Halloween party ideas 2015

Баткен облустук мусулмандар казыятына караштуу Кызыл-Кыя шаардык хатибияты коомчулукту жакшылыкка үндөп, жамандыктан кайтаруу жана элибизге туура диний маалыматтарды жеткирүү максатында жергиликтүү “ЮТС” телеканалы менен жети жылдан бери кызматташып келет. Аптанын жума күндөрү “Дин жана Инсан” телеберүүсү эфирге чыгарылат. Телеберүү аркылуу коомчулукту ыймандуулукка, адептүүлүккө, биримдик, тынчтыкка чакырган ошондой эле Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы жана облустук казыят тарабынан берилген буйрукка ылайык темалардын алкагында баяндар айтылып келет.
“Улуттардын арасында биримдикти, тынчтыкты, сакттоодо жана ар кандай терс көрүнүштөрдү алдын алууда жалпыга маалымадоо каражаттарынын орду чоң. Мына ошондуктан жети жылдан бери “ЮТС” телеканалы менен тыгыз кызматташып келебиз, 2016-жылдан тарта “ЮТС” телеканалы жана облустук казыяттын маалымат кызматы менен биргеликте жаңы пландарды ишке ашыруу максатыбыз бар”,- дейт Кызыл-Кыя шаарынын баш имам хатиби Мукаддас ажы Кожониязов.
“ЮТС” телеканалында “Дин жана Инсан” теберүүсүн эфирге даярдаган Азат Айткуловдун айтымында бул программа ал телеканалга кызмат ордуна келгенге чейин эле эфирге чагылдырылып келген. Албетте коомчулук күтүп көргөн маанилүү, пайдалуу телеберүү деп эсептейм,- дейт өз сөзүндө.
Ал эми “Дин жана Инсан” телеберүүсүнөн сырткары Кызыл-Кыя шаардык хатибиятынын жаңылыктарын коомчулуктун көнүлүнө жеткирүүдө ЮТС телеканалы жакындан кызматташып келет.

Маалымат: Баткен облустук мусулмандар казыятынын маалымат кызматы

 


January 09, 2016 at 01:35PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.