Halloween party ideas 2015
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Баарыңыздарды Ыйык Курбан Айт майрамы менен куттуктайбыз!

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин демилгеси менен 1-сентябрь — Курбан Айт майрамынын урматына жана Билим күнүндө шаардагы коомдук транспорт (автобустар жана троллейбустар) шаардыктарды жана меймандарды ошондой эле мектеп окуучуларын АКЫСЫЗ ташыйт.

Айтыңар маарек болсун! Ошко келип бекер автобустун берекесин көргүлө!

Запись Ош шаарындагы коомдук транспорттор Курбан айт күнү элди акысыз тейлейт. впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Демейде биз инсандар жакшы жашоо, жеп -ичүү, кийинүү үчүн жаралгандан тээ өткөнгө чейин жашоо менен күрөшүп, аракет кылып тырмалап,күндүн суугуна, ысыгына карабай кыштын камын жазда көрүп, ар ким өз эмгеги,мээнети менен кампасын толтуруп, жашоо менен алышып өмүрүбүз кандай өткөкүн да сезбей калабыз. Өкүнүчтүүсү бул зор түйшүк мээнеттер бул дүйнөдө эле калып,убактынча аз гана өмүрүбүзгө пайдасын берип өлөөрдө күл болоору өкүндүрөт! Өлүм хак дегендей узаак болгон акырет сапарына ар бир жандын кетээри чындык. Биз менен кошо кете турган,коргой турган,сактай турган бир гана сооп амалдарыбыз гана болот. Акырет бейиши үчүн Аллах Таалам пенделери үчүн чексиз ырайымы, мээрими менен соопторду жыйып, түбөлүк жашообуз үчүн кампаларыбызды толтуруп алуубуз үчүн бир жылда бир келүүчү мусулмандардын көптөн күткөн Курбан айт майрамын,зульхижжа айынын он күнүн,анын ичинде улуу күн арафа күндөрүнө өзүнүн сан жеткис сооп -сыйлыктарын тартуулады. Ким бул мүмкүнчүлүктү пайдаланган болсо пайдаланды, пайдаланбагандар көптөгөн жакшылыктар,сооптордон кур калды…

Арафат күн – Аллахтын алдындагы эң улуу күндөрдүн бири. Анткени бул күн – күнөөлөр кечирилип, Тозоктон куткарыла турган күн. Ошондой эле ушул күнү Аллах Таала периштелерге Арафатта турган пенделерин айтып сыймыктанат. Бул туурасында Аллахтын Элчиси мындай деп айткан:
«Аллахтын алдында Арафат күнүнөн да улугураак эч бир күн жок. (Ошол күнү) Аллах дүйнө асманына түшүп, Жердеги жашоочуларды айтып асман ээлерине (периштелерге) сыймыктанат. Аллах айтат: «Менин пенделеримди карагылачы! Алар чачтары жүдөгөн, денелери чаң баскаң, (тальбия айтып) кыйкырышып Мага келишти. Алар алыскы жолдордон келишти. Алар Менин ырайымымды каалашат, а бирок Менин жазамды көрүшкөн эмес. Арафат күнүндөгүдөй Тозоктон куткарылган эч бир күн болбойт». (Сахих Ибну Хиббан)..

Аллах Таала Куранда Арафат күнү менен ант берген. Бүткүл улуулуктун Ээси болгон Аллах Таала улуу нерсе менен гана ант берет. Мына ошол күбөлүккө өткөн улуу күн – Арафат күнү. Аллах Таала айтты:
«Күбө болуучу жана күбөлүк кылынган менен ант!». Бурууж сүрөөсү (85:3)
Аллахтын Элчиси айтты:
«Убадаланган күн – Кыямат Күнү, күбө кылынган күн – Арафат Күнү, ал эми күбө болуучу күн – Жума күнү…». (Тирмизи)
Ошондой эле Арафат күнү – Куранда Аллах Таала ант берген так күн.
«Жуп жана так менен ант!». Фажр сүрөөсү (89:3)
Ибну Аббас аяттын тафсиринде: «Жуп (күн) – бул Курбан Айт күнү, ал эми так (күн) – бул Арафат күнү»,– деп айткан.

Арафат күнү Аллах Таала Курандын бул аятын түшүргөн:
«Бүгүн Мен силерге диниңерди толук кылдым, силерге нээматымды толук бердим жана силерге Исламдын дин болушун кааладым». Маида сүрөөсү (5:3)
Бул аяттын улуулугун жөөттөр дагы түшүнүшкөн. Күндөрдүн биринде алар Умар ибну Хаттабка: «Эй, мусулмандар! Китебиңерде айтылган бир аятты силер дайым окуйсуңар. Эгерде ошол аят бизге түшкөндө, анда биз ал күндү майрам кылмакпыз»,– деп айтышат. Умар алардан: «Ал кайсы аят?»,– деп сурайт. Алар: «Бүгүн Мен силерге диниңерди толук кылдым, силерге нээматымды толук бердим жана силерге Исламдын дин болушун кааладым»,– деген аят деп жооп беришет. Ошондо Умар, радыяллаху анху, аларга карап мындай дейт:
«Аллахка ант болсун! Мен ал аяттын кайсы күнү, кайсы убакта, кайсы жерде түшкөнүн жана ошол кезде Аллахтын Элчиси кайсы жерде болгонун анык билемин. Бул аят биз Арафатта турганда Аллахтын Элчиси хутба кылып жатканда түшкөн».
Мына ошол күнү Аллах Таала Өзүнүн динин толук түшүрүп бүтүргөн. Анткени мусулмандар ага чейин Ажылык ибадаттарын аткарышчу эмес. Ошол жылы ажылыктын парз кылынышы менен Исламдын негиздери толукталган….

Арафа күнүн пазилеттер..

4) Арафат күнү тутулган орозо эки жылдык күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот. Бул туурасында Пайгамбарыбыз мындай деп айткан:
«Арафат күндүн орозосу өткөн жана келерки жылдагы күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот деп Аллахтан үмүт кыламын». (Ибну Хиббан)..

«Арафа күнү орозо кармаган адамга Адам алейхиссаламдан Сур’а үйлөгөн күнгө чейин жашаган бардык адамдардын эсеби канча болсо андан эки эсе көп сооп жазылат.»(Р. Насыхин)

«Арафа күнү кармалган орозо миң күн [нафил] орозого барабар.» (Табарани)

«Арафа күнү кармалган орозо эки миң кулду азат кылууга, эки миң төөнү курмандыкка чалууга жана Аллахтын жолунда жихад үчүн берилген эки миң атка барабар.» (Т. Гафилин)

«Арафа күнү кармалган орозо өткөн жана келерки жылдын күнөөлөрүнө кафарат болот.»(Муслим) [Б.а., Арафа күнү кармалган орозо өткөн жана келерки бир жыл ичинде кылынган тооболордун кабыл болуусуна себеп болот.]

«Арафа күнү[Бисмиллах менен]миң Ихлас окуган адамдын күнөөлөрү кечирилип, дубасы кабыл болот»(Абу-ш-ш)

«Шайтан Арафа күнүнөн башка заманда андан да жаман, маскара, пас жана кектүү көрүнбөйт.»(И. Малик)

«Аллаху таала Арафа күнү кымындай ыйманы бар адамды кечирет.»Гунйа)

«Арафа түнү ибадат кылган адам Тозоктон азат болот.»С. Абадиййа) (Ибадат катары илим үйрөнүү эң пайдалуусу. Илмихал окуу аркылуу эң ылайыктуу илим үйрөнгөн болобуз.)

«Дубанын пайдалуусу – Арафа күнү кылынган дуба.»Байхаки)

«Арафа күнүн урматтагыла! Арафа Аллах тарабынан баркталган күн.»Дайлами)(Урмат кылуу күнөө кылбоо менен жүзөгө ашат.)..

Демек мусулман бир тууганым! Мындай мүмкүнчүлүктү пайдаланып калгын! Анткенибул күндөргө канчалаган мусулман бир туугандарыбыз жетпей калды,а сенин бул күндөрдө жашап жатканың эле чоң бакыт! Андыктан бул күндөрү орозо карамап,зикирлерди чалып,дубаларды,тооболорду кылып, Жараткандын жакшылыктарынан,сооп сыйлыктарынан кур калбай шашылып калгын!

Оо,Аллахым! Ар бир мусулман пендесинин ойлогон ой максаттарын,тилеген тилектерин, Сенден чооң үмүттөр менен көтөргөн колдорун кур калтырбай дубаларыбызды кабыл кылгын! Омииийн!

Запись КҮНДӨРДҮН УЛУУСУ ЖАКЫНДА АРАФА впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Жооп: Ар кайсыны айта бербей дароо ишке өтүш керек. Үй-бүлө бузулган жаман. Азыр көп учурда зордуктап кетти, минтип кетти, антип кетти деген жаңылыктарды көп укчу болдук. Анын баары үй-бүлө бузулгандан болуп жатат. Ата-энеси ар тарапка кетип, балдарын бирөөгө бактырып койгон. Сенин аялың бучук болуп, мурду көктү карап, тешигинен өпкөсү көрүнүп турса да, ал сенин балаңа дүйнөдөгү бардык аялдардан жакшы мамиле кылган аял. Сенин эриң сасып, биттеп, селсаякка айланып кетсе дагы балдарыңа дүйнөдөгү бардык эркектерден мээримдүүрөөк ата. Сага жакшы мамиле кылып жаткан эркек балдарыма да ошентет деп ойлойсуң, бирок андай эмес. Түндөгү 15 мүнөттүк ырахаттын айынан аялыңа талак берип кетип каласың. Бирөөнүн катыны бирөөнө кыз көрүнөт болуп, кээде өзүңдүкүн карабайсың да, башканын аялын, балдарын карап жаткан болосуң. Сенин балдарың кандай тагдырда калды, ага кантип жооп бересиң? Эркек, аялдын ортосунда махабат болушу шарт эмес. Бири-бирине ырайым, аёо деген болуш керек. Сенин жашооң жашоо, балдарыңдыкы жашоо эмеспи? Балдарды ойлош керек.

Ал эми сүйүүнү табыш керек. Жарандык никеде жашап көрүп, жакса үйлөнүш керек деген жалган сөз. Ал атайын мусулмандарды бөлүп-жарыш үчүн капырлардын ойлоп тапкан саясаты. Сүйүү деген никеден кийин болсо беш, болбосо он беш. Ал болбосо мээрим деген бар, ошону менен жашай берет. Алланы сүй, динди, мекенди, элиңди, пайгамбарыңды сүй. Сүйүү тукум-курут болуп калган жери жок. Кыргызстанды сүй. Колдо бар алтындын баркы жок деген эң туура сөз. Жаман көрүп, күндө уруп, тепкилеп аткан сасык катының талак бергенден кийин айчүрөккө айланып кетет. Болгону сен анын колдо бар кезде кадыр-баркын билбейсиң. Болбосо анын артынан 2-3 жыл чуркап жүрүп, жатаканада жашаган болсо терезесин карай берип моюнуң үзүлүп, кыйшайып калайын деген. Кызганып, түнү менен ырларды жазып, ыйлап жаман болгонсуң. Анан үйлөнүп, колуңа келип калгандан кийин салып берген мончоң жок, жуунганга самыны жок, бетине упа, эндиги жок көркүнөн кетпегенде анан эмне болуп кетиши керек?! Сен дагы мурункудай эмес өзгөргөнсүң, анан аялым жакпай калды, сүйүү өчүп кетти деп талак бергенден кийин эки күн өтпөй үйүңдүн куту кетип, балдарың ачка калып, идишиң жуулбай үйүлүп, намаз окуганга дамбалың калбай калганда аялыңдын баркын билип, “аттиң ай” деп өкүнөсүң.

КР Экс муфтийи Чубак ажы Жалилов

Запись Үйлөнгөндөн кийин ортодогу сүйүү өчсө ажырашуу керекпи, Ортодо балдар бар? впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Хиджаб деген эмне?

Хиджаб – бул мусулман аялынын кийиминин аты. Аны мусулман аялдарынын кийүүсү талап кылынган, ислам дининдеги парздардын бири. Хиджаб араб тилинен которгондо «парда», «бөлүм» же «бөлүү», «калкалоо» деген маанини түшүндүрөт. Тактап айтканда, мусулман аялы хиджаб менен өзүнүн денесин жана ички дүйнөсүн, аң-сезимин жаман көздөрдөн, коомдогу терс таасирлерден, адамдардын жаман мамилесинен, ыймансыздыктан коргойт деп мүнөздөлөт.

 

Хиджабды эмне үчүн кийүү керек?

1. Хиджаб кийүүнүн эң башкы себеби – бул Алланын буйругу. Эгерде адам акыр кыяматка ишенсе, анда Алланын буйругун аткарат.

2. Бул бейишке чейинки сыноо. Башкача айтканда, эгерде аялзаты өзүнүн сулуулугун көргөзүү менен мактанбай, жашырып жүрсө, эмки жашоосунда андан да көп сулуулукка ээ болот.

3. Психологдор жылаңачтанып, өзүн көргөзгүсү келгендер мактанчаак кыздар экенин далилдешкен. Ислам жагымдуу зат болгон аялдарды өзүнүн алсыз жагынан аттап өтүп, күчтүү адам катары көрсөтөт.

4. Жылаңачтанган аялдар өзүнүн сулуулугун көрсөтүү менен эркектердин кумарын козгоп, психикасын бузат.

5. Хиджаб кийген аялдар арасында тең салмактуулук сакталат. Албетте, аялдардын баары жагымдуу. Бирок арасында өтө сулуусу да, өңү сертирээктери да бар. Ушундан улам хиджаб кийген аялдардын ортосунда кастык, көрө албастык сыяктуу сезимдер аз болот.

6. Аялдын өзүнүн коопсуздугу. Эркектер жылаңачтанган кыздарга кол салышат. Хиджаб кийген кыздарга даай алышпайт. Мусулман кийими аялдарды кылмышкерлерден да коргойт.

7. Аялдын бактысы жана үй-бүлөсүнүн сакчысы. Хиджаб кийген аял сулуулугун күйөөсүнө гана көрсөтөт. Андыктан ал үй-бүлөдө ишеним жана бактылуулук болот.

 

Хиджаб кандай болушу керек?

– Шариат аялдардын жүзү менен колунан башка жерин жабууну талап кылат. Аягы да жабык болуусу керек.

– Адамдардын көңүлүн бура турган өтө ачык түстөгү, баалуу таштар менен кооздолгон кийимдерди кийүүгө болбойт.

– Денеге жармашып, мүчөнү билдирип турганы да туура эмес, кенен болушу абзел.

– Жука эмес, дене көрүнбөгөндөй кездемеден болушу шарт.

– Моюн ээкке чейин жабылышы керек.

 

Эскертүү

Шариатта аял киши өзүнүн атасы, бир туугандары, атасынын бир туугандары, күйөөсү жана кайнатасынын көзүнчө жамынбай жүрсө болот. Андан башка эркектердин алдында жамынуусу зарыл.

