Halloween party ideas 2015
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Иран Мухаммед пайгамбар тууралуу тасманы “Оскар” сыйлыгына көрсөтүүдө. Бул тууралуу Islam-Today.ru сайты жазды.

Ирандык режиссер тарткан “Мухаммед-Аллахтын элчиси” аттуу тасма, бул жылы атактуу америкалык киноакадемиянын “Оскар” сыйлыгына көрсөтүлөт. Тасма “Эң мыкты чет элдик тасма” наамына ат салышат.

Тасма “Мухаммед пайгамбардын жашоосу” үчилтигинин негизинде тартылган. Анын режиссери Мажид Мажиди. Учурда “Оскардын” “Эң мыкты чет элдик тасма” наамына 67 өлкөнүн тасмалары көрсөтүлүп жатат.

Пайгамбардын жашоосу тууралуу бул тасма 40 млн долларга тартылган. Ирандын тарыхындагы бюджети эң чоң тасма катары белгилүү.

http://maralfm.kg/

The post Мухаммед пайгамбар тууралуу тасма “Оскарга” көрсөтүлөт appeared first on FORMULA.KG.


September 30, 2015 at 10:57PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бир жолу мугалим окуучуларынан сурап калды:

-Эмне үчүн адамдар урушканда кыйкырышат?

-Себеби, тынчы кетет,- деди бирөө.

-Адам жанында эле болгон соң неге кыйкырат?-деп кайра суроо салды мугалим.

-Эмне акырын эле сүйлөшсө болбойбу? Капа болгон болсоң неге кыйкырасың?

Окуучулар ар бири өз жообун айтып жатты. Бирок, бирөө да мугалимди канаатандырган жок. Акыры ал өзү мындай деп түшүндүрүп берди:

-Адамдар бири-бирине нааразы болуп, уруша кеткенде алардын жүрөгү бири-биринен алыстай түшөт. Бул аралыкты жоюп, бири-бирин уга билүү үчүн кыйкырганга туура келет. Канчалык катуу капа болушса, ошончолук катуу кыйкырыша баштайт. А, адамдар бири-бирин сүйүп калганда кандай болот? Алар кыйкырышпайт, тескерисинче акырын сүйлөшүшөт. Анткени, алардын жүрөгү бири-бирине жакындашып, ортосундагы аралык өтө аз болот. Аябай сүйүшүп калганда эмне болот?-деп сөзүн улады мугалим:

Сүйлөшүшпөйт, шыбырашып мурункудан да жакын болушат. Акырында аларга шыбырашкандын да кереги жок болуп калат. Бири-бирин көз караштан эле түшүнүшүп калат. Бул бири-бирин сүйгөн эки адам чогуу болгондо болот. Мына ошондуктан чырдаша кеткенде жүрөгүңөрдүн бири-биринен алысташына жол бербегиле, ортоңордогу аралыкты ого бетер алыстата турган сөздөрдү айтпагыла. Анткени, аралык байкалбастан өтө алыстап кеткен учур келгенде, кайтаар жол таппай калышыңар мүмкүн.

The post Жүрөгүңөрдүн бири-биринен алысташына жол бербегиле! appeared first on FORMULA.KG.


September 30, 2015 at 10:40PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бул жашоодо өтүп кет­кениңден кийин, артыңда кал­гандар эмне кылышарын, сени канча убакыт эстеп жүрүшө­рүн билгиң келеби? Анда бул дүйнөдөн өткөн адамдардын артындагыларына көз чаптыр. Бир адам кайтыш болду. Буга чейин анын Эшмат деген элге белгилүү аты бар эле. Бүгүн анын аты өчтү. Элдин баары сөөктү жууш керек, майит­ти кепиндеш керек, мүрданы жерге бериш керек деп сүйлөп калды. Эч кимдин оозунан Эш­матты жууйлу, же Эшматты ке­пиндейли деген сөз чыкпады. Аты өчөт деген мына ушул. Адамдар ыйлашты, кайгырыш­ты, кээ бирөөлөр чындап кай­гыга батса, кээлери элди туурап ыйламыш болду. Кээ бирөөлөр анын мындан аркы жашоодо такыр болбостугун эстеп муң­канышса, кээлери анын мал- мүлкүн эсептеп, анын канчасы өзүнө тийерин эстеп ичинен кымыңдады. Кыскасы, ызы- чуу, ый-муң аралаш аны жерге беришти. Анын Ташматов де­ген фамилиясы бар эле. Ал да­йыма аты менен бирге Ташма­тов Эшмат деп чакырылчу. Бү­гүн анын фамилиясы да өзгөр­дү. Адамдардын баары маркум Эшмат деп сүйлөп калышты. Арадан бир күн өттү. Ызы-чуу, кайгы-муң кечээкиден азайды. Адамдар ал жөнүндө аны-му­ну сүйлөп олтурушту. Арадан дагы эки күн өттү. Адамдардын ыйы токтоду. Ал жөнүндө анча- мынча эле сөз болбосо, ар ким өз тирилигин сүйлөй баштады. Анан жетилик, кырктык, жыл­дык дегендерин өткөрүштү. Ошону менен аны эч ким эсте­ген жок. Бир жылда бир жолу “Баланчынын өлгөн күнү бол­чу” деп эстеп жүргөн жакын туугандары да эми такыр эле эстебей калышты.

