Halloween party ideas 2015

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров дүйнолүк пролетариаттын башчысы Ленинди жерге көмүү зарылдыгын айтып үн катты.  Буга чейин Федерация кеңешинин төрайымы В.Матвиенконун Ленинде жерге берүү же бербөө боюнча референдум өткөрүү сунушу демилгеленип жатканын маалымат каражаттарына маалымдаган болчу.

“Лениндин табыттагы денесин, жүзүн көрсөк баары түшүнүктүү болот. Революциянын башчысын эбак эле жерге көмсөк, кыйла туура , ары адамгерчиликче иш болмок. Антпесе, ал сөөктү сактайбыз деп өзүнчө эле бир илимпоздордун, адистердин тобу эмгектенишет экен, күнү-түнү табытты коруп  аскерлер күзөтүп турушат.  Орусиянын чок ортосунда, кызыл аянтта өлүк адам жаткан табыттын турганы туура эмес”,-деп Кадыров Telegram-дагы жеке баракчасына жазган.

Чечен лидеринин пикири боюнча бул маселе боюнча акыркы чечимди Орусиянын башчысы бир жаңсыл кабыл алуусу керек. Буга улай  Кадыров “Лениндин жансыз жасатын гана эмесСанкт-Петербургдагы музейде наиб имам Шамиль Хажи-Мураттын башын да жерге берүү керек” деген көз карашын жазды.

Запись Рамзан Кадыров Ленинди жерге берүү туура болоорун айтты впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.