайын берүүлөргө такай катышып келүүдө. Социалдык  тармактарда да жигердүү иш алып барат.

Эки китептин автору.

INTER.KG


January 03, 2016 at 09:08AM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.