Halloween party ideas 2015
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

МИҢ АЙДАН АРТЫК БОЛГОН - КАДЫР ТҮН

Ыйык Рамазан айынын береке чачкан артыкчылыктарынын бири – Кадыр түн. Бул улуу түн тууралуу маалыматтар сизге берекесин гана берет деп ишенебиз.

Аллах Таала айткан: 
«Кадыр түн – миң айдан да артык (түн)».
Пайгамбарыбыз Мухаммед (с. а. в.) мындай деген:
«Кадыр кечесин ыйман менен соопко үмүт кылып өткөргөн адамдын күнөөлөрү кечирилет».

ЭМНЕ ҮЧҮН БУЛ ТҮН КАДЫР ТҮН?

Бул түндүн Кадыр түн деп аталышынын себептери туурасында аалымдар арасында ар кандай ой-пикирлер айтылган.

1. Кадыр түн деп аталышынын себептеринин бири - Аллах Таала бул түнү жыл бою болуучу бардык иш-аракеттерди тагдыр кылат. Мисалы, ушул жылы кимге канча ырыскы берилери, кимдин ажалы жетип бул дүйнөдөн өтөрү сыяктуу иш-аракеттер жазылат.

2. “Кадыр” деген сөз “кадыр-барктуу”, “шарапаттуу”, “бийик даражалуу” дегенди билдирет. Мисалы, баланча кадыр-барктуу же кадырлуу адам деген сыяктуу.

3. Бул түндү тоскон адам буга чейин жетпеген улуу даражага жетет. Ошондой эле бул түн ал адамдын Аллахтын алдындагы кадыр-баркын да көтөрөт.

4. Бул түндө кылынган ибадат бийик даражага ээ. Аллах Таала: «Кадыр түн – миң айдан да артык (түн) деген.

Кадыр түндүн артыкчылыгы тууралуу Алла Таала мындай дейт:
" لَيْلَةُ الْقَدْرِ خَيْرٌ مِّنْ أَلْفِ شَهْرٍ" سورة القدر (٣).
"Кадыр түн, миң айдан да артыгыраак", Кадр сүрөсү 3 чү аят.
Миң ай, 83 жыл төрт айга барабар. Куранды чечмелеген аалымдар, Кадыр түндө кылынган ибадат, кадыр түнү жок миң ай ибадат кылгандан жакшы деп айтышкан. Адам баласынын өмүрү, орточо эсепти алганда 60 менен 70 жылдын ортосу. Ал тууралуу Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи вассалам) мындай дейт: "Менин үммөтүмдүн жашы, алтымыш менен жетимиштин ортосу". 

Адам баласынын ибадатсыз өткөзгөн убактысын эсептеп көрсөк, төмөнкүдөй көрсөткүчкө ээ болот: 
15 жылга жакын өмүр, бойго жете элек болгондугу үчүн, ибадаттар парз болбой өтөт. 20 жылга жакын өмүр уйку менен өтөт, анткени адам баласы күнүнүн үчтөн бирин (8 саатын) уктап өткөрөт. Бул, алтымыш жылдык өмүрүнүн үчтөн бирин уйку менен өткөздү деген сөз. 20 жылга жакын өмүр жумуш менен өтөт, орточо эсеп менен алып карасак, бир күндүк жумуш сааты сегиз саатка созулат. Бул өмүрүнүн үчтөн бир бөлүгү дегени. 2 жылдык өмүр, тамак-аш жеп, суусундук ичип, кажетин бүтүрүү же кийим кийүү жана башка нерселер менен өтөт. Орточо жашаган адамдын өмүрүн алып карасак, үч жылдын тегерендеги өмүрү гана калат.

Ушул калган үч жылдын канчасы ибадат менен өтөт?, биз кайсы ибадатты аткарып, анын себебинен кыяматта жеңишке жетсек болот?. Бизге берилген чоң артыкчылык бар, ал - Кадыр түн. Ал түндө аткарылган ибадаттын сообу, Кадыр түнү жок миң ай кылынган ибадаттын сообунан көбүрөөк болот. Бул түндө ибадат кылбай, анын соопторунан куру калуу, эң чоң зыянга учуроого барабар. 

Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) айткан: 
“Чындыгында силерге бул (Рамазан) айы кирип келди, ал айда миң айдан артык болгон бир түн бар, ким ал түндү өткөрүп жиберсе, анда ал бардык жакшылыктардан куру калган болот”.
5. Кадыр түн деп аталышынын себептеринин бири – Аллах Таала бул түндө Куранды түшүргөн. Бул туурасында Аллах Таала Куранда мындай деп айткан: 
«Чындыгында Биз (Куранды) берекелүү түндө түшүрдүк». «Чындыгында Биз (Куранды) Кадыр түндө түшүрдүк».
6. Бул түн – өкүм, буйрук кылынуучу түн. Мужахид (рахимахуллах) айтты: 
«Кадыр түн – өкүм, буйрук түнү» (“Тафсир ат-Табари”).

КАДЫР ТҮН КАНДАЙ ТОСУЛУУСУ КЕРЕК?

Түндү ибадаттын бардык түрлөрү менен тосуу керек. Себеби ушул түнү бир жылдык тагдыр чечилет.
– Намаз окуу, анын ичинен таравихке катышуу
– Зикир чалуу
– Алладан кечирим суроо, тобо кылуу
– Куран окуу
– Көп-көп дуба кылып тилек айтуу

КАДЫР ТҮНДӨ ОКУЛУУЧУ ДУБА

عَنْ عَبْدِ اللَّهِ بْنِ بُرَيْدَةَ، عَنْ عَائِشَةَ، أَنَّهَا قَالَتْ: يَا رَسُولَ اللَّهِ، أَرَأَيْتَ إِنْ وَافَقْتُ لَيْلَةَ الْقَدْرِ مَا أَدْعُو؟ قَالَ: " تَقُولِينَ: اللَّهُمَّ إِنَّكَ عَفُوٌّ تُحِبُّ الْعَفْوَ فَاعْفُ عَنِّي "
Айша энебиз айтат, мен: "Оо, Алланын элчиси! Эгерде мен Кадыр түнгө туш келип калсам, эмне деп дуба кылайын? - деп сурадым. Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи вассалам): "Аллохумма иннака ъафуввун, тухиббул ъафва, фаъфу ъаннии" - "Оо, жараткан Алла! Сен кечирим ээсисин, кечиргенди жакшы көрөсүн, менин күнөөлөрүмдү кечиргин" - деп дуба кыл деди.
Жалпыңыздардын Кадыр түнүңүздөр кут болсун. Жараткан Алла Таала мекенибизге тынчтык, биримдик жана бакубат жашоону насип кылсын!

Урматыбыз менен “Formula.KG” – Маалыматтык Маданий-Рухий агартуучу порталы


Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


Орозонун аякташы менен боло турчу майрамдык намаз 5-июлда өтөт.

Айт намазы 5-июлда саат 7.30дан 8.10гө чейин Жеңиш аянтынын жанындагы Фрунзе көчөсүндө окула турганын Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин айт намаздары эски аянтта окулуп келген. Быйыл ал жакта оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан, майрамдык намаз Фрунзе көчөсүнүн Абдрахманов жана Ибраимов көчөлөрүнө чейинки аралыкта болот.

Аталган аймак Биринчи Май райондук "Тазалык" жана "Зеленстрой" ишканалары тарабынан иретке келтирилип, тазаланат. Ал эми Бишкек ШИИБдин Кайгуул милиция башкармалыгы айт-намаз учурунда коомдук тартипти көзөмөлдөйт.




Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги маалымат таратты.


"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-февралындагы №53-токтомуна ылайык, жыл сайын айга карап аныкталчу Орозо айт жана Курман айт күндөрү эс алуу күнү деп саналат. Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы Орозо айт быйыл 5-июль күнү болоорун аныктады" деп жазылат аталган министрликтин расмий сайтында.
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

1) 6 рекет "аввабин" намазын 1 салам менен окуса болобу?

