✍Туугандар менен карым-катнашта болуу бул дүйнөдө ырыскынын кенен, өмүрдүн узун болуусуна, ал эми Акыретте Алла Тааланын ыраазылыгына жетүүгө себеп болот. Бул туурасында Алланын элчиси (Ага Алланын салават-саламдары болсун):
«Кимде-ким, ырыскысы кенен, өмүрү узун болуусун кааласа, жакындары менен туугандык байланышын үзбөсүн»! – деп айткан. (Бухари: 5986. Муслим: 2557).
🤝Жакын туугандар ата-тектеги туугандар жана кайын-журт себептүү түзүлгөн туугандар.
☝Мусулмандын жакын туугандарына карата болгон милдеттери төмөнкүлөр:
1. Алар менен жакшы мамиледе болуп мээримин төгүү.
2. Алардын алсыздарына жардам берип, жакшылык кы-луу.
3. Кедейлерине материалдык жардам көрсөтүп туруу.
4. Орууларынан кабар алып, оруу эместеринин абалдарын сурап туруу.
5. Алар менен болгон мамилени үзүүдөн сактануу (эгерде алар мамилени үзүп коюшса да). Анткени туугандык мамилени үзүү пенденин бейишке кирбей калуусуна себеп болот.
Бул туурасында пайгамбарыбыз (Ага Алланын салават-са-ламдары болсун) минтип айт-кан:
«Тууганчылыктан кол үзгөн адам бейишке кир-бейт». (Бухари: 5984. Муслим: 2556).
6. Эгерде кошуна болсо, туугандык жана кошуналык милдетти аткаруу керек.
Ыйык Куранда Алла Таала минтип айткан:
«Алла Таалага кулчулук (ибадат) кылгыла жана Ага эч нерсени тең (шерик) кылбагыла! Ата – энеңерге, тууган-урукка, жетимдерге, бейбечараларга, тууган кошунага, бөтөн кошунага, жаныңардагы жолдошуңарга, жолоочу мусаапырга жана кол астыңардагы кулдарыңарга жакшы мамиле кылгыла»! (Ниса сүрөсү, 36-аят).
Ошондуктан башкаларга караганда жакын туугандарга садака берүү жогору турат.
Алла Таала айткан: «(Оо, Мухаммад) сенден эмнени (жана кимдерге) кайрымдуулук кылууну сурашат.
“Кандай жакшылык кылсаңар (анын баарын) ата-энеге, тууган-урукка, жетимдер менен бей-бечараларга жана жолоочу мусаапырларга кылгыла. Кандай жакшылык кылсаңар, Алла Таала баарын көрүп, билип турат». (Бакара сүрөсү, 215-аят).
Бир жолу пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салава-ты болсун) кайсы бир адамдар тууралуу айтып жатып:
“Алардын үй-бүлөсү менин жакындарым эмес. Менин жакындарым – Алла Таала жана момундардын жакшылары. Бирок, алар менен туугандыгыбыз бар. Ошондуктан алар менен туугандык байланышта болом» – деп айткан. (Бухари: 5990, Муслим: 215)…
БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ http://ift.tt/2yzMeui
✿ http://ift.tt/2l8etvu
✿ +996700334493
✿ WWW.FORMULA.KG
Запись Туугандар менен болгон адеп впервые появилась Formula.KG.
Отправить комментарий