Halloween party ideas 2015


“Кыз кезинде баары жакшы, жаман аял кайдан чыгат” демекчи, башында баары сонун башталгандай болот. Анан эле ортодогу мамиле солгундап отуруп аягы үй-бүлөнүн экиге ажырашы менен бүтөт. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, көпчүлүк ажырашууларга аялдар күнөөлүү экен. Төмөнкү турмуштук жөнөкөй эрежелерди жадыңызга сактап алып жашооңузда колдоно жүрсөңүз, балким, ажырашуулардын саны бир азга
болсо да азаяр.

  1. Аялдын сырткы келбетине көңүл бурбашы. Сиздин 90-60-90 келбеттүү, ай десе аркы жок, күн десе көркү жок укмуш сулуу периште болушуңуздун бул жерде кажети жок. Жолдошуңуз сизди тандап сизге үйлөндүбү, демек, сиз анын табитине туура келесиз. Эми сиздин милдет – аны сырткы келбетиңиз менен иренжитип албоо. Сиздин таралбаган чачыңыз, ичине кир толгон тырмактарыңыз, качан болсо кир халатыңыз менен жүдөп жүрүшүңүз күйөөңүздүн сизге болгон кызыгуусун азайткандан азайтып отурат. Ошол эле учурда жасалма тырмак менен кирпик, бетиңизге коюлган ашыкча упа да эркектерге жакпайт. Болгону өзүңүздү таза, тыкан алып жүрүп, табигый сулуулугуңузду сактаганга аракет кылыңыз.
  2. Аялдын ашканадан алыстыгы. Ар бир эркек даамдуу тамактанганды жакшы көрөт. Эгерде сиз “ашкана мен үчүн эмес” деп эсептесеңиз, жолдошуңузга даамдуу тамак жасап бергенден эринсеңиз, жолдошуңуз тамакты жакшы жасаган башка аялды издей баштайт. Сизди эртеден кечке ашканада болууга эч ким мажбурлабайт. Болгону бир нече даамдуу тамактардын даярдоо жолун үйрөнүп алып, аларды кезеги менен жасап берип жолдошуңуздун көңүлүн алыңыз.

  3. 3. Аялдын күйөөсүнө кайдыгер болушу. Эгер жолдошуңуз сиз үчүн кымбат болсо, анын досуна айланыңыз. Жумушуна, жумуштан тышкары эмне менен алек болуп жатканына кызыгыңыз. Бул жаатта аны колдоңуз, керек жерде кеңеш бериңиз, аны менен бирге кубанып, кайгырчу жерде кайгыра билиңиз. Бирок аны кайра тарбиялайм деп убара болбоңуз, жолдошуңуз кандай болсо, ошондой кабыл алууга үйрөнүңүз. Эркектерге таптакыр жакпаган нерсе – анын кемчилигин баса белгилеп, достору же дагы башка эркектер менен салыштыра берүү. Тескерисинче, сиз үчүн ал эң акылдуу, эң сулуу, эң күчтүү экенин тажабай кайталай берсеңиз, жолдошуңузга бул майдай жагат да, сизден бир кадам эч жакка кетпейт
  4. Эркектин эркиндигинин чектелиши. Үй-бүлөлүк жашоо –түрмө эмес. Ар бир адамдын жеке өзүнө таандык эркиндиги болууга тийиш. Жолдошуңуздун ар бир кадамын көзөмөлдөгөнгө аракет кылбаңыз. Ар күнү кечинде анын телефонун чукулап текшерип, почтасына уурданып киргенди адат кылбаңыз. Туугандары, достору менен катышуусуна чек койбоңуз. Мына ушундай катуу көзөмөлгө туш болгон эркек сизден суурулуп чыгып, эркиндикте жашоону эңсеп калат.
  5. Аялдын ишкерлиги. Эгерде ал альфонс эле болбосо, көпчүлүк эркектерди бизнес-ледилер чочутат. Карьераңызды жасаңыз, бизнес менен алек болуңуз, сизге эч ким чек койбойт. Бир гана үйгө келгенде кадимки аял экендигиңизди унутпаңыз. Кандай гана эркек болбосун, ал үйдө кожоюн, башчы болууну каалайт. А жумуштагы адатыңызды кармап үйгө келгенде күйөөңүздү башкара берсеңиз, ал сизден бат эле тажап кетет. Анан да өзүн керексиз сезген эркектин таарынычы менен иренжүүсү бара-бара ажырашууга жеткирет. Муну менен катар аялынын өзүнөн көп акча тапканы да эркекте ыңгайсыздыкты жаратат.
  6. Аялдын даттана берүүсү. Даттанган аялды бир дагы эркектин жини сүйбөйт. Күйөөңүз жумуштан келери менен кабагыңызды карыш салып маселелерди айта баштасаңыз, дароо эле анын маанайын түшүрөсүз. Сиздин мындай тажатма даттанууларыңызды уккусу келбеген жолдошуңуз үйдөн качып кеч келүүнү адат кылат, анан бара-бара таптакыр алыстап кетет.
  7. Аялдын ашыкча талапчылдыгы. Күйөөңүз сизге эч нерсе карыз эмес. Андан эч нерседен кем кылбай багуусун талап кылып өзүңүздүн кол куушуруп отура бергениңиз туура эмес. Эгерде ал адамды сүйсөңүз, жаркын келечек үчүн чогуу аракет кылышыңыздар керек. Кыялдарыңыздын баарын жалгыз иш жүзүнө ашырууга караганда ага биротоло сизден кутулуу жеңилирээк сезилет.
М. К

Отправить комментарий

Технологии Blogger.