Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком кыйынчылык. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Ибадаттардын эң жогоркусу болгон намаз – Аллага кайрылып, жалынып жалбаруунун да эң жогоркусу. Ошондуктан тигил же бул бардык кыйынчылык, кырсык, балээ-апаат жана азапка дуушар болгондо, же болбосо катуу ачууга алдырганда дароо намаз окуш керек. Бул Азирети Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) турмушунда көп жолу кайталанган сүннөттөрдөн. Хузайфа (Аллах андан ыраазы болсун) бул тууралуу мындай дейт: «Азирети Пайгамбарыбыз бир кыйын абалга туш келгенде, дароо намаз окучу.» (Ахмед, Абу Давуд)..
Бул өңүттөн алганда, Алланын элчиси (саллаллоху алейхи васаллам) кандайдыр бир кыйынчылыкка дуушар болгондо үй-бүлөсүнө дароо намаз окушту буюруп, төмөнкү аятты окучу:
«Эй, элчим! Жакындарыңа намазды буюр жана ага (кыйынчылыкка) көтөрүмдүүлүк менен сабыр кыл. Биз сенден ырыскы сурабайбыз, ырыскыны сага биз беребиз. А акыбет такыбалыкка таандык (такыбалыкта жатат).» (Таахаа: 132)..

Ушундайча кандайдыр бир коркунуч, же кырсык тооруган кезде, үй-бүлөсүнө жана үммөтүнө намаз окууну буюрган Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) башка пайгамбарлардын да мындай кездерде намаз окушкандарын билдирүү иретинде: «Мурдагы пайгамбарлар да кыйынчылык, кырсык учурунда намаз окушчу.» (Фазаил Амал, 249) – деген.
Кээде төмөнкү хадисти да айтчу: «Аллах бул үммөткө алсыздардын дубасы, намазы жана ыкыластарынан улам жардам берет.» (Насаи, Жихад, 43)…

Аллах Таала кулдарын сөзсүз боло турган кыяматка даярдоо максатында, бул сыяктуу ар тyрдyy көрүнүштөрдү ишке ашырууда.

Азирети Надр бул тууралуу мындай дейт: «Бир жолу күпкүндүз күтүлбөгөн жерден шумдуктуудай караңгылык басты. Азирети Анаска чуркап барып:
– Расулалланын учурунда да ушундай нерсе болду беле? – деп сурадым. Ал:
– Аллах сактасын! Расулалланын мезгилинде шамал бир аз катуу соксо эле, кыямат жүрүп кетет экен деп мечитке чуркайт элек, – деп жооп берди.» Анткени намаз – бул дүйнөдө көптөгөн кырсыктардан сактаган, акыретте болсо тозок отунан коргогон калкан. Аллах Таала Куранда:

«Эй, ыйман келтиргендер! Сабыр жана намаз менен жардам сурагыла!» (Бакара, 153)..

Илгери Египетти башкарып турган фараондор династиясы жалпыбызга маалым. Алар өздөрүнүн ашынган зулумдугу жана текебердиги менен тарыхта калышкан. Азирети Ибрахим доорунда да ошол династия Египетке өкүмдарлык кылып турган. Өкүмдар Фараон өлкөсүнө келген чоочун, сулуу аялдарды дароо карматып, күйөөлөрү бар болсо, аларды өлтүртүп салчу. Эгер эркек бир тууганы бар болсо, аялды андан суратып алчу. Ибрахим алейхиссалам Намруд өлгөндөн кииин, Урфадан чыгып, жанына Саара энебизди ала Египеттин чегинен өтүп баратышканда, Фараон билип калат. Фараондун адамдары аларга жетип келип, Ибрахим алейхиссаламдан жанындагы аялдын ким экенин сурашат. Халилуллах шарият уруксат берген жалганды колдонуп, «дин боордошу» маанисин көзгө тута, «карындашым» деген сөздү колдонот. Бул жоопту угушкан жоокерлер Ибрахим алеихйссаламга тийбестен, Азирети Саараны сарайга алып келишет.
Сахих-альБухарийде жазылгандай: «Саара Фараондун сарайына келгенде дароо даарат алып, эки ирекет намаз окуду. Аллах Таалага жалбара кайрылды. Аллах Таала аны өз коргоосуна алды.» Натыйжада, Саарага жакындаганга аракеттенген Фараондун деми күтүлбөгөн жерден кыстыгып, денесинин эч бир жери кыймылдабай калат. Анткени Аллах Таала Азирети Саараны Фараондун жамандыгынан сактап жаткан. Мындан Фараон абдан коркуп, Азирети Саараны бош коё берет. Муну менен гана тим калбастан күңү Ажарды ага тартуу кылат. Сарайда таң кала карап калышкан адамдарына:
«Бул аял – бир жин экен. Дагы бир аз болгондо, өлүп калмакмын. Мага зыяны тийбесин деп ага Ажарды бердим!» – деп жооп берет. ..
Мына, Аллах үчүн чыныгы ыкылас менен окулган эки ирекет намаздын бул дүйнөдөгү жардамы ушундай болот!

Бул макаланы жазуудан максат өзүңүздөр күбө болуп көрүп жатасыздар Мьянмада жакынкы күндөрдөн бери адам үшүн титиреткен, айбандан пас зулумчулардын кол астында кор болгон мусулман бир туугандардын акбалы жалпы мусулмандардын жүрөктөрүн сыздатып, күйүп турган учурубуз. Бул да Аллахтын сыноосудур. Биз ал жака жардамга барууга,чамабыз күчүбүз да жетпей. Аралыктар алыс күчүбүз алсыз болсо да дубаларда кезикчүү жүрөктөр бар. Баарыбыз биргеликте намазыбыз да болсун зикирибизде болсун,кураныбыз да болсун акыркы мүмкүнчүлүк болсо да ыйманыбыздын далили менен колдон келгенче дуба кылалы!
Аллахым Ар бирибиздин билип-билбей жасаган күнөөлөрүбүздү кечир. Заалымдын заалымдыгынан алыс кыл. Бирөөгө зулум кылып коюуудан да мазлум болуп калуудан да өзүң сакта. Ал жактагы мусулман бир туугандарды өз коргооңо алып, зулум кылгандарды өзүң жазала! Анткени бул аалам бир гана Сага гага таандык,Сенин каалооңсуз эч нерсе болбойт да болгон да эмес! Бир гана Өзүңө таянып Өзүңдөн гана жардам сурайбыз!Бизге бир гана Аллах жетиштүү! Омиийн!!!

“Бактылуулук Формуласынын эмгек жамааты “…

Запись НАМАЗ-ЖАПАДАН ЖАЛГЫЗ КАЛКАНЫЧ! впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

🏻Мээримдүү жана Ырайымдуу болгон Аллах Тааланын ысмы менен баштаймын. Аллахка мактоо айтабыз, Андан жардам сурайбыз жана кылган күнөөлөрүбүз үчүн кечирим сурайбыз. Жана сүйүктүү Пайгамбарыбыз болгон Мухаммадга (с.а.у.) жана анын үй-бүлөөсүнө Аллахтын саламы жана салаваттары болсун!

Адам бул жашоого жаралган соң көптөгөн сыноолорго кездешет. Кээ бир учурда өйдө болсо, кээ бир учурда төмөн. Жашообузда ар кандай кыйынчылыктарга туш келебиз. Кээ бири аны сабыр кылуу менен жеңип чыкса, кээ бири бир кыйынчылыкты эки кыйынчылыкка көбөйтүп алат. Карап көрсөк, кыйынчылыктын өзүнүн сырлары да бар жана кээ бир кыйынчылыктар сизге пайда да алып келиши мүмкүн. Кандай сырлары болушу мүмкүн? Египеттик тарыхчы, адабиятчы Ахмад ибну Юсуф “Сыйлык жана жакшы бүтүү”- деген китебинде мындай деп жазат: “Инсан, караңгыны кетирип, жарык келээрин билгендей эле, кыйынчылык бүтүп, жеңилдик болоорун билет. Бирок, бир кырсык келген учурда табигат да анын алдында алсыз болот. Эгер алдын алып руханиятты дарылабаса, ооруу ого бетер күчөп, кырсык күчөй берет. Анткени, адам баласы кырсык, кыйынчылык келген учурда дем-кубат бере турган жагын карабаса, башына түшкөн нерсе анын түбүнө жетээри айтпаса да маалым”.
Ооба, мусулман бир тууганым! Качан гана ар бир нерсени жакшылык деп билмейин , ал нерсе биздин башка келген балээдей туюла берет. Балким, башыңызга келген кыйынчылык сиз үчүн пайдалуу, сиз үчүн жакшылык. Уилйем Жеймс мындай деп айткан экен: “Кыйналып ооруганыбыз- ойго келбеген ийгиликтерге жетүүгө жардам берет. Достаевский менен Толстой кыйын жашоону өткөрбөгөндө (жашабаганда) , таасирдүү, түбөлүктүү чыгармаларды жаза алмак эмес. Ошондуктан, кыйынчылык, жетимдик, сокурдук, бөтөн жерлерде жүрүү жана кедей-кембагалдык акылдын эң жогорку даражага жетүүсүнө жана өнүгүп өсүп, көптөгөн ийгиликтерге жетүүгө себеп болуп калышы мүмкүн “. Ооба, бул туура айтылган сөз. Чындыгында кээ бир чоң-чоң китептин авторлору кыйынчылык көрүп жүрүп жазышкан. Мисалы:
Имам Сарахсий камакта жатып, он беш (15) томдук “Мабсут”- деген китебин жазып чыккан.
Ибнул-Жаузий камакта жатып Кураандын жети (7) кыраатын үйрөнгөн.
Аьмаш деген аалым, көзү көрбөй калгандан кийин миңдеген хадистерди жаттаган.
Көрдүңүзбү, башында турган кыйынчылыкка карабай, сабырдуулук менен, кандай гана ийгиликтерди багындыра алышкан.

