Halloween party ideas 2015

-Баш кошконубузга 6 жыл болду. Балалуу болбодук. Догдурга барсак, күйөөмдүн проценти аз экен. Билдирбей башкадан төрөп алсам күнөө болобу? Жалал-Абад, Айжамал

-Бул кечирилгич күнөөлөрдөн болуп эсептелет. Андай кылбаңыз. Бала зынадан төрөлүп калып, баланын тагдырына балта чабат. Алла Таала кимге кааласа бала берет, кааласа эгиз кылып берет, бербей да коюшу мүмкүн. Тагдырга бой сунууга туура келет. Кудайдан сураныңыздар. Медициналык жактан текшерилип, айыгуунун аракетин кылыңыздар.

-Каза болгон орозону сөзсүз кармаш керекпи? Мен намаз, орозону 33 жаштан баштадым. Азыр жашым 47де. Балагатка 15 жашымда жеттим. Канча жыл орозо кармашым керек, эсептеп бериңизчи. 077891…

-Орозо, намаз биздин акыретке чейинки карызыбыз. Аткарып калышыбыз керек. 18 жылдын орозосун кармап беришиңиз керек экен. Каалаган убакта тутуп берсеңиз болот.

-Каза намазын окуп бүтмөйүнчө сүннөт, нафил намаздар кабыл болбойт деген чынбы? 077891…

-Кабыл болот же болбойт деген түшүнүк жок. Биринчи каза намаздарды окугандан кийин нафил намаздарды окусаңыз болот. Себеби нафил ыктыярдуу, карыз намазды окуу милдет.

-Дауд а.с.дын орозосун кармаганга ниет кылдым. Сообу кандай? Же биринчи кармабай калган орозолорумдан кутулайынбы? 

-Биринчи карыз орозолоруңузду тутуп берсеңиз жакшы болот. Дауд алейхисалам бир күн орозо кармап, бир күн орозо кармабай жүргөн адам болгон. Мунун сообу чоң.

-Киоскам бир жылда 3-4 жолу тонолду. Жанындагы мекемени кайтарган күзөтчү балдар тоногонун сезип турам. Милиция таба албайбыз деп койду. Мен балдарга барып бир ооз эскертейин, болбосо Аллахка дуба кылайын. 077891…

-Туура эле кыласыз. Кудайга жакпаган иш, мындай жаман иштен кайткыла дегендей эскертүү айтып коюңуз. Болбосо Кудайга салыңыз.

-Китепти карап намаз окуса бузулабы? Каза намазды кантип чогуу окуйт?

-Тезирээк жаттаганга аракет кылуу керек. Улам жаттаганын кошуп окуп турса болот. Намаздар качантан бери каза болгонун билбей калган болсоңуз каза намазды окуп баштаган күндү жазып коюп, күн сайын бир күндүк намаздын казасын толук бүтүрүп, ар бир намазда “эң алгачкы намаздын казасын окуганга ниет кылдым” деп окулат. Чогултуп окуп койсоңуз да болот.

-Жашым 48де. Жолдошум мага намазга жыгылганга уруксат бербей жатат. Өзү күндө даарат алат, ниет коёт. Мен болсо күндө зикир чалам. Сизди сыйлаган Шайыр

-Алла Тааланын ибадатынан тыйганга эч кимдин акысы жок. Күйөөңүздөн сурабай эле окуй берсеңиз болот. Ал тосо турган болсо кыяматта эки адамдын күнөөсүнө жооп берип калат. Китептерди алып окуп, тезирээк намаздарды баштаңыздар.

-Сүрөткө түшсө акыретте катуу жоопко тартылат деп укканмын. Бул сөздү пайгамбарыбыздын сүннөтү менен жашаган устазымдан укканмын. Телевизор дагы көрбөйт. Мусулман пенде биринчи акыретке даярданышы керек го. 077059…

-Пайгамбарыбыздын сүннөттөрүнө баш ийип жашоону Алла Таала баарыбызга насип кылсын. Зарылчылык болгондо сүрөткө түшсө болот. Ал эми адамдын сүрөтүн колдо тартууга хадисте тыюу салынган.

-Жолдошум каза болгонуна 7 жыл болду. Ошондон бери бир адам менен байланышта болуп жүрөм. Никебиз жок. Анын аялы, балдары бар. Канткенде күнөөлүү болбой калабыз? Гуля

-Бул зына эсептелет. Чоң күнөө. Тездик менен Кудайдан кечирим сурап, мындай жолго барбаңыздар. Мүмкүн болсо нике кыйдырып алыңыздар.

-4 жылдан бери апам ооруйт. Бир бөйрөгү жок. Быйыл тынбай дары, укол алып жатат. Бирөөлөр бакшыларга караткыла дешет. Молдолорго окутсак болобу? 077387…

-Бакшыларга таптакыр жолобогула! Кудайдан калбаңыздар. Күндө берип жаткан дары-дармегин колдоно бериңиздер. Молдолорго дем салдырып койсоңуздар болот. Бул пайда болот, эч зыяны жок.