Мына ушундай, же ушул сыяктуу тагдыр баарыбыздын башыбызда. Сен тирүү кезиңде сени өмүр бою эсинен чыгар­бай тургандай сезилген жакын­дарың, ушунчалык аз убакытта сени эсинен чыгарышат. Себе­би, дүнүйө ушундай жаралган, ушундай улана берет. Сени ар дайым эстеп жүрүүгө адамдын күчү жетпейт, же сени унутууга жашоо өзү аны мажбур кылат. Жашоо ушундай. Ушундай болгон соң, бир нерсени эси­ңе бекем түй. Сени эч качан унутпай турган жана унутууга мажбур болбой турган бирөө бар. Ал – сени жараткан Аллах. Жашооңдун баарын Ал үчүн багышта. Ал – сен тирүү бол­соң да, өлсөң да, жер бетинде болсоң да, жер астында бол­соң да унутпайт. Аны менен жакшы мамиледе бол. Ал эч качан сенин жакшы мамилеңе жамандык менен жооп бербейт. Ал сени унутпайт, сен да Аны унутпа!

Алайчы Сеитбеков

The post Өлүмдөн кийин бул дүйнөнү көргүң келеби? appeared first on FORMULA.KG.


September 30, 2015 at 03:38PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Сауд Аравиянын королдук үй-бүлөсүнүн мүчөлөрүнүн бири король Селмандын башкаруусуна нааразычылык билдиргени айтылууда. Саудиянын негиздөөчүсү болгон король Абдулазиз бинь Сауддун урпактары болгон сауд канзаадасынын нааразычылык катында учурдагы башкаруучу Селмандын тактан түшүү керектиги айтылган.

Англиянын Гардиан басылмасына берилген канзааданын маегинде, анын мындай пикирин королдук үй-бүлөнүн бир канча мүчөлөрү колдой турганы айтылат. Анын айтымында, “Король Селмандын саламаттыгы стабилдүү эмес. Өлкөнү анын уулу экинчи мураскор Мухаммед бин Селман башкарат”.

Маркум король Абдулазиздин уулдарынын айрымдары король Селмандын тактан алынуусу боюнча жакында топтолушу мүмкүн. Атын жарыя кылгысы келбеген канзаада, “Король Селмандын бийликте калуусу коркунучтуу делген каттар калк арасынан да келип жатат”.-деп кошумчалаган.

Эске салсак, король Селман Сауд Аравиянын мурдагы королу Абдуллах бин Абдулазиз кайтыш болгон соң ушул жылдын январында такка отурган.

http://maralfm.kg/

The post Саудия королуна королдук үй-бүлө мүчөлөрү каршы чыгууда appeared first on FORMULA.KG.


September 30, 2015 at 02:21PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бүгүн, 29-сентябрда Жогорку Сот Чубак ажынын ишин карап, толук актады. Бул тууралуу анын адвокаты Акин Токталиев билдирди.

Эске салсак, 2013-жылдын 31-октябрында экс-муфтийге карата 2011-жылкы ажылыкты уюштурууда 8 млн сом салыкты төлөбөй койгон деген айып тагылып, Кылмыш кодексинин 213-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Буга чейин анын соттук иштери бир нече жолу артка жылдырылып, иш аягына чыкпай келген.

http://maralfm.kg/

The post Чубак ажы Жалилов сотто акталды appeared first on FORMULA.KG.


September 29, 2015 at 05:28PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Белгилүү Голливуд жылдызы Стивен Сигал Москва шаарындагы борбордук мечитти зыярат кылды. Ал зыярат учурунда кеңейтилген мечиттин ички жана сырткы жасалгалары менен таанышып чыкты. Стивен Сигал Орусия мусулмандарын бул жакшы саамалыгы менен өз сапары учурунда куттуктады.

Голливуд актеру Стивен Сигал Орусия вице-премьери Дмитрий Рогозин менен бизнес ачуу ишин сүйлөшүү үчүн келген.

http://muftiyat.kg/

The post Голливуд актеру Стивен Сигал Москвадагы борбордук мечитти зыярат кылды appeared first on FORMULA.KG.


September 29, 2015 at 05:14PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Сахабалар кимдер?

Сахабалар Пайгамбарыбызды тирүү кезинде көрүп ыйман келтирип өткөн инсандар. Ал сахабалар эрчий турган жол көрсөтө турган жылдыздарга окшош.  Кербенчилер чөлдө караңгы түндө жылдыздарга карап жол тапкандай эле биз сахабаларга ээрчип туура жолду табабыз.

Жылдыздар өз нурун күндөн пайдаланып бизге жаркырап көрүнгөндөй эле сахабалар илим -билим нурларын Пайгамбарыбыздын көкүрөгүнөн күндөй жаркырап чыккан илим билим нурунан пайдаланып, бизге жол көрсөтүүдө, ээрчитүүдө жылдызга окшоп турушат.

Пайгамбарыбыз (ﷺ) айткан:

«Менин сахабаларым жылдызга окшош, кимисин ээрчисеңер туура жол табасыңар»

Эх, Сахабалардай болсок кана!
Сахабалардын сүйүүсүндөй сүйүү бизде болсо гана!
Сахабалардын жүрөнүндөй таза жүрөк бизде да болсо гана!
Сахабалардын жөнөкөйлүгүндөй жөнөкөйлүк бизде да болсо гана!
Сахабалардын берешендигиндей берешендик бизде да болсо гана!
Сахабалдардын такыбалыгындай такыбалык бизде да болсо гана!
Сахабалардай эр жүрөктүүлүк,колдогондой колдо бизде да болсо гана!
Аттиң! Жашообуз түп башкача болмок ..

Сахабалар биз инсандардан айырмаланып даражалары бийик инсандар. Алардан Аллах Таалам ыраазы болуп сүйгөндүгүнөн Куранда мындай деген:

«Аллах Таала алардан (сахабалардан) ыраазы, алар (сахабалар) Аллах Тааладан ыраазы» (Баййина : 98:8)

Биз сахабалардай эч качан боло албайбыз, аларга жете да албайбыз, аларды андай,тигиндей деп айтууга хаккыбыз жок! Алар улуу инсандар! Алар Аллах, Пайгамбарыбыз үчүн жандарын берүүгө даяр болгон, сүйүүлөөрү чын жүрөктөн болгон улуу инсандар!

