Halloween party ideas 2015

Үй-бүлөө, ата, эне, балалуу, чакалуу болуу ар бир эле инсандын бирден бир тилеги болсо керек. Аллах Таалам бул табиятта барын жуп-жуп кылып, өнүп-өнүгүүсүнө өбөлгө түзүп койду. Үй-бүлөнү биринчи мамлекет айтсак туура болот эле. Анткени үй-бүлөөдө тарбия мыйзамы катуу болсо, жакшы келечек муундарды тарбияланып чыкмак. Биздин балдарбыз жакшы тарбияланса гана, окууларын ийгиликтүү бүтүп, эл ишине жараган инсандардан болуп чыккандар көп болмок. “Баланы жашынан катынды башынан”деген макалыбыз эң туура айтылган.

 Тарбияны кандай берсе туура болот?

Тарбия биринчи ата-энеден башталат, ата-эненин тарбиясы кандай?  Аларга көз каранды “алма-алманын астына түшөт”, “Энесин көрүп кызын ал” дегендей алар кандай болсо балдар ошого карап тарбия алышат. Эгер балаңыз, кызыңыз сизди укпай, жаман жолдорго түшүп жатабы? Анда сиз өзүңүзгө караңыз, өзүңүздөн издеңиз катаны, үй-бүлөдө эмнелер болуп жатат? Эрди-катын ортосунда эмнелер болуп жатат? Балаңызга жакшы сөздөрдү айтып же болбосо бир көйгөйү тууралу сурап жатасызбы? Ал кимдер менен жүрөт, убагында тамактанып, убагында уктап, убагында окуусуна барып жатабы? Эмнелер менен алек, эмнелерге кызыгат? Билүү керек. Үй-бүлөдө тарбиянын жоопкерчилиги биринчи атага байланыштуу. “Ата сырткы тон, эне ички тон  “, атадан бала коркуу керек, коркутуу десе бир жолу эле уруп-согу дегендик эмес, туура жолду, туура максатты түшүндүрүп, өзүнүн үй-бүлөөлүк мыйзамы болуш керек, ушундай кылсаң туура болот, мындай кылса туура болбойт деген тыюулары менен тарбиялаш керек. Эң негизгиси ыймандан баштоо керек тарбияны, адеп-ахлак, сый-урмат, жакшылык кылуу, ата-эне, туугандар, улууларды сыйлоо, жоопкерчиликке бекем болуу ушуларды көп айтып үйрөтүү керек.  А эне балга өз мээрими менен руханий жактан, жакшы сөздөрү, жакшы тамагы, таза кийим-кечесине кароо менен тарбиясын берсе болот. Мына ушунда  гана мөмөңүздүн жемишин алган болот элеңиз.  Баланын жакшысы, ыймандуусу, ийгиликтүүсү эл ичинде алкышка татыктуу болуусу-бул ата-энеге байланыштуу. . . .

Баланы тарбиялоодо дагы бир айтыла турган кеп,  ата баланы урушкан учурда эне эч качан болушпоо керек, анткени бала энесине таянып алат. Эч качан баланы эркелетпөө керек, айтканын кыла бересе ал чоңойгондо укпай билгенин кылып, эч нерсенин кадырына жетпей  ата-эненин шору болот. Кыздын эркеси кайын-журтуна батпас болот, уулдун эркеси  өз башыңа түшкөн таш болот. Мындай көрүнүштөр жашообузда көп кездешет, биздин жашообуздан алынган баласын эрке өстүргөн үй-бүлөө тууралу аз да болсо айтып өтүүнү туура таптым. . .