“Аларды акылдуу инсандар гана түшүнүшөт”. (29:43)

Биз бул үчүн дагы бир мисал келтирели. Студент окуусун ийгиликтүү аяктоосу үчүн башында кыйынчылыктарды чексе, анын натыйжасы менен эң билимдүүлөрдөн болуп окуусун бүтөт. Акын да ыр токууда канчалык азап-кыйынчылык көрсө , аягында эң сонун, таасирлүү ырлар жаралат. Жазуучу да жашоосунда канчалык кыйынчылык көрсө, чыгармалары да пайдалуу, үлгүлүү, эсте калаарлык, окурманды өзүнө тарта турган чыгарма жаралат.

Мына, бир тууганым. Биз өз жашообузду жакшылыкка айлантып алсак болот. Ар дайым түнт болуп, кыйынчылыкка сынып калбастан. Биз адамдар жашообузду татаалдантып алганбыз. Жашоо эң жеңил. Жашоону туура жашай билүү, аны жакшылыкка же азапка айлантуу биздин колубузда. Ар бир нерсенин жакшы жагын ойлой билиңиз. Мисалы ооруну алсак: ал да биз үчүн жакшылык. Канчалык жаныңыз ооруган сайын ошончолук күнөөбүз да кечирилип жатат. Ооруга сабыр кылуу адамдын даражасын көтөрөт. Бул биз үчүн эң чоң жакшылыктардан эмеспи?! Бирок, акыр-аягында оору да айыгаарын унутпаңыз. Баарыбыз билгендей эле түн кирген соң, эртеси таң да атат. Жоголгон нерсе табылат, жолдон адашкан жолун табат. Ошол сыңарындай эле кыйынчылык артынан жеңилдик да келет (Ин шаа Аллах).

“Аллах жеңишти же болбосо, өз тарабынан бир буйрукту жиберет”. (5:52)

Мен сиздерге ооруга байланыштуу бир икаяны айткым келип турат. Айтуудан максат, оору да бир кыйынчылык. Бул икаяда оорунун (кыйынчылык) канчалык улуу даражалуу экенин көрсөтөт..

🌸Бир жаш жубайлар болгон экен. Экөө тең диндар, такыба инсандар эле. Аялы байкап караса, күйөөсү такыр оорубайт экен. Ал тургай бир тердеп , башы да оорубаптыр. Анан бир күнү аялы ойлонот (Бул күйөөм эмне үчүн оорубайт? Муну Аллахым жакшы көрбөйт экен?!). Анан күйөөсүнө: “Болду, мен сиз менен ажырашам. Мындан ары сиз менен жашай албайм!”- дейт. Анда күйөөсү таңыркап: “Эмнеге мындай дейсиң. Турмушубуз жакшы болсо, акчаны таап келип жатсам?! Экөөбүз тең Аллахты таанып, өкүмдөрүн аткарып жатсак?!”- десе, аялы болбой эле ажырашам дейт. Күйөөсү ошол учурда эмне кылышын билбей, нары-бери басып жатканда, кокустан бутун бир нерсеге уруп, оорутуп алат. Ошол маалда аялы күйөөсүн барып кучактап: “Болду, мен сиз менен эч качан ажырпайм”- деген экен.

Бул окуяны биз өзүбүзгө үлгү кылсак болот. Эгер сизге кандайдыр бир кыйынчылык, оору келсе, эң биринчи эле сиз жүрөктөн чечим чыгарып коюңуз. Кантип? “Мен Аллахтын сүйүктүү пендеси экенмин, Алхамдулиллаах! Ошол үчүн Аллахым мага сыноо берди. Мен сабыр кылсам, ин шаа Аллах, даражам көтөрүлөт!”. Ар дайым Аллахты зикир кылып туруңуз, жүрөгүңүз тынчтык табат.
Сиз кыйынчылыкка чыдап, сабыр кылуу менен гана ийгиликке жетүүчүлөрдөн болосуз. Кээде сиз жаңы намаз окуп баштаганда да сыноолор болот. Бул боюнча да мисал келтирели.

Бир кыз Аллахтын буйругу менен намаз окуп баштайт. Биринчи багымдат менен куптан окуучу экен. Ал намазын каза кылгандардын азабы тууралуу окуганда, оюнда эки намазды такыр каза кылбашым керек экен деп ойлойт. Бирок, жакшылап ойлонуп көрсө, дагы үч намаз каза болуп жаткан эле. Ошол учурдан баштап 5 маал такай намазын окуйт. Албетте, ата-энеси каршы болуп жатты. Көрсө, мурун эки намаз убагы билинчү эмес экен. Багымдатты эрте менен окуп, а пешим убагы түштөнүү маалына, аср убагы- кечки тамак жасоо убагына, шам намазы кечки тамактануу учуруна туура келгенине байланыштуу ата-энеси ачууланат. Кызга канчалык катуу сөздөрдү айтып, тыйса да кыз намазын үзбөй окуп жүрөт. Бара-бара ата-энеси ага көнүп, кез-кези менен намаз убагын эскертип турушат”._
Ооба, бул балким, жөнөкөй гана мисал. Аллах Таала сизге ар тараптан сыноо берет. Сыноо- бул сизге берилген кыйынчылык. Кыз ата-энесинин сөздөрүнө балким, чыдай албай намаздарын убагы келгенде кийин окуйм да, ата-энем туура айтат”- деши да мүмкүн эле. Бирок, ал кыйынчылык артынан жеңилдик, сыноо артынан жеңиш келээрин билген. Акыр аягы ата-энеси кызына өздөрү намаз убагын эскертип жатышат.

Билиңиз, урматтуу мусулман бир тууганым! Сыноо- сиз бул дүйнөдөн өтүп, качан гана Бейишке киргениңизде бүтөт. Кыйынчылык (сыноо) сизге ар тараптан келет. Балким, атаңыз аркылуу, же апаңыз аркылуу, же уул- кызыңыз аркылуу, же кошунаңыз аркылуу, же башка-башка аркылуу. Бирок, кандай болгон күндө дагы сиз кыйынчылыкка чыдай билиңиз, анын себебинен жеңишке жетээриңизди, даражаңыз көтөрүлөрүн, эң башкысы Аллахтын сүйүктүү пендеси экениңизди унутпаңыз! Жана да билиңиз:

“Акыйкатта, кыйынчылык артынан жеңилдик келет”. (94:5)

👤 Нуриза Кармышакова атайын “Formula.KG “сайты үчүн.

👨👩👧👦 Бактылуулук формуласы

Запись АКЫЙКАТТА КЫЙЫНЧЫЛЫК АРТЫНАН ЖЕҢИЛДИК КЕЛЕТ! впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Оо,менин кайгыга баткан бир тууганым! Башыңа сен күтпөгөн, сен каалабаган,сен жактырбаган кыйынчылыктар келип жатабы? Эч жаның жай албай ооруп жатасыңбы? Үй -бүлөңдө чыр болуп,уруш -талаштан кутула албай жатасыңбы? Карызың тоодой болуп кирээрге жер,качаарга жай таппай жатасыңбы? Турмуштун ачуусу алсыратып бирине тапсаң бири түгөп түйшүктөн кутула албай жатасыңбы? Анда сөзүбүзгө көңүл бур! Ооба тууганым жер бетинде бир эле сен кыйналган жоксуң сендейлер толо, эгер билсең башка кыйынчылык түшсө, жүрөктү кубандырат,күнөөнү өчүрөт,кекирейген менменсингенди сындырат,уйкудагы жүрөктү ойготуп,Кудайды эске салдырат. Напси балээни сындырып,акыретти эске салдырат. Кудайга зикир айттырып сабырдуулукка үйрөтөт. Акыретке даярдантып жүрөктөгү бул дүйнө сүйүүсүн чыгарат. Кичи пейилдикке үйрөтүп күнөөдөн узактатат. Кандайча дейсиңби?

Эгерде сенин курсагың ачпаса, ачкалыктын,бир күкүм нандын кадырына жетмек эмессиң ..

Эгерде сенин жаның ооруп кыйналбаса ден-соолуктун кадырына жетмек эмессиң..

Эгерде сенин ботинкаң жыртылып суу өтүп,ташка чалыштабасаң киймимдин ,буйумдун кадырына жетмек эмессиң …

Афлатондун сөзүндө: Жыргал жашоого караганда кыйынчылык адамды оңдойт. Ал эми жыргал жашоо инсанды кыйынчылыкка караганда бузат “..

“Жыргал жашоо караңгы түнгө окшош. Анда эмне кыларыңды ойлонбойсуң. Ал эми кыйынчылык күндүзгү жарыкка окшош. Анда өзүңдү да башкаларды да кандай болуп жатканын көрүп турасың “….

Асмааъ бинту Умайс (р.а) риваят кылган хадисте: Пайгамбарыбыз (с.а.в) мага ушундай деди:
“Кыйынчылык башка тушкөн учурда айта турган сөздү үйрөтөйүнбү? (Ал сөз ушундайча) “Аллах менин Раббим,ага эч кандай шерик кошпоймун “.

Дагы башка бир сөзүндө “Кимге кайгы,капалык,оору же кыйынчылык келсе анда ал: Аллах менин Роббим анын эч кандай шериги жок,-деп айткан болсо, анын кыйынчылыгы чеичилет “…

Эгерде сенин жашооңдо бир да кыйынчылык болбосо Жаратканды унутуп, керек болсо ким экениңди да, адамдык сыппаттан чыгып кетмексиң. Буга мисал: Фаронду билесиңби Муса (а.с) доорунда өзүн Кудаймын деп канча жанды кыйнап, азаптап, канча күнөөлөрдү кылды, бирок анын өмүрүндө бир да жолу башыда ооруган эмес,байлыгы ашып -ташып жатты акырында эмне болду Жараткандын азабыга,каарыга калды түбөлүк тозоктун отунуна айланды …эмне сенда ошо Фарон мен бирге болууну каалайт белең,эч жериң оорубай,эч нерседен кем болбой . Сага келген кыйынчылык,оору,мусибайт,Жараткандын сага болгон ырайымы деп бил! Сен Аллахкка муктажсың !

Эгерде башыңа бир мусибайт түшсө,кайгыга батып,башыңа балээ келсе биринчи жалбыраганың “Оо,Ааллах! ” деген сөз болот…

Эгерде кайрылган эшиктерңидин бардыгы жабык болсо,сурагандарын алдында пардалар тосук болсо, анда жалынып сураганганың “Оо,Аллах! ” деген сөз болот…

Эгерде баштаган ишиңде ийгиликке жетүүгө айла -амал калбаса, жолдоруңдун баары тарыса,үмүттөр түгөнсө, байланыштар үзүлсө жолун табуу үчүн суранганың “Оо,Аллах! “деген сөз болот..