 Ушуга бир мисал: окуяны айтып өтсөм…

Бир такыба жигит болгон экен.  Ал жашынан намазын окуп,кураанын жаттап, бир да мечиттен калбай,Аллахтын бардык мыйзамдарын аткарып жүргөн болот. Бир күн устазына барып: “Устаз мен бирида каза кылбай амалдардын барын жайына койуп аткарып келем.  Мен сахабалардын даражасына жеттимби “деп сурайт.

Ошондо устаз:”эртең келсең жооп берем “дейт. Ошентип жигит үйүнө келип кечинде жатып түш көрөт.  Түшүндө Пайгамбарыбыз (ﷺ)  ды сахабалары менен көрөт. Пайгамбарыбыз (ﷺ) жигитти алдына чакырып сол жанымда жүр дейт. Ошентип кайдан жайдан бир чоң дөңгөч Пайгамбарыбызды карай келе жаткан болот. Пайгамбарыбыз (ﷺ) жигитке: “Бар сен мени корго “дейт.

Жигит ары жака бери жака чуркап эч нерсе таппай койот дөңгөчтү токтотконго.  Жигит Пайгамбарыбыз га барып: “мен токтото албайт экенмин “дейт. Ошондо Пайгамбарыбыз (ﷺ) сахабаларын бирине буйрук берет. Сахаба чуркап барып келе жаткан дөңгөчтүн жолуна жата калат.  Жигит чочуп ойгонуп түшүнөн тура калат. Тер басып ал эмне үчүн андай дедим экен деп көз жашын төгө баштады эшикти караса баамдатат да убагынан өтөйүн деп калган болот . Шаша дароо даарат алып намазын окуп болуп. Устазына чуркайт. Барып устазына түшүн айтып көз жашын көл кылып жатты. Мындан ары эч качан ал сөздөрдү айтпашын сйтып кечирим сурап өкүнүп ыйлап жатты…

Ошон үчүн туугандар биз өзүбүздү эч качан сахабаларга теңебейлик.

Пайгамбарыбыз (ﷺ) өзүн сүйгөн адам анын үй бүлөөсүн, досторун башкача айтканда сахабаларын да сүйүү керек..

Пайгамбарыбыз (ﷺ) хадисинде бул тууралуу мындайча айтылган:

«Сырат көпүрөөсүнөн буттары тайбастан өтө тургандар – менин үй бүлөөмдү жана сахабаларымды сүйгөндөр болот» …

«Сахабаларыма жаман сөз сүйлөөдөн Аллахтан корккула! Менден кийин аларды жаман ниеттериңерге максат кылбагыла. Напсиңерге баш ийип алар жөнүндө жаман ойдо болбогула. Аларды сүйгөндөр мени сүйгөндүктөрү үчүн сүйүшөт. Аларды сүйбөгөндөр мени сүйбөгөндүктөрү үчүн сүйбөшөт. Аларга ким кол менен тили менен ызаа келтирип,акараат келтирген болсо Алла Таалага ызаа кылган  болот. Бул кылгандары үчүн кечикпестен жазасын алышат»

Ошон үчүн ушундай улуу адамдар жөнүндө сөз кылганда башака жөнөкөй адамдар сыяктуу кылып сүйлөбөшүбүз керек.

Сахабалар Аллах Таала тарабынан тандалган адамдар.  Алардын даражаларынын бийиктиги башка үммөттөрдөн да жогору.  Алар деген Бейиш адамдары!

Эгер билсеңиз Сахабалардын эң башкысы болгон Абу Бакрды (Р.А) айтсак.  Ал киши Пайгамбарыбыздын эң жакын досу,берешен,жоомарт, ак көңүл мүнөздү болгон.  Ал Пайгамбарыбызды өтө кыйын кездерде колдоп эч ким ишенбесе да ал күмөнсүз ишенип Пайгамбарыбыз аны Абу Бакр сен сыддыксын деп атап койгон (Аллах ана ыраазы болсун) ..

Ал эми Умар ал Хатаб. (Р.А.) Пайгамбарыбыздын арыстаны, коргоочуусу,эр жүрөк,адилеттү,тайманбаган баатыр досу болгон. Пайгамбарыбыз (ﷺ) Умарды тездик,коркпостук жагын Муса (алейхи салам)  Пайгамбарга окшоткон. Умар Аллахтан өтө корккон такыба инсан болгон ….

Усаман (Р.А) Пайгамбарыбыздын мүнөзү жумшак ишенимдүү досу,күйөбаласы болгон. Ал Пайгамбарыбыздын эки кызыга үйлөнгөнү үчүн зыянур деген атка конгон.

Али (Р.А.) Пайгамбарыбыздын эң жаш досу  акылдуу,тайманбаган ,даанышман ,колдоочу,күйөө баласы болгон. Пайгамбарыбыздын пайгамбарлыгын биринчилерден болуп Али эң жаш  (Р.А) кабыл алган.

Аллах ыраазы болсун!

Ушул улуук инсандардын калтырган осуяттары, мээнети,аракети,илими менен биз кураан,хадистерди, Пайгамбарыбыз; (ﷺ)  ды жакындан таанып,үйрөнүп билип жатабыз.  Бул инсандар биздин сүйүүбүзгө татыктуу Инсандар.  Аларды Пайгамбарыбызды Сүйгөндөй сүйүп жашайлы.

Сахабалар биз үчүн асмандагы жылдыздар алардын нуру менен биз илимибизди өркүндөтүп жатабыз!

Оо, Аллахым! Биз пенделериңе акыретте Пайгамбарыбыз Мухаммедке (ﷺ)  шапаат болуп барууну Насип эткин! Сахабаларды көрүүнү,алар менен бирге болууну насип эткин! Аллахым биз пенделериңдин билип билбей кылган күнөөлөрүбүздү кечирип, Сахабалардын сүйүүсүндөй сүйгөн жүрөк бергин!

