Halloween party ideas 2015

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов кыргызстандыктарды улуу Курман айт майрамы менен куттуктады.

Куттуктоо төмөнкүчө жазылган.

Бисмиллаахир-рахмаанир-рахиим.
Ай-ааламды түгөл жаратып, Өз мээрим-ырайымы менен баарына ырыскы жана жашоо берген Алла Таалага чексиз мактоолор, алкыш-даңктоолор болсун!

Алла Тааладан келген динди бүтүндөй ааламга кынтыксыз жеткирген, күнү-түнү үммөтү үчүн күйгөн, үммөтү да аны сүйгөн Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммед Мустафага (ﷺ) үзгүлтүксүз дубай-саламдар, салаваттар болсун!

Урматтуу мекендештер!
Кадырман мусулмандар!
Кудуреттүү Алла Таала насип кылып, сиз менен биз кайрадан улуу Курман айт майрамына жетип, баарыбызга көптөгөн сооптуу амалдарды аткарып калуубузга дагы бир ирет зор мүмкүнчүлүк берилип турат.
Быйыл Курман айт майрамы 24-сентябрь, бейшемби күнүнө туура келип олтурат.
Андыктан, учурдан пайдаланып баарыңыздарды улуу Курман айт майрамы менен куттуктаймын!
Ушул Курман айтты Алла Таалам бизге, жалпы адамзатка куттуу, берекелүү кылсын!
Жараткан Эгебиз ушул улук күндөрдө көп-көп таат-ибадат кылууну насип кылып, жасаган ар бир ибадатыбызды Өз Айкөлдүгү менен кабыл кылып, Өз Берешендиги менен үлкөн-үлкөн соопторду берсин!
Өлкөбүзгө бакыт, ырыс, ынтымак, тынчтык, бейпилчилик орносун!
Эч бир мусулмандын башына кайгы-капа жетпесин!
Эч качан башыбыздан бакыт, үйүбүздөн тынчтык, коломтобуздан жылуулук, ортобуздан достук, элибизден ынтымак, жерибизден береке кетпесин!
Жараткан баарыбызды ыйманда, ибадатта бекем кылып, Өзү жакшы көргөн пенделеринин катарынан кылган болсун!
Кыямат күнүндө жүзүбүздү жарык кылып, баарыбызга бейишке кирүүнү насип кылсын!

Сиздерди терең урматтоо менен,
Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин төрагасы, КИУнун ректору Абдишүкүр ажы Нарматов

http://muftiyat.kg/

The post Аалымдар кеңешинин төрагасы кыргызстандыктарды улуу Курман айт майрамы менен куттуктады appeared first on FORMULA.KG.


September 21, 2015 at 02:42PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.