Halloween party ideas 2015

Мусулмандар арасында тили эле мусулманмын деп жүрөгү күнөө жасап жүргөндөр жок деп айтканга болбостур. Бул тууралу коомдон көп эле кайрылуулар болуп жатпайбы. Мисалга алсак: Намаз окуйт, ширк кылып,бакшы,мазарларга барат,

Намаз окуйт,зына кылат, Намаз окуйт аялын, балдарын сөгүп сабайт,Намаз окуйт ушак,гыйбат,жалган айтат, Намаз окуйт өзүн, көзүн,оозун тыйбайт,Намаз окуйт таразадан ,соодада алдайт, Намаз окуйт зордук зыяан келтирүүчү иштерди кылат.Намаз окуйт арак ичет, Намаз окуйт жүрөгү дүйнө кызыкчылыгы,байлык,мансаптын артынан чуркайт. Мындай инсандарды кандай деп атасак туура болот,мусулманбы? Же чала мусулманбы? Же такыр мусулман эмес деп айтуу керекби? Булар Аллахтын бир парзын аткаргандай болгону менен чоң күнөөлөрдү кылып жатат, Исламда мындай иштер харам амалдарына кирет,бул амалга катуу тыюу салынган, бул амалды Аллах Тааладан коркуп кылбаган адам сооптуу болуп,ал эми кылган адам чоң күнөөкөр болот. Мындайларды Аллах өзү билет эмне кыларын, алардын жүрөгүндө эмне болуп жатканын.

«Аллах жашыруун жана көрүнө эмне иш жасап жатканыңарды билип турат». (16:19)….

Анткени мындай инсандар тили намаз окуганы менен жүрөгү ойгоно элек, Аллах деген улуу Затты жүрөгүнө киргизе элек болот. Намазды эми парз экен окуп койу керек эл катары мусулманмын го деп,же уятко эч болбосо ошону аткарып жүрөйүн башкасын кылбасам деп, эл көрсүн дейби иши кылып окуйт да. Ал өзүн эле алдабастан Аллахты да алдаганын биле гана .Ушундай инсандарга Пайгамбарыбыз хадисинде мындай деп келген..

Абу Хуройра ( Ага Аллах ыраазы болсун) риваятында Пайгамбарыбыз صلى الله عليه وسلم айтты: « Банкрот адам ким экенин билесиңерби? » анан айтышты: «Банкрот адам деп анда Эч кандай Акчасы жок Жана Эч кандай буюму жок адам» анан Пайгамбарыбыз صلى الله عليه وسلم айтты: « Банкрот адам кыямат күнү намазы менен орозосу менен Жана зекети менен келет жанада ошол эле убакта бирөөнү сөгүп койот. Жана бирөөнү жардамсыз таштап койот. Жана бирөөнүн акысын жеп койот. Жана бирөөнүн канын төгүп койот.Жана бирөөнү уруп койот, анан буга жакшылыктарын берет ,тигиге жакшылыктарын берет ,эгер баарынын акыларын берип бүткөнгө чейин жакшылыктары түгөнүп калса анда алардын күнөөлөрү ал адамга жүктөлөт ,андан кийин тозоко ыргытылат»…

«Эгер аны жаман тагдыр кармаса, чыдамсыздык кылат. Жакшы (тагдыр) кармаса кызганчаак болуп калат. Намаз окуучулар гана андай эмес ». (70:20’21’22)…

Анткени, намаз окуучулар жакшылыкта да,жамандыкта да орточо абалда болот,жакшылык болгондо ыраазычылык билдирет,жамандык болгондо сабырдуу болот.

Чындыгында намазды жүрөгү менен окуган инсан жогортогу иштерди эч качан кылбайт, ал билет күнөө экенин Аллах алдындан жооп бере турган күн келээрин.

Мындай окушка, көрүнүшкө эмне себеп болуп жатат?
Себеби ыймандын алсыздыгы,илимдин аздгы, диндин ичиндеги мыйзамдарды билбегендиги ,сабырдын жоктугунан,нафсине баш ийип эркине күчү жетпегендиген болуп жатат.
Ошон үчүн биринчи ыйман келтирүүдөн баштоо,жан дүйнөбүз,жүрөгүбүздү руханий жактан даярдообуз керек.

Ыймандын 7 парзны бекем карману керек.

1. Аллах Тааланын бардыгына жана жалгыздыгына ишенүү

2. Аллах Тааланын периштелерине

3. Аллах Тааланын китептерине

4. Аллах Тааланын пайгамбарларына

5. Акырет күнүнө

6. Тагдырга; жакшылык жана жамандык Аллахтан экендигине ишенүү

7. Өлгөндөн кийин кайра тирилүүгө ишенүү.

Ушулар биздин тилибизде эле эмес жүргөбүздө болсо андай иштерди жасамак эмесбиз.

Эгерде биз Аллах Тааламдын барлыгына,бирлигине ишенгенибизде,ширк,бакшы, мазарларга барып сыйынбайт болчуубуз..
Эгерде Аллах Тааламдын периштелерине,китептерине,пайгамбарларына иншенгенибизде,Аллахтын мыйзамдарын,Пайгамбардын сүннөттөрүн бекем карманып, кылба дегенин кылбай, кыл дегенин кылып моюн сунуп жашамакпыз..
Эгерде биз башыбызга келеген кыйынчылыктар,кайгы -капа,кырсыктар, кубаныч, бактылуулук,жакшылыктар баарын Алладан деп тагдырга ишенгенибизде, баарына көппөй,жогуна чөкпөй сабыр ,үмүт менен дуба кылып жашамакпыз..
Эгерде биз Акырет,өлүмдөн кийин тирилүүгө ишенгенибизде, жүрөгүбүздү күнөөлөрдөн сактап,Аллахтан коркуп жашамакпыз..