Насиба Абдуллаева,

«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

www.formula.kg

The post Сахабалар – менин чыныгы досум! appeared first on FORMULA.KG.


September 29, 2015 at 04:25PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Күнүмдүк турмушубузда айрыкча ашказан сиңирүү үчүн колдонуп келген сагыз      көп кылымдар  мурун эле  пайда болгон экен. Бирок, анын курамында эмнелер бар, ден-соолукка зыянбы же пайдабы бул туурасында баарыбыз тең эле биле бербесек керек. Бүгүн ушул туурасында айтып бермекчибиз.  

Эң алгачкы сагыз качан пайда болгон
сагыз

1848-жылы америкалык Джон Куртис аттуу ишкер дүйнөдө биринчилерден болуп сагыз чыгарган. “Мэн штатындагы таза карагай чайыры” деп аталган бул сагыздын жасалуу жолу эң жөнөкөй болгон. Ал чайырдын бирдей өлчөмдөгү кесимдерин кагазга ороп койгон. Кийинчерээк Джон өзүнүн өндүрүшүнө парафин ароматизаторлорун кошо баштаган соң, дүкөн текчелеринде “Эң чоң жана эң жакшы”, “Кант креми”, “Ак тоо” деген аталыштагы сагыздар пайда боло баштаган. Булардын сырткы көрүнүшү начар болгондон сырткары көпкө сакталган эмес.
1869-жылы тиш доктур Уильям Финли Семпл бор жана көмүрдүн кошулмасы менен каучуктан жасалган сагызга биринчилерден болуп патент алган. Уильям өзүнүн жасаган сагыздары тиштин абалына пайдалуу таасир этээрин тастыктаган. Ишкердин ою боюнча анын сагызынын экинчи жакшы жагы – бул сагызды жумалап, атүгүл айлап чайнай берүүгө болот эле. Бул өндүрүштүн “ажайып” артыкчылыктарына карабай Семплдин ишкердиги уланган эмес.
Ошол учурда Мексикада жашап, Нью-Йоркко качып келген генерал Антонио Лопес де Санта-Анна өзүнүн көтөрө келген каучугун Томас Адамс аттуу америкалык адамга саткан. Ал алгач каучуктан резина жасоону чечкен, бирок, жыйынтыгында сагызды эритип чыгып, аны сата баштаган. Ошентип анын товары өтүмдүү болуп кеткен.

Сагыз жөнүндө
сагыз ж

1869-жылы Томас Адамс деген киши чикленин рецебин алып, ошонун негизинде сагызды ойлоп чыгарган.

Чикле – индейцтер чайначу саподилла дарагынын маңызы.

Сагыз негизинен кумшекерден, чайналуучу бөлүгү жүгөрү сиробунан жана ар кандай жыпар жыттардан, боёктордон түзүлөт.

Сагыз ички жана сырткы майда капсулалардан тургандыктан, алар шилекейде өтө акырындык менен ээрийт.

Японияда өзгөчө айырмаланган сагыздарды чыгарышат. Чайнап жаткан адамдын көңүлүнө карата сагыздын өңү өзгөрүп турат.

Ал эми Сингапур аралында жашагандар сагызды таптакыр эле чайнашпайт, себеби арал кичинекей болгондуктан, алар ар кандай ашыкча таштандылардан коркушат.

Сагыздын курамында эмне бар:
  1. Латекс – сагыздын негизги курамы. Зыянсыз деп табылганы менен толук изилдөө жүргүзүлгөн эмес.
  2. Араматизаторлор. Дайым эле зыянсыз боло бербейт, көпчүлүк учурда химиялык жол менен алынат.
  3. Боёктор. Эгер сагыздын кагазынан Е171 деген жазууну жолуктурсаңыз, бул титан агартуучусу деп аталган боёк кошулган дегенди билдирет. Мурун Россияда бул боёкту тамак-аш азыктарына колдонууга тыюу салынган эле. Учурда бул тыюу салуу күчүн жоготкон. Бул боёк организмге боор жана бөйрөк ооруларын чакырат. “Стиморол” сагызына кошулган Е-131 боёгу рак клеткаларынын пайда болушуна кыйыр түрдө өбөлгө түзөт.
  4. Сагызды таттуу кылуучу кошулмалар. Булар ар түрдүү болот:
    Кант. Анын тиштин кариесин пайда кылаары мындан көп жылдар мурун эле далилденген.
    Ацесульфам-К. Бул шишикти өстүрүүгө жөндөмдүү. Суткасына 1 грамм – зыянсыз доза болуп эсептелинет.
    Аспартам. Баш ооруну, баш айланууну жана көңүл айланууну чакырат. Зыянсыз доза – суткасына 3 грамм.
    Сорбит жана ксилит. Ксилиттин зыянсыз дозасы – суткасына 40 грамм.
Сагыздын пайдасы

Сагыз адамдын акыл жөндөмүн өстүрүп, көңүлдү көтөрөт. Ар кандай дене тарбиялык оюндарда жөндөмдүүлүктү арттырат. Ошон үчүн хоккейисттер дайыма оюн алдында сагыз чайнашат.