 

Хиджабдын пайдалары

Ысыктын күнү башты сөзсүз түрдө бир нерсе менен жаап жүрүү керек, болбосо башка күндүн ысыгы өтүп, эси ооп калуу коркунучу бар. Чачка да ысык жана күндүн шооласы коркунучтуу.

Жогорку температурада чач нымдуулугун жоготуп, кургак болуп калганы байкалат. Ультрафиолет шооласы чачтын үстүнкү катмарын бузат. Андан улам чач серпилгичтигин жоготуп катуу болуп, оңой менен иретке келбей калат.

Медиктер табигый кездемеден тигилген, денеге чапташпаган, терини күндүн зыяндуу нурларынан сактай турган жана аба өткөргөн кийимдерди тандоону сунушташат. Чыпташкан кийимдер денени абдан ысытат. Ысыктан улам дене тердейт, күндүн түз тийген нурунан тер бууланат да, дене өтө ысып баштайт. Андыктан күндүн ысыгында хиджаб эң ыңгайлуу кийим болуп эсептелет.

Организм температура 37 градустан жогорулаганда активдүү тердейт. Тер аркылуу көп суу жоготкондон кан тунат да, кандын тамырда уюшу пайда болот. Бул нерсе өзгөчө өнөкөт суук тийгени бар, аз кыймылда болуп кеңседе иштегендер үчүн абдан коркунучтуу.

Ошондой эле денеге өткөн күндүн нуру убагынан эрте картаюуну чакырат. Ал эми бардык жери жабык кийим денени күндүн зыяндуу нурларынан сактайт. Натыйжада хиджаб кийген аялдын жаштыгы жана сулуулугу көпкө сакталат. Бул илимде далилденген.

 

Кандай түрлөрү бар?

Шариатта мусулман аялдарынын кийимдеринин бир топ түрү бар. Муфтияттын фатва бөлүмүнүн билдиргенине караганда аял хиджабдан баштап калганын такыбалыгына, каалоосуна жараша кие берет.

Никаб. Аялдын көзүнөн башка бардык жүзү жабылат. Ар түрдүү стилде болот, айрымдар жүзүн толук жаап алышат.

 Химар. Башка кийген, бети тешик жоолук, узундугу көбүнчө белге чейин болот. Чач,  моюн, ийин толук жабылат.

 

 Жилбаб – кол менен буттан башка бардык дене жабылган узун сырткы кийим.  Бет өзүнчө моюн орогуч менен жабылат.

 

 

Чадра. Кол үчүн да тешиги жок, бардык дене жабылат. Көп учурда башка өтө чоң эмес жоолук салынышат. Иран аялдары көп кийишет.

Дупатта – баштын айланасы оролгон, узун тик бурчтуу жоолук, аны менен ийин да буралып, төөнөлөт.

Аль-амира. Баш кийими эки бөлүктөн турат, ичкиси бекем кыналып турат жана сырты моюн орогуч менен капталат. Баш, ийин, бардык дене жабык болот.

 

Бурка – бардык дене, анын ичинде аялдын жүзү да жабылган сырткы кийим. Болгону көз үчүн кичинекей тешик болот. Муну Афганистанда кийишет.  Пакистан менен Индияда кийилген бурканын бети же көзү ачык болот.

 

Хиджаб тууралуу хадистер

“Аллага ишенген аялдар хиджаб кийүү менен башкалардын назарынан алыс болсун жана өзүнүн уяттуу жерлерин сакташсын. Өздөрүнүн сулуулугун өзгө эркектерге көрсөтпөсүн” (Куран).

Мухаммед пайгамбар мындай деген: “Эгер аял кийимин өзүнүн күйөөсүнүн үйүнөн башка жерде чечсе, Аллах ал аялды шерменде кылат”.

“Аялыңды башка эркектер суктанып карабасын десең, ага хиджаб кийгиз. Бул өзүң үчүн да, аялың үчүн да жакшы” («Тухаф аль-‘укуль», 86-бет).

“Эгер аял уяттуу жерлерин жабуу менен өзүн сактаса, ал аял бактылуу болот жана сулуулугу узакка сакталат” («Гурар аль-хикам», 5820-хадис).

Запись Хиджаб кийген айым кеч картаят впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

🏻Мээримдүү жана Ырайымдуу болгон Аллах Тааланын ысмы менен баштаймын. Аллахка мактоо айтабыз, Андан жардам сурайбыз жана кылган күнөөлөрүбүз үчүн кечирим сурайбыз. Жана сүйүктүү Пайгамбарыбыз болгон Мухаммадга (с.а.у.) жана анын үй-бүлөөсүнө Аллахтын саламы жана салаваттары болсун!

Адам бул жашоого жаралган соң көптөгөн сыноолорго кездешет. Кээ бир учурда өйдө болсо, кээ бир учурда төмөн. Жашообузда ар кандай кыйынчылыктарга туш келебиз. Кээ бири аны сабыр кылуу менен жеңип чыкса, кээ бири бир кыйынчылыкты эки кыйынчылыкка көбөйтүп алат. Карап көрсөк, кыйынчылыктын өзүнүн сырлары да бар жана кээ бир кыйынчылыктар сизге пайда да алып келиши мүмкүн. Кандай сырлары болушу мүмкүн? Египеттик тарыхчы, адабиятчы Ахмад ибну Юсуф “Сыйлык жана жакшы бүтүү”- деген китебинде мындай деп жазат: “Инсан, караңгыны кетирип, жарык келээрин билгендей эле, кыйынчылык бүтүп, жеңилдик болоорун билет. Бирок, бир кырсык келген учурда табигат да анын алдында алсыз болот. Эгер алдын алып руханиятты дарылабаса, ооруу ого бетер күчөп, кырсык күчөй берет. Анткени, адам баласы кырсык, кыйынчылык келген учурда дем-кубат бере турган жагын карабаса, башына түшкөн нерсе анын түбүнө жетээри айтпаса да маалым”.
Ооба, мусулман бир тууганым! Качан гана ар бир нерсени жакшылык деп билмейин , ал нерсе биздин башка келген балээдей туюла берет. Балким, башыңызга келген кыйынчылык сиз үчүн пайдалуу, сиз үчүн жакшылык. Уилйем Жеймс мындай деп айткан экен: “Кыйналып ооруганыбыз- ойго келбеген ийгиликтерге жетүүгө жардам берет. Достаевский менен Толстой кыйын жашоону өткөрбөгөндө (жашабаганда) , таасирдүү, түбөлүктүү чыгармаларды жаза алмак эмес. Ошондуктан, кыйынчылык, жетимдик, сокурдук, бөтөн жерлерде жүрүү жана кедей-кембагалдык акылдын эң жогорку даражага жетүүсүнө жана өнүгүп өсүп, көптөгөн ийгиликтерге жетүүгө себеп болуп калышы мүмкүн “. Ооба, бул туура айтылган сөз. Чындыгында кээ бир чоң-чоң китептин авторлору кыйынчылык көрүп жүрүп жазышкан. Мисалы:
Имам Сарахсий камакта жатып, он беш (15) томдук “Мабсут”- деген китебин жазып чыккан.
Ибнул-Жаузий камакта жатып Кураандын жети (7) кыраатын үйрөнгөн.
Аьмаш деген аалым, көзү көрбөй калгандан кийин миңдеген хадистерди жаттаган.
Көрдүңүзбү, башында турган кыйынчылыкка карабай, сабырдуулук менен, кандай гана ийгиликтерди багындыра алышкан.

“Аларды акылдуу инсандар гана түшүнүшөт”. (29:43)

Биз бул үчүн дагы бир мисал келтирели. Студент окуусун ийгиликтүү аяктоосу үчүн башында кыйынчылыктарды чексе, анын натыйжасы менен эң билимдүүлөрдөн болуп окуусун бүтөт. Акын да ыр токууда канчалык азап-кыйынчылык көрсө , аягында эң сонун, таасирлүү ырлар жаралат. Жазуучу да жашоосунда канчалык кыйынчылык көрсө, чыгармалары да пайдалуу, үлгүлүү, эсте калаарлык, окурманды өзүнө тарта турган чыгарма жаралат.

Мына, бир тууганым. Биз өз жашообузду жакшылыкка айлантып алсак болот. Ар дайым түнт болуп, кыйынчылыкка сынып калбастан. Биз адамдар жашообузду татаалдантып алганбыз. Жашоо эң жеңил. Жашоону туура жашай билүү, аны жакшылыкка же азапка айлантуу биздин колубузда. Ар бир нерсенин жакшы жагын ойлой билиңиз. Мисалы ооруну алсак: ал да биз үчүн жакшылык. Канчалык жаныңыз ооруган сайын ошончолук күнөөбүз да кечирилип жатат. Ооруга сабыр кылуу адамдын даражасын көтөрөт. Бул биз үчүн эң чоң жакшылыктардан эмеспи?! Бирок, акыр-аягында оору да айыгаарын унутпаңыз. Баарыбыз билгендей эле түн кирген соң, эртеси таң да атат. Жоголгон нерсе табылат, жолдон адашкан жолун табат. Ошол сыңарындай эле кыйынчылык артынан жеңилдик да келет (Ин шаа Аллах).

“Аллах жеңишти же болбосо, өз тарабынан бир буйрукту жиберет”. (5:52)

Мен сиздерге ооруга байланыштуу бир икаяны айткым келип турат. Айтуудан максат, оору да бир кыйынчылык. Бул икаяда оорунун (кыйынчылык) канчалык улуу даражалуу экенин көрсөтөт..

🌸Бир жаш жубайлар болгон экен. Экөө тең диндар, такыба инсандар эле. Аялы байкап караса, күйөөсү такыр оорубайт экен. Ал тургай бир тердеп , башы да оорубаптыр. Анан бир күнү аялы ойлонот (Бул күйөөм эмне үчүн оорубайт? Муну Аллахым жакшы көрбөйт экен?!). Анан күйөөсүнө: “Болду, мен сиз менен ажырашам. Мындан ары сиз менен жашай албайм!”- дейт. Анда күйөөсү таңыркап: “Эмнеге мындай дейсиң. Турмушубуз жакшы болсо, акчаны таап келип жатсам?! Экөөбүз тең Аллахты таанып, өкүмдөрүн аткарып жатсак?!”- десе, аялы болбой эле ажырашам дейт. Күйөөсү ошол учурда эмне кылышын билбей, нары-бери басып жатканда, кокустан бутун бир нерсеге уруп, оорутуп алат. Ошол маалда аялы күйөөсүн барып кучактап: “Болду, мен сиз менен эч качан ажырпайм”- деген экен.

Бул окуяны биз өзүбүзгө үлгү кылсак болот. Эгер сизге кандайдыр бир кыйынчылык, оору келсе, эң биринчи эле сиз жүрөктөн чечим чыгарып коюңуз. Кантип? “Мен Аллахтын сүйүктүү пендеси экенмин, Алхамдулиллаах! Ошол үчүн Аллахым мага сыноо берди. Мен сабыр кылсам, ин шаа Аллах, даражам көтөрүлөт!”. Ар дайым Аллахты зикир кылып туруңуз, жүрөгүңүз тынчтык табат.
Сиз кыйынчылыкка чыдап, сабыр кылуу менен гана ийгиликке жетүүчүлөрдөн болосуз. Кээде сиз жаңы намаз окуп баштаганда да сыноолор болот. Бул боюнча да мисал келтирели.

Бир кыз Аллахтын буйругу менен намаз окуп баштайт. Биринчи багымдат менен куптан окуучу экен. Ал намазын каза кылгандардын азабы тууралуу окуганда, оюнда эки намазды такыр каза кылбашым керек экен деп ойлойт. Бирок, жакшылап ойлонуп көрсө, дагы үч намаз каза болуп жаткан эле. Ошол учурдан баштап 5 маал такай намазын окуйт. Албетте, ата-энеси каршы болуп жатты. Көрсө, мурун эки намаз убагы билинчү эмес экен. Багымдатты эрте менен окуп, а пешим убагы түштөнүү маалына, аср убагы- кечки тамак жасоо убагына, шам намазы кечки тамактануу учуруна туура келгенине байланыштуу ата-энеси ачууланат. Кызга канчалык катуу сөздөрдү айтып, тыйса да кыз намазын үзбөй окуп жүрөт. Бара-бара ата-энеси ага көнүп, кез-кези менен намаз убагын эскертип турушат”._
Ооба, бул балким, жөнөкөй гана мисал. Аллах Таала сизге ар тараптан сыноо берет. Сыноо- бул сизге берилген кыйынчылык. Кыз ата-энесинин сөздөрүнө балким, чыдай албай намаздарын убагы келгенде кийин окуйм да, ата-энем туура айтат”- деши да мүмкүн эле. Бирок, ал кыйынчылык артынан жеңилдик, сыноо артынан жеңиш келээрин билген. Акыр аягы ата-энеси кызына өздөрү намаз убагын эскертип жатышат.

Билиңиз, урматтуу мусулман бир тууганым! Сыноо- сиз бул дүйнөдөн өтүп, качан гана Бейишке киргениңизде бүтөт. Кыйынчылык (сыноо) сизге ар тараптан келет. Балким, атаңыз аркылуу, же апаңыз аркылуу, же уул- кызыңыз аркылуу, же кошунаңыз аркылуу, же башка-башка аркылуу. Бирок, кандай болгон күндө дагы сиз кыйынчылыкка чыдай билиңиз, анын себебинен жеңишке жетээриңизди, даражаңыз көтөрүлөрүн, эң башкысы Аллахтын сүйүктүү пендеси экениңизди унутпаңыз! Жана да билиңиз:

“Акыйкатта, кыйынчылык артынан жеңилдик келет”. (94:5)

👤 Нуриза Кармышакова атайын “Formula.KG “сайты үчүн.

👨👩👧👦 Бактылуулук формуласы

Запись АКЫЙКАТТА КЫЙЫНЧЫЛЫК АРТЫНАН ЖЕҢИЛДИК КЕЛЕТ! впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Назарыңыздарга 2017-жылдын 1-сентябрында болжонуп жаткан Курман Айтка карата, Курман Айттын кыскача мааниси, курмандыкка чалынчу жандыктардын союлушу туурасында маалыматтарды камтыган тасманы сунуш кылабыз.