Жооп: Шам намазынан кийинки окулган алты рекет нафиль намаз авваабиин намазы деп айтылат. Ад дурр аль мухтаарда “бир салам менен, же эки салам менен, же үч салам менен (окулат)” деп айтылат.
Авваабиин дегендин мааниси, “Аллах Таалага көп тооба кылуучу, мол истигфаар аткаруучу” деген маӊызды туюнтат.
Алты рекеттин баарын бир салам менен окуу керектигин “ад Дурар” китебинде баса белгилесе, эки салам (төрт рекетке бир салам, акыркы эки рекетке бир салам) менен окуу керектигин “Газнавия” китеби көрсөтөт. Ал эми “Тажниис” китеби болсо үч (ар бир эки рекетте бир) салам менен болуусуна ык коёт. Мунун баары “Имдаад” китебинде айтылгандыгын “Раддул мухтаар” (4\260) китеби баяндап берет.
Аллаама аль Хойр ар Рамлийдин айтуусунда: “Нафиль намаздардын ар дайым бир салам менен төрт рекеттен ашпоосу мустахаб. Азирети Абу Ханийфа жакшы көргөн маселе мына ушул. Эгерде алгачкы төрт рекетти бир салам менен окуп алса, кийинкисин эки рекетте салам берүүгө туура келип калат. Андай болгон сүрөттө, намаздын ырааттуу тартиби бузулгансып, ыңгайсыздыкты жаратат. Ошондуктан эң эле жакшысы ар бир эки рекетте бир салам берип окуу. Мына ошондо бир кылка окулат...”
А бирок алаама ар Рамлийге жооп айтчулар да табылды. Ал шейх Раафиьий болуп чыкты. Ал өзүнүн “Ибн Аабидиндин хаашиясына берген такриираатында” айтат: “Үч салам менен окуганы абзел тарийкага үч ирет каршы келет. А эгер, бир же эки салам менен окуй турган болсо, абзел тарийкага бир ирет эле каршы келет. Ал эми, “бир кылкада окулат” дегени абзел тарыйканы жокко чыгарууга таасир бере албайт”.
Жеке мен (Ж.Ч.)өзүм мындай дээр элем: Кээ бир китептердеги берилген фатва: нафиль намаздардагы эң жакшы тартип эки рекеттен окулат деп айтылат. Демек, маселедеги талаш маселе анчалык деле олуттуу эмес. Үч салам менен да, эки салам менен да, бир салам менен да окуса болору шексиз. Жеке мен өзүм үч салам менен окуганды колдогон болор элем. Валлооху аьламу.

2) Нарындан болом. Ошко турмушка чыккам. Жолдошум экөөбүз көп убакыт сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Тилекке каршы кайненем 1 ай жашатып ажыраштырып салды. Учурда 16 жашка чыккан 1 уулум бар. Жолдошум талак берген эмес, ал турсун жаман көзү менен да карабайт эле. Баламды 16 жашка чыккыча өзүм чоңойтком, жолдошумдан бир дагы жардам болгон эмес. Мындан 6 жыл мурда намаз окуган бала менен таанышып калдым. Жолдошуңдан талак ал деп айткан жок. 16 жылда ал талак жок болуп кетет деген. Оштогу белгилүү мечиттеги биздин никебизди кыйган молдо дагы боло берет деп койгон. Экинчи жолдошум намаз окуганы менен криминал жолдо жүргөн адам экен. Аны менен да ажырашууга туура келди. Ошентип смс аркылуу талагымды берди. Өткөн күнүмдү эстеп аябай кыжалат болом, устаз. Ошондо менин никем барбы? Эмне кылсам болот?

Жооп: Сиздин суроодогу маалыматтарга караганда, сиздин никеңиз дале биринчи жубайыңызда экен. Экинчи турмушуңуздагы нике жараксыз. Көп жыл бирге жашабай калса эле нике бузулат деген түшүнүк туура эмес. Кудай Таалам адаштырбасын. Баланын атасы менен кайра жашаганыңыз макул. Же биротоло жообуңузду алып, жолуңузду табыңыз. Эгерде жүзмө-жүз суроо сурасаңыз, балким сизге жооп башкача таризде берилээр. Кандай болгон күндө да суроонун жообу айтылган суроого гана берилет эмеспи..

