Halloween party ideas 2015

Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин өкүлдөрү жана Кыргызстан ислам университетинин мугалимдери кечээ Баткен шаарындагы Кызыл-Жол айылынын “Тегирмен башы-2” мечиттинде жергиликтүү жашоочулар менен жолгушту. Бул тууралуу казыяттын маалымат кызматы маалымдады.
Иш сапары менен келишкен конокторду жергиликтүү тургундарга Баткен облусунун казысынын орун басары Кожояров Каразак ажы тааныштырып, алардын келишкен максаттарын айтты.
Кызыл-Жол айылынын жашоочулары менен болгон жолугушууда аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары Тажидин ажы Байтейитов Кызыл-Жол айылында бир да ичкилик сатуучу дүкөндөрдүн жок экендигин айтып, өзүнүн кубанычы менен тең бөлүштү. Ал эми аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары, КИУнун проректору Марс Ибраев дин аалымдарынын Баткен облусна болгон иш сапарынын максатын айтып, карапайым калкка ислам дининин баалуулуктарын туура түшүндүрүп, тыюу салынган агымдардын азгырыктарынан оолак болууга чакырып жатышкандыгын баса белгиледи.
Жолугушууда Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин төрагасы, КИУнун ректору Нарматов Абдишүкүр ажы “Ыйман жолу”, “Арактын зыяны” темасында маселе айтып, өзгөрүүнү, оңолууну ар бир адам өзүнөн баштоосу керек экендигин айтып өттү.
«Аалымдардын келишин уккан карапайым калк мечитке батпай, ар кимиси өздөрүнүн суроолорун берип калууга далалат кылып жатышты. Жолгушуу учурунда жергиликтүү жашоочулар өздөрүнүн сууроолоруна аалымдардан жогорку деңгээлдгеги жоопторду алышты»,-деди казыяттын басма сөз кызматынан.

 


January 17, 2016 at 10:13AM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.