-Менин курбу кыздарым жахаба деген уюмга кирип кетишкен. Аларга туура эмес экенин айтсам, мага Насип сүрөсүндө адашкандар (мусулмандарды) Тоорат, Инжилге кайрылгыла деп жазылган деди. Мен аны Кураны-керимден таппадым. Кандай жардам берсек болот? Жахаба жөнүндө маалымат бере аласызбы? 077771…

-Бул адамдар ойлоп тапкан дин. Буга ишенгендер каапыр болот. Кудайга салып коюңуз, Кудай өзү ыйман берсин. Негизинен алар дин издегендер эмес, акча талап кылгандар. Баргандарга акча төлөйт, тамак, ун, буудай берет. Аларга түшүндүрүүнүн аракетин кылбай эле коюңуз.

-Мен аялыма үч талак бердим. Кайра жарашуу үчүн аялым бир киши менен жатышы керекпи? 055225…

-Бир киши менен жатышы керек эмес, башка киши менен толук кандуу никеге турушу керек. Эгер аны менен да турмушу тайкы болуп, ажырашып кетсе, арадан 3 ай өткөн болсо, анан экөөңөр кайрадан нике кыйдырып жарашып алышыңар мүмкүн. Жөн эле бирөө менен жатып чыга калып, кыска убакыттын ичинде кайра күйөөсүнө келип ала тургандай оңой нерсе эмес. 3 талак алган аялдын күйөөсү менен жашаганга укугу калбай калат.

-Намаз окуганда оюм кыздарда болуп калат. Ошондо намазым бузулбайбы? 055225…

-Намаз окуганда кыздарды ойлоо туура эмес. Мындай намаз кемчилик менен намаз деп эсептелиши мүмкүн. Намазды Кудай үчүн, берилип окуш керек. Алла мени көрүп турат, угуп турат деген сезим менен окуш керек.

-Күйөөсүнүн, туугандарынын жаман жактарын айтса күнөө болобу? +770516…

-Ушактаган болсо, күнөө болот. Негизи адамдардын кемчиликтерин өзүнө айтып эле оңдогон жакшы.

-Шам намаздын казасы куптанга чейинби же андан кийин окулабы? Тойчу

-Каза намаздын убактысы белгиленген эмес. Макүрү эмес убакыттардан башка убакта окуй берсе болот.

-Намаз окуп бүткөндөн кийин жер бетиндеги пенденин баарына тынчтык, ж.б. тилеп, акырында өзүнө сурайбы? Душманды эмне деш керек? +770516…

-Баардык мусулмандарга жакшылык тилеп, анан өзүнө да тилесе – бул дубанын адеби болуп эсептелет. Душманга ыйман тилеш керек. Душмандан бизди коргогун деп тилеш керек.

-Өзбекстан жараны болуп Ислам институтунда окуса болобу? Эгер болсо жардам бере аласызбы? 

-Кыргызстан Ислам университетине кайрылып көрсөңүздөр болот. Алардын шарттарын өздөрүнөн кеңири сурап аласыз.

-Куйкаланып союлган кой, эчкинин эти арам болобу? 077226…

-Эгерде башында “Бисмиллахи аллоху акбар!” деп бычак тартып, сойгон болсо адал болот. Ал эми ушинтип союлган жандыкты куйкалап бышырганга карата көрсөтмө жок. Таппай жатам.

-Намаз окубай, орозо тутпай каза болсо 5-10 жыл болсо да каза болгонуна фидия бериш керекпи? Жылына канча берет? +770516…

-Картайып, оорулуу болуп калган карыялар кармай албай калган орозолоруна фидия беришет. Ал эми жаш болуп туруп орозону каза кылган болсо казасын кармап берет.

-Аср намазын шам намаздын убактысы келгенче окусак болобу? Рангүл

-Аср намазын күн батып кеткенге чейин окуп алса боло берет.

-Шариятта процентке акча алуу болбойт дешет. Мен үйүмдү ипотекага алгам. Ал кандай? 077880…

-Ипотеканын да шарттарын карап көрүш керек. Берген акчаны үстөгү (проценти) менен алса арам болуп калат. Кайсы бир буюмду сатып карызга бир канча жылга бөлүп берген болсо дурус болот.

-Мусулман айынын календарын түшүндүрүп бериңизчи. 077047…

-Айдын чыгуусу жана батуусу боюнча эсептелет. Ай календары боюнча биринчи түн келет. Ай 29 күн же 30 күн болот. 28 же 31 болбойт.

-Исламда кыз-жигит болуп жүрүү жок экен. А менин жигитим бар. Аны менен кучакташып, өбүшкөм. Күнөөмдү кантип жууйм? 055891…

-Мындан кийин кыз-жигит болуп жүрбөңүз. Нике кыйдырып алгыла. Намаз окуңуз, Кудайдан кечирим сураңыз. Кайра андай жолго барбаңыз. Иншаллах Кудай кечирет.

