Halloween party ideas 2015

Заман акырына жакындап, адам зат бузулуунун акыркы че­гинен чыгып, адамдык сыпат­тан толук ажырап бара жатка­нына жакында дагы бир жолу күбө болдук. Өлбөсөң көрбө­гөндү көрүп, укпаганды угат экенсиң, эзели ар-намысынан ажырабай, таза, аруу жашап келген элибиздин арасынан эки жашар балага зордук-зомбулук көрсөткөн айбанды да көрдүк. Баса, айбан деп айтканым да туура эмес болуп калар, антке­ни айбан атмайдын эч бири эр­кегине асылбайт. Ургаачысына да туут жашына жеткенде гана кошулат. Демек, мындай арам ишке барган «нааданга» ыла­йыктуу жаман ат табуу да мүм­күн эмес экен. Эмнеси болсо да, болор иш болду. Ар ким өз жазасын алат. Ар ким күнөөсү­нө жооп берчү күн келет. Ме­нин айтайын дегеним, биздин жаш балдарыбызга болгон ма­милебиз сууп бара жаткандай. Бул окуядан сырткары да жаш балдар-кыздарга зордук-зом­булук көрсөтүп, күч колдонгон фактылар толтура. Ата-энеси тирүү туруп «тирүүлөй жетим» болуп жетим каналарды тол­турган балдар канча. Бешиктен бели чыкпай базарда «такси» айдап, көчөдө суранып тилем­чилик кылып жүргөн балдар­дын ата-энелери деле оо дүйнө сапар алып кеткен эмес (балда­рын ушундай абалга калтырып, өз жанын багып жүргөндөн көрө, оо дүйнө кеткени жакшы болмок).

Баланын жыпар жытын, ту­нук күлкүсүн, таттуу тилин, жү­рөк элжиреткен кылыктарын эч нерсеге алмаштыруу мүмкүн эмес. Мунун баарына көңүл бурбай, жашоо-турмушту шыл­тоо кылып, баланы таштап ке­түү адамдын жүрөгүнүн мерез­дигинен гана болот. Мерездик жана мээримсиздиктен башка эч нерсе өз канынан жаралган баланы таштап кетүүгө, же ага жаман мамиле жасоого түрткү боло албайт. Мындан сыртка­ры, адамдын адамдык сыпа­тын сактоого дин, ыйман чоң өбөлгө болот. Динди түшүнүп, дин көрсөткөн жол менен жүр­гөн адам, жашоодогу баланын ордун, баланын баалуулугун баалай билет. Эми кезеги кел­генде Исламда балага кандай мамиле кылуу керектиги туура­луу айта кетели.

Бала бул ата-энеге Алла Таа­ла ыроологон чоң нээмат. Жөн эле балалуу болуп алуу ар бир ата-эненин колунан келбейт. Эгер Алла бербесе, эч ким бала­луу боло албайт. Өмүр бою ба­ланын жытына зар болуп жүрүп өтүп кеткендер толтура эмеспи? Демек, бала – ата-энеге Алла тарабынан берилген аманат. Аны аздектеп багып, тарбиялап чоңойтуу ата-эненин милдети. Балага кандай мамиле кылууну пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) тили менен да, амалы менен да бел­гилеп кеткен. «Баланын жыты – бейиш жытындай», «Улуу­ларга урмат – кичүүлөргө ызаат кылбаган адам бизден эмес», «Балдарга мээримдүү болгу­ла, ким мээрим төкпөсө, ага да мээрим кылынбайт» деген сыяктуу осуяттарын калтырган пайгамбарыбыз жаш балдарга өтө мээримдүү болчу. Бир ирет небереси Хасанды кучактап өөп жатканын көргөн бир адам: – Ой, Алланын элчиси, менин он балам бар, бирок бирөөсүн да өөп, эркелетпейм, – дегенде, пайгамбарыбыз өкүнүп: «Се­нин жүрөгүңдөн мээрим нурун алып салса эмне кылайын. Ким башкаларга мээримдүү болсо, ага Жаратуучу мээрим төгөт» – деп каңырыгы түтөгөн эле. Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) намаз окуп жаткан учурда небереле­ри анын моюнуна минип алган учурлар болчу. Ошондо ыйык чекесин саждадан көтөрбөс­төн, качан алар өз каалооло­ру менен түшүп кетмейинче, эңкейип тура берчү. Бир жолу Умар (Алла андан ыраазы бол­сун) пайгамбарыбыздын үйүнө кирсе, ал неберелерин үстү­нө мингизип алып жөрмөлөп жүргөн экен. Умар (Алла андан ыраазы болсун) бул көрүнүшкө суктанып: – Оо, Алланын элчи­си, сиз кандай сонун улоосуз, – десе, пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты бол­сун) анын сөзүнө жооп кылып: – Жок, бул балдар кандай сонун чабандестер, – деп айткан эле. Пайгамбарыбыз мейли намаз болсун, мейли кутба учуру бол­сун жанына жөрмөлөп келип алган неберелерине көңүл бур­бай коё алчу эмес. Минбарда кутба айтып жаткан учурунда кирип келген небересин колу­на ала коюп: – бала деген ушун­дай таттуу болот, булардын таттуулугун көрүп туруп, көңүл бурбай коё албаймын, – деп, динде балага кандай мээрим төгүү керектигин үйрөтүп кет­кен. Көчөдө бара жатканда ойноп жаткан жаш балдардын жанына токтоп, аларга салам берип, чачтарынан сылап, анан жолун улачу. Сахабаларынын бири пайгамбарыбыздын ба­лага болгон мээрим сүрөттөп: «Мадинанын көчөсүндө ойноп жүргөн секелек кыздардын кимиси болбосун, пайгамбар­ды колунан жетелеп, каалаган жагына алып кете алат болчу» – деп айткан. Убактылуу дүйнө­нүн эч бир көйгөйүнө кайгырба­ган сабырдуу пайгамбарыбыз бир жарым жашка толуп калган уулу Ибрахим чарчап калган­да, көз жашын токтото албай жашып, жаштары сакалдарын жууп турганын көргөн Абдурах­ман: – Оо, Алланын элчиси, сиз ыйлап жатасызбы? – деп таң­данганда, сууланган сакалын сылап: – Бул – мээримдүүлүк­түн көз жашы, көкүрөктөн муң, көздөн жаш чыгат, бирок Алла ыраазы болчудай сөздөрдү гана сүйлөйбүз, – деп өзүн бас­кан эле.

Мына ушундай, кары менен жашты, ата менен баланы, баа­рын өз ордуна койгон динден алыстап, абалыбыз мышык ыйлоочудай болуп бара жатат. Атанын наркын, баланын бар­кын билбей, маңкурт болуп, күн өткөн сайын сай сөөктү сыздат­кан жаман көрүнүштөргө дуу­шар болуудабыз. Мындай кө­рүнүштөргө жөн эле нааразы­лыгыбызды билдирип отуруп калбастан, андан кутулуунун, аны дарылоонун жолун изде­бесек, мындан жаманын да көрүп калуубуз ажеп эмес. Ал­лахым, Өзүң бизди туура жолго баштап, жамандыктардан сак­тай көр. Аялдарды таштап, эр­кектерге үйлөнүп кетишкен Лут коомунун башына түшүргөн азабыңды бизге түшүрө көрбө!

Мирланбек Акматалиев

The post Атанын наркы, баланын баркы жоголдубу? appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.


September 09, 2015 at 10:50AM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.