  1. ″Сагыз ооз көңдөйүн тазалайт” 
    Тамак жеген соң, тиштин арасында калып калган анын калдыктарын сагыз тазалайт. Тазалоо механизми мындай: сагызды чайнаганда тамактын калдыктары ага жармашып, ооз көңдөйүнөн сагыз менен кошо чыгат. Ал эми тиштин жука кабатын тазалоо үчүн ага кандайдыр бир күч керек. Сагыздын аны тазалоого күчү жетпейт. Тиштин ташы – эмалды бузат, эмалдын бузулушу – кариестин өнүгүшүн шарттайт. Сагыздын ооз көңдөйүн тазалайт деген бул жөн гана сөз экенин эсиңизден чыгарбаңыз.. Ал үчүн тиш пастасын же тиш тазалагычты колдонсоңуз, булар сагызга караганда ооз көңдөйүн натыйжалуу жана ишенимдүү тазалайт.
  2.  “Сагыз бүйлөлөрдү бекемдейт”
    Туура, чайноо – бүйлөлөрдү бекемдээринде талаш жок. Бирок алардын бирдей бекемделиши үчүн сагызды бардык тиштер менен чайноо керек. Көп убакыт бир жак менен чайноо ушул тараптын чайноо булчуңдарынын өнүгүп кетишин шарттайт. Ал эми карама-каршы тараптын булчуңдарына күч келбегени үчүн ал алсызданып, жукарып кетет. Натыйжада, сырттан караган адамга беттин формасынын бузулганы билинет.
Сагыздын зыяны
gum-chewing

“Ачкарын сагыз чайноо ашказан жарасына алып келет”

Тамакты өтө эле майдалап чайноо ооз көңдөйүндө шилекейдин көп бөлүнүп чыгышына алып келээрин баарыбыз билебиз. Анан ал шилекейди кайра жутабыз. Шилекей – бул щелочь. А щелочтун ашказанга түшүшү – ашказандын кычкылдуулугун төмөндөтөт. Буга жооп кылып ашказан ашыкча шире бөлүп чыгаруу менен кычкылдуулугун жогорулата баштайт. Ошентип ашказандын иштөө функциясы бузулгандан-бузулуп отуруп, мунун аягы анда жаранын пайда болушу менен аяктайт.
2. “Сагызды көп чайноо тиштин ткандарына күч келтирет”
Негизи, чайноо пайдалуу. Андан бүйлөлөрдөгү кан айлануу жакшырат. Бирок, сагызды ашыкча эле көп чайнап, бул ткандарга көп күч келтирүү зыяндуу. Бул бара-бара пародонтит, гингивит сыяктуу оорулардын келип чыгышына шарт түзөт.
3. “Ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгүн начарлатат”
Психологдордун изилдөөсүнө караганда, сагызды такай чайнап жүргөн баланын интеллекти сагыз чайнабаган башка теңтушунукуна караганда төмөн болот. Бул сагыздын ойду топтоого мүмкүнчүлүк бербегенине, эске тутууну начарлатканына жана ой жүгүртүү процессин төмөндөткөнүнө байланыштуу.

Сагыз стресстин да жардамчысы боло алат

Акш президенти да убагында кызуу талкууну жараткан

Британиялык окумуштуулар сагыздын адам баласынын психологиялык абалын тийгизген таасири тууралуу изилдешкен. Анда, сагыз чайнаган маалда мээ тынчтанып, тынчсыздануу сезимин жоготуу мүмкүнчүлүгү бар экендиги аныкталган. Муну алар адамдын тээ ымыркай кезиндеги учурга салыштырышкан. Себеби, ымыркай эмчек эмип жаткан учурда тынчтанып, сооройт эмеспи, андыктан бул анын мээсинде сакталып калат. Сагыз чайноо мээни тынчтандыра тургандыгына байланыштуу дагы бир өтө кызыктуу салыштырууну да айтышкан. Кадимки эле уйлар ар дайым кепшенип чөп чайнап жүрөт эмеспи, ошол эле учурда өздөрүн өтө жоош абалда алып жүрүшөт. Себеби белгилүү болгондой алар дагы чайноо учурунда тынч абалда болушат.

1998- жылы АКШда кофеин кошулган сагыз жасалган. Айырмасы жарым стакан кофе ичкендей эле болот. Муну алар аскер кызматындагылардын чарчоосунда колдонулуучу каражат катары киргизишкен. Буга карата тажрыйба да жүргүзүлгөн. Анда, кофеин сагызы аскер кызматкерлеринин зат алмашуусун жакшыртып, ыкчам реакция жасоого, эс- тутумду жакшыртууга жана табитти бууп, акча болтурган эмес. Ошондой эле физикалык күч жумшоонун деңгээлин жогорулаткан.

Даярдаган Гүлира Токтосунова

http://egemen.kg/

The post Сагыз ден-соолукка зыянбы же пайдабы? appeared first on FORMULA.KG.


September 29, 2015 at 09:20AM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

33 77[1]

Бир жолу жашы жагынан да, денеси жагынан да, даражасы жагынан да улуу бир адам мага мындай деди: «Намаз жакшы нерсе. Бирок, күн сайын беш маал окуу көптүк кылат. Бүтпөгөндүгүнөн тажатып жиберет».

Ал адамдын ошол сөзүнөн бир топ убакыт өткөндөн кийин, напсимди тыңшадым. Дал ошол сөздөрдү айтып жатканын уктум жана ага (кунт коюп) карап: жалкоолук кулагы менен, ушул эле сабакты шайтандан алып жатканын көрдүм. Ошол кезде жанагы киши, ошол сөздү, баардык жамандыктарга буйруучу напсилердин атынан сүйлөгөн сыяктуу, сезилди. Ошондо мен да мындай дедим: «Ырас, напсим мени ар жаман иштерге буйруйт, өзүнүн напсисин тарбиялай албаган башкаларын да тарбиялай албайт. Андай болсо өз напсимден баштаймын».

