Halloween party ideas 2015

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы, КИУнун ректору Абдишүкүр ажы Нарматовдун Зул-хижжа айынын алгачкы он күнүнүн улуктугу жана ал күндөрү кандай амалдарды аткаруу керек экендиги тууралуу атайын билдирүүсү.
Анда мындай деп айтылат:
Быйыл 2015-жылдын 15-сентябрында камарий (ай) жыл санагы боюнча Зул-хижжа айы кирди. Ошентип Зул-хижжа айынын сообу өтө улук болгон алгачкы он күнүндө турабыз. Бул он күн буюрса 24-сентябрь, бейшемби күнү, улуу Курман айт майрамынын биринчи күнүнө чейин уланат.
Бул он күн – Алла Таала өтө сүйгөн, Алла Тааланын назарында өзгөчө орунга ээ болгон күндөр. Ошондой эле Алла Тааланы чындап сүйгөн ар бир адам үчүн орду табылгыс зор мүмкүнчүлүк болуп саналат. Анткени, бул тууралуу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (ﷺ) минтип айткан:
عَنِ ابْنِ عَبَّاسٍ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صلى الله عليه وسلم: « مَا مِنْ أَيَّامٍ الْعَمَلُ الصَّالِحُ فِيهَا أَحَبُّ إِلَى اللَّهِ مِنْ هَذِهِ الأَيَّامِ ». يَعْنِى أَيَّامَ الْعَشْرِ. قَالُوا: يَا رَسُولَ اللَّهِ، وَلاَ الْجِهَادُ فِى سَبِيلِ اللَّهِ؟ قَالَ: « وَلاَ الْجِهَادُ فِى سَبِيلِ اللَّهِ إِلاَّ رَجُلٌ خَرَجَ بِنَفْسِهِ وَمَالِهِ فَلَمْ يَرْجِعْ مِنْ ذَلِكَ بِشَىْءٍ ». (سنن أبى داود – (2/301). صحيح البخاري- طوق النجاة – (2/20)).
«Изги, сооптуу амалдар Алла Таалага аябай жагымдуу, сүйкүмдүү болгон мына ушул күндөрдөн артык күн жок. (Т.а., Зулхижжа айынын алгачкы он күнү)», – деп айтканда, ал жерде олтургандардан кээ бири:
– Алла Тааланын жолунда казатка аттангандан да жогору турабы? – деп сурап калды. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (ﷺ) ага мындай деп жооп берди:
– Ооба, Алла Тааланын жолунда казатка аттангандан да жогору. Бирок, мал-жаны менен Алла Тааланын жолунда казатка аттанып, кайра артка кайтпаган адамды эсепке албаганда (б.а., өз жанын да, мал-мүлкүн да атайын арнап, казатка аттанып, салгылашууда шейит кеткен адамды кошпогондо)».
Демек, мына ушундай куттуу күндөрдө Алла Таалага жакын болуу үчүн колдон келишинче аракет кылуу зарыл. Андай болсо өз үйүңдө, бала-чакаңдын алдында отуруп эле Алла Тааланын жолунда казатка аттангандай улуу соопко эгедер кыла турган зор мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып албайлы.
Бул он күндүн улуктугуна далил катары Алла Тааланын мына ошол он күнгө касам ичип айтканынын өзү эле жетиштүү. Анткени, Алла Таала мына ушул он күнгө касам ичип, Курани Каримде минтип айткан:
وَالْفَجْرِ وَلَيَالٍ عَشْرٍ {الفجر/2}.
«Таңга жана он күнгө ант!.. »
Башка бир аятта болсо, бир аз кененирээк минтип айтылган:
وَاذْكُرُواْ اللّهَ فِي أَيَّامٍ مَّعْدُودَاتٍ … {البقرة/203}.
«Саналуу (белгилүү) күндөрдө Алла Тааланы (көбүрөөк) эстегиле (зикр кылгыла)!»

Зул-хижжа айынын алгачкы он күнү – бул жылдын эң жакшы күндөрү.
Себеби, бул он күндүн ичинде абсолюттук мааниде бардык күндөрдөн улук болгон Арафа күнү бар. Ал эми мына ошол Арафа күнү орозо кармоонун өзү эле эки жылдык күнөөлөрдүн кечирилишине тете (каффаарат болот). Андай зор мүмкүнчүлүк балким өмүрүңдөгү эң зор бурулуш же эң жакшы ийгилик болуп калышы толук мүмкүн. Анткени, Ардактуу Пайгамбарыбыз (ﷺ) минтип айткан:
قالت عائشة رضي الله عنها: إِنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ” :مَا مِنْ يَوْمٍ أَكْثَرَ أَنْ يُعْتِقَ اللَّهُ فِيهِ عَبْدًا مِنَ النَّارِ مِنْ يَوْمِ عَرَفَةَ …” (رواه مسلم)
«Арафа күнүнөн башка Алла Таала (көптөгөн) кулдарды тозок отунан азаттыкка (көп) чыгарган күн жок».
Андай болсо, мына ушул күндөрдүн кадырына жетип, бул күндөрдөгү зор мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарбай, тозок отунан кутулуп, түбөлүк азаттыкка, бейишке чыга алган адамдарга, мусулман бир туугандарыбызга Алла Тааланын сүйүнчүсү, эки дүйнөдө тең ырайым-мээрими болсун!

