Halloween party ideas 2015

Аллах Тааламдын биз пенделерге берген чексиз нээматтары,ырыскылары бизге берилген мүмкүнчүлүк. Сага ушундай керемет мүмкүнчүлүк берилген, бирок сен билсең гана?!
Сага мүмкүнчүлүк берилген каалаган жериңе басып бара аласың,каалага убакта чуркап,каалаганда бийлеп баса аласың!
Сага мүмкүнчүлүк берилген каалаган жумушуңду кылып,каалаган тамагыңды жасап,өзүңдүн мүктаждыктарыңды жасай аласың!
Сага мүмкүнчүлүк берилген ,бул ааламдын кооздугун көрөсуң,жаңырып турган добушту ,сени чакырса ,сага сүйлөсө кеичиликсиз угасың!
«Аллах силеди көрүнгөн -көрүнбөгөн нээматтарына бөлөп таштады ». (31:20)..
«Эми, Роббиңердин кайсы нээматын жалганга чыгара аласың ».(55;13)..
Булар сенин тышкы мүмкүнчүлүктөрүң, а ички мүмкүнчүлүгүңдү карап көрчү?
Сен мүмкүнчүлүк бар, тынбай согуп турган кемтиксиз жүрөгүң, тамак-ашыңды каалагнча жесең да ал кылган боор,өтүң,ашказаның, бүт зыян,сууларыңды иштеп заара кылып чыгарган бөйрөгүң бар!
«Силердин өзүңөрдө да (ар түрдүү укмуштар) бар экендигин карабайсыңарбы? ». (51:21)..
А сен берилген мүмкүнчүлүктөргө шүгүр келтирип Аллахка мактоо айтып жатасыңбы?
Аллахка ыйман келтирип, парздарына,мыйзамдарына моюн сунуп, беш убак намазыңды окуп жатасыңбы?
Бир жылда келүүчү орозону кармап,садака,зекетиңди берип жатасыңбы?
Жок албетте?! Эгер билсең чоң нээматта жашап жатасың ,бирок аны билбейсиң. Бирок өзүңдү кайгы капада жашап жатам деп ойлойсуң,күнүмдүк жашоонун кыйынчылыгын тоодой көрөсүң,кылайын десем ишим ,башкалардай ийгилигим жок, жашоо бир келет ойноп күлсөм ,бактым жок дейсиң,,алдыңда ыссык наның турат,муздак сууң бар,бейпил уйкуң болуп жатат,күлүп жайнаган ден -соолугуң бар ,жоготкон нерселериңди ойлоп, эч жашооңо ыраазы болбойсуң.
Мумкүнчүлүктөрдү айтсаң түрү көп бул ден -соолугуңдун гана мумкүнчүлүгү. Ден -соолук болсо жашооңдо кандай кырдал болбосун жеңсе болот,болгону ыйманың,аракетиң,максатың болсун. Айланаңа көз чаптырып жакшылап ойлонуп карачы,сенде бар нерселер башкаларда жок. Өзүңдү мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга салыштырчы,же болбосо бир күн,ордуна койуп көрчү? Ошондо билээр белең жашоо кадырын,Аллахка шүгүр кылууну.
Алар кааласа да каалаган жерине баса албайт,каалаган нерсесине колун сунса да жете албайт,кааласада бул жашоонун кооздугун, жарыктыкты көрө албайт, кааласа да дүйнөдө эмнелер болуп жатат,эч бир дабыш,жаңырыкты,сөзүн уга албайт,кааласа да ичиндегисин бакырып, айта турганын айта албайт, анткени алар үчүн мумкүнчүлүк чектелүү,бирөөгө муктаж ,бирөөнүн жардамысыз жашай албайт,бирөөгө көз каранды инсандар! Алардын жашоосу түгөнүп калган жок го,же баары өлүп алган жок го, тескерисинче жашоосуна ыраазы Жаратканга шүгүр айтып көптөгөн бийиктиктерди багындырууда. Өзүбүздүн эле тумар кайрымдуулук борборундагы жаштарга караң, Америкалык колу -буту жок миллионер жигитти айтсак, колу -буту жок пешенеси саждеде,жүрөгү ыйманга толгон,үмүтүн Жаратканга байлап сабыр, шүгүр менен жашап жүргөн инсандарыбызга караң!
«Ошолорго (келген мусийбаттарга сабыр кылуучуларга) Роббиси тарабынан мактоо (жакшылык) бар. Жана ошолор гана туура жолго түшкөндөр ». (2:157)..
Алар каалайт бирок жолдор тосук,үмүт кылат бирок жолдор узун,ойлонуп максат кылат бирок анын түбүнө жетүү кыйын. Бирок алар барлыгы менен жашоосундагы кыйынчылыктарды жеңүүдөө Жаратканга моюун сунуп жашоодо.А сенде мүмкүнчүлүк бар,жолуң ачык, бирок көрүп турган көзүң көр жашоонун жакшылыктарын,туура жолун көрө албайт,угуп турган кулагың тосук,,Жараткандын сөзүн эмес, ушак ,гыйбаттарды гана уккусу келет,сүйлөгөн тилиң Аллахтын зикирин эмес, дүйнө сөзү менен алек,басып турган бутуң ,колуң аксак,туура жол,жакшылыктарга чуркай албайт,кыла албайт. Керек болсо өз денең өзүңө ээ эмес,андай инсандар өлүк сыяктуудур,эң байкуш бэчарадыр.
«Алар -өлүктөр. Тирүү эмес. Ошондуктан алар качан тирилишээрин да билишпейт» . (16:21)..
Эми ойлонуп көрчү жашоодо ким -ким экенин!
Жашооңдо банкрот болдуң,бир аз байлыгыңды жоготтуң баары түгөнгөндөй бакырып ыйладың,а бир жолу жаратканды эстеп көң жаш төктүң бекен,каалаганча той кафелерде ырдадың,бийледиң,а бир жолу пешенеңди саждеге койдуң бекен,тапкан акчаңды туура эмес жолдо иштетип,ысырап кылуудасың,а бир жолу жетим, муктаждарга жардам колуң сундуң бекен. Бир күн келет Жараткан бергенинин эсебин алат,сен үчүн бүт мүчөлөрүң жооп берет ошондо эме дээр экенсиң!
«Биз инсанды түйшүккө жараттык ».(90:4)..
«Биз адамды бир тамчы аралашма суйуктуктан жараттык,аны сыноо үчүн».(76;2)..
Кел тууганым убакыт тар,өлүм жакын,бул дүйнө сыноо,кеч боло электе,убактыңды,ден -соолугуңду пайдасыз иштерге коротпой,”колдо бар алтынды “туура пайдаланып, жашооңдун кыйынчылыгына чөкпөй,барына көппөй,сабыр кылуу менен ыраазы болуп Жараткан менен бирге бол!!!

January 14, 2016 at 01:06PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.