Эгерде жер жүзү сен үчүн тар болуп сыгылып,жаның жаныңа батпай кыйналсаң дароо “Оо Аллах! деген сөз болот…

Ооба тууганым сен Аллахкка муктажсың! Анткени Аллахтын ысмы менен гана инсандын сөзү оңолот,андан жардам сурап кайрылат,анан зикир кылуу менен жүрөктөр тынчтанып,сезимдер рахаттанып, кайгылар жоголуп,аң сезимдер ордуна келип,ишеним орундалат, анткени:

“Аллах пендерине боорукер “..

“Аллах “:ысымдардын эң коозу,тамгалардын эң жакшысы,сүйлөмдөрдүн эң тууоасы,сөздөрдүн эң кымбаты ….

“Анын (Аллахтын) ысымдарына теңдеш ысым бар бекен?! “..

“Аллах “Баарына Жетиштүү жана Түбөлүк,Күчтүү жана Жардамчы,Улуук жана Кудуреттүү Даанышман…

Кайгырба бир тууганым! Анкени бир күн келет оору да айыгат,мусибайт да чечиле,күнөө да кечирилет,карыз да берилет,камалганда чыгарылат,жоголгон да табылат,күнөөкөр да тообо кылат,кедей да бай болот..

Кайгырба бир тууганым! Кара булуттардын тараганын,караңгы күндүн жарыганын,шамалдын токтогонун,боорондун акырындаганын көрбөй жатасыңбы?! Андай болсо сенин да кыйынчылыгың жеңилдейт,жашооң да оңолот келечегиң да кең болот..

Кайгырба бир тууганым! Сен бир аз сабыр кылып ,күтүп тур. Албетте,күндүн ысыгын караңгы көлөкө муздатат,чаңкаган чаңкоону муздак суу кандырат,ач курсакты ыссык нан тойгозот,уйкусуз түндүн бейпил уйку токтотот,ооруган ооруну да таттуу айыгуу келип токтотот…..

Муса пайгамбарындын доорунда бир аял тууралуу окуяны, анда мен сага айтып берейин:
Муса пайгамбар (а.с) Аллах Таала менен түздөн-түз сүйлөшкөн пайгамбар. Ал күндө өзүнүн үңкүрүнө барып Жараткандан көп нерселерди сурачу жана Ага ибадат кылчу. Ошол күндөрдүн биринде жолуна бир көп жылдан бери бала көрбөгөн аял тосуп:
“Оо,Муса пайгамбар Аллахтан мен балалуу боломбу жокбу сурап келчи, унутуп калба “-деп суранат. Муса(а.с) макул деп жолуна түшөт. Үңкүргө баргандан кийин Муса (а.с) Аллахтан сурагандарын сурап эми артына кайтайын дегенде. Аллах:
“Оо,Муса сен башка эч нерсе унуткан жоксуңбу дагы эмне сурайсың? “-дейт. Муса (а.с.) жоок деп жооп берет. Анда Аллах жолдогу аялчы дейт сен айта бар анын тагдырына бала көрү жазылган эмес балалуу болбойт дейт ..Эртеси Муса (а.с.) жолунан чыккан аялга:
“Сенин тагдырыңа балалуу болуу жазылбаптыр “деп жооп берет. Бирок аял токтоп калган жок күндө Муса пайгамбардын жолун тосуп “Аллахтан сурап келчи “деп тажатып жиберет. Акыры Муса (а.с) башка жол менен бара турган болот. Бир жылдан кийин ошол жолго салат баяны жолун тоскон аялдын колунда бала бар экенин көрөт. Таң калып аялга келип:
“Бул баланы кайдан таптың,кимдик? “деп сурайт. Аял:
-“Өзүмдүн балам өзүм төрөдүм “деп жооп берет. Анда Муса (а.с) кайра таңдана:
“Аллах сенин тагдырыңа бала жазылбаганын айтиы эле го? “.
Аял: “Аны барып Аллахтан сура “дейт. Муса (а.с.) дароо үңкүргө карай бет алат.
Аллах мындай жооп берет:
“Ооба мен ал аялдын тагдырына балалуу болбой турганын жазган элем,бирок ал аял менден сураганын токтоткон жок “Ар Рохмаан,Ар Рохиим “(Аллоху Акбар:Йа-Рахмаану.
Озу жараткан бардык макулуктарга бул дуйнодо эн Мээримдуу.
.Йа-Рахииму.
Ырайымдуу.Акыретте ыймандуу адамдардын баарына ырайым кылуучу.) -деп чын ыклас үмүт менен сураганын эч токтотбой койду. Анын тагдырын өзгөртүүгө мажбур болдум “-деп жооп берди…
Анткени Аллахтан Мээримдүүлөрдүн Мээримдүүс
ү ,Ырайымдуулардын Ырайымдуусу анын Мээриминин,Ырайымынын чеги жок …
Демек менин тагдырым ушул экен деп жатып караңгылык дүйнөсүнөн батып алуу керек эмес экен.Бирөөнүн эшигин канчалык көп каккылаган сайын эшик ачылаарын билесиң ошо сыңар Жаратканга болгон ишенимиң менен себебин изденип дуба кылып бер сөзсүз дубалар кабыл болот ин ша Аллах!

Дагы эле ойлонуп олтурасыңбы бир тууганым! Жараткан Роббыңа жүзүңдү бур! Жүрөгүңдү туурулап,ниетиңти оңдоп, чын ыкластан,жан дүйнөң менен көзүңдөн аккан жаш менен колдоруңду сун! Ин ша Аллах канча тагдырың кыйынчылык баткагында болбосун,оорууң олутту болбосун,карызың тоодой болбосун,жашооңдо эч бир жол,эч бир үмүт шамы өчө турган болбосун Сенин тагдырыңды өзгөртүп,же жеңилдөөсүнө бир гана АЛЛАХ жардам берет!

Анткени Аллах Тааламдын Ыйык Куранда пенделерине берген убадасы бар:

«Мага дуба кылгыла,силерге жооп беремин (кабыл кыламын) »(40;60)..

«Кантсе да, Аллахтын ырайымынан үмүт үзбөгүлө,Анткени,Аллахтын ырайымынан каапыр болгон коом гана үмүз үзөт»(12;87)..

«Балким силер жаман көргөн нерсе силер үчүн жакшыдыр,балким силер жакшы көргөн нерсе силер үчүн жамандыр. Анткени Аллах Билүүчү. Силер билбейсиңер »(2;216)..

«Аллах өз пенделерине мээримдүү»(42;19)..

«Ырайымы бардык нерсени камтыйт »(7:156)..

«Кайгырба! Чындыгында, Аллах биз менен бирге»(9;40)..

Запись Кайгырба бир тууганым Аллах сени менен! впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Пайгамбарыбыз саллаллооху ъалайхи ва саллам айтат: Кайсыл адамдын башына кыйынчылык келсе, кайгы-капа оор сыноолору менен бастырып келсе ушундай деп айтсын :
“Оо, Кудай Таалабыз ?!
Албетте мен Сенин пендеңмин .
Сенин кулуңмун !
Менин үстүмдө сенин өкүмүң
мажбуур түрдө өтүүчүдүр .
Сенин ар бир улуу атың менен,
Өзүңдү тааныткан ысымдарың менен,
Сен жараткан маклуктардын бирине үйрөткөн
атың менен, Өзүңдүн гана астыңда
эч ким билбеген гайып илимиң менен жашырып койгон улуу Даражаң менен,
КУРАНДЫ жан дүйнөмдүн тынчтыгы
көзүмдүн тынчтыгы кылууңду,
кайгы жана капаны жүрөгүмдөн чыгарып,
жеңилчилик жана жыргал жашоого, бактылуу күндөрүмө алмаштырып бергин !”- деп айтсын. Бул дубаны эрте менен кечинде, жок дегенде күнүнө бир ирет Аллага кайрылып дуба кылып турсак
Аллах Таалам кабыл кылат сөзсүз .

Эгерде ушул хадистерди, багыттарды, баяндарды угуп туруп да жашообуз оңолбой жатса билиңиз татыктуу үммөт боло албай жатабыз, өзүбүз дуба кылууда алсызбыз,
өзүбүз себепчибиз ..

Акча бер, саартан кечке изден деген жок,
ушул дубаны эле айтып кой
Сага жашоону Мен беремин деп жатат .
Мени ыраазы кылуунун гамын кылсаң,
сенин гам-кайгыңды Мен кетиремин деп жатат.
Сахаабалар бул хадисти угушуп:
– Эй Аллахтын Элчиси бул дубаны жаттап алайлыбы?- деп сураганда Пайгамбарыбыз:
“Ооба, муну уккан ар бир адамга
жаттап алуу ваажип – деди .

Демек, бүгүнкү күнүбүздөгү кеңири тарап кеткен ичи тардык, жан дүйнөнүн тардыгы,
стресс, нервный болуубуздун кетүүсүн кааласак, кайгы-капа карыздан кутулууну кааласак көбүрөөк аракет кылайлы .
Айтышатго: Бул дүйнөдө бир гана адам сени бийиктерге көтөрүп, эң төмөндөргө түшүрөт.
Ал өзүңсүң !-деп.
Дүйнө менен Ыйман амалы тең келип бир убакта келип калса ыйман амалын ойлонбостон тандай берейли. Ушул ишти бүтсөм анан окуп аламында, орозо кармасам иштер калып кетет,
азыр сезондо бир рейс ташып алайын,
ушул товарды сатып бүтсөм анан намаз окуймун
азыр пайда көбүрөөк болуп жатат – деп
акылга салып жүрбөйлү. Сиз каяктан билесиз
ошонун сизге сөзсүз пайда берээрин ?
Бакытты дүйнөдөн, мал-мүлк ушул сыяктуу утурумдуу өтүп кетүүчү нерселерден бактылуулук издесеңиз убактылуу бактылуу болосуз. Убактылуу нерсенин арты да убактылуу. Андыктан түбөлүктүү бакытка
умтулайлы, түбөлүк бакыт кандай жакшы жер)!
Сиз пайда – зыянды бере албайсыз
Аллах берет .
Сиз гам-кайгыны чече албайсыз
Аллах гана кетирет тууганым !