-Кызымдын аты Тахмина. Өзгөрт, мааниси жок деп айтып жатышат. Тынчсызданып жатам. +770286…

-Аттын мааниси жаман болбосо өзгөртүүнүн кажети жок.

-Жолдошум акыркы убакта аябай өзгөрүп кетти. Түндөп-күндөп эле достору менен ичип жоголуп кетет. Келгенде сурасам уруш чыгат. Эртеси да бири-бирин чакырышып, улантышат. Досторунун аялдары мага “сенин күйөөң балдарды саунага алып барып жүрөт экен” дешти. Ажырашып балдарымды жетим кылгым келбейт. Бирок ар кандай сөздөрдү угуп жүрөгүм ооруйт. Үй-бүлөмдү сактай аламбы же ажырашканыбыз оңбу? Ажырашсам балдарымдын убалы кимге? Канткенде күйөөмдүн жүрөгүнө ыйман кирет? Намаз окубайсызбы десем, убагы келгенде окуйм деп коёт. 077886…

-Дароо эле ажырашып кеткенге шашпаңыз. Туугандарына, дин кызматкерлерине кайрылып, кеңешип, ыйманга чакырганга аракет кылып көрүңүздөр. Алла ыйман берсин.

-Кыз киши башка эркек менен “Ассалому алейкум!” деп учурашса болобу? 077869…

-Болот.

-9 жашымдан бери намаз окуйм. Азыр 16дамын. Мага ылайык каякта, кандай медреселер бар? 077963…

-Ислам университетинде аялдар үчүн окуулар өтүлөт, Манас аба майданы жакта 20-хутор медресеси бар, Ошто да бар. Окууну бүтсөңүз, кабыл алуу мезгилинде тапшырып көрүңүз.

-Үйдө жалгыз мен намаз окуйм. Жолдошум, апам, атам такыр намазга жыгылышпайт. Жүрөк менен Кудай деш керек деп айтышат. Менин да ыйманым качып, көп каза кылчу болдум. Турмушка чыкканыма 6 жыл болот. Башымдан жоолук түшпөйт. Чачым аябай түшүп жатат. Атамдын көзүнчө үйдөн жоолукту чечсем болобу? Мен чач тарач болуп иштейм. Бул сооппу же күнөөбү? Жолдошумдун чачын мен алам. Болобу? Дааватка чыккым келет. Жолдошумду кыйнап алып чыксам кайын журтум жаман көрөт деп корком. Мажбурласам болобу? Айзада

-Намазды каза кылбаңыз, Алла хидаят берсин деп тилек кылыңыз. Атаңыздын көзүнчө жоолукту артка алып салынып алсаңыз болот. Чач тарач болсо болот. Күйөөңүздүн чачын алсаңыз болот. Албетте, дааватка чыксаңыз жакшы. Бирок, аны мажбурлоо жолу менен эмес, кызыктыруу жолу менен көндүрүңүз.

-Мага кайнагам аялы экөө аябай өч болуп, элге ушак таратышат. Кайнагам аялына болушуп, ата-энесин сөгүп тилдейт. Ушуга тескери дубалар барбы? Тажадык. 

-Шариятта эч кандай тескери дуба жок. Пайгамбарыбыздын хадистеринде “ким сага жамандык кылган болсо сен ага жакшылык кылгын” дейт. Кыргызда да “таш менен урганды аш менен ур” дейт. Жакшылык кыла бериңиз.

-3 рекет витир намазында Кунут дубасынын ордуна Куль дубасын окусам болобу? Жаттай албай жатам. 077116…

-Витир намазын Кунут дубасы менен окуш керек. Анын мааниси ушунда. Боло берет деп коюу шарияттын тартибин одоно бузгандык болуп калат. Жаттаганга аракет кылыңыз.

-Көп имамдар жооп бере алышпайт. Бизге Алла жөнөткөн Куран китеп улукпу же Алла берген ырыскы нан улукпу? 055115…

-Бул туура эмес суроо. Муну суроо кылып молдокелерге узатып келишет. Ар бир нерсе өз алдынча ыйык. Нанды Кудай ырыскы кылып берген, ошон үчүн ыйык. Куранды бизге атайын жашообузга көрсөтмө кылып, эреже кылып түшүргөн. Ошол жагынан ыйык болуп эсептелет. Дагы бир жагы, Куран макулук эмес, нан макулук. Нан Алла жараткан нерсе болсо, Куран Алланын затынан ажырап чыккан нерсе, макулук эмес. Ушул жагынан салыштырганда Куран улук болуп чыгат. Албетте, Куран китептин кагазы, сырты, сыя жазуулары макулук. Ал эми Курандын заты макулук эмес. Кайсыныкы улук деп сурагандын ордуна Курандын, нандын акыйкаты кандай, даражасы кандай деп сураса туурараак болот.

“Тамчы”


January 08, 2016 at 05:35PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.