Мындай дедим: «Эй напсим! Наадандыгыңды билбөө менен бирге, билбегендигиңди да билбөө, жалкоолук төшөгүндө. «Аллахты унутуу» уйкусунда (уйкусурап) сүйлөгөн ушул сөзүңө каршы менден «Беш эскертүүнү» уккун…

Биринчи эскертүү: Эй бактысыз напсим! Таң калам, өмүрүң түбөлүктүүбү? Же болбосо эмдиги жылга чейин, атүгүл эртеңки күнгө чейин жашай турганыңа «кепилдик кагазың» барбы? Сени жадатып жаткан бул жашооңду түбөлүктүү сыяктуу кыялданышың. Ырахат үчүн, дүйнөдө түбөлүктүү кала тургансып эркелейсиң. Эгер сен өмүрүңдүн аздыгын жана да пайдасыз өтүп баратканын түшүнгөн болсоң, албетте анын жыйырма төрттөн бирин, чыныгы түбөлүктүү бактылуулугуна себеп боло турган сонун, жагымдуу, ырахаттуу жана ырайымдуу кызматка жумшоо, адамды жадатуу мындай турсун, тескерисинче чыныгы куштарлык менен жагымдуу ырахат алууга себепчи болот.

Экинчи эскертүү: Эй сугалак напсим! Таң калыштуу, күн сайын нан жейсиң, суу ичесиң, абадан дем аласың, сени булар тажатабы? Албетте тажатпайт: анткени, муктаждыгың кайтакайта кайталангандыктан улам, сени тажоо эмес, тескерисинче сен андан лаззат (ырахат) алуудасың. Андай болсо, дене деген үйүмдө сенин досторуң болуп саналган жүрөгүмдүн азыгы, рухумдун өмүр суусу жана Латифеи Раббаниемдин эс алдырган абасы болуп саналган намаз дагы  сени тажатпашы керек. Ооба, чексиз кайгылар менен азаптарга дуушар болгон, чексиз ырахат менен чексиз каалоолорго ашык болгон, жана да сүйүү толгон жүрөктүн азыгы менен кубатын, баардык нерсеге күчү жеткен Ырайымдуу, Жоомарт болгон Аллахтын «эшигин» жалбаруу менен каккылоо аркылуу гана табылат. Ооба, ушул убактылуу дүйнөдө өтө тездик менен ажырашуу айкырыктарын пайда кылып жаткан көпчүлүк жаратылган нерселер менен байланыштуу болгон рухтун өмүр суусу болуу, тек гана Аллахтын ырайым булагынан намаз менен жүз буруу аркылуу гана ичилүү мүмкүн. Ооба, жаратылышынан түбөлүктү каалаган, түбөлүк үчүн жаратылган, түбөлүктүү Аллахтын күзгүсү болгон,  жана өтө  назик,  тунук,  таза болгон адамдардын жүрөгүндөгү сезими нурдуу Латифеи Раббание ушул кайгылуу, эзүүчү, кыйноочу, убактылуу, караңгы жана тумчуктуруучу болгон дүйнөлүк жагдайлар ичинде, албетте дем алууга өтө муктаж жана ал жалгыз гана намаз терезеси аркылуу дем ала алат.

Үчүнчү эскертүү: Эй сабырсыз напсим! Таң калыштуу, өткөн күндөрдөгү ибадат кыйынчылыктарын, намаздын машакатын жана балээ кыйынчылыктарын бүгүн ойлоп кыжаалат болуу, жана келечек күндөрдөгү ибадат милдеттерин, намаз кызматын жана балээлердин кайгысын  бүгүн эле ойлоп алып сабырсыздык кылууң акылга сыябы?

Ушул кылып жаткан сабырсыздыгың төмөнкү мисалдагы акылсыз командирге окшойт: Душмандын оң канаттагы күчтөрү анын оң тарабындагы күчтөрүнө багынып, ага жаңы күч кошулуп турса да, ал маанилүү бир кубатын оң канатка жиберет, борборду алсыратат. Жана сол канатта душмандын аскерлери жок болсо да, келе элек болсо да, чоң бир күчтөрүн жөнөтүп: «Аткыла!» — деп буйрук берет. Ошентип борборду таптакыр алсыздатат. Душман жагдайды түшүнөт да, борборго чабуул коюу менен таш талканын чыгарат. Ооба, ушул командирге окшойсуң. Анткени, өткөн күндөгү кыйынчылыктары бүгүн Кудайдын мээримине айланып олтурат. Кайгылары кетип, лаззаттары калды. Кыйынчылыктары жакшылыкка жана түйшүктөрү соопко айланып олтурат. Андай болсо андан тажоо эмес, тескерисинче жаңы бир күч, жаңы бир ырахат жана дайыма улантууга чечкиндүү бир кайрат алуу керек. Келечек күндөрү болсо дагы келе элек болгондуктан, аларды эмитен эле ойлоп жадоо менен үмүтсүздөнүү, ошол күндөрдөгү ачкалык менен суусуздукту бүгүн ойлоп өкүрүп  бакыруу сыяктуу эле акмакчылык.

Ооба, акыйкат ушундай болгон соң, акылдуу болсоң ибадат боюнча жалгыз гана бүгүнкү күнүңдү ойлон жана анын бир саатын «Акысы өтө чоң убара керчилиги өтө аз, жагымдуу, сонун жана улуу бир кызматка берип жатам»  де.

Ошондо гана сенин ачуу үмүтсүздүгүң, таттуу бир кайратка айланат.

Мына, эй сабырсыз напсим! Сен сабыр кылууга милдеттүүсүң.

Биринчиси: Кулчулукта сабыр кылуу.

Экинчиси: Күнөөлөргө каршы сабыр кылуу.

Үчүнчүсү: Балээлерге (кыйынчылыктарга) каршы сабыр кылуу.

