Halloween party ideas 2015

Нике молдонун мажбурлоосу менен эмес, баш кошкон эки жаштын ыктыярдуу түрдөгү макулдугу болгон учурда, алардын бул чечимине эки тараптан тең күбөлөр катышканда гана кыйылат. Ал эми дин кызматкери же башка нике кыйган адам баш кошкон жаштардын мындай чечимин шарятка ылайыктап, никелүү кылып коёт. Ошондуктан нике кыйган адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу туура эмес болуп калат. Мындай мыйзамды кабыл алуудан мурда аны коомдук талкууга коюп, маселенин оош-кыйыш жактарын жана коомдук абалды тактап алуу зарыл. Мындай пикирин “Кабар” агенттигине Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Фатва бөлүмүмнүн адиси Токтогазы уулу Бактыяр билдирди.

“Айрым депутаттар сунуш кылып жаткан никеге байланыштуу мыйзамды кабыл алуудан мурда аны коомдук талкуудан өткөрүү керек.
Ал эми айрым дин кызматкерлери акча үчүн 16 жаштагы жаштардын никесин кыйып жатат деген доомат да негизсиз. Той ээлери же баш кошкондор көңүлүнөн чыгарган ыраазычылыгын билдирет. Нике кыйылганда анча, мынча акча алат деген шарт жок”,- деди ал.
Айрым массалык маалымат каражаттарында КРнын ЖК депутаты Э. Жумалиева тарабынан сунушталып жаткан баш кошкондор расмий түрдө каттоодон (ЗАГС) өтпөй туруп нике кыйылбаш керектиги тууралуу мыйзам долбоору кызуу талкууланууда.

Эл өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча, азыр баш кошкондордун 13%ын 16-17 жашка чейинки кыздар түзөт жана алардын арасында ажырашуулар көп болуп жатат. Аталган мыйзам долбоору боюнча жашы 18ге толо электерге нике кыйган молдолорду 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жагы да каралган.

http://kabar.kg


January 07, 2016 at 09:41AM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.