Запись Курман Айттын эрежеси – 2017 (ВИДЕО) впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Ислам дининде эски салт боюнча мусулман балага, төрөлгөндөн бир аптадан кийин чыныгы мусулман ысымы ыйгарылшы керек.
Ата-энеге өз ымыркайына бир нече ат коюуга уруксат берилет, бирок бирөөнө эле токтолуу сунушталат, Мухаммад Пайгамбар (саллаллоху алейхи васаллам) ушундай кылган.
Бала үчүн кооз жана жагымдуу ысымды тандоо менен, анын маанисин терең билүү керек, анткени дал ысым баланын андан кийинки тагдырына таасир берет деп айтылат.
Эркек балдардын мусулманча ысымдары
Абдулла – Кудайдын кулу.
Абдульфатах – Ачуучунун кулу.
Агзам – беделдүү, залкар.
Азат – эркин.
Акрам – асыл, нурлуу, жакшы мүнөздүү.
Али – бийик, көтөрүңкү.
Амин – ишенимдүү, чынчыл, коргоочу.
Амир – башкаруучу, буйрук берүүчү.
Бахир – көздүн жоосун алуучу, жаркылдоочу.
Башаар – жакшы кабарды жеткирүүчү.
Басыль – эр жүрөк.
Билаль – биринчи муэдзиндин (мусулмандарды дуба кылууга чакырган мечит кызматкери) ысымы.
Галиб – жеңүүчү.
Гаяз – жардамчы.
Гафур – кечирүүчү, боорукер.
Дамир – ынсап, акыл-эс дегенди түшүндүрөт.
Даниль – Кудайдын белеги, Кудайга жакын.
Жамиль – сулуу.
Жамал – төө сыяктуу чыдамкай, байымдуу.
Зайдулла – Аллахтын белеги.
Закир – Жаратканды эстөөчү, мактоочу.
Замир – ар-намыстуу адам.
Зиннур – жаркылдаган, нурлуу.
Зиннат – даңазалуу, кооздолгон, жакшы.
Забир – күчтүү, катуу, чыдамкай.
Замиль – дос, жолдош.
Зафар – жеңүүчү, максатына жетүүчү.
Зульфир – басымдуулук маани.
Ибрагим – Ибрахим пайгамбардын ысымы.
Идрис – аракетчил, тырышчаак.
Икрам – кадырлоо, урматтоо, сыйлоо.
Кадир – күчтүү, кудуреттүү.
Кари – окугуч, Куранды билүүчү.
Кафиль – кайтуучу.
Лябиб – акылдуу, тарбиялуу.
Мансур – жеңиштүү, жеңишке умтулгандык.
Махмуд – мактоого татырлык, кадырлуу.
Музаффар – эркек жеңүүчү-жоокер.
Муслим – Жаратканга баш ийүүчү.
Райян – бейиштин дарбазаларынын аталышы.
Рамиз – жакшылыктарды билдирген белги.
Рахман – боорукер, кечиримдүү.
Садык – чынчыл, ак ниеттүү.
Самат – жетекчи.
Саттар – кечиримдүү, коргоочу.
Сулейман – аманчылыкта жана жакшылыкта жашоочу.
Табрис – байлык, намыс, улуулук.
Фаиз – жеңүүчү.
Фаиль – жакшы белги берүүчү.
Фаяз – бай, кең пейил.
Халик – жандандыруучу, жарыктандыруучу.
Харун – өжөр, өзүнүкүн бербеген.
Шакир – бар нерсесине каниет кылган, ыраазы болгон.
Шамиль – ар тараптуу, баарына жетишкен адам.
Шукран – ыраазы болгон деген мааниде.
Ясин – Курандын 36-сүрөсүнүн аталышы.
http://ift.tt/2ix7k8S

Запись Эркек балдардын мусулманча ысымдары впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Ирандын Илам провинциясында турмушка чыга турган кыз болочок күйөөсүн калыңдын ордуна 1 372 дарак отургузууну милдеттендирген. Бул тууралуу Tehran Times басылмаса жазды.

​Калыптанган салт-санаа боюнча калыңдын көлөмү үйлөнүү келишиминде көрсөтүлөт. Кыздын шартын аткаруу же калыңды төлөө бала үчүн милдеттүү болуп саналат. Турмушка чыга турчу кыз азем буюмдарды, үй-тиричилик буюмдарын, там же жер тилкесин сатып бер деши мүмкүн.

​Бирок Илам провинциясынын тургуну болочок күйөөсүнө жаратылышка кам көрүп, 1 372 бак отургузууну суранган. Ал бул санды жөн жерден тандап алган эмес. Ислам календеры боюнча кыздын туулган жылы дал ушул санга туура келет (Григориан календары боюнча 1993-жыл болот).

Запись Иранда турмушка чыга турган кыз калыңына 1 372 бак отургузууну талап кылды впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Ганада жашаган дыйкан дрон учуруп жүргөндөргө берген бир суроосунан кийин анын кыялы аткарылды. Африкалык карыя дрон менен аэросьемка  кылып жүргөн түркиялык журналисттен: “Бул нерсеңди чоңураак кылып жасап, анын үстүнө олтуруп Меккеге чейин учуп барса болобу?”-деп суроо узаткан.

TRT World  компаниясынын журналисти дыйкан менен болгон бул сүйлөшүүсүнүн Твиттердеги өзүнүн баракчасына жазган соң анын жарыялаган постун көптөгөн интернет колдонуучулар окушуп, алардын арасында “мусулман карыянын Меккеге баруу кыялын аткаруу үчүн ага жардам бербейлиби..”  деген сунуштарды айткандар болду.

Соцтармактардагы бул демилгеге Түркиянын тышкы иштер министрлиги да кулак түрүп, африкалык дыйкан Стамбулга жеткирилип, анан Меккеге карай учурулган.

Запись Асманда учкан дронду көрүп Меккеге баргысы келген африкалык дыйкандын тилеги орундалды впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев
Мекке жана Медина шаарларынада 2017-жылдагы ажылыкты уюштуруудагы көчмө топтун кызматкерлери жана ажы башчылар менен жыйын өткөрдү. Күн тартибинде ажылардын тартиби, тазалыгы, келип-кетиши сыяктуу маселелер каралды.

“Ажылыкка келген адамдар Аллахтын коногу жана аларга кызмат кылуу чоң кызмат. Ар бир ажыны көзөмөлгө алып, ар бир күнү кабарын алып туру керек”,-деди ал.

Мындан тышкары муфтий чын дилден кызмат кылып штаб тарабынан келген буйруктарды аткаруу жана баш ийүүлөрүн талап кылды. Өз учурунда штабдын мүчөлөрү да ажы башчылар менен биримдикте иш алып барып, быйылкы ажылыкты жогорку деңгээлде өткөрүүгө чакырды.

Андан сырткары мейманканалардагы шарттар, кээбир учурдагы пайда болуп калган маселелер, жеке гигиена жана вакыфтын суусун, электр жарыгын, жана башка буюм тайымдарын абдан этияттык менен, сарамжалуу пайдалануусун талап кылды. Мина, Муздалифа, Арафат өрөөндөрүндөгү тартиптер, уюштуруу иштери жана Сауд Арабия тарабынан коюулган талаптарды аткаруу боюунча түшүндүрмө иштери жүргүзүлдү.

Жыйындындын жүрүшүндө ажыларга кызматкылуу шарттарын канткенде жакшырта алабыз, канткенде бизге жана биздин ажыларга ыңгайлуу болот деген суроолордун алкагында талкуу болду.

Запись Кыргызстандын муфтийи Меккедеги ажылардан кабар алды (ФОТО) впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Адамдар бүгүнкү күндөгү өнүккөн технологиянын жардамы менен ааламдагы өтө бийик чыккан дабыштарды, атмосферадан тартып күн системасына чейинки планеталардын чыгарган ультра үндөрүн жаздырып жатат. Мына ошолордун ичинен бир жылдыз чоң кызыгууну туудурат. Илимпоздор бул жылдызга “Пульсар” деп ат беришкен. Ал эми дал ушул жылдыздын аты Ыйык Куранда “Тарык жылдызы” катары эскерилет. Окумуштуулар Пульсар жылдызынын эшикти бирөө каккандай үн чыгарарын аныктап, аппаратка жаздырып алышкан. Эң кызыктуу жагдай бул жерде жатат: Пульсардын Курандагы “Тарык” деген аты араб тилинен “эшикти каккан” деп которулат экен. Тарык сөзүнүн уңгусу “тарк” болук, “угулгудай денгээлде каккылоо” деген маанини туюндурат.

Мындан 1400 жыл мурун илим, техника өнүгө элек заманда эшкти каккандай добуш чыгарган жылдыздын дал ушундай мааниде Куранда “Тарык” деп аталышы кандай керемет.

Аллах Таала Куранда бир нече ирет “Мында акыл жүгүрткөндөр үчүн белги бар”, “Айлана-чөйрөгө көз салбайсыңарбы” деген сөздөрдү кайталайт. Чындыгында, азыркы күндүн илими Курандын нечендеген сырларын ачып жатат.

Ыйык Куран галактикалардан тартып, деңиздин астындагы тоолорго чейин, жылдыздардын орбитасынан тартып, жөргөмүштүн үйүнө чейин айтып берет.

Куран эч качан жаңылбайт жана эскирбейт. Тескерисинче күн өткөн сайын аяттардын жаңы маанилери ачыкка чыгып жашарып турат.

Запись Куран галактика тууралуу эмне дейт? Эшик каккан жылдыз впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Запись Шайлоо – Курбан айт – Эгемендүүлүк / Жума баяны 25.08.2017 / Устаз Бактыяр ажы Шарапов впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Алланын Элчиси (саллаллоху алейхи васаллам) мындай дейт: «Илгери бир киши: «Мен сөзсүз бир садага беремин.» – деди. Ал түн ичинде садагасын алып чыгып, аны байкоостон бир ууруга кармата берди.
Эртеси күнү эл: «Таң калычтуу! Түндө бирөө бир ууруга садага бериптир!» – деп сүйлөй башташты.
Садага берген киши:
«Йа, Рабби! Сага шүгүрлөр болсун. Мен сөзсүз дагы бир садага беремин!» – деди.
Дагы садагасын алып үйүнөн чыкты. Бул жолу аны байкабай бир сойкуга берип койду.
Эртеси күнү калк кайра:
«Шумдугуң кур! Түндө бирөө бир сойкуга садага бериптир!» – деп ушак айта башташты.
Садага берген киши:
«Йа, Рабби! Сойку болсо да садага бергеним үчүн сага шүгүрлөр болсун. Мен сөзсүз дагы бир садага беремин!» – деди.
Ошол түнү кайра үйүнөн чыкты да, садагасын билбей бир байга берип салды.
Эртеси күнү эл:
«Бул эмнеси?! Түндө бирөө байга садага бериптир!» – деп сүйлөнө баштады. Садага берген киши:
«Иа, Рабби! Ууруга, сойкуга жана байга да болсо, садага бергеним үчүн, сага шүгүрлөр болсун!» – деди.
Бул ыкыласы үчүн түшүндө ал кишиге минтип айтылды: «Ууруга берген садагаң аны, балким, уяткарып, уурулуктанбаш тарттырат.
Сойку, балким, кылганынан баш тартып, намыстуу аялга айланар. Бай болсо, балким, мындан сабак алып,Аллах ага берген мал-мүлктөн муктаждарга таратар.» (Бухарии, Зекет, 14; Муслим, Зекет, 78)..

Бул хадисте айтылган окуянын миңдеген үлгүсү ишке ашканы талашсыз. Мунун бир үлгүсүн паийамбар мураскору, Алланын досу Саами устаздан (куддиса сиррух) көрүү мүмкүн:
Бир киши бул устазга келип:
«Ажы ата! Аллах ыраазылыгы үчүн мага бир тамекинин акчасын берчи!» – дейт. Жеткен жоомарт Саами устаз эч ойлонбостон, жанындагыларды таң калтыра тигил киши сураган акчаны берет. Киши сүйүнгөн бойдон ал жерден кетип калат. Бул окуя бир кишинин көңүлүн өзгөчө буруп, тамекиге акча алган кишинин артынан аңдып жөнөйт. Ал кишинин тамеки эмес, нан сатып алганына таңдануу менен күбө болот.
Мынакей, Аллах үчүн чын ыкыластан берилген садаганын оң таасири! Ошондуктан садага берүүдө алуучуга караганда өз жан-дүйнөбүздү көбүрөөк көзөмөлдөп, чыныгы байлыкка жете алсак, кандай гана чоң бакытка ээ болор элек! Йа, Рабби! Ырайымың жан-дүйнөбүздүн түгөнгүс казынасы болсун! Оомийин!

«Чындыгында, Аллах кулдарынын тообосун кабыл кылат, (чын ыкыластан берген) садагаларды (зекет менен соопкерчиликтерди) алат (кайра кайтарбайт)!» (Тообо: 104) Муну Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) төмөнкүчө түшүндүрөт:
«Садага муктажга жете электе эле, Алланын (кудурет) колуна жетет (башкача айтканда, муктажга берилген зекет менен садагаларды, оболу, Аллах алат, анан жардыларга берет).» (Мунавиис, Кунузул–Хакаик, 34) – деген.
Андыктан зекет менен садага берyyдө эң маанилүү нерсе – чын ыкыластан Алланын ыраазычылыгын көздөө.

Соопкерчилик кылгандардын бой көтөрүшү, алкоо күтүүлөрү таптакыр туура эмес. Мындай ой-пикир бул кайрымдуулуктардын соопторун жоюп салат. Тескерисинче, берген алганга ыраазы болуп, Алланын ыраазылыгынын тышында эч кандай максаты болбоого тийиш иш. Анткени Алланын алдында ушундай нерсе гана кабыл кылынат. Азирети Али менен Азирети Фатиманын (Алла алардан ыраазы болсун) бул мааниде кылган бир кайрымдуулуктары мактоого татырлык. Андыктан бүткүл үммөттүн кайрымдуулугу да дал ошолор кылган таризде болууга тийиш экени аятта төмөнкүчө айтылат: «Өздөрү каалап турса да, тамактарын жетимдерге, колунда жокторго жана туткундарга беришет жана аларга: «Муну силерге Алланын ыраазылыгы үчүн берип жатабыз. Силерден буга-жооп иретинде жакшылык да, ыраазылык да каалабайбыз. Чынында, биз Раббибиздин томсоргон, катаал күнүнөн коркобуз.» – дешет. Алла аларды ошол күндүн жамандыгынан коргойт жана аларды жадыраган жаркын маанай менен тосуп алат.» (Инсан: 8-11) ..

Эгерде соопкерчилик кылган киши бул аяттагы абалды жана адеп- ахлакты орундата алса, анда анын жан-дүйнөсүндөгү чын ыкыластуулугу карым-катнашта болгон кишилерине да өтүп, садаганы алган киши ал садагага татыктуу болбосо да, Алланын мээриминен улам туура жолго түшөт…

Динбиздин максаты кандай гана суктанарлык э бир тууганым! –Анын негизги максаты Алланын бир экенин тастыктагандан кийин адепахлактуу, абийирдүү инсандарды өстүрүп чыгаруу жана бул аркылуу бейпил коомду түзүү. Бул улуу даражага жетүүү жан-дүйнөдө чагылган мээримдүүлүк, ырайымдуулук жана анын эң жакшы көрүнүшү болгон зекет, соопкерчиликтер менен гана жүзөгө ашат. Момундун жүрөгү Аллах Тааланын бүткүл макулуктарын мээримдүүлүк менен бооруна басышы зарыл. ..
Жакында мусулмандардын көптөн күткөн улуу майрам Курбан айт келе жатат. Бул майрамдын артыкчылыгын, соопчуулугун сөз менен айтып түгөтүгө болбойт. Анткени бул майрам жалаң жакшылык, курсанчылык, кубаныч тартуулай турган,эң негизгиси Алланын эң сүйүктүү инсандарынын курсан болгон күнү! Демек ниет,ыкластарды туурулап Алланын ыраазылыгына жетүүгө шашылалы! Курбандык чалууга,жакшылык иштерди кылууга бел байлаган мусулман туугандарыбыздын курбандык,жакшылык иштерин Аллах Таалам кабыл кылып, акыреттерине эселеп соопторунан насип кылган болсун! Омиийин!

