Halloween party ideas 2015

Бир ирет пайгамбарыбыз (ага Алланын салам-салаваты болсун) кыяматтын белгилери жөнүндө ай­тып отуруп:

“Менин үммөтүмдүн башына бир күн келет, ошол учурда туура жолдо жүргөндөр адамдардын көзүнө жаман көрүнүп калат” – деп айтып өткөн эле.

Ошол күн биздин башыбызга келген бейм, намазын окуп, арам-күмөндөн алыстап, бир аз болсо да таза жашоону максат кыл­гандарга жалаа жаап, дагы эмне кы­лып жиберет экен дегенсип артынан аңдып, кайсы бир жаман иштин чети чыгып калса, аны ага жармаштырып, кыскасы кыры жок жумурткадан кыр издегендер көбөйдү. Булар айтканы суу кечпеген, кыларга жумушу жок бир бечаралар болсо, мейли “ит үрө берет, кербен жүрө берет” деп кол шилтеп койсок боло берет эле. Би­рок, булар жөнөкөй адамдар эмес, эл адамы аталган, калайык-калкты куш кабар менен камсыз кылган жур­налисттер болуп жатканы тынчсыз­дандырбай койбойт.

Айтайын дегеним, жакынкы күн­дөрдөгү жаш балдарга карата жасал­ган зордук-зомбулуктарга тиешеси болсо-болбосо динди аралаштырып, ушундан болсо да пайдаланып дин­ди элге жаман көрсөтүүнү максат кылган “азаматтар” жөнүндө бол­мокчу. Бири, зомбулукка дуушар болгон баланы атасы таштап коюп дааватка чыгып кеткен десе, экинчи­си 8 жашар кызды дин кызматчысы зордуктаган деп, кыскасы, чындыкты иликтебестен калайыкка жар салган­дар көбөйүп барат. Ооба, тапкан жа­ңылыгы, жазган макаласы, козгогон маселеси актуалдуу болуусун бардык эле калем кармагандар каалайт дечи. Бирок, элдин көңүл чордонунан жай табуу үчүн калпты чындай айтып, ак- караны ажыратпастан туруп жарыя кылуу, бери дегенде өз кесибине кыянат кылуу болуп эсептелет. Жур­налисттин милдети – жалганды жа­йылтуу эмес, чындыкты даңазалоо. Ушак таратуу абысындарга жарашат. Бул журналисттин аброюна туура келчү иш эмес. Тилекке каршы, азыр­кы журналисттердин көбү кесибин ушак-айың таратууга багыттап ал­ган. Учурдагы журналисттик кадыр- барктын төмөндөп жатуусу да мына ушундан. Калайыктын маалымат каражаттарына ишеним жок. Жур­налисттер чындыкты чырылдата ай­туунун ордуна жалгандын казанында кайнап жатышат. Айрыкча, дин жаа­тына келгенде ашыкча апыртмалар күч алды. Бул исламофобиянын таа­сириби, же жөн эле адамдык аң-се­зимдин төмөндүгүбү, же болбосо уламдан-улам өнүгүп бара жаткан исламга бут тосуубу, айтор, жаман иштин баарына динди аралаштыра калуу көнүмүш адатка айланып бара жатат. Жаратуучу Кудай Куранда айт­кандай: “Каапырлар каалабаса да, диндин нуру жаркырай берет” дечи, бирок ар кайсы ишке динди аралаш­тырып жаманатты кыла берүү жак­шылыкка алып барбайт. Пенде ката кетирүүсү мүмкүн. Бирок, дин – кем­чиликсиз. Кайсы бир намаз окуган пенде катуураак жел чыгарып кой­со, аны элге жарыя кылып чыгуунун эмне зарылдыгы бар?! Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт, на­маз окуса эле периште болуп кет­пейт. Ал да ката кетирүүсү мүмкүн. Бирок, анын катасына намазын кошо жарыя кылуу зарыл эмес. Анан да, намаз окуган адамдын баарын дин кызматчысы, же молдоке деп айтуу кемпайлык. Сакалы бардын баары эле молдо эмес, чапаны бардын баа­ры эле дааватчы эмес. Биздин ма­данияттуу “ушакчыларыбыз” алгач ушундай жөнөкөй нерселерди билип алууга тийиш.

Сөзүмдүн акырында, ары оор, ары жоопкерчиликтүү кесиптин ээси болгон кесиптештериме насаат ката­ры пайгамбарыбыздын: “Ачуу болсо да чындыкты айткыла!” деген осуя­тын эскертип, жалгандын казаны кайнабастыгын жана ушактын учугу узарбастыгын айтып кетким келет. Бул дүйнөдө да, акыретте да жүзү­бүз жарык болсун үчүн ушак-айыңды эмес, акыйкат, чындыкты таратууга аракет кылуубуз кажет.

Алайчы Сеитбеков

The post Журналисттин милдети – жалганды жайылтуу эмес, чындыкты даңазалоо, же ушак убалы тууралуу учкай кеп appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.


September 11, 2015 at 10:50PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.