Бир ата-эненин бир уулу болот. Жалгыз уул деп айтканын кылып, бир да урушпай, каалаганы алып берип чоңойтушат. Бала чоңоюп жогорку окуу жайга да тапшырат, бирок баар жок ушул жерден башталат жашоодо кыйналып көрбөгөн жан окууну да окуп жалчытпайт. Окуусун акча менен бүтүрүп берет байкуш ата-эне. Үйдө андан өткөн бекерчи жок ата-энесин тапканын ичип, кийип каалаган жерине барып ичкенде ичип, чеккенде чегип кээ бир күндөрү үйүнө да келбеген күндөр болот. Мындан ахвалга түшкөн баласын ата-эне үйлөнтүп коюну туура көрдү.  Жакшы кызга үйлөнтүп да коюшту бирок баягы эле үйрөнгөн адат калабы болуп жаш эле ичип, ичкени аз келип аялында сабай баштады, ата-энени такыр укпайт, анткени атанда энеден да коркпойт ошентип тарбия алган. Эмне кылмак бэчара жаш келин тагдыр деп көз жумуп жүрүп эки балалуу болгонунда сезбей калды, таяк жей берип башы ооруй турган болду, бул көрүнүшкө күбө болгон жаш балдарын айтпай эле коёолу, а эне кан басымы көтөрүлө турган болуп, атанын болсо эл ичинде баш көтөрүп жүргөнгө болбой калды.  Эххх, ата-эне балам, балам деп олтуруп ушулбу алганың ыракмат! Эмне болду жашы отузга чыгып чыкпай аракечке айланды аялыда акырында чыдабай кетип калды, бул күйүткө чыдабай байкуш эне өлүп да калды, бирок наадан бала тообосуна кайттыбы жок дагы эле ошо, атасын кыйнап акчасын алат, толоң кылат. Буга чыдабаган ата өз калоосу менен каарылар үйүнө кетип калат, көп өтпөй ата да көз жумду. А акмак бала кайда жүргөнүн эч ким билбейт, бомж болуп кеттиби же өлүп калдыбы эч кимдин кабары жок. Мына бир үй-бүлөө жок болду, буга эмне себеп бул жагына өзүңүздөр сарсеп салып көрүңүздөр?

Мындай үй-бүлөлөр толтура бул бир чети гана. . .

Жакшы үй-бүлө куру үчүн, жакшы тарбия берүү үчүн, өзүбүздүн динбиз акыйкаттуу, адилетүү, таза Ислам дини менен жашоого чакырат элем.  Ислам дини өтө жеңил, туура дин анын ичиндеги мыйзамдар менен жашап тарбиялансак бизде эч кандай адашуу, ажырашуу, бээ баштык, бузулган кыздарыбыз, аракеч балдарыбыз, дубасыз чалдарыбыз болмок эмес. Ыймандуу атадан-энеден жакшы балдар тарбияланып чыгат, бул чындык, “ыймандуу үй-бүлөгө Аллахтын нуру толор, ыймансыз үй-бүлөөгө Аллахтын каары толор”,   “ыймандууну жакшылык, ийгилик, коштоп жүрөт, ыймансызды жамандык, балээ, шайтан колоп жүрөр “. Дин менен жашоодо ыймандын эң негизгилери болгон  сабырдуулук деген бар, биз дин мыйзамында жашасак жашообузда кандай көйгөй, кыйынчылык болбосун, барына шүгүр, жогуна сабыр кылып жашаганды үйрөнөбүз. Бул да балдарга таасирин берет, үйдөн эмнени көрсө бала ошого мюн сунуп, келечекте да өзү ошондой жол менен жүрүп жакшы ийгиликтерге жетишет. Дигиэле адамдын жакшы-жаман болуусу ыйманына жараша болот.

Үй-бүлөнүн жакшы болуусуна Пайгамбарыбыздын үй-бүлөсүнөн, сахабаларга берген тарбиясынан үлгү алып жашообуз керек. Анкени Пайгамбарыбыз Аллах Тааламдын тарбиясын менен алган инсан, бул биз үчүн сыймык жана туура жол. Пайгамбарыбыз башына кандай гана кыйын күндөр түшпөдү баарына сабыр кылды, сахабалары менен кеңешип кыйнчылыктарды, кайгылуу күндөрдү бирге өткөзүп, аягында жеңишке жетти.

Ар бир үй-бүлөдө ыйман болсо коом өзгөрөт, коом өзгөрсө мамлекет оңолот,  мамлекеттин өзгөрүүсү жаштардын колунда жана  ийгилигинде. . .

Насиба Абдуллаева,


January 05, 2016 at 03:16PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.