Акылың  болсо, ушул үчүнчү эскертүүдөгү мисалда көрүнгөн акыйкатты жүрөгүңө түйүп ал. Кайраттуулук менен: «Йа Сабур!» де, ушул үч сабырды ийинине ал. Аллахтын сага берген сабыр кубатын эгер жаңылыш жолдорго таратпасаң, анда ар бир түйшүккө, жана ар бир кайгылуу балээге каршы жетиштүү болот  жана ошол кубатка таян…

Төртүнчү эскертүү! Эй, менин акылсыз напсим! Таң калыштуу, ушул кулчулук милдетин натыйжасыз деп ойлойсуңбу? Же сени тажаткыдай акысы азбы? Эгерде сага бир адам бир аз акча берсе же болбосо сени коркутса, керээли кечке чейин иштеттирет. Сен да жан талаша иштейсиң. Таң калыштуу, бул дүйнө конок жайында алсыз жана жарды жүрөгүңө кубат менен байлык жана албетте бара турган жериң болгон мүрзөдө азык менен жарык суракка тартыла турган Хашир аянтында «актоо кагазы» жана кааласаң да каалабасаң да үстүнөн өтө турган Сырат көпүрөсүндө нур менен бурак боло турган намаз,натыйжасызбы? Же болбосо, ушул акылар азбы? Эгер сага бир адам жүз сомдук белек убада кылса, жүз күн сени иштеттирет. Убадасына турбай коюшу да мүмкүн, ошентсе да ошол адамга ишенип, жан талаша иштеп  бересиң.

Таң калыштуу, убадасына турбоосу эч мүмкүн болбогон Аллах, бейиш сыяктуу сыйлыкты жана түбөлүктүү өмүр сыяктуу белектерди убада кылып жатса, ушундай өтө кыска убакыттын ичинде, аябай сонун милдет берип иштеттирсе,  сен болсо каалабасаң же болбосо жалкоолук кылып жадоо менен зеригип, чала-була кылган кызматың менен Аллах убадасын аткарбай турган сыяктуу жана Анын белектерин кемсинткен сыяктуу бир жагдайда болсоң, анда өтө катуу жазага, жана өтө коркунучтуу азапка ылайык болооруңду түшүнбөйсүңбү?

Дүнүйөдө түрмөдөн коркуп, эң оор жумуштарда да жаныңды аябай иштейсиң. Ал эми тозок сыяктуу түбөлүктүү түрмөгө түшүү коркунучу сага өтө жеңил жана өтө жагымдуу кызмат үчүн күч кубат бербейби?

Бешинчи эскертүү: Эй, дүйнөкор напсим! Сенин кулчулуктагы кош көңүлдүгүң жана намаздагы кемчиликтериң дүнүйө иштеринин көптүгүнөнбү? Же болбосо көр тиричиликтин айынан улам убакыт таппагандыктанбы? Таң калыштуу, баардык убактыңды ага жумшагыдай ушул дүнүйө үчүн гана жаратылдыңбы? Сен жөндөм жагынан баардык жаныбарлардан жогору экендигиң жана дүнүйө жашоосундагы керектүү нерселерди табуу жагынан, күч-кубат жагындан алганда бир кичинекей таранчыга да жете албай калаарыңды билээрсиң. Анан эмне үчүн сенин чыныгы милдетин айбан сыяктуу жутунуу эмес, тескерисинче чыныгы бир адам сыяктуу, чыныгы туруктуу өмүр үчүн умтулуу экенин түшүнбөйсүңбү? Ушуну менен эле бирге сенин дүнүйө тиричилиги деген нерселериң чындыгында алардын көпчүлүгү сага тийиштүү болбогон, жана да керексиз эле аралашып алган жана кийлигишип алган керексиз эле нерселер. Эң керектүүсүн таштап коюп, миңдеген жылдар өмүрүн бар болгонсуп эң эле керексиз маалыматтар менен убактыңды өткөрүп жатасың. Мисалы: Астрономия менен статистика илимдери өркүндөп өсүп жаткансып: «Сатурндун айланасындагы шакектердин абалы кандай? Америкада канча тоокбар?»  сыяктуу арзан нерселерге кымбат убактыңды өткөрүүдөсүң.

Эгер: «Жок мени намаздан жана ибадаттан калтырып жаткан жана жадатып жаткан андай керексиз нерселер эмес, тескерисинче тиричилик дартынын өтө зарыл жумуштарым» десе,  анда мен да сага мындай деп айтамын: «Эгер күндө жүз сом үчүн иштесең, андан кийин бирөө келип: «Кел он мүнөтчө бул жерди каз, миң сом наркындагы кымбат баалуу таштарды табасың» десе, сен да ага: «Жок барбайм. Себеби күндөлүгүмдөн он сом кемийт, оокатым азаят»деп айтсаң, канчалык акмакча бир шылтоо боло тургандыгын албетте билесиң.  «Дал ошол сыяктуу сен да ушул бакчаңда күнүмдүк оокатың үчүн иштеп жатасың. Эгерде парз болгон намаздарды таштасаң, анда баардык кылган жумуштарыңдын натыйжасы жалгыз гана дүйнөлүк, маанисиз, жана берекесиз күнүмдүк оокат менен гана чектелип калат. Эгер сен, эс алуу менен дем алуу убактыңды рухуңдун ырахатына, жүрөгүңдүн дем алуусуна себеп болгон намазга жумшасаң, анда ошол убактыңда берекелүү дүйнөлүк ырыскың менен бирге, сенин Акыреттеги ырыскыңа жана акыреттик азыгыңа маанилүү казына болгон эки руханий кен табасың:

Биринчиси: Ушул бакчаңдагы өстүргөн мейли гүлдүү болсун, мейли мөмөлүү болсун ар бир өсүмдүктүн, ар бир дарактын тасбихатынан жакшы бир  ниет аркылуу  бир үлүш  аласың.

