Halloween party ideas 2015

Бүгүн мусулмандардын ыйык жума күнү Баткен шаарындагы “Нуьмани” атындагы борбордук мечиттинде облус казысы Султанмуратов Пазыл ажынын катышуусунда пайгамбарыбыздын (ﷺ) туулаган айына карата анын жалпы мусулман үммөтү үчүн жасагын эбегейсиз эмгектерин элге таанытуу максатында мавлид кечеси өткөрүлдү. Бул туурасында казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.

Мавлид кечесинин катышуучуларына дин кызматкерлери пайгамбарыбыздын (ﷺ) өмүр баяны, анын жашоосундагы өзгөчөлүктөр туурасында баяндап, жарандарга пайдалуу маалыматтарды беришти.

Иш чаранын жүрүшүндө облус казысы элибизге тынчтыкты, биримдүүлүктү, ынтымакты каалап, пайгамбарыбызды (ﷺ) үлгү тутуп жашоого, ошондой эле бүгүнкү мавлид кечесинде айтылган маалыматтарды үй-бүлө, бир туугандарга жеткирип барууларын аманат кылды.

Мавлид кечесине келишкен жарандар жергиликтү жеке ишкерлер жана демөөрчүлөр тарабынан алынып келиген таттууларга ээ болушту.

Эскерте кетсек, мавлид кечеси буга чейин Баткен, Кызыл-Кыя шаарында жана облустагы диний окуу жайларда өткөрүлгөн.


January 01, 2016 at 04:58PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.