Аллах Таалам амал кылууга тоофик берсин,
тоофик бербесе эч бирибиз
амал кыла албайбыз .
Асслааму ъалайкум ва
рохматуллоохи ва барокатух .

~Али Оши атайын “Formula.Kg”сайты үчүн..

“БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ”

Запись КАЙГЫҢА ДАБА БОЛУУЧУ ДУБА впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бул дүйнө мээнет, кыйынчылык ааламы.
Бул дүйнө. Дүйнө эч качан
бейиш болуп бере албайт ..
Идеальный жашоо бейиште гана болот)!

Бул дүйнөдө баардык нерсенин тегиз болуусун күтүү туура эмес .
Кайсыл бир адам бул дүйнөнүн эмне экенин
жан дүйнөсү менен туюп,
жүрөгүнүн түпкүрүнөн таанып билген болсо,
ал адам башына кененчилик келгенде кубанбайт. Башына кайгы келсе
ага кыпынча да кайгырып койбойт .
Дүйнө кыйынчылыктардан куралган .
“Бул дүйнө момундун капасы,
каапырдын бейиши ” (хадис).

Башыбызга түшкөн ар бир кыйынчылык,
ар бир оор сыноолор сиз биздин пайдабыз үчүн
гана болоорун биз билейли.
Бир ойлоп көрүңүз, баардык нерсе 100%
биз каалагандай эле боло берсе,
кыпынча проблема болбосо, баардыгы 5 болуп эле бир да адам оорубаса,
дүйнө мал-мүлк ойдогудай, бала-чака ойдогудай, баардык нерсе жетиштүү бар болсо
анда адам баласы
Аллага жолугууну каалабай калмак .
Дүйнө ар дайым эле бир түстө боло бербегени,
ар багытта ар түрдүү сыноолордун келүүсү
Аллахтын сиз бизге берген даанышмандыгы !

Бул дүйнө сөзсүз бир кем дүйнө !
Бир адамдын баласы болсо акчасы жок.
Акчасы бар адамдын баласы жок.
Аялы диндар, бирок өзү оорулуу болуп калуусу мүмкүн. Бири ден соолук издесе,
ден соолугу бар адам эч нерсеге жетишпей
убакытка жетпейт .
Бир кишинин байлыгы өтө көп бирок,
үй бүлөө же ден соолугу начар..
Бирөө апасынан капа, бирөө баласынан капа.
Кошунасы жакшы, бирок туугандары жаман.
Ата эне жакшы бирок аялы жаман .
Ушундай бир сыноолор келет кээде
адам чыдай албаймго деген ойго батып калат .
Сен кылдың!-деп атасын урушат.
Сиз күнөөлүсүз !-деп апасын урушат .
Сенин себебиңден !-деп аялын урушат.
Сен болбогондо !-деп баласын урушат .
Кайгынын чок ортосунда калып азапталат ..

Бул учурда эч кимден эмес,
Алладан болду дейтурган болсок,
жүрөктөгү кайгы тып басылат,
жан дүйнө ырахат алып кетет!

Адамдардын башына кайгы келсе,
кыжаалат болуп агасына барат, досуна барат,
шефине барат, кыскасы ишенгенине барат.
Акыры эч ким жардам бере албай калганда
“Аллах ! Мен сабыр кыламын дейт )
Бул учурда сабыр кылган болуп эсептелбейт.
Бул чекке жеткенде айласыздан жүрөк
сабыр кыламын деп айтууга мажбур болот.
Негизи жүрөк кайгыга чыдай албай эси ооп калган болот ))))
Сабырдуулук – кыйынчылыктын башындагы сабырлуулукту айтат туугандар .
Кандай сыноо келбесин
Эй Аллах сабыр кыламын, мага сабырдуулук бер – деп Аллах менен байланышсаңыз
кыйынчылыктын кандай жеңил өткөнүн да
сезбей каласыз ..

Инсандын башына келген ар бир сыноо,
кайгы, анын пайдасы үчүн гана келет .
Аллах Таалам андай Зат эмеес,
бир нерсени пайдасыз эле кыла берчүүдөй!
Бир хадиси кудсийде
Аллах Таалам айтат:
“Кайсыл пендемдин жанын алаар экенмин
ага биринчиден ырайым кылууну каалаймын !
Анын ар бир кылган күнөөсү,
ар бир кылган катаасы үчүн жазаа беремин.
(Бул дүйнөдө күнөө иш кылганда анын жазаасы берилиши эң жакшы нерсе .
Анткени анын жообун кыяматта берүү оор.
Колдун кайрылып калуусу, буттун оруусу,
белдин, тиштин, баштын, кайсы бир жериңиз
ооруп жатса билиңз
Аллах сиздин күнөөңүздүн жазаасын акыретке калтырбай бул дүйнөдө кечирип жатат .
Сизге жакпаган бир окуя болот,
же бир учур келет ошол бир эле кыйынчылык үчүн Аллах Тапла пенденин өтө көп
кемчиликтерин кечирип коёт .
Сиз бул үчүн сабыр кылышыңыз керек !)

Кудсий хадистин уландысында:
“Пендемдин денесиндеги оору менен,
же ырыскысындагы тардык менен сынаймын .
Мал-мүлкүндөгү же бала-чакасындагы
кыйынчылыктар менен сынаймын .
Пендем күнөө кылганда ага кыйынчылык
кайгы капаны, ооруну, ар түрдүү сыноолорду берем, биринин артынан бирин берип
анын күнөөсүн кечиремин .
Эгер дагы бир күнөөлөрү калган болсо
анда акыркы чек ,
ага өлүм учурун өтө оор кылып коёмун,
ушуну менен ал бүт күнөөлрүнөн таптаза
абалда Менин алдыма келет !
Энеден жаңы төрөлгөндөй
Мага жолугат !

Демек достор бизге берилген ар бир кайгы, оору, кыйынчылык, кайгы-капалар биздин кылган күнөөбүз үчүн гана экен .
Күнөөлөргө тообо кылып,
колдон келишинче такыбаа болууга умтулайлы!
Диндар болуп, ыймандын негизинде жашоого аракет жасайлы .
Эмнеге сен ыйман менен жашаган жоксуң!?-деген суроо акыретте берилбесе да
Эмнеге ыйман менен жашоого аракет кылган эмессиң ?-деген
суроо берилүүсү толлук ыктымал.

Ошондуктан бул дүйнөдө бизге кандай кыйынчылык учур келбесин
биз ыраазы болойлу .
Анткени ага өзүбүз гана күнөөлүүбүз.
Биз бир күнөө кылганбыз анын кечирилүүсү үчүн каффаарат болуп жатат .
Бул Аллах Тааланын бизге нааразылыгы эмес,
балки Кечиримдүү,
Ырайымдуулугунун себебинен.

“Ким Аллах Тааланын эскертүүлөрүнөн баш тартса, анда ага машакаттуу оор жашоо беребиз !” (Куран аяты).

Аллахтын буюрган ар бир өкүмү сиз биз үчүн чексиз пайда, кайтарган ар бир өкүмү
сиз биз үчүн чексиз зыян !♡

Али Оши, атайын “Formula.KG” сайты үчүн.

👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ http://ift.tt/2mb2Guk
✿ http://ift.tt/2l8etvu
✿ +996700334493
✿ WWW.FORMULA.KG

Запись Бул дүйнө мээнет, кыйынчылык ааламы. впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Кайгырып капаланба .
Жакшы кеңештер.
(Интернеттин зыяндары .)

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохийм.

Сиздин динден ыймандан кабарыңыз жакшы,
такыбаасыз мейли.
Ыйман менен жакынсыз, бирок
убакыт тар,колуңуз бош эмес,жумуш көп.
Жакындарыңызга өтө аз убакыт ажыратасыз.
Аял, балдарыңыздын каажеттерин бүтүрүп, керектүү нерселер менен камсызкылып турасыз.
Кымбат баалуу телевизор,
эч болбогондо жөнөкөй болсо да телевизор бар .
Парабалический антенага улап,
бала-чакаңыз, аялыңыз жакшы жашасын деп кылдыңыз да. Компютер коюп wifi улап берип,
колуна кымбат телефон алып бердиңиз.
Бирок сиз жокто байкаш бала
эмнелерди тиктеп олтурганын билесизби ?
Кимдер менен сүйлөшүп жатат,
кимдер менен алакада,
ким менен көрүшүп жатканын билесизби ?
Аялыңыз телевизордон кайсы эркектерди тиктеп олтурганын, кайсы сериялды көрүп ,
эки көзү агып кеткиче тигилип
олтурганын билесизби?

Тааныш телефон оңдогон
уста балдар бар эле айтып жатышат .
Алардын кылган иштери да туура эмес .
Айтат:
– Биз устабыз, кыздар келип оңдоо үчүн телефондорун таштап кетишет .
Историясына, эмнелерди көргөнүн көрүп
эркек башың менен жерге кирейин дейсиң -дейт.
Караңыз кандай зыян экенин .
Адам баласы бир күнөөнү жашырынып кылууну токтотпосо, ал күнөөнү ачык кылууга өтөт.

Жакынкы эле жылдары интернет, телевизор, телефон, компютер колдонбой жашап көрөйлү деп, 68 жаш баланын катышуусунда атайын эксперимент өткөрүлгөн .
8 саатка 68 баладан 3 бала гана чыдаган.
Бириси дагы уктаганы аракет кылган эмес,
баары оюн-күлкү, жумуш менен алек болгон.
Анткени адам баласы ушундай бир ооруга кабылды бүгүнкү күнү,
тынч жатып уктоодон үммөт айрылды .
Баардык адамдар бүгүнкү күндө
одноклассник, фейзбук, ватсаппта олтуруп,
кулака наушник салбаса
уктай албай турган даражага жетти .
Бир күн телефон жок болсо кыйналып уктайсың.
Эрте менен туруп көзүн ачаары менен ватсаппка карайт ким жазыптыр деп.
Сизге президент жазат беле,
а бир напсисин кармай албай жүргөн бирөө жазат да )))
Туурабы туура эмеспи ?

