Halloween party ideas 2015

(Алыста жылдап, айлап иштеп жүргөн балдардын энесине болгон кусалыгы) …

Энекем менин сени канчалык сагынганымды билесеңби? Тагдыр тамашасы бизди алыс жактарга учуруп салбадыбы. Сенин кадырыңды эми билип, баркыңа жетип олтурам.

Эх, энекем!Сени укпай кейтикенимди эстесем…

Тур балам, ишиңди кыл!
Тур балам, тамагыңды ичип ал!
Тур балам, атаңа жардам бер!
Тур балам, окууңа кеч калба!

Бул сөздөр ошондо эмегедир жаман сөздөй угулуп, шайтандын тилине кирип, сени капа кылып, жаман көздөрүм менен караганымды ойлосом өзүмдү өзүм жек көрүп кетем. Кана эми убакыт артка кайрылса айтканыңды кылып мээримиңе бөлөнсөм! Мына эми узак сапарда жүрүп билип олтурам. Энекем, сенин биз үчүн канчалык керектүү, улуу инсан экениңди түшүндүм. Жаным энекем!

Энекем менин! Сенин “балам келдиңби?” деген сөзүңдү сагындым. Азыр кана ошол үндү уксам. Өзүм киримди жууп, өзүм тамагымды жасап, тамагым сенин тамагыңдай даамдуу эмес, жууган кирим сеникиндей таза эмес. Ушул күндөрүм мен үчүн сабак болду. Сенин даамдуу тамагыңды сагындым. Энекем! Сенин кып-кызыл, жыты буркурап турган май токоч наныңды сагындым! Эң башкысы күн нурундай чачырап турган мээримиңди сагындым! Жүзүңдөгү жылмаюңду,күлүп турган көздөрүңдү сагындым жаным Энекем менин!

Эч качан сенин мээримиң түгөбөйт. Азыр деле телефон кылсам “Балам, өзүңдү жакшы кара”, “өзүңдү көп кыйнап иштебе”, “убагында тамагыңды жеп жүр” деген сөздөрүң эч түгөбөйт жаным Энекем менин!

Сагынсам сага карап бара албаймын,

Куса болсом канат кагып жете албаймын,

Сагынганда күлүп турган жүзүңдү,

Сүрөтүңдү көпкө карап жалдыраймын…

Барам энекем бир күнү. Бул да Аллахымдын сыноосу. Билсең энекем менин бирден бир максатым сени ак сүтүңдү актасам деймин! Ыймандуу болуп Аллах жолунда жүрүп, силер үчүн көп-көп дубалар кылам. Силер мага берген мээримди эми мен силерге тартуулаймын!

Көп мээнет кылып, жүзүңдөгү тырышты белектер менен жазсам деймин жаным энекем менин!

Каалаймын эне, сага бейиш бактысын,

Бейиштеги кубанычтын тактысын.

Жараткандан сурап келем жалынып,

Бир өзүңө, бул дүйнөнүн башкысын!

Жараткандын сөзү бар китебинде,

Урмат көрсөт,сый көрсөт ата-энеңе.

Жадакалса “Уф” дебегин экөөсүнө,

Катуу тийет алардын жүрөгүнө!

Пайгамбарыбызга (ﷺ) сахабалардан бирөөсү келип:

“Ким?” деди “адамдардан урматтуусу?”

“Эне”деди “асыл адам эң урматуу! ”

“Энемден соң кайсыл адам жакыны?”

Деп сурады кайрадан ал сахаба?

Жооп берди үч жолу Пайгамбарым:

“Эне! Эне! Эне!” деп кайра-кайра!

Энелерди сыйлайлы өзү барда, көзү бар да,
Анткени бейиш жери энелердин таманында …

Насиба Абдуллаева,

«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

 

The post Энекемди сагындым… appeared first on FORMULA.KG.


September 23, 2015 at 12:03AM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.