« Эй, ыйман келтиргендер! Аллага чын жүрөктөн ыйман тообо кылгыла ». (66:8)..

«….барыңар Аллага тообо кылгыла ийгиликке жетээрсиңер ». (24:31)…

Эгер билсек адамдын бактысы ыймандуулукта. Анткени ыймандуу адам жакшылкка шүгүр кылат, кыйынчылыкка сабыр кылат,өзүн күнөөлөрдөн сактайт,Аллахтын кыл дегенин кылып,кылба дегенине моюн сунат. А эгер күнөө кылса Алладан күнөөлөрүн кечирүүсүн сурайт.

Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салават саламдары болсун) айтты: «Ыймандуу адамдын абалы ушунчалык таң калаарлык. Чындыгында анын бардык кылган иши жакшылык. Мындай (артыкчылык) ыймандуу гана адамга берилген . Эгерда ага сүйүнчү жетсе Аллахка шүгүр кылат,бул ал үчүн жакшылык. А эгер кыйынчылык кабылса ага сабыр кылат, бул да ал үчүн жакшылык ». (Сахих Муслим) .. А мындай татыктуулук ыймандуу гана адамга берилген..

Эч бир адам: «Мен күнөөдөн тазамын »деп айта албайт, биз инсандар унутчаак,тез адашып,тез ката кылуучуларданбыз,ар бир адам билип -билбестен күнөө кылат. Бирок жүрөгүндө ыйманы бар адам башкалардан өзгөчөлүгү -күнөө кылса өкүнүп Аллага кайтат,тообо кылат. Бул дүйнөгө бардык инсандар сыноо үчүн жаралган. Бирок адамдардын ыймануу күчтүүсү ,эрктүүсү гана күнөөгө туруштук берет. Ал эми күнөөкөр адам-эрксиз, алсыз адам ,өз эркин башкара албайт,өзүн күнөөдөн тыяалбайт. Ал күнөөгө баткансайын жашоосу артка кетип, ырыскысы кемип,жан дүйнөсү тарыйт.
Ошондуктан кел мусулман бир тууганым, Аллахтын барлыгына, өкүмдөрүнө кайдыгерликте карабай чын жүрөктөн,чын ыклас менен аткаралы. Бул жарыктыкта адам деген толтура, а адам болуп жашгандар аз санда. Адамдын адам болуусуна ыйман керек, сабыр керек. Илимге да,ийгиликке да,бактылуулука да,кыйынчылык, кайгы -капага да жашообуздун тынчтыгына да эң негизгиси Сабыр,Сабыр Сабыр керек.
Маймун ибну Махран айтат: «Бардык иштин арты сабырдуулук менен бүткөндөн башка жакшы нерсе жок».
Умар ибнул -Хатаб (Ага Аллах ыраазы болсун) айтат: “Сабырдуулукта эң жакшы жашоо бар экенин сездик “.
Дагы бир сөзундө: “Эң жакшы жашоо сабырдуулукта. Эгер сабырдуулук эркектерде болгондо анда алар жоомарт болмок “.
Али ибну Абу Талип (Ага Аллах ыраазы болсун) айтат: “Денеде баштын ролу кандай болсо, ыйманда да сабырдын ролу ошондой болот. Эгер башты кесип салса дене өлөт “. Деп айтканда соң Али (Ага Аллах ыраазы болсун) үнүн катуу көтөрүп: “Сабыры жоктун ыйманы жок “.

Мына туугандар чынынгы мусулман болуу үчүн ыйманга кошо сабыр кылууну үйрөнүү керек. Аз болсо да илим алуу керек,ыймандуулук артат, өзгөчө Исламий китептерди көп -көп окуганда. Эң башкысы окуп эле койбой,амал кылууда кеп. Аалым,устаздардын ауидо,видеолорун көп -көп көрү керек. Азыркы заманда шылтоо жок ,интернет деген чеги жок кермет дүйнөсү бар, чынында аны туура пайдаланса, каалаган инсан ыйманын бекемдөө үчүн баарын тапса болот.Куран окугуң келсе кыргызчасы,арапчасы,хадистер да толтура, болгону биздин калообузда. Бир хадис,же бир аятты жаттап ошого амал кылсаң ушул да илимдин мөмөсү. Өзүбүздүн эле группаны айталы, күндө келген ауидо,видео,динний макалалар ошого көңүл койуп, маанисине ой жүгүрткөн болсок ,жүрөгүбүзгө жайгаштырган болсок күнөөлөрдөн,адашуулардан алыс болмокпуз. Амал кыл бир тууганым бир хадис, аят уксаңда бул сенин жеңишиң,бакытың болот…Аллах Таалам күнөө кылгандарды кечирип,Өзү туура жолго салсын,ыймансыздардын жүрөгүнө ыйман нурун толтурсун,адашкандарга хидаят берсин ,кыйынчылыкка,кайгы -капа, оору сыноосундарга сабыр жеңилдик берсин,кылган амалдарыбызга берекесин берсин,күнөөлөрдөн өзү сактасын Омииин!!! …


January 19, 2016 at 12:56PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.