Halloween party ideas 2015

“Ыйман жан дүйнө азыгы” программасынын бул чыгарылышында “Ыйман жана ишеним” тууралуу кеп курдук. Студиябыздын коногу дин аалымы Молдо Сабыр Досбоол уулу болду.

Акыйда маселеси мусулманга суудай керек

– Ишеним жана ыйман деги эле барып “акыйдага” такалат. Кишинин ишеними да бир нерсеге байланып турбаса өзүнчө башаламан кетип калат же каалаган кишисин ээрчип кетет. Ошон үчүн акт бул байланган деген мааниде келет. Акыйда маселеси мусулманга өтө зарыл, суудай керек илимдердин бири. Жаратканга болгон көз карашы жана Жараткандын ким экендиги жөнүндөгү маалыматты акыйда деп айтат. Өзгөчө Кудай жөнүндө ар түрдүү маселелер болсо акыйда болуп эсептелет. Акыйда түшүнүгү өтө терең маселе. Муну “илмуль кальам” деп да коёт. Бул жалаң ой-пикир, акыл жана сөзгө байланышкан. Акыл-эстин, сөздүн күчү менен башка бир адашкандарды жыга билсе ошону акыйда деп айтат.

Пайгамбарыбыздын доорунда акыйда маселе болгон эмес

– Пайгамбарыбыздын жана сахабалардын доорун алтын доор деп айтабыз. Ошол учурда акыйда жөнүндөгү талаш-тартыш маселелер деги эле ал учурда көтөрүлгөн эмес. Себеби кандай маселе болбосун заматта чечилип турган. Аларга каршы сүйлөгөңдөр кара киши деп эсептелген. Акыйда тууралуу Пайгамбарыбыз мужиза хадистеринин биринде “менин үммөттөрүм 73кө бөлүнөт. Анын 72си адашкандар. Бир бөлүгү гана бейишке кирет” деген. Пайгамбарыбыздын көзү өткөндөн кийин таба-табеиндердин заманында акыйда маселеси өтө опурталдуу талаш-тартышка айланып, башка исламдын душмандары да өз ойлорун киргизишкенге аракет кылышкан.

Акыйда боюнча бир тайпа гана туура

– 73 тайпанын бирөөсү туура деп айтып кеткенден кийинки уламалар жана аалымдар мына ушул бир тайпа жөнүндө изилдеп, кайсыл ушул дегенде Пайгамбарыбыз өзү адегенде айтып кеткен. Мен жана менин сахабаларым жүргөн жол деп. Демек бир туура жол ошол. Алардын көзү өткөндөн кийин ар түрдүү өзгөрүүгө жол ачылат дагы, муну нукура ошол жолду сактап калыш үчүн биринчи кезекте Абу Ханифа аракет кылган. Ал биринчилерден болуп акыйда китебин жазып, андан кийин анын шакирттери жылдан жылга азыркы күнгө чейин эмгегин улантып келе жатышат.

Аалымдардын милдети…

– Өкүнүчтүүсү бул пенде. Исламда сөз эркиндиги бар. Ислам эч качан бирөөнүн оюна, бирөөнүн сөзүнө чек койбойт. Ошондуктан өкүнүчтүүсү биздин заман эмес, ошол эле сахабалардын дооруна жакын таба-табеиндерди көргөн кишилердин арасында ар түрдүү пикирлер чыккан. Аны биз кабыл алабыз. Бул сырткы душмандардын аракети деп. Бирок туура эмес кирип калган ой-пикирди, көз карашты алып таштоо андан тазалаш аалымдардын милдети болгон. Ошондуктан аалымдар аракет кылып иль-муль акыйданы түзүшкөн. Ким ушуда түз жүрсө ахли сүнна аль жамаа, эгер андан кыйшайып кеткен болсо анда башка тайпага колушат деп билебиз.

Автор: Илгиз Жамалбеков

January 04, 2016 at 02:59PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.