3) Таравих намазын 20 рекет окугандан чарчап калып жатам. Ошондуктан ар бир рекетте фатиха сүрөсүнө 2 зам сүрө кошуп 10 рекет окусам болобу? Ошол 20 рекетке барабар болот дешет.

Жооп: Жок, берекем. Анда сен 10 рекет эле окуган болуп каласың. Таравих намазы 20 рекет сүннөт болот. Ишиң көп болуп, чарчап калсаң окуганга милдеттүү деле эмес. Окуганың жакшы. Баарын окуй албасаң да чарчаганча окусаң деле мейли. Жоктон көрө жогору дегендей кеп. Мисалы 20 рекет окуй албай калса, 18 рекет оку.

4) Спирт тийип кургаган кийим менен намаз окуса болобу?

Жооп: Болот. Кургабаса деле окуй берсең болот. Спиртти ичкенге –мас кылганы себептен арам. А бирок, колдонгонго жарай берет. Арам болгону менен нажас эмес.

5) Өзүм намаз окуймун. Жубайымды намаз оку десем так секирип болбойт. Эмне кылышты билбей калдым?

Жооп: Жубайыңа жакшы мамиле кыл. Даават кыл. Жөн эле оку десең эле, этиңди көргөн аял дароо окуй бермек беле? Анын тилин таап, мусулманчылыкка ыктат. Ошондо бактылуу болосуң.

6) "Бир адам башка бир адамды
сүйүп калуусу үчүн окула турган дуба" дегендерди колдонсо болобу? Бул кара дубага кирбейби?

Жооп: Сыйкырлап койсо кара дубага кирет, а эгер жөн эле улук Кудайдан тилек кылып сураса, ал нерсеге шариатта тыюу салынбайт.

7) 25 жаштамын, 7-классымдан бери талма оорусу менен ооруп келем. Турмушка чыксаң калат дешти. Турмушка да чыктым, бирок оорум күч алгандай болду. Бош олтуруп калсам эле бирөө “Мен Кудаймын, сен шайтандын жолуна түшүп кеттиң, деп коркута берет. Уктаганда сөзсүз бир маал коркутат. Намаз дагы окуп көдүм, бирок намазга турганда сенин намазың эч качан кабыл болбойт деп алаксыта берчү. Акыры даарат көп алып ден-соолугумду да начарлатып, намазымды да таштап койдум. Мен сага ишенбеймин жогол десем, сен Кудайга ошентесиңби дейт. Эмне кылам, устаз?

Жооп: Ал шайтандын васвасасы. Өзүңө такыбараак молдо таап дем салдыр. Намазды кайра башта. Калтырбай окуй берсең, ооруң калып кетмек. Даараттын ден-соолукка таптакыр зыяны жок. Сени менен мени жоктон жараткан Аллах Таала буйруган ибадат ал даарат. Даарат диндин жарымы. Тазалык диндин жарымы.

8) Эртең менен түшүркөп, гусул алууга туура келсе орозо бузулбайбы?

Жооп: Эртең менен түшүркөп калгандан орозо бузулбайт. Ооз-мурунга этиеттеп суу алып, дененин баарына суу жеткирсе жарай берет. Ал эле эмес, түн ичинде аялы менен шариаттык иште болуп, ооз бекитер убакта колу менен жүзүн жакшылап чайкап, андан кийин курсагын ныктап тойгузуп, оозун бекитип, андан соң гусул алып намазын окуса да боло берет. Динибиз адамдарды кыйноо үчүн эмес, сыйлоо үчүн келген.

7) Мурундан травма алганым үчүн 2 тамчыдан даары тамызып туруум керек. Оозум ачылбайбы?

Жооп: Мурунга тамчылаткан даары мурундан ары адамдын ичине кирип кете турган болсо орозону бузат. Мурундун ичинде калып кете турган болсо орозосу бузулбайт.

8) Таравих намазын кандайдыр бир себептерден улам 5 күн окубай калдым. Казасын окусам болобу? Эгер болсо кайсы убакта канча рекет окуу керек?

Жооп: Таравих намазынын казасы – биз билгенден - болбойт. Анткени таравих намазы милдеттүү болбогондон кийин анын казасы да жок. Ошол бойдон калып кетти.

