Halloween party ideas 2015

Аль-Харам мечити

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 12-сентябрда «Аль-Харам» мечитиндеги трагедиялуу кырсыктын кесепетинен көптөгөн жарандардын каза болуп жана жаракат алгандыгына байланыштуу Сауд Арабиясынын Королу Салман бин Абдель Азиз Аль Саудга көңүл айтты.

“Каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен кайрат айткан сөздөрүмдү, ошондой эле бардык жабыркагандар тезирээк сакайып кетишин кааларымды билдирип коюуңузду өтүнөм”,- деп белгиленет Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Эске салсак, кечээ Меккедеги дүйнөгө белгилүү Аль-Харам мечитинде курулуш краны кулап түшкөн. Кран аталган аймакта болгон катуу шамалдын таасиринен кулашы мүмкүндүгү айтылды. Каза болгондордун басымдуу бөлүгү ажылык зыяратын аткарып жаткандар. Маалыматтар боюнча кырсыкта каза болгондордун саны 107ге жеткен. Ал эми жаракат алгандардын саны 238.

Кошумчалай кетсек, Мекеде кечээ күн 30 градуска чейин ысып, андан соң, жаан жаап, сел жүргөн. Жаракат алгандардын жана каза болгондордун арасында кыргызстандык зыяратчылар жок экенин Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы билдирди.

Аталган мечитте акыркы эки жылдан бери масштабдуу оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.

“Марал” радиосу

The post Атамбаев Сауд Арабиясынын Королуна көңүл айтты appeared first on FORMULA.KG.


September 15, 2015 at 01:00PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.