Halloween party ideas 2015

Бүгүн, 23-сентябрда Москва шаарында башкы мечиттин ачылышы болду.

Ага Орусиянын президенти Путин жана Түркиянын президенти Эрдоган да катышты.

Аталган мечит бир канча жылдан бери реконструкцияланып, быйыл расмий түрдө ачылды. Анда мечиттин ичине 10 миң адам бата турган болуп кеңейтилди. Ал эми ачылышка, Түркия президенти Эрдоган, Палестинанын президенти Махмуд Аббас жана башка бир катар чет өлкөлүк расмийлер келген. Ал эми миңдеген мусулмандар да бул иш-чарага күбө болуу үчүн келип, мечитке батпай калганы айтылды.

Буга чейин бир катар мусулман өлкөлөрүнүн лидерлери Москвадагы эң чоң мечиттин кайрадан ачылуусуна чакырылганы тууралуу ТАСС агенттиги жазган болчу.

Эске салсак, Москвадагы аталган мечит 1904-жылы курулган. 2005-жылы болсо ал мечит толугу менен бузулуп, ордуна жаңы имарат түшүп баштаган. Учурда анын курулуш иштери аяктап калды.

Ачылыш салтанатта Россиянын президенти Владимир Путин бул окуя Россиядагы бардык мусулмандар үчүн чоң мааниге ээ экенин айтып, Курандын сүрөсүнөн үзүндү келтирди.

«Ошондой эле Улуу Жаратуучу айткан: «Жакшылык иштерде бири бириңерди ашып өтүүгө умтулгула» (Аль-Бакара,147).

Өзүнүн сөзүнүн аягында Путин бардык мусулмандарга тынчтык, жакшылык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

http://maralfm.kg

http://barakelde.org

The post Москва шаарында борбордук мечиттин ачылышы болду appeared first on FORMULA.KG.


September 23, 2015 at 04:48PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.