9) Карызга акча алып апамды ажыга жөнөтсөм болобу? Менин карызга берген акчамды октябрда алмакмын.

Жооп: Орду бар карыз акча алсаңыз жарай берет. Маселе орду жок алынган карыз акчада.

10) Атам апамды жаман кордойт. Атамды дааватка жиберели десек же макул болбойт. Кантип жиберип салсак болот?

Жооп: Эптеп алдап-соолап жибергиле. Каалаганын алып бергиле, кандай болгондо да дааватка жиберүүнү ишке ашыргыла. Борбордук мечитте Мухтарбек ажы деген бар. Ошол кишиге жиберсеңиз, ошол эптеп алып чыгып кетээр эле даватка.

11) Дүйнө иштеринде аял менен сөзсүз кеңешүү керекпи?

Жооп: Аял менен ага керектүү иштерде, тиешеси бар иштерде кеңешсе болот. Аялдарга таандыгы жок иштерде назик заттардын башын оорутуунун кажети жок.

12) Үйлөнүү максатында сүйлөшүп жүргөн келиндин жолдошу жол кырсыгынан каза болгон экен. Анын 1-никеси эмне болот? Үйлөнө берсем болобу?

Жооп: Жолдошу каза болгондон кийин, эгер боюнда жок болсо төрт ай он күндөн кийин башкага турмушка чыга берсе болот. А эгер боюнда бар болуп, төрт ай он күндөн көп мөөнөттө төрөй турган болсо, анда ошол курсагындагыны төрөгөңдөн кийин турмушка чыга берсе болот. Күйөөсүнүн өлүүсү менен талагы түшкөн болот.

13) Атасынын карызын баласы төлөөгө милдеттүү эмес дегениңизди кененирээк айтып берсеңиз, устаз?

Жооп: Атасынын артында байлыгы калса, ошол байлыктан атасынын карызын төлөө балага милдеттүү болот. А эгер атасынын байлыгы калбаса, шариат ал балага атасынын карызын төлөө милдеттүү кылбайт. А бирок перзенти атасына же энесине жакшылык кылгысы келсе, анда анын өз ыктыяры...

14) Москвадагы диний китептерди окуса болобу? Анан да ар масхапты кармангандар көп.

Жооп: Кыргыз муфтиятынын мөөрү басылган китептерди окусаңыз жарай берет. Ошондой эле Москва муфтиятынын мөөрү басылганы да жарай берет. Тагыраак айтканда, мөөрлөрү басылгандын баары жакшы. Мөөрлөрү басылбагандардын баары жаман эмес.

15) Балдарынан кечкен, балдары каза болсо кубанган атага эмне дээр элеңиз. Балдары ошондой атага кандай мамиле кылуу керек?

Жооп: Эмне дейт элек. Кудайым хидаят берсин деп дуба кылабыз.

16) Жубайым экөөбүздүн ортобузда 3 балабыз бар. Үйлөнгөндөн бери шаарда турчубуз. Агаларым үйлөнүп жайланып, үйдү бошоткон болчу. Айылга барып апамды карап бирге жашайбыз десем, такыр көнбөй койду. Жообун берип салгым келет. Айылга барып кошуна кызды алып, апамды карап жашагым келет. Бирок балдарымды жетим калтыргым да келбейт. Кандай кылсам туура болот?

Жооп: Кабыргаң менен кеңеш. Аялың сени менен жашоону кааласа, сени жакшы көрсө, география бүткөн жерге чейин деле кете бермек. Демек, аялыңдын катылган сүйүүсүн тап.

17) Эгер эркек адамда "гинекомастия" болсо, аны алдырып салууга шариат руксат береби? Эгер руксат жок болсо сабыр кылам.

Жооп: Бул оору менен адатта аялдар оорушат. Кээде эркектер да бул ооруга жолугат. Эгерде сизге бул абдан эле ынгайсыздык жарата турган болсо, аны алдырып салуу ден-соолугуңузга олуттуу зыян келтирбей турган болсо, алдырсаңыз болот. Ден-соолукка зыяндуу болсо, алдырууга болбойт. Ден-соолук аманат.