Экинчиси: Дагы да, бул бакчадан чыккан түшүмдөрдөн ким жесе да, мейли айбан болсун, мейли адам болсун, мейли уй болсун, мейли чымын болсун, мейли кардар болсун, мейли ууру болсун баары сенин кайыр садагаң болот. Бирок, жалгыз гана мына бул шарт менен: Эгер сен, Чыныгы ырыскы берүүчү болгон Аллахтын атынан, анын уруксат кылган чөйрөсүндө иштетсең жана Анын мүлкүн   Анын   макулуктарына   берген   бир бөлүштүрүүчү кызматкер сыяктуу өзүңө карасаң.

Мынакей, намазды таштаган адам канчалык чоң бир зыянга учурай турганына, канчалык кымбаттуу байлыкты жогото турганына кара! жана жумуш кылууга өтө чоң,  дем күч берген, амалдарда өтө чоң руханий кубат берген ошол эки натыйжадан, ошол эки руханий казынадан куру кала турганын жана күйүп кете турганын бил. Атыгүл картайган сайын дыйканчылыктан тажайт, үмүтсүздөнөт. «Булардын эмне кереги бар»дейт. «Мен ансыз деле дүйнөдөн кетип баратам, эмне үчүн мынчалык машакат чегип жатам?»деп, өзүн жалкоолукка салат. Бирок биринчи адам: «Мындан да көбүрөөк ибадат менен бирге адал тиричилик менен алек болоюн, ошентип мүрзөмө мындан да көбүрөөк жарык жиберемин. Акыретиме мындан да көбүрөөк азык даярдаймын» дейт.

Корутунду: Эй напис! Билгин: Кечээги күн сенин колуңдан чыкты. Эртеңки күн болсо, сен ага ээ болгудай ишеним кагазың (гарантиян) да жок. Андай болсо, чыныгы өмүрүңдү, жашап жаткан гана күнүм деп бил. 

Жок дегенде күнүңдүн бир саатын келечекте керектүү акча сыяктуу, чыныгы келечегиң үчүн курулган «акырет сандыкчасы» болгон мечитке, же болбосо жайнамазга кой жана да билгин: ар бир жаңы күн сага да,  баардыгы үчүн да жаңы ааламдын эшиги. Эгер намаз кылбасаң, ошол күндөгү ааламын караңгы жана чачыранды түрдө өтөт. Мисал ааламында сага каршы күбөлүк кылат. Анткени ар кимдин, ар күндө ушул ааламдын ичинде өздөрүнө тийиштүү бир ааламы бар жана ошол ааламдын жагдайы ошол адамдын жүрөгү менен амалына байланыштуу. Мисалы: Күзгүңдө көрүнгөн укмуш бир сарай, күзгүңдүн түсүнө карайт, эгер ал кара болсо кара көрүнөт, кызыл болсо кызыл көрүнөт жана анын сыпатына карайт. Ошол күзгүнүн бети тегиз болсо, сарайды жакшы көрсөтөт; тегиз болбосо начар көрсөтөт. Ушундай начар күзгүнүн жакшы, эң назик нерселерди начар көрсөткөнү сыяктуу, сен да жүрөгүң менен, акылың менен, амалың менен жана көңүлүң менен өзүңдүн ааламындын көрүнүшүн өзгөртөсүң. Же өзүңө каршы, же болбосо өзүңө тараптар кылып күбөлөндүрө аласың. Эгер намаз кылсаң, ал намазың менен ошол ааламдын Жаратуучусуна жүзүңдү бурсаң, сага карап ааламың дароо нурданат. Намазың кудум эле электр лампасы сыяктуу, намазга кылган ниетиң анын кнопкасын баскан сыяктуу, ошол ааламдын караңгылыгын жок кылат жана ошол оомалуу төкмөлүү дүнүйөдөгү карамакаршылык, ар тарапка тараган чачырандылар ичиндеги өзгөрүүлөр менен аракеттер.  Акылмандуу  тартип менен манилүү кудурет жазуулары экендигин көрсөтөт.

78

[2]   аятынын сансыз нурларынан бир нурду сенин жүрөгүңө чачат. Сенин ал күндөгү ааламыңда ошол нурдун шооласы менен жаркырайт.

Сенин пайдаң үчүн нурдуулугу менен күбөлүк кылат.

Абайла, «Менин намазым кайда, бул маанидеги намаз акыйкаты кайда?» деп айтпа. Анткени, бир курманын уругу бир курма дарагы сыяктуу эле өз дарагын билдирет. Мындагы айырма, болгону гана кыскартылып жыйынтыкталуусунда жана ачылып, көбөйтүлүүсүндө. Ушул сыяктуу, сени менен мага окшош карапайым адамдын мейли ал сезбесе да чоң бир олуянын намазы сыяктуу, ушул нурдан бир үлүшүң бар (мейли акыл түшүнө албаса да). Мына ушунун маңызында сырдуу бир акыйкат бар. Бирок, ар кимдин даражаларына жараша ачылуу менен нурдануулары башка-башка. Курманын уругунан баштап, тээ жетилип бышкан курма дарагына чейин кандай кең мартабалар болсо, дал ошол сыяктуу намаздын даражаларында да мындан да көп мартабалардын болуусу мүмкүн. Бирок ошол мартабалардын баарында жанагы нурдуу акыйкаттын негиздери бар…

79[3]

Рисале-и Нур


[1] «Калетсиз, намаз момундарга белгилүү убакыттар үчүн парз болуп жазылган.» Ниса: 103

[2] «Аллах ­ асмандар менен жердин нуру.» Нур:35

[3] Аллахым! «Намаз ­ диндин тиреги.» (Tирмизи, Иман: 8; Ибни Маажа, Фитен: 12; Mуснад, 5:231, 237; аль-Хааким, аль-Mустадрак, 2:76.) деген инсанга жана анын үй­бүлөсүнө, сахабаларына салаату салам кыл. 

The post Эмне үчүн күн сайын беш маал намаз окуу адамды тажаттырбайт? appeared first on FORMULA.KG.


September 28, 2015 at 11:44PM
Технологии Blogger.