Halloween party ideas 2015

Москвада он жылга созулган курулуш иштеринен соң 10 миңге жакын адамды батыра алган жаңы мечит тургузулду.

Эски  мечит 1904-жылы курулуп, совет маалында Москвадагы жалгыз мечит катары сакталып келген. Учурда анын аймагы 964 чарчы чакырымдан 19 мин чарчы чакырымга чейин кеңейтилген.

Расмий маалыматтар боюнча Москвада 2 миллион мусулман калкы жашайт.

1904-жылкы эски мечиттин мунарасынын бөлүгү кичи мунарада сакталган.  Мунаралар орус муналарына окшош болуусу талап кылынганы белгиленет.

Мечит Москвадагы проспект Мира метросунда Дуров жана Выползов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.

Мунаранын ички көрүнүшү.

Мечитте музей, көргөзмө залы жана китепкана бар.

Алты кабаттан турган мечиттин эң жогорку кабаты кыз-келиндер үчүн бөлүнгөн.

Курулуш бардык заманбап талаптарга жооп берет. Жалпысынан мечитте жети лифт жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар  үчүн пандустар каралган.

Жаңы мечит «Монарт Иншаат» түрк ишканасы тарабынан курулган. Мурунку курулушчу «Бетрио» сегиз жылдан ашык курулуш иштерин созуп келген.

Мечиттин архитектурасы орус, татар жана түрк стилдеринде жасалгаланган.

Ар бир бөлмөдө башкы  куран окулчу жайдан түз видео эфир уюштурулган.

Даарат алуучу жер.

Мечитке келген коноктор.

 

The post Москвадагы эң ири мечит appeared first on FORMULA.KG.


September 25, 2015 at 12:55PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.