18) Алматыдан болом. Жаз келгенде эле "кудай жаз" деп өткөрөбүз. Жылына 3,4 кой соёбуз, быйыл 10 кой союлду. 100, 200 адам келет. Бул кылганыбыз туурабы?
Жооп: Жазга жеттик, “Кудайга шүгүр! Кудайымдын ырайымы болбосо кантип жетмек элек, Кудайга шүгүр!” деп аткарылган таат-ибаадат.

19) Орозодо жанын кыйгандар кандай болуп калат? Эмнеге өз жанын кыйгандарга жаназа окулбайт?

Жооп: Жан кыйган ар убакта арам. Орозодо күнөөсү көбүрөөк. Анткени, ыйык айда аманатка кыянат кылганы болот. Жан аманат. Аны сактоо да аманат. Аманатка ушул таризде кыянат кылгандарга жаназа окулбайт дейт көпчүлүк уламалар.

20) Намазымды баштадым. Жоолукка кайненем менен жолдошум каршы болуп туруп алды. Өзүңдү жакшы алып жүр дешет. Кантип макул кылдырсам болот?

Жооп: Жакасы бар көйнөк кийгенче, намаз окуганда жоолукчан намаз окуп тура тур. Анан, ал экөөнө дуба кылсаң, Кудайым тилектериңди кабыл кылат.

21) Жакшы көргөн кызыма 5 жылдан кийин үйлөнүшүм керек. Сөйкө салып койсом болобу? Экөөбүз тең 17 жаштабыз.

Жооп: Ага чейин ким бар, ким жок. Антип анын жолун байлаба. Ой өзгөрүлөт, пикир алмашат жыл жылбышкан сайын...

22) Жубайым менен ажырашып кеткем, бирок талагын берген эмесмин. Ал башкага тийип кетти. Мага күнөө болбойбу?

Жооп: Сага күнөө. Талагын бер. Иддасын чыгарып, никесин кыйдырсын.

23) Иштеген жердеги шефтериң орозо кармаба десе эмне кылуу керек?

Жооп: Кармай берүү керек. Кудайдын парзы. А бирок аскер кызматындагыларга оорчулук келбес үчүн аскербашчылары орозо кармабоого буйрук бергени кээде жөндүү да болот.

24) Уулумду шартка байланыштуу төркүнүмдө атам-апамдар карап жатат. Мен жумуштамын. Баарын караганга, каржылаганга аракет кылам. Жолдошум өз баласын тааныбай койду, жардам да бербейт. Кайсыл жолду кармансам туура болот? Баламды каратып апамдардын убактысын алдымбы деп кыжаалат боло берем.

Жооп: Намаз оку. Жакшы жүр. Баары өтөт.

25) "Башың бош, билгениңди кыл, жообуңду бердим" десе талак түшөбү?

Жооп: Эркектин ниетинде талак берүү болсо, бир талак боин түшөт. А эгер андай болбосо андай болбойт.

26) Уккан нерсени бирөөгө жеткирүүдө ката кетирип алуунун күнөөсү канчалык?

Жооп: Атайылап ката айтса күнөөкөр болот.

27) Бизде орозо 4-июлда бүтүп жатат, 29 күн гана кармаган болуп калат экенбиз. Ошондо 1 күн тутуп беребизби дагы?

Жооп: Орозо кээде 29 , кээде 30 күн да боло берет. Ага таӊдануунун кереги жок.

28) Орозодо эрте менен уктап калганда (ниет кылбай, тамак ичпей) ошол күнкү орозону чыдап кармаш керекпи? Эгер кыйналып ачып алса казасын бир күн эле кармап береби? Же каффаарат болуп калабы?

Жооп: Орозодо эртеӊ менен уктап калса, таӊ аткандан кийин турса, эч нерсе жебей эле түшкө чейин ниет кылууга жетишип калса, ошол күнкү орозого эсеп. Ошол күнү ниет кылбай калса, кийин бир күн каза кармап берет. Орозо кармабай койгону үчүн күнөөкөр болот.
А эгер орозону кармап туруп, андан кийин атайылап ачып жиберсе каффаарат болот. Ооруган себептен, же кыйналган себептен оозун ачса, анда ал бир эле күн каза кармап берет.

