Halloween party ideas 2015

Кыргыз Республикасынын призденттинин алдындагы “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкарасы тарабынан уюштурулган кезектеги имамдардын билимин жогорулутуу курсу аяктады. Бул туурасында Баткен казыяттынынын басма сөз кызматы кабарлады.
2-январдан 13-январга чейин өткөрүлгөн окуу курсун ийгиликтүү аяктаган имамдар бүгүн атайын сертификаттарга ээ болушту. Окуу курсун жыйынтыктоо жана сертификат тапшыруу аземине Баткен облусунун мусулмандар казысы Султанмуратов Пазыл ажы, “Ыйман” маданиятты өнүктүрүү фонду жетекчиси Нуржигит Кадырбеков, ОшМУнун ректору, ОшМУнун теология факултетинин деканы Самаган Мурзаибраимов катышты.
Аталган окуу курсун ийгиликтүү бүтүргөн имамдарга сертификат тапшырып жатып Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов окуу курсунун уюштуруучуларына терең ыраазычылыгын билдирди. Ар тараптуу предметтерди камтыган семинарда ар бир лектор өз сабагынын соңунда тест түрүндө экзамен алышкан. Мына ушул экзамендин жыйынтыгына жараша жана имамдардын катышуусун эске алып сертификат берилет. Ал эми кээ бир себептерге байланыштуу курсту аягына чейин уланта албагандарга сертификат берилбейт.Негизинен алганда Баткен облусунун имамдары курска активдүү катышты деди аталган окуу курсунун уюштуруучусу Муртаза Жолдошов. Ал эми Сүлүктү шаарынын баш имам хатби Жолдошов Муса ажынын айтымында окуу курсу имамдар үчүн абдан пайдалуу болгон.
«Уюштуруучуларга ыраазычылыгыбызды айтабыз. Ошондой эле мындай курстарды тез-тез өткөрүп туруу керек»,- дейт Жолдошов Муса ажы

 


January 14, 2016 at 09:42AM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.