Halloween party ideas 2015

Бир адам Аллах менен мамилесин үзсө, Аллах менен сүйлөшүүнү токтотсо, анда ал адам Аллахтан коркпой баштайт, өзүнүн канчалык чаарасыз, муктаж бир жандык экенин түшүнө албайт. Андай адамдардан, канчалык деңгээлде күчсүз, муктаж бир адам экенин түшүнүп жетүүсүн да күтө  албайбыз. А адам болсо ушунчалык  алсыз. Ишенбесеңиз сынап көрүңүз, мурдуңузду жаап канча мүнөт дем албай тура аласыз. Демек биз адамдар “мен кыйынмын, мен баарын билем”- дегенибиз бир тыйын. Баарыбыз муктаж бир пенделербиз. Бир адам Аллах менен сүйлөшүүнү таштап койсо анын ичиндеги боштук бүткүл планетадан да чоң болот. Аллах менен сүйлөшүүнүн эң соонун жолу бул – дуба. Бирок ушундай да суроо жаралышы мүмкүн. “Дуба кылып жатабыз бирок кабыл болбой жатат.”  А аятта болсо “Ар бир дубага жооп берилет” – деп айтылат. Бирок көп дубам жоопсуз калат деп ойлоорсуз, кээде нааразы да болуп кетээрсиз. Анда жакшылап көңүл буруңуз, жооп берүү башка, кабыл кылуу башка. Мисалы: Сиз бирөөгө саатыңы мага берчи десеңиз, ал сизге жок десе, ал сураганыңызды орундаткан  жок бирок жооп берди. Ар бир дубага жооп берүү бар бирок кабыл кылуу, болгондо да сиз каалаган нерсени кабыл кылып, берүү бул Аллахтын хикматына тиешелүү. Мисалы: Оорулуу бала врачка, тиги даарыны мага бериңиз десе врач, бала каалаган даарыны берет, эгер ал даары баланы оорусунан айыктырчу даары болсо, же андан да жакшыраак даары берет, баланын сакаюусуна пайдалуураак, же ал дарынын баланын оорусуна зыяндуу экенин билип такыр бербейт. Анткени врачтын  ал даарыны бербеши бала үчүн көбүрөөк жакшы.
Өткөндү, учур чакты, келечекти бир мезгилде көрүп турган Аллах дубаларыбызга 3 түрдүү жооп берет:
  1. Биз каалаган нерсени берет.
  2. Андан да пайдалуураагын берет (балким кечирээк)
  3. Же такыр бербейт.
Биз  туура дуба кылууну билишибиз керек. Биз көбүнчө өзүбүздүн каалоолорубузга жараша сурайбыз. Мисалы: Мен ушул университетке окууга өтүп калайын. Аллах каалооңузду орундатты, бирок ал университетте окуу менен намаздарыңыз окулбай калды, намаз кеткен соң ыйман кете баштайт, анткени намаз ыймандын тиреги.
Кээде Аллахтын сиз каалаган нерсени бербөөсү сизге көбүрөөк пайдалуу болот жана ошол бербөө аркылуу берген нерсеси эң сонун кабыл алуу, эң сонун берүү болот.



Үйлөнөөрдө да жаштардын жаңылышкан темасы, өзүнө жаккан бир кызды “Аллахым мага ушул кызды бер, башка эч нерсе бербесең да ыраазымын” – деп тилөө (сүйүп калган адам болуп). Аллах ниетиңизди кабыл алып, ал кызга үйлөнсөңүз, ал кыз “мага убада кылган Lexus 670 ти (машина) алып бер деп турса, сиздин алган айлыгыңыз ага жетпей турса, ошондо түшүнөсүз, балким анда да түшүнбөйсүз.  Кыскасы дубаны туура кылуу керек, бир нерсе каалаганда туура каалоо керек.

 Дуба – бул кулдук.

Аллахтын буйруктарына баш ийип, тыюуу салгандарынан тыйылуу.
Эгер сиз муну жасасаңыз акыретте жеңүүчүлөрдөн болосуз. Демек сураган, каалаган нерселерибиз акырет наамына болуш керек. Тилекке каршы бул нерсе көбүнчө унутулуп калат. Мисалы: Бир эне баласы үчүн жалгыз эле анын келечекте врач болуусун тилеп дуба кылат экен, ал нерсе баласынын акыретине жардам береби?
Дуба кылып жүргөн адам түшүнөт, аны уккан бирөө бар. Жерге шыбырайсын ааламдардын эгеси Аллах угат. Аллах менен сүйлөшүү, сүйлөшүүлөрдүн эң кереметтүүсү, эң жагымдуусу.
“Кимдир бирөө шансына тапшырат, дагы бирөө убакытка, а мен дуба кылдым жана Аллахка тапшырдым.”

January 02, 2016 at 01:38PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.