Запись Жакшылык кылууда башкаларга үлгү болгудай болгун! впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Алгач, Курандагы сүрөлөрдү окуйлу. Анкабут сүрөсү (Жөргөмүш сүрөсү) сүрөсү, 41-аят:

“Өздөрүнө Аллахтан башканы жакын кылып алгандардын мисалы, өзүнө уй курган жөргөмүш өңдүү. Анткени, эгер алар билишкен болсо, үйлөрдүн эң начары-жөргөмүштүн үйү”.

Бул аятта токтоло турган 2 маанилүү жер бар.

1- Аяттагы “жөргөмүш” сөзү ургаачы жөргөмүшкө карата айтылууда, “үй курган” деген мааниде. Демек, бул аятта Аллах Таала жөргөмүштүн үйүн анын ургаачысы курарын билдирүүдө. Адатта, жаныбарлардын үйүн эркектер курса, жөргөмүштөр ааламында бул көрүнүш тескерисинче экен. Илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыгында жөргөмүштүн үйүн эркеги эмес, а ургаачысы курары маалым болгон. Курандын бул керемет акыйкатын азыркы күндүн илими тастыктап отурат.

2 – Жаныбарлар дүйнөсүндө эркеги ургаачысына салыштырмалуу күчтүүрөөк болору баарыбызга белгилүү. Жөргөмүштөр ааламында болсо ургаачысы эркегине караганда дагы да чоң, дагы да күчтүү болот экен. Жаныбарлар үйлөрүн коргонуу, ар кандай зыяндуу нерселерден оолак болуу үчүн курса, жөргөмүштөр үйүн башкаларга зыян берүү, жок кылуу, анын желесине адашып келип калгандарды жем кылыш үчүн тузак катары курат. Көрсө, ургаачы жөргөмүш эркеги менен аргындашкан соң эркегин жеп салат экен. Эгер эркек жөргөмүш аргындашкандан кийин дароо качып кетсе, өлүмдөн кутулат. Кача албай калса, өз үйү өзү үчүн мүрзөгө айланат. Демек, жөргөмүштүн үйү башкалары үчүн эле эмес, эркеги үчүн да кооптуу жай катары саналат. Ошондуктан, аятта айтылган үйлөрдүн эң начары – бул жөргөмүштүн үйү.

Ыйык Куран галактикалардан тартып, деңиздин астындагы тоолорго чейин, жылдыздардын орбитасынан тартып, жөргөмүштүн үйүнө чейин айтып берет.

Куран эч качан жаңылбайт жана эскирбейт. Тескерисинче күн өткөн сайын аяттардын жаңы маанилери ачыкка чыгып жашарып турат.

Запись КУРАН: Үйлөрдүн эң начары – жөргөмүштүн үйү впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

“Үммөтүмдүн курсак салып семиргендерин жак-тырбаймын” деген мааниде хадис айтылган. Чын-дыгында, адам семирген кезде денеси оорлошуп, иш кылуу кыйындайт жана жалкоолук пайда болот. Ал эми жалкоолук мусулмандын негизги душманы. “Күчтүү мусулман, алсыз мусулманга караганда жакшыраак” – деп айтылган хадистен да, мусулман ыйманында да, күч-кубатында жеткиликтүү болуу керектигин түшүнө алабыз. Төмөндө семирүүнүн зыяндуулугу жана андан кантип сактануунун жол-дору тууралуу айтып өтөбүз.

* * *

Семирип кетүү учурда дүйнөдөгү глобалдуу көйгөйгө айланды. Денесине ашыкча салмак ко-шулган адамдар иштөө жөндөмүн толук бойдон жоготуп коёру белгилүү. Мындан сырткары семи-рүү ден-соолукка олуттуу зыян алып келип, өлүмгө да алып барат.Семирүү көбүнчө тамактануу нормасы бузулуп, ашыкча жеп-ичүүдөн улам пайда болот. Тамак-аш-тын кубаттуулугу организмдин энергия сарптоосу-нан ашып кеткен учурда ашыкча майлар пайда боло баштайт. Дене канча көп кыймылдаса, ошон-чо көп энергияны талап кылат. Ал эми кыймылсыз дене энергияны аз талап кылат. Ошондуктан кый-мылдын аздыгы, көп олтуруу семирүүнүн негизги фактору болуп эсептелет.

Адамды бат семиртип жиберчү тамактар: тез даярдалуучу гамбургер, чизбургер, ходдог, шаурма, беляш ж.б. Углеводго бай азыктар. Торт, пирожный сыяктуу канттуу азыктар. Холестерини көп богон койдун эти ж.б.

Семирүүгө алып барбай турган азыктар:

Жа-шылча-жемиштердин бардык түрү, холестерин аз болгон жылкы жана топоз эти ж.б.Мындан сырткар семирүү тукум кууга да байла-ныштуу болот. Кээде ички секреция органдарынын ооруусу менен да байланыштуу болот.

Семирүү теп-кичтерин негизинен 4 даражага ажыратышат.

1. Дене салмагы өз нормасынан 30% га жогору-лайт.

2. Дене салмагы 50% га жогорулайт.

3. 80-100% га жетет.

4. 100% дан ашып кетет.Биринчи жана экинчи даражадагылар ишке болгон жөндөмдүүлүгүн анча жоготушпайт. Ал эми үчүнчү жана төртүнчү даражадагылар иш жөндөм-дүүлүгүн алсыздатып, же такыр жоготуп алышы мүмкүн.

Семирүүдөн сактануу үчүн:

1. Тамакты аз-аздан 3-4 маал ичүү керек.2. зат алмашуу жакшы болуу үчүн күнүнө 1,5-2-литр газсыз таза суу ичүү зарыл.

3. Эртең мененки дене-тарбиялык көнүгүүлөр-гө, таза абада чуркоого көңүл буруу керек.

4. Жаш балдарга кичинекейинен семиртүүчү та-мак-аш азыктарын көп бербөө зарыл.

5. Эгерде семирүү күчөп бара жатса, эртерээк диетологго кайрылуу зарыл.

Семирүү тууралуу кызыктуу фактылар:

Семирүүдөн улам дүйнөдө жылына 40 000 адам каза болот.Дүйнөдөгү адамдардын жалпы салмагы 287 млн тонна болсо, анын 15 миллиону семиз адамдарга тиешелүү.Семирүү боюнча биринчи орунда Мексика, калктын 32,8%, экинчи орунда АКШ, калктын 31, 8% семиздер түзөт.

Булак Бейиш гезитенен.

Запись Семирүү – дүйнөлүк көйгөй. впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Топко  Зейд ибн Сабит башчылык  кылат. Бул өтө жоопкерчиликтүү иш болгондуктан, Курандын сөздөрүн кокустан чаташтырып албоо үчүн, Мухаммед Пайгамбардын(САВ)  көзүнчө жана анын жанында күбө катары жазууларды карап турган   эки кишинин көзөмөлү астында   жазылган таржымалдар гана жарактуу деп эсептелинген.

Андан кийин элден чогултулган Куран таржымалдарынын иргеп-тандап алынган варианттагы текст менен оозеки түрдө баары билген текстти (сахабалар аны жатка билишкен) бир бири менен салыштырып көрүшкөн – ушундан кийин гана жазуу түрүндөгү жана оозеки варианттагы Курандагы бирдейликти, окшоштукту аныктап алышкан.

Бул иш толук бүткөн соң, такталган, аныкталган Курандын  баракчалар топтомун Абу Бакрга беришкен. Ал жыйнакты  Мединадагы жаңы түптөлүп келаткан мусулман мамлекетинин китеп казынасына сактоого берген. Абу Бакрдагы Куран жыйнагы Мухаммед (САВ) Пайгамбардын сөздөрүнө бап келгендигин ишенимдүү түрдө айтууга болот, анткени, ал жыйнак Мединадагы көптөгөн хафиздердин жазуу таржымалдарынын негизинде түзүлүп, алар тарабынан тастыкталган. Эгер Куран жаатында кандайдыр түшүнбөстүктөр, тактоолор келип чыкчу болсо, ал убактагы эл дароо ошол жыйнакка кайрылышмак. Абу Бакрдын эл арасындагы Куран жыйнактарын чогултуп, бир жыйнак кылуу демилгесине ким бирөөлөр, кайсы бир киши каршы болгону тууралуу эч бир маалымат жок.

Мусулмандарды халиф Усман башкарып турган доордо (644-656ж.ж.) мусулман коомунда жаңы көйгөй жаралды: ал Курандагы  тыбыштардын ар диалектиде ар кыл айтылуусу. Мухаммед Пайгамбардын (САВ) көзү тирүүсүндө  Куран ага жети  диалектиде түшүрүлгөн. Ал сүрө-аяттар бир биринен кээ бир тамгалар, сөздөрүнөн эле айырмаланбаса, маанисине таасир этчү эмес.

Пайгамбар (САВ) өзү жети диалектидеги сөздөрдүн баары ынанымдуу экенин айткан, бул туурасында Бухари жана Муслимдеги жыйнактарда да толук маалымат бар.

Курандын ар кыл диалектиде түшүүсүнүн себеби, Араб жарым аралындагы түрдүү уруулардын баарына түшүнүктүү, жеткилең болуусу үчүн ошентилген. Халифатты Усман башкарып турган заманда башка мусулман өлкөлөрүнөн (Персия, Азербайжан, Армения, Түндү Африка) адамдар байма бай келип Куранды үйрөнүү ышкысы катуу жанданган. Анан Куран үйрөнүүдө мындай бир маселе келип чыккан: сырттан келген адамдар “арабдар өздөрү кээ бир тамгалар менен сөздөрдү ар кандай сүйлөөрүн уккандыктарын” айтышып, а ырасында ал тамгаларды жана сөздөрдү кандайча окуйбуз?- деген суроону беришет.

Пайгамбар (САВ) Куранды ар кайсы араб диалектисинде окуп-үйрөнүүгө уруксаат берип, араб уруулары ар кыл диалектиде окуган чакта деле Курандык толук кандуу түшүнүшкөнү менен, араб эмес-мусулмандар бул маселеде кыйла чаташкан. Мына ушул жагдайдын айынан, халиф Усман Куранды арабдардын Курайш уруусунун диалектисинде  жазып чыгып, бүтүндөй мусулман дүйнөсүнө ушул вариантты таратуу  үчүн диний аалымдардын тобун чогултуп, бул багыттагы ишти күчөтөт.

Аалымдар (бул ирет да Зейд ибн Сабиттин башчылыгы астында) Мединадагы эң көрүнүктүү аалымдар нукуралыгын тастыктаган Курандын тунгуч  жыйнак-топтомдорун бир китепке – мусхафка (сахифа – бет)  жыйнап, халив Усмандын буйругу менен ал мусхафты бир нече көчүрмөгө көчүрүшүп, дин аалымдары ал көчүрмөлөрдү өзү менен кошо алышып, туш тараптагы мусулман калктарына барып  Куран үйрөтүшкөн.

Куран толук, бүтүн китеп болуп, нукура варианты маал маалы менен көчүрмө кылып көчүрүлүп китеп кылып таратуу кадыреселикке айланган соң, ар кайсы диалектидеги мусулмандарда сакталган Курандын ар бөлөк диалектидеги китептеринин зарылчылыгы жок болуп калган.  Усман мына ошол түрдүү диалектидеги Курандын таржымалдары жазылган китептердин баарын чогултуп, эл арасында Куранды ар ким ар бөлөкчө түшүнүп, чаташпоосу үчүн, ал жыйнактарды биротоло жок кылууну буюрган. Айрым Курандын нукуралуулугун сындаган сынчылдар  дал ушул учурду мисал кылышып, “ халиф Усман  так эместиктери, карама-каршылыктары бар Курандын таржымалдарын жок кылуу үчүн ушуга барган…” деген жөө жомокторду айтканын койбой келишет. Эгер Усмандын алдында чындай эле маселе турган болсо, ал мындай жеңил көз карашка алдырмак эмес, демек сынчыларды сыны суу кечпейт.

Халиф Усмандын ар кайсы диалектидеги Курандын таржымалдары жазылган китептеринен биротоло арылуу чечимин Мединанын бүт эли колдоп, анын катарында мисалы, Али ибн Абу Талиб сыяктуу көрүнүктүү сахабалар да колдоого алышкан. Эгер Курандагы кандайдыр бир карама-каршылыктарды жаап-жашыруу аракети болгон болсо, Мединанын тургундары ага сөзсүз каршылыгын билдирип, а түгүл халиф Усманга каршы көтөрүлүп чыгышмак, а чынында Курандагы шектүү мандемдерди  жоготуу аракети эч болгон эмес. Тескерисинче, Усмандын бир бүтүндүккө келтирилген Курандын мусхавын – чыныгы, тастыкталган китеп катары  бүтүндөй мусулмандар жапатырмак колдошкон.

Иснад системасы.

Ислам динине моюн сунган алгачкы мусулмандардын эң бир тынчсыздандырган маселеси – Куранды бурмалоодон коргоо болчу. Куранда да, Мухаммед Пайгамбардын (САВ) хадистеринде да, мусулмандарга эскертүү иретинде: иудейлер менен христиандар өздөрүнө түшүрүлгөн китептердин нукура нускасын дал өзүндөй сактабай, өзгөртүп жиберишкендиктен, аларды нукура деп эсептөөгө болбой тургандыгы  өтө көп жолу эскертилген.  Андыктан,  мусулмандар Куранды жана Сүннөттү ар кандай кокус же атайылап  бурмалоолордун, өзгөртүүлөр менен катачылыктардын  алдын алышып, иснад системасын ойлоп табышкан.

Иснад системасында Куранды айтып жеткирген,түшүндүргөн авторлордун баарынын ким экендиги так, даана жазылып турат. Мисалы, имам Бухаринин хадистер жыйнагында, ар бир хадисте  хадисти айтып жеткирүүчүнүн аты-жөнү жазылып турат, алар  айткан хадистин баарынын түбү барып Мухаммед Пайгамбарга (САВ) жетип токтойт. Бул бир бири менен болгон тыгыздык системасы – “санад” деп аталат. Ар бир хадисти айтып жатканда, хадисти жеткирген адамдар да ишенимдүү, эске тутуусу бекем, чынчыл жана ыйманы күчтүү болушу кажет.

Исламды кабыл алган алгачкы мусулмандар хадистерди же Куран аяттарын жеткирүүдө жогорудагыдай бекем системага өтө чоң маани беришкен. Эгер кимдир бирөө  халиф Усмандын мусхавындагы жыйнакта кездешпеген аят тууралуу айтып, анысына өтө ынанган болсо, анда диний аалымдар Куранды, хадистерди айтып жеткирген бардык айтуучулардын баарын иликтеп, а түгүл Мухаммед Пайгамбарга (САВ) чейинки доорго чейин казып, табышмактуу болуп жаткан аяттын акыйкаттуу же жок экенинин артынан түшүп  аныкташкан. Аятты ойдон чыгарган киши баары бир , өзү айткан аят менен Мухаммед Пайгамбардын  (САВ) байланышын эч убакта далилдеп бере алмак эмес.