29) Парз намазда жалгыз адам болсо да коомат айтылабы?

Жооп: Сүннөт болот.

sarsep.kg

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

✍.. Битир садакасы -негизги муктаждыктарынан жана карыздарынан тышкары эң аз акча каражатына барабар (80.18 грамм алтын же анын баасындагы акча) мүлккө ээ болгон ар бир мусулмандын өзү же ага жооптуу болгон адамдар тарабынан бериле турган ,ваажип өкүмүндөгү садака. Муну кыскача битир дейт. Рамазан айынын аягында берилет.

Хадиси шарифте айтылган:

"Фитр садага байларыңарга тазкийа. Кедейлериңер да берсе Аллаху таала аларга андан көбүн берет.” [Абу Давуд] (Тазкийа тазартуу, тазалоо дегенди билдирет.)

"Рамазан орозосу көк менен жердин арасында турат. Фитр садага берилгенде көтөрүлөт.” [Абу Хафс]

"Фитр садага орозолуу адамдын орунсуз сөздөрүнөн пайда болгон күнөөлөрдү тазалайт.” [Байхаки]

Калган үч мазхабда бир күндүк жей турган тамагы бар адамдын фитра берүүсү фарз. Хадиси шарифте: "Фитр садаганы чоң-кичине, бай-кедей баарынын берүүсү керек”, - деп буюрулган. (Абу Давуд)

Битир садакасын берүү мусулмандарга хижранын экинчи жылында киргизилген. Бул жардам катарында болгону менен,орозонун кабылданышына, өлүм алдындагы кыйынчылыктардан жана кабырдагы азаптан кутулууга себеп болот. Битир Рамазан майрамынын (айыттын) биринчи күнү таң эртең менен берүү ваажип болсо да,аны андан бир нече күн мурун берсе да болоберет. Майрамдан кийин берүүлүсү туура эмес. Муну менен кедей -кембагалдардын муктаждыктарына пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн болот. Хадистерде битир курма,жүзүм буудай,жана арпа менен берилгени айтылган. Мындай азык заттар аркылуу дагы же алардын баасына барабар акчалай түрдө берсе дагы болот. Кедейлерге кандай берүү пайдалуу болсо,ошондой түрдө берүү жакшы.

✨Аллах Таала Куранда мындай деген:
«Акыйкатта садакалар Аллах жүктөгөн парз: колу жука кедейлерге,колунда жок жакырларга ,аны жыйноочуларга,көңүлдөрүн алуу керек болгондорго,(мусулман) кулду бошотууга,карыздууларга, Аллахтын жолундагы жана (мусулман)мусаапырларга берилет. Аллах    -ар нерсени Билүүчү ,Даанышман! »(Тооба; 60 аят)

☝ Эне-атага, чоң атага, чоң энеге, балага, небереге, аялына жана мусулман эмес адамга фитра берилбейт. Кедей болуу шарты менен келинге, бир тууганга, атасынын кыз жана эркек бир тууганы, апасынын кыз жана эркек бир тууганы сыяктуу туугандарга, күйөө балага, кайненеге, кайнатага, кайын ини-карындашка, өгөй балага берүүгө болот. Эгер салих болушса жакын тууганга берүү артык сооптуу. (Макуфат)

Рамазан айында берилүүчү битир быйыл 1 адамга 1 килограмм 600 грамм буудайдын баасына барабар болот. Натыйжада базар баасы менен алганда битир ар бир адамга 32 сомдон эсептелди. Ошондой эле садага-битир буудайдан башка ун (1 кг 600 грамм), мейиз (1 кг. 600 грамм), арпа (3 кг. 200 грамм) жана курманын салмагы (3 кг. 200 грамм) менен да өлчөнөт. Алсак, мейиз – 320 сом, ун – 48, арпа – 48 сом болсо, курманын битирге тиешелүү салмагы 384 сом деп эсептелген.

‍‍‍ "Бактылуулук Формуласы ".

Технологии Blogger.