Halloween party ideas 2015

Бир жолу сахабалардын бири пайгамбарыбызга кайрылып:

– Оо, Аллахтын элчиси, намаз учурунда кайсы жерди карап турайын? – деп сурайт.Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

– Сажда кылуучу орунду карагын, – деп жооп берет.

Намаз окуп жаткан адам кыямда турганда да, руку кылганда да, саждага барганда да сажда кылуучу орунду карап туруусу – сүннөт. Намаз учурунда көздү эки жакка жылдыруу – намаздын сообун азайтат. Шайтан намазды ушул жол менен уурдайт.Ошондуктан намаз учурунда көздү ар тарапка чаптырууга тыюу салынган. Азыркы медициналык изилдөөлөрдүн негизинде, намазда сажда кылуучу орунду карап туруу– көздүн курчтугун сактоочу эң зарыл көнүгүү экендиги аныкталган. Көздүн курчтугун сактоо үчүн медицинада да ушул сыяктуу көнүүгүлөр жасалат. Алгач, алыс аралык-тан бир орунду көз албастан карап, андан соң аны жакыныраак жерден карап, андан соң аны абдан жакын жерден карап, ушул эле көнүгүүнү бирканча жолу кайталоо – көзгө абдан пайдалуу. Ал эми намаз окуган адам бул көнүгүүнү бир күндө 32 жолу аткарат.Көрсө, намазын калтырбай,сексендин сересине чыгып калган чоң эненин эч кандай көз айнексиз эле ийне саптап отурганында сыр бар экен да…

The post Намазда көздүн курчтугун сактайт appeared first on FORMULA.KG.


September 24, 2015 at 11:15PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.