Ошентип, иснад системасынын бекем, тыкыр экендигинен улам Куранды же хадистерди бурмалоого эч жол берилген эмес, себеби оңдоп түзөөлөр же кошумчалоолор  болсо, мезгил өтүп жаңыланган варианттар деле түп нуска катары каралып чаташуу болмок. Ошондуктан аятты же хадисти ким айтканы так жазылып, бул система нукуралуулукту  тастыктоого  чоң мүмкүндүк берген.

Зейн ибн Сабит Курандын жыйындыларын топтогондо да так ошол иснад системасын бекем карманып жыйнаган, канча бир ондогон жылдардан кийин ал система жолго коюлуп, Курандын түпкү текстинин нукуралуулугун сакттоо туруктуу нукка салынган. Мына ушундай күчтүү коргонуу менен, Курандын нукуралуулугу Мухаммед Пайгамбардын (САВ) доорунан  биздин заманга чейин өзгөрбөй келе жатат.

Запись Куран ар кандай бурмалоолордон кантип корголгон? впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

“Биринчи аялы, Шынар менен 40 жыл омур суруудо экен, ал 63 жашта, экинчи аялы Фатимага 60 жаш, ал эми жаш учунчу аялы 37 жашта.

“Баардык буйурукту куйоомон мен алам, анан болуштуром. Биз куйобузду тамашалап президент дейбиз, ал эми биз министрлербиз.

“Сырткы жумуштарга” мен жооптумун, Фатима менен Куляйхан “ички жумуштарга”. Биз куйобузду урматтайбыз, жакшы коробуз. Ал бизди болбойт жана уй-булоо учун баардыгын жасайт.” – дейт байбиче.

Үй-бүлө башчысынын айтуусу боюнча биринчи аялынын экинчи аял (токол) алуусун айтканда аябай тан калган. Биринчи аялы менен официалдуу никеде турат, ал эми кийинки экоо менен мусулман салты боюнча.

Экинчи аялы Фатима эки кыз төрөп берген, анан алар дагы бир токол алуусун чечишкен.

“Мен анда 21 жашта болчум, бирок мен тушунуп тургам мен учун ал биринчи куйоо болгону менен ал учун мен учунчу болчум. Бирок ал мага аябай жаккан.”- деп айтат Куляйхан.

Дыйканчылык менен алек болгон Абсаттардын үй-бүлөсү бир там астында жашашат. Уй-булоо башчысынын айтуусу боюнча алар уруш-талаш дегенди билишпейт жана анын аялдары ушундай жашоо ынгайлуу деп эсептешет.

“Formula.KG”

Запись Кызылордолук жашоочу бир үйдө үч аял менен жашаганы менен элди кызыктырды. впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Канадада жашаган 70 жаштагы Сабария Хусейн ар күнү 300 адамга ылайык тамак жасайт. өз колу менен жасаган тамагын ал көчөдөгү карыптарга, жакырларга таратып чыгат.

Ал Канаданын Монреаль калаасына 30 жыл мурун келип жашай баштаган болчу. Жашы бир топко барып, улгайып калганына карабастан ал жергиликтүү мусулман жамааттарынын иш чараларына активдүү катышып турат.

Муну менен катар ал жергиликтүү чиркөө менен да тыгыз байланышып, ал жакка каттаган жакырларга, колунда жокторго алардын расасына, жынысына, динине карабастан колунан келген жардамын берип, колдоп келет.

Запись 70 жаштагы мусулман аял ар күнү 300 карып-мискинге тамак жасап таратат впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Мохсен Исмаил Улуу Британияда жашайт, мурда адвокат болуп иштеген ал 2009-жылдан тартып колледжде сабак бере баштаган.

Бул мугалимдин сабактарын окуп, анын колунан колледжди бүтүп чыккан окуучулардын 95%ы Улуу Британиядагы жогорку окуу жайларга ийгиликтүү өтүшкөн.

Учурда Мохсен Исмаил чыгыш Лондондо жайгашкан Newham Collegiate окуу жайынын директору.

Таланттуу мугалим жакыр, жашоо шарттары начар үй бүлөлөрдүн балдарына сабак берет. Ал окуткан окуучулар Кембридж же Оксфорд окуу жайларына тапшырууга мүмкүндүк алышат.

Запись Англияда мусулман мугалим окуткан окуучулардын 95%ы университеттерге өтүшкөн впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Жумуштан чарчап келсем карындашым эшикте жаш балдар ойнотуп ,өзү да кошулуп ойноп жүрүптүр.
-Э, Мээрим! Бас бери!
Ал баягыдай эле мени көргөндө жүрөгү түшүп келе калды. Тогузунчу классты аяктап каникулдап жүрөт.
-Келдиңизи байке?
-Келгенимди көрбөй турасыңбы? Кир үйгө!
-Азыр кирем артыныздан.
-Эмне?! Бас туш алдыма, чоноюп калсанда ойной бересинби? Апама жардамдашсан боло андан коро.
Ал ун катпай алдыма тушту. Уйубуздун алдында кичинекей бак бар эле,бакта баратып суроо узаттым:
-Тамак жасадынбы?
-Ооба…
-Апам некылтат?
-Уктап калды.
-Бутун укалап бердинби?
-Ооба укалап берсем уктап калды.
-Атам кайда?
-Жаныбек байкелердикине жаназага кетти.
-Мм…

Ал уйго кирип мен тамеки чеккени уйдун артына отуп кеттим. Чегип турсам карындашым шашылыш келе койду. Атам же апам окшойт деп беките ком деп алаканымды куйгузуп алдымда жинденип:
-энендурайын шайтан,жотолуп келсен болбойбу? Негедир анын коздору жалындап турду.
Айт неге келдин?
Бото коз коздорунон мелт этип жашы сызып кетти. Дароо уйго карай чуркадым. Апамдын талмасы кармап уктап жаткан жеринен кусуп титирей баштаптыр. Мындайда мен же атам гана аны айыктыра алабыз. Карындашым коркот,бир бурчка отуруп ыйлай баштады. Апам байкуш Мээрим кичинекейинде шатыга чыгып кеткенде алып тушуп келатып ,шатыдан буту тайып кулап тушкон. Мээримге эчнерсе болгон эмес. Апамдын башы бешилике аз-мынча сайыла кетип ошондон бери талмасы кармаачуу болуп калган. Жайы-кышы дебей калын жолук салынып журот.
Ошон учунда Мээримди коп урушуп ,коп жек кором. Апамдын дабышынан иним ойгонуп чыга келди. Ал жетинчи класска кочту.
Апасынын колун кармап мундуу карап турат. Коп отпой апам озуно келип жакшы болуп калды.
Атамдак келди… Чогуу тамака отурдук.
Атам:
-Эламан , Мээримди медересеге берейин деп жатабыз.
-эмне? медресеге ? э андан коро бир жыл окуутуп куйоого берсенерчи.
Апам:
-койчу балам баягы адатынды баштадынбы?
-анан эмне кылайын апа. Медереседе окуугандарды билип-коруп журобуз. Ал эле эмес хиджап жамынгандарды дагы. Эчким жок жерге отуп тамеки чегишип,кочодо оронуп,уйуно эки кадам калганда чечинишип. . .
Атам столду такырата бир коюп ,ачуусу менен:
-тарт тилинди! Ыйманы пас!
Тишимди кычыратып атама кадала карадымда,пиаламды мыкчый турдум. Ушунчалык катуу караган экенмин сынып кетип колумдан кан агызды. Табылбай калган шылтоо менен дубалдарды кочуро эшикти жаап чыгып кеттим. Базарга барып балдарга жолугуп алар менен кошулуп база да уктап калдык.Тан атпай жук тушуруу иши башталды. Эки мин сомдой акча таап дос баламдын туулган куну экен эле тойгончо арак ичтик. Ал кунуда ошол жерде жатып калдым. Башым ооруп бир тыйыным калбай балдардан жолкирээге акча сурасам беришпейт такыр . Бербесенер койгула деп жоо жоноп кеттим. Кеч кирээрге жакын эле. Уйго кирсем атам чалгы менен чоп оруп журуптур. Жанынан отуп баратсам карабайт такыр.
-ата мен келдим.
-мм…
-кечеги кылыгым учун кечирип коюнуз.
-Эламан тушунуп турам сени,сен деле карындашынды ойлоп жатасын. Бирок …
-ата ? эч кандай бирогу жок.Акыры азыркы кыздардын айрыкча оронгон кыздардын кандай экенин менден сураныз ,мен айтып берем.
Атам мага бурулуп карап,калпагын кагып:
-кийимдинда он-тетириси,тыйындын эки бете,адамдын жакшы –жаманы болот балам. Сен антип адамдардын баарын тегиз корбошун керек.
-э билгенинерди кылгылачы.
Колумду силкип коюп басып баратсам атам токтотуп:
-акча берип турчу Эламан.
-эмне кыласыз?
-тиги Жаныбектин уйуно батага себет кылып барып коёлу дегенбиз. Биздин пенсияны да кармап …
-ата, кечетен бери жумуш жок озум жоо келдим.
-аа балам курсагын ачкандыр мен азыр сага чай коюп берейин.
-сиз жон эле коюнуз Мээрим коюп берет.
-Мээрим,инин жана апан болуп таенендер жака кетишкен кече куну. Бугун келип калышат.
-эмнеге кетишти?
-тиги Арзы молдонун уйуно балам.
-ата качанга чейин анын уйуно барып озунорду окутуп журосунор? Бир пайда чыгып жатабы? акча бергенден башка эчнерсе озгоргон жокго.
-койчу балам акыры озун билесинго апанды догдурлар….
-ооба догдурлар карай албай олот дегенде ошол молдо жашайт деген туурабы? Аны кантип унутайын. Эми бир жомоко ишенип не кереги бар эле дегененим . Атам байуш мени жаман коруп очун чоптордон алып кала берди. Шамдан отуп апамдар кирип келишти. Алар менен саламдашып карындашымдын артынан анын болмосуно кирдим. Жакын арада Бубу эженин уйуно барып Ислмадан сабак алаар эле. Бир канча жылда арабчаны окуп-тушунуп калды. Анын болмосундо «КУРАН» китептер да бар.
-эмне дейт тегерек баш.
-эмне дейсиз?
-башына тоголотуп чупурок орогон адамынар эмне дейт?
-байке коркпойсузбу ошентип айткандан. Ал жалооруп карап турду.
-эмне калпбы? Калп болсо айт,акыры мен чындыкты айтып жатам.
-байке алар аалымдар болот.
-ээ боптур-боптур эмне дейт аалымдарын?
-км, апамдын башы жакшы экен дагы уч жолу окутсак жакшы болуп калат экен.
-канча акча алды?
-аз эле.
-мм сен эмне Медересеге окууйун деп жатасынбы?
Ал башын жерге салып коркуп башын онго-солго кылды.
-коркпой айтабер сени жеп коймок белем.
-барсам жакшы болмок бай-ке.
Дароо ага жеттимда козу алып качканына карабай ээгинен которуп:
-эсинде болсун, Мээрим, уйдон бир карыш кадам алыс баспайсын. Жашоо шартыбыз оор ал жака окутканы каражат жок.
-байке бир киши мага жардам берип жатат.
-ии де эртен ошондон ары Арабтарга сатып жиберсин.
-жоок мага эле эмес бир канча кыздарга соопко калыш учун. Алланын ыраазычылыгы учун…
-жаап оозунду. Мага кара таранчы,учуруп жибере элекде капасына кирип калгын. Укпай журот дейсинби бир канча кыздар сойкуга айланып кеткендерин? Мен баарын билем …
-жоок баарын жалгыз Алла билет.
-жап! Мен суйлогондо сен жым тургун! Менин кыйкырыгым аркы болмого угулуп апам кирип келди. Мээримди дароо койберип эшикти жаап чыгып кеттим. Чупурокту алып колума байлап чыгып баратсам ыйдын дабышы угулуп калды.Акырын тыншасам карындашым оксуп-оксуп ый аралаштыра арманын айтат:
-апа акыры мен ыйман жолунда кадам жасасам,ыйман жолунда журом деп жатсам ,байкем неге мени антип урушат? Апаа-апа тажап кеттим анын урушунан.
-кызым сабр кыл кызым,жакында кетесин ,жакында баары озгорот. Ооба кудайдын жолунда беш убак намаз оокуп журосун кызым. Кудайым буюрса ханзадан ошол жактан сени озу издеп табат.

Мына озу аран эле турган эшигибиз бир тебишим менен талкаланды. Ушунчалык зокур болуп баратканыма окунуп турам.
Ач калган карыщкыр сымал экоонун алдына жетип бардымда тизелей так отуруп ,тике карап:
-Мээрим эсинде болсун эч кайда кетпейсин. Мен азыр Кудурет менен суйлошом экообуз Россияга иштегени кетебиз.
Апам чочуй тушуп:
-балам ! Россия да эмне бар буга? Койсончу кудай сактсын балам ал жактан.
-эмне апа ал жак жаман бекен? Ал жака баргандар адам болуп келеишет апа .
Мээрим:
-барбаайм…
-барасын эгер медресеге менден качып бара турган болсон олдум дей бер.

Атканада ургучум бар эле. Ачуум келгенде очумду ошондон чыгарып опко-боорум эзилгенче уруп аламын. Бугунда уруп –уруп демигип отуруп калдым.
Карындашыма айткан катуу создорум ,ата-энемди укпай кеткендерим баары эске келди. Мектептеги муш-тополон ,ызы-чуу салгандарым. Мээримди дос кыздары шылдандаганы учун алардын байкелери менден чон болсода коз астында сабагандарым. Кадыр деген бай, атамдын устунон кулгону учун аны бууп олтуруп сала жаздагам. Балдары да токмок жеп ошондон бери уйдо озум хан ,озум баатир. Атамдын атынан эчким атабайт.Ал жоош жургону учун Момун деп коюшкан. Атканада отурсам Момун ! Момун деп кимдир бироо кыйкырат. Терезеден карасам атам чыкты. Уйубузду кармап алып башын жерге салып туруп калды. Кандайдыр уруш уну угулат. Атып чыксам эле Бердибек байке уйубуз анын багына кирип кеткени учун,атамды урушуп туруптур. Мени жумушта деп ойлодубу озунчо ээн-эркин. Чыга калсам эле озун тапбай калды. Допусу жерге тушуп шашкалактап кийип эч бир соз суйлобой кетип калды. Уйду байлап коюп кочого чыксам кошунабызга даттанып туруптур. Жотолуп койсом мени карап бир кулуп,ары карап кайгырып ойдо коздой чыгып кетти. Анын уйу ылдый жакта эле. Талаадан качып отушун билип талаада дарактын артында турсам акыры отуп баратат. Алдынан боо деп чочутуп чыгып ,жакасынан кармап алып журогунун ушун алдым. Уруп жибереби деп улам бетин тосот. Атам биз жака карай келатканын коруп аны коёберип жогол дедим. Ал дароо чуркап кетти. Атамдын колунда камчысы бар экен. Ун катпай келип:
-Эламан ,мен сенин ысымынды Элим аман болсун деп койгонмун. А сен ысымындын акысын берген жоксун. Ары кара.

