Halloween party ideas 2015

Майрам бул кубанычтын жеткен жери,

Жүрөк жылып кубат берип күндүн деми.

Бул күнгө жетип келген кубанычтуу

Үмүттөр, бакыт күтөт дүйнө эли…

   ******

Тирүүлүктүн тузун бирге татышкан.

Тун сапарын кошо көрчүү батыштан.

Кутман элим маарек болсун айтыңар,

Амандыкта майрам тосуп жатышкан

********

Даам ооз тийип, бата тилеп жалпыңар,

Баарлашкыла жазылганча жарпыңар.

Ыйык майрам, бийик майрам бир келчүү,

Куттук айтам, куттуу болсун айтыңар!

 

Урматтуу мекендештер, кадырлуу мусулман эли!

Курман айт майрамы – ар бир мусулмандын жан дүйнөсүн тазартып ыйманга, сабырдуулукка, кечиримдүүлүккө, кең пейилдүүлүккө, ынтымакка үндөгөнү талашсыз. Бул майрамдын келишин мусулмандар ар дайым чыдамсыздык, кубаныч илгери үмүт менен тосуп алышат.

Бул күндөрү …. Дос досун кечирип. Араздашкандар жарашып. Бири-бирибизге белек беришип, кадыр көңүл табыша турган күн. Белек берүү менен жакшы сезимдер артып, туугандыгыбыз, жакындыгыбыз бекемделе турган күн. Жүрөк жылыткан сөзүңүз жана жылуу жылмаюңуз менен өзгөлөрдү бакытка бөлөй турган күн. Бардык жакшылыктын башаты болгон дуба-тилектер кабыл боло турган күн. Ооба!…

Бул күндөр ушундай кут берекеге толгон майрам.

Сиздерге эки дүйнө бакыт каалап. Бактылуулукка карай алга дегибиз келет. Ар бир агарып аткан таңдын нуру берекелүү болсун! Дүйнөнүн сулуулугун, бейкуттугун сактаган ата – энеңизге күйүмдүү болуп, тууганды туу тутуп, достукка бекем болуңуз!

АЛЛАХ ТААЛАМ бир дагы пенде калтырбастан баарыбызды бактылуу кылсын. Жерибизге тынчтык, Элибизге ынтымак берсин.

Ыйык Курман айт майрамыңыздар менен!

Терең урматыбыз менен,

«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

The post Ыйык Курман айт майрамыңыздар менен! appeared first on FORMULA.KG.


September 23, 2015 at 03:40PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.