Halloween party ideas 2015

Сауд Аравия ажылык сезондун жыйынтыкталышына карата, зыяратчыларды кайра өз өлкөлөрүнө жиберүүгө учак рейстерин даярдоодо. Маалым болгондой, 27-сентябрда бул жылкы ажылык сезону жабылды деп жарыяланган.

Маалыматка ылайык, зыяратчылардын кайра кайтуусуна күнүнө 667 оперативдик каттамдар ички жана эл аралык деңгээлде кызмат көрсөтөт. Жарандык авиация уюмунун өкүлү Абдурахман аль-Фахддын айтымында, 667 рейстин 337си ички, 173ү эл аралык каттамга чыгууда. Алардын 220сы король Абдулазиз атындагы аба майдандан учууда. Ал Жидда шаарында жайгашкан.

Эске салсак, бул жылы ажылык зыяратына жалпы 1,3 миллион адам барган. Алар 60тан ашуун өлкөнүн өкүлдөрү. Ажылык сапарга Кыргызстанга бул жылы 3685 квота берилген. Мындан сырткары дагы кошумча 500 квота кошулган.

Сауд Аравиядагы бул жылкы ажылык сапарда адам өлүмү катталган 2 чоң кырсык болду. Анын бири Меккедеги Аль-Харам мечитиндеги крандын кулоосунан 100дөн ашуун адам каза болсо, Мина аймагын жакын жердеги тыгындан улам тебелендиде калып, 700дөн ашуун адам көз жумду.

http://maralfm.kg/

The post Сауд Аравия зыяратчылар үчүн күнүнө 667 учак каттамын даярдоодо appeared first on FORMULA.KG.


September 28, 2015 at 04:11PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.