Атам кичинекейимде шоктонуп койгонумда чыпылдак чуук менен артты каратып,жамбашымдан баштап ылдый чаап чыгат эле. Мен эми чонойдум ,чуукда чоноюп камчыга айланганбы? Артымды караган жокмун.
-ата булар бизди акаараттаса карап тура беребизби?
-биринчи куноону озундон изде акмак.
-эмне кедей болгонубуз биздин кунообузбу? Кедей болгондор эле шылдын болуш керекби ата! Ызааланып коздорум жанып турса атам ачуусу менен жондон ары айлантып бир чапты. Денем чымырап козумдон жаштар атып чыкты. Муштумум туйулуп бирок ун ката албадым. Кантсе да менин атам.

Атам уч жолу арт жагыма чапты.
-жазанды алдынбы акмак! Элдин балдарын ,аталарын сабаганы жаралын беле? Кой –кой деген сайын чектен чыгып баратасын.
-жок ата! Козумдон жаштар агып кетти.
Ата алар чектен чыкса болот а бизге болбойбу? Эмне мен куноолумунбу? Сизда куноону биринчи озунуздон корбойсузбу? Озунуздон издебейсизби.
-жаап жагынды! Атам бетке карата бир чапты эле колум менен тосуп камчыны мыкчый кармадым. Бетиме кичине тийип кетти эле кесилип кан ага кетти.Камчыны ого бетер озумо жакын тартып :
-ата балким менин ушундай болуп калышыма сиз себепчисиз. Эсинизде болсун ар бир ата оз уулдарынын устаты болот.
Атамдын журогу жарылып туштубу коздор чон-чон болуп камчыны койберип жиберди. Ангыча карындашымдын ата! Деген дабышы угулуп калды. Мен дароо уйго карай кетип калдым. Артыма бирда карабадым. Мээрим ушунчалык курч коздору менен карап ыйлап-ыйлап отуп кетти. Кочого чыгып кетейин деп баратсам апамдын баягы уну угулуп калды. Ушундай эшикти ачсам иним апамды кучактап:
-апа мен жакшы уул болом,апа мен сизди айыктырам. Байкеме окшоп силерге бакырынбайм, силерге урушунбайм апа.
Коз жашымды токтотконум менен баарибир тымынызын ага берди. Дароо атканага кирип ургучумду ура баштадым.Колум тийип-тийбей кетет. Ушунчалык дем жетишпей калганда токтоттум. Терезеден уйду карасам Мээрим атамды жетелеп уйго алып кирип кетти. Ошол жерге эле чоптун устуно жатсам карындашым кирип келди.
-неге келдин?
Ал ун катпайт. Башымды которуп карасам эшике суруло отуруп,бетин жаап ыйлап кирди. Ал мени корбогонбу же бул жака киргенимди билген эмесби колун жайып козун жумуп алып ыйлап бата кылды. Мен чопту шыгырытпай ондонпуп алып аны тыншадым.
-Алла Таалам сен мээримдуулордун мээримдуусусун. Сен мээримдуулордун мээримдуусусун. Сен мээримдуулордун мээримдуусун деп уч жолу айтып бир аз токтоп батасын улантты.
Оо Аллахым сага унум жетсин. Дубамды кабыл кыла кор оо жаратканым.
Бугун байкем атамды катуу урушканбы атамдын журогу ооруп калыптыр.

Дене-боюм титирей тушту.

-сен байкеме ыйман берчи Аллахмым,ата-энеме шыпаа бер. Бир туугандарым,ата-энем аман болсунчу Аллахым. Мейли башкасын бербе,Мейли байлык-бийлик бербе жакындарым аман болсунчу.Алар оорубасынчы Аллахым. Мейли Аллахым мен ооруйун ,мен азаптанайын бирок калганы оорубасынчы. Байкемди озун тарбияла ,биздин ага кучубуз жетпей барат . Акыркы кундору катуу озгоруп медересеге барышыма да карщы Аллахым.

Мн озумду ушунчалык куноолу сезип ,бетимден чыккан канды аарчып коюп,чопко башымды коюп жатып алдым. Карындашымдын ыйлап бата кылганы менинда журогумду эзип жиберди. Ал дубасын окуп коз жашын суртуп чыгып кетти. Бугун жумуш болмок ордумдан туруп жумушка жоноп кеттим. Маанайым жок иштеп журсом досторум шылдындап кулгонго жетишишти. Биздин башчы балабыз бар эле мени карап улам-улам каткырат. Ал каткырса башкаларыда каткырат. Башымды жерге салып барып анын ээсин оодара соктум. Эчким жолой албай калды,баары тынчып турушат.
-жигиттер дагы бироон куло турган болсон тируулой комуп таштайм. Бугундон баштап мен башчымын. Кимде ким азыр муну тургузса менден жакшылык кутпосун.
Иштебей алма жеп отуруп алдым . Балдар жонуна кап которуп ун катпай иштеп журот. Тиги ээси оогон балага эчким жардам бербеди. Анын олбошун билээр элем башын кармап ордунан турду. Сыртка чыгып кеткен болчу ошол бойдон келген жок.
Тун ичинде базардан жегиликтерди нак алып бардым. Апамдар уктап калышыптыр. Карындашымдын болмосунун чырагы жанып турганын кирип бардым . «КУРАН» китеп обону менен окуптур. Ушунчалык берилип окуп жатканбы киргенимди байкаганда жок. Кудум дуйно булбулу «КУРАН» окуп жаткандай болду. Анын ар бир уну журогумду эргитип жиберди. Акырын сыртка чыгып баратсам токтоп калдыда жылмайып:
-оой байке келиниз.
Артыма карап аландап ары бери тиктеп:
-уктай элек белен?
-ооба «КУРАН» окуп жаткамда,бутойун деп калганда сиз келип калдыныз анан токтотушка болгон жок.
-аа жакшы окуйт экенсин.
-келин керебетке отурун сизге да окуп берейинби.
Эмнегедир сурдоп керебетке отуруп колумдагыларды ага бердим.
-айиий байке жегилик кылып келдинизби?
-ии силерге деп.
Анын козунон суйунучтун жашы сызып кетти. Дароо жылмайып аарчып баштыкчадан жегиликтерди ала баштады.
-байке не мынча коп,акчаныз коп кетип каладыбы?
-жок бугун мен ошол жердеги жук тушургучторго башчы болдум.
Анын акырын гана «кудайыма унум жетиптир» дегенинин угуп калдым. Укмаксан болуп анын текчедеги китептерин карай баштадым.
-байке сизге рахмат.
-эмне учун?
-сиз болбосонуз биз эмне кылмак элек. Кордунузбу Алла Таалам берекесин ушинтип эле берип коёт.
Ун катпай башымды ийкеп койсом ХАДИСтерден соз баштады. Мага негедир жаккан жок. Ордумдан туруп артыма бир карабай сыртка чыгып кеттим. Тамеки чегип отурсам Мээрим чыгып келди:
-байке эмнеге тамеки чегесиз?
-эмне болуптур?
-акыры Мухаммед (с.а.в)айткан …
-токтот! Кереги жок . сураныч мени тынч кой. Бар кирип жат секин.
-мм макул…

Ал кирип кеткен сон асманда айга копко карап турдум. Булуттар сурулуп келип кандайдыр бир коркунучтуу жуздун солокоту коруно кетти. Чочуп эле уйго кирип, денемди калтырак басып чумконуп жатып уктап калдым.
Тушумдо кимдир бироолордон качып эле журо бердим. Ушунчалык денем ысып куйуп жаткандаймын. Би рубак кулагыма Биссимила деген дабыш угулду. Журогум тынчтанып козум чон-чон ачылып кетти. Карындашым жаныма келип отурганда Биссимила дегенби мага карап:
-байке басырык бастыбы?
-ии ошондой окшойт. . .
Коркконумдан учук чыгып кетиптир. Атам мага эч суйлобой оз ишин кылып журот . Мээрим тамак кылып койгон экен тамака отурдук. Тамактан алдын атамдан кечирим сурадым.
-ата мени кечирип коюунуз кече куну…
-эчтеке эмес балам акылына кирип,ыйманынды кармансан болду.
-ата бул акчалар сиздерге.
Эки –уч мин акчаны алдына сундум. Атам дароо колун жайып ,бизда колубузду жайып,бирок негедир ичинен кыбыр-шыбыр этип дуба кылды. Омин кылган сон чайда ичпей жумушка барам деп кетип калдым. Эшике жетебергенде карындашым артымдан чуркап келип:
-байке коётурунуз эрте мененки ырыскыны таштап болбойт,акыры жок дегенде суу ичкиле деп айтылган.
Пиалада тамакты коруп ысык деп уйлоп жатсам :
-байке уйлобой эле жей бериниз,тамакты уйлоп жеген болбойт жылуу эле ,ото ысык эмес.
-эмне учун ысык эмес ?
-баарибир уйлоп жейсизда.
Анын акылдуу создору мени женип салчуу болду. Картошкасынан жеп жумушка кеттим. Кетээримде карындашымдын «Аллах сизди асырасын» деген созу кайра-кайра кулагыма угула берди.
Жук жакшы эле тушуруп жатканбыз. Бир балабыз эн астынкы капты тарта коюп аны сактап калам деп ,ары туртуп башым гарч эте тушту. Козумду ачсам толтура балдар карап турушуптур. Бут жерим суу болуп калган . Ангыча тез жардам кирип келди. Койгула десем болбой баштан ылдый текшеришти. Медайым журогумду текшерип жатып:
-атыныз ким?
-атым Эламан.
-шугур кылыныз Аллах сизди озу асыраптыр.
Журогум дук эте тушту.
-мындай оор жуктор башка тушкондо моюн сынып же акылынан тайып калышат. Сиздин башынызга бир эмес эки кап тушконун айтышат. Аллахты эстеген жан окшойсуз,бизда оор операцияларда жасап бирок Алла буюрбаса колубуздан эчтеке келбейт.
-эже болдубу? Соо элеминби иши кылып? Ишиниз бутсо бара бериниз. Мобул акчага чай ичип коюн,рахмат сизге деп чыгып кеттим. Ошол куну директорубуз жук тушурушо тыю салды. Торт кун катарынан жумуш болот дегенинен уйго барып айтып келдим. Торт кун эмес беш кун катарынан жумуш болуп балдарга акчасын болуп ,озумода акча алып уйго бардым. Иним алдымдан кулуп-жайнап тосуп чыкты. Колумдагы жегиликтерди ага берип уйго кирдик.
-иним атандар кайда кетти?
-эжемди узатканы.
-кайда?
-медересеге.
Эми эле отурган болчумун сыртка чуркап чыксам ата-энем келип калды.
-Мээрим кайда?
Атам:
-балам алар кетип болду токто.
Алардын созун укпай жолду кыскартып адырлардан ашып,чон жолго жеттим. Алардын автобусу келатканын коруп жолго туруп алдым. Токтоору менен эшигин тарс ачып кирдим. Бут оронгон кыздар. Мээримди дароо тааныдым артта жылмайып отурган экен дароо жузу кубара тушту.
Биз келгенче жамгыр ношорлоп кол-шал болуп кеттик.
Апам ыйлап кызын жетелеп уйго кирип кетти. Артынан кирейин десем атам жолумду тосуп алды .
-ата …
Атам соомойу менен эшик-эликти коргозду.
-ата мени эмне кууп жатасызбы?
-эсинде болсун ата-эне ыраазы Алла ыраазы. Жогол ,кет бар!
-ата болдучу…
-балам эмессин,кечтим сенден. Эшикти тарс жаап салды. Жамгырлар ого бетер ношорлоп, катыган бойдон эшиктин алдында копко турдум. Бул уй эми мен учун жатка айланды. Кайда барам? Деп эми эле уйдон узап баштасам эшик кайра ачылды. Суйунуп эле артыма карасам иним чуркап келди. Кучагыма бекем кысып:
-эмне болду? эмнеге чуркап чыктын?
Ал ыйлап:
-байке атам жинденип жатат,сураныч бизди таштап кетпенизчи.
Макул деп уйго кирсем атам урушунуп жаткан жеринен тык токтоду.
Тамагын кагынып мага карап:
-акыркы жолу Алла учун кечирем ,созумду кайтып алдым. Эми сен ойлогондой эмес мен ойлогондой жашоодо жашайсын. Эртен карындашынды оз колдорун менен жетелеп,оз буттарын менен басып барып медересеге тапшырып келесин.
Ун катпай болмомо кирип кеттим. Атамдын кирип жаткыла деген дабышы угулду.
Эмнеге Мээримди жолдон калтырдым? Эмнеге ыйлаганына болбой алып келебердим? Эмне учун башкалардын созун уккан жокмун? Озумчо эле агалык милдетти аткарган болуп ага каршы чыга берем? Ал эмне бузулуп туура эмес жолго тушуп баратыптырбы? Андан коро озумду ондосом боло. Озумду озумду жемелеп ,суроолорума жооп бере албай сыртка чыктым. Апам карый тушуптур. Сорудо кайгылуу отурат . Жанына барып отуруп колунан кармап:
-апа кечирип коюнузчу мени.
-эмне учун мындай кылдын?
-апа мен туура эмес кылып коюптурмун.
-Эламан адам болчу. Атан экообуз намаз окуубадык ,сен инин, жок дегенде ушул карындашын намаз окуусунчу. Эмне учун намаз окуушуна каршы чыгасын.
-апа намазды уйдо деле окууса болотко.
-болот бирок дагыда Ислам динин жакындан таанып билиши керек.
-макул апа эми кирип жатыныз,Мээримди озум соротуп коём.
-урушпагын макулбу?
-макул апа… Апамды киргизип жиберип карындашымдын болмосуно кирдим. Анын эшигин сындырганымдан кийин жон эле материал тартып коюшкан.
Ал тошогундо чумконуп жатып акырын ыйлап жатат.
Акырын тошогун тартсам бетин жаздыка жолоп жатып алды.
-Мээрим мен Эламан. Мени кечирип койчу суранам сенден.
-кетин…
-жок ,жок эчкайда кетпейм. Сен эмне менден кечип жатасынбы?
-жок,жек кором сизди.
-жек коргонун кечкенинда.
-Исламда бир тууганын кечкен болбойт.
-ээх акылдуум десе эмнени кучактап алгансын?
-«КУРАН» китеп.
-кел байкенди кечирип койчуАлла учун Мээрим.
Ал башын которуп ,отуруп китебин жогоруу коюп :
-эми мындай кылбайсызбы?
-жок,мындай кылбайм карындашым.
-соз бересизби?
Козумду ирмеп койдум.
Ал мени кучактап алып аябай ыйлады. Хиджаб ага аябай жарашыптыр. Копко ыйлагынан мен да ыйлагым келип кетип колунан кармап :
-болду ыйлаба,ыйлаба карындашым.
-байке сизге айтпай кеткеним учун мени кечирип коюунузчу. Мейли сиз айткандай болсун,уйдон бир карыш алыс чыкпайм. Сиз айткандай Россияга барып иштеп келебиз.
Кулдумда анын бетинен чымчып:
-иий шириним десе,жиндисинда сен. Поезд кетип болгон жакшы кыз. Бул кийимин менен Россияда иштетпейт экен сени.
-байкээ-ээ…
Ал жашын токтотуп мага далыма башын жолоду:
-кандай мээримдуусуз ээ,сиздей жакшы байкени берген Аллахыма чексиз шугурлор болсун.
-Эми Мээримим учун мээрим токпосом кандай адам болдум?
Эртен озум сени медресеге алып барып келем макулбу?
-чындапбы?
-чындап.
-Алла ыраазы болсун сизден байке.
Мен анын колдорун бекем кармап укта деп чыгып кеттим.
Эртеси буюм тайымын алып медересеге барсак анын ордуна башка кыз келип калыптыр. Тиги спонсор болгон кишида кетип калган экен. Кетип жатсак Мээримдин маанайы чогуп жер карап басып калды. Анын чындап Исламга берилгендиги жузунон, арбир деминен байкалып турду.
Коётур деп медересе башчысына жолугуп чыктым. Суйлошконубуз боюнча кетти. Карындашымды ал жерде калтырып коштошуп кетип жатсам сумкасын чукулап жашылгыч китепче сунду.
-бул эмне?
-эркектер учун намаз окуу китеби.
-намаз окуйунбу?
-ооба.
-спортум калып кететда.
-спорт озунуз учун,намаз бейиш учун байке.
-акылдуу десе бар кир эми. Жакшы окуугун макулбу ,бизди унутуп калба.
Козунон тамган жашын аарчып:
-байке.
-ооу…
-сизди жакшы кором…
-бар эми айланайын кирчи,кирчи бар.
Улам-улам артына карап кирип кетти . Жумушум келип иштей баштадым.
Катуу иштедимби директор келип сурап калды.
-Эламан эмне мынча катуу иштей баштадын?
-катуу деле эмес.
-айт чынынды.
-аа тиги карындашым медресеге кеткен болчу,ошонун каражатын мен которо турган болдум.
-аа жакшы ,иште бирок озунду караганды унутпа…