Оо, менин мусулман бир тууганым!
Мына ушундай улук күндөрдүн кут-берекесине жетүү жана анын мөмөлөрүн жыйноо үчүн мына буларга өзгөчө көңүл буруп, колдон келишинче мыкты деңгээлде аткарганга аракет кылып, жан үрөшүбүз зарыл:
1. Алла Тааланын мээрим-ырайымына, кечиримине жана ыраазычылыгына ээ болуу үчүн тообо келтирүү жана күнөөлөрдөн оолак болуу, керек болсо, кипкиченекей күнөөдөн да алыс болу керек.
Күнөө – бул пенденин Алла Тааладан алысташына, узакташына себепкер болсо, таат-ибадат пенденин Алла Таалага жакындоосуна, сүйүүсүнө өбөлгө болот.
Анткени, Абу Хурайрадан (радыяллааху анху) келген куттуу хадистердин биринде Пайгамбарыбыз (ﷺ) минтип айткан:
عن أبي هريرة -رضي الله عنه عن النبي صلى الله عليه وسلم قال: ” إن الله تعالى يغار، وغيرة الله تعالى أن يأتي المرء ما حرم الله عليه “. (رواه البخاري و مسلم)
«Алла Таала өтө кызганчаак. Анын кызгануусу – бул пенденин Алла Таала тыюу салган (арам кылган) ишке баруусу». (Бухарий жана муслим).
2. Орозо кармоо. Анткени, Ислам дининин алгачкы доорунда жашашкан такыбаа, улуу имамдарыбыз (салафу саалихиндер) мына ушул күндөрү дайыма орозо кармоону өздөрүнө адат кылып алган болушчу. Айрыкча, Арафа күнү орозо кармоо өтө сооптуу. Себеби, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (ﷺ) ал Арафа күнүндө орозо кармоо тууралуу минтип айткан:
عن النبي صلى الله عليه وسلم أنه قال: ” صيام عرفة إني أحتسب على الله أن يكفر السنة التي قبله والسنة التي بعده “. (رواه مسلم)
«Арафа күнүндө кармалган орозону мен мурунку жана кийинки жылдын күнөөлөрүн кечиришин (каффаарат болушун) Алла Тааладан үмүт кылам». (Муслим)
Албетте, бул жерде кичине күнөөлөр тууралуу айтылып жатат. Анткени, чоң күнөөлөр тообо келтирүү жана Алла Тааланын ырайымы менен гана кечирилет.
3. Тасбих, тахмид, тахлил, такбир жана Пайгамбарыбызга (ﷺ) салават айтууну көбөйтүү.
Ибн Умардан (радыяллааху анху) келген бир риваятта минтип айтылат:
“ما من أيام أعظم عند الله، ولا أحب إلى الله العمل فيهن من أيام العشر، فأكثروا فيهن من التسبيح، والتحميد، والتهليل، والتكبير”. [رواه أحمد والطبراني].
Ардактуу Пайгамбарыбыз (ﷺ) минтип айткан:
«Алла Тааланын назарында (Зулхижжа айынын башындагы) он күндө жасалган амалдардан сүйкүмдүү амал, андан улук күндөр да жок. Андай болсо, ошол күндөрү тасбих, тахмид, тахлил жана такбир айтканды көбөйткүлө!»
Тасбих – «Субхааналлоох» (Алла Таала ар түрдүү айып-кемчиликтен аруу) деп айтуу.
Тахмид – «Алхамду лиЛЛААХ» (бардык мактоо-алкыш Алла Таалага гана ылайыктуу) деп айтуу.
Тахлил – «Лаа илааха иллаЛЛООХ» (Алла Тааладан башка сыйынууга татыктуу эч бир кудай жок!) деп айтуу.
4. Ошол түндөрдү намаз жана зикир менен өткөрүүгө аракет кылуу.
5. Нафил намаздарды, кайыр-садакаларды, Курани Карим тилаватын көбөйтүү.
6. Өзүңдүн, жаамы мусулман бир туугандарыңдын эки дүйнө бактысына, жакшылыктарына жетүүсү үчүн көп-көп дуба кылуу.
7. Бирөөнү капа кылган болсоң кечирим суроо, бирөөнүн акысын жеген болсоң, анын алдынан өтүп, колдон келсе акысын кайтарып берүү, жалпы элге жакшы, жумшак, жылуу мамиледе болуу, жакшылыктарды жасагын.
8. Кимде-ким мына ушуларды жасоодон алсыз болсо, анда жок эле дегенде башкаларга зыян-залал берүүдөн алыс болсун. Мына ошондо да үлкөн сооп бар.

Мээримдүү жана Айкөл Алла Тааладан жалынып-жалбарып суранаарым:
Оо, Алла Таалам!
Ушул Зул-хижжа айын жана анын алгачкы он күнүн бизге, жалпы адамзатка куттуу, берекелүү кылгын!
Ушул улук күндөрдө көп-көп таат-ибадат кылууну насип кылгын жана жасалган ар бир ибадатыбызды Өз Айкөлдүгүң менен кабыл кылып, Өз Берешендигиң менен үлкөн-үлкөн соопторду бергин!
Өлкөбүзгө бакыт, ырыс, ынтымак, тынчтык, бейпилчилик орносун!
Баарыбызды Жараткан Алла Таалам Курман айткан аман-эсен жеткирсин!
Эч бир мусулмандын башына кайгы-капа жетпесин!
Эч качан башыбыздан бакыт, үйүбүздөн тынчтык, коломтобуздан жылуулук, ортобуздан достук, элибизден ынтымак, жерибизден береке кетпесин!
Жараткан баарыбызды ыйманда, ибадатта бекем кылып, Өзү жакшы көргөн пенделеринин катарынан кылган болсун!
Кыямат күнүндө жүзүбүздү жарык кылып, баарыбызга бейишке кирүүнү насип кылсын!
Оомииин!..

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы,
Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов

http://muftiyat.kg

The post Зул-хижжа айынын алгачкы он күнүнүн улуктугу appeared first on FORMULA.KG.


September 17, 2015 at 11:46AM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.