Halloween party ideas 2015

Урматтуу мекендештер!
Улуу Курман айт майрамы менен сиздерди чын жүрөктөн куттуктайм. Эзелтен эле бул майрам тынчтык, биримдик, боорукердик жана өз ара колдоо көрсөтүү сымал адамдык баалуулуктарды бекемдеген мусулмандардын чоң майрамы.
Курман айт майрамын белгилөө биздин өлкөдө эгемендүүлүкө жеткен күндөн тартып чыныгы орду менен белгилене баштады десем болот. Анткени бул майрам коомдогу маданий жана руханий баалуулуктардын өнүгүүсүнө о.э. тынчтык менен ынтыкмактын бекемделишине өз салымын кошуп келет.
Кудуреттүү Аллаа Тааладан сунулган Курман айт – бул жакындарга болгон жакшылыкты, кайрымдулукту, кең пейилдик менен кам көрүүнү чагылдырган салтанат. Ушул күндөрү жетим жесирге, кары картаңга, жалпы эле муктаж болгондор менен майыптарга жасалган жардамдар жүрөктөрдү кубаныч менен шүгүрчүлүкө толтуруп, улуу сезимдерге жетелейт.
Улуу Жараткан Аллах баарыбыздын үмүт тилегибизди берип, берекесин төксүн! Өлкөбүздө дайыма тынчтык болуп, биримдик жана ынтымак орносун! Жалпы Кыргызстандыктар үчүн бекем ден-соолук, ийгилик жана береке каалап өтөм!

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токомушев

http://muftiyat.kg

The post Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Токтомушев Максатбек ажынын куттуктоосу appeared first on FORMULA.KG.


September 21, 2015 at 09:38PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.