Halloween party ideas 2015

Facebook, Google, Instagram Twitter, WhatsApp сымал байланыш тармактары терең деңиз сыяктуу. Ал деңизде көпчүлүк жаштар, карылар адеп-ахлагынан ажырап, акылынан айрылып кала жаздады. Деңиздин толкундары секелек улан-кыздардын уятын жутуп, көпчүлүк адамдарды кыйроого алып келди. Деңизге терең кирип кетүүдөн сактангыла!

Бал аары жыпар-жыттуу гүлдөргө конуп, адамдарга даамдуу бал тартуулайт. Силер да аары сыяктуу болгула! Пайдалуу маалыматтарды гана окуп пайдаланып, пайдалуу маалыматтарды гана тараткыла. Таза, таза эмес экендигине карабай, туш келген жерге конуп, өзү билбеген абалда адамдарга оору жугузуучу чымын сыяктуу болбогула! Жаман, жалган, элдердин ынтымагын ыдыратуучу маалыматтарды таратуудан сак болгула!

Интернет – чоң базар сыяктуу. Эч ким товарын бекер бербейт. Ар-бир сатуучу товардын оордуна бир нерселерди алгысы келет. Кээ бирөөлөр товарын берип, адеп-ахлакты бузса, кээ бирөөлөр өзүнүн жаман пикирин таратат. Алардын арасында атак-даңк каалагандар бар. Жакшы саалих пенделер да бар. Товарды тандап, тазасын гана алгыла!

Талашып-тартышуудан, айтышуудан жана ушак-айыңдан алыс болгула! Арам нерселерди көчүрүп алуудан, же арамдын жайылуусуна шерик болуп калуудан сактангыла! Бул нерселер соодага коюлган жакшы же жаман товар сыяктуу, сатыка коюп жаткан же сатып алып жаткан товарларыңарга карагыла!

Кандайдыр бир маалыматка комментарий жазуудан, же аны башкалар менен бөлүшүүдөн мурда ойлонгула!

Көзүңөр менен көрө элек адамдын достугуна ишенбегиле! Жазганына карап адамдарга баа бербегиле! Кээ бир адамдар, түлкү терисин жамынган карышкырдай, сырты жалтырап турсада ичи чирип кеткен жемиштей болот. Алардын адеп-ахлактары жасалма, сөздөрү кооз болот. Алар өздөрүнүн чыныгы жүздөрүн жашырышып, жакшы адамдын кейпин кийип жүздөрүн маска менен жаап алышат. Жалганды чын кылып жарыялап, чындыкты жашырышат. Канчалаган бузуку акмак адамдар бар, алар өздөрүн дин жолунда жүргөн адамдай кылып көрсөтүшөт. Канчалаган көрксүз, уятсыз адамдар бар, алар өздөрүн кооз кылып көрсөтүшөт. Канчалаган сараң адамдар бар, алар өздөрүн берешен адам кылып көрсөтүшөт. Канчалаган коркок адамдар бар, алар өздөрүн баатыр, тайманбас адам кылып көрсөтүшөт.

Жашырын коюлган аттардан (өз атын жашырып, башка ат коюп алгандардан) сактангыла! Анткени, андай адамдар өздөрүнө ишенишпейт. Өзүнө-өзү ишенбеген адамга ишенгенге такыр болбойт. Өзүңөрдүн атыңарды жашырып, башка ат коюп алуудан сактангыла! Силерди акарат кылган адамды, акарат кылбагыла! Тентеке теңелип, терек бою секирбе. Ал да, силер да кандай адам экендигинерди ошол учурда билдиресиңер. Силер анын эмес, өзүңөрдүн адебиңерди көрсөтөсүңөр. Казанда бары чөмүчкө чыгат деген сөздү эсиңерге түйүп алгыла!

Жазып, көчүрүп жаткан маалыматтарды тандап алгыла! Анткени, силер жазып жаткан учурда, периштелер да силердин кыймылыңарды жазып жаткан болот. Жараткан баарын көрүп, көзөмөлдөп турат.

Бул, интернет деген коркунучтуу деңизде, адеп-ахлакка сыйбас нерселерди, бузуку кадрларды көрүп туура жолдон адашып калуудан сактангыла! Эгер ушул күнгө чейин ушундай нерселерди көрүп жүргөн адамдар болсо, бүгүндөн баштап интернетти өзүңөрдү оңдоо үчүн, адеп ахлакты жайылтуу үчүн, элдерге туура багыт берүү үчүн жана элдер менен байланышуу үчүн колдонгула! Эгер такыр ыплас иштерден алыс боло албай жаткандар болсо, интернет деген ааламдан алыстагыла! Жырткыч айбандан качпаган жаныбар жырткычка жем болорун эстен чыгарбагыла.

Интернет бизди азгыруу үчүн эмес, биз интернетти колдонуубуз үчүн түзүлгөн. Интернет силерди эмес, силер интернетти колдонгула! Интернет силерди кууратып, кыйратып жок кылбасын.

 

Запись Интернет колдонуучуларынын кулагына күмүш сырга! впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.