Бир ай отуп карындашым уйго келди. Тим эле уйубузго периште кирип келгендей уйубуз жаркырап кетти. Сагынычыбызды жазып отурсак Арсга азан айтылып калды. Алдынкы сапта мен турдум. Артымдан иним жана карындашым ….
Кундор отуп Мээрим кайра окуусуна кетти. Жакында Араб олкосуно куран окуу боюнча мекенибиздин атынан барат экен. Мен чынында аябай суйундум. Саатты карап ,телефондун конгуроо болушун кутуп козубуз торт болду. Би рубак чырылдаганын дароо алып катуу унго койдум. Анын эжейи чалып баш байгени бир кыз алып,биринчи орунду Мээрим утуп алганын айтты. Суйунгонубузду айтпа. Дуйно жузундо биринчи орунду алуу деген кандай чон сыймык. Болгондо да «КУРАН» окууштан.Мээримге телефонду берсе ыйлап такыр суйлой албай койду. Чынында кубанып турдуда.
Бугун ал уйго келет ,кутуп отуруп акыры оюма бир пикир келип сыртка чыгып кеттим. Эки уч саат отуп уйго кой жетелеп келдим. Карындашым жаны эле келген тура. Байкушум коз жашын тыйбайт,мени ушунчалык бекем кучактады менда кучактай койсом кой жибин тартып кетсе болобу. Апамдар каткырып эле мен койду аран тартып калдым. Элди чакырып кудай откордук.
Ыймандуу карындашыма кудалар коп келчуу болушту. Бирок биз эчкимге макулдугубузду берген жокбуз .Анткени качан кудайым озу буюрганда ,оз бактысына турмушка узайт.
Убагында кудайга ишенбей жургонум учун тобо кылам.

Кимди капалантсам баарынан кечирим сурап чыктым.

Мен бактылуумун.

Ал эми бактылуулук Исламда… .

Запись Карындашым – бир тууганым – Мээримим… впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Адатта адамзаты жеңилдиктер менен сыйлык алууга шашкан жандарбыз. Соода да ошондой качан аксия болот экен деп күтүп,каалаган нерселерибизди арзан баада сатып алгыбыз келет. А бул дүйнө иштери үчүн гана күнүмдүк жашоого керек болгон кумарлануу болуп эсептелет. А Аллах Таалам түбөлүк сыйлык,жакшылыктарын кандай амал кылсак берээрин эскертип,убада берип турса да кайдыгер болуп келебиз. Анткени биз көрпендебиз курсак тойуп,кийим бүтүн болгондон кийин жакшылык ээсин унутуп коёбуз. Чындыгында Аллах Таалам кээ бир амалдардын сообун эселеп берээрин айтып,биздерди ошол аркылуу даражабызды көтөрөт. Ошондой сыйы мол амалдардын бири -бул жамаат менен бирге окулган намаз. Буга далил..«Жамаат менен окулган намаз жалгыз окулган намаздан 27 даража жогору.» (Бухарии, Азан, 30)
Демек сиздин жеке окуган жыйырма жети жолу окуган намазыңыздын сообу жамаат менен окулган бир намазга барабар. Эгер күндөлүктө беш убакыт намаздардын бардыгын мечитте,жамаат менен бир сапта туруп өтсөңүз, 135 эсе,ал бир жуманын ичинде 945 эсе көп сооп жыйнайсыз! Акыреттик жол дарбазаңызга бар болгону бир айдын ичинде 4050 эсе ,бир жылда 49275 эсеге көп сооп жүктөлүп, аркы дүйнөдө бул сизге таразада оорлук баса турган азык болот. Акылы бар адам мындай сооптон кол жууп калышы туура эместир?!
. Жамааттын зарылдыгын билдирген төмөнкy окуя көңүлдү өзүнө бурбай койбойт: Сахабалардын бири, эки көзү тең азиз болгон Ибни Умму Мактум, жамаат намазынан Азирети Пайгамбарыбыздан (саллаллоху алейхи васаллам) уруксат алыш үчүн:
– Оо, Алланын элчиси! Менин абалымы билесиң, үйүм менен мечиттин ортосунда дарактар, курмалар бар. Ар дайым эле жол көрсөткүч таба албайм! – деит. Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам):
– Азанды угасыңбы? – деп сурайт. Ал:
– Ооба, – деп жооп бергенде:
– Андай болсо, жамаатка кел, жөрмөлөп болсо да… – деген. (И. Жанан, Кутубу Ситте, 8-256) ..
Дагы бир хадисинде:

«Караңгы түндө мечитке баргандар эч кандай көлөкө болбогон махшар күнү арштын көлөкөсүндө эс алышат.» – деп айтылат. (Ибни Маажа)..

«Куптанды жамаат менен окуган жарым түндү; багымдатты жамаат менен окуган түндүн бардыгын ибадат менен өткөргөндөй болот.» (Муслим, Масажид, 260) ..

«Ким бул беш убак намазды жамаат менен окууну улантса, Сырат көпүрөсүнөн чагылгандай тез өткөндөрдүн башында болот. Мындан тышкары, Аллах аны табиъундардын алгачкы тобунун ичинде кылып тирилтет. Күнүгө ар түнү намазды жамаат менен окууну уланткандар Аллах жолунда курман болгон миң шеийттин сообундай сооп алат.» (Жамиул Фаваид, 2-246) ..

Жамаат менен окулган намаз момундардын ыйман күчүн арттырат. Жамаатты улантуу аркылуу ыймандуу коом сакталат. Хадисте мындай делет:

«Yйүнөн даарат алып мечитке намаз окуганы келген киши ихрам кийип, ажыга барган киши сыяктуу.» (Фазаилил Амал, 275)
Ошол кишинин мечитке баратканда таштаган ар бир кадамына бирден сооп жазылып, бирден күнөөсүкечирилет.

«Ким алгачкы такбирден кечикпей, кырк күн жамаат менен намаз окуса, ага эки бараат (мунапыс) берилет: бири – тозоктон кутулуу барааты, экинчиси – эки жүздүүлүктөн оолак калуу барааты.» (Муслим, Термезии) ..

Кыямат күнү Аллах Таала:
– Менин кошуналарым каякта? – дейт. Периштелер:
– Сенин кошуналарың кимдер, йа, Рабби? – деп сурашат. Алла Таала:
– Дайыма мечиттерге (жамаат намазына) келгендер – деп жооп берет.
Алланын Элчиси (саллаллоху алейхи васаллам):
«Мечит – ар бир такыбанын үйү. Үйү мечит болгон кишиге Алла жан-дүйнө жайлуулугун, мээримин берип, сырат көпүрөсүнөн өтүп, бейишке киришке, ошондой эле Алланын ыраазылыгына жетүүгө кепилдик берген.» (Табарании)..
Куптан менен багымдатты жамаат менен окуу бөтөнчө касиетке ээ:
«Куптан намазын (жамаат менен) окуган киши жарым түнгө чейин, ал эми багымдат намазын жамаат менен окуган киши түнү бою ибадат кылган болуп саналат.» (Муслим)..
«Адамдар азан окугандын жана алдыңкы сапка туруп намаз окугандын артыкчылыгын билишкенде, буга жетиш үчүн чyчyкулак кармаштан башка чара табылбаса,
сөзсүз түрдө, чyчyкулак кармашмак. Намазга эрте баруунун артыкчылыгын билишкенде, ага жетиш үчүн жарышмак. Куптан менен багымдаттын сообун билишкенде, сойлоп болсо да келишмек.» (Бухарии, Муслим)
Демек, мусулман-момун пенде намаздын сырына жетиш үчүн, көңүлү намазда, кулагы азанда болушу зарыл. Намазга чакыруу азан менен башталгандыктан, жамаатка кошулуу азанга кошулуу мененбашталат. Сахабалар азан айтылганда, бардык иштерин таштап, дароо намаздын атмосферасына кирип кетишчү. Балка урган колдору токтоп, сүйлөгөн тилдери тутулуп, дароо мечитти көздөй чуркашчу. Аллах менен бирге болуу ышкысына толгон жүрөктөрү төмөнкү хадисти ишке ашырышчу:
«Азанды укканыңарда силер да азанчынын айтканын кайталагыла! Андан кийин мага салават жана салам жолдогула! Себеби ким мага бир салават жолдосо, Аллах ага он салават (ыракым) жолдойт. Анын артынан мен үчүн ортомчу сурагыла. Ал (ортомчу) бейиште ушундай бийик даражада тургандыктан, Алланын кулдарынын бирине гана берилет. Мен ошол кул болууну тилеймин. Ким мен үчүн ортомчу тилесе, ага шапаатым адал болот.» (Муслим, Салаат, 11)

Жамаат менен окулган намаз тууралуу акыркы сөзүбүздү ар бир момундун жүрөгү мечитте илинип туруш керек деп аяктасак, жаңылышпайбыз. Жамаат менен окуу жумага барып Жумабай,же айтка барып Айтбай болуу эместир балки колдон келишинче мүмкүнчүлүк болсо ар бир намазды мечитке барып окуудур. Анткени кыямат күнү эч бир көлөкө болбогон ошол коркунучтуу жайда Аллах Таала берген көлөкө менен сыйлана турган жети топтогу кишилердин бир тобун «жүрөгү мечитке байланган» мусулмандар түзөт…
Аллах Таалам ар бир мусулман пендесинин,ата,ага,ини,байкелерибиздин жүрөгүн ойготуп,кайсыл жерде болбосун иши болобу,жумушу болобу мүмкүнчүлүк жолун ачып жамаат менен окууну насип этип, Өзүнүн раазылыгына бөлөгөн болсун! Омииин!

«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

Запись 27-СООБУ НАМАЗДЫН БАР ЭКЕНИН БИЛЕСИЗБИ?! впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Урматтуу бир тууган момун мусулмандар!

Баардык ааламдын ээси Аллах Таалага шүгүр жана мактоолор жана Алланын эң жакшы пендеси, сүйүктүү пайгамбарыбызМухаммадга (с.а.в)   салаваттар болсун!

Аллах Таала адам баласынын  бактылуулугун бир гана динге койгон. Качан адам баласы дин менен толук жашоосун өткөрсө, ошондо гана эки дүйнөдө бакыт табат. Динде кайсыл өкүм болбосун аны биз менен сиз Пайгамбарыбыздын көрсөтүп кеткен сүннөт жолу менен амалга ашырсак, б.а. шариятта кандай болсо ошондой кылып так аткарсак, биздин амалыбыз Алла Таалага кабыл болот жана ошол амалга кандай сооп аталган болсо, ошол сооп толугу менен берилет.

Аллах Тааланын өкүмдөрүнүн бири бул «курбанчылык кылуу». Тѳмѳндѳ, биринчиден өзүбүзгө Алла Тааладан сооп үмүт кылып, экинчиден элибизге, дегеле айтканда жалпы мусулман бир туугандарга пайдасы жетсин деп, курбанчылыктын негизги өкүмдөрүн жана жол жобосун кыскача жазып кетүүнү туура таптаык.

Аллах Таала өзү жардам берсин.

АЙТ КҮНҮ – МАЙРАМ КҮНҮ! ӨЛГӨН ЖАКЫНДАРДЫ ЭСТЕП ЫЙ – КАЙГЫ МЕНЕН ӨТКӨРҮҮ КҮНҮ ЭМЕС

Курбанчылык же Курбан айт  десе тилекке каршы эл арасында курбанчылыкты салт катары өткөрөт же өтүп кеткен туугандарды эстеп айт күнү ошолордун  атына атап союш союп (атамдын айты, апамдын айты дегендей) эл чакырып Куран окутууну жана башка шариятта жок нерселерди кылууну курбанчылык деп түшүнгѳндѳр бар.

Акы    йкатта болсо, курбанчылык кылуу шариятта өзгөчө чоң ибаадат жана Исламдын белгилеринин бири болуп эсептелет. Шариятта жылына эки чоң майрам бар. Бири орозо айт майрамы, экинчиси курбан айт майрамы. Бул эки майрамда мусулмандар сүйүнүп жаңы кийимдерди кийип үй-бүлөсү менен туугандары, достору, кошуналары менен чогулуп күлүп жайнап бири бирине конок болуп, белек тартуулап, өткөрө турган күн. Андыктан, майрамды майрамдай тосуп майрамдай күлүп жайнап Аллага шүкүр кылүү менен өткөрүш керек. Бирок, бул күн кээ бирөөлөр түшүнгөндөй, өткөн жакындарын эстеп көшөгөнүн артында өкүрүп ыйлап, Куран окутуп, таң ата электе кабырына баруу күнү эмес. Бул амал, салт, адат шариятта жок нерсе.

Курани Каримде Аллах Таала «Кавсар» сүрөсүндө Ѳзүнүн элчисине өкүм берген:

فصل لربك و أنحر….

Алланын атына, Аллах үчүн намаз оку! жана Аллах үчүн (мал сойуп) курбанчылык кыл!

Намаз Алла үчүн гана окулгандай эле, курбанчылык дагы Аллага гана аталып союлат.

Башка дагы аятта ушул эле мааниде башка сөз менен төмөндөгүдөй деп айтылган:

إن صلاتى ونسكى ومحياى ومماتى لله رب العلمين….