Караңыз тууганым бул оорудан айыгуунун жалгыз жолу бар .
Бул, сүннөт менен жатып , сүннөт менен ойгонууну адат кылышыбыз керек !
Китептерде бул маселе жок, интернеттин зыяны айтылган эмес, бирок зыяны көп болуп тургандыктан зыянды жашырбай
айтышыбыз керек болуп турат да .

Интернет, телефонду
көрбөсүн дебейбиз, көрө берсин,
убакыты менен зарыл нерселерди көрсүн .
Мындан 3-4 жыл илгери башталган сериялдар
кээ бирлери бүтө элек болуш керек менимче.
Бирөө айтып күлдүрдү эле:
– бир жылы үйгө кирсем туугандарым Султан Сулейманды көрүп олтурушуптур .
2 жылдан кийин кирсем,
ошол эле кино экен бирок
небере чеберелерин көрүп олтуруптур -деп).

Эх тууганым канча өмүрүң телевизордун астында өтүп кетти ээ карачы ?!
Ал убакыт кайра кайтып келбейт.
Кыяматта ал үчүн да сөзсүз сураласың !
3 жылда адамдар каары болуп жатышат.
Эгерде күнүнө телевизор менен интернет пайдалангандай, аларга
убакыт бөлгөндөй ар бирибиз
Куран үйрөнүүгө бөлсөк Кыргыздын баары
каары болуп кетсе керек эле ).
Динге келгенде эле,
намазга келгенде эле
бизде убакыт жоголуп кетет ..
Туурабы туура эмеспи ?

Азыркы күндө бизде жоролор менен өзүнчө, классташтар менен өзүнчө,
курсташтар менен өзүнчө, иш коллектив өзүнчө, туугандар өзүнчө, зал өзүнчө ж.б болуп ар апта сайын 2-3 саат олтуруп аш плов жемей, куурдак жемей адатка айланган.
Же шашлык жемей ..
Дагы бизде убакыт жок дейбиз .
Убакыт бизде көп, болгону аны туура пайдаланууну билбейбиз.
24 саатыңыз болсо аны үчкө бөлүп алыңыз .
8 саатын динге Аллах үчүн,
намаз окуң, мечитке барыңыз,
Куран окуңуз, жакшылык кылыңыз.
8 саатын дүнүйөгө бөлүң,
жумуштар бар аларга ажыратыңыз.
Акыркы 8 саатты уйкуга бөлүңүз .
Караңыз кандай жакшы амал,
бүт баарына жетишесиз .
Дүнүйөгө 24 саатты сарптап койсоңуз да,
уктабай жүрүп, намаз окубай жүрүп,
дүйнө топтойм десеңиз пешенеге жазылганынан артыгын таба албайсыз, ала албайсыз!
Улуу аалымдар айтышат :
“Жазылган болсо кайда качамын,
жазылбаса эмнеге кыжаалат боломун?”-деп.

Телевизор менен телефонду карай берип
көздөрү ооруп, кызарып кетет .
Сериялдарды, кинолорду көрүп эзилип ыйлайт.
Бирок Куран укса ыйлай албайт,
жүрөктөр таш болуп калган туугандар .
Өлүмдү унутканбыз, Аллахты унутканбыз.
Тамактанып бүтүп сүйлөшүп 2 саат олтурабыз,
ошончолук мечитте ыймандын
сөзүн сүйлөшпөй калбадыкпы ?
Телефон менен алекпиз,
ошончолук теспени кармабай калдык го ?
Телевизорду тиктегендей
Куранды тиктебей калбадыкпы ?
Интернетке убакыт бөлгөндөй жакындарыбызга
ата-энебизге убакыт бөлө албай калдык. .
Достор келгиле бир ааз болсо да оңолуунун амалын аткарайлы .
Эч кимди кемсинтпей,
жамандык тилебей, жакшылык каалап,
сыйлап жашаганды үйрөнөйлү .

Бай-кедей болбой, чоң-кичине болбой,
сиздики меники болбой биригип,
ынтымакта жашай турган элбиз .
Баарыбыздын баруучу жерибиз бир !
Ар бирибиз кабырда жатабыз .
Мен дагы сиз дагы.
Элестетиңиз жатканыңызды,
элестетиңиз махшарда туруп кыйналганыңызды ..

Биз мусулманбыз,
Аллага ыйман келтирген пенделербиз .
Улутка, урууга бөлүнө турган кез эмес азыр.
Кабыр караңгы, кийүүчү кийимибиз да бир.
Кедей дагы, бай дагы аны сөзсүз көрөбүз .
5 машинасы болсун, банктары болсун,
миллиондорду оборот кылган компаниясы болсун, 10 аялы болсун, 280 баласы болсун,
Президент болсун, тилемчи болсун
базардын четинде сатылган ак материалга гана орошот да, заматта көмүп кайтышат .

Ал мейли эң атактуу адам болсун,
элдин баары бир көрүп учурашканы зарыккан..
Бирок, өлүм келсе эч ким учурашкысы келбейт,
өтө тез убакыттын ичинде алып барып
көмүүнүн айласын издеп калышат.
Эстелик деп үстүнө хан сарай
үч эташ дом салсын,
мунара салсын, кедейлерге кичине бир ташты
белги кылып койсун
ал нерселердин баары дүйнөнүкү,
дүйнөдө баарыбыз ар түрдүүбүз,
баарыбыз периште сыяктуубуз,
астында чындыкта жатабыз !

Же көрдүңүз беле 3 кабаттуу
7 комнатасы бар кабырга коюлуптур,
жанында биллярдный столу менен,
мончосу бар экен деген кепти ?
Же уктуңуз беле минген машинасын да кошуп көмүп, телефонун жанына зарядкасы менен
кошо көмүп, кабырга эң кымбат люстра илип,
обойдон жармаштырыптыр дегенди ?
Жоок, болгону какыраган таштуу талаадан,
2 метр жерди гана ээлейсиң.

Бирөөгө 300 сом акча берсе 6 саатта жерди казып, түштөн кийин алып барып көмүп салат,
ошону менен бүтөт сенин күйгөнүң,
кыйналганың, сүйүүлөрүң, сулуулугуң,
мал-мүлкүң, ишенгениң, жакындарың бириси келип жардам бере албайт,
андан ары адилеттүү мамиле ,
кандай адам болсоң ыйманыңа жараша
мамиле кылышат.
Ыймандуу болуп, ыйман амалдарын аткарган болсоң Бейиш бакчаларында же тозоктун чуңкурунан болгон бир чуңкурда жатасың.
Тирүүсүндө баары пирдей,
өлүмгө баары бирдей !
Биз баарыбыз бирдейбиз туугандар ..
Биз бир дене сыяктуубуз,
кайсы бир жериңе тикен кирсе
баардык жериң сыздагандай .

Улуу айда турабыз,
бири-бирибизди кечирип,
жакшылык каалап, кемсинтпей,
Аллах Таалага кулчулук кылып оңоло турган,
өзгөрө турган кез келбеди бекен ?
Бири-бирибизди жакшы ойлоп,
бири-бирибиздин кайгыбызды
бөлүшө турган кез эмеспи ?

Эмнеге бүгүнкү күндө байлыгы батпай жаткан чоңдор кыйналып жатат ?
Эмнеге бүгүнкү күндө үй-бүлөө бузулуп ,
акчасы бар, үйү бар, машинеси бар болсо деле ата – энелер ажырашып жатышат ?!
Ал киши ойлойт эле машина алсам жакшы жашайм, үй салсам тынч жашаймын деп .
Сулуу аял алсам бактылуу боломун деп акылга салат эле, бирок ошолор менен
азап тартып жатат !
Эмне үчүн бүгүнкү күндө адамдардын жүрөгү тынч эмес, эмнеге адамдар кыйналып жатат!?
Жаныбарлар кыйналса, алардын акылы жоок мейли эле. Бирок, акылы бар инсаният бүгүнкү күндө кыйналып кор болуп жатат,
акыйкатты акыйкат дебей,
жашоонун жолун билбей кыйналып жатышат!

Адам баласы Аллахты тааныбаса анын эч качан жүрөгү тынчыбайт, анын эч качан жан дүйнөсү нурданбайт ! Эмне үчүн байлар балконго чыгып,
тамекиге түтөп ары-бери басып ойлонуп,
жүрөгү сыгылат ??
Аллахты тааныбаганы үчүн гана !

Сүрөткө түшкөндө ар бир адам жылмайып түшөт,
как будто ааламдагы эң бактылуу адамдай .
Өзүн-өзү алдап жатат,
жүрөгү кайгыга толуп калган анын .
Жан дүйнөсү карайып, ойлоно берип жарылайын деп калган . Көкүрөктө бир деме өйкөп турат, өзүн зордоп эле жылмайып жүрөт ал !
Чоң кымбат машина айдап баратат,
сыртынан күлгөнү менен
ичинде өзүнчө эле кайгы..
Чет жерде иштеп жүрөт,
тапканы чоң акча, бирок жүрөгү тынч эмес.
Дагы сүрөткө жылмайып түшөт,
кимди алдап жатат, өзүн эмеспи туугандар ?
Туурабы же туура эмеспи ?

Аллага болгон ишеним, ал Затты сүйүү.
Жашоонун неъматы, жан дүйнөнүн тынчтыгы..
Көздүн тынчтыгы, шүгүрчүл дене..
Бактылуу өмүр, нүрдуу жашоо.
Тынч, жыргал жашоону каалаган пенде?
Аллахка болгон ишенимиң гана?

Эй таза түгөйдү издеген пенде,
Роббиге болгон ишенимиң гана ?

Эй нурдуу жашоону издеген пенде,
Аллага болгон сүйүүң гана?
Карыздар пенде,
Жаратканга болгон мамилең гана?

Сыноолордон тажаган,
проблемалардан кыйналган пенделер ,
Аллахка болгон ишеничибиз гана ?

Күнөөкөр пенделер ,
Кечиримдүү Затка болгон сүйүүбүз гана?
Роббиге болгон ишеним канчалык керек бүгүнкү күндө,суу менен абадан зарыл болуп турбайбы?

Аллах Таалам дуба кылгыла
кабыл кыламын деген ишенбейбизби,
Аллахтан да чынчыл Зат барбы?

