Halloween party ideas 2015

Бул ааламдын жашоо мөөнөтү соңуна чыгып, акыр-кыямат башталчу күн келгенде ааламда тирүү эч ким калбайт. Ошондо Алла Таала өлүм периштесине кайрылып:

– Жаратылгандардан тирүү жан калдыбы? – деп сурайт.

– Жок, оо, Ааламдардын Жаратуучусу, тирүү жан калбады, баса Жабирайил периште менен Микайил периштеден башка.

– Анда Жабирайилдин жанын алып келгин, дейт Алла Таала. Өлүм периштеси Жабирайил периштенин жанын алып кайра келет.

– Эми тирүүлөрдөн ким калды? – деп сурайт Алла Таала кайра.

– Микайил периштеден башка эч ким калбады.

– Эмесе анын да жанын алып кел. Өлүм периштеси Микайилдин жанын алып келет.

– Дагы тирүү жан калдыбы? – деп сурайт Алла Таала.

– Жок, менден башка тирүү жан калбады, дейт өлүм периштеси.

– Анда өзүңдүн жаныңды чыгар! – деп буйрук берет Алла Таала. Өлүм периштеси өз жанын чыгара баштайт. Жандын чыгуусу абдан кыйын экенин өз руху менен сезгенде, Алла Таалага кайрылып:

“Оо, Ааламдардын Жаратуучусу! Сенин улуктугуңа касам ичем! Эгерде жандын чыгуусу ушунчалык оор болорун билгенимде, пенделердин жанын алууну башка бирөөгө тапшырууңду суранмак экенмин” деп кайгырат. Ушинтип ааламда бир Алладан башка эч ким калбайт.

 “Жер жүзүндөгү бардык нерсе жок болуучу. Бир гана улуу-урматтуулук Ээси болгон Роббиңдин жүзү түбөлүк!” (Ар-Рахман сүрөсү, 26-27-аяттары).

The post Жандын чыгуусу азап…  appeared first on FORMULA.KG.


September 14, 2015 at 01:19AM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.