Чындыгында, менин намазым, менин баардык кылган ибаадаттарым (мал сойуп курбан кылуу дагы ибаадатка кирет) менин жашоом менин олумум бардык ааламдын ээси Аллах учун! (Тафсир Ибн Касир)

Пайгамбарыбыз ﷺ(в.а.с) Меккеден Мадинага хижрат (көчүп) келгенден кийин он жыл жашаган. Ар жылы үзбөй (каза)  кылбай курбанчылык кылган. Ошондой эле, Пайгамбарыбыз (в.а.с)  үммөтүнө ар дайым насаат кылып, курбанчылык кылууга үгүттөп турган.

Мына ушул себептен (шариятыбызда) уламалар курбанчылык кылууну важиб деп айтышкан. Ошондой эле  курбанчылык бир эле Мекке шаарына гана таандык эмес, ал амал жер жүзүндөгү   ар бир колунда бар мусулман адамга важиб болуп эсептелет.

КУРБАНЧЫЛЫК КЫЛУУ КИМДЕР ҮЧҮН ВАЖИБ?

1-Курбанчылык ар бир акыл-эси сак саламат болсо,

2-Мусулман болсо.

3-Муким (сапарда болбогон) болсо.

4-Балагатка жеткен болсо.

5-Колунда бар, зекет фарз болгон бай адамга.

Ушул беш шарт бир адамдан  табылган болсо, ал адам үчүн курбанчылык кылуу  ваажиб болуп эсептелет.

Кимге зекет важиб болсо ошол адамда зекеттин өлчөмүнөн башка дагы күнүмдүк зарылчылыктан тышкары б.а шарият урксат бербеген буйумдардын дагы базар баасына карап зекеттин өлчөмүнө кошулат.

Мисалы бирөөнүн зекет өлчөмүнө 10 000 миң сом жетпейт, демек курбанчылык важиб эмес, бирок үйүндө 10 000 миң сомдук гитара же телвизору бар, ошону баасын кошсо ага зекет чыгаруу фарз болот, зекет фарз болгондон кийин курбанчылык кылуу дагы зарыл болот. Зекет менен курбанчылыктын айырмасы: зекетте бай болгондон бир жылдан кийин зекет чыгаруу фарз болот. Ал эми курбанчылыкта ошол курбан айт күндөрү гана зекеттин өлчөмүндө акчасынын болуусу шарт, бир жыл өтсүн деп күтпөйт.

 Маселе: Эгер аял кишинин өзүнө тийешелүү акча же алтын күмүшү, малы болуп ал  зекеттин өлчөмүнө жетсе, анда ал аял үчүн курбанчылык кылуу жеке өзүнө гана важиб болот. Эркекке жубайы тарабынан курбанчылык кылуу зарыл эмес. Албетте  жубайы, эгер менин атыман дагы курбанчылык кылып кой деп уруксат берсе анда кылса болот. Ошондой эле, балагатка жеткен уул, кыздар үчүн дагы атасы курбанчылык кылбайт, эгер алардын колунда байлыгы болсо, анда аларга дагы курбанчылык кылуу важиб болот.

Маселе: Курбандык важиб болбой туруп эгер ал курбандык кылуу ниетинде мал сатып алса, анда ага ошол малды курбандыкка союу важиб болот.

КУРБАНДЫК КЫЛУУ КҮНДӨРҮ

Курбанчылыктын ибаадаттары үч күн:

Зул Хижжа айынын ону(10), он бири(11), он экиси(12).

Курбан айт күндөрү ушул аталган үч  күн.

Башка күндөр  курбанчылыктын ибаадат күндөрүнөн  эмес. Ушул күндөрү кайсы убакта болбосун мал союп курбанчылык кылса болот. Албетте, курбандыкты биринчи күнү кылган абзел. Түндөсү дагы кылса болот, бирок күндүзү кылган жакшы.

КУРБАНДЫК КЫЛУУНУН ОРДУНА САДАКА ЖАНА БАШКА ЖАКШЫЛЫК КЫЛУУ

Эгер Курбан айт күндөрү өтүп кетип, кандайдыр бир себептер менен курбандык кыла албай калса, ошол малдын баасын кедей-кембагалдарга садака кылуу важиб болот.

Бирок, Курбан айт күндөрү курбандык сойбой туруп  эле садака кылып жиберсе, ал кабыл болбойт жана ар дайым күнөөкөр болот. Себеби, курбандык өзү өзгөчө ибаадат. Намаз окуу менен орозонун фарзы, орозо тутуу менен намаздын фарзы, зекет берүү менен ажылыктын фарзы аткарылбагандай эле, жакшылык, садака кылуу менен курбандыктын важиби аткарылбайт. Буга, Алланын Элчисинин айткандары, кылган амалы, өкүмү  жана сахабалардын амалдары күбө.

КУРБАН АЙТТЫН УБАГЫ

Кайсыл айыл, кыштак, шаарда жума жана айт намаздары окулуп жүрсө, ошол жерде айт намаздан мурун курбандык кылган болбойт.

Эгер кимде ким намаздан мурун курбандык кылып алса,  ага кайрадан курбанчылык кылуу важиб болот. Бирок, жума жана айт намаздары окулбаган чакан айыл, кыштактарда жергиликтүү элдер зул хижжанын онунчу күнү эртең менен багымдаттын убагы киргенден кийин курбандык кыла берсе болот.

Ошондой эле, кайсы бир шаарда Курбан айттын биринчи күнү (онунчу зул хижжада)  кандайдыр себептер менен айт намазы окулбай калса, анда шаардын жашоочулары айт намазынын убагы өткөндөн кийин курбандык кылса болот. Эгерде шаар чоң болуп,  ал шаарда айт намазы ар кандай убакыттарда окулса (м.: бир жерде 07:00 дө, бир жерде 07:30, 08:00дө) биринчи окулган айт намаздан кийин шаардыктар курбандык кыла берсе болот.

КУРБАНДЫК КЫЛУУГА КАНДАЙ МАЛ ЖАРАЙТ?

-Бир адам бир кой, же эчки, же кочкор, же текени курбандык кылат.

-Жети адам биригип бир уй, же бука, же төө союп курбандык кылса болот, бирок баарынын ниети эт жеш үчүн эмес курбандык үчүн болуу керек. Эгер бир эле адам уй же төө сойгон болсо анда дагы жакшы.

 Маселе: Кой, эчкинин жашы бир жашар болуу керек, бирок  козу бир жашардай көзгө толумдуу көрүнсө, анда андай мал дагы курбандыкка жарайт.

Уй, бука, эки жашар; төө беш жашта болуу керек. Андан жашыраагы курбандыкка жарабайт.

 Маселе: Эгер, малды базардан сатып алып жатканда сатуучу жашын “бул бир жаш, эки жаш, беш жаш” деп айтса, мал дагы сыртынан ошондой көрүнсө, анда сатуучунун сөзүнө ишенсе болот.

Маселе: Эгер кайсы бир малдын мүйүзү тубаса жок, токол болсо же ортосунан сынып калса, ал малды сойсо болот.

А эгер мүйүзү түбүнөн сынып анын себебинен мал оорукчал болуп калса (баш айланма),  андай мал курбандык кылууга жарабайт.

 Маселе: Бычылган малды курбандык кылуу жакшыраак болот.

 Маселе: Эки көзү, же бир көзү көрбөгөн, же чолок мал курбандык кылууга болбойт. Ошондой эле союла турган жерге чейин өзү басып бара албаган оорулуу мал дагы курбандыкка жарабайт.

 Маселе: Кайсы малдын үчтөн бир бөлүгүнөн көбүрөөк кулагы же куйругу кесилген болсо ал дагы курбандыкка жарабайт.

 Маселе: Кайсы малдын тишинин бардыгы, же көпчүлүгү жок болсо, ал дагы курбандыкка жарабайт. Ошондой эле кайсыл малдын кулагы тубаса жок болсо, аны дагы курбандык кылууга болбойт.

 Маселе: Эгер айыбы жок малды  сатып алгандан, кийин ошол малдан кандайдыр бир айыбы чыкса (курбандык кылууга болбой турган ) жана сатып алган адам бай эмес (зекет алган адам ) болсо, анда ал ошол айып пайда болгон малды курбандык кылса болот. Ал эми сатып алган адам бай (зекет берген адам) болсо, анда ага башка айыбы жок мал сатып алып, курбандык кылуу зарыл.

КУРБАНДЫК КЫЛА ТУРГАН МАЛДЫ СОЮНУН ТАРТИБИ

Эң биринчи бычакты жакшылап курч кылып, анан  союла турган жерге малды (кулагынан кармап сүйрөбөй) акырын жетелеп алып барыш керек. Андан соң, малды  жаткырып төрт бутун кыблага каратып коюу керек. Ошондо мал  кыбылага карап жаткан болот жана бул Куран аятын окуу керек:

{ إِنِّي وَجَّهْتُ وَجْهِيَ لِلَّذِي فَطَرَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ حَنِيفًا وَمَا أَنَا مِنَ الْمُشْرِكِينَ, إِنَّ صَلَاتِي وَنُسُكِي وَمَحْيَايَ وَمَمَاتِي لِلَّهِ رَبِّ الْعَالَمِينَ,لَا شَرِيكَ لَهُ وَبِذَلِكَ أُمِرْتُ وَأَنَا أَوَّلُ الْمُسْلِمِينَ,اللّهمّ منك و لك.}

Андан кийин курбандыкка ниет кылып туруп курч бычак менен «Бисмиллаахи Аллоху Акбар» деп тамагынан мууздаш керек. Желкесинен мууздабаш керек. Мууздап жатканда малдын төрт тамыры (каналы)  абанын, тамактын жана кандын эки тамыры кесилүү керек.

Бирок ошол  төрт каналдын үчөөсү малдын адал болуусу үчүн кесилүүсү шарт (зарыл).

Малды союп бүткөндөн кийин бул дуа окулат:

أللّهمّ تقبّله منّى كما تقبّلت من حبيبك محمّد و خليلك إبراهيم عليهما الصّلوة و السّلام!(مشكوة المصابيح)

Малды башка малдын көз алдында сойбош керек. Мууздалган малды тезинен жүлүндөбөй туруу керек.

Курбандыкка союлган малдын терисин кеспей, абайлап сыйруу керек, башкаларга дагы пайдасы тийсин.

 Маселе: Курбандык кылууда ниетти жүрөктөн кылуу жетиштүү, тил менен айтуу зарыл эмес. Эгер өзү сойо албаса, анда башкага  сойдурса дагы болот, бирок ошол жерде өзүнүн дагы болгону жакшы.

КУРБАНДЫК КЫЛУУНУН АДЕБИ

Курбандыкка арналган малды алдын ала алып келип, багуу  абзел.

Маселе: Курбандыкка арналган малдын сүтүн саап, же жүнүн кыркып алууга болбойт,  эгер ошондой кылынса, анда саалган сүттүн, же кыркылган жүндүн  наркын садака кылуу важиб.

Маселе:Эгер курбандыкка союлган малдын ичинен бала чыккан болсо, аны дагы союш керек.

Эгер (курбандык важиб болгон адам) мал сатып келгенден кийин ал жоголуп кетсе же уурдап кетишсе же өлүп калса анда ага башка мал сатып келип курбандык кылуу важиб болот.Эгер сатып алгандан кийин мурунку мал табылып калса, анда экөө тең союлат, бирок экөөнү тең союш важиб эмес.

Ал эми, курбандык важиб эмес адамдын малы жоголуп кетсе (нафил курбанчылык кылуу үчүн) анда ага кайрадан мал алып курбандык кылуу важиб эмес. Бирок, жоголгон малы табылып калса, ошондо важиб болот. Эгер курбан айт күндөрү өтүп кеткенден кийин таабылса, анда ошол малдын наркын садака кылуу важиб болот.

КУРБАНДЫК КЫЛГАН МАЛДЫН ЭТИ

Маселе:Эгер уй же төөнү 7 адам кошулуп курбандык кылса, анын этин тараза менен так бөлүш керек.

 Маселе: Курбандыкка союлган малдын этин үчкө бөлүп, бир бөлүгүн өзүнүн үй-бүлөсүнө, бир бөлүгүн туугандарына, дос, кошуна, тааныштарына, бир бөлүгүн кедей кембагалдарга берген абзел. Кимдин үй-бүлөсү көп болсо, анда ал бардык этти өзүнө алып калса дагы болот. Үй-бүлөсү аз адамдын  дагы эттин бардыгын өзүнө алып калуусуна уруксат.

Маселе: Курбандыкка союлган малдын этин сатууга болбойт (адал эмес).

Маселе: Курбандыкка алынган малды бирөөгө сойдурса жана анын акысына ага ошол малдын этинен же терисин берүүгө болбойт. Анын акысын өзүнчө берүү керек.

КУРБАНДЫККА АЛЫНГАН МАЛДЫН ТЕРИСИ

Маселе: Курбандыкка союлган малдын терисин өзү пайдаланса болот. М: жайнамаз, көлдөлөң, чанач-кымыз кыла турган ж.б.у.с. нерсеге иштетүү үчүн өзүнө алып калса болот бирок, сатууга болбойт. Эгер сатып жиберсе анда анын акчасын садака кылуу важиб. Терини «садака кылам» деген ниет кылбай туруп жөн эле сатууга дагы болбойт.

Маселе: Курбандыкка союлган малдын терисин кандайдыр бирөөнүн акысына берүүгө болбойт. М: мечиттин имамына же сопусунун акысы үчүн.

Маселе: Курбандыкка союлган малдын терисин   жакшы жерге: Диний медреселердин окуучуларына садака кылуу сооптуу  жана дин жайылтуунун кызматына чоң салым.

Бирок сатылган теринин акчасынан медресенин устаздарына же жумушчуларына айлык деп берген болбойт.

Маселе: Курбандыкка союлган малдын этин же терисин мусулман эмес кедей кембагалдарга дагы берсе болот.

Маселе: Кимде-ким Орусиядан же башка өлкөдөн айылдагы ата-энесине, же башка туугандарына курбандыкка деген акчасын жөнөтүп «менин атыман курбанчылык кылып койгула» десе дагы жарайт, ал эмес жакшыраак дагы (курбандыктын сообу, тууганчылыктын ортосундагы жылуу мамиленин бекемделүүсүнүнүн себеби, эгер алар бай болуп туруп курбандык кылбаса, сизди көрүп кылаар жана сиздин амалыныз аркылуу дин жеткирүүнүн ыкмасы). Бул айтылган маселе, курбандык кылуу важиб болгон бирок, жер шартына байланыштуу курбандык малын таба албай турган туугандар үчүн.

و صلى الله تعالى على النبي الكريم محمد وآله واصحابه اجمين!

 (Бул курбандык маселелери Фатава Хиндия, Фатава Шаами, Бадаайи деген фатава китептеринен алынды.)

 Аллах Таалам жогоруда айтылып кеткен өкүмдөргө амал кылууга, Ислам менен жашап Алланын буйруктарын ар дайым аткарганга жана сүннөт менен жашаганга мүмкүнчүлүк күч кубат берсин Аамиин!

Запись Курбан айт жана курбанчылык кылуунун өкүмү впервые появилась Formula.KG.

Технологии Blogger.