“Кедейчиликтин артынан байлыкты беребиз,
Кыйынчылыктан соң жеңилдик беребиз !”-
деп жатат ага ишеним керек.
Ишене берейли жүрөктөн,
кайгыга батпаңыз, кайгырбаңыз !

Аллах Таалам бактылуу кылат,
Аллах Таалам бактысыз кылат,
кайгы берет, тынчтык берет .
Ырыскыңыз Аллахтын көзөмөлүндө,
жашооңуз Аллахтын көзөмөлүндө.
Биз ал Затты тааныйлы ,
Аллах деңиз бактылуу болосуз !
Аллах деңиз жан дүйнөңүз эс алат !
Аллах деңиз кайгы кетип, жүрөктөр нурданат..

Аллахым жүрөктөрүбүздү ыйман менен нурландыргын, көөдөндөгү кайгы капаны кетиргин, жашообузду оңдогун .
Өзүңө жолугууну насип кылгын.
Өлүм учурун бизге жеңил кыл,
Лаа илааха иллаЛлоох
МухаммадурРосуулЛоох келимеси менен аманатыбызды тапшырууну насип кылгын .

Эгер Аллах каалабаса
эч ким бул келимени айта албайт,
Аллах каалабаса эч ким
бейишке кире албайт .
Эч ким өзүнүн амалы менен бейишке кире албайт эгер Аллахтын мээрими болбосо .
Аллах деңиз бактылуу болосуз !

Кайгырбагын, капаланба,
Аллах сени менен !

Өтмүшкө, күнөөлөргө тообо де,
жүрөктүн сыгылуусу күнөөнүн көптүгүнөн.
Кайгыруу адамга чоң зыян берет.
Эгер тообо кылып кайгырсаң,
анда жан дүйнөң ырахаттанат .
Аллах Таалам кааласа зыяндан пайда,
пайдадан зыян берет.

Бул жашоодо кайгырба .
Анткени кайгы өтмүштү эске салат,
келечектен кабатыр кылат ,
бүгүнкү күнүңдү жок кыласың .

Капаланба, жан дүйнөң жабыркайт,
жүзүңдүн нуру кетет,
жакшылыктан үмүт үзүлөт.

Эй момун пенде,
кайгы душманыңды кубандырат,
досуңду жабыркатат ..
Кайгынын себебинен
акыйкатты көрө албай каласың !

Кайгырба, капаланба.
Анткени бул нерселер,
сага берилген неъматтарга нааразычылык билдиргенге барабар.
Ар дайым Аллахтын берген жакшылыктарына
кубанып жаша .
Кайгырба, анткени кайгыруу
өлгөндөрдү тирилтип бербейт,
кеткенди кайтарып бербейт .
Пайгамбарыбыз сынып калган нерсени көрсө кайгырбайт эле, боло турган нерсе болду – деп коёр эле.

Капаланбагын!
Капалануу шайтандан.
Шайтан өмүр бою кайгырып өтөт,
жана түбөлүк кайгырат .
Үмүтсүз ал, а сен жакшылыктарды үмүт кыл,
жашагын ыйман менен
бактылуулукка кол сунуп !

Жаш болсоңуз жаштын тилегин берет,
жакшы амалдарды,
Аллах ыраазы боло турган
иштерди нийет кылыңыз .
Аллахтын берген жакшылыктарын унутпаңыз!
Машинаңыз жокпу, буту жоктор бар.
Үйүңүз жокпу, ааламда кийимге зарлар бар!
Колуңузда аз болсо,
дүйнөдө карызга батып кеткендер бар.

Шүгүр кылып жаша
Жүрөгүң тынчтанат !

Кайгырып, капаланба, көп сыгылба .
Бул дүйнө кайгырууга татыктуу эмес!
Балаңыздан ажырасаңыз дүйнөдө
көптөгөн туугандарынан ажырап
жалгыз калгандар бар.

Капаланба!
Күнөө кылсаң тообо кыл.
Жаман иш жасадыңбы истигфар айт,
ага кайтып барба, андан кач !

Ката кылып алсаң оңдогону аракет жаса,
анткени бир да ката кетирбеген адам болбойт,
туура эмес ишиңден сабак алгын,
бактылуу болосуң !
Аллахтан коркуп жаша,
Аллахтын Мээрими кенен !
Тообо эшиги ачык ..

Капаланып кайгырсаң нервтериң жабыркайт.
Сенден адамдар кача баштайт .
Жылмай, Аллахты эстеп жүр
даражаң бийик болот !

Ибаадатты күчөйт
жан дүйнөң жылмаят,
дүйнөгө жылмайсаң
дүйнө сага жылмайып карайт !

Ар кимдин кебине кулак төшөп
пайдасыз сөздөрду угуп жүрөгүңдү кайгыга батырып алба, Роббиңдин сөздөрүн ук !

Адамдар эмне дейт, эл эмне дейт,
тиги эмне дейт, бул эмне дейт деген
куру намыстар сени жеп түгөтөт,
ага маани бербе,
өзүң үчүн жаша ,
бир жолу болсо да олтуруп угуп көрчү
Роббиң эмне дейт экен Куранда ?
Куран оку, кулак сал, жүрөгүң жумшарат.
Тилиңден таза сөздөр чыга баштайт .

Жашоого кайгырба,
жаза турган калем кургаган,
китептер жабылган .
Андан азында,
мындан көбүн да ала албайсың.

Колуңдан бир нерсе кетсе кайгырба,
аны Аллах берди кайра Өзү кайтарып алды .
Андан башка көптөгөн жакшылыктар сени куурчап турат, сени аны байка .

“Аллахтын берген неъматтарын эсептеп эсебине жете албайсыңар!”- деген аятты жүрөктө сакта.
Бир көзүң жок болсо экинчиси бар.
Бутуң болбосо колдоруң, акыл эсиң бар .
Тиштериң кыйшак болсо кандай бактылуусуң!)
Ааламда бир да тиши жок адамдар бар.

Көрө албастык хасад кылган,
сага жамандык жасаган адамдарга
кечиримдүү болуп сабыр кыл,
жакшылык каала.
Ит келип сени тиштесе
сен барып итти кайра тиштейсиңби ?
Сенин кадырың болгону үчүн сени сөз кылышат.
Сендеги жакшылыктарды көрүп хасад кылышат,
сен сабыр кылып,
жакшылык тилеп жашооңду уланта бер, адамдардын эң бактылуусу болосуң!

Ар дайым Аллахты эстеп жүр !
Коркуп жүр, тообада жүр .
Аллах Таалам акыйкатта өтө Кечиримдүү Зат!
Берешен Зат !
Үйүңүздүн үстүнө жамгыр жаадырып,
бак-дарактарды өстүрүп, мөмө-жемиштерди чыгарып, сууларды агызып,
бала-чака берди бул неъматтарды
кантип көрбөйсүз ?

Кайгырбаңыз эч качан тууганым,
оорулар айыгат, күнөөкөрлөр кечирилет, карыздарлар карызынан кутулушат.
Жазаасын алгандар кайтып чыгышат .
Кеткендер кайтып келишет.
Күнөөкөрлөр тообо кылат,
Заалымдар кылган күнөөсүнө
сөзсүз жазаасын алышат санаа тартпаңыз !

Сиз адамдарга жардам берсеңиз,
каажетин бүтүрүп чарчасаңыз,
кыйналып турсаңыз да кайгырбаңыз .
Анткени пенденин каажетине жардам берсең,
Роббибиз Өзү сизге жардам берет!

Күнөө ишиңе бир күнөө жазылат.
Сооптуу ишиңе 700гө дейре көбөйтүлүп берилет.

Сенде эң чоң байлык бар,
эң кымбат неъмат бар!
Анткени сен тоофик келмесин айткансың,
Мусулмансың, пешенең саждага тийген.
Эки колду бийик көтөрүп Аллага дуба кылуучулардын катарындасың .

Капаланып кайгыга батпа, чөгүп кетпе!
Эрктүү бол, башты тике кылгын тагдырга.
Кыйынчылык келсе да,
кайгы келсе да сен баарибир толук
пайданын үстүндөсүң .
Анткени жеңилчилк келсе шүгүр кыласың,
кайгы келсе сабыр кыласың.
Ал үчүн сен сооп табасың, даражаң өсөт.

Адамдар өтөт, жылдар алмашат .
Заман өзгөрөт, адамдар өзгөрөт,
дүйнө өзгөрөт, баары сенен алыстайт.
Бир Аллах Таалам сени жалгыз таштабайт!

Жаназа окуган илимдүүлөр да өтөт,
анын жаназасын да башкалар окушат .
Мазлумдар да, заалымдар да өтүшөт.
Күчтүүлөр да, алсыздар да өтүшөт .
Карасы да, агы дагы өтүшөт !
Аллахтын астына барганда
ким ийгиликке жетет ? Ким кутулат ?
Момундар гана нажат табат ,
кабаланба сен момунсуң тууганым !

Дүйнө бир сааттык жол.
Өтө тез өтөт кетет .
Ошол бир саатты ибаадат менен өткөрүп коюңуз
бактылуу болосуз !

Кайгырбаңыз, сыноо келсе сынбаңыз .
Каттуу чагылгандан кийин
карарган булут таркап
көкмөк асман көрүнүп жагымдуу салкын аба
согоорун көргөн эмессизби ?
Түн кетип артынан сөзсүз агарып
таң атаарын, жарыктык келээрин көргөн эмессизби?
Ин Шаа Аллах кайгы капа кетет,
жамандыктар, оор сыноолор кетет,
жакшылык алдыда,
жашооңуз ин шаа Аллах
сөзсүз нурга бөлөнөт !

Жашооңдо кыйынчылык пайда болсо
эң биринчи Аллахка кайрылып жардам сура.
Йаа Роббии дегин .
Адамдын башына кыйынчылык түшсө
ага барып жардам сурайт,
буга барып жардам сурайт .
Эч айласы жок болуп калганда
акырында келип:
– Йа Аллах өзүң барсың эми !)

Жоок, биринчи Аллага кайрылганды үйрөнөйлү.
Толлук жардам, күч кубат,
мол ырыскы, кечирим, тынчтык келет !

Бирөөгө жакшылык кылсаң, жардам берсең жүрөгүң тынчтанат .
Бирөө айтып жатат:
Жолдо баратсам, көзү азиз бир киши жолдон ары өтө албай турган экен..
Жанына барып жетелеп алып ары өткөрүп койдум, ошодон кийин өзүмдү 2 жума бактылуу сезип жүрдүм – дейт .
Аллахты эстеген көңүлдөр чындыгында
бактылуу экенин ошондо сездим !

“ЖҮРӨКТӨР АЛЛАХТЫ ЭСТЕГЕНДЕ ГАНА ТЫНЧТЫК ТАБАТ !”
(РААД 28-аят).

Аллах Таалам каалаган пенденин жүрөгүн
тынч кылып коёт.
Чоң бир мамлекеттен бир шаарды,
бир шаардан бир айылды,
бир айылдан бир үйдү,
бир үйдөн бир кишинин жүрөгүн
кайгы-капага салып коёт .
Аллах Таалам кааласа
жер жүзүндөгү бир мамлекетти,
бир мамлекеттен бир шаарды,
бир шаардан бир айылды,
бир айылдан бир үйдү,
бир үйдөн биир кишинин жүрөгүн
ушунчалык тынч кылып коёт ,
ааламды сел алса
мунун кызыл ашыгынан келбейт .
Адам баласы
өзүн качан бактылуумун деп айта алат ?
Жүрөгү тынчтык тапкан,
ыймандын даамын таткан адам бактылуу !

Али Оши~
” БАКТЫҢЫЗДЫН БАГЫТЫ”х

Запись КАЙГЫРЫП КАПАЛАНБА впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

  ✍��  Жашоо кээде кандай гана ачуусуң, ууң менен куйкалайсың. Жашоо кээде кандай гана таттуусуң,бакытың менен кубанычка бөлөйсүң. Жашоо ушунусу менен кызыктыр,эч качан ачууну татмайын таттуунун кадырын билбейсиң. Башка келген кайгы,кыйынчылык,кырсык булар баары өтүп кетүүчү күндөр. Бири келип кубантып,бири келип ыйлатып,анткени бул жашоо сыноо жашоо. Эгер билсеңиз күндүн батышыдан кийин чыгышы бар,жамгырлуу күндөрдөн кийин гүлдөрдүн ачылышы бар, караңгы күндүн жарышы,баткак жолдун куруп бүтүшү бар экенин эч качан унутпаң!
Биздин жашоо ушундай куралган,жакшылык менен жамандык дайым бизди коштоп жүрөт,кимисин көп пайдалануу да өз колуңузда.
Ошон үчүн башка келген кайгы,түйшүк,кыйынчылыкка сынып калбай, Аллахка ишенип, аракет үмүт менен алдыга гана умтулуң!

✨ «Чындыгында, улуу сыйлык үчүн-улуу сыноолор (берилет) жана чынында, Аллах (кайсы бир мусулман) адамдарды сүйгөн болсо, анда Аллах аларды сыноолорго кабылтат, ошондон кийин сабыр кылгандар Аллахтын ырайымына ээ болушат, ал эми нараазы болгондор (анын) каарына калышат» ( Тирмизий) .

☝��Эгерде сыноолор келсе бакырып,чакыргандан,ыйлгандан пайда барбы,же жер казып жер астына кирип кетүү керекби,же асмана шаты койуп чыгып кетүү керекби? Жок албетте сабыр кылуу керек андан башка айлаң барбы,кылсаң жетесиң сөзсүз бир күн муратка,кылбасаң андан да беттер болуп каласың зыянда. Ошон үчүн Аллахка умтул,Ага ишен ишеним бактылуулуктун пайдубалы,үмүт жаркырап нурун чачкан күн,сабыр  бизге күч -кубат,чымырканган аракет ийгиликке жеткизет!

  Аллах Таалам ар бир пендесине жан аманатын тартуу кылган,Ал каалаган учурда кимди кааласа, жаш,болобу,бөбөк болобу,каары болобу Өзүнө кайтарып алат. Жакшы көргөн балабыз,ата -энебиз,жубайыбыз бул дүйнөдөн көз жумса, кайгыга батып, кээде Кудайна наалып да жиберебиз бул тууралуу Аллах Таалам мындай деген: 
«Кимдин бул дүйнөдө жакшы көрөгөнүн (баласын же эң жакын адамын) алган болсом, ага ал сабыр кылса, анын ордуна (сабыр кылгандын сообуна) Бейиш берем». (Хадис) .

✨«Эгер бир момун бир пенденин баласы каза болсо, (Аллах жан алгыч) периштелеринен сурайт: "Момун пендемдин баласын алдыңарбы? "Периштелер:"Ооба "-деп жооп берет. Анда Аллах: "Жүрөгүнүн мөмөсүн үздүңөрбү? "-деп кайрадан сураганда периштелер: "Ооба,"-деп жооп берет. Аллах: "пендем эмне деди? "-дегенде периштелер: "(сабыр кылып) сага мактоолорду айтты жана (баласын) Сага тапшырды". Анда Аллах Таала (периштелерине буйруйт): "бул пендеме Бейиште бир үй куруп, атын мактоо үйү деп атап койгула "(хадис)

Демек жашоодогу бардык сыноолор артында Аллах Тааламдын бизге сүйүнчүлөй турган  сыйлыгы бар экен.

: Биз пенделер бир гана Жаратканга таандыкбыз,а тагдырыбызды кичине болсо да өзгөртүү өз колубузда.
Кайгыга түшсөк сүйүнчү тартуулай турган бир гана Аллах!
Кыйынчылыкка түшсөң жеңилдете турган да Аллах!
Кырсыкка, ооруга кабылсаң шыпасын бере турган да Аллах!
Адашсаң, жаман жолдо болсоң,туура жолго салуучуу да Аллах!
Бакытын, байлыгын Өзү берип каалса заматта алып коюучу да Аллах!
Анткени баары Аллахтан Ал Угуучу,Ал Көрүүчүү,Ал Берүүчүү,Ал Чечүүчүү ,Ал Коодыр,Ал Улуук каалса заматта кабыл кылып, заматта берип коёт. Андан гана сура,Андан гана тиле,Ага гана сыйын,Ага гана таян. Андан өткөн Мээримдүү Зат жок! Бул тууралуу:
Абу Хурайра (разияллооху анху) дан риваят: ”Пайгамбар (саллаллооху алейхи уа саллам) : ”Аллах Тааланын жүз мээрими бар. Алардын бирин инсан , жин , айбан жана курт-кумурскаларга түшүргөн. Анын себебинен, бири-бирине жумшак , ырайым мамиле жасашат, ал тургай жапайы, жырткыч айбан да, баласына мээримин төгөт. Ал эми токсон тогуз мээримин кыямат кунуно камдап койгон. Ал аркылуу пенделерине ырайым корсотот.”-деди.”
Дагы бир риваятта : ”Кыямат кунундо Аллах Таала бул дуйнодогу бир мээримине (ырайымына) калган токсон тогуз мээримин (ырайымын) кошуп толуктайт. (Андан кийин толук жүз мээрими менен, пенделерге ырайым кылат).”-деп айтылган.
(Муслим.)

Ушундай Улуук Мээримдүү Аллахтан кандай үмүт үзүп коёбуз . Ага кайрылбай башка кимге кайрылабыз!

Ыйык Куранда:
«Кайгырба Чындыгында Аллах биз менен бирге »(9;40)

��Насиба Абдуллаева.

��‍��‍��‍��"Бактылуулук Формуласы ".

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бир ойчул: “Мен адам баласы жалгыз кыйынчылык жашоону өткөрсө, жашоонун кадырын билип көп ийгиликтерди жаратат экен десе мен ишеген эмес болчумун. Бул- күндөр өзүмдүн башыма келгенде билип сездим”-деген экен…

Уилейм Жеймис мындай деп айткан:

“Кыйналып ооруганыбыз ойго келбеген ийгиликтерге жатүүгө жардам берет. Достаевский менен Толстой ошондой жашоону жашабаганда,таасирдүү, түбөлүктүү, чыгармаларды жаза алмак эмес.  Ошондуктан жетимдик, сокурдук,кыйынчылык, бөтөн жерлерде жүрүп калуу дана кедей кембагалдык акылдын эң жогорку даражага жетүүсүнө жана өнүгүп өсүп көптөгөн ийгиликтерге жетүүгө себеп болуп калышы мүмкүн ”

 «Сени алардын мал мүлкү жана бала чакасы суктандырбасын.  Чыныдыгында, Аллах ошол аркылуу аларды дүйнө тиричилигинде азапка салат» ( 9:55)

Муну менен Аллах Таала эмне демекчи деп ойлойсуз.  Бала чака жана байлык бактысыздыктын себеби болуп калууң мумкүн . А бирок Аллах сени бул дүйнө кызыкчылыгынан алыстатып, сени жакшы көргөндүгү үчүн, сени күнөөлөрдөн алыс болууң үчүн сени аркы дүйнө сыйына жетүүң үчүн ушундай мээнет, оору, кыйынчылык берип жатат. Эгер билсең сен бактылуу инсансың, Аллах жакшы көргөн инсандарын ушундай сыйлайт. Эгер колуңа тикенек кирсе да сүйүнгүн, анткени Аллах сени ушул оору менен күнөөңдү кечирип жатат.

Эгер сен ушул сыноолорго Сабыр кылып Аллах менен бирге болсоң кандай болбосун бир күн кандайдыр себептер менен ийгиликке жеткниңди билбей каласың.

Атактуу инсандар жөнүндө айтып өтсөк.

Ибну ал -Асир ооруп калгандыгынан “Жаамиъ ал -усул”, “Ан -нихая “жана башка укмуштуу китептерин жазган…

Имам Сарахский камакта жатып он беш томдук “Мабсут”деген китебин жазып чыккан.

Сапарда жүрүп ибнул-Каййим “Заадул -Маъад” деген китебин жазган …

Имам Куртубий кемеде жүргөндө “Сахих Муслимдин ” түшүндүрмөсүн жазган.

Көпчүлүк фатва китептерин Ибну Таймия камакта жатканда жазган.

Камакта жатып Ибнул-Жаузий Курандын жети кыраатын үйрөнгөн..

Аъмаш деген дагы бир аалым көзү сокур болуп калгандан кийин миңдеген хадистерди жаттаган…

Кедейликте жашап өз элинен узак жүрүп, көптөгөн аалымдар көптөгөн хадистерди чогулткан.

Салих такыба инсандардын бирөөсү камакта жатып Куранды толук жаттап андан сырткары кырк том китеп окуганын айтып берди…

Майып болуп олтургучка олтуруп калып, академик болуп окуусун бүтүрүп, эң жакшы мугалим болгон бир мугалимди көрдүм.

Рузвельт Франклин Делано майып болуп олтургучка олтуруп калса да Американы башкарган …

Мадина шаарынын эң чоң хадисчи аалымы Ал-Аъражардын бир буту чолок болгон.

Канчалаган көрүнүктүү Инсандар бийликтен кеткенден кийин бийликте олтургандан көбүрөөк пайдалуу илимдерди түз көз караштарды элге жеткизген .

«Аларды акылдуу инсандар гана түшүнөт» (29:43)

«Чындыгында, пенделеримдин билимдүүлөрү Аллахтан коркушат» (35:28)

«Ал эми билимдүүлөр менен ыйман келтиргендер:  Чындыгында, Аллахтын алдындагы тириле турган күнгө чейин турдуңар» (30:56)…

Доктор Эй Перйил айтат: “Чыныгы момун эч писихалык оору менен оорубайт..”

«Албетте, ыймандууларга жана Салих жакшы амал кылгандарга Мээримдүү Аллах жакшы көрүү сезимин тартуулайт» (19:96)

«Эркек болобу, аял болобу ыйманга келип, андан кийин Салих жакшы амалдарды жасаса, Биз аны бул дүйнөдө таза-пакиза, жакшы жашатабыз» ( 16:97)

«Албетте, Аллах ыйман келитиргендерди, туура жолго Багытоочу!» (22:54)

Эгерде сенде кемчиликтер болсо чөкпөгүн! Келечекте сенин жетишкендигин болоор.

Жогорудагы улуу инсандардан сабак ал. Менде мүмкүнчүлүк жок деп кейибе, сен кааласаң дипломсуз эле көптөгөн ийгиликтерге жетишсең болот. Сен каалооң, аракетиң, Аллага болгон ишенимиң, сабырың, умтуулуң жана үмүтүң сени ийгиликтерге жетелеши мүмкүн.

Ал эми ден соолугу чың, баары бүтүн инсандар силер эч качан менде жок, мен илимсизмин, мен бактысызмын, менин ишим жок, менде мүмкүнчүлүк жок деп эч качан кейибеңиз. Сиз кааласаңыз баары болот, баарына жетсе болот.

Каниет кылуу бул эң чоң байлык болуп саналат.

Пайгамбарыбыз (саллаллооху алейхи ва саллам) хадисинде ушундай келет:

«Сага жазылган тагдырыңа ыраазы бол, ошондо эң бай инсандардан болосуң» (хадис)

Бейпил жашоо-Аллахтын сага бергенине каниет кылгандык. Пайгамбарыбыз (саллалооху алейхи ва саллам) дагы бир хадисинде айтат:

«Кайсыл мусулман болбосун чарчоого, ооруга кабылса,кайгы капага кабылса, ыза түйшүк тартса да,жадакалса  тикенек кирип кетсе да муну менен Аллах Таала анын күнөөлөрүн кечирет» (Сахих аль Бухари)

Тагдырым ачуу экен деп кайгырбагын,

Бул күндөр өтөт кетет бүтөт баары.

Башыңа канча кыйын күндөр түшсө дагы,

Сабыр кылып ийгиликке умтулгунуң.

 

Сыноосуз жашоонун кызыгы жок,

Кыйынчылык адамзатка сабак болот.

Тагдырдын сыноосуна сынып калбай,

Үмүт менен алдыга умтулгунуң.

Кыйынчылыктын мөмөсүн караңыздар, ушул улуу инсандарыбыз жашоосу кандай болбосун сабыр кылды. Аллахым ушундай жетишкендиктерге жеткизип койду…

Насиба Абдуллаева,

«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

The post Кыйынчылыктар – инсанды ийгиликке жеткирет… appeared first on FORMULA.KG.


September 19, 2015 at 09:43AM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Билесизби, эң күчтүү адам ким?

Ал дүйнө чемпиону, же болбосо “чоң муштумдарды” ойлошуңуз мүмкүн. Бирок жашоодо эң күчтүү адам бул сабыр кылган адам. Барына да,  жогуна да канаат кылып, күнүн өткөргөн адам болот.

Бийик даражага жетүү, кыялдануу менен болбойт, түш көргөндүк менен да болбойт, чечкиндүүлүк жана сабырдуулук менен гана болот.

Эгерде Аллах сизге кыйынчылык, ооруу, дарт берген болсо, ал сизди жакшы көрөт жана ийгиликтери менен сыйлайт.

 Ийгилике бакытка  жетүү жолу бул – Сабырдуулук.

«Сабыр кыл.  Сабарың – Аллахтын колдосу менен гана болот» (16:127)

«Эң мыкты сабыр кылып чыдамкай бол» (70:5)

Мусулман адамга кыйынчылык келгенде үч нерсени аткаруу керек:

  1. Сабырдуулук.
  2. Дуба кылуу.
  3. кыйынчылыктын кетүүсүн күтүү. . .

Сабыр кыл десе эле жатып алып күтүү дегендик эмес. Сен жашооңду уланта бересиң.  Кыйынчылыктарга Сабыр кылуу, жакшы инсандардын мүнөзү, алар башына түшкөн кыйынчылыктарды жеңилдик менен жана каалоо менен кабыл алышат.  Эгерде сен экөөбүз сабыр кылбасак анда эмне кылуу керек?!

Же болбосо сенде сабырдан башка чече турган нерсе барбы? Же бизге сабырдан башкасын үйрөтөсүңбү?

Жок албетте сен сабырсыздык кылсаң, ыйласаң, кыйкырсаң, урушсаң, капаланып караңгылыкка камалсаң, тагдыр ушул экен деп үмутүү үзүп салсаң эле бир нерсең чечилеби же жакшы болуп кетеби? Эч качан! Андан көрө сабыр кылууну үйрөнүп сабыр менен жашайлы.

Сабырдуулук динде. Аллах менен бирге бол ал гана сага жардам берет!

Эгерде башыңа кыйын күндөр, жокчулук, оору, дарт, кайгы-капа түшсө,  олтуруп алып: -“Бүттү баары! Мен элдей эмесмин! Жашоо кыйын! Качан айыгам? Жашоо мынча татаал?  Эмне үчүн менин балам, эмнеге кайгы капа менде?” –  деп туңгуйука камалба. Сен Аллахтан сура. Аллахтан бир эки күн эле жакшы дуба кылып сурап коюу эмес Аны менен дайым бирге бол , көп эсте, ыйлап тилеп дуба кыл, ошондо Аллах берет. Эч  качан караңгыдан кийин жарык болбой калганы жок го?  Баардык кыйынчылыктын чечиле турган күнү,  убагы болот. Аллахым Сабыр кылгандарды жакшы көрөт, сабыр кылгандар менен дайым бирге болот.

«Аллах Таала айтат экен: Кимдин бул дүйнөдө жакшы көргөн баласын, же анын жакын адамын алган болсом, ага ал сабыр кылган болсо, анын ордуна Бейиш берем» (хадис)

«Кимдин жакшы көргөн эки көзүн алып сынасам, ал ошого Сабыр кылса (сабыр кылгандын сообун) Бейишин берем» (хадис)

“Пендеге канчалык мусийбат (кыйынчылык) чоң болсо ага ошончолук сооп көп болот. Эгер Аллах бир коомду жакшы көрсө, анда ал коомду бир мусийбат (кыйынчылык) менен сынайт.  Ким ошого сабыр кылып ыраазы болсо, анда ага ыраазылык көп болот.  Ал эми ким каарданса ага каар болот» (хадис)

«Эгер бир момун пенденин баласы каза болсо, (Аллах жан алгыч периштелерден сурайт: Момун пендемдин баласын алдыңарбы? Периштелер: – Ооба,  – деп жооп берет.

Анда Аллах: “Жүрөгүнүн мөмөсүн үздүңөрбү ” – деп кайра сураганда Периштелер:

-Ооба,  – деп жооп берет.

Аллах пендем эмне деди?- дегенде Периштелер: Сабыр кылып сага мактоолор айтты жана баласын сага тапшырды.

Анда Аллах Таала периштелерине буйруйт:  бул пендеме Бейиште бир үй куруп, атын мактоо үйү деп атап койгула» (хадис)

Мына тууганым кыйынчылык келсе сабыр кылың, тагдырга ыраазы болуңуз, Аллахтан кыйынчылыктардын сообун күтүңүз, Чындыгында ала турган да, бере турган да Аллах экенин унутпаңыз!

Абу Бакр (Аллах андан ыраазы болсун) ооруп калып анын алдына сахабалар кирип сурашат:

«Сага табып чакыралы?» – дешсе анда Абу Бакр (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: “Табып мени көрдү ” Тигилер сурашат:

-Эмне “деп айтты.

Абу Бакр (Аллах андан ыраазы болсун):

-“Өз калооңо өтө бекем экенсиң деп айтты” – деген экен.

Акылдуулар ушундай болот, ар түрдүү кыйынчылктар менен күрөшүп аягында аны жерге жыккан.

Тууганым Сабыр кыл! Сабыр кылууда Аллахтан гана жардам сура , сабыр кылып жардам келишине ишен, жакшы болорун билип анын сообун күт! Ошол сага келген кыйынчылыктарга сабыр кылуу менен күнөөлөрүң төгүлөт. Сабыр кыл канчалык кайгы капа келбесин, албетте аны жеңүү сабыр менеет гана болот , жеңиш кыйынчылыктан кийин келет, кыйынчылыктын артында жыргалчылык келет! Албетте Аллах менен бирге болсоң!

Насиба Абдуллаева,

«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

The post САБЫРДЫН ТҮБҮ – САРЫ АЛТЫН appeared first on FORMULA.KG.


September 13, 2015